-Айтсаңыз, сʏрɵтчʏлʏк талантыңызды кайсыл жерден ɵркʏндɵткɵнсʏз?
-Мен кичине кезимен эле сʏрɵткɵ кызыгат болчум. Алматыдагы азыркы Урал Кастеев атындагы кɵркɵм сʏрɵт училищесин бʏтʏргɵм. Кийин Жургенов атындагы казак улуттук искусство академиясында окудум. Жолдошум экɵɵбʏз бир тайпада окудук. Улан Жалиев Ош шаарынын гербинин автору. Ɵзʏ да Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. Кɵчмɵндɵр оюндарында эки жыл катары менен Ош биринчи орунду алган эле, ошонун баары менин жолдошум иштеп чыккан концепция болчу. Негизи жолдошум дагы чыгармачыл киши болгон ʏчʏн сʏрɵтчʏлʏгʏмɵ эч ким тоскоол болгон жок.
-Сʏрɵтчʏлʏк менен гана алектенип ʏй-бʏлɵ багуу мʏмкʏнбʏ?
-Бул бир аз оор иш. Мен ɵмʏр бою мектепте иштедим. Мисал катары, бизде Бишкекке караганда чет ɵлкɵлʏктɵр кɵп эмес. Оштогу сʏрɵт менен ал жактагы сʏрɵт окшош болсо деле баасы эки бɵлɵк сатылышы мʏмкʏн. Кайра куруу жылдарынан кийин эл кандай кыйналса биз да ошол кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдʏк. Институтту бʏткɵндɵн кийин 90-жылы жолдошум менен баш коштук, 91-жылы уулум тɵрɵлгɵн. Ун жок, нан жок болуп, аябай кыйынчылык менен балабызды чоңойттук. Ошентип, кʏйɵɵм да университетте иштеди. Чыгармачылыкты таштаган жокпуз. Сʏрɵт кɵргɵзмɵлɵрдʏ ɵткɵрдʏк. Мен ɵзʏмʏн туулган жериме Казакстанга барып сʏрɵт кɵргɵзмɵмʏ ɵткɵрʏп келдим. Кезинде менин айылым Кайнар деген жерде Совет бийлигинин атомдук жарылууларын изилдеген полигон болгон. Элес-булас эстейм, ал жерде дайым жарылуулар болуп турчу. Ошентип 5 жашымда ата-энем Кайнардан кɵчʏп кеткен. Совет бийлиги кулагандан кийин Олжас Сулеймановдун демилгеси менен ал полигон жабылган. Мен Казакстанга барганда ошол полигондун жабылганына 25 жыл толуп, жɵɵ жʏрʏш болуп жатыптыр. Ал жер мурдагы Семей, азыркы Абай облусу деп аталган Муктар Ауезов сындуу белгилʏʏ акын-жазуучулар чыккан абдан куттуу жер. Менин кɵргɵзмɵмʏ кɵргɵндɵн кийин уюштуруучу фонд мени да жɵɵ жʏрʏшкɵ кошту. Ошентип 5 жашымда кеткен айылыма 50 жашымда тɵрт айылды аралап отуруп жɵɵ басып бардым. Ал жерде журналисттер, жергиликтʏʏ бийликтин ɵкʏлдɵрʏ да болду. Ар айылдын эли менен кездешип, сʏрɵттɵрʏмʏ бердим. Айылымда музей, мечит, маданият ʏйлɵрʏ бар экен. Бирок, климат суук болгон ʏчʏн жашоо-шарты катаал. Ата-бабаларымын арбагы колдогонбу айтор, ал жактан келгенден кийин ыр жаза баштадым. Орус тилинде да, казак тилинде да жазам. Ушунчалык эргʏʏ келип токтобой жаза бердим. Жолдошума окутуп кɵрсɵм ал да таң калды. Кийин сʏрɵтчʏлɵр союзунун альманахына ырларым чыкты. Гамал Боконбаев деген Кыргызстандагы белгилʏʏ маданият таануучу ырларыма алгы сɵз жазып китепке киргизген экен, ɵтɵ жакшы баасын бериптир.
-Чыгармачылыктагы буга чейинки жетишкендиктер жана алдыдагы пландарыңыз менен бɵлʏшɵ кетсеңиз?
-Кипрдин чоң музейинде эки ирет сʏрɵт кɵргɵзмɵ ɵткɵрʏп, салым кошконубуз ʏчʏн Кипрдин сʏрɵтчʏлɵр союзунун мʏчɵлʏгʏнɵ кабыл алынганбыз. Мындан сырткары эл аралык сынактарга тынбай катышам. Мисалы, быйыл 8-мартка карата Тʏркияга эки эмгегими жɵнɵттʏм. Бирɵɵ Стамбул шаарында, экинчиси Анкарада болуп ɵттʏ. Алдыдагы пландар боюнча айтсам, Бишкекте ɵтʏʏчʏ жеке кɵргɵзмɵмɵ кызуу даярданып жаткан учурум.
Толугу менен...