Версия для печати
Суббота, 30 Апрель 2016 07:57

«Өзгөн көчөсүндөгү жол май айында пайдаланууга берилет»

Акыркы учурларда жарандардын негизги көйгөйү унаа тыгыны болуп калды. Бир жерге кечигип келген ар бир экинчи, үчүнчү адам унаа тыгынынан улам кеч калганын айтат. Бул багытта шаар жетекчилиги чечкиндүү кадамдарды жасап келүүдө. Биздин суроолорго Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сатыбалды Абдылдакунов жооп берди.

«Өзгөнкөчөсүндөгүжолжаңыкөпүрөнүнүчүнчүэтабынакирет»

 -Өзгөн көчөсүндө курулуп жаткан жол Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн үчүнчү этабында каралган көчөлөргө кирет. Жолдун узундугу 360 метр, туурасы 13 метрди түзөт. Анын ичинен 7 метр автоунаа жүрө турган жол болуп эсептелет. Эки капталынан бир жарым метрден тротуар кеткен. Мындан сырткары көрктөндүрүүгө, арыктарга орун каралган. Жолдун курулуш иштери өткөн жылдын ноябрь айларында башталган. Кудай буйруса, май айларында пайдаланууга тапшырабыз деп турабыз. Учурда асфальттын биринчи катмары басылды. Жакынкы күндөрү экинчи катмары басылат. Бул жол Монуев жана Навои көчөлөрүн бириктирген жол болот.

«Жолкуруумезгилиндеүчүйсүрдүрүлдү»

-Жол башкы пландын негизинде иштелип чыкты. Анткени, шаардагы автотыгынды кыскартуу максатында альтернативдүү жолдорду курууга туура келүүдө. Жол куруу мезгилинде бул аймакта жайгашкан үч жеке менчик турак жай сүрдүрүлдү. Атайын комиссия үйлөрү сүрдүрүлгөн үй ээлери менен келишим түзүп, компенсация төлөнүп берилди. Бул жолдун курулушу менен ушул аймактагы базар, соода борборлору үчүн бир топ жеңилдиктер жаралат.

«Жаңы конуштарга шагыл төшөлөт»

-Жолдун тендердик баасы 13 млн. 750 миң сом болгон. Ал эми 9 млн. сомго «Севен стар» деген тендердик компания утуп алды. Бул жылы жергиликтүү бюджеттен жолдор башкармалыгына 60 млн. сом каралган. Буюрса, Өзгөн көчөсүндөгү жолдун курулушу аяктап, ишке берилсе, жакынкы аралыкта Жапалак айылдык башкармалыгындагы Соколок айылына жол куруу башталат. Мындан сырткары, шаар ичиндеги жолдордун бузулуп, оюлган жерлерин оңдоп-түзөө иштери башталат. Жаңы конуштардын шагыл төшөө иштерине 4 млн. сом акча каражаты каралган. Жакынкы күндөрү тендер өткөрүлсө, иш башталат.

Шаардын өзүнө караштуу 530 км. жол бар. Анын ичинен 300 км. асфальтталган жолдор болуп эсептелет. Алар 35-40 жыл мурун салынган жолдор. Капиталдык ремонтко акча каражатыбыз жетишпегендиктен чуңкур болгон жерлерди жамап-жаскоо иштерин жасап жатабыз. 300 км. жолдун ичинен негизги делген жолдордун бузулган жерлерин оңдоп жатабыз.  

 Элира Чынтемир кызы

Фото С.Токонов

 

 

Окулду 770 жолу