Россиялык альпинист Александр Абрамов Эверест чокусун “бул тоо эмес, космос” деп атаган экен. Чынында абасыз мейкиндик сыяктуу ал жерде кислород жок. Ал эми жыл бою жазды билбей, кар аралаш муз каптап тургандыгын жомоктогу кар ханышасынын сарайына салыштырсак болчудай. Ошентсе да ɵмʏрʏн тобокелге салып, жыл сайын чокуларды кɵздɵй аттанган альпинисттердин аягы тыйылбайт. Адам табиятынан максатына жетʏʏ ʏчʏн жанын кыюуга да даяр жаралган тура. Алдыда альпинизмден баштап биз сʏйгɵн футболго чейинки кооптуу спорттун тʏрлɵрʏ жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.
Бокс
Баш мээге урулган соккулардан улам травма алган мушкер ɵмʏр бою ден соолугунан азап тартышы мʏмкʏн. Ал тургай рингде ɵлʏм катталган фактылар да бар. 1986-жылы Британиянын медициналык ассоциациясы баш сɵɵктʏ катуу травмадан коргоо ʏчʏн шлем кийʏʏнʏ сунуштаган. Бирок, калифорниялык илимпоздордун изилдɵɵсʏнɵ ылайык, шлемди милдеттʏʏ тʏрдɵ кийʏʏ рингдеги жаракаттардан каза болгондордун санын азайтууга жардам берген эмес. Тескерисинче, башында шлеми бар экенине ɵтɵ ишенип алган мушкерлер мурдагыдан кɵбʏрɵɵк жараат ала баштаган. Ошентип 2013-жылы профессионал мушкерлерге шлемсиз беттешʏʏгɵ уруксат берилген.
Канткен кʏндɵ да боксёрлордун ден соолугу, ɵмʏрʏ ар дайым тобокелде. Анда эмнеге эл аралык олимпиада комитети боксту олимпиада оюндарынын тизмесинен алып салбайт деген суроо бʏгʏнкʏ спорт дʏйнɵсʏндɵгʏ актуалдуу тема бойдон калууда. Бокстун тарыхына кайрыла турган болсок, тарых изилдɵɵчʏлɵр биринчи табылгалар биздин заманга чейинки 4000 жылдыкта, кээ бир маалыматтар боюнча биздин заманга чейинки 7000 жыл мурда эле бокс пайда болгонун далилдейт дешет. Ал эми биздин заманга чейин 688-жылы байыркы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. Айрым маалыматтарга таянсак, ошол учурда “олимпиаданын чемпиону” делип бир эле адам эсептелген, чемпиондукка чейин катышуучулардын мыктылары мелдештерден утуп отуруп, акыры эки адам калып калгандыктан, бокс сунушталып, ушул жол менен экɵɵнʏн бирɵɵсʏн таандоону туура деп эсептешкен. Ал мезгилде салмак категориясы, эреже, раунд деген тʏшʏнʏктɵр болгон эмес, качан гана экинчи адам нокаут тʏшкɵнгɵ чейин салгылаш уланган. Ошентип бокстун олимпиада оюндарына кирип калуу тарыхы ушундайча мʏнɵздɵлɵт. Ошондуктан учурдагы жайкы олимпиада оюндарында да бокс программанын акырына коюлуп, бокс менен жыйынтыкталаарын байкасак болот. Олимпиаданын тизмесинен чыкпай жатканынын бир себеби катары анын кызыктуу тарыхын айтсак, экинчиден жетиштʏʏ деңгээлде популярдуулукка ээ боло алган спорт.
Хоккей
Кышкы спорттун коркунучтуу тʏрлɵрʏ деп лыжа жана сноубордду айтышат, бирок эң травмалуусу хоккей. Анткени оюн талаасындагы жогорку ылдамдык болжол менен саатына 40 километрди тʏзɵт. Оюнчулар айрыкча курч конькилерден, союлдардан(клюшка)жана кичинекей шайбадан жаракат алышат. Диаметри 7,63 см болгон шайба сокку урулганда саатына 190 километрге чейинки ылдамдыкта уча алат. Бул учурда оюнчу шайбага туура эмес кез келсе анын коргоочу кийимдери эч кандай жардам бербей калышы мʏмкʏн. Ошондуктан орус элинде “трус не играет хоккей”(коркок хоккей ойнобойт) деген сɵз бар. Ал тургай 1968-жылы Эдуард Хиллдин “Трус не играет хоккей” ыры СССРдин эң популярдуу спорттук ырына айланган.
Альпинизм
Бул сɵздʏн келип чыгышы Батыш Европадагы эң бийик тоо системасы болгон Альпы тоолоруна тʏздɵн -тʏз байланышы бар. Альпы-туризм же болбосо “бийик тоодогу туризм” деген маанини билдирет. Кооптуу спорттун бир тʏрʏ. Негизги кооптондурган жагы кырсыктагандардын так санынын жоктугу. “Чокуну багындырабыз”деген альпинисттердин кɵбʏ тоодо ажал таап, айрымдары дайынсыз жоголгон учурлар да аз эмес. Кырсыктардын себеби катары алгач тоонун тик бийиктиги, толук эмес жабдуулар, аба-ырайынын туруксуздугу жана альпинисттин тажрыйбасынын жетишсиздигин айтсак болот.
Автоспорт
Аялдар менен эркектер тең тайлаша алган спорттун жалгыз тʏрʏ “Формула-1” деп айтып келишет. Формула-1 эл аралык автомобиль федерациясы(FIA) тарабынан белгиленген техникалык стандарттарга, талаптарга жана эрежелерге ылайык жыл сайын ɵткɵрʏлʏʏчʏ айланма жолдогу авто жарыш боюнча дʏйнɵлʏк чемпионат. Жыл сайын ондогон спортчулар трассада каза болору тууралуу маалыматар бар. Жарыш учурунда гонщиктер саатына 200 километр ылдамдыкка чейин кɵтɵрʏлʏшɵт. Мындан сырткары унаалар кʏйʏп кеткен учурлар кɵп. Бул учурда коргоочу кийимдери да жардам бербейт. Формула-1ге баатырларча кайтып келип, бирок акырында тирʏʏлɵй кʏйʏп кеткен австриялык Ники Лауда тилекке каршы, авто жарыш сʏйʏʏчʏлɵрʏнɵ сабак болбой жатат.
Ат спорту
Ат спорту боюнча эл аралык федерация ат спорттун бир нече тʏрлɵргɵ бɵлɵт. Мисалы, дрессура(атты жɵн эле бастыруу), конкур(секиртʏʏ), рейнинг, драйвинг жана башкалар. Спортчудан мыкты физикалык даярдуулук гана эмес, жаныбар менен мыкты сʏйлɵшɵ алуу жɵндɵмʏ да талап кылат. Анткени жылкы бир эле учурда тил алчаак да, бир эле учурда сɵз укпас жаныбар боло алат. Ат спорту эң травмалуу беш спорттун катарына кошулат. Жыл сайын ал ɵз ышкыбоздоруна 40 000ге чейин жаракаттарды алып келет. Аттан жыгылуудагы жаракаттын кɵрсɵткʏчʏнɵ жараша адистер бешинчи кабаттан кулаганга теңешет. Жылкы 50 км/саат ылдамдыкка жɵндɵмдʏʏ. Статистикалык маалыматтарга ылайык, чабандестердин 3%га жакыны оор жаракат, 20-25%га жакыны жеңил жана орто жаракат алышкан. Жаракаттардын басымдуусу аттын тиштеп же тепкенинен пайда болот. Ат спортунун эң белгилʏʏ тʏрʏ катары улуттук оюнубуз кɵк бɵрʏнʏ да айта кетпесек болбос. Кɵк бɵрʏ шамдагайлык менен кʏчтʏʏлʏктʏ талап кылган кызыктуу оюн болгону менен ошол эле учурда кооптуулук кɵрсɵткʏчʏ да жогору. Оор жаракат алуу, ал тургай ɵлʏм менен коштолгон учурлар жок эмес. Ошондуктан тиешелʏʏ комитеттер кɵк бɵрʏнʏ эл аралык спорт катары киргизʏʏдɵн бир аз карманышат. Учурда кɵк бɵрʏ “Дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюндарынын” тизмесинде бар жана коңшу ɵлкɵлɵр арасында ɵз ара чемпионаттар ɵткɵрʏлʏп турат.
Футбол
Бардык спорттун королу аталган футбол башкаларга салыштырмалуу коопсуз болушу мʏмкʏн. Бирок, мында да жаракаттар, кырсыктар байма-бай болуп турат. Баарыбыз эле футболчулардын матч учурунда кандай жыгылып, бири-бирин сʏзʏшʏп, тепкиден тизесин кармай жатып калгандарын кɵрʏп жʏрɵбʏз. Статистика кɵрсɵткɵндɵй, футболдо баш мээси чайкалып калуу ыктымалдыгы болжол менен 75% тʏзɵт. Ар бир футболчу бул тобокелчиликти билет жана ошентсе да жеңишти ойлоп, жаракаттарды унутуп, талаага тайманбай киришин уланта берет. Травмалардын кɵпчʏлʏгʏ оюн учурунда катталса, калганы машыгуу учурунда болот.
Айжылдыз Тойчиева
Толугу менен...