Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берʏʏчʏ тармак. Ошол ʏчʏн ар бир ата-эне баланы жаштайынан спортко берʏʏгѳ аракет кылат. Бирок, спортту жарым жолдон таштап койбой, аягына чейин алып кетʏʏ ʏчʏн балада ага болгон кызыгуу болуусу шарт. Шаарда балдарды 4-5 жашынан каратэге ʏйрѳткѳн шаардык каратэ федерациясы бар. Президенти Бекмурза Эргешов.
Каратэ тууралуу
Каратэ (япончо – куралсыз кол) – куралсыз коргонуунун бир тʏрʏ; кол жана бут менен каршылаштын денесине сокку берʏʏгѳ негизделген спорттун бир тʏрʏ. Рюкю аралдар тобундагы Окинава аралдарында 15-кылымда пайда болгон. Ошол кездеги князь Се Хайси курал кѳтѳрʏʏгѳ уруксат берген эмес. Мындан улам жергиликтʏʏ эл сырткы жоодон коргонуу ʏчʏн каратэни ойлоп табышкан. Ал кезде Окинава Япония менен эмес, Кытай менен тыгызыраак байланышта болгону ʏчʏн каратэ Кытайдын кунг фу куралсыз кʏрѳш тʏрʏ менен кошо ѳнʏккѳн. Азыр Каратэнин каратэ-до (олимпиядалык спорт тʏрʏ), шотокан, кекусинкай, сито-рю, годзю-рю, вадо-рю деген тʏрлѳрʏ бар. Азыркы каратэ 20-кылымдын башында ѳнʏккѳн. Жиу-житсу кʏрѳшʏнʏн приемдору алынган. Ал эми эл аралык каратэ федерациясы 1968 – жылы тʏзʏлгѳн. Ага 50дѳн ашык мамлекет мʏчѳ. Спорттун бул тʏрʏ Дʏйнѳлʏк чемпионатка 1970 - жылдан, Европа чемпионатына 1971- жылдан киргизилген. КМШ ѳлкѳлѳрдѳ каратэ 1991- жылдан жайыла баштаган. Каратэнин каратэ-до тʏрʏ 2004- жылы Афиныда ѳткѳн 28-олимпиядалык оюндар программасына киргизилген.
Ал эми Ош шаардык каратэ федерациясы 2004-жылы тʏзʏлгѳн. Ага чейин Ош облустук каратэ федерациясынын курамында турган. Ошол курамдан бѳлʏп, ѳзʏндѳ шаардык деңгээлде алып чыккан алгачкы президенти Жумадыл Исаков болгон. 2008-жылдан бери аталган федерацияны Бекмурза Эргешов башкарып келет. Жапондор тарабынан ойлоп табылган бул спорттун тʏрʏнѳ учурда кызыккан жаштар кѳп.
Бекмурза Эргешов:
«Баарынан мурда баланын тарбиясына кѳңʏл бурабыз»
- Баланы жаштайынан спортко ʏндѳѳ, спорт менен чоңойтуу анын жаман жолго барышына бѳгѳт коет. Айрыкча каратэнин тарбиялык мааниси чоң. Мен жаштайымдан каратэ менен машыккам. Хоббим десем да болот. Кѳптѳгѳн уул-кыздарды машыктырдым. Каратэде машыгууга келген баланы алгач алты ай бою адеп-ахлак, жʏрʏм-турумун ʏйрѳтѳбʏз. Кантип салам берʏʏ керек, ѳзʏн кандай алып жʏрʏʏ керек сыяктуу жашоодогу маанилʏʏ тарбияны окутабыз. Ошондон кийин гана машыгууга киришет. Бизге кѳбʏнчѳ эрке балдар, ʏй-бʏлѳдѳгʏ жалгыз уулдар келет. Спорттун башка тʏрʏнѳн айырмаланып бизде денеге зыян келтирʏʏчʏ аракеттер жок. Каршылашынын бетине урбайт, колду жеткирет, токтотот. Каратэде 50 пайыз кол, 50 пайыз бут менен иштѳѳнʏ ʏйрѳтѳт. Ошол ыкмаларды ʏйрѳнмѳйʏнчѳ балдарды мушташтырбайбыз.
«Учурда 300дѳй бала машыгууда»
- Мен 2010-жылга чейин машыктыруучу болуп келгем. Учурда федерацияда 5 машыктыруучу бар. 300гѳ жакын баланы тарбиялап келишет. 4-5 жаштан баштап орто мектепти аяктаганга чейин машыктырбыз. Андан кийин эгер балада кызыгуу кʏч болсо бизде машыгууну улантып калат, эгер каалоосу башка жакта болсо таштайт. Спортто кимдир бирѳѳнʏ мажбурлап кармоо мʏмкʏн эмес. Эгер балада кызыгуу жок болсо ийгилик жаратуусу кыйын. Ошондуктан, мектеп жашындагы балдар кѳп. Ѳлкѳнʏн намысын коргогон балдарыбыз арбын. Чыныгы спорт сʏйʏʏчʏлѳрʏ артынан бала тарбиялап, машыктырышууда.
Айгерим Приева, машыктыруучу:
«Кʏчтʏʏ балдар спортту таштайбыз дегенде ичибиз ачышат»
- Каратэ менен 7 жашымдан бери машыгып келем. Кичинекейимден ата-энем спортко ʏндѳп тарбиялады. Беш жашымдан эле машыгууга барам десем, албай коюшкан. Ал учурда жети жаштан алышчу. Учурда тѳрт жаштан да ала беребиз. Машыктыруучум Бекмурза Эргешов. Каратэнин башка спорттун тʏрʏнѳн айырмасы, ак кийими, залдын тазалыгы, балдарга берген тарбиясы. Спорттук тарбиясы такыр башка. Сылык мамиле жасап, ар биринин тандоосун сыйлоого ʏндѳйт. Бекмурза агай катуу кармачу, бирок тарбияны туура берген. Мисалы, залга кирерде ийилип салам берип киребиз. Чыгып бара жатып да ийилип коштошобуз. Биз агайды кѳчѳдѳ кѳрʏп калсак да ийилип учурашсак кѳргѳндѳр таң кала берчʏ. Агай «туура эмес тʏшʏнʏп калышпасын, залга келгенде эле ийилип учурашкыла» деген. Улууларга болгон сый- урматты жогорулатат. 2016-жылдан бери уул-кыздарды машыктырып келем. Спортко келген, кеткен балдар кѳп болот. Ал эми спортту чындап сʏйʏп, аягына чейин чыгам деп максат кылган балдар 35ден ашат. Машыктыруучу ар бир баланын мʏнѳзʏн, жѳндѳмʏн ѳздѳштʏрѳт. Кʏчтʏʏ балдар спортту таштайбыз дегенде кадимкидей ичибиз ачышат. «Ушул балада ʏмʏтʏбʏз чоң» деп суктанып калганда «мен дарыгер болом же ырчы болом» деп спортту таштап кетишет да. Андайда кейип калабыз. Кээде тескерисинче, жѳндѳмʏ такыр жок, спорттук мʏнѳз жок эле балдар залдан кетпей коет. Бирок, аларга да мʏмкʏн болушунча аракет кылып ʏйрѳтʏп, мелдештерге алып чыгууга аракет кылабыз.
Устаттан ашкан, мен машыктырып мени таң калтырган окучуум бар. Хадича деген кыз, спорттук духу ѳтѳ кʏчтʏʏ. Сѳз менен атаандашына психологиялык атака берип турат. Мелдештерге чыкканда да кыжаалат болуп, кыжырданбайт. «Мен баары бир жеңем» деп ишеничтʏʏ айтып турчу адаты бар. Ошого жараша жеңет. Жеңиштери кѳп. Спорттогу пландарым кѳп. Эки баланын энеси болуп калсам да муну таштай албай жʏрѳм. «Жаштарга орун бербейсиңби?» деп сурагандар кѳп болот. Максатым ДЦП менен тѳрѳлгѳн балдарды акысыз машыктырсам, спорттун ушул тʏрʏнѳ тартсам дейм.
Нусуп Жолдошбаев, машыктыруучу:
«Бизде спортту кесип катары кароого шарт жок»
- 2010-жылдан бери машыктыруучумун. Колумда 50-60дай окуучу бар. Ар бир баланын жетишкен ийгилиги кубандырат. Каратэ боюнча дʏйнѳ чемпиондугуна чейин жеткен балдар бар, алар менен сыймыктанабыз. Учурда менин колумда 4 жаштагы эки бала машыгат. Негизи баланы машыгууга кабыл алууда эч кандай талаптар деле коюлбайт. Эгер кызыгуусу болсо жок дебей кабыл ала беребиз. Бала оң, сол колду ажырата билсе эле болду. Ата-эненин тарбиясы тʏздѳн-тʏз таасир этет. Себеби, машыктыруучу менен окуучунун ортосунда туруктуу мамиле болушу керек. Башкача айтканда, окуучуда коркуу сезими болушу керек. Эгер мен баланын туура эмес кылып жатканын айтып урушсам ыйлап жиберишсе, укпаса анда процесс бузулат. Ошондуктан балдарды кабыл алууда тарбиясы чоң роль ойнойт. Машыгуу процесси жумасына ʏч жолу болот бир жарым сааттан. Ал эми баланы мелдешке даярдап жаткан учурда кʏнʏнѳ эки жолу машыгуу ѳтѳт.
Балдарды спортко кызыктыруу ʏчʏн каймана аттарды берʏʏгѳ аракет кылам. Белгилʏʏ спортчулардын аттары, кино каармандарынын аттары менен. Мисалы, Брюс Ли, Жеки Чан сыяктуу каймана аттарды алып жʏргѳн балдарым бар. Биздин ѳлкѳдѳ спортту канчалык сʏйбѳ, аны кесип катары алып кетʏʏ кыйын. Себеби, спортчуларга мамлекеттик колдоо аз. Спортту кесип катары алып кетиш ʏчʏн ал менен жашаш керек болот. Башка нерсенин баарын унутуп спорт менен гана алектениш керек. Бул ʏчʏн спортчуларга мамлекет шарт тʏзʏп берген эмес. Ошондуктан кѳпчʏлʏгʏ спортту хобби катары кѳрʏп, колу тийгенде гана машыгып коюп, башка жумуш менен алектенʏʏгѳ аргасыз болушат.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Фото: Бекмамат Айдаркулов
Толугу менен...