Версия для печати
Среда, 09 Март 2016 07:14

Энеке, бейишим бар таман алдында...

8-март. Эң алгач бизди төрөп жарык дүйнөгө алып келген асылзат апалардын майрамы. Адамдын келечекте кандай адам болушу төрөгөн, тарбия берип, эрезеге жеткирген энесине байланыштуу болот. Шаарыбыздагы аттуу-баштуу инсандар майрам алдында апалары тууралуу көзүнө жаш алып сүйлөп беришти.

Жолборс Кудаяров, Ош шаардык сотунун судьясы:

«Апамдын көкүрөк күчүгү элем…»

-Мен Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылында туулгам. Апамдын аты Кимсан, 6 баланы төрөп, татыктуу тарбиялап, өстүргөн. Мен балдардын эң кичүүсү элем, кыргыздар көкүрөк күчүгү деп коет го. Мектепте окуп жүргөндө деле көкүрөгүнө башымды жөлөп эркелеп калчумун.

Апам тамекиде иштеп жүрүп, 55 жашында пенсияга чыккан. Мыйзам боюнча 50 жашында чыкмак экен. Айыл жеринде аны ким сүрүштүрсүн, эч ким деле билмек эмес. Мен алгач соцфонд тармагында иштеп калып, ошондо кызыгып көрдүм да. Пенсиясы да аз чыккан экен, 70 сом. Кийин чуркап жүрүп бардык тамекиде иштегендердин пенсиясын 121 сомго көтөрткөм. Апалар үчүн кылган оозго аларлык эмгегим ушул болду окшойт. Мектепте окуп жүргөндө кийин студенттик күндөрдө сүрөт тартып, каалоолорду жазып жүргөнүм эсимде. Үй-бүлөлүү болгондон кийин келинчегим, балдарым менен жылда белек-бекчегибизди көтөрүп барып куттуктап жүрдүк. Көбүнчө жаңы чыккан жоолук, кездеме белек кылчубуз. Союздун маалы, андан кымбат белек алпарган деле эмеспиз. Бирок сөзсүз барып, жанында бир күн түнөп, сагынчымды таратып келет элем. 2003-жылы 26-октябрда 84 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.  Кенжеси болгонум үчүнбү, апамды көп эстейм. Тез-тез куран окуп турам…

Абдисамин Анарбаев, Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын директору:

«Апам менин жашоомдогу өксүгүм…»

-Туулуп-өскөн жерим Баткендин Кара-Токой айылы. Атам Анарбай «Ленин» орденин алган атактуу чабан болгон. Апам Шааргүл Калыкова 1932-жылы туулган. 11 бала төрөгөн, 3 уул, 8 кыз. Эң улуусу эжем Бүниса, анан мен элем, уулдан улуусу болгон үчүн апамды ашыкча жакшы көрөт элем. Менин дарыгерлик кесипти тандап алышыма да апам түрткү болгон.

…1967-68-жылдар. Апамдын толгоосу кармап калды. Ал кезде райондо дарыгерлер жетишпейт эле. Жол начар, айылга машина келиши кыйын. Биз ал учурда Камыш-Кол деген жерде кыштайт элек. Атам чабан болгон дебедимби, малга жем апкелген унаанын айдоочусунан апамдын толгоосу кармап калганын айтып жибердик. Кошуналар кирип, эжем, атам болуп шашкалактап турушканы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен ошондо 3-класста окучумун. Апамдын кыйналганын көрүп чыдап тура албадым. Атты минип, жолду утурлап чыктым. Дөңсөөгө келип райондон келчү жолду карасам, эч нерсе көрүнбөйт. Көз алдымдан апамдын кыйналып жатканы кетпейт. Буулугуп, тыбырчылап жол карап турдум. Оо бир маалда УАЗдын карааны көрүндү. Чала-бучук көрүп алып, атты чаап кашарга жөнөдүм. Ыйлап келатам, апам аман калат экен деп сүйүнүп келатам…

Бир маалда унаа биз турган жерге чыга албай токтоп калды. Түртүп жатып араң чыгардык. Ичинен гинеколог эже түштү. Ал жөнүндө баары билишчү да. Дарыгер аттуу жок, бир гана гинеколог-дарыгер татар аял бар эле. Апам эптеп төрөдү, бирок дарыгер апамды бөбөк менен кошо унаага салып ооруканага алып кетти. Ошондо мага биринчи жолу «дарыгер болом, дарыгер жетишпейт экен» деген ой келди. Ал кезде бардык аялдар үйдө көз жарчу. Дарыгер жетишпей, кошуна аялдар эптеп төрөтүп алышчу. Ошондогу апамдын кыйналып төрөгөнүн көрүп, дарыгерлер  болбосо кыйын болорун түшүндүм да биротоло дарыгер болууну чечкем…

Кийин Бишкекте мединститутта окуп жүргөндө апам ооруп барып калды. Дарыгерлерге көрсөттүм, бирок сактап кала албадык. Ошентип апам 50 жаш курагында бизди таштап кетти. Эң кичүү карындашым  3 жашта калды...

Апам чынчыл, мээримдүү, зирек аял эле. Кошуналар, туугандар баары апам менен кеңешип иш тутушчу. Нанды аябай жакшы жапчу. Азыр да апам жапкан таттуу, ширин нанды элестетсем көмөкөйүм буулуп, көзүмө жаш айланат. Тандырга нан жапканда ысык нандын ортосун алып, сары майга мыжыгып, «жалчыма» кылып берет эле. Мектепте окуп жүргөндө 8-мартта апама жайлоонун, боз үйдүн, агып жаткан дарыянын сүрөтүн тартып, каалоомду жазып бергеним эсимде. Студент кезимде 12 чарчы жүн жоолук белек кылгам. Ал кезде бул жоолуктун табылышы кыйын болчу.

Апам азыр да түшүмө кирип калат, аппак көйнөкчөн, ак жоолук салынып алган болот. Куран окуйм. Жыл сайын бейитине барып, көксөөмдү суутам. Бейитине коюлган сүрөтүн керамикага түшүрткөм. Жакшы сакталды.

Рыспек Кулов, Ош шаарынын прокурорунун орун басары:

«Апамдын туулган күнү 8-март болчу, меники да»

-Алай районунун Сопу-Коргон айыл аймагынын Терек айылында туулгам. Атам Айти чабан, мал доктур, анан белгилүү мерген болгон. Апам Бөтөй Акжолова 10 бала төрөгөн, 5 уул, 5 кыз. Мен төртүнчүсүмүн. Апамды алайлыктардын көбү таанычу, дүкөнчү болуп иштеген. Туулган күнү 8-март. Атам  ыраматылык апаңардын туулган күнү, майрамы деп баарыбызды чогултуп, жыл сайын белгилейт элек. Менин туулган күнүм да 8-март болгондуктан, бул дата өзгөчө белгиленчү.

Апам бир жолу жайлоого барып калган бир кадыр-барктуу соттун (Садыков деген болсо керек эле) баш кийими калып калса, мага ырымдап алып келиптир. «Менин балам да сот болот ушул кишидей» деп. Мен анда физматты бүтүп жаткам. «Апа, кайдагы сот, мен мугалим болом да» деп так секиргем. Оозуна сала берген экен апамдын, кийин юридиканы бүтүрүп укук коргоо тармагында иштеп калдым.

2000-жылы биздин үй-бүлөдө орду толгус жоготуу болду:10 баланы тарбиялап, өстүрүп, баарын жогорку билимдүү кылганга аракет кылып мээнет менен өмүр кечирген асылыбыз апам 70 жашында өтүп кетти. Жылдыгын өткөрөрүбүз менен атам өттү...

Белек тууралуу айтсам, студент кезимде Румынияга баратып, Казакстандан пух жоолук сатып алгам. Румынияга барып келгиче көкүрөгүмө кысып бекитип жүрдүм. Кийин канча жолу белек бердим, бирок ошол жоолуктай кымбат белек болбосо керек деп ойлойм.  Апам ооз комузда жакшы ойнойт болчу, мен комузду чертимиш болуп калат элем. Апам ошого да сүйүнүп тагамдарга мактанган экен балам комуз чертет деп. Апамдын көзү өткөн соң 8-мартта менин туулган күнүмдү белгилеп калдык. Алгач апамды эскерип, куран окуйбуз…

Тянь-Шанбек Марифов, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы:

«Апам 8-мартта 80 ге чыгат»

-Менин апамдын аты Улук. 8-март апам үчүн кош майрам, анткени туулган күнү да ушул күн. Апам 1936-жылы туулган. 16 ны төрөгөн экен, азыр 8 баласы бар, 4 уул, 4 кыз. Атам белгилүү диний аалым болгон, союз маалында Нарынга чейин барып иштеп келген. Апам колхоздо иштеген. 8 баланы багып-чоңойтуп, баарыбызды жогорку билимдүү кылды.

Быйыл 8-мартта апам 80 жашка чыгат. Апабыздын кутман курагын бала-чакасы, неберелери менен чакан дасторкон үстүндө эле белгилейбиз. Себеби апам ашыкча шаан-шөкөттү, ысырапкерчиликти, дүркүрөгөн салтанаттарды жаман көрөт. «Эмнени кор тутсаң, ошого зар болосуң» деп кулагыбызга куя берет. Бизди да жупунулукка, жөнөкөй турмуш кечирүүгө тарбиялаган. Өзү жаштайынан 5 маал намазын окуп, бизди да туура жашоого тарбиялап, ичкен жерде отурмак турсун, ичкилик аттуу сөздү айтпаган аял. Кичүү инилерим ажыга алпарып келишти 2 жолу. «Ала-Тоо айымдары» быйыл апамды үлгүлүү эне деп таап, төш белги менен сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте филармонияда болду. Кыздары, келиндери чогуу барышып, гүл берип куттукташты. Апам үчүн мындай сый кубаныч тартууласа керек. Апалардын ак сүтүн канча аракет кылсак да актай албайбыз, бирок мен ушундай жолдор менен апамдын көңүлүн алып, сыйлагым келет. Көзүнүн тирүүсүндө сыйлап алсак деген ниетте дайыма жакшы сөз айтып абалын сурап, ден соолугун текшертип, айтканын аткарганга аракет кылып турам. Бала канча сыйлап, кадырласа да апанын бир түндүк мээнетине арзыбаса керек. Элге, мамлекетке ак кызмат кылганыбыз апалардын катуу жана татыктуу тарбиясынын натыйжасы деп ойлойм. Анткени үй-бүлөдө баланы негизинен апа тарбиялайт.

Раатбек Мамаев, №1 ҮБДнын №5-филиалынын башкы дарыгери:

«Апамдын сөзү мыйзам, жылмаюусу бакыт»

-Менин апам Салима Бакенова быйыл 60 жашка чыкты. Кара-Кулжанын Буйга айылында жашайт. Атам Мамасалы экөө 9 баланы -7 уул, 2 кызды өстүрүп, эрезеге жеткирди. Атам колхоздо чабан болуп узак жылдар иштеген. Мен, эки агам үчөөбүз райондун борборундагы Дзержинский мектеп-интернатында 1-класстан 9-класска чейин окудук. Интернат Москванын «камсыздандыруусунда» болгондуктан, 3 маал ысык тамак, кийим-кече берилчү. Ошондой жакшы шартта жашасак да апамды сагынып, куса боло берет элем. Ал кезде кат жазчубуз, почта иштейт эмес беле? Мен кат жаза берет элем «апа, сизди сагындым» деп. Майрамдарда открыткага каалоолорду жазып, салып жиберчүбүз.  Каникулду чыдамсыздык менен күтчүмүн. Бир күн да башка жакка түнөбөй апамдар жашап жаткан жерге жөнөчүмүн. Башка бир туугандарым атамдын инилериникине, коңшулардыкына жатып калышчу. Мен апама жеткенче шашып, кайтканга чейин жанынан карыш жылбайт элем.

Атам кечке мал менен убара, апам болсо сакманчыларга тамак жасоо менен алек болот. Туут маалында  жардамга барган 20 сакманчыны, 40-50 студентти бир өзү эле тамактандырып, кабагым-кашым дебей тейлечү. Нан жаап, уй саап, жаны тынчу эмес. бош отурганын такыр көргөн эмесмин. Бели бекем, дени сак аял экен апам деп суктанып калам азыр.

Мал багып жүрүшүп эле бардыгыбызды окутту. 3 баласы катар студент болуп аябай шаштырганбыз. Эң улуу агам Рашидбек атамдардын орун колдон алып, бизге да көп жардам берди. Биздин бутка туруп кеткенибизге агамдын эмгеги чоң. Ыраазылык айта кетпесем болбойт. Апам катуу сүйлөбөгөн, токтоо аял. Өмүрү бирөөнү каргаганын уккан эмесмин. Бизге да катуу айткан эмес. Олуттуу эле эскертүүсү жетишет бизге. Апамдын сөзү мыйзам, жылмаюусу бакыт туюлат. Дарыгер болгонум үчүнбү, бир туугандарым атамдын, апамдын саламаттыгын мага артып койгондой. Күндө коңгуроо кылып акыбалдарын сурап турам. Өздөрү деле чалышып, баталарын берип, насаат айтып турушат. Окуучу кезимде открыткага кошуп атыр белек кылганым эсимде. Азыр белек жөнүндө сөз кылсак, убара болбогула, эч нерсе керек эмес дей берет. Колунда келини болсо да нанды өзү жаап, уюн өзү саайт. Бактыбызга бар болушун тилей берем.

Масим Турсунбекова

Фото Сыдык Токонов

 

 

Окулду 1520 жолу