• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Вторник, 26 Январь 2021 05:12

Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди

 

Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап, ыңгайлуу баада кардарларга сунуштап, өз чөйрөсүн багындырып келе жаткан “Алча” аттуу жарым  фабрикаттарды рынокко чыгарган Айзат Мамбетова бүгүнкү каарманыбыз. Ал жасаган продукциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берип, редакциябызга маек курду.

-Саламатсызбы! Өзгөчө түстүү пельмендерди таза кошулмалардан жасап, өндүрүштө өз ордуңузду таап келе жатыпсыз. Бул жумушту качан баштадыңыз эле?

-Төрт жыл мурун жумушумду баштагам. Жаңыдан баштаган күнүм азыркыга чейин эсимде. Анда  төртүнчү балам бир жашта болчу. Негизи мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Төрт бала менен айлык айдан айга жетпейт. Анан үйдө пельмен жасап көрүүнү чечтим. Алгач 1 кг эт менен баштагам. Канча чыгат, кандай болот экен деп даяр болгон фаршты бир күн кечке түйдүм. Кечинде отуруп, баасын чыгарайын деп эсептесем 100 сом болуптур.

-Идея кайдан келди?

-Бир күнү телевизордон Орусиянын белгилүү шаарындабир айым колго түйүлгөн пельменди жасап чыгарган цех ачканын көрүп калдым. Ал цехте 40 аял жумуш менен камсыз болуптур. Айылдагы кыздарды биринчи жумушка тартып, кийин шаарга чыгып, өлкөгө тараганын тасмага тартышыптыр. Ошондон өзүмө сабак алгам. Жумуш орундарын түзсө болот экен деген ойдо калдым. Негизи ар кайсы бизнестин түрлөрүн бассам-турсам ойлонуп жүрчүмүн.

Бизнес кылуу, жеке иш ачуу оңой нерсе эмес экен. Төрт жыл ичинде бир канча ирет чарчап, тажаганда таштап койдум. Бирок, көп тренингдерге барам. Китептерди окуп, Макдональдс, Adidas, Nike жана CocoCola нын түптөлүү тарыхы менен таанышып шыктандым. Мисалы үчүн CocoCola биринчи эки жылда бир бөтөлкө гана сатылган деген сыяктуу маалыматтарды угуп, кайра баштадым. Ошентип, ортодо тыныгуу кылып, жасап жүрүп төрт жыл өттү. Акыркы бир жылдан бери туруктуу иштеп, өндүрүштүн көлөмү кеңейди. Карантин учурунда гана бир аз иш үзгүлтүккө учурады.


-Бүгүнкү күндө жарым фабрикаттын канча түрүн чыгарасыздар?

-Продукциянын сегиз түрүн чыгарабыз. Биринчи пельмен менен гана баштагам. Кийинчерээк талапка жараша туура тамактанууга басым жасагандар үчүн атайын майсыз тооктун этинен котлет, фрикадельки, пельмен жана түстүү пельмендерди жасайм. Азыр элдин баары шашылыш эле жумуштан кеч келишип, көчөдөн тамактанышат. Мен негизи көчөдөн тамак жегенге каршымын. Менимче, "улуттун ден соолугу" деген долбоор болсо жакшы болмок, муну иштеп чыгуу керек. Анткени элдин баары, жаш балдар көчөдөн фастфуддарды жешет. Ошол эле пицца, суши баарында даам күчөткүчтөр болот. Ал тамактарды жегенде үйдөгү тамактар даамсыз болуп, даамдуу тамак жегиси келип, буюртма кылдырып жешет. Байкашымча өспүрүм курактагы жаш балдарда ашыкча салмак топтоо башталгандай сезилет. Ошондуктан, туура тамактанып, үйдөн бала-чака менен таза продукцияларды колдонуусу керек.

-Башка продукциялардан, өндүрүүчүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

-Өлкөдөгү өндүрүштөргө салыштырмалуу сырткы жасалгалоосу өзгөчө. Аны атайын Орусиядан буюртма берип, алдыртабыз. Казакстанда да чыкпайт экен. Учурда биздин рынокто колдонгон контейнерлер кайра иштетилген продукт болуп эсептелет. Чынында ал талаптарга, тамак-ашка ылайык келбейт. Айрыкча күн ысыганда канча бир пайыз зыяндуу химикаттарды чыгарып турат экен. Биздин "упаковка" мамлекеттик стандарттан өткөн, тамак-аш продукциясын жакшы сактайт. Кыргызстан боюнча андай "упаковка" жок. Бул да болсо биздин артыкчылыгыбыз. Өлкөдө андай чыгарылбайт.
Ошондой эле курамы, уну менен да айырмаланат. Бир аз баасы кымбат болсо мейли, бирок, сапаты жакшы болуусу маанилүү. Этти да халал деген тастыкталган сертификаты барлардан алабыз. Ундун да баасы кымбатына карабай сапаты жакшысын алам. Көп эле пельменди базардан алып татып көрөм, кээ бирөөлөр ичине колбаса салып, соя колдонушат. Башында айткандай, тренингдерге көп барып, изденгендиктен, жашоодо туура жүрүп, алдабай, өз пайдаң үчүн туура эмес нерселерди жасабаш керек деген ойдомун. Мен үчүн сапаты
башкы орунда. Элдер баары бир акыр аягы сапаттуу продукцияларды тандашары белгилүү. Көп көлөмдө чыкпай деле коелу, бирок, аз болсо да сапаттуу болуусу кажет.

-Алдыда өндүрүштү кеңейтүүдө кандай пландарды коюп жатасыз?

-Алдыдагы негизги максаттарымдын бири продукциябызды Глобус, Фрунзе сыяктуу соода түйүндөрүнө Кыргызстан боюнча жайылтуу. Эгер буга жете алсак, ал мен үчүн чоң жеңиш болот. Акыркы беш жылдан бери окуулардан бир ишти баштаганда сөзсүз белгилүү бир убакытты басып өтүшү керек экенин билдим. Чоң бизнес менен алек болгондор "дагы эки жыл чыдашың керек" деп айтып калышат. Азыр ошол баскычтабыз десем туура болот.

-Кайдан үйрөндүңүз? Же атайын курстарда окудуңузбу?

-А дегенде пельменди үйдө кандай жасап жүргөн болсок, так ошондой жасадым. Азыр интернет булактары кенен жайылган. Дайыма изденип, ар кандай рецепттерди көрүп жүрөм. Эң негизги бөлүктөрүн интернет булактарынан алып, үйрөнүп, жасадым. Биздин коомдо интернет жакшы жагына караганда жаман жагын көп тийгизип атат. Аны туура жакка колдонуп, интернет аркылуу көптөгөн бизнестин түрлөрүн үйрөнүп жумуш баштаса болот. Түстүү пельмендерди жасоонун жолун да интернеттен үйрөнгөм. Башка мамлекеттерде жасалган ушундай продукцияларды көрүп, жасап көргөм. Түстөрдү чыгарууда көбүнчө атайын боекторду колдонушат экен. Ошондой эле шпинат менен да жашыл түс чыгарганын көрүп, жасаса болот экен деп, кызылчадан, сабизден ар түстүү пельмендерди жасап калдым. Буюрса, суроо-талап жакшы. Ооздон оозго өтүп, кардарларым көбөйө баштады. Мыйзамдуу  жагын карап, салык төлөө жана башка иштер боюнча керектүү документтерди бүтүрдүм. Жакынкы күндө сертификат алам.

-Жардамчыларыңыз кимдер? Үй-бүлөңүз жумушуңузду колдошобу?

-Жардамга балдарым келет. Төрт балам бар. Жумушту баштаган кезде улуу кызым 5-класста болчу. Кичине болсо да мага тизгени, фаршты салышканы жардам берип, кошо кармашчу. Азыр баары жардам беришет. Башында иши көп, акчасы аз болгонуна байланыштуу менин кыйналганымды көрүп жолдошум “жасабай эле койчу” деп жүрдү. Бирок, алгач бардык жумуш ушундай болорун айтып жүрүп, учурда өз кардарларыбызды табуудабыз. Жолдошум өзү мамлекеттик жумушта эмгектенет. Керектүү нерселерди жумушка чейин, жумуштан кийин алып келип берет. Ошондой эле жумуштан кийин буюртма берген кардарларга жеткирип берүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондуктан кардарларга жеткирип берүү кызматы саат 6дан кийин деп айтам. Өзүм 17 жыл аскер кызматкери болуп иштеп, пенсияга чыкканмын. Жашым 35те. Кызматты эрте баштагандыктан, пенсияга эрте чыктым.

-Баалары кандай?

-Баалары 200 сомдон баштап, 450 сомго чейин. Бир баштыктагы түстүү пельмендердин жарым килограммы 200 сом, 1 кг пельмен 320 сом, котлет ичинде 10 даана болот – 400 сом. Бул алты кишиге жетет. Көпчүлүк тамак даярдагандан эринишип, пицца же дагы башка буюртма кылып жеп атышпайбы. Аларга салыштырмалуу баасы да ыңгайлуу.

-Чоң рахмат. Азаматсыз. Ишиңизге дагы да ийгиликтерди каалайм.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Окулду 4545 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Интервью
Ушул категориядагы башка материалдар: « Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Сʏрѳтчʏ – табияттан берилген талант менен сыйланган адам. Ѳмʏр бою…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Март 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved