Тарых жана маданият жылында залкар жазуучулардын бири, терең ойчул, публицист, куйкум сөздүн устаты Салижан Жигитов жөнүндө кеп-сөз кылбай, аны эскербей-эстебей коюуга дээрлик мүмкүн эмес. Кыргыз адабияты менен маданиятында анын өзгөчөлөнгөн, өзүнө гана таандык делген орун-очогу бар экендиги талашсыз.
СҮЙЛӨШӨӨРГӨ ЧЕЙИНКИ СӨЗ
Кыргызстандын илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов 1936-жылдын 17-мартында Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган.
1959-жылы кыргыз мамлекеттик (азыркы кыргыз улуттук ) университетинин филология факультетин, 1965-жылы кыргыз улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Өзүнүн байсалдуу жана байманалуу эмгек жолун 1959-жылы Өзгөн районундагы мектепте мугалим болуу менен баштаган Салижан Жигитов 1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1979-жылдан тартып сектор башчысы болуп көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген. Анын Кыргыз совет энциклопедиясынын жарыкка чыгышына кошкон салымы да опол тоодой деп айтууга негиз бар, анткени Салижан Жигитов КСЭнин башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштегендиги маалым.
Ал 300дөн ашуун илимий жана адабий эмгектердин автору. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин президенттин кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык билимдер институтунун директору сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалаган.
ЛИРИКА ЖАНА ФИЗИКА
Илим жана көркөм адабият өкүлдөрүнүн арасын адатта «физик» жана «лирик» деп шарттуу ажыратып жүрүшөөрү маалым. Салижан Жигитовду жакындан жана жакшы таанып-билгендердин көбү аны «физиктерге» да, «лириктерге» да бирдей кошуп жүрүшөт. Бул жагынан анын жөнү да, жолу да бар.
Салижан Жигитовдун дээрлик бүт өмүрү сөзгө байланган. Ал айылдык мугалимдиктен баштаган. Бир аз кийинчерээк илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери, анан сектор башчысы болуп турган. Республиканын башкы жогорку окуу жайында-мамлекеттик университетте сабак берген. 1984-жылы көп томдуу кыргыз совет энциклопедиясын түзүүгө катышкандыгы үчүн илим жана техника тармагында Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Экономика жана юриспруденция боюнча кыргызча-орусча сөздүктүн автору болуп эсептелет.
Жигитовдун чыгармачылыгына келсек, анда ал акын катары баштаган. Ырлары абдан лирикалуу жана ошол эле учурда философиялык ой толгоолорго бай. Республикада анын бир нече поэтикалык жыйнактары жарык көргөн.
Ырлары демекчи, Омор Султановдун «Ак булуттар» аттуу сезимди аябай козгогон ырына сезимталдуулугу жагынан андан да ашып түшкөн обон жазган айтылуу Асанкалый Керимбаевдин эскерүүсүндө обонду биринчи болуп уккан Омокебиз кадимкидей ыйлаганы айтылат. Ошол эле обончунун Салижан Жигитовдун «Шуулдаба терегим,теректерим!» деген ырына жазган обон кайрыктарына Жигитовдун жон тери жибиген-жибибегенин билбейм, бирок уккандардын көпчүлүгү шуулдаган теректер жана шуу үшкүргөн акынга кошулуп, көзүнө сөзсүз жаш кылгыртышат.Сөзүнөн обону, обонунан сөзү өтүп жарышкан жана ошонусу менен бири-бирине жуп жарашкан чыгарма, аныгыраагы-чыгармалар.
Салижан Жигитов мындан тышкары жазуучу-прозачы жана мыкты котормочу экендигин да белгилеп өттүк. Александр Сергеевич Пушкиндин «Алтын балык жөнүндө жомогун» кыргыз тилине мыкты которгону үчүн ага 2009-жылы өкмөттүк биринчи сыйлык ыйгарылган. «Залкар жазуучу, драматург, сынчы, пародист, котормочу, публицист, окумуштуу, дипломат, коомдук жана мамлекеттик ишмер, гуманист жана энциклопедист. Ирония, пародия, юмор жана саясий сатира - адабияттын эң кыйын жана күчтүү жанрлары. Анча-мынча адамдар гана алардын баарын көтөрүп жүрөт. Салижан Жигитов аларга чеберчилик менен ээ чыккан, ал ири жана диалектикалуу ой жүгүртүп, баарын сыйымдуу, таамай-так айта алган» деп белгилегени бар экс-президент Роза Отунбаеванын.
«ЭҢ ЭЛЕ ПАРАДОКСАЛДУУ КЫРГЫЗ!»
«Ал түркөйлүк менен эки жүздүүлүктү өтө жек көргөн. Жигитовдо жан дүйнө жайгарымынын жана сенектигинин бир көлөкөсү да болгон эмес. Таң каласың: алыскы бир тоолуу айылда чоңойгон адам европалык этикет, маданият жана тарбияга өтө кылдаттык менен ээ чыккан. Аны кыргызбайчылык жана жарма патриотизм аябай ардантып келген. Шаан-шөкөттүү той-топур жана салтанаттарда ал кишини анча-мынча гана көрүүгө болоор эле. Бул анын ооз толтура айтылган куру сөздөр жана оолжуган тостторго чыдамы жоктугунан болсо керек. Кийинишинде да жупунулук, сүйлөшкөндө адептүүлүк жана жөнөкөйлүк сезилип турчу. Ал таптаза ар-намыстын жана биздин Ата журттун азгантай гана аруу азаматтарынын бири болчу. Мен аны мекендин купкуу жүзүндөгү бир кызылы дегим келип турат» деп жазган акын Токтосун Самудинов Салижан Жигитовдун көзү өтүп кеткенден кийин. Бул сөздөр кадимки Людвиг Фейербахтын: "Жазуучулар -улуттун абийири жана ар-намысы" деп айтканына аябай үндөшүп турат.
Салижан Жигитовду эң эле парадоксалдуу кыргыз деп маркум журналист Геннадий Павлюк сынчы али тирүү кездерде эле атаган экен.
АЛТЫМЫШЫНЧЫЛАРДЫН АЛДЫҢКЫ САБЫНДА
СССР доорунун акыркы муунундагыларга «сексенинчи жылдардын дискотекасы» деген термин жакшы тааныш жана кулакка жагымдуу экени талашсыз. Мына ошондой эле салыштырмалуу маани-маңызда, балким андан да тереңирээк жана кененирээк таризде «алтымышынчылар» деп аталган термин бар.
С. Жигитов алтымышынчылардын алдыңкы сабындагылардын бири эле. Билгендерге бул көптү айтып турат. Салижан Жигитовдо бар нерсенин баары ошол алтымышынчыларга таандык орток сапат деп түшүнүү керек.
60-жылдардын башындагы Хрущевдук желаргы доорунда көз караштары калыптанган советтик интеллигенциянын прогрессивдүү агымынын өкүлдөрү. Аларды негизинен эркин ой жүгүртүү жагы айырмалап тургандыгы маалым. Акын Андрей Вознесенскийдин таамай саптары менен айтканда, алтымышынчылар-жан дүйнөнүн прорабдары. Кийинки муундардын супсак жана сөз жок прагматикалаштырылган дүйнө тааным жана олдоксондой ой жүгүртүмдөрүнө, жеңил-желпи жана ошонусу менен жарды жашоо мүнөздөрүнө бир эсе арданган, бир эсе шылдың-какшык менен мамиле жасоого өтүшкөн кыргыз алтымышынчыларын көп эле учуратып жүргөнүбүз бар. Көр тиричиликтин көөнө философиясына салып урдурулган айрым бир майда-барат кеп-сөздөрдө Мурза Гапаров да «э-эй кыргызбай!» деп шылдың-чынын аралаштыра ар кимибизди ардантып жүргөнү эсимде. Чоң-кичине, арасында расмий эле жыйын-чогулуштарда Мар Байжиев да өзүн «өтө эле эркин» алып жүргөн учурларынан акын-жазуучулар айың кеп салып калышат.
Кыргыздын кыжырына тийип, кычык-кучук сөздөр менен кагып-силккенден Салижан Жигитовго эч ким жетпесе керек деген ой кетет. Чындыгында, Жигитов жалпы кыргызды жана анын жалпы пейил-кушун сөгүп-тилдеген эмес. Менталитетибизге кайсы бир себеп жана таасирлерден улам кирип, беймарал орун-очок алып, каада күтүп калгансыган айрым бир сапат-касиеттерди алып жүргөн журтташтардын кылык-жоруктарына гана кыжыр менен карап, ачкыл-кычкыл кеп-сөздөр менен кыргыйдай тийгени ырас. «Кыргызды ал кызылдай сүйгөнү үчүн кыйкыра тилдеген» деген пикирге кошулбай коюуга мүмкүн эмес. Кыргызды жакшы болсун, энөө жана жалтак, жоош жана коркок, чалпоо жана жалкоо болбосун деп сөгүп-тилдөө жана кагып-силкүү улут патриотунун иши. Улуттун абийири жана ар-намысы аталгандарга бул карыз да, парз да болуп эсептелет. «Өзүн сындап жана өзүнүн кемчилигине өзү күлүү күчтүү улутка гана таандык сапат» деп, жаңылбасак Евгений Петросян айтып жүрөт. Күчтүү жана түптүү улут гана өзүн- өзү сындап жана өзүнө-өзү күлө да билет. Ал ошонусу менен күчтүү да, ошонусу менен түптүү жана тектүү аталат. Ал сын жана өзүн-өзү сындоодон коркпойт да, кемсинбейт.
Канчалык мекенчилдигине жана кыргызчылдыгына карабастан, Салижан Жигитов башка алтымышынчылардай эле таптаза интернационалист болгондугу баса белгиленип жүрөт. Ал «түшүнүү жана жакындашуу үчүн» деп аталган, Кыргызстандын ичиндеги жана ошондой эле бардык башка элдердин ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү жакшыртууну максат кылган коомдук кыймылды түзүүгө аракеттенгенгени эле мунун ынанымдуу далили. Интеллекти терең, дүйнө таанымы кенен Жигитовдой инсанга өз улутунун гана патриоту болуу өтө аздык жана тардык кылаары айтпаса да түшүнүктүү.
…Көз жумаарынан бир нече күн илгери Салижан Жигитов өзү социалдык изилдөөлөр институтунун директору болуп турган «Манас» университетинин жетекчилигине барып, жөн эле айлык акы ала бергенге ичи чыкпай жатканын, аны кайсыл бир өлчөмдө болсо да актоо үчүн лекцияларды окуп туруу сунушун киргизет. Тилекке каршы, шум ажал аны жетимишке бир аз жеткирбей алып кете берет.
Абдираим
Мамытов
Толугу менен...