Версия для печати
Понедельник, 16 Май 2016 05:31

Шаарга жаңы унаалар келсе, маршруттук таксилер азаят

Акыркы учурларда жүргүнчүлөр тарабынан айдоочуларга нааразычылык көп айтыла баштады. Бири маршруттар куушуп, жарышат десе, дагы бири орой мамиле кылат дейт. Ыраазы болгондон нааразы болгондор көп. Айтор, жүргүнчүлөрдү ташуу шаарыбызда ойдогудай эмес. Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Нурлан Курманбаев менен ушул маселелер туурасында сүйлөштүк.

«Айдоочуларды биздин агенттик жумушка албайт»

-Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги айдоочуларды жумушка албайт. Бул багытта ар бир линияда каттаган атайын жоопкерчилиги чектелген коомдор бар, ошолор айдоочуларды ишке алат. Биз ошол ишканалар менен иштешебиз. Анан алар бизге келет, биз маршруттук каттам жүрүүчү схеманы тактап беребиз.

Коомдук транспортту жаш балдар айдап жүрөт, аксакалдар айдап жүрөт дегенге мен кошулбайм. Анткени, коомдук транспортко жаш балдарды отургузуу бул - өтө кооптуу. Жок  дегенде 20 жаштан жогору болот. Карыган аксакалдарды жумушта иштебесин деген бизде мыйзам жок. Андыктан биз да аларды иштетпей кое албайбыз. Айдоочулардын айдоочулук күбөлүгүндө «D» категориясы сөзсүз болушу керек. «D» категориясы болбосо, жоопкерчилиги чектелген коомдор деле ишке ала алышпайт.

«Шаардагы 3 чоң көчөдө бардык маршруттар кезигишет»

-Ош шаарында 3 чоң көчө бар, Ленин, Масалиев жана Курманжан датка көчөлөрү. Ушул 3 чоң көчөнүн көпчүлүк жерлеринде маршруттук каттамдар бири-бири менен кезигишет. Ошого карабай Навои көчөсүндөгү көпүрө бүткөндөн кийин атайын комиссия түзүлүп, эки ай бою маршруттук каттамдардын схемасын кайрадан иштеп чыктык. Бул маселени айдоочулардын өзүнүн да кароосуна койдук. Анан мисалы, 125 жана 138- маршруттук каттамдар боюнча айта кетсем. Бул эки каттамдын Автотресстен баштап Южный кичи районуна чейин Курманжан датка көчөсү аркылуу өтүүчү жолу бир. Эки линиянын бирөөсүн алып салса деген ой да жаралышы мүмкүн. 138-каттам Шейит-Дөбө, Достук кичи району тараптан келет. Ал тараптан Южный кичи районуна 138 ден башка бир да маршруттук каттам жок. Экинчиси, 138-каттамды жок кфылып, 125 ти калтыра турган болсок, Буюм базары жактан Южный кичи районуна бир эле ушул 125-каттам каттайт. Эми ар тараптан ойлонсок болот. Бирин жок кылсак, экинчисине зыяны тиет дегендей эле кеп. Экөө эки багыт менен жүрөт, бирок чоң көчөлөрдө кесилишет. Муну да туура кабылдаш керек.

«Шаарды 87% жеке ишканалардын кичи автобустары тейлейт»

Дүйнөлүк практикада коомдук транспорт төрткө бөлүнөт. Алар: трамвай, троллейбус, автобус жана метро болуп. Маршруттук такси бул коомдук транспортко кирбейт. Бирок, маршруттук таксини коомдук транспорт катары пайдаланып, көп мамлекет башынан өткөргөн. Биз да акыркы мезгилдери көп долбоорлор менен иштешип жатабыз. Жакында шаарга 23 троллейбус, 40 ка жакын автобус келээри күтүлүүдө. Келген автобустар шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөргө коюлса, акырындык менен маршруттук каттамдардын саны азаят.

  Бүгүнкү күндө шаар калкын 87 пайыз жеке менчик ишканалардын маршруттары тейлеп келет. Шаардык муниципалдык ишкананын 30дан 35 ке чейинки автобустары, троллейбустардан 12ден 14кө чейин жүргүнчү ташуу үчүн каттамга чыгышат.

«Айдоочулар тараптан одоно мамиле жасалса, ишеним номерлерине чалышсын»

-Шаарда жалпысынан 1200дөн ашуун кичи автоунаалар бар. Алардын ичинен күнүнө 650дөн 750гө чейин жумушка чыгышат. Чыгуу графиги боюнча шаарда 3 жерде диспетчердик пункттар бар. Бардык маршруттар ошол жерлерден өтүшөт. Кимдер, кайсы линиялар ишке чыкты, кайсы каттам начар иштеп жатат, белгиленип, ошол жерден кабардар болуп турабыз. Мындан сырткары, күн сайын биздин кызматкерлер чыгып, айдоочуларды көзөмөлдөп турат. Биздин кызматкерлер бардык маршруттарды көзөмөлдөө үчүн  албетте, физикалык жактан жетишпей калат. Ар бир маршруттун ичинде биздин мекеменин 2-87-51, 2-28-14 деген ишеним телефондору жазылган. Айдоочулар тараптан жүргүнчүлөргө болгон одоно мамилелер болсо ошол номурларга чалып, маршруттун номурун, каттам номурун айтып кайрылса, биз ал айдоочуга сөзсүз чара көрөбүз. Айдоочулар 3 күндөн 1 айга чейин маршруттук каттамга чыгуу укугунан ажыратылат.

«Дем алыш, майрам күндөрү каттамдардын интервалы бир аз узарат»

-Жүргүнчү агым деген бар. Союз мезгилинде бардыгын мамлекет каржылаганы үчүн каалайсыңбы, каалабайсыңбы, адам барбы, жокпу, каттай беришчү. Азыр мамлекеттен жеке менчик ишканаларга андай талап жок. Ушуга байланыштуу дем алыш күндөрү, майрам күндөрү маршруттук каттамдардын каттоо интервалы бир аз алыстайт. Мисалы, ар 10 мүнөт сайын каттаган болсо 15 мүнөткө чейин узарат. Техника деген техника, кээде ортодогу маршрут бузулуп калышы мүмкүн.

Маданиятты биринчи ар бир адам өзүбүздөн баштасак. Азыркы күндө баарыбыз укугубузду билебиз, милдетибизди билбейбиз. Айдоочуларга тынымсыз чогулуштарды өтүп, айтып-дейбиз. Учурда шаарга караштуу бардык көчөлөргө маршруттук каттамдар кирет. Маршрут кирбеген көчө калбады. Бардык жерде маршруттук каттамдар иштеп жатат. Негизги көйгөйүбүз жүргүнчүлөрдү аялдамага токтотуп, аялдамадан алганга көндүрө албай жатабыз. Жүргүнчүлөр да аялдамага келбейт. Үйүнөн чыгып эле маршруткага отургусу келет. «Бул жерде белги турат, болбойт, 100 метр жогоруда аялдама бар, ошол жерден чыгыңыз» деп айтып да көндүрө албай жатабыз.

Учурда шаарда 51 маршруттук, эки автобустук, бир троллейбустук линия каттайт. Айдоочуларды ишке алган мекемелер кандай талаптар менен жумушка алат деген суроо менен «Ажымаматов и К» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Азамат Ажымаматовго кайрылдык.

 «Эмгек тажрыйбасы эки жылдан кем эмес айдоочуларды жумушка алабыз»

 -Биз айдоочуларды эмгек келишиминин негизинде алабыз. Алгач айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы болушу керек. Жугуштуу оорулар менен оорубагандыгы тууралуу медициналык справка, маршрутунун техникалык паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана жарандыгын тастыктаган паспорту менен келишет. Иш тажрыйбасы 2 жылдан жогору болгон «D» категориясы боюнча окуган айдоочуларды ишке алабыз. Адегенде айдоочулар менен маектешүү болот. Айдоочулар атайын даярдалган чакан суроолорго жооп беришет. Эгер жооп бере албаса, барып билип келиңиз дейбиз. Стажы азыраак болгон жаш айдоочуларды 3 айлык сыноо менен ишке алабыз. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин такай ишке орношот. Биздин мекемеде техникалык кызматкер менен биргеликте нарколог бар. Алар күн сайын эртең мененки саат 6 жарымдан 11ге чейин айдоочуларды кароодон өткөрүп, анан каттамга уруксат беришет. Нарколог айдоочунун абалын, техникалык кызматкер маршруттун абалын текшерет. Бул күн сайын болуп туруучу процесс. 

Айдоочулук маданият:

 • Унаа айдап баратып, телефондо сүйлөшпөө;

• Сакал-мурутун алып, таза жүрүү;

• Жол эрежесин сактап айдоо;

• Жүргүнчү маршрутка чыгып жайгашып алган соң  унааны айдоо;

• Салондун ичин таза кармоо.

Жүргүнчү маданияты:

• Автоунаага аялдамадан чыгуу жана түшүү;

• Салондун ичинде семичке чакпоо;

• Уюлдук телефондо акырын сүйлөө;

• Жаштар улууларга орун берүү;

• Окуучулар баштыгын чечип, колуна кармап чыгуу.

Элира Чынтемир кызы

 

Фото А.Сыдыкова

Окулду 1006 жолу