Таажы вирусунун пандемиясы бʏткʏл дʏйнѳ жʏзʏнʏн коомчулугу ʏчʏн ѳткѳн 2020-жылдагы эң эле эсте каларлык окуя болгону талашсыз. Башкасын айтпаганда да пандемиянын экономикага тийгизген тескери деми ушул кʏндѳрдѳ эксперттердин эсин эки кылып келе жатканын моюнга алуу керек. Эми экономика 2021-жылда ѳзʏнѳ келе алабы же жокпу, суроо бойдон калууда.
Коронавирус 2020-жылда экономиканын шайын оодара титиретип таштаганын байкоого болот. Компаниялар ѳз активдʏʏлʏктѳрʏн тѳмѳндѳтʏп, бийлик болсо жабыр тартып жаткандарга сарпталган чыгашанын кѳлѳмʏн барган сайын жогорулатуу менен алек болуп калды. Эксперттердин эсебинде алдыда дʏйнѳнʏ дʏйнѳлʏк экинчи согуштан кийин болуп кѳрѳ элек экономикалык кризис кʏтʏʏдѳ.
Пандемиянын кесепетин иш жʏзʏндѳ дʏйнѳнʏн бардык ѳлкѳлѳрʏ тартты. Коронавирус жуккандардын жалпы саны бʏткʏл дʏйнѳдѳ 73 миллион адамдан ашты. Ѳткѳн жылдын декабрынын этегиндеги эсеп боюнча, коронавирус илдетинен 1,6 миллион адам кѳз жумду. Жер шарындагы калктын жарымынан ашууну ар кандай карантиндик чектѳѳлѳргѳ туш болду. Адамзат тарыхында мындай чаралар мынчалык масштабга эч качан ээ болгон эмес эле.
Кээ бир ѳлкѳлѳрдʏн бийлиги пандемиядан жабыр тартып жаткан компанияларга, аялуу ʏй-бʏлѳлѳргѳ жана топторго каржылык колдоо кѳрсѳтʏʏнʏ камсыздоого далаалат жасады. Жалпылап алганда, 2020-жылдын мартынан тартып бул максаттарга кээ бир эсептѳѳлѳргѳ караганда 12 триллион доллар жумшалган.Арийне, бюджеттен экономикага куюлган бул каражаттар экономиканы ылдый кулоодон, кээ бир учурларда ишкердиктин, саякаттардын токтотулгандыгы, жабдууларды жеткирʏʏ схемаларынын бузулуусу себептʏʏ жʏз берген кыйроодон да сактап кала албады. Ошондо глобалдуу ИДПнын тѳмѳндѳѳсʏ болжол менен 4, 5 пайызды тʏзʏшʏ кʏтʏлʏп жаткан. Тѳмѳндѳѳ иш жʏзʏндѳ 3 пайызды тʏзгѳндʏгʏн маалымат ʏчʏн айта кетʏʏ керек.
Кеткен жылдагы ноябрь айынын этегинде жарык кѳргѳн БУУнун соода жана ѳнʏгʏʏ конференциясынын докладында пандемияга байланышкан кризис дагы 130 миллион адамды жакырчылыктын чегинен чыгарып, теңсиздик жана социалдык жактан корголуу жаатындагы кырдаалды ого бетер начарлатары эскертилген.
Ал эми Кыргызстандагы жыл жыйынтыгы боюнча алганда экономикалык абал кантип жыйынтыкталууда? Алсак, ѳнѳр жайындагы ѳсʏʏ кѳрсѳткʏчʏ 14 пайызга, курулуш 13 пайызга, айыл чарбасы 2, 7 пайызга, кызмат кѳрсѳтʏʏ тармагында дээрлик 22,4 пайызга кыскарган. Ал эми ички дʏң продукциянын кѳлѳмʏ 20-жылдын жыйынтыгы менен 5, 3 пайызга ылдыйлап кеткени айтылууда.
Коронавирус пандемиясынын кʏн мурунтан болжолдонуп жаткан экинчи толкуну да абалды бир кыйла оорлоштуруп баштаганы маалымдалууда. Ал ортодо анын кесепетин жеңилдетʏʏ ʏмʏтʏ азыркы мезгилде ага каршы активдʏʏ эмдѳѳ иштерин жʏргʏзʏʏ жагына жʏктѳлʏʏдѳ. Вакцина иштеп чыгуу жана эмдѳѳ маселеси да бир кылка жана тептегиз алкакта жʏрʏп жатпаганы маалым жана анын себептери деле тʏшʏнʏктʏʏ. Бул жаатта ар тʏрдʏʏ кѳз караш, кѳп тʏрдʏʏ ой-пикир, ар кыл кызыкчылыктар ѳз ѳкʏмʏн сʏрѳѳрʏн унутпоо керек. Вакцинаны каттоодон ѳткѳрʏʏ жаатында чыныгы атаандашуу кызуу жʏрʏп жатат.
Эски жылдын 2-декабрында тиешелʏʏ вакцинанын каттоодон ѳткѳргѳнʏн Улуу Британия айтып чыкты. Ал эми Россия бул жаатта биринчи болуп коронавируска каршы «Спутник-5» вакцинасын иштеп чыкканы маалымдалган. Бирок, атаандашуунун аеосуз шарт-кырдаалына жараша ал вакцинага карата илимпоздор арасында бир жактуу пикир али калыптанып бʏтѳ электиги ѳзʏнѳн ѳзʏ тʏшʏнʏктʏʏ.
Таасирдʏʏ вакцинанын базарга ийгиликтʏʏ чыгуусу коронавирустун экономикага тийгизип жаткан терс таасирин тез арада жок кылат же кескин азайтат деп азырынча ʏмʏт байлоого гана мʏмкʏн болору турган сѳз. Андай кыялдардан азырынча алысыраак эле тургандан жакшысы жок экендигин, анткени вакцинаны иштеп чыгуу жана аны каалоочуларга жеткирʏʏ маселелеринде да кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳр кʏтʏп турганын, экономиканын пандемиялык кризиске чейинки деңгээлине жетʏʏ ʏчʏн бери эле дегенде бир-бир жарым жыл убакыт керектелерин эксперттер белгилешет.
БИЛИНТПЕЙ БАСКАН БИЙЛИК ТѲҢКѲРYШY
Эски жылдын элдин эсинен быйыл эле эмес, балким дагы эки-ʏч жылдап чыгарууга мʏмкʏн эместей кыязда сезилип жаткан окуя деп 2020-жылдын 5-6- октябрындагы элдик толкундоолордон улам бийликтин эч ким кʏтпѳгѳн жерден алмашуусун айтууга мʏмкʏн.
Калың кыргыз коомчулугу, атпай кыргыз атын уккандан эле заарканып турган бийлик тѳңкѳрʏшʏнʏн ʏчʏнчʏсʏ болуп ѳткѳнʏнѳ башында эч ким деле маани бербегени кызыктай болду. Албетте, бул ирет да кадимки эле бийлик тѳңкѳрʏшʏнѳ революциялык олуттуу ѳң-тʏс ыйгарууну каалагандардын катары калың болбосо да, элдик революция деп ѳзʏнчѳ бир каадаланып алгандар да чыкканын белгилеп койсо болот. Буга чейин эки ирет болуп ѳткѳн бийлик алмашуулардан деле революция деген тʏшʏнʏк, маанинин бир изин табуу ушул кʏнгѳ дейре тарыхчылар менен талдоочуларды тʏйшʏккѳ салып келе жатканын жашырууга мʏмкʏн эмес.
Албетте, кезектеги бийлик тѳңкѳрʏшʏн калың элдин нааразылык маанайынан улам болуп ѳттʏ дегенге бир азыраак болсо да негиз бар экенин моюнга алуу керек. Арийне, ал нараазычылыктардын булагын, себеп-негиздерин иргеп алганда гана ʏчʏнчʏ бийлик тѳңкѳрʏшʏнʏн обьективдʏʏ шарт-кырдаалдары тʏшʏнʏктʏʏ болуп чыга келет.
Эске салсак, ѳткѳн жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоолор ѳткѳрʏлѳѳрʏ белгиленген. Парламенттик шайлоого баш-аягы болуп 16 партия ат салышкан. Боршайкомдун акыркы маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун 7 пайыздык босогосунан тѳмѳнкʏ 4 партия ѳткѳнʏ маалым болгон: «Биримдик» -24,5%, «Мекеним Кыргызстан» -23,88%, «Кыргызстан» -8,76%, «Бʏтʏн Кыргызстан» -7, 13%.
5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыктарына карата нараазылык билдиргендердин митинги ѳттʏ. Анын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайтадан шайлоо ѳткѳрʏʏнʏ талап кылышып, кечки саат 8 ге чейин аянтта турушкан. Бирок, бийлик тараптан бир да ѳкʏл чогулган элдин алдына чыгып, тиешелʏʏ жоопту бергенге эрки, а балким каалоосу жеткен эмес. Кандай болгондо да, ушунун ѳзʏ эле бийликтин элге карата болгон мамилеси баягы Текебаевдин «Вы-никто!» деген сѳзʏндѳй таасир калтырганын белгилей кетʏʏ ашыкчалык кылбайт.
Ошентип, 6-октябрга караган тʏнʏ жанынан тʏңʏлгѳндѳй жаалданган митингчилер Ак ʏйдʏ, КТРКны жана УКМКнын имаратын басып алышты. Ѳлкѳдѳ Координациялык Кеңеш тʏзʏлʏп, ага бир нече саясатчылар киришти. Кыргызстанда андан ары мамлекеттик бийликти мыйзамдык талаага кайтаруу, жаңы бийликти эл аралык масштабда жана ички республикалык деңгээлде легитимдештирʏʏнʏн мʏмкʏн болгон аракеттери жʏргʏзʏлʏп баштады. Азыр бул аракеттердин алкагында президенттик шайлоону жана башкаруунун формасын тандоого тийиш болгон референдумду ѳткѳрʏʏнʏн кызуу даярдыктары кѳрʏлʏп жатат.
YЗYЛБѲГѲН YМYТТѲР
Евразиялык ѳнʏктʏрʏʏ банкы Кыргызстанда ички дʏң продукциянын ѳсʏʏсʏ жакынкы эки жылда орточо 4,4 пайызды тʏзʏп каларын болжолдоштурууда. Эске салсак, бул кѳрсѳткʏч ʏстʏбʏздѳгʏ жылдын жыйынтыгында 5,9 пайызга тѳмѳндѳгѳн. Бул тууралуу Евразия ѳнʏктʏрʏʏ банкынын Кыргызстан боюнча даярдаган макроэкономикалык баяндамасында айтылган.
Баяндамадан маалым болгондой, Кыргызстандын ИДПсы 2020-жылдын январь-июнь айларында ѳткѳн жылдагы кѳрсѳткʏчкѳ салыштырмалуу 5,3 пайызга тѳмѳндѳп кеткен. Ага карантиндик чектѳѳлѳр, сырткы суроо-талаптын кескин тѳмѳндѳшʏ, транспортировкалоодогу кѳйгѳйлʏʏ жагдайлар, ошондой эле эмгек мигранттарынан агылып келʏʏчʏ акчалай которуулардын кыскарышы сыяктуу факторлор олуттуу таасирин тийгизген.
Евразиялык ѳнʏктʏрʏʏ банкынын болжолдуу эсебинде, аталган факторлордун таасири жалпы алганда узак мѳѳнѳттʏʏ болуусу ыктымал. Канткен менен ѳндʏрʏштѳгʏ кризиске чейинки абалга Кыргызстандын 2021-2022-жылдарга болжолдонуп жаткан 4,5 пайыздык ѳсʏʏсʏ менен жетээри эсептелип чыгууда.
Кыргызстан азыр чоң ѳзгѳрʏʏлѳрдʏ жана ѳнʏгʏʏлѳрдʏ кʏтʏʏ этабындагы жашоо тилкесине кирʏʏдѳ. Президенттик шайлоодон кийин коомдогу ѳзгѳрʏʏлѳр ѳзʏн кѳп деле кʏттʏрѳ койбойт деген ишеним элдин кѳңʏлʏн кеңири ээлеп турат. Кайсыл тарабынан кандай мааниде караба, калың элдин жаңы бийликке карата ишеним кѳрсѳткʏчʏ шайлоого чейин кандай тез ѳсʏп олтурса, шайлоодон кийинки бийликтин ар бир аракети анын ошондой даражада тез тʏшʏп олтурушуна себепкер болуп калуусу мʏмкʏн экендигин эстен чыгарбоо керек.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...