Версия для печати
Четверг, 25 Февраль 2016 04:29

Соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү кайра каралат

Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгат. Мындай талапты президент Алмазбек Атамбаев соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду. Мамлекет башчы эл пенсиянын көлөмү камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша болорун түшүнөрүн, бирок азыркы система айылда жашагандардын шартын толук эске албай жатканын айтты. "Азыр чакан жер тилкеси барлар менен ири жер ээлеринин ортосунда орчундуу теңсиздик болуп жатат",- деди Алмазбек Атамбаев. Президент тиешелүү мыйзам долбоорун тез арада Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү талап кылды.

   17-февралда парламенттин жыйынында соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери түшөрүн аталган мекеменин башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев: "Оорчулук келет деп айтылды, демек, тарифтер сөзсүз түшөт. Качан төмөндөй турганын азырынча айта албайм, ал үчүн жаңы мыйзамды парламент колдошу керек. Тарифтер түшкүчө жарандар мурунку тарифтер менен төлөшөт",- деп билдирди.

Ош шаардык социалдык фонддун башчысынын орун басары Нуркамил Орунбаев:

«Социалдык төлөм жаңы жылга официалдуу түрдө өзгөргөн жок»

-Тариф өзгөрдү деп тариф өзгөрбөсө деле айтып жатышат. Социалдык төлөм официалдуу түрдө өзгөргөн жок. Бирок, айрым  өзгөрүүлөр  тууралуу айта кетейин. Акыркы мезгилдерде социалдык төлөмдөргө болгон баа шаардагы орточо айлык акылардан алынып жатат. Мисалы, биздин Ош шаарында 2014-жылдын 1-июлунан 2015-жылдын 30-июнуна чейин статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча орточо эмгек акынын көлөмү 9417 сомго барабар болгон. 2015-жылдын 1-июлунан баштап 2016-жылдын 30-июнуна чейин орточо айлык акынын суммасы 10578 сомго барабар болгон деген так эсеп келген бизге. Ошондо жанагы  9417 сом менен 10578 сомдо айырма болуп жатпайбы. Ошону өзгөрдү деп жатышат. Эмгек акы көбөйгөн сайын,  төлөмдү бир аз көбүрөөк төлөп калып жатышат. Азыраак төлөгөн мезгилде айлык акы да аз болуп жатат. Азыркы учурда көбөйгөн. Ошол көбөйгөн суммага карап төлөмдөрдүн баасында бир аз айырмачылыктар болот.

Эски жылдын 1-июлунан жаңы жылдын 30-июнуна чейин 10578 сом деген орточо айлык акынын суммасы боюнча маалымат келген. Мунун 0,5 % алганда 52,89 сом болот. Жогоруда айтып өткөндөй мурунку эски баадагы 0,5%  47 ,8 сомду түзсө, жаңы орточо эмгек акынын суммасы өскөндүгүнө байланыштуу 52,89 сом болгон. Ошону элдер түшүнбөй төлөмдөр өстү деп жатат.  А бирок, айлык акы да өсүп жатат да. Орточо эмгек акы өзгөргөнгө байланыштуу учурда 5 сом айырма болуп жатат. Бирок, пайыз өзгөргөн жок, 0,5 % бойдон калды. Учурда мына ушул 0,5 % ды 2024-жылга чейин 4 %га чейин көтөрөбүз деген пландар бар. Бул тууралуу концепция кабыл алынып, концепциянын негизинде мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

«Үлүш жер үчүн төлөм пенсияга стаж катары эсептелинет»

-1996-жылдан 2015-жылга чейин жердин категориясына карап, алар: сугат жер, кайракы жер, чөп чаба турган жер, жайыт, бак-дарак өскөн жер болуп, жалпы 5 категория боюнча жарандар салык төлөө базасынын негизинде социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп келишкен. Негизинен ар жердин өзүнүн төлөө тарифи бар эле. Ошол боюнча эсептелип, жылына бир жолу төлөнөт эле. Адам санына бөлүп келгенде бир адамга жылдык төлөмү 25-30 сомго туура келген. Азыр айына төлөнө турган болуп калды. Учурда жанагы орточо айлык акынын 0,5 % ын ай сайын төлөйт. Бул эмнеге мындай болуп калды? Учурда көпчүлүк адамдар иши жок жүрүп калды. Жумушу жок, көбү Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Бирок, үлүш жерлери бар. Алар чет жерде иштеп жатканы менен ал жакта эч кандай социалдык төлөм төлөбөй жатат да. 1996-жылдан тарта эч кандай  социалдык төлөм төлөбөсө стаж жок деп эсептелип калган. Стажы жок болгондон кийин эртең кантип пенсияга чыгат? Эркектер 63 жашта, аял кишилер 58 жашында пенсияга чыгат. Пенсияга чыгуу үчүн эң эле аз дегенде эркектер 25 жыл, аялдар  20 жылдан кем эмес эмгек стажы болуш керек. Эгер үлүш жери болуп, ошого болгон социалдык төлөмдү тынымсыз төлөп турган болсо ушул аркылуу пенсия эсептелинет. Айылда иштеген иши жок болсо, кийин карыганда пенсиясы жок отуруп калбасын деп ушул нерсе жасалып жатат. Ошондуктан пенсиясы кийин көбүрөөк болуп чыгышы үчүн жарандар камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп турушу зарыл.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, базарда иштеген жарандар камсыздандыруу полиси көтөрүлүп кетти деп жатышат.  Базарда отуруп соода кылгандар үчүн орточо эмгек акыдан 2% төлөнсө 2016-жылдын 1-январынын 3 пайызга өстү. Ал эми контейнерлерде, павильондордо соода кылган жарандарга орточо эмгек акынын 4 % ын төлөсө, 2016-жылдын 1-январынан тарта 6% төлөсүн деген мыйзам бар. Алар мыйзамда көрсөтүлгөн пайыздык өсүштү төлөм өстү деп жатышат. Мындан сырткары, бильярд, сауна иштеткендер же болбосо милдеттүү патент менен иштегендер орточо эмгек акынын 10%ын төлөйт. Мунун бардыгы мыйзамдын негизинде аткарылып жаткан иштер.

 

Тарифтер кандай эсептелет?

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 19.03.2015-жылдагы мыйзамы, 5-берене, 2-пункту.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн төмөнкүдөй белгиленет:

- 2гектарга чейинки жер лүшүнө ээ болгондор өткөн жыл үчүн республикалык райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык акынын өлчөмүнөн эсептелген 2024-жылга чейин этап-этабы менен тариф ставкасы 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2015-жылдын 1-январынан тартып, 2016-жылдын 30-июнь айын кошуп алганда орточо эмгек акынын өлчөмүнөн 0,5 % өлчөмүндө:

-2015—16-жж.- 0,5 %, 2017-18-жж. 1%, 2019-20-жж. 1,5%, 2021-ж. 2%, 2011-ж. 2,5 %, 2013-ж. 3%, 2014-ж. 4%

- Мисалы: 2 гектарга чейинки жер үлүшү бар адамдар үчүн (бир адамга) 01.01.2015-жылдан 30.06.2015-жылга 9417 сом Х0,5%=47,08 сом.

01.7.2015-жылдан -30.06.2016-жылга 10578 сом Х 0,5 %= 52,89 сом.

-2 гектардан 10 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2019-жылга чейин этап-этабы меен тариф ставкасы 4 айыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 1 пайыз өлчөмүндө:

- 2015-ж. -1%, 2016-ж. -1,5%, 2017-ж. -2%, 2018-ж. -3%, 2019-ж. -4%.

Элира Чынтемир кызы

 

 

Окулду 3065 жолу