Республикалык Элдик Курултайдын саясий концепциясында Кыргызстандагы азыркы социалдык-экономикалык абал жалпы жонунан мындайча мʏнѳздѳлгѳн:
«Эл жʏздѳгѳн партияга, сектага бѳлʏнʏп, ѳлкѳнʏ бʏт жеке адамдык ээн баштык, ээнооздук, митинг, пикет жапырт каптап, жарандык коом бузулду. Аракечтер 100 миңден, баңгилер 20 миңден, сойкулар 30 миңден, СПИДке чалдыккандар 5 миңден, бачабаздар 10 миңден, кароосуз жетимдер 50 миңден, жылдык ажырашуу 10 миңден, сыртка тентип кетʏʏ 1 миллиондон, жакыр ʏй-бʏлѳлѳр 500 000 миңден ашты. Бийлик кызматтары ага-тууганга, куда-сѳѳккѳ берилип, акчага сатылып, кадр саясаты ирип-чирип, кландык коррупция, партиялык мафия бʏт бийликти ээледи. Соңку жылдары 500 000 АКШ доллары менен пара алуу, ѳз ара бѳлʏшʏʏ, сыртка качыруу же «ʏй камакка» чыгаруу, ууруну куткаруу бийликте салт эле болуп калды».
Мындай маалыматтар албетте, коомчулукту тʏйшѳлтпѳй койбойт. Лениндин: «Салыштырылганда баары тʏшʏнʏктʏʏ болот» деген сѳзʏ бар. Аталган маалыматтар башка, айталы кошуна мамлекеттердеги тектеш кѳрсѳткʏчтѳргѳ салыштырылуу жолу менен келтирилгенде же калктын ар бир жʏз миң адамына карата катыштык ʏлʏш ѳлчѳмʏ менен алынганда, маалыматтын таасири балким башкачараак болмок. Кандай болгондо да жогорудагы маалыматтар коомчулукту ойлонтпой койбоосу бышык.
Кыргыздын чыгаан эркин экономисти, Курултай идеясын алгачкылардан болуп кѳтѳрʏп чыккан маркум Шерали Назаркулов Кыргыз Республикасынын эгемендʏʏлʏгʏнʏн алгачкы жылдарындагы эмгегинде: жаңы кѳйгѳлѳрдʏ эски усулдар менен эмес, эски кѳйгѳйлѳрдʏ жаңы усулдар менен чечʏʏ керек» деп баса белгилеген. Кыргызстанда бʏгʏнкʏ кʏндѳ жаңы усулдар менен чечилʏʏгѳ тийиш болгон эски кѳйгѳйлѳргѳ бир топ жаңы кѳйгѳйлѳр да кошул-ташыл болуп жатканы кимдин болсо да башын адаштырчудай мʏнѳз кʏткѳнʏн аңдоо кыйын эмес. « Бир бетиң ѳпсѳм, бир бетиң калат!» деп бир ырда айтылгандай, экономикага билек тʏрсѳң, саясаты калып кетип, саясатка кызыгып кетсең, экономикасы эңшерилип жатып калган заманда жашап жатабыз. Кыргыз коомчулугунда саалы кем отуз жылдан бери жыйылып калган кѳйгѳйʏʏ маселелерди тиешелʏʏ ирети менен чечʏʏнʏн жолун табуунун ѳзʏ да жаңы усулга тең болуп турат.
Экономика жана саясат теориясынан алып караганда, саясат экономиканы ээрчиген, экономикага баш ийген категория катары кʏнʏмдʏк жашоо-турмушта экинчи орунда турушу керек эле. Ѳнʏккѳн мамлекеттерде экономика менен саясаттын ушундай классикалык эрежеси бекем сакталган. Кыргызстан сыяктуу ѳнʏгʏп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ саясат экономикага эмес, тескерисинче, экономика саясатка кѳз каранды болгон кѳрʏнʏш орун алган. Чабал экономика эч качан саясатка ʏстѳмдʏк кыла албайт. Кыргызстанда экономиканын ѳнʏгʏʏ мерчеми саясатты артынан ээрчитип алаар деңгээлге жете элек. Андыктан жаңы бийликтин тушунда деле экономикалык ѳнʏгʏʏлѳр саясий ѳзгѳрʏʏлѳрдʏн ийгиликтерине жараша болуп ѳтѳѳрʏ шексиз. Ал эми кыргызстандыктардын коомдук турмушунда ʏстʏбʏздѳгʏ жыл Конституциялык реформа жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолор аркылуу тагдыр чечээрлик мааниге ээ болуп турат.
КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА
Эгемендʏʏ Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынганы белгилʏʏ. Бирок, Баш мыйзам эгемендик доордун кийинки жылдарында кеминде 8 жолу ѳзгѳртʏлгѳн. Алгач Акаевдин мезгилинде 4 жолу, К.Бакивдин учурунда 2 жолу, Отунбаеванын доорунда 1 жолу, Атамбаевдин учурунда дагы 1 жолу ѳзгѳртʏлʏп, бирок ѳлкѳнʏн ѳнʏгʏшʏнѳ эч майнап бербеди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ошентип 29 жыл ичинде аралаш башкаруу тʏрʏ менен (президенттик-парламенттик) ѳнʏгʏп келди, бирок кемчиликтерди жое алган жок. Бʏгʏн 29 жылдык эгемендик мезгилдеги Кыргызстандын коомдук жашоосунун жалпы тѳмѳндѳшʏ жаңы бийликтин «прагматикалык кʏчтʏʏ эркине» негизделген кардиналдуу саясий ѳзгѳрʏʏгѳ баруу зарылчылыгын туудурганын эксперттер баса белгилешет
Садыр Жапаровдун ант берʏʏ аземинде ѳзгѳчѳ эсте калган жана кийинки коомдук-саясий процесстерге сѳзсʏз тиешелʏʏ таасирлерин берʏʏгѳ тийиш деп болжолдоого боло турган айрым жагдайларды талдоочулар дароо белгилешкен. Алсак, жаңы президент эски конституцияга колун коюп ант берди. Ант берʏʏ аземине удаа эле жаңы конституциянын долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталганы жарыяланды. Ал эми ѳткѳн шейшембиде жаңы конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлганы маалымдалды. Албетте, ар кандай эле ѳлкѳ ʏчʏн конституциясынан ѳткѳн баалуу нерсе жок. Бирок, конституциянын долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу деген сѳздʏ конституциянын долбоорун жалпы элдик талкуулоого алып чыгуу деген тʏшʏнʏк менен алмаштыруу туура болбой калаары тʏшʏнʏктʏʏ. Демократиянын эрежеси ушуну талап кылат деп эле ар бир жарандын ой-пикирине ашыкча эле маани бере берʏʏ жарабаган, ал тургай зыяндуу да практика экенин унутпасак. Коомдук талкуу деген аты айтып тургандай, коомдун белгилʏʏ бѳлʏгʏ активдʏʏ катышкан же катышууга тийиш болгон талкууну туюнтат. Негизинен, конституцияны жазуу жана талдап-талкуулоодо саясатчылар жана ириде юридикалык билимдин ээлери чечʏʏчʏ ролду ойноого тийиштиги айтпаса деле тʏшʏнʏктʏʏ. АКШнын саясий элитасында эзелтен эле юристтер маанилʏʏ ролду ойноп келишкендиги тарыхтан маалым.
БАШКАРУУНУН ТYРY - БАШКЫ МАСЕЛЕ
«Идеалдуу конституцияны тʏзʏʏнʏн ѳзʏ идеалдуу кѳрʏнʏш. Конституция деген негизги мыйзам. Мыйзам катары ал коомдук мамилелерди жѳнгѳ салат. Коомдук мамилелер саат сайын, кʏн сайын ѳзгѳрʏп турат. Демек, мыйзамдардын, конституциянын ѳзгѳрʏʏгѳ дуушар болуусу обьективдʏʏ кѳрʏнʏш. Албетте, 2010-жылдагы конституцияда кемчиликтер, бири- бирине карама- каршы келген принциптер, ченемдер бар. Ал жѳнʏндѳ биз буга чейин айтып да, жазып да келдик. Маселе ал бʏгʏнкʏ кʏндѳ канчалык сапаттуу конституция болчу, азыркы сунушталып жаткан конституциянын долбоорунун сапаты кандай деп салыштыруунун ѳзʏ предметсиз талаш болот. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ кыргыз коомунда, ѳлкѳдѳ ушундай шарт ʏчʏн кызмат кылсын, жоопкерчилик алсын деген маселелер коюлуп жатат. Ошол маселелерди талкуулап, оптималдуу жолдорун табуу ʏчʏн мына бардыгыбызга шарт тʏзʏлдʏ. Ошондуктан, бʏгʏн мен парламенттик башкарууну жактырам, мен президенттик бащкарууну жактырам дебей мамлекетибизди ѳнʏктʏрʏп кете турган жоопкерчиликтʏʏ бийлик системасын жактырам деген маселени койсок, туура болчудай» деп белгилейт Кыргызстандагы белгилʏʏ юристтердин бири Автандил Арабаев.
Башкаруунун тʏрʏн тандоо маселесинде юрист Арабаев менен тарыхчы профессор Ташманбет Кененсариевдин айткан пикирлери дээрлик окшош.
«Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу тʏрʏн тандоо маселеси –президенттик, парламенттик же аралаш башкаруу тʏрлѳрʏнʏн кайсынысы жакшы деген суроону чечʏʏ эмес, элдин тарыхы, улуттун менталитети, мамлекеттин азыркы абалы, глобалдык геосаясаттагы орду, экономикасынын ѳзгѳчѳлʏгʏ, социалдык мамилелеринин, саясий топторунун, партияларынын жана жарандык коомунун ѳсʏʏ деңгээлине жараша Кыргызстандын келечегине жооп берʏʏчʏ мамлекеттик башкаруу системасын тандоо дегендик. Бул –тагдыр чеччʏ маселе» деп белгилейт Кененсариев. Анын пикиринде, Кыргызстанда кѳп партиялуу система эми гана тʏптѳлʏп келатат. Саясий плюрализм жокко эсе. Саясий майданда толеранттуулук, позицияны сыйлоочулук, демократиялуулук принциптери салтка айлана элек. Кыргызстандын калкынын басымдуу катмарында бийлик бутактарына ишеним ѳтѳ аз. Элдин менталитетинде «кʏчтʏʏ билек –кʏчтʏʏ бийлик» фактору сакталган.
«Качан кʏчтʏʏ борбор болгондо гана кʏчтʏʏ ѳлкѳ болот. Ал эми Кыргызстанда болсо борбордук бийлик, мыйзам бийлиги кʏчʏнѳ кире элек. Ал жакырчылыкты жоюу жолундагы ѳткѳѳл мезгилде турган кичинекей ѳлкѳ болгондуктан, сепараттык, оппозициялык тенденциялар, криминалдык элементтердин таасири, бийлик системасында региондук бийликтин, айылдын ролу жогору»,-дейт профессор.
Жаңы конституциянын акыркы тандалып алынган вариантында президенттик бийлик мурдагы номиналдык-чектелʏʏ функционалдык ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып, дээрлик суперпрезиденттик бийликке чейин жеткирилгендигин талдоочулар белгилешʏʏдѳ. Бирок, долбоордогу бул конституция референдум жолу менен кабыл алынгандан кийин активдʏʏ саясий талаш-тартыштарга себеп болушу мʏмкʏн экендигин эскерткен талдоочулар бар. Анткени, баары мыйзам чегинде жасала турган болсо, жаңы парламент шайланып келген соң кийинки жаңы президенттик шайлоону кʏзгѳ чейин дайындоого мажбур болот. Талдоочулардын эсебинде азыркы президент каалайбы же каалабайбы же азыркы жаңы бийлик колдойбу- колдобойбу, баары бир толук легитимдʏʏлʏктʏ сактоо ʏчʏн бул кадамга барууга аргасыз болушат.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...