Дирижер - музыкадан алыс, жѳнѳкѳй адамдын тʏшʏнʏгʏндѳ кѳрʏʏчʏлѳргѳ далысын салып, кандайдыр бир себептер менен симфониялык оркестрдин аткарууларында колун шилтеп турган адам. Ал эми музыкадан тʏшʏнʏгʏ бар, тажрыйбалуу адамдар анын координациялык иш аракеттерисиз музыкалык топтун гармониялык ʏнʏнѳ жетʏʏ мʏмкʏн эместигин тʏшʏнʏшѳт. Демек, дирижер ким? Формалдуу тʏрдѳ колунун, манжаларынын жана башынын кыймылынын жардамы менен бир топ музыканттардын репетицияларын, аткарууларын башкарган, аларга аткарылган музыкалык чыгарманы окуп берген адам. Чындыгында, ал бардык оркестр мʏчѳлѳрʏнʏн чыгармачылык энергиясын бириктирип, композитордун планын ишке ашыруу ʏчʏн бирдиктʏʏ каналга багыттайт.
Кесиптин тарыхынан
Кесиптин аты француз тилинен келип чыгып ал "багыттоо", "жетектѳѳ" дегенди билдирет. Байыркы мезгилдерде дагы музыкалык топторду башкаруу ʏчʏн белгилʏʏ бир ыкмалар колдонулган. Кийинчерээк аткаруучулардын оюнун синхрондоштуруу ʏчʏн бутту атайын таяк (батут) же жаа менен урган. Бирок, дирижерлук 19-кылымдын аягында гана ѳзʏнʏн ѳзгѳчѳлʏктѳрʏ жана конкреттʏʏ чеберчилиги менен ѳзʏнчѳ багыт катары пайда болгон.
Музыканттардын санынын кѳбѳйʏшʏ жана чыгармалардын татаалдашып кетиши, алардын аткарылышы учурунда оркестрдин гармониялык ишине жооптуу ѳзʏнчѳ бир адамдын болушун талап кылган. Акырындык менен 18-кылымдын аягынан баштап дирижерлук кесип калыптана баштаган. 1812-жылы биринчи жолу кичинекей таякчанын кадимки ѳзгѳрʏлбѳс атрибуту колдонулган. Ричард Вагнер, Гектор Берлиоз сыяктуу белгилʏʏ дирижерлор буга чейин ѳз топтору менен гана иштешпестен, кеңири гастролдордо да болушкан.
Дирижер бʏтʏндѳй музыкалык топтун ишинин сапаттуулугу ʏчʏн жооп берет. Чыгармалардын татаалдыгын, жанрларын мыкты ѳздѳштʏрʏшʏ керек. Ар бир хордун же инструменталдык аткаруучунун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин билʏʏсʏ талап кылынат. Ансамблдин жалпы ʏнʏ жана анын индивидуалдуулугу кѳбʏнчѳ дирижердун ишинен кѳз каранды. Анткени бул адистик бардык музыкалык кесиптердин ичинен эң татаал деп эсептелет.
Кѳпчʏлʏк адамдар «дирижер эмне ʏчʏн керек, ансыз болбойбу?» деп ойлонушат. 20-кылымдын башында спектакль башкаруучусуз музыкалык топторду тʏзʏʏ аракеттери болгон, бирок бардык эксперименттер ишке ашкан эмес. Дирижер композитор койгон идеяны окуп, аны музыканын сезим агымы аркылуу алып барышы керек.
Дирижерлуктун эки негизги тʏрʏ бар:
• оркестр (инструменталдык менеджмент);
• хор (вокалдык аткаруучулар менен иштѳѳ).
Куштарбек Ташматов, Ош облустук филармониянын Б.Матазимов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру:
«Жѳн эле ырчы болом деп келип…»
- Болуш Мадазимовдун айылынан болом. Анын чыгармачылыгын кѳрʏп, угуп чоңойгонумданбы, кичинекейимден музыкалык аспаптарга жакынмын. Комуз, аккордеонго жакын ѳстʏм. Ѳзʏбʏздʏн ʏй-бʏлѳдѳ да музыканттар бар. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гʏлжамал Ташматова ѳзʏмдʏн эжем болот. Орто мектепти аяктагандан кийин Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга алып келди. Мен алгач жѳн эле ырчы болом деп келгенмин. Окуу жайда атмосфера такыр башка, чыныгы профессионал музыканттар эмгектенишет экен. Yйлѳнмѳ аспаптар бѳлʏмʏндѳгʏ кларнет деген аспапка тапшырдым. Ошол бѳлʏмдѳ жалпы программада дирижерлук деген предметибиз болчу. Андан сырткары, мамлекеттик экзамен тапшырууда да дирижерлуктан экзамен тапшырчубуз. Себеби, музыка да математика сыяктуу эле эсептѳѳнʏ мыкты ѳздѳштʏрʏʏнʏ талап кылган предмет. Ар бир нотаны эсептеп иш алып баруу маанилʏʏ. Окуп жʏргѳн убагымда дирижерлукка жакшы катышып, кызыкчумун. Ашым Молдокулов агайдын колунда окудум. Ыраматылык агай ѳтѳ кʏчтʏʏ музыкант эле. Кѳп нерсени ʏйрѳндʏм. Оркестрликке кызыгуума да агайдын салымы чоң. Оркестрди жетектеп, ѳзʏң жазган музыкаларды ойнотуу кыялыма айланды. Агайдан ар бир музыкалык аспапка нота жазганды ʏйрѳндʏм.
«Музыкалык билимим 9 жылга созулган»
- Ниязалы атындагы окуу жайда 4 жыл окуп аяктагандан кийин иштейм деп 2 жыл жʏрʏп калдым. Эки жылдан кийин консерваторияга тапшырып, ал жерде 5 жыл окудум. Жалпысынан музыкалык билим алуум 9 жылга созулган. Консерваторияны аяктагандан кийин Р. Абдыкадыров атындагы филармониянын Б. Матазимов атындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп иштей баштагам. Ал убакта оркестрдин башкы дирижеру С. Матиев болчу. Ошол киши мени барганда эле ѳзʏнѳ шакирт кылып алды. Агай оркестрге нота жазганды мурдатан эле билчʏ. «Сен да нота жаза аласың, мага жардам бер» деп калды. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш чараларда жетишпей калчу. Анын ʏстʏнѳ ал учурда кол менен жазып чыкчубуз, азыркыдай даяр компьютерде жазуу деген жок. Агай менен кѳп жыл иштештик. Кѳп кечелерде оркестрди мага ишенип тапшырып койчу, концерттерде да «ѳзʏң алып бара бер» дечʏ. Кийин дирижер деп атайын буйрук да чыгартып койду. Агай башкы дирижер болсо, мен дирижер болчумун. Ѳзʏмдʏн да кызыгуум кʏч болгону ʏчʏн тез ѳздѳштʏрʏп кеттим. Агайдын ишеничин актаганга болгон кʏчʏмдʏ жумшадым. Тагдыр экен, агай арабыздан кете берди. Учурда оркестрда мен жетекчилик кылуудамын.
«Музыкалык аспаптын «каймактуу жерин» таба билʏʏ керек»
- Дирижерлук кесип талант менен кошо сезимталдуулукту талап кылат. Ар бир музыкалык аспаптын диапазонун сезип, нотаны тʏшʏрѳ билʏʏ, жѳнѳкѳй тил менен айтканда «каймактуу жери» болот, ошол жерлерди уга, сезе билʏʏсʏ керек. Нотаны кулак менен эле эмес, кѳѳдѳнʏ менен уга билʏʏсʏ шарт. Ар тараптан таланттуу болушу зарыл. Оор, татаал кесиптердин катарын толуктайт. Кээде нотадан адашкан кʏндѳр болот. Себеби, бир убакка иш чаралар кѳбѳйʏп кеткенде ноталарды жаттай албай калабыз. Андай учурда адашабыз, экинчи чети сахнанын сʏрʏ бар. Бирок, бара-бара ʏйрѳнѳсʏң, такшаласың дегендей. Кызыгуум кʏч болгону ʏчʏнбʏ, кесипти бат ѳздѳштʏрдʏм. Бирок, дагы да окуп, ʏйрѳнʏшʏм керек.
«Жакында отчеттук концертибизди беребиз»
- 1993-94-жылдарды тʏзʏлгѳн азыркы оркестрде эмне деген таланттар иштеп кетпеди? Азыр да мыкты таланттардын башын бириктирип, мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды калтырбайбыз. Жалпысынан 35 адам эмгектенет. Ар биринин ѳзʏнчѳ таланты бар, ѳзгѳчѳлʏк, артыкылыктары бар. Жыл сайын отчеттук концертибизди ѳткѳрʏп турабыз. Былтыркы жылы билесиздер, пандемия болуп ѳткѳрѳ албай калганбыз. Быйыл буюрса, жогорку деңгээлде ѳткѳрѳлʏ деп жатабыз. Даярдыктар кʏч. Дирижерлук кесипке кызыккан жаштар кѳп. Учурда менин колумда да бир бала бар. Чыныгы, профессионал музыкага кызыккан, музыканы жан дили менен туйган балдар келишет.
Куштарбек Ташматов 1987-жылдын 5-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл ѳкмѳтʏнʏн Асан-Чек айылында туулган. Yй-бʏлѳлʏʏ, эки уул, бир кыздын атасы.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Толугу менен...