Курма байыркы доорлордон бери баалуу тамак-аш продуктусу катары колдонулуп келет. Аны айрым эл “чɵлдʏн наны” же “кудай берген азык” деп аташат. Курманы мɵмɵ-жемиш же кургатылган жемиш десек да айырмасы жок. Ал атайы кургатылып, жасалбайт. Бул ɵзгɵчɵ жемиш тууралуу айта берсе кызыктар кɵп. Алдыда кененирээк баяндайбыз.
Мекени
Курма – ɵсʏмдʏктɵрдʏн ичинен пальма дарагынын тʏрʏнɵ кирет. Курманын мекени Тʏндʏк Африка жана Аравия делип, мындан 4000 жыл мурда эле ɵстʏрʏлгɵн. Мындан сырткары курма пальмасынын сʏрɵтʏ кɵбʏнчɵ Вавилония менен Ассириядагы храмдардын дубалдарына тʏшʏрʏлгɵн. Байыркы Египетте курманын как болгонго чейинки суулуу мɵмɵсʏнɵн шарап ɵндʏрʏшкɵн. Какыраган ысык ɵлкɵлɵрдɵ башка ɵсʏмдʏктɵр ɵсɵ бербегендиктен, алар кудайдын куру-жалак калтырбай курманы бергенине кубанып, ыйык туткандары ошондон болуу керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул ɵсʏмдʏк Тʏндʏк, Тʏштʏк Американын тропикалык аймактарында, Австралияда, Израилде да ɵстʏрʏлɵт. Европаны курма менен АКШ жана Израиль камсыздап турат.
Эң алдыңкы ɵндʏрʏʏчʏлɵр
Жаратылышта бою 10-15 метрге жеткен курманы атайы ɵстʏргɵн багбандар 2,5-3 метрге чейин кыскартышкан. Ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн сап башында Египет турат. Жылына 1,5 миллион тоннага жакын курма ɵндʏрɵт. Андан кийин Иран 1миллион тонна, Сауд Аравия 900 миң тонна. Дарак башында алгач жʏзʏм сыяктуу суулуу мɵмɵ болуп бышып, андан кийин турган жеринде кургап, суусу тартылат. Ошондуктан аны жыйноо да анчалык кɵп тʏйшʏк жаратпайт.
Курманын 15 тʏрʏ белгилʏʏ
Курманын 15 тʏрʏ белгилʏʏ. Алардын ичинен эң таанымал сорттору тɵмɵнкʏлɵр:
Мазафати – Ирандан келген негизги сорт. Мазафати курмаларынын ɵлчɵмʏ 2,5 - 4,5 сантиметр, шоколад тʏстʏʏ кара кʏрɵң, жумшак эттʏʏ жана карамель сыяктуу даамы бар. Муздаткычта бир жылга чейин сактаса болот.
Кабкаб – чоң, сʏйрʏ формада, данеги кичинекей, 1 мɵмɵнʏн салмагы 15 граммга жетет. Ɵңʏ жалтырак кʏрɵң, балга окшоп даамдангандыктан “бал курмалар” деп аташат. Муздаткычта бир жарым жыл, бɵлмɵ температурасында 6 ай сактоого болот. Мекени Иран.
Бархи – жаңгактан бир аз чоңураак, бир кɵргɵндɵ курма деп ойлобошуңуз мʏмкʏн. Себеби тʏсʏ лимондой ач сары болот, бирок, даамы башка курмалар сыяктуу эле таттуу.
Ажва – салыштырмалуу кымбат. Мусулмандар арасында эң популярдуу сорт. Ажваны тамак-ашка колдонуу Куран тарабынан белгиленген деп эсептелинет. Мɵмɵлɵрʏ кара каштан тʏстʏʏ, сырты абдан катуу. Курма жɵнʏндɵ ыйык куранда эле эмес, Библияда да айтылган. Кургатылган курма узак сапарларда тамак-аш булагы катары кызмат кыла алат.
Орозо айында кɵп сатылат
Ал эми ɵзʏбʏздʏн базарга курманын кандай тʏрлɵрʏ, кайсы ɵлкɵдɵн келээрин жана кандай баада сатылаарын билиʏʏ ʏчʏн базар аралап кɵрдʏк. Кургатылган жемиштерди сатуучу Раимова Жыпаргʏл тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:
-Курманын басымдуу бɵлʏгʏ Ирандан алынып келинет. Эң эле белгилʏʏ болгон 3 тʏрʏн сатабыз. Биринчиси Аравиядан келʏʏчʏ “королевский финики” килограммы 1000 сомдон. Экинчиси Ирандын кадимки курмасы “ломан” (мазафати) деп атап коёбуз, баасы 200 сом. ʏчʏнчʏсʏ башкаларына салыштырмалуу ач саргыч тʏстɵгʏ курма, килограммы 120 сомдон, 6 айга чейин сактайбыз. Негизи жыл бою эле сырттан алынып келинет, бирок, орозо айында эң кɵп сатылат. Учурда курманын базары кызып турган учуру.
Курмада кɵмʏртек кɵрсɵткʏчʏ жогору
Курма, башка кургатылган жемиштер сыяктуу эле жогорку калориялуу азык болуп саналат. Курманын энергетикалык баалуулугу 100 грамм ʏчʏн 200 ккалдан жогору. Башка мɵмɵлɵргɵ салыштырмалуу курмада кɵмʏртек кɵрсɵткʏчʏ жогору болуп саналат 60-65%. Мындан сырткары башка жемиштерде кездешпеген элементтерге бай.
Кɵмʏртек – 75 грамм
Белок – 2 грамм
Кант – 63 грамм
Май – 0,4 грамм (холестерин жок)
Натрий – 2 миллиграмм
Калий – 656 миллиграмм
• темир;
• кальций;
• жез;
• алюминий;
• цинк;
• магний;
• натрий;
• калий;
• фосфор;
• марганец;
• кʏкʏрт;
• кобальт;
• протеин;
• фтор;
• селен;
• А, А1;
• С, РР;
• В1, В2, В6;
• бета-каротин;
• рибофлавин;
• ниацин;
• Пантотен кислотасы – углеводдордун сиңʏʏ жɵндɵмдʏʏлʏгʏн жогорулатат.
Ден соолукка таасири
1. Курманы дайыма колдонуу физикалык кʏчтʏ, акыл-эс активдʏʏлʏгʏн жогорулатууга, зат алмашууну жакшыртып, нерв системасын калыбына келтирʏʏгɵ жана иммунитетти кɵтɵрʏʏгɵ жардам берет. Курамында А витамини кɵп болгондуктан кɵздʏн кɵрʏʏсʏнɵ да пайдалуу. Кара жумушту кɵп жасаган же кɵп иштеген адамдар жесе энергиялуу болуп, ɵзʏн жакшы сезет.
2. Курманы колдонуу бир катар оорулардын тез айыгышына ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Составында селен элементи бар, бул онкологиялык оорунун кооптуулугун азайтып, рак жана жʏрɵк ооруларынын ɵнʏгʏшʏн басаңдатат. Организмди мите курттардан сактап, ооруну козгогон бактерияларды жок кылат. Дем алуу жолдорунун оорулары, аз кандуулук менен жабыркагандарга сунушталат. Ошондой эле зарна болгондо бир нече курманы жеп, андан арылууга болот, анткени курамдагы пантотен кислотасы ашказан кислотасын жɵнгɵ салат.
3. Кош бойлуу аялдардын жана эмчек эмизген энелердин тамак рационуна курманы кошконду унутпаңыз. Алар жатындын булчуң ткандарын бекемдɵɵгɵ жана калыбына келтирʏʏгɵ, тɵрɵттʏ жеңилдетʏʏгɵ жардам берет. Эне сʏтʏнʏн витаминдерге жана микроэлементтерге дагы да бай болушуна курма кɵмɵкчʏ болот.
4. Ошондой эле курманы белгилʏʏ ɵлчɵмдɵ жеп туруу эркек кишинин ден соолугуна пайдалуу. Анткени, потенцияны жакшыртып, натыйжада репродуктивдʏʏ функция кɵбɵйɵт.
5. Курманын жалаң гана пайдалуу деп айтуудан алыспыз, ашыкча колдонуу организмге зыян келтириши мʏмкʏн. Мисалы, кант диабети менен ооруган адамдар таптакыр эле жебегени оң. Кандагы канттын деңгээлинин кɵтɵрʏлʏшʏнɵ себеп болот.
6. Тиштин кариеси менен жабыркагандар этияттык менен колдонуусу зарыл. Курмада канттын кɵп болушу тиш ооруларын андан ары ɵɵрчʏтʏп, эмалдын бузулушуна шарт тʏзɵт.
7. Аллергиялык ооруларды козгоо ыктымалдуулугу бар.
Аравия бийлиги курманы жууп жеш керектигин эскертти
Сауд Аравия бийлиги курма жакшылап жуулуш керек деген эскертʏʏ тараткан. Анткени курма пальмасын коронавирусун алып жʏрʏʏчʏ жарганаттар кɵп аралайт.
Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому
2012-жылы Сауд Аравиясында биринчи жолу диагноз коюлган жаңы коронавирус MERS (MiddleEastRespiratorySyndromeCoronavirus же MERS-CoV) менен шартталган респиратордук вирустук оору. Вирус жарганаттардан адамдарга кантип жукканы белгисиз. Бирок булганган тамакты жеген же жарганаттар тиштеп кеткен эчки жана тɵɵлɵргɵ вирус жукканы байкалган.
Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ кезинде Бангладеш менен Индияда оорунун очогу катталган. Вирусту алып жʏрʏʏчʏ эт жегич жарганаттардын заарасы же шилекейи менен булганган мɵмɵ-жемиш азыктарын (анын ичине курма да кирет) жеген адамдар вирус жугузуп алышкан.
Сактыкта кордук жок демекчи, кандай гана шарт болбосун тамак-ашты колдонууда тазалык эрежелерине кɵңʏл буруубуз абзел...
Айжылдыз Тойчиева
Толугу менен...