Версия для печати
Среда, 09 Март 2016 07:12

Чолпон Баймуратова, 3-мотоаткычтар батальонунун фельдшери, старшина: «Аскерлер сыяктуу чуркайбыз, курал кармап атабыз

 

-Мен алгач медициналык окуу жайды аяктап келгенден кийин аскер госпиталынын хирургиясында 10 жыл иштегем. Андан соң бул жакка которулдум. Бул жерде эмгектенип жатканыма быйыл 9 жыл болот. Алгач келгенде кыйналдым. Себеби, медицина тармагын эле билем, башка нерселерин билбейм да. Биз бул жерде аскерлер сыяктуу чуркайбыз, курал атабыз. Ай сайын атайын программалардын негизинде аскерлер сыяктуу биз да көнүгүүлөрдү жасайбыз, аткарабыз. Бул сөзсүз аткарылып туруучу көнүгүүлөр.

«Жолдошум да аскер адамы»

-Алгач жумушка келгенде ишим жоокерлердин ден соолугун текшерүүдөн башталат. Менин өздүк курамымда 11 аскер бар. Күн сайын ошолордун ден соолугун текшерүү, тазалыкты текшерүүдөн жумушум башталат. Аскерлердин психологиялык абалын текшерем. Кезеги менен нөөмөткө калам. Жолдошум өзү да аскер кызматкери болгон үчүн, бул иштерге түшүнүү менен карайт.

«Жакында оор жүк ташуучу унаа айдап, өзүм үчүн ачылыш жасадым…»

 -Кызыктуу көп эле учурлар болот. Жакында эле бизде механик айдоочулар арасында вождение болуп өттү. Биз алардын коопсуздугун камсыздоо максатында медик катары бардык. Анан алардын унаа айдаганын карап отуруп, мен да да унаа айдап көргүм келди. Ошол мага аябай кызык болду (күлүп). Мен буга чейин таптакыр рулга отурган, унаа айдаган эмесмин. Дароо жүк ташуучу ЗиЛ унаасын айдагым келип, өзүм суранып айдап көрдүм. Акыркы кездеги өзүм үчүн кызык нерсе ушул болду. Айдап келгенден кийин «эмне, мурун айдап жүргөнсүңбү» деп сурашты. «Жок, биринчи жолу айдадым» десем, баары таң калышты. 

 Элира Чынтемир кызы

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 1089 жолу