Жыйырманчы кылымдын 60-жылдарында экономика дʏйнѳсʏнʏн кѳмʏскѳдѳгʏ ʏлʏшʏ 5-6 пайызды гана тʏзсѳ, кѳңʏл ѳйʏткѳн бул кѳрсѳткʏч бʏгʏнкʏ кʏнгѳ келип дʏйнѳлʏк ИДПнын ʏчтѳн бирине жетип олтурат. Экономика дʏйнѳсʏндѳгʏ бул балээден азырга чейин эч бир мамлекет куру эмес. Ѳндʏрʏшʏ, экономикасы узун-туурасынан ѳнʏккѳн ѳлкѳлѳрдѳ да, ѳндʏрʏшʏ эми агарып-кѳгѳрʏп келаткан мамлекеттерде да «кѳмʏскѳ экономиканын» тиешелʏʏ ʏлʏштѳрʏ бар.
«КѲМYСКѲ ЭКОНОМИКА» ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кѳмʏскѳ экономика дегенде мамлекеттин аракеттеги мыйзамдарын жана коомдук эрежелерди кыйгап ѳтʏʏ аркылуу коомдогу жарандардын стихиялуу ѳнʏгʏʏчʏ экономикалык ѳз ара мамилелерин тʏшʏнсѳ болот. Кѳмʏскѳ экономиканы ыңгайына жараша, «жашырылган экономика», «формалдуу эмес ( бейформал ) экономика» деп да аташат. Бейформал экономика – коомдон жана мамлекеттен жашырылган, мамлекеттик эсеп жана кѳзѳмѳлдѳн сыртта турган экономикалык ишмердʏʏлʏк.
Кѳмʏскѳ экономика экономиканын байкоого алынбаган, формалдуу эмес бир бѳлʏгʏ болуп эсептелгени менен, аны бʏтʏндѳй камтый албайт, анткени ага коомдон жана мамлекеттен атайын жашырууга мʏмкʏн болбогон ишмердʏʏлʏктʏн тʏрлѳрʏ, мисалы ʏй чарбасы жана жамааттык экономика кирбейт. Ошондой эле ѳз ичине экономиканын легалсыз, криминалдуу тʏрлѳрʏн да камтып турат.
Кѳмʏскѳ экономиканы изилдѳѳчʏлѳрдʏн кѳпчʏлʏгʏ анын ʏч башка секторун ѳз-ѳзʏнчѳ белгилешет:
1.Ак жакалуу (фиктивдʏʏ) кѳмʏскѳ экономика;
2.Боз ( бейформалдык ) кѳмʏскѳ экономика;
3. Кара (легалдык эмес, подпольелик кѳмʏскѳ экономика.
Айрым бир маалыматтарга караганда, кѳмʏскѳ экономиканын да оптималдуу кѳлѳмʏ бар экен, мисалы ИДПнын 14-15 пайыздык ѳлчѳмʏ. Кызыгы, АКШ менен Германияда кѳмʏскѳ экономиканын ИДПга карата пайыздык ѳлчѳмʏ ушул цифралардын тегерегинде туруп келет.
Евро биримдиктин ѳлкѳлѳрʏндѳ кѳмʏскѳ экономиканын орточо кѳрсѳткʏчʏ 19,5 пайызды тʏзѳт. Кѳмʏскѳ экономиканын ѳнʏккѳн ѳлкѳлѳрдʏн ичиндеги эң жогорку кѳлѳмдѳрʏнѳ Белгия (17%), Швеция (16%), Норвегия (15%) ээ чыгат. Ал эми кѳмʏскѳ экономиканын эң тѳмѳнкʏ кѳрсѳткʏчтѳрʏ Австрия менени Швейцарияга (8 пайыздан) таандык. СССРдин курамынан чыгышкан Балтика ѳлкѳлѳрʏ да кѳмʏскѳ экономикасынын кѳрсѳткʏчтѳрʏ улам ѳсʏп жаткан мамлекеттердин катарына киришет. Булардын ичинен лидерликти Латвия -44,3% колдон чыгарбай келатат. Анын артында Эстония-42, 3%. Эң тѳмѳнкʏ кѳрсѳткʏч Литвада-34%.
Кээ бир мамлекеттерде кѳмʏскѳ экономиканын ИДПдагы ʏлʏштʏк кѳрсѳткʏчʏ абдан эле жогору. Алсак, ал Зимбабведе 60, Боливияда 62 пайызды тʏзѳт. Негизинен алганда кѳмʏскѳ экономиканын оор, кооптуу кѳрсѳткʏчʏ деп адистер ИДПдагы анын 50 пайыздык ʏлʏшʏн белгилеп жʏрʏшѳт. Андай болгондо экономиканы толугу менен мамлекет эмес, кѳмʏскѳдѳгʏ тʏзʏмдѳр башкарып калаары айтылат.
АМЕРИКАДАН БАШТАЛСА, КАЙСЫЛ МАМЛЕКЕТТЕН АЯКТАЙТ?
Кѳмʏскѳ экономика ѳзʏн 1930-жылдарда, италиялык мафия америкалык экономикага аралашканда жана пираттык манерада аны «абордажга» алганда катуу кѳрсѳткѳнʏ маалым. Ошондон баштап кѳмʏскѳ экономика укук коргоо органдарынын проблемасынан экономикалык, жалпы мамлекеттик кѳйгѳйгѳ айланып баштаган. Арийне кѳмʏскѳ экономика ѳз баасын чындап жыйырманчы кылымдын 70-жылдарынан кийин гана алды десе болот. Кѳмʏскѳ экономиканын чоо-жайы, философиясы ошол маалдан баштап экономисттер тарабынан кененирээк жана тереңирээк изилдѳѳгѳ алынганы айтылып жʏргѳнʏ маалым. Кѳмʏскѳ экономиканын табияты жана чоо-жайы, канткен менен толук изилдегенге ʏлгʏрѳ элек. Ага белгилʏʏ бир ѳлчѳмдѳгʏ убакыт керектигин эксперттер белгилешет.
Акыркы 20-30 жылдар ичинде бардык ѳлкѳлѳрдѳ кѳмʏскѳ экономиканын кѳлѳмʏнʏн туруктуу ѳсʏʏсʏ байкалууда. Азыркы тапта кѳмʏскѳ экономикага дʏйнѳлʏк ички дʏң продукциянын ʏчтѳн бир ʏлʏшʏ туура келээрин жогоруда айтып ѳттʏк. 2012-жылы дʏйнѳлʏк ИДП 71,66 триллион долларды тʏзгѳн. Ошондо кѳмʏскѳ сектордо ѳндʏрʏлгѳн ички дʏң продукциянын болжолдуу кѳлѳмʏ 26 триллион долларга жеткени эсептелип чыгылган.
Кѳмʏскѳ экономиканын бʏт дʏйнѳдѳ ѳсʏп жаткан себептери белгилʏʏ экономист, кѳмʏскѳ экономиканы алгачкылардан болуп изилдеп чыккан Фридрих Шнайдер тарабынан тѳмѳнкʏдѳй кѳрсѳтʏлгѳн:
-салык жʏгʏнʏн ѳтѳ эле оордугу;
-экономикалык ишмердʏʏлʏктʏн ашыкча эле регламентациялануусу;
-жумушчу кʏчтʏн «кара базарынын» кеңейиши;
-эмгек базарын регулировкалоонун ѳзгѳчѳлѳнʏʏсʏ;
-экономикадагы мамлекеттик сектордун масштабдары.
Кѳмʏскѳ экономиканын ѳсʏʏсʏнʏн эң эле маанилʏʏ себеби деп экономикалык талдоочулар ѳкмѳттѳрдʏн иш аракеттерин аташат. Алардын ичинен эң эле бѳлʏнʏп турган себептерге салыктар жана мыйзамдар кирет.
КѲМYСКѲ ЭКОНОМИКА ЖАНА ПОСТСОВЕТТИК МЕЙКИНДИК
Кѳмʏскѳ экономиканын маанилʏʏ эле элементтери постсоветтик мейкиндикке СССР доорунда эле кире баштаганын эксперттер белгилешет. Алгач анын ИДПга карата ээлеген ʏлʏшʏ 10 пайызды тʏзгѳндʏгʏ айтылат. Ал эми СССРдин тʏздѳн-тʏз мураскери деп эсептелген Россия Федерациясында азыр ички дʏң продукциянын 50 пайызга чейинки ʏлʏшʏ кѳмʏскѳдѳ ѳндʏрʏлѳѳрʏ жѳнʏндѳ айрым маалымаатар бар.
2004-жылы ошол эле Ф.Шнайдердин 140 ѳлкѳнʏн кѳмʏскѳ экономикасы жѳнʏндѳгʏ маалыматтарды камтыган эмгеги жарык кѳргѳн. Автор чыгарган бʏтʏмгѳ ылайык, ѳнʏккѳн ѳлкѳлѳрдѳ кѳмʏскѳ экономика улам кыскаруу тенденциясына ээ чыгып жатса, ѳнʏгʏп жаткан ѳлкѳлѳрдѳ тескерисинче, кѳмʏскѳ экономикасы улам кеңейʏʏдѳ.
Башкасын коюп, Манасты айт демекчи, СССР кулагандан кийин Кыргызстан эки он жылдыкты эптеп эле жашап кетʏʏ режиминде ѳткѳрʏп, бул мезгил кѳп жагынан «жоголгон мʏмкʏнчʏлʏктѳрдʏн» маалы катары гана каралууга тийиш экенин кѳп талдоочулар туура белгилеп жʏрʏшѳт.
СССРдин кѳптѳгѳн мурдагы республикаларынан айырмаланып Кыргызстан 20 жылдын ичинде дʏйнѳлʏк экономикалык процесстердеги ѳзʏнʏн татыктуу ордун таба албай койду. Кыргызстандын экономикасы Борбордук-Азия чѳлкѳмʏнʏн же КМШнын ѳз алдынча, андан да ѳтʏп гармониялуу бир курамдык бѳлʏгʏ боло албады.
Эл аралык уюмдардын акыркы иликтѳѳлѳрʏ боюнча, Кыргызстандагы кѳмʏскѳ экономиканын деңгээли ИДПнын 42 пайызын тʏзʏп калыптыр. Yстʏбʏздѳгʏ жылдын башында эле ѳкмѳт башчыбыз кѳмʏскѳ экономиканын кесепетинен ѳлкѳ бюджети 40 миллиард сом ала албай калуусу мʏмкʏн деп билдирген. Анын эсеби боюнча, эгерде кѳмʏскѳ экономиканын чеңгелинен жок эле дегенде 10 миллиард сом чыгарып кеткенибизде пенсия-жѳлѳк пул, эмгек акыларды тѳлѳѳ боюнча бир катар оперативдʏʏ маселелерди чечʏʏ жеңилдемек.
Премьер-министр ѳкмѳттʏн ошол январдагы отурумдарынын биринде «бʏгʏн бизнестин 24 пайыздан кем эмес бѳлʏгʏ кѳмʏскѳдѳ олтурат. Салыкты жашырган ишкерлерден ар кандай эле суммада пара талап кылса болот, себеби ал айыбы ачылгандан коркот» деп белгилеген эле.
Кыргызстандын ИДПсынын тʏзʏмʏндѳ 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында кандай ѳзгѳрʏʏлѳр болду? Ички дʏң продукциянын кѳлѳмʏ 228, 3 миллиард сомду тʏзʏп, ѳткѳн жылдын тиешелʏʏ мезгилине салыштырганда, 5,3 пайызга аз болгон. Ал эми «Кумтѳрдʏкʏн» кошпогондо ИДП 195,9 миллиард эле сом болуп, тѳмѳндѳѳ 6,9 пайызды тʏзгѳн. Ички дʏң продукциянын тʏзʏмʏндѳ кызмат кѳрсѳтʏʏ тармагына эң чоң ʏлʏш (47, 8% ) туура келет. Бирок, бул да ѳткѳн жылдын тиешелʏʏ мезгилине салыштырганда 0,8 пайыздык бирдикке тѳмѳн турат. Ошол эле учурда товар ѳндʏрʏʏ тармагынын ички дʏң продукциянын тʏзʏмʏндѳгʏ ʏлʏшʏ 41,1 пайызды тʏзʏп, бул кѳрсѳткʏч 5,1 пайыздык пунктка ѳсʏʏ болгонун билдирет. Анын ичинде ѳнѳр жайындагы ѳсʏш 25,3 пайызды тʏзʏп, ѳсʏш 4,7 пайыздык пунктка жеткен.
ИДПнын 10 пайызы «Кумтѳрдѳн» тʏшѳт. Эмгек мигранттарынан тʏшʏʏчʏ ИДПнын ʏлʏшʏ болжолдуу тʏрдѳ 30 пайыздын айланасында болот.
2015-жылдагы ички дʏң проодукциянын базардык баасы 423 миллиард сомдон бир аз ашык болгону маалым. Бул кѳрсѳткʏч 2006-жылы 113 миллиард сомго араң чамалаганын эске алганда, ѳсʏʏ ыргагы дээрлик тѳрт эсеге жеткенине кʏбѳ болобуз.
Албетте, кыргыз экономикасы гʏлдѳп- ѳсʏп жатат деп айтууга мʏмкʏн эмес. Бирок, 2015-жылга чейинки он жылдыкта «ИДП кѳлѳмʏ ѳткѳн жылдын тиешелʏʏ мезгилине салыштырганда, баланча-тʏкʏнчѳ пайызга тѳмѳндѳдʏ» деген учур болгон эместигин калыстык ʏчʏн болсо да белгилей кетʏʏгѳ тийишпиз. Ошол эле учурда ички дʏң продукциянын ѳсʏʏ ыргагы айрым жылдарда 30 жана андан да ашык пайыздарга жеткенин баса белгилебей кеткенге такыр мʏмкʏн эмес.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...