Версия для печати
Понедельник, 25 Апрель 2022 03:49

Салман Назылбеков, Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы: “Ош – жʏрɵгʏмɵ жакын калаа”

Кызматтагы адамдардан жɵнɵкɵйлʏк сапатты кɵп  кездештире бербейбиз чынында. Айрыкча азыркы заманда, кичине эле амалдуусу акылдуусунган арбын. Бирок бʏгʏнкʏ каарманыбызда бирɵнʏ катуу айтып какпаган, жɵнɵкɵйлʏк улуу сапат бар экенине таанып-билгендердин кɵбʏ ынанса керек. Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков ат дʏбʏртʏ, ата ʏнʏ калган айылын,  ишкерликтин ысык-суугун, жʏрɵгʏнɵ жакын калаа тууралуу маек куруп берди.

-Салман Сатыгулович, бизге мындан 3 жыл мурда берген маегиңизде “айылыма тез-тез баруу ʏчʏн эгин талаасына атайын эгин эгип коём” деген элеңиз, ошол салт дагы деле улануудабы?

-Ооба, ошол салт дале уланып жатат. Ɵткɵн жума иним экɵɵбʏз айылга барып келдик. Сай тарапта кашаабыз бар эле, ошону кайрадан мал кирбей тургандай кылып жаңылап, кашааларды кармап, арыктарды чаап дегендей. Айылдагы ʏйдɵ туруктуу бирɵɵ жашабаган ʏчʏн мал кирип кетет кɵбʏнчɵ. Чоң атамдын ʏйʏ менен ɵзʏбʏздʏн эски тамды бузуп, 2О17-жылы  жаңы ʏй тургузганбыз. Айыл – балалык кезди, жаштык доорду эске салат. Канча жыл башка жакта жашап кайра барсаң деле бир элес калат экен. Апам жапкан нанды сагындым деген сɵздɵр бекеринен айтылбаса керек.

    Айылдык болгон ʏчʏнбʏ Кɵлдʏктʏ кɵздɵй жɵнɵгɵндɵ  эле руль айылды кɵздɵй ɵзʏ бурулгансыйт. Баргандан кийин шаарга келгиң келбейт, жайындасы кɵп каттайм. Айыл деле мурункудай болбой калган сыяктуу. Мурдагыдай кɵчɵ толо чурулдап ойногон бала жок, кɵбʏ шаарда же чет жакта жʏрɵт, улуулардын  кɵзʏ ɵтʏп кетти. Азыр ким келип, ким кетип жатат бири-бири менен иши деле жок. Суз тарткансыйт.

-Ошол Кɵлдʏк айылынан чыккан тарыхчы Кыяс агабыз бизге айтты эле “айылыма башкаларчылап эч нерсе кылып бере албадым, себеби ɵмʏр бою айлык менен жашаган кишимин” деп. Сурайын дегеним, айылга кол-кабыш кыла алдыңызбы?

- Кыяз аганын макаласын окудум. Кыяс Молдокасымов илимдин адамы. Кыргызстанда кɵрʏнʏктʏʏ тарыхчылардын экинин бири десек болот. Кыяз агабыз улут ʏчʏн чоң эмгек жасап жатпайбы. Кадыр баркын айылдын бир кичине кɵпʏрɵсʏ менен эле же бизнесмендин бир айылга иш  кылганы менен, ошол деңгээлдеги кадыр баркы менен ɵзʏн салыштырганын, баалаганын туура кɵрбɵдʏм. Ал киши ɵзʏнʏн эмгектери менен бʏтʏндɵй кыргыз элине кандай гана чоң кызмат кылып жатпайбы. Кыяс акенин кадыр-баркы Кыргызстанда эң жогору деп баалайм. Ар кимдин эле бешенесине жазыла берген эмес, Кытайдын же башка кɵптɵгɵн мамлекеттердин архивине кирип, Кыргыздын тарыхын изилдеген. Мен ɵзʏм боюнча айтсам, баш кɵтɵрʏп ишкерликти баштагандан бери эле айылыма колдон келишинче кɵмɵк кɵрсɵтʏп келатам, аны эсептеп айтканым туура эмес болуп калат. Эл билет, мындан ары деле аянбайм.

-Сиз бир эмес эки жогорку кесиптин, андан сырткары бизнесте да жʏргɵн инсан катары айтсаңыз, ошол ʏч багыттын тең азыркы ишмердʏʏлʏгʏңʏзгɵ пайдасы тийип жатабы?

-Албетте. Окууну бʏтʏп келип, инженер куруучу кесибине ээ болгом, андан кийин юридикалык билим алдым. Биздин убак союз ыдырап, кыйынчылык мезгилге туш келди. Кыргызстан экономикасы таңкыстык болуп турган убак эле.  90-жылдары  кɵпчʏлʏгʏ ɵз адистиги менен иштей албай калышты. Мен да ишкерликке ооп кеттим. Бирок жогорку билим келечекке сɵзсʏз пайдасын тийгизет, жемишин берет. Диплом ʏчʏн эле окубай, билим алайын деш керек. ОшТУдан бʏтʏп, окуу жайдын спорт тармагына кɵп жардам бердим. Окуу жай ардактуу профессор деген наам ыйгарышкан.

Студенттик доор кыйын учурда ɵттʏ. 2-курста эле баштаганмын акча табууну. Азыркы алтын базардын орду мурда чайкоочулардын базары эле, жумасына эки жолу иштечʏ. Ал убакта соода кылганды уят кɵрʏшчʏ да спекулянт депчи. Намыстанып буюмун сата албай тургандарды досум экɵɵбʏз карап байкап, алардын буюмун сатып берип акча тапчубуз.Аларга да жакшы, бизге да жакшы. Сабактан сырткары же жайкы каникулда ошентип иштеп жʏрдʏк. Ыраматылык апама эч бир оордугумду тийгизчʏ эмесмин. Ал убакта айлык аз, мамлекеттик иштен кɵпчʏлʏгʏ качып жаткан маал эле. Союз кыйрап ири ишкана, заводдор токтоп, жок болуп жаткан мезгил. Ошол боюнча жашым элʏʏгɵ чыккыча бизнесте жʏрдʏм.

-Азыр интернет заманында катуу бассаң таскак, аста бассаң аксак дешет, сындашат. Сиз сынга кандайсыз?

-Сын айтыла берет экен, башында катуу капа болуп жʏрдʏм.  Себеби билип-билбей, туурабы-туура эмеспи, айтып, жаза беришет экен да. “Дархан” чайханасы салык тɵлɵбɵйт экен” деп асылышат. Ал жер 2005-жылдан бери иштеп келет. Ал убакта саясатта эмес болчумун. Аны ак эмгек, маңдай тер тɵгʏп, каражат кетирип тʏптɵгɵм да. Ал жерди толугу менен балама ɵткɵрʏп берип, бʏгʏнкʏ кʏндɵ бардык ишти балам алып барат, сʏйлɵсɵ жеке ɵзʏмɵ айтышсын, бирок ʏй-бʏлɵ очогума чейин аралашкандары туура эмес деп билем. Ал жерге асылышса эле менин ʏй бʏлɵмɵ тийишкендей болот. Дархан деген да менин экинчи уулумдун атынан коюлган. 1997-жылы каттоодон ɵтʏп, жеке ишкер деген кʏбɵлʏк алып иш баштасам, ошол жылдан бери  бир да ай менин атымдан же менин ишканаларымдан салык тɵлɵнбɵй калган учур болгон эмес.  Салык тɵлɵмдɵр кɵбɵйсɵ кɵбɵйʏп жатат, бирок кемиген жок.

Кызматтык унаа боюнча айтсам, президенттин жарлыгы чыкканга чейин муниципалдык менчик башкармалыгы тендер жарыялап, шаардык Кеңешке унаа алып беришкен. Мурунку тɵраганын унаасы бузула бергендиктен гаражга алпарып токтотуп койгон экен, оңдотконго моторуна эле 350 миң сом кетет дешкенинен кереги жок дегем. Бизде унаа алганга каражат жок, шаардык Кеңештин аппаратынын гана айлык маянасына жумшалат. Шардык Кеңешке бир дежурный жеңил машина айдоочусу менен сɵзсʏз керек.

-Сырттан караган адамга кишинин кɵңʏлʏн оорутпаган, жумшак мʏнɵздʏ кɵрɵбʏз сизден, мʏнɵзʏңʏздʏ кантип сʏрɵттɵɵр элеңиз...

-Тɵрагалыкка келгениме бир жылга жетейин деп калды. Бир да кызматкерге ʏнʏмдʏ ɵктɵм кɵтɵрʏп сен деп айта элекмин. Бирок ошол эле убакта жетекчи катары катуу кол да болуу керек. Бирɵɵнʏ себепсиз эле жемелей бергенден алысмын. Ката кетирген убакта деле сɵз менен тʏшʏндʏрʏʏнʏ эп кɵрɵм. Жашың ɵткɵн сайын адам жумшарып калат окшойт деп калам. 

- Балага инвестиция жасоо керек дешет азыркы ата-энелер, кошуласызбы?

-Туура, баланын билимине инвестиция жасаш керек, келечегине кам кɵрʏʏ зарыл. Баланын билим алуусунан аянбаш керек деген принципти кармайм. Беш балам бар, бир кыз, тɵрт уул. Экɵɵ бойго жетип мына-мына ʏйлɵнɵбʏз деп турушат. Кесипти да ɵздɵрʏ тандады. Чоң уулум Польшадан бизнес жана менеджмент адистигин, кийинкиси Тʏркиядан котормочулук жаатта билим алып келишти. Андан кийинкиси 7-класста, кызым 5-класста окуса, кенжем 4 жашта. Чоң балдарымы катуу кармадым, талапты да катуу койчумун аларга, андан кийинкилерим сырымды билип алышканбы же жаш ɵткɵн сайын коркок болуп калабызбы, ɵтɵ катуу урушпайм.  Келинчегим экɵɵбʏз бир айылданбыз, кесиби боюнча университетте азыраак эле иштеди, андан кийин  балдарды тарбиялап, бизнесте менин оң колум болуп, жардам берип келатат.

-Ата-эне тууралуу сураганда сɵзсʏз бир муңканып алып, бирок сыймыктануу менен айтышат...

-Ата-энем ɵмʏрлɵрʏ кыска экен, жаш эле ɵтʏп кетишти, атам мен 9 жашымда, апам студент кезде каза болуп калды. Атам география, апам  кыргыз тилчи мугалим болчу. Атам жаш кезимде дʏйнɵ салып, ʏйдʏн тʏйшʏгʏ беш баласы менен апама калды. Бизди тарбиялап, окутту.  Апам Кадамжайдын Охна деген айылынан болот. Апамдын бир туугандарынан деле аз эле калды. Алардын балдары менен катташып турабыз. Ойлонгонум биз катташып жʏрɵбʏз,  бирок биздин балдар катташпай деле калабы деп эстегенде ичим ачышат. Мен тɵртʏнчʏсʏмʏн, эки агам, бир эжем бар.

-Досу жок адамдын жан дʏйнɵсʏ жарды деп ойлойм, достукка кандайсыз?

-Досторго баймын, классташ, группалаш, ишкерлик чɵйрɵдɵн тапкан, жакшылыгымды бɵлʏшкɵн достор бар. Жалгыз жʏрʏп, баарын душман кɵрɵ берген, дос кʏткʏсʏ келбеген, бир мʏнɵздʏʏ, бир кырлуу адамдын досу аз болот. Себеби ал адам ɵзʏнʏн мʏнɵзʏндɵгʏ адамды издеп таппай жʏрʏп ɵтʏшʏ мʏмкʏн.

-Баса, атайын мугалим жалдап, аккордеон тартканды ʏйрɵнгɵн экенсиз, Рыспайдын ырларын мыкты ырдайт деп уктум.

-Ɵзʏм аккордеонго кызыгам. Убакыт тардыгынан дейбизби, кээде сабактарга бара албай калган учур болду. Ошентип толук ʏйрɵнɵ албай калгам, азыр бир аз черткенди билем. Рыспай Абдыкадыров, Тʏгɵлбай Казаков, Кадыралы Артыковдун ырларын ырдайм. Спорттун бардык тʏрʏнɵ кызыгам. Бир гана жылкыга жакын эмесмин, кɵк бɵрʏгɵ жокмун. Назылбек чоң атам ошол ɵрɵɵндʏн айтылуу улакчысы болгон. Бирок неберелери тартпадык.

-Ош сиз ʏчʏн...

-Ош – жʏрɵгʏмɵ жакын калаа. Жаштыгым ɵткɵн шаар, ушул калаада ʏй-бʏлɵ кʏттʏм, балдарым тɵрɵлʏп, ушул жерде чоңоюшту, дос, тааныш таптым. Ойлоп кɵрсɵм Оштон башка бир дагы жерге инвестиция кылбадым, тапкан акчам кайра эле Оштун ичинде. Ишкерликте жʏрʏп  Бишкектен 1 бɵлмɵлʏʏ деле ʏй албапмын, эми балдарым чоңойгондо ойлонуп жатам. Ошто бизнес кылуу Бишкекке салыштырмалуу кыйын. Ошон ʏчʏн оштук ишкерлер тез эле, оңой эле Бишкекке бизнесин которуп кетип калышат.

-Эмнеге?

-Чоң бизнесмендин баары борборго кетип калышкан. Айтылбай турган жагдайлар кɵп да, ошого чыдап, Ошто калып ишкерлик кылгандарга рахмат айтышыбыз керек. Бишкекке бизнесин которуп кеткендер “бул жакта бирɵɵ менен бирɵɵнʏн иши болбойт, эмне жеп, кандай кийинесиң, кандай машина минесиң, эч кимдин  иши жок экен” деп калышат. Шаардын бюджети аз, быйыл гана 1,5 миллиарддан ашты. Биздеги элдин саны менен карап алганда бул сумма аз, шаардын бюджетин толтура турган ири ишканалар жок.  Ишкерлерге инвестициялык климат тʏзʏп бериш керек.  Бизнестин бардык тармактары боюнча Ошто пайданы аз коюшат,бул жергиликтʏʏ элдин кандайдыр бир менталитетине байланыштуубу деп да ойлойм. Ош берекелʏʏ, арзан шаар деп айтышат. Ɵкмɵт мʏмкʏн  региондорго карап да салыктын ставкаларына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизсе, региондорго инвесторлор кɵбʏрɵɵк келет беле деген ойдомун. 

-Маегиңиз ʏчʏн рахмат, ишиңизде ийгиликтер кɵп болсун.

 Бурул Исмаилова

 

Окулду 303 жолу