Версия для печати
Суббота, 30 Апрель 2016 09:07

Көчө китепканасы ачылды

  Ош шаарында Китеп күнүнүн урматына «Китеп - жакын досум» долбоору ишке ашып жатат. Долбоордун алкагында «Алымбек датка» этнографиялык эс алуу багында көчө китепканасы ачылды.

Өткөн жумада ачык асман астында түзүлгөн көчө китепканасы ачылды. «Тарых жана маданият  жылынын» урматына арналган долбоордун негизги максаты тургундарды китеп окууга чакыруу. Эс алуучулар этнографиялык комплексте эс алуу менен бирге каалаган китебин алып, таза абада окуй алат.

Китепкананын ачылыш аземине Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Суербек Аманов,  «Ыйман таануу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттери жана шаар тургундары катышышты.

 

“Тургундардын бош убактысы пайдалуу өтсө деген тилек”

- Этнографиялык эс алуу багында китептер сакталуучу тумбочкалар коюлду. Ага тарых, маданият, искусство, көркөм адабий, тил багытындагы китептер коюлган. Эс алып келген жарандар бактын ичинде эс алганча каалаган китебин окуса болот. Көчө китепканасын уюштуруудагы максат тургундар, айрыкча жаштар бош убактыларын пайдалуу өткөрүшсө, - дейт жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Суербек Аманов.

 

  Акжол Жумабай уулу:

“Интеллигенттер кантип сүйлөшөт” деген китепти окуп жатам”

-Мен чет тилдер факультетинин жатаканасында турам. Бул жерге алгачкы жолу келишим, абдан жакты.  Жатаканада чогуу жашаган балдар келип, ачылуу аземин көрүп кеткен экен. Алардан угуп көрсөм деп кызыгып келдим. Студенттер үчүн, дегеле шаар тургундары үчүн жакшы уюштурушуптур. Биз дагы жатаканабыз жакын болгондуктан, эс алуу жайына келгенче чогуу китеп окуп жыргап калдык. Кызыктуу китептер бар экен. Мен азыр “Интеллигенттер кантип сүйлөшөт?” деген китепти алып окуп отурам”.

 

Темирлан Жарбеков, студент:

“Китепканага бат-бат келип турабыз”

-Мен  ОшМУнун медициналык колледжинде 2-курста окуймун. Азыр гана сабактан чыгып достор менен келип калдык. Китептерди окуп жакшы маалыматтарды топтосок болот экен. Кудай буйруса, эми китеп окуу үчүн бат-баттан келип турабыз”.

 

Үмүт Кушбак кызы, студент:

“Китеп максатка жетүүгө көмөктөшөт”

-Менин оюмча, китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого аракет кылат. Ош шаарындагы биринчи жолу ачылган көчө китепканасы, бул шаар тургундары үчүн да, жаштарга да эң сонун мүмкүнчүлүк болду деп эсептейм. Мага бул иш чара абдан жакты. Себеби, көпчүлүк жаштар эс алчу жайга барганда балмуздак жеп, семичке чагып булгашат. Эми мындай көрүнүш кескин азайып, бири-бирин көрүп көчө китепканасына кызыгышып, бош убактыларын пайдалуу өткөрөт деп терең ишенем.

Алина  Сыдыкова

Фото автордуку

 

 

Окулду 1554 жолу