Версия для печати
Суббота, 30 Апрель 2016 09:00

«Шаардын тынчтыгы – биздин чоң жетишкендик»

Милиция кызматы оор тармак. Элдин, жердин тынчтыгы үчүн тынбай эмгектенип, үй-бүлө, тууган-урукту унутуп эл үчүн кызмат кылышат. Эл майрамда жүрсө коомдук абалды, жарандардын жүрүм-турумун көзөмөлдөп, майрамды бүтүрүп, түн жарымда үйүнө кеткендер да ушулар. Шаарда бул тармакты жетектеп келе жаткан милициянын полковниги Кылыч Жолдошевдин бейнесине сүртүмдөр.

«Чоңэнемдинколундачоңойдум»

- 1974-жылы 6-декабрда Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында туулгам. Атам апам экөө тең агроном болчу. Алай районуна жумуш боюнча которулуп кеткендиктен,  7-класска чейин чоң энемдин колунда калгам. Айылыбыздагы Ломоносов атындагы орто мектепте окудум. Кийин 13 жашымдан кайра өзүмдүн ата-энемдин колуна барып, 1992-жылы  Ноокаттын борборундагы Н.Крупская  атындагы мектепти аяктадым. Мектепти 4-5 деген баалар менен аяктап, тартиптүү, үлгүлүү окуучу болуп бүттүм. Тамга таанып калгандан баштап эле китеп окуганга кызыгуум арткан. Тарыхый романдарды, Ч.Айтматовдун чыгармаларын, орус адабиятын көп окудум. Колума тийген китептерди окуй берчүмүн, оор стилде жазылган китептерди окуп алып, андагы чыгарманын маанисин кийин түшүнгөн учурлар да болду. Азыр да убакыт болуп калганда китеп окуганды жакшы көрөм.

 

«Бултармаккабалакезденкызыккам» 

- Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. 3 уул 2 кыз, мен экинчисимин. 10-класста окуп жатканда кошунабыз Ноокат РИИБнын башчысы болуп иштечү. Баласы экөөбүз атасынын ишканасына көп барчубуз. Милициялар эмне жумуш аткарат, алардын милдети кандай, баарын өздөштүрүп калганбыз. Окууну аяктагандан кийин борбордогу милиция башкы мектебине (азыркы милиция академиясы) тапшырдым. Аны ийгиликтүү аяктап, Аламүдүн РИИБнын Кылмыш-иликтөө бөлүмүнө опер кызматкер болуп алгачкы жумушумду баштагам. 1999-жылы ата-энем «үйлөнүшүң керек, кел» деп чакыра бергендиктен, Ош ШИИБна опер өкүл болуп которулуп келдим. Азыр 4 жаштагы балам «чоңойгондо милиция болом» дейт. Мен «кой, менин милиция болгонум эле жетишет» деп каршы болуп калам. Бирок кудайым бешенесине кандай кесипти жазган болсо ошонун ээси болот да. Негизгиси эл алдында жүзү жарык болуп, ак, адал эмгек кылса болгону.

 

«Жумушумду түшүнөт деп милициянын кызына үйлөндүм»

- 2000-жылы Кара-Суудан, милиция кызматкеринин кызына үйлөндүм. Биздин жумушту түшүнүү ар бир аялдын колунан келе бербейт. Жумушка эрте кетип, түнкү саат 2-3кө чейин иштеп калган учурлар болот. Анын баарын бир гана милиция кызматкеринин кызы түшүнөт го деп ойлогом. Айтканымдай эле келинчегим жумушума түшүнүү менен карап, колдоо көрсөтүп келет. Эки кыз, бир уулубуз бар. Келинчегим аларды тарбиялап, үй жумуштары менен алек болууда. Бир топ баскычтардан өтүп, 2007-жылы Бишкекке барып министрликте иштеп келсемби деп аракет кылдым. Бишкек ШИИБда, кийин министрликтин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында бир топ иштедим. Кийин темир жол транспорту боюнча милиция бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп иштеп жүрүп, көп тажрыйбаны ошол жерден топтодум. 2011-жылы Ош ШИИБна жетекчинин орун басары болуп кайра которулуп келдим. 2010-жылдагы июнь окуясынын жарааты айыга элек, тополоң учур болчу. Жумуш ошол учурларда түйшүктүү болгон. Улуттар аралык мамилени чыңдап, шаардын тынчтыгын сактап турганыбызды биздин эң чоң жеңишибиз,  ийгилигибиз деп билем. Ал учурлар, эң кайгылуу, жаман күндөрдүн баары артта калды. Шаардагы учурдагы эң чоң көйгөй бул терроризм, экстремизм болууда. Акыркы мезгилде терроризм коркунучу көбөйүүдө. Орган кызматкерлеринин позициялары боюнча Ош шаардык ИИБ республика боюнча биринчи орунда келе жатат.

«Өмүргө коркунуч туулган учурлар көп болот»

- Кылмыш иликтөө бөлүмү - куралдуу, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачып, адам өмүрүнө коркунуч алып келген негизги тармак. Алгачкы жумушумду ушул тармактан баштаганым мага бир топ тажрыйбаларды арттырды. 2004-жылы Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы болгон. Ал кылмыштын бети ачылбай алты ай жаткан. Каза болгон баланын апасы ызы-чуу салып, иш ошол кездеги президент А. Акаевге чейин жеткен. Ал кылмышкерди кармоо үчүн ошол кездеги кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси экөөбүз Орусияга чейин барып, ал өлкөнүн жарым аймагын кыдырып, 40 күн дегенде ошол кылмышка шектүү баланы Бурятиянын Улан-Уде шаарынан таап келгенбиз. Ошондогу кыйынчылыктар такыр эсимден кетпейт. Мындай учурлар башыбыздан көп эле өттү. Кээ бир кесип ээлери жасаган жумушубуздан ырахат алабыз дешет. Бизде шаардагы тынчтыкты, элдин ынтымагын көрүп, эл арасындагы тартипти көрүп ырахат алсаң, чоң кылмышкерди кармап келип, камап да ырахат албайсың. Ал кылмышкер ойлобогон ата-энесин, үй-бүлөсүн ойлоп жүрөгүң ооруйт.

 

«Эс алганга убакыт жок»

 

- Бул кесипте талап аябай катуу болот. Өмүрүңдү, ден соолугуңду, убактыңдын баарын жумушуңа арнайсың. Тууган-уруктун жамандык-жакшылыктарына бара албай, балдардын кантип чоңоюп жатканын билбей каласың. Бизде башка кесиптин ээлерине окшоп атайын талаага чыгып, балыкка барып, шишкебек жасап эс алуу деген болбойт. Жумушта спорт менен машыгуу  гана болот. Ошол учурду биз эс алуубуз деп билебиз. Спорттун бардык түрүнө кызыгам. Азыр Ош шаары жана Ош облусу боюнча оор атлетиканын, волейбол федерациясынын президентимин. Жогоруда китеп окуганды жактырам деп айтпадымбы, ошол сыңары эле комуз черткенге да аябай кызыгып жүрөм. Бир жолу черткенди үйрөнөйүн деп комуз сатып алып, бир-эки жолу сабакка баргам. Бирок жумушка байланыштуу убакыт тар болуп калды. Бир учур келип кайрадан үйрөнөм го деп жүрөм.

 Уулбү Каныбекова

 

 

Окулду 1670 жолу