Өткөн жумада Өзгөн районундагы “Имам Ажал-Сарахсий” медресесинде “Сулайман-Тоо» кайрымдуулук коомдук уюму каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузуу иш чарасын уюштурушту. Иш чаранын ачылышына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имамы Акжол ажы Козубаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Уюштуруучулардын бири Абдынур Нуркуловдун айтымында, балдарды сүннөткө отургузуу аземине райондун тургундары абдан активдүү катышууда.
- Ушул тапта Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург үзгүлтүксүз иштөөдө. Ар бир хирургдун кабыл алуусуна бир эле мезгилде ондон бала киргизилип жатат. Учурда 120дан ашуун бала сүннөткө отургузулду. Дагы ондогон ата-энелер балдары менен кезекте турушат. Мындай жакшы жөрөлгө Өзгөндө 19-майда да улантылды. Ал эми 20-21-майда Ош шаарында өткөрүлүп, андан соң Жалал-Абад, Баткен облустарында да уюштурулмакчы. Иш чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта оорусуз отургузуу ыкмалары менен жасалууда. Анткени балдарын өз алдынча сүннөткө отургузган ата-энелер көп учурда бул эрежелерди таптакыр эске алышпайт экен, - дешти фонддун өкүлдөрү. Эскерте кетсек, бул иш чара былтыр да өткөрүлүп, Кыргызстандын аймагынан миңге жакын бала сүннөткө отургузулган.
Толугу менен...