Версия для печати
Суббота, 30 Апрель 2016 08:31

Урматтуу согуштун жана ооруктун ардагерлери! Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Улуу Жеңиштин 71 жылдык салтанаты менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өлкөбүздөгү, куттуу калаабыздагы бүгүнкү тынчтык күнгө сиздердин ар бириңиздердин  эмгегиңиздер чоң. Сиздер биздин ушул жарык  күндөрүбүз, жыргал турмушубуз үчүн каны-жаныңыздарды аябай күрөштүңүздөр. Канчалаган жоокерлер курман болуп, мекенине кайтпай калды. Бирок алардын эрдиктери тарыхта өлбөс-өчпөс болуп жазылып, түбөлүккө сакталып кала берет.

Биз сиздердин муунга терең ыраазычылык билдирүү менен ар дайым сыймыктанып жана суктанып келебиз. Себеби сиздер мекен алдында өз эли-жериңиздерди коргоп, башыңыздарга келген сыноого сабырдуулук менен чыдап, эр жигиттик милдетиңиздерди абийирдүүлүк менен аткардыңыздар. Узакка созулган апааттуу күндөрдө эркиңиздер майышып, мүңкүрөбөдүңүздөр. Атуулдук парзыңыздарды башты сайып аткарып, кийинки муун алдында жүзүңүздөр жарык болду. Кайтпай калгандар кандай деңгээлде баркталса, биз үчүн сиздер дагы ошолордой урматтуу, сыйлуусуздар.  Мезгил өз өкүмүн аткарып, муун муундарга алмаша берет. Кылымдар кылымдарга уланат. Бирок сиздер алып келген Улуу Жеңиш эч качан эскирбейт, унутулбайт жана дайыма жаш муунга үлгү болуп сыймык менен айтыла берет.

Урматтуу согуш ардагерлери, ооруктун катышуучулары!

 Сиздердин даңктуу тагдырыңыздарга дагы бир ирет таазим этебиз.

Улуу Жеңиш күнүңүздөр кут болсун! Биздин кут төгүлгөн мекенибизде, дегеле дүйнөдө тынчтык болуп, балдарыңыздар, небере-чебере, эл-журтуңуздар менен тынч болуңуздар!  

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри  

Окулду 1438 жолу