Кеп атактуу Чыңгызхандын империясы же кадимки эле канадалыктардын айтылуу Кумтѳр алтын кени жагдайында эмес, коом таануу илиминде байыртадан эле белгилʏʏ болуп келаткан орто тап (орусчасы-средний класс) жѳнʏндѳ жʏрмѳкчʏ.Жалпак тилде ортоңку тапты жалпысынан «оокаттуу катмар» деп койсо да болот.
КЫРГЫЗСТАНДА «ООКАТТУУЛАР» КАНЧА?
Социологдор Кыргызстанда калктын орто катмары жалпы калктын 10 пайызын тʏзѳѳрʏн, жетиштʏʏ жашоо ʏчʏн азыр 40-50 миң сомдун тегерегинде айлык алуу керектигин айтышууда.
Социология илиминде орто топ же орто катмарга ишкерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, окумуштууларды, айтор, атайын же жогорку билимдʏʏ, материалдык жактан камсыз болгон адамдардын калың тобун киргизишет. Кайсыл гана ѳлкѳ болбосун анын экономикалык, саясий жана демографиялык ѳсʏшʏн камсыздай турган да дал ушул ортоңку топтогулар деп эсептелет.
Ортоңку катмар коомдун негизги кыймылдаткыч бѳлʏгʏ болуп, ѳз кѳрѳңгѳсʏн, мʏмкʏнчʏлʏктѳрʏн кеңири пайдалана алгандар. Алар ѳлкѳнʏн экономикалык ѳнʏгʏʏсʏнѳ активдʏʏ катышып, ѳз кѳз карашын да эркин билдире алат.
Адистердин айтуусунда, Кыргызстанда азыр кʏнʏмдʏк керектѳѳлѳрдʏ толук канааттандырып, жетиштʏʏжашоо ʏчʏн кырк-элʏʏ миң сомдун тегерегиндеги айлык керек.
«Терра-Паблик» кѳз карандысыз аналитикалык борбордун иликтѳѳсʏндѳ, Кыргызстанда калктын 10, анын ичинде шаардык тургундардын 18 пайызы орто топко кирет. Ал эми БУУнун ѳнʏктʏрʏʏ программасынын белгилѳѳсʏндѳ, ѳлкѳдѳгʏ калктын 35 пайызы жакырчылыкта, 7 пайызга чукулу ѳтѳ жакырчылыкта жашайт. Расмий маалыматка ылайык, ѳлкѳ калкынын дээрлик 70 пайызы эле жеринде тиричилик ѳткѳрѳт.
Кыргызстанда саясий жана бизнес элитанын ѳкʏлдѳрʏ эбак эле жалпы элден бѳлʏнʏп, «байлар» деп аталып, коомдун каймагы болуп калгандыгын айрым талдоочулар баса белгилегени бар. Ал эми ортолор менен колунда болгонун бири-бирине улап кʏн кѳргѳн жардылар негизги калкты тʏзгѳндѳр деген оюн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кʏмѳндѳр Абылов «Азаттык» радиосуна мынтип билдириптир:
«Кыргыз эли чачылып кетпеген жакшы калк ʏчʏн гана турабыз деп айтсам болот, Себеби дегенде азыр адамдардын баары теңчиликте жашабай, азыр бири бай, бири кедей.Байлары ѳтѳ бай болсо, кедейи ѳтѳ кедей. А мен ѳзʏм иши кылып «ак жакалардан эмесмин. Кээде «кѳк жака, кээде жанагы учун улагандардан болсом керек».
Кыргызстан кириптер болгон экономикалык кризис орто топтогулардын тѳмѳнкʏ катмарларга, жардыларга кошулуп калуусуна ѳбѳлгѳ тʏзʏп, коомдогу туруксуз жагдайга байлар менен орто топтун ортосундагы ажырым негизги себептердин бири катары роль ойноп жатканын Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин кызматкери Курманкул Жумалиев мынтип тʏшʏндʏрѳт:
«Ажырым кʏчѳп жатат. 10 пайыз гана бай болуп, калган 90 пайызы жакыр болгон коомдо эч качан туруктуулук болбойт. Биз жанагы орто топту кѳбѳйтʏшʏбʏз керек болчу. Биз антпестен, тескерисинче байларга гана шарт тʏзʏп берʏʏдѳбʏз. Байлардын байлыгы кѳбѳйгѳндѳн кѳбѳйʏп жатат, ал эми орто тап менен жакырлардын турмушу барган сайын аябай оорлоп баратат.
Адистин айтуусунда, Кыргызстанда орто тапты сактап калуу ʏчʏн айыл чарбасын, ѳндʏрʏштʏ ишке киргизип, калкка туруктуу жумуш орундарын тʏзʏʏ зарыл. Ал эми кризистин эпкини соода-сатык менен алектенгендерге оор тийип, соодагерлер тапкан-ташыганын тез эле жоготуп жатканы белгилʏʏ.
«КЫРГЫЗСТАНДА ОРТО ТАП КѲПЧYЛYКТY ТYЗБѲЙТ»
Канткен менен азыркы тапта ортоңку таптын так пайызын болжолдуу таризде болсо да эсептеп чыгууга мʏмкʏн эместигин кээ бир талдоочулар белгилеп жʏрʏшѳт. Стратегиялык изилдѳѳлѳр боюнча улуттук институттун жооптуу кызматкери, экономика илиминин доктору Назик Бейшенаалынын айтымында, Кыргызстанда атайын иликтѳѳ-изилдѳѳлѳр жʏргʏзʏлбѳгѳндѳн кийин орто таптын реалдуу санын так аныктоого мʏмкʏн эмес. Ал эми тышкы байкоолордун негизинде орто таптын классикалык ʏлгʏсʏ жок деп тыянак чыгарууга болот. «Кыргызстанда биринчиден, мындай изилдѳѳ жок.Экинчиден, кирешелердин деңгээли ортоңку тап деген тʏшʏктʏн жакырлар категориясы менен алмашып кеткенин кѳрсѳтʏʏдѳ. Андыктан, кандай аныктаманы алган кʏндѳ деле Кыргызстанда орто тап бар деп айтыш кыйын. Менин жеке пикиримде, бизде азырынча нукура орто тап жок. Орто таптын ѳкʏлдѳрʏ бар, бирок кѳпчʏлʏктʏ тʏзбѳйт.( Маселен, Россияда ѳлкѳнʏн 2020-жылга карата эсептелген ѳнʏгʏʏ стратегиясында орто катмарга айлык кирешеси минималдуу керектѳѳ бюджетинин алты кѳлѳмʏн тʏзгѳндѳрдʏ кошууга болору айтылган). Бизде байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым чоң. Орто тап массаны тʏзгѳнʏ ʏчʏн орто тап. Башкача айтканда, булар керектѳѳчʏлѳрдʏн, салык тѳлѳѳчʏлѳрдʏн, жумушчу кʏчʏнʏн негизги бѳлʏгʏ» деп белгилейт ал.
ѲНYККѲН ѲЛКѲЛѲР ЖАНА ОРТО ТАП КѲРСѲТКYЧТѲРY
Адатта ѳнʏккѳн ѳлкѳлѳрдѳ окумуштуулар орто тапты аныктоодо бир нече критерийди колдонушат. Биринчиси, адамдын кирешеси, экинчиси –анын социалдык макамы, билим деңгээли, кесибинин маанилʏʏлʏгʏ, ʏчʏнчʏсʏ - адам ѳзʏн кайсы топко кошот. Бирок, бул критерийлер дайыма эле бири-бирине шайкеш келе бербейт. Атʏгʏл алар бири экинчисине каршы чыгуусу мʏмкʏн. Мисалы, тигил же бул адамдын кирешеси абдан жогору, бирок ал дʏнʏйѳ-мʏлкʏн таза эмес, булганыч жолдор менен тапкан. Кайсыл бир баалуулуктар урматталган коомдо ал керек болгон социалдык макамга талаптана албайт. Мисалы, дарыгерлер менен мугалимдер эң маанилʏʏ кесип ээлери. Бирок, айлык акысынын кѳбѳйтʏлгѳндѳн кийин деле аздыгынан улам алар киреше критерийинен алганда ѳзʏлѳрʏн ортоңку тапка кошо албай калат.
Киреше эмне ʏчʏн орто тапты аныктоодо башкы критерий катары кызмат кылаары жагдайында деле эксперттерде бир пикир жок. Ал турсун орто тапты аныктаган критерийлери, тʏшʏнʏктʏ бѳлʏп турган чек аралары эксперттер арасында дале талаш-тартыштуу бойдон келатат, анткени орто тапка так жана орток аныктама жок. Бар болгону, концептуалдык гана тʏшʏндʏрмѳгѳ ээ экендигин талдоочулар белгилешет. Ушуну менен бирге ортоңку тап жѳнʏндѳгʏ аңкоо тʏшʏнʏктʏ байлар менен кедейлердин ортосундагы бир катмар катары кароого такап коюу ѳзʏнʏн алдамчылыгы менен кооптуу, анткени андай учурда ортоңку тапка кѳптѳгѳн адамдардын тобун кошууга туура келет.
Экономикалык кызматташтык жана ѳнʏгʏʏ уюмунун версиясы боюнча, ортоңку тапка тапкан кирешеси 75тен 200 пайызга чейинки ѳлчѳмдѳгʏ медиандык улуттук кирешеси менен айырмаланган адамдар кирет. Медиандык кѳрсѳткʏч адамдын кирешесин так ортодо тургандыгын мʏнѳздѳйт. Башкача айтканда, калктын жарымынын кирешеси бул цифрадан тѳмѳн, жарымыныкы- мындан жогору.
Россиянын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Россиядагы медиандык эмгек акы айына 28 миң 345 рублды тʏзгѳн. Башкача айтканда, Экономикалык кызматташтык жана ѳнʏгʏʏ уюмунун методологиясы боюнча, ортоңку тапка россиялыктардын айына жок дегенде 22 миң бир жʏздѳн 56 миң 690 рублга чейин эмгек акы иштеп тапкандарын кошууга мʏмкʏн.
«Де Вѳрд Дата» консалтингдик компаниясы 2018-жылы орто тапка Жер шарындагы калктын жарымына жакынын, 3, 59 миллиард адамды киргизген. Компания ѳз эсептѳѳлѳрʏн дʏйнѳдѳ кеңири колдонулуп жʏргѳн методиканы пайдаланган. Ал методикага ылайык, кʏнʏнѳ 100-110 доллар иштеп тапкандарды ортоңку тапка кошууга мʏмкʏн. Ортоңку тапка так аныктаманын жоктугун моюнга алган авторлордун ою боюнча, ортоңку таптын кирешеси узак мѳѳнѳткѳ пайдалануучу товарларды ( мисалы, автомобиль, муздаткыч же дагы башка турмуш-тиричиликтик буюмдар) сатып алууга, эмгек ѳргʏʏсʏн, эс алууну пландаштырууга, непадам ооруу-сыркоого тушугуп калса же жумуштан бошотулуп кетсе, жакырчылыктын чегине жетип калбоо ʏчʏн акчалай аманат сактоого мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏшʏ керек.
Ушуну менен бирге жогоруда аталган компания ортоңку таптын сан жагынан ѳсʏʏсʏн- 2030-жылы анын 5, 3 миллиард адамга жетʏʏсʏн болжолдоштурат. Анын чоң бѳлʏгʏ Азия континентине туш келээри айтылууда. Ѳсʏʏ албетте, абсолюттук цифрада болот, анткени проценттик катышта кѳпчʏлʏк эксперттер калктын бул катмарынын кыскарышын кѳптѳн бери эле айтып келишʏʏдѳ.
Арийне, мамлекетке орто тапты эсепке албай коюуга таптакыр болбойт, анткени дал ушул ортоңку тап кѳп учурда жарандык коомдун кыймылдаткыч кʏчʏ болуп чыга келет.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...