Версия для печати
Понедельник, 16 Май 2016 06:13

Мэр көчөлөрдүн тазалыгын, оңдоо иштерин текшерди

6-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери менен  биргеликте  шаардын     көчөлөрүн кыдырып, рейд уюштурду. Рейддин жүрүшүндө шаар башчысы Исанов, Гагарин,  Моминов, Турсунбаева, Раззаков, Ленин, Курманжан датка, Абдыкадыров, Навои көчөлөрүн кыдырып, шаардагы жолдордун абалын, оңдоп-түзөө иштерин, алардын сапатын, арыктардын  жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы арыктарды, көчөлөрдү тазалоо, жолдордун чуңкурларын сапаттуу кылып оңдоо, буга чейин сапатсыз оңдолгон жолдорду кайрадан калыбына келтирүү, шаарга  карабаган көчөлөрдү да тазалоо иштери боюнча тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине, аймактык кеңештердин төрагаларына жеринде тапшырмаларды берди. Алардын катарында жаңыдан курулган Абдыкадыров көчөсүнүн сапатсыз бүткөн жерлерин кайрадан оңдоп-түзөөнү куруучу ишкананын жетекчилерине тапшырды. Суу, канализация түтүктөрүн өткөрүү үчүн жолдорду казууга уруксат берүү каралбай, түтүктөрдү өткөргөн соң жолдор ачык бойдон же кайра сапатсыз оңдолгон учурлар катталган. Ошондуктан оңдоо, калыбына келтирүү иштеринин сапатын жеке көзөмөлдөө максатында А.Кадырбаев ар бир мекеме-ишкана, коммуналдык кызматтар кандайдыр бир түтүктөрдү өткөрүү үчүн жолдорду казууга атайын уруксат алуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Окулду 845 жолу