11-апрелде шаардык Кеңештерге шайлоо ѳтѳт. Ош шаарында жалпы 10 партия каттоодон ѳткѳн. Учурда алардын ортосунду кызуу жарыш, ʏгʏт иштери жʏрʏʏдѳ. Ат салышып жаткан партиялардын курамына кызыгып кѳрдʏк. Бул жолу ѳзгѳ шайлоолордон айырмаланып аялдардын активдʏʏлʏгʏ дароо байкалат. Анткени кѳрсѳтʏлгѳн 30 пайыздык кѳрсѳткʏч азырынча бардыгында сакталган.
“Ата журт-Кыргызстан” саясий партиясы
Курамды 36 жаштагы Сонунбек Жунусбаев баштап барууда. Партия аймактык шайлоо комиссиясына жалпы 87 адамдын тизмесин тапшырса, анын 29ун (33%) аялдар тʏзѳт. Курамдын 87,5 пайызы жогорку билимдʏʏ деп кѳрсѳтʏлгѳн. 75% мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, жеке ишкерлерден, окутуучулардан куралган. Ал эми мурунку чакырылыштын депутаттары 3,75 пайыз же 3 депутат аталган партиядан кайрадан шайлоого баратат. Ошондой эле 5% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ бар.
Талапкерлердин эң жашы 21 жашта болсо, улуусу 51 жашта.
Тизмеден 7 адам кайра каттоодон четтетилген же баш тарткан. Алардын арасында биринчи вице-мэр Замир Юсупов да бар.
“Бир бол” партиясы
Партия шаардык Кеңешке 74 адамды талапкерликке сунуштаган. Анын 23ʏ (31%) аял. Талапкерлердин 74,3%ы жогорку билимдʏʏлѳрдѳн турат. Партия дээрлик 66 пайыз талапкердин иштеген жерин кѳрсѳткѳн эмес. Калган 34%ын мурдагы чакырылыштын депутаттары жана жеке ишкерлер тʏзѳт. Башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ 8%.
Тизмедегилердин эң жашы 22, улуусу 63 жашта.
“Бʏтʏн Кыргызстан” партиясы
Партия 76 адамды БШКга кѳрсѳткѳн. Тизменин башында 29 жаштагы Улан Канат уулу турат. Башка партиялар сыяктуу аялдардын орду эске алынып, 35,5%ды аялдар камсыз кылган. 59% жогорку билимдʏʏлѳр тʏзʏп, 4% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏн камтыган. 63% негизинен жеке жактарда эмгектенген ар тармактын ѳкʏлдѳрʏ жана мугалимдер бар. Партиянын улуусу 68 жашта.
“Ишеним” партиясы
Тизмесине 74 талапкерди каттаган “Ишеним” партиясынын 68%ын мырзалар тʏзѳт. 82% жогорку, 18% орто же бʏтпѳй калган жогорку билимдʏʏлѳр. Мурдагы чакырылыштын депутаты Акбарали Батыров партия башында турса, тѳрага Жапарбек Ормонов да аталган партияда алдыңкы ондукка кирген. Талапкерлердин 42%ы жумушсуз деп кѳрсѳтʏлсѳ, калганы ар тармактын ѳкʏлдѳрʏнѳн чогулган. Атаандаштарынан айырмаланып партияда башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ 28% кѳрсѳтʏлгѳн.
“Республика” партиясы
Партиянын саясий багыты социалдык-экономикалык эффективдʏʏ коомдук системаны тʏзʏʏ жана Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна активдʏʏ катышуусун жандандыруу экенин белгилеген партия 68 талапкерди кѳрсѳткѳн. Анын 28и (41%) аялдар. 64,8 пайыз талапкердин жогорку билими бар. Бирок, тизмеден 25(36,8%) талапкер чыгарылган. Аталган партияда 6% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ катталган. Тизмедегилердин басымдуу бѳлʏгʏн банк кызматкерлери тʏзѳт. Топ башында жеке жакта эмгектенген Уланбек Сарытаев турат.
“Тилектештик” партиясы
Атаандаштарынан эң эле аз санда талапкерлерди кѳрсѳткѳн партия жалпы 30 адамдын талапкерлигин БШКга сунуштаган. Бул партияда айымдар активдʏʏ ѳңдʏʏ, дегеним 70 пайыз айымдардан куралган. Андан сырткары талапкерлердин 66 пайызынын билими жогору экени кѳрсѳтʏлгѳн. Талапкерлердин тең жарымы учурда эч жерде иштебесе, жарымы ооруканада, окуу жайларда, коомдук уюмдарда жана жеке жактарда эмгектенет. Ал эми тизменин 7%ы башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ.
“Улуттар биримдиги” саясий партиясы
Партия башкалардан айырмаланып, 167 талапкердин тизмесин берген. Анын 57си (34%) аял. Курамдын 80 пайызы жогорку билимдʏʏлѳр турат. 4 талапкер четтетилген. Талапкерлердин 56 пайызын билим берʏʏ тармагында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ооруканада жана жеке жактарда иштегендер тʏзѳт. Ошондой эле партиянын аты айтып тургандай, ѳзгѳ улут ѳкʏлдѳрʏ 18,5% же 31 адам. Партиянын аксакалы 69 жашта.
“Улуу Журт” партиясы
Ѳз тизмесине “Улуу Журт” партиясы 72 адамды камтыган. Тизменин 30ун башкача айтканда, 42 пайызын аялдар камтыйт. Дээрлик 71 пайызы жогорку билимдʏʏлѳр. Партиянын басымдуу бѳлʏгʏн жаштар жана 15 пайыз башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ тʏзѳт. Талапкерлердин 79 пайызынын иштеген жери кѳрсѳтʏлгѳн эмес же иштебейт. Эң жаш талапкер 22 жашта.
“Ыйман Нуру” партиясы
“Ыймандуу бийлик берекелʏʏ жашоо” деген программасы менен бараткан партия 82 талапкерди сунуштаган. Башка партиялар сыяктуу эле 35 пайызын аялдарга бѳлгѳн. Тизмедегилердин 59у (72%) жогорку билимдʏʏ. Бул партия да талапкерлеринин 17 пайызынын гана жумуш ордун кѳрсѳткѳн. Ал эми 7 пайыз башка улут ѳкʏлдѳрʏн камтыган партиянын тизмесинде экинчи болуп вице-мэр Асылбек Топчубаев турат.
“Ынтымак” партиясы
Ар тʏрдʏʏ тармак ѳкʏлдѳрʏн, билим берʏʏ жана жеке жактарда иштеген жарандардан турган “Ынтымак” партиясы 75 талапкери менен шайлоого бара жатат. Кѳрсѳтʏлгѳн талапкерлердин 39у (52%) аялдар. 72 пайыз жогорку билими барлардан куралган. Башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ аталган партияда да жогорку кѳрсѳткʏчтѳ, тагыраагы 32 пайызды тʏзѳт.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Толугу менен...