Версия для печати
Понедельник, 16 Май 2016 04:21

Калаада дагы бир эс алуу багы ачылды

Май айынын башында Бириккен улуттар уюмунун аткаруучу кеңешинин миссиясынын жетекчилери жана мүчөлөрүнөн түзүлгөн топ Кыргызстанга  иш сапар менен келди. Алар 4-5-май күндөрү Ош шаарындагы иш чараларга катышышты.

«Жаш энелер мектебинен» кабар алышты

Эң алгач делегация мүчөлөрү №1 ҮБДнын №10 филиалында болушту. Бул жердеги кош бойлуу энелерди төрөткө даярдоочу «Жаш энелер мектебинин» ачылганына 2 жыл болгон.  Мектептин ачылышына БУУнун UNERA фонду каржылык колдоо көрсөткөн. Ошондуктан атайын түзүлгөн топ бүгүн БУУ колдоо көрсөткөн долбоорлор боюнча иштеп жаткан жерлерди көрүп келишти.

Делегацияны тосуп алуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов катышты. Вице-мэр конокторго Ош шаарынын мэриясынын атынан салам жолдоду жана эмканадагы жаш энелер мектеби тууралуу маалымат берди.

 

СПИД-борбордо болушту

Ушул эле күнү делегациялык топ Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Борбордогу жаңы ачылып жаткан вирустун көлөмүн өлчөөчү лабораториянын жабдылышы менен таанышышты. Борбордун башкы дарыгери Эльмира Нарматованын айтуусу боюнча, мындай лаборатория Кыргызстан боюнча Бишкекте гана бар. Эми Ошто ачылмакчы. Лабораториянын ачылышына БУУнун программасы колдоо көрсөткөн. Делегация мүчөлөрү андан ары диспансердик бөлүмдүн жана ВИЧ-алып жүрүүчүлөргө психо-социалдык колдоо көрсөтүүчү борбордун иштери менен таанышып чыгышты.

БУУнун Тунистеги туруктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси Мохаммед Халид Хиари ММК өкүлдөрүнө маалымат берип жатып, делегациянын Кыргызстанга келүүсүнүн негизги максаты – БУУнун Программалары, долбоорлору кандай иштеп жаткандыгын жеринде көрүү, ынануу экендигин айтты.

 

Эс алуу бактагы кубаныч

Ал эми 5-май күнү БУУнун делегациясы шаарыбыздын Черемушки кичи районундагы эс алуу бактын ачылышына күбө болушту. Бул бактын ачылышына Бириккен улуттар уюму колдоо көрсөткөн.  Эс алуу бактын ачылышы салтанаттуу жыйын менен коштолду.  Ага Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурумбетов, Ош шаарындагы диаспоралардын өкүлдөрү жана шаар тургундары да катышышты.

Аземди калаа башчысы А. Кадырбаев ачып жатып, алгач келген конокторго салам жолдоду. БУУнун Ош шаарынын инфратүзүмүнө салым кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күн өзгөчө күн. Эс алуу багынын ачылышы - шаардын өнүгүшүнө, ынтымакты бекемдөөгө дагы бир чоң салым. Бул иш чара биз үчүн өтө маанилүү. Анткени бүгүнкү бул азем - Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмуна мүчө болуп киргенден берки, бул уюмдан келген делегациянын катышуусу менен өтүп жаткан биринчи иш чара. Бул үчүн шаардык мэриянын жана шаардыктардын атынан сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ош шаарынын мэриясы БУУнун программаларын жана  долбоорлорун шаарыбызда ишке ашырууда мүмкүн болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө дайым даяр», - деп айтты Айтмамат Кадырбаев.

Андан соң калаа башчысы БУУнун аткаруу кеңешинин бир нече жетекчилерин Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Жылуу каалоо-тилектерден соң, жаңы бүткөн эс алуу багынын тасмасы кесилип, салтанаттын катышуучулары бактын инфратүзүмү менен таанышып чыгышты.

БУУнун багы аталган эс алуу жайында балдар үчүн аянтчалар бар. В.Терешкова жатак-мектеби тарабынан уюштурулган китеп текчелери чоңдорду, жаштарды жана студенттерди абдан кубандырды. Бул жерден бардык китептерди таап окуса болот.

Эс алуу багынын курулушуна 2 млн. 229 миң 420 сом жумшалды, мунун ичинен Ош шаардык мэриясынын салымы - 194 850 сом. Эс алуу багынын курулушуна БУУнун өнүктүрүү программасы, качкындар боюнча жогорку комиссариаты, ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз салымдарын кошушту. Шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты бакты жашылдандырууга, ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин жүргүздү.

Айта кетсек, бул жаңы социалдык инфратүзүм Черемушки кичи районундагы 15 000 ден ашык адамга, мунун ичинде 78 000 балага жеткиликтүү болду.  

Эс алуу багындагы салтанат учурунда айрым адамдарды сөзгө тартып, пикирлерин сурадык.

«Мээнетти сыйлайлы»

Рустам Саттыбаев, №4 аймактык кеңешинин №1кварталдык комитетинин төрагасы:

-Мен ушул эс алуу багынын маңдайында жашайм. Көп жыл башта бул жер каралбай, тозуп кеткен эле. БУУнун колдоосу менен Ош шаардык мэриясы, жашылдандыруу комбинаты менен биргеликте минтип жапжашыл кылып көрктөндүрүп койду. Гүлдөрдүн түр-түрү эгилип, дайыма көз салып турушууда. Маанайыбыз көтөрүлүп, суктанып жатабыз. Балдар аянтчалары да кооз жасалды. Чоңдордун эс алуусу үчүн орундуктар коюлуп, китеп текчелери жасалды. Тургундардын милдети эми бул ыңгайлуу шарттарды этият тутуп, бүлүндүрбөсөк. Даяр жасап койгон нерсени абайлап урунсак. Мисалы, селкинчек жаш балдар үчүн жасалган, чоң эле балдар келип отуруп тээп жатат. Сынып калышы мүмкүн. Бош болсом эле чыгып, бакка көзөмөл кылып жатам. Шарттан пайдаланып, тургундарды жаңы бүткөн нерселерди этият тутууга чакырам. Келгиле, бирөөнүн мээнетин сыйлап үйрөнөлү. Бул бакка канча мээнет, акча жумшалды, баары биздин жыргалчылыгыбыз үчүн жасалып жатпайбы.

«Окурмандын санын көбөйткөнгө аракеттенебиз»

Арыстанбек Айыпжан уулу, В.Терешкова атындагы мектеп-интернаттын тарбиячысы:

-БУУнун эмблемасы түшүрүлгөн бак Кыргызстанда биринчи Ошто курулса керек. Бул биз үчүн өтө сыймыктуу. Биздин жетекчилик өз демилгебиз менен бакка китеп текчелерин уюштурдук. Колдон келишинче китептерди коюп, ушул аймактын жашоочуларына шарт түзүп берүүгө мэрияга кол кабыш кылалы деп чечтик. Күнүнө бир-эки кызматкер туруп, ким кайсы китепти сураса, таап берип, окурмандардын санын көбөйткөнгө аракет кылабыз. Биздин максат - жаштарды китеп окууга үндөө. Китептин ордун эч нерсе алмаштыра албайт. Колуна китепти алып барактап окуганга эч нерсе жетпейт. Заман канчалык өнүкпөсүн, китептин орду бөлөк. Эс алуу багындагы шарттарды көрүп турасыздар. Жагымдуу, ыңгайлуу бардык шарттар түзүлдү. Жаш энелер балдарын арабада сүйрөп келип, орундуктарга отуруп эс алганча китеп окуп кетсе болот. Улуу муундун өкүлдөрү карта ойноонун ордуна китеп окуп, жаштарга үлгү көрсөтсө сонун болмок…

Масим Турсунбекова

Фото Сыдык Токонов 

 

 

Окулду 744 жолу