Ѳлкѳбʏздѳ ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендерге ыңгайлуу шарт тʏзʏʏ максатында бир катар коомдук уюмдар жергиликтʏʏ бийлик менен биргеликте иш жʏргʏзʏп келишет. 23-декабрда Ош шаарында мэриянын жана “Смайл KG” коомдук фондунун колдоосу менен координациялык кеңештин алгачкы отуруму болуп ѳттʏ. Аталган фонд буга чейин да ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендерге кѳмѳк кѳрсѳтʏп келет.
Эмиль Шадыханов, Ош шаарынын вице-мэри:
“Шаарда 7099 ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жаран бар, анын 971и балдар”
-Ош шаарындагы ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдарыбызга шарттарды тʏзʏʏ жѳнʏндѳ атайын отурум болуп ѳттʏ. 2019-жылдын 15-ноябрында шаар мэринин буйругу менен ведомстволор аралык координациялык кеңеш тʏзʏлгѳн. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ кеңештин биринчи отуруму уюштурулду. Отурумду “Смайл KG” кайрымдуулук фонду менен биргеликте уюштурганга аракет кылдык. Буга чейин пандемияга байланыштуу болбой келген. Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдарга шарттарды кантип жакшыртып бере алабыз деген темада отурумда талкууладык. Себеби Кыргыз Республикасы да ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар боюнча дʏйнѳлʏк конвенцияга кол коюлган. Конвенциянын алкагында биз аларга ыңгайлуу шарттарды тʏзʏп беришибиз керек.
Бʏгʏнкʏ кʏндѳ Ош шаарында 7099 ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жараныбыз бар. Анын ичинен 971 балдар болуп эсептелинет. Жыл сайын аларга кѳңʏл бурулуп келет. Координациялык кеңеште да конвенциянын алкагында кандай иштерди жʏргʏзѳ аларыбызды карап, талкуулайбыз.
Суусар Сагымбаева, Тʏштʏк маалымат ресурстук борборунун жетекчиси:
“Майыптыгы бар балдар башка балдардай эле билим алууга укуктуу”
-Координациялык кеңештен сырткары FSDS коомдук фондунун алкагында биз бир топ жылдан бери Ош шаарында инклюзивдик билим берʏʏ фаза-1 жана инклюзивдик билим берʏʏ фаза-2 боюнча иш алып баруудабыз. Фонддун кыргызча аталышы “Туруктуулукка карата чечимдерди кабыл алуу” фонду деп айтылат. Алты жылдан бери шаардагы “Смайл KG” фонду долбоордун алкагында иш алып барат. Мындагы негизги максат – тʏштʏк региону боюнча жергиликтʏʏ бийлик менен алака, платформа тʏзʏʏ. Платформа тʏштʏктѳ тѳрт жерде тʏзʏлгѳн. Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу жана Ош шаарында ишин жʏргʏзѳт. Платформада жергиликтʏʏ бийлик менен кызматташуу, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдарга, энелеринин укугун коргоо, жакындан жардам берʏʏ жана инклюзивдик билимге тартуу каралат. Инклюзивдик билим берʏʏ бул балдарды ресурстук класстарда даярдап балдар бакчасына тартуу, андан кийин кадимкидей эле мектептерге берʏʏ. Инклюзивдик билим берʏʏ ѳтѳ оор маселе. Кыргызстанда эми гана башталып, тʏшʏнʏктѳр пайда болууда. Мында дени сак балдар менен мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын бирге окуусу. Мисалы ʏчʏн физикалык жактан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген баланын акыл-эси жайында да. Ошондуктан алар башка балдар менен катарлаш кадимки мектепте билим алууга укуктуу. Биз мунун ʏстʏндѳ жергиликтʏʏ бийлик менен чогуу иш алып баруудабыз. Бала мектепке барганда да ага жеткиликтʏʏ, ыңгайлуу шарттар болушу керек. Мектептерде пандустардын курулуусу зарыл. Ошол эле учурда нормативдерге ылайык ыңгайланышы абзел. Ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ боюнча мектептерге, соода тʏйʏндѳрʏнѳ, кино театрларга буга чейин жылына эки жолу рейддер жʏргʏзʏлʏп келди. Бир гана коомдук фонддун жетекчилери тарабынан эмес, жергиликтʏʏ бийликтин мʏчѳлѳрʏнѳн комиссиянын курамы тʏзʏлʏп, рейдке чыгышат. Комиссия барып, шарты туура келбеген мекемелерге эскертип, убакыт беришет. Кѳрсѳтʏлгѳн убакыттын ичинде эскертʏʏ алган мекем-ишканалардын, соода-тʏйʏндѳрдʏн ээлери пандус жана башка ыңгайлуу шарттарды тʏзʏшʏ керек. Бул физикалык тоскоолдук болуп саналат. Физикалык тоскоолдукту жок кылуу максатында ушул сыяктуу иштер жʏрʏʏдѳ.
“Коомдук фонддордун демилгеси менен кѳп иштер жасалып келʏʏдѳ”
-Кыргызстанда “Жаңырык” желе байланышы бар. Ага 39 коомдук фонддор тартылган. Коомдук фонддорду негизинен ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген ата-энелер тʏзѳт жана мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандардын укугун коргогон коомдук фонддор кирген. Фонддор ѳлкѳнʏн бардык аймагында бар. Биримдикте иш алып барып, балдардын жѳлѳк пулу кѳбѳйтʏлдʏ. Ал эми ооруп тѳшѳктѳ жаткан, баса албаган балдардын ата-энелерине да жеке ассистент деп кошумча акча тѳлѳнʏп берилʏʏдѳ. Бул дагы “Жаңырык” желе байланышынын эмгегинин ʏзʏрʏ деп эсептейм.
Тʏштʏк региону боюнча жогоруда айткан иштерди FSDS фондунун каржылоосу менен “Смайл Кейджи” ишке ашырып келет. Ош шаардык балдардын ден соолугун калыбына келтирʏʏ борборунда ата-энелерге кеңеш берʏʏчʏ ресурстук бѳлʏм ачылган. Жылына бир жарым миңден ашык ата-энелерге жардам берип келебиз. Аларды жумасына бир жолу психолог менен жолуктуруп, психологиялык жактан колдоо кѳрсѳтѳбʏз. Юридикалык жардам да берилет. Андан сырткары Ош шаары жана райондор аралык МСЭКтин жетекчилери менен ата-энелердин жолугушуусу уюштурулат. Ата-энелер бетме-бет отуруп суроолоруна жооп ала алышат.
Иштеген алты жылдын ичинде менин байкаганым, ата-энелерде ѳзʏн-ѳзʏ баалоо жогорулады. Ѳздѳрʏнѳ болгон ишенимдʏʏлʏк артып, укуктарын жана милдеттерин таанышты. Учурда Даун синдрому менен тѳрѳлгѳн балдардын ата-энелери ѳзʏнчѳ, ДЦП балдардын ата-энеси ѳзʏнчѳ клуб ачып алышкан. Алар бири-бирине кеңештерин айтып, кѳңʏлдѳрʏн кѳтѳрʏп жеңилдеп калышат. Инклюзивдик билим берʏʏнʏн биринчи жана экинчи фазасы аягына чыгуу алдында турат. Менин оюмча долбоор кѳп иштерди аткарды, чоң жардамы тийди.
Зейнеп Эшмуратова, “Жаңырык” желесинин координациялык комитетинин башчысы, Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарын коргоо жана ѳнʏктʏрʏʏ фондунун жетекчиси:
“Мэрия социалдык тапшырыкты кеңейтип, акча каражатын бѳлʏп берсе, коомдук уюмдар аткарууга даярбыз”
-Конвенция ратификация болгондон тарта республикада белгилʏʏ бир ѳлчѳмдѳгʏ аракеттер жʏрʏʏдѳ. Анын жыйынтыгы боюнча 2021-жылы май айында БУУнун алдында канчалык деңгээлде майыптыгы бар адамдардын укугу сакталгандыгы боюнча отчет берилет. Ошол убакытка чейин коомдук уюмдардын активдʏʏ катышуусунун негизинде жогорудагыдай кеңеш тʏзʏлдʏ. Ош шаарында да учурда 20дан ашык кеңештин мʏчѳлѳрʏ катталды. Шаарыбызда жасала турган иштер кѳп. Жергиликтʏʏ шаар бийлиги, майыптык маселесиндеги максаттуу мамлекеттик программаларды алдыга жылдыруу боюнча жана майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо конвенциясынын 8 багыттагы кечиктирилгис иш чараларынын ар бир багытын ѳзʏнчѳ карап ишке ашырабыз деген ишеничтемин. Шаардык мэрия муниципалдык социалдык тапшырыкты кеңейтип, акча каражатын бѳлʏп бере турган болсо, биз коомдук уюмдар аны аткарууга даярбыз.
Мурат Омошев, Социалдык ѳнʏгʏʏ бѳлʏмʏнʏн жетектѳѳчʏ адиси:
«Смайл KG» социалдык ѳнʏгʏʏ бѳлʏмʏнʏн негизги ѳнѳктѳшʏ”
-Ош шаарынын мэриясынын социалдык ѳнʏгʏʏ бѳлʏмʏ «Смайл KG» КФнун ортосунда балдардын укуктарын коргоо, инклюзивдик билим берʏʏнʏ ѳнʏктʏрʏʏ жана менталдык бузулуулары бар балдар ʏчʏн билим берʏʏ процессин индивидуалдаштыруу жаатында ѳнѳктѳштʏк мамилелери тʏзʏлгѳн. Кызматташуунун алкагында “Инклюзивдик билим берʏʏ” жаатында Ош шаарынын мэриясынын алдында Ош шаардык билим берʏʏ, саламаттык сактоо, социалдык ѳнʏктʏрʏʏ башкармалыктарынын, жарандык коомдордук ѳкʏлдѳрʏ менен биргеликте альянс тʏзʏлʏп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Андан сырткары «Смайл КЖ» КФ инклюзивдик билим берʏʏнʏ алдыга жылдыруу, шаарда жеткиликтʏʏ инфраструктураны жаратуу, майыптыгы бар балдар ʏчʏн тейлѳѳлѳрдʏн сапатын кѳтѳрʏʏ максатында тʏзʏлгѳн ведомстволор аралык координациялык кеңешининин активдʏʏ мʏчѳсʏ катары биз менен дайыма кызматташып келʏʏдѳ.
Анара ʏсѳнова, Ѳкмѳттʏн Ош облусундагы ѳкʏлчʏлʏгʏнʏн социалдык бѳлʏмʏнʏн башкы адиси:
“Фонддун кѳмѳгʏнʏн натыйжасында 150дѳй бала ʏйдѳ билим алышат”
-Турмуш шарты оор, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар менен иштѳѳ менин негизги функционалдык милдеттериме киргендиктен, 2014-жылы “Смайл KG” коомдук фонду менен биргеликте иш алып баруудабыз. Алты жылдын ичинде биргелешип, ар квартал сайын иш план тʏзʏп, ошонун негизинде иштеп келебиз. Азыркы убакта аталган фонддун кѳмѳгʏнʏн натыйжасында 150дѳй бала медико-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу менен ʏйдѳ билим алышат. Мугалимдер ʏйлѳрʏнѳ барып сабак ѳтʏшѳт. Аларга республикалык бюджеттен каражат бѳлʏнѳт.
Андан сырткары ʏч райондо пилоттук долбоор ишке ашып, жашоо турмушу оор, эмгекке эрте тартылган балдардын маселеси боюнча аймактарда социалдык жумушчуларды окуттук. Аларга эмгекке тартылган балдарды аныктагыла деген тапшырма берилди. Тизме такталгандан соң жаңы жылда ошол балдардын ата-энелерин кесипке ʏйрѳтѳлʏ деп максаттоодобуз. Тигʏʏ цехи сыяктуу жумуш орундарын тʏзʏʏнʏ карап жатабыз. Булардын баары “Жаңырык” желесинин мʏчѳлѳрʏ жана “Смайл KGнин” кызматташуусунун жыйынтыгында болууда. Дагы да алдыда бирге аткарчу пландарыбыз кѳп.
Гʏлнара Кубатаева, Ош шаарынын тургуну:
“Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттар тʏзʏлʏʏсʏн каалайбыз”
-Буюрса,жакшы иштер пландалууда. Биз тʏзʏлгѳн координациялык кеңештен шаарыбыздын оңолуусун, мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттар тʏзʏлʏʏсʏн каалайбыз. Эмне ʏчʏн кѳчѳдѳн мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген, коляскада отурган адамдарды кѳрбѳйбʏз? Алар жок эмес, бар. Себеби ѳз алдынча чыгууга эч кандай мʏмкʏнчʏлʏктѳр жок. Кээ бир мекемелерге кире албайсың. Пандустар жок, болсо да ыңгайлуу эмес. Пандус бар деген гана аты болбосо, чыга албайсың. Учурда кѳтѳрʏлʏп жаткан маселелердин баары ишке ашса, мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар да кѳчѳдѳ кеңири жʏрѳ алышат.
Ал эми дагы бир шаарыбыздын тургуну Динара Ражапова жаңы тʏшкѳн имараттарда да мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендер ʏчʏн шарттар эске алынбай жатканын айтты:
-Коляскада отургандарга чынында ыңгайлуу шарттар жок. Жада калса жаңы курулган имараттар да эске алышпайт. Аябай “крутой” кылып пандустарды курушат. Бирок, ал жерден эки-ʏч адамдын жардамы менен араң чыга аласың. Жергиликтʏʏ бийликтен ушул нерсеге кѳңʏл бурууну суранып кетет элем.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Толугу менен...