27-апрелде «Интербилим» коомдук уюму тарабынан «Жеке менчик турак жайларды бузуу жана жер тилкелерин мамлекеттин муктаждыгы үчүн алууда элдин укуктарын коргоо» аттуу темада жеткиликтүү турак жайга болгон эл аралык жана улуттук укуктардын алкагында тренинг болуп өттү. Талкууга Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш. Зулимов, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары А. Салиева, С. Назылбеков, Х. Исмаилов, аппараттын башкы адиси З. Наримбетов жана Ош шаарынын аймактык кеңештеринин, мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура жана шаар куруу боюнча башкы башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Тренингде жеке менчик турак-жайларды бузуу жана турак-жай жайгашкан жер тилкелерин мамлекеттин муктаждыгы үчүн алууну жөнгө салуучу аракеттеги мыйзамдардагы чийкиликти жана жетишпестиктерди, аларды адам укугу боюнча эл аралык макулдашууларга ылайыктап кайра карап чыгуу маселеси кызуу талкууну жаратты.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коомдун муктаждыгы үчүн жер тилкелерин алуу (сатып алуу) тартиби жөнүндөгү» токтомунун долбооруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Толугу менен...