Версия для печати
Суббота, 30 Апрель 2016 08:00

Шаар мэри эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлору жана Пакистандан, Индиядан келген коноктор катышты. Конференция “тарых жана маданият” жылынын алкагында уюштурулган. “Жаңы мектеп, жаңы мугалим: педагогикалык кадрларды даярдоону модернизациялоонун актуалдуу проблемалары” семинардын темасы болду. Шаар башчысы мындай аталыштагы конференция татыктуу билим берүүгө жана мыкты адистерди даярдап чыгарууга чоң салымын кошот деп белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады. “ Бүгүнкү конференцияга окумуштуулар, мугалимдер келип педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемаларын чогуу талкуулап жатканы жакшы жышаан. Балдарга татыктуу тарбия берип, алардын билимин жогорулатуу үчүн мыкты кадрлардын даярдалышы учур талабы. Андыктан бул жааттагы түпкү проблемаларды аныктап, анын чечилүү жолдорун конференциядан табасыздар деп ишенем. Бүгүнкү иш чаранын катышуучуларына Ош шаарынын мэриясынын, шаар тургундарынын атынан терең ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайм”,- деди Айтмамат Кадырбаев.

 

Иш чаранын жүрүшүндө педагогикалык кадрларды даярдоонун мазмунун жана методдорун өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери туурасында илимий баяндамалар окулуп, кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлдү. 

Окулду 798 жолу