Версия для печати
Понедельник, 25 Апрель 2016 08:44

«Биз окуучуларды ар тараптан колдоого даярбыз»

21-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Малайзияда жана Алматы шаарында өткөн окуучулар арасындагы олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн, алардын ата- энелерин жана мугалимдерин кабыл алды.

Калаа башчысы акыркы жылдары Ош шаарынын окуучулары ар тараптан эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдеги олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып жаткандыгын, бул жетишкендиктер шаарыбыздын сыймыгы экендигин билдирип, өзүнүн белектерин тапшырды.

“Учурда дүйнөлүк билим берүү стандарттары менен катар ойлоп табуучулук боюнча да олимпиадаларга көңүл бурулуп келе жатат. Бул олимпиадаларга биздин окуучулар да активдүү катышып, байгелүү орундарды багындырганы сыймыкка татыктуу. Жаш ойлоп табуучуларды колдоо жана илимий иштерге окуучуларды кызыктыруу керек. Ошондуктан биз окуучуларды ар тараптан колдоого даярбыз”,-деди А.Кадырбаев.

Маалымат үчүн: Ош “Себат” жана “Сема” лицейлеринин 9-11-класстарынын окуучулары 1-3-апрель күндөрү Малайзиянын Пенанг шаарында өткөн олимпиадада жүздөн ашуун долбоорлору менен катышкан. Жалпысынан 12 өлкөнүн окуучулары күч сынашып, алардын ичинен Ош шаарынын окуучулары ийгилик менен кайтып келишти. Алар осмо өсүмдүгүн колдонуу менен чачты таз болуудан сактоо, грек жаңгагынын кабыкчасы аркылуу богокту дарылоо, алтын тамыр өсүмдүгүн элдик медицинада колдонуу, күрүчтүн калдыгынан целлюлоза затын алууга жетишүү, эйхорния гүлүн колдонуу менен абаны тазалоо жана радиациядан коргонуу, мисвак сыйкыр тиш пастасын, апельсиндин кабыктарынан оксидантка каршы эффективдүү май алуу, туруп калган сууларды модификацияланган торфор менен тазалоо ыкмаларын көрсөтүп, 4 алтын, 8 күмүш, 4 коло медалдарга ээ болушту.

Ошондой эле компьютердик билим боюнча Алматы шаарында өткөрүлгөн олимпиадада Ош шаарынан барган “Сема” лицейинин окуучусу Асанов Исхак “LegoSema” аттуу роботту робототехникалык жабдык менен башкаруу ыкмасы менен алтын медаль алууга жетишти.

 

Өз кезегинде мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар шаар мэринин колдоосу, жеке кабыл алуусу жаш ойлоп табуучуларга стимул болоорун айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Окулду 1212 жолу