“Ош шамы” гезитинин 2021-жылдагы жыл тандоосунун жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты алып баруучусу” наамынын ээси, ЭлТР телерадио компаниясынын жаңылыктар бɵлʏмʏндɵ кɵп жылдан бери редактор, алып баруучу болуп эмгектенип келген Мырзажигит Атабаев бул апта биздин конок-тɵрдɵ болуп кайтты. Ɵз ишин мыкты билген, токтоо, алынып-жулунбаган, журналистикада ɵз ордун жоготпогон жаш журналист бул тармакка кандай келип калганын, журналистиканын оош-кыйыштарын айтып берди.
-Саламатсызбы Мырзажигит мырза, алгач биздин редакциябызга куш келипсиз. Сɵз башын ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ баштасак...
-Саламатчылык. Эң биринчи кезекте сиздерге ыраазычылык билдирип кетейин. Конок-тɵрʏңʏздɵргɵ келип, маектешип жатканым сыймык. Ɵзʏм Ноокат районунун Кыргыз –Ата айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Акбулак айылынан болом. 1993-жылы 8-мартта тɵрɵлгɵм. ʏй-бʏлɵдɵ 7 бир тууганбыз, мен эң кенжесимин. Учурда ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн, бир уулум бар. Азырынча мен жɵнʏндɵгʏ кыскача маалымат ушундай (жылмайып).
-Айтсаңыз, журналистика тармагына кандай келип калгансыз?
-Негизи адамдагы кызыгуу, кыял, максаттар мектеп учурунан калыптанат эмеспи. Менде да журналистикага болгон кызыгуу окуучу кезимден калыптанган. Ошол учурда эле мектептеги маданий, коомдук иш чараларга активдʏʏ катышып, маданият сектору болчумун. Сʏйлɵɵ жагынан сɵз байлыгым кɵп, элден тартынбай эркин сʏйлɵй алганым ʏчʏн кɵп иш чараларда алып баруучу болчумун. Ошондон эле журналист болом деген максат пайда болгон. Мугалимдерим да “сен журналист болсоң, сага жарашат” деп кɵп айтып калышчу. Ошонун арты менен эле орто мектепти аяктагандан кийин журналистикага тапшырып калгам. Биз мектепти бʏткɵн жылы июнь окуясы болуп кетип, Ошто окуу бир кыйла кооптуу болгон. Ошондон улам Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы кыргыз-улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Ал жерде беш жыл билим алдым.
Журналистика факультетинин ичинде да теле, радио жана басма сɵз деп бɵлʏнɵт. Мен анын теле тармагын тандап, ошол жаатта билим алдым. Окуп жʏргɵн убакта КТРКга, ЭлТРге барып практика ɵтɵп жʏрдʏк. Окууну аяктагандан кийин ʏйдʏн кенжеси болгонум ʏчʏн Ошко келишим керек болду. 2015-жылы августа ЭлТРге кокусунан эле кирип калгам. Жаңыдан Ошко келгенимде шаарды жакшы билбейм. ОшТВ телеканалын сураштырып, издеп жʏрʏп ЭлТРге кирип калгам. Кирип эле “мен журналистиканы бʏткɵм, иштесем болобу?” деп сурагам. Майрам Мурзакулова эжекебиз бир тема берген, ушул боюнча ой толгооңду жазып кɵрчʏ деп. Бир аз чиймелеп жазсам “телефон номуруңдужазып калтырып, бара бер, ɵзʏбʏз байланышабыз” деди. 10 кʏндɵн кийин телефон чалып сыноо мɵɵнɵтʏндɵ жʏрɵ бер, штат бошоп калса алып калабыз дешти. ЭлТРде бош жумуш орун болушу бир аз кыйын. Эки ай сыноо мɵɵнɵтʏндɵ жʏргɵнʏмдɵн кийин ɵзʏмдʏ-ɵзʏм бага албай калдым. Айлык жок, чыгым кɵп. Кайра Бишкекке кетип калгам. Кийин кɵп ɵтпɵй эле ɵздɵрʏ телефон чалып “редакторлукка бош кызмат орун бар, келип иштеп бер” деп чакырышты. 2016-жылдын башында келгем, ошондон бери аталган бɵлʏмдɵ иштеп жатам.
-Жумушка жаңы киргенде ошол жамаатка, “ашканага” кɵнʏп кетʏʏ оңой эмес. Сизде кандай болду?
-Туура, жаңы жумушка келгенде бир топ кыйынчылыктар болгон. Теле тармагы да кɵп багыттуу болгону ʏчʏн жаңы жумушчуларга бир топ кыйынчылык жаратат. Мени теле тармагына аралаштырып, баарын ʏйрɵткɵн устатым Майрам эже болду. Сюжеттин структурасын, текст жазганды, ЗКТ, синхрон, интершум сыяктуу телеге тийиштʏʏ терминдерди Майрам эже ʏйрɵттʏ. Окуп жʏргɵндɵ теориялык жактан окуганбыз бирок, практика жʏзʏнɵ келгенде такыр башка. Ошентип башында эки жылдай кыйналдык, такшалдык, тажрыйбалуу кызматкерлерден ʏйрɵндʏк дегендей. Кудайга шʏгʏр, азыр иштегениме алты жылдан ашыптыр. ʏч жыл кабарчы болуп иштесем, андан кийин дикторлукка да чыгарып башташты. Бирок, диктор болгондо жалкоо болуп калат экенсиң. Иш бɵлмɵдɵн чыкпай эле даяр текстти окуп коесуң. Андан сырткары, анын да ɵзʏнʏн тʏйшʏгʏ бар. Текстти туура окуп, сɵздɵрдʏ так, тʏшʏнʏктʏʏ кылып айтуу талабы бар. Ошондон улам кайра кабарчылыкка ɵтʏп кеткем. Андан сырткары, чакан иш чараларда алып баруучу болуп турам.
-Бизде кесип тандоодо комплекс бар. Айрыкча кыз балдарда анан ʏйдʏн эң кенжеси болгон балдарга карата. “Айылда жашап калсаң мугалим же дарыгер болгонуң эле жакшы” дешет. Сиз кенжесимин деп калдыңыз, каршы болгондор болсо керек?
-Ооба, мага да каршы болушкан. Сен айткандай “айылга келип кимге журналист болмок элең же Ноокаттын борборунда да эч нерсе жок, иштесең Ошто же Бишкекте иштешиң керек” дешкен. Ага карабай эле журналистикага тапшыргам. Мен чынында башка тармакка кызыкпайт экем. Кызыккан тармагыма эле тапшырам деп туруп алгам. Анын ʏстʏнɵ жездем да журналист болчу, мен окууга тапшырып жаткан жылдары жездем гезитте редактор болуп эмгектенчʏ. Ал убакта гезит окугандар кɵп болгону ʏчʏнбʏ, редакторду райондун акимдери “чоңдор” келе жаткандай кʏтʏп алышып, сыйлашчу. Ошолорду кɵрʏп жʏрʏп журналистикага болгон кызыгуум арткан. “Мен да ушундай киши болом” дечʏмʏн. ʏйлɵнгɵндɵн кийин ʏйдɵгʏлɵр менен кеңешип менден улуу агамды айылга калтырып, ʏйдʏ ага ɵткɵрʏп берип, мен шаарга бɵлʏнгɵм.
-Борбордо окуп, ошол жактын тузун да татып кɵрʏпсʏз. Эки жактын журналистика тармагын салыштырып кɵрдʏңʏзбʏ? Айырмачылык байкалдыбы?
-Кесиптик салыштыра албайм. Бишкекте иштегендер кыйын же аймакта иштегендер анча эмес деп салыштыргым келбейт. Бирок, борбордо иштеген журналисттерде мʏмкʏнчʏлʏк жогору. Маалымат алууга, булактар менен байланышууга оңой дегендей. Ошол ʏчʏн алардын жасаган жумушу дароо кɵрʏнɵт. Себеби, бардык маалымат борборлорунун башкы кеңселери Бишкекте жайгашкан. Аймактарда кɵбʏнчɵ филиалдары болгону ʏчʏн маалымат алынганы менен байкалбай деле калат. Иш тажрыйбасы канчалык деңгээлде бааланат билбейм бирок, мʏмкʏнчʏлʏк жогору, ишмердʏʏлʏктɵ айырмачылык бар. Ошол ʏчʏн кыйын журналисттердин кɵбʏ борбордон чыгат.
-Коомдо “журналистикага тапшырбай туруп деле ɵң, келбет, сɵз байлыгың болсо журналист болсоң болот” деген пикир кеңири тараган да. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
-Журналистиканы жаңы баштаганымда менде да ушундай пикир жаралган. Беш жыл убактымды текке кетирбей эле кошумча тил ʏйрɵнсɵм болмок экен, дагы башка тармактан тажрыйба топтосом болмок экен деген ойлор болгон. Бирок, журналистика деген кесип да бар да. Ошол багытта билим алып, атайын диплом ээси болгондон кийин кесиптештер арасында да кадырың болот. Туура, адамда келбет, сɵз байлык болсо журналист боло алат. Бирок ал убактылуу эле. Жаңы жʏздɵр келгиче гана журналист боло алышың мʏмкʏн. Ал эми журналистика кесибинин ɵз ээлери ɵмʏр бою ошол кесип менен жашашат. Бала-чака багат.
Маалымат жеткирʏʏнʏн жолдору кɵбɵйгɵн учурга туш болуп отурабыз. Баары эле колуна телефон алып элге тʏрдʏʏ маалыматтарды жеткирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ боло башташты. Мына ушундай учурда журналисттер жɵнɵкɵй жарандардан айырмаланып турушу керек. Эл ошол блогер, ютуберлердин маалыматына эмес, ɵзʏ тааныган журналисттин маалыматына гана ишенгидей болушу керек. Учурда ɵкʏндʏргɵнʏ кээ бир журналисттер ошол блогер, ютуберлердин деңгээлине тʏшʏп алышты. Элге оңой таанылуунун жолун издеп, жеңил-желпи маалыматтар менен элди сугарууда. Журналист коомдун кʏзгʏсʏ. Ошол деңгээлин жоготпошу керек.
-Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизди ийгиликтер коштоп жʏрсʏн!
Толугу менен...