Жыл аяктап жатат. 2020-жыл тууралуу кеп кылуу чынында оор. Чоң жоготуулар болду. Эмне деген залкарлар кетти?! Деген менен жашоо улана берет. «Ѳлʏм ѳлгѳндѳр ʏчʏн эмес, тирʏʏлѳр ʏчʏн» деген улуу кеп бар кыргызда. Демек, ѳтмʏшкѳ саресеп гана салып, келечекке дале болсо план, максаттарды курабыз. Быйылкы жылды жыйынтыктап жатып Ош шаарында болгон урунтуу окуяларга токтолууну туура кѳрдʏк.
Январь: Социалдык инфраструктураны ѳнʏктʏрʏʏгѳ багыт
Шаардык оорукананын терапия стационарынын мурунку имаратынын ордуна жаңы бала бакча куруларын айтып, Черемушки кичи районунун жашоочуларын кубандырган. Мындан сырткары, калаа башчысы жыл аягына чейин шаардык бюджеттин эсебинен ʏч бала бакча курулуп, колдонууга берилерин белгилеген.
Анар жана Тѳлѳйкѳн кичи районунун ортосундагы Р. Абдыкадыров кѳчѳсʏндѳ оңдоп-тʏзѳѳ иштери пландалды.
27 – январда Ош шаарынын 2020-жылга бюджети бекитилип, ал 1 млрд. 325 млн. 613 миң сомду тʏзгѳн.
Февраль: «Бош турган жерлер заманбап эс алуучу жайга айланат»
Ѳтʏп бара жаткан жылдын экинчи айында Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов Навои кѳчѳсʏнʏн «Достук» кѳпʏрѳсʏнѳн баштап Р. Абдыкадыров кѳчѳсʏнѳ чейинки аралыктагы бош турган жайлар заманбап эс алуучу жайга айландырууну пландап, тийиштʏʏ тараптарга тапшырма берди.
«Большая рыбка» бассейни жаңыланып, эс алууга мыкты шарттар тʏзʏлѳт. Жылдын тѳрт мезгилинде тең иштѳѳчʏ бассейндин долбоору даярдалганын шаар мэри коллегиялык жыйында билдирген.
Мындан сырткары, мэр Чехия Республикасынын Кыргызстандагы ѳкʏлʏ менен жолугуп, инвестиция тартуу багытында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Март: Коронавирус Кыргызстанга да жетти
Жаз майрамынын башаты болгон 8-март айымдар кʏнʏнѳ карата Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов жана шаардык Кеңештин тѳрагасы Ж. Ормонов ардагер апалардан кабар алып, белектерин тапшырышты.
Тилекке каршы, коронавирус илдети Кыргызстанга да жетип, Кыргыз Республикасынын коронавируска каршы ыкчам штабы тʏзʏлʏп, ар бир 15 мʏнѳттѳ маалымат бериле баштады. Шаарда бир топ чектѳѳлѳр киргизилип 20-марттан баштап коомдук транспорт токтотулуп, базарлар жабылды.
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына ѳзгѳчѳ абал киргизʏʏ жѳнʏндѳ чечим кабыл алынды.
Апрель: 42 миң 75 ʏй-бʏлѳгѳ гуманитардык жардам кѳрсѳтʏлдʏ
Жардамдар аз камсыз болгон ʏй-бʏлѳлѳргѳ, мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга, кароосуз калган тургундарга жана кырдаалга жараша муктаждыгы жаралган ʏй-бʏлѳлѳргѳ берилген. Гуманитардык жардам каттоосуна карабай таратылды. Жардам ѳкмѳт тарабынан, мамлекеттик резервдер фонду, Ош шаарынын мэриясы, кайрымдуулук фонддору, жеке ишкерлер, Чоң-Алай районунун жашоочулары жана Ѳзбекстан республикасы тарабынан кѳрсѳтʏлгѳн.
Мындан сырткары, оорукана жана укук коргоо органдарына Кытайдан келген гумжардам бѳлʏштʏрʏлʏп берилди.
Оорукана жетекчилерине «Мекеним» улуттук кыймылынын атынан 100 комплект кѳп жолу колдонулуучу коргоочу кийимдер жана 10 миң даана кѳп жолу колдонулуучу сапаттуу бет каптар тапшырылды.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган кыймылдын ѳкʏлдѳрʏнѳ ыраазычылык билдирип, коронавирус менен кʏрѳшʏʏдѳ шаардагы активдʏʏ жаштар, жеке ишкерлер, компаниялар, кайрымдуулук фонддору жакындан кѳмѳк кѳрсѳтʏп жатканын билдирди.
Май: Айрым ишканалардын ишмердʏʏлʏгʏнѳ уруксат берилди
11-майдан тартып ѳлкѳдѳ 5 категориядан турган тармактын ишмердʏʏлʏгʏнѳ уруксат берилип, жумушун башташты. Бирок, санитардык талаптар коюлуп, ага жооп бербеген тармактар кайрадан жабылары эскертилди.
Ишмердʏʏлʏгʏн баштаган ишканаларга рейд жʏргʏзʏлʏп, натыйжада санитардык талаптарга жооп бербеген эки курулуш компания ишин токтоткон.
Мэр салыкчылар менен жолугуп, шаар бюджетинин абалын талкуулады. Жолугушууда калаа башчы салык чогултууда мыйзамдуу иш алып барып, кѳмʏскѳ экономика менен кʏрѳшʏʏнʏ кʏчѳтʏʏ тапшырмасын берди.
Июнь: Балдарга камкордук
1-июнь балдарды коргоо кʏнʏнѳ карата Ош шаардык Кеңешинин тѳрагасы Ж. Ормонов мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардан кабар алып, шириндиктерди жана баалуу белектерин тапшырып кайтты.
Шаар мэри Т.Сарыбашов 13 жаштагы Акылайга ноутбук, уюлдук телефон, гʏлдесте жана таттууларды тапшырды.
Мындан сырткары, атасын жалгыз караган 13 жаштагы Нурбектин ʏйʏнѳ керектʏʏ буюмдарды белек кылды.
Роботехника боюнча чемпион болгон жаш ойлоп табуучуларды сыйлап, ар бирине уюлдук телефон, китеп жана атайын интеллектуалдык белектерди ыйгарды.
«Ош-Тазалыкка» жаңы атайын 12 техника тапшырылды. Бул ʏчʏн бюджеттен 30 миллион сом каражаты бѳлʏнгѳн.
«Кең-Сай» массиви ѳзгѳчѳ шаарга айланат. Мындай аталыштагы долбоорду Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов техникалык кеңешмеде сунуштады.
Ар аптанын дʏйшѳмбʏ кʏндѳрʏ базарлар жабылып, дезинфекциялана баштады. Борбордук базарда жайгашкан кичи базарлар, «Тешик-Таш» мѳмѳ-жемиш базары, «Келечек» базарлары жумасына бир кʏнгѳ жабылып дезинфекциялоо иштери жʏргʏзʏлдʏ.
Август: «Ак-Буура суктана турган жайга айланат»
Пандемия фонундагы экономикалык тартыштыкка карабастан Ош шаарынын мэри Талаайбек Сарыбашов шаардын кѳркʏ болгон Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-тʏзѳѳ, жашылдандыруу долбоорун жандантып, курулуш иштери башталды. 7-августта дарыянын эки жээгин бекемдѳѳ, жашылдандыруу жана кѳрктѳндʏрʏʏ иштери официалдуу тʏрдѳ башталды. Капсула салуу иш чарасына шаар мэри Т.Сарыбашов, шаардык Кеңештин тѳрагасы Ж.Ормонов жана шаар тургундары катышты.
Ош шаарын бекеринен курулуш кучагындагы калаа деп атабайбыз. Дегеним, шаарда ар айда бир же эки курулуш сѳзсʏз башталат же аяктайт. Август айындагы дагы бир курулуш иши - Р. Абдыкадыров кѳчѳсʏн кеңейтʏʏ жана камералар орнотулушу. Шаар мэри курулуш ишинин жʏрʏшʏ менен таанышып, тийиштʏʏ тарапка курулуштун сапатына ѳзгѳчѳ кѳңʏл буруу керек экенин эскертти.
8-августтан тарта Ош шаарына кирʏʏчʏ жолдордо орнотулган санитардык-карантиндик посттор алынды. Айта кетсек, шаарга кирʏʏчʏ жолдорго жалпысынан 7 санитардык-карантиндик посттор коюлган эле.
Шаарга жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди. Аталган техникалар жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен алынып, 4 даана атайын техника «Ош-Тазалыктын» кызматкерлерине тапшырылды. Бул техникалар жолдорду шыпырып, жуугандан сырткары, кыш мезгилинде карды кʏрѳп, кум, туз чача турган ѳзгѳчѳлʏккѳ ээ.
Сентябрь: Ипотекалык негиздеги 9 кабаттуу ʏйдʏн курулушу башталды
Коррупция менен кʏрѳшʏʏдѳн тʏшкѳн каражатка жаңы мектеп курулду. Ош шаарындагы Нариман орто мектебине кошумча окуу корпусу курулду. 500 окуучуга ылайыкташкан ʏч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бѳлмѳсʏ, китепкана жана окуу залы бар.
Мындан сырктары, июль айында курулушу башталган жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыкты. Оорукана 200 орундуу болуп, 3 бѳлʏмдѳн турат: 28 керебеттʏʏ жандандыруу бѳлʏмʏ, жугуштуу оорулар бѳлʏмʏ, ооруну аныктоо жана дарылоо бѳлʏмʏ.
18-сентябрда Ош шаарынын Достук кичи шаарчасында шаардык мэрия тарабынан ипотекалык негизде берилʏʏчʏ экинчи кѳп кабаттуу ʏйдʏн курулушу башталды. Шаардагы мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга да ʏй куруу планы каралып жатканын калаа башчысы капсула салуу иш чарасында билдирди. Ипотекалык негизде салынып жаткан турак-жай 9 кабаттан туруп, 90 батирлʏʏ болот.
Октябрь: Кылым карыткан Ош калаасына 3020 жыл
5-октябрь – Ош шаарынын кʏнʏ. 3020 жылды басып ѳткѳн тʏштʏк калаасы бул кʏндʏ салтанаттуу белгиледи. Шаар кʏнʏнѳ арналган майрамдык иш чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун финалдык оюну уюштуруп, анда Ош шаарынын «Алай» командасы Кубок ээси аталды. Аталган команда ѳз тарыхында футбол боюнча 4 жолу ѳлкѳнʏн чемпиондугун, Кыргызстан Кубогун эки ирет утуп алган.
4-октябрь ѳлкѳдѳ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кʏнʏ ѳттʏ. 5-октябрда БШКнын чыгарып берген жыйынтыгына нааразы болгон эл Борбордук аянтка чогулуп, башаламандык жаралган. Мындай нааразычылык Ош шаарында да уланган. Натыйжада, тынчтык жолу менен экс-президент Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшырган.
Ноябрь: Абдыкадыров кѳчѳсʏ толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди
Ошто дагы ʏч бала бакчанын курулушу башталды. Аталган курулуштун баары жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен жʏргʏзʏлʏʏдѳ. Т. Сарыбашов буга чейин эки бала бакча курулуп, пайдаланууга берилсе, ʏчʏнчʏ бала бакча бʏтʏʏ алдында турганын айтты.
Мэр «Алай» футбол клубуна 200 миң сом тапшырды. Кыргызстандын кубогун уткан «Алай» футбол клубуна шаар мэри 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырып, мындан аркы оюндарына ийгиликтерди каалады.
Р. Абдыкадыров кѳчѳсʏ толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилди. Жалпы 715 жол оңдолуп, 1430 метр узундуктагы тротуар курулду. Кѳчѳнʏн эки тарабына дарактар отургузулуп, автоунаа токтоочу жайлар да курулган. Коопсуздук ʏчʏн видеокамералар орнотулуп, тʏнкʏ чырактар орнотулган. Мындан тышкары, жол четиндеги аллеяга отургучтар жасалып, аялдамалар салынды.
30-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы ѳтʏп, анда 8 маселе каралды. Ош шаарынын социалдык – экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жана башка бир топ маселелер талкууланды. Жыйынтыгында кʏн тартибинде каралган маселелер боюнча тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилерине сын-пикирлер, сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди.
Декабрь: Жыл жагымдуу ачылыштар менен аяктады
Пандемия учурунда жардам кѳрсѳткѳн ыктыярчылар шаардык мэрия тарабынан сыйланды. Биологиялык-социалдык мʏнѳздѳгʏ ѳзгѳчѳ абал учурунда чечкиндʏʏ иш-аракеттери, Ош шаарынын аймагындагы коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга, ага каршы кʏрѳшʏʏгѳ багытталган иш чараларга активдʏʏ катышкандыгы жана кыйын кырдаалдагы жарандарга ѳз ыктыяры менен материалдык жана физикалык жактан кѳмѳк кѳрсѳткѳндʏгʏ ʏчʏн 60тан ашуун ыктыярчыларга Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран Ислам Республикасы гранттык негизде курган жаңы спорт комплекстин ачылыш аземи болуп ѳттʏ.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харразиден, шаардык Кеңештин тѳрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтʏʏ тургундар катышты.
№7 Нариман атындагы мектеп-гимназиясынын 500 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушу ишке берилип, кызыл тасмасы кесилди. Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин тѳрагасы Талант Мамытов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеңештин тѳрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана билим берʏʏ тармагында эмгектенген мугалимдер катышты.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Толугу менен...