Окуу жылы аяктап баратат. Бүтүрүүчү улан-кыздар кайсы кесипти тандаарын билбей, баштары катып турган чак. Мен ушул кесипти тандадым деп чечкиндүү түрдө айткандар аз. Туура тандадымбы же ойлонуп көрсөмбү деген олку-солкулук ар биринин оюнда. Бүтүрүүчү менен кошо мугалими, үй-бүлөсү да түйшөлүп жатат. Анткени бүтүрүүчүнүн эртеңки жашоосу тандаган кесибинен көз каранды.
Эң алгач кесип тандайбыз
Келгиле кесиптерди талдап көрөлү. Кесиптердин баары эле пайдалуубу? Окуп бүткөн соң иш тапса болобу? Бизде азыр кайсы кесипке талап көбүрөөк? Пайдасыз да кесип болобу деп сурашыңыз мүмкүн. Ооба, болот. Чет өлкөдөн бул жерде анча керек болбогон адистикти (туризм академиясынын бир адистиги) бүтүп келип, кайра чачтарачтыкка, маникюр жасаганга окуп, Бишкекте ошону менен акча таап жашап жаткан аял абитуриентке кесипти тандоодо кайсы жерде жашаганды (айыл, шаар, аймак) эске алыш керектигин эскертет. Чет өлкөдө престиждүү деп эсептелген адистик бизде таптакыр маанисиз болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле абитуриенттин эмнеге жөндөмдүү экендиги, кайсы кесипке кызыккандыгы биринчи орунда турушу шарт. Педагог, психологдордун айтымында, бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо ата-энелери, классташтарынын сөзүн угуп, ошого жараша бүтүм чыгарышат. Өз жөндөм-шыгына, кызыгуусуна эмес, окуунун абройлуулугуна, келечегинде кирешелүүлүгүнө карап кесип тандаган жаштарга чоң адамдар туура кеп-кеңештерин берүүлөрү зарыл.
Мисалы, техникага кызыккан баладан дарыгер чыгуусу кыйын. Айрым окуучу так илимдерге кызыкса, дагы биринин шыгы гуманитардык сабактарга бар болот. Үйрөнүп кетет деп кызыкпаган кесибин таңуулоодон, биринчиден, адам психологиялык-моралдык жабыр тартып, экинчиден, сапатсыз, өз кесибин сүйбөгөн адис болуп калышы ыктымал. Бир үй-бүлөгө бир юрист же бир дарыгер керек деген принципте баланын кызыгуусу менен эсептешпесеңиз, уулуңуз же кызыңыз саны бар сапаты жок адистердин катарын толуктап калат. Мүмкүн андан кесипкөй энергетик же агроном, балким КРга эмгек сиңирген мугалим чыгар.
Кесиптин жаманы болбойт…
Турмушта атасынын же апасынын жолун жолдоп, кесибин улагандар да көп кездешет, ошентип үй-бүлөлүк «династиялар» түзүлөт. Мунун терс жагынан оң жагы көбүрөөк экендигин адистер белгилешет. Ата-энеден колдоо болуп, кеп-кеңеш берилип тургандыктан бала коомго бат жана оңой социалдашып кетет дешет.
Окуучулар өзүнүн табиятына төп келбеген кесипти тандоодогу негизги фактор - кесип, жумуш тууралуу түшүнүктөрүнүн жоктугу. Көбүнесе, айыл жеринен бүтүргөн окуучулар ата-энесинин же туугандарынын жетегинен чыга алышпайт. Окуу жайлар өздөрүн рекламалап, пропагандалап, адистиктер боюнча маалыматтарды таратканга аракет жасашат. Факультеттерде чектелген орундарды толтурганга далалаттанышат. Окуу жайдагы ар бир мугалим абитуриентти өз тармагына тартып кеткенге умтулат, эгер ал адистикке орун толбой жаткан болсо. Тескерисинче, суроо-талап жогору болгон адистик үчүн мугалимдин артынан өзүңүз жүгүрүүгө туура келет.
Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Кесипти тандоодо баланын келечегин бир сыйра элестетип коюу ашыкча болбойт. Баланын табиятын жакшы түшүнгөн ата-эне анын келечегин да көрө билет. Акыл сарпталуучу жумушка жөндөмдүүлөр, кара күчтү талап кылган жумушка жөндөмсүз болушат. Айрымдар, тескерисинче, кара күч, эмгектин натыйжасында каражат тапканга шыктуу. Ошондой эле бала кесипке ээ болгондон кийин кайда жашайт, шаардабы же айылдабы? Эгер айылда болсо, дипломаттыкка, кытай тилине окуп убакытты, каражатты кетиргендин ордуна, мал догдур, мугалим, агроном же медайымдык кесипти тандаган туура болот.
Түрк психологу, даанышман Кузгун туура кесип тандоодо буларга маани берүүнү сунуштайт:
- Баланын саламаттыгына, ден соолугуна кесиптин ылайыктуу болуусун билүү;
- Же болбосо, жашы, бою, салмагы, сырткы көрүнүштүн бул кесип үчүн мааниси, белгилүү бир шарты барбы?
- Тандалган кесип үчүн өзгөчө бир шыктын болушу керекпи?
- Бул кесип боюнча келечекте жумуш таба алуу ыктымалдуулугу кандай?
Ата-энелердин эсине!
Албетте, кесип тандоодо ата-эненин ою маанилүү, бирок, балаңыздын жүрөгүнө кулак салышыңыз чоң мааниге ээ. Балаңыз төрт-беш жыл окуп бүткөн соң дипломун колтуктап жумушсуз калбагыдай, кесибине жараша жумуш таап, аны сүйүп иштегидей болушуна кам көрүңүз. Эгерде, балаңыздын же кызыңыздын окуу процессин бузуп, билим алуусун үзгүлтүккө учуратып 1-2-курсту аяктаары менен чет жактарга каражат табууга жөнөтө турган болсоңуз (же балаңыз өзү кааласа), анда жогорку билимдүү кылуунун кажети барбы? Андан көрө, кыска мөөнөттө даярдай турган кесиптердин ээси кылыңыз. Мисалы, Орусияда кары-картаңарды караганга медайымдык билими барлар, курулушчулар, тейлөө кызматтарынан чачтарач, тигүүчү, ашпозчу, сантехник, электрик, ширетүүчү, укалоону билгендер (массажист) сыяктуу кесиптин ээлерине суроо-талап да, айлык маянасы да жогору.
Акчасы аз, бирок ардактуу кесиптер
Мугалим
Мугалимдик кесип кайсы кылым, кайсы доор экендигине карабай, керектүү кесип бойдон кала берет. Учурда өзгөчө окутуу орус тилинде жүргөн мектептерде, башталгыч класстын мугалими, математика мугалими жетишпегендиги байкалат. Шаарда дагы, райондордун борборлорундагы окутуу орус тилинде болгон мектептерде мугалимдер жетишпегендиктен ашыкча саат менен иштешет.
Дарыгерлик
Сурамжылоолордо дарыгерлер жетиштүү, бирок ишсиз да калышпайт деп айтышты. Заманбап жеке клиниканалар көп ачылууда. Реабилитациялык борборлордо иштөөчү дарыгерлер таңкыс. Жокко эсе десек да болот. Демек, дарыгер диплому менен ишсиз калуу деген болбойт. Ош шаарында эндокринологдор тартыш экендиги, айрым эндокринологдор 2 жерде (ооруканада, эмканада) иштешип, жетишпей жаткандыгын сурамжылоолордо тургундар айтышты. Ошондуктан, эндокринолог, психолог, терапевт адистиктерин тандасаңар, ишсиз калбайсыңар.
Медайым, медбрат, фельдшер
Медайымдык кыздар үчүн абдан ыңгайлуу кесип. Балдарга айыл жерлеринде медбрат, фельдшер болууну ойлонуп көрүүнү сунуштайбыз. Жогорку окуу жайын бүтүрүп, иш таппай чет жерлерге барып жумушчу болгондон көрө, эркек балдар бул кесипти тандаса жакшы болот. Айрым ата-энелер куру намыстык кылып, балдарын эптеп эле жогорку билимдүү кылгысы келишет. Алар үчүн юрист, экономист, финансист кесиптери абройлуу эсептелет. Алыскы Кара-Кулжанын бир айылында фельдшер болуп иштеп жаткан балага элдин баары аябай ыраазы. Тынымсыз иштеп, жакшы да жашайт, кошумча жер иштетет дейт маектешибиз Калипа Кадырова.
Заманбап адистиктер
Заман талабына жараша кесиптин түрлөрү көбөйдү. Программист, менеджер, соцкызматкер, котормочу, булар бүгүн абдан керектүү жана заман талап кылган адистиктер.
Элгиз Рустам уулу, Ош шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө ординатор:
«Тоолуу аймакка барып иштеп, тажрыйба арттырам»
-Мен ОшМУнун медицина факультетин бүтүрдүм. Азыр ординатура өтөп жатам. Хирург болууну чечип, ушул багытта иштеп жатам. Тандап алган кесибим менен чын дилимден сыймыктанам. Анткени бул кесипти мен өзүм көпкө ойлонуп жүрүп тандагам. Ата-энем болсо колдоо көрсөтүп келишет. Эми ординатураны бүтсөм, алыскы тоолуу аймакка барып иштегим келет. Анткени эл менен тыгыз байланышта болуп, көп тажрыйба топтойсуң. Алган билимиңди практика менен бекемдебесе болбойт. Айылда маяна да жакшы төлөнөт.
Мен үчүн кесип тандоо өтө маанилүү жана жооптуу. Анткени жашооң, тагдырың кесибине жараша болот. Бүтүрүүчүгө да терең ойлонгула дейт элем. Кесиптин жаманы болбойт, баары керектүү. Эң негизгиси диплом чаң басып жатпаш керек. Андыктан кыялдарга берилбей, реалдуу чечим кабыл алгыла. Балдар агроном, тракторист сыяктуу кесиптерди тандаса, айыл чарбасына жакын болсо жакшы эле. Сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болуш шарт эмес. Шаарда иштеп, жашап калыш да шарт эмес. Эң негизгиси кесибиң рахат тартуулап, күндө шашылып жөнөп турган иш болушу маанилүү.
Майрамбек Назарбек уулу, ОшМУнун студенти:
«Апамдын кыялын орундатам»
-Кара-Кулжа районунун Ой-Талаа айылынан болом. Мектептин жанында жашайбыз. Мугалимдерди көрүп апам «сен да ушулардай мугалим болсоң экен» деп кичинемден айта берип, өзүм да ушул кесипти сүйүп калгам. Азыр ОшМУда 5-курста окуйм.Бүтсөм айылга барып, өзүм окуган мектепке кыргыз тил мугалими болуп иштейм. Апамдын кыял-арзуусу аткарылып, менин абройлуу мугалим болгонумду көрүп сүйүнсө, мен чексиз бактылуу болот элем…
Абитуриентке 6 кеңеш
• Жүрөгүңдү тыңда: жөндөмүң, шыгың эмнени айтып жатат. Эмнеге кызыгасың?
• Уккуң келбесе да ата-энеңдин, мугалимиңдин оюн угуп кой
• Классташыңдан кайсы кесипти тандаганын, эмне себептен тандаганын сура. Ал үчүн эмне көбүрөөк маанилүү, престиждүү окуу жайда окушпу же бүтүп атама-апама жардам берем деген үмүт, тилегиби. Анализ жасап көр. Сенчи, не үчүн ушул кесипти тандап жатасың. Салыштыр.
• Ата-энеңдин катачылыктарын кайталаба. Тааныштардын кесибин көз алдыңа келтир. Алар кесибин туура тандаганбы? Суу инженерликти бүтүп алып, азыр базарда самын саткан аялдын каталыгы эмнеде, ойлонуп көр.
• Атаңдын же апаңдын бир кезде жетпей калган кыялдарын ишке ашырам деп өзүңдү зордобо. Сен эмнеге жөндөмдүү экениңди өзүң баарынан жакшы билесиң. Кесип бул - акча табуучу курал гана эмес, моралдык-психологиялык канааттануу алуучу хобби. Эгер ишиңди сүйбөсөң, акча тапканың да татыбай, өмүр бою кыйналып өтөсүң. Ал эми сүйгөн кесибиңде иштесең, маянасы аз болсо да, рахаттануу менен өмүр сүрөсүң.
• Сен сүйгөн кесипке кайсы окуу жайда даярдайт, келишимдик акы төлөө үй-бүлөгө кыйынчылык туудурбайбы, сөзсүз эске ал. Эң негизгиси сен өзүң тандаган кесипке татыктуусуңбу, ден соолугуң, кызыгууң, аракетиң, ой жүгүртүүң, баарын чамалап көр. Дараметиңди ашыкча баалап алган жоксуңбу?
Чачтарач, ашпозчу, айдоочу, сантехник, ширетүүчү, кийим тигүүчү, курулушчу сыяктуу кесиптер суроо-талап жогору бойдон кала берет. Билимиң жогорку болобу же орто болобу, кеп анда эмес, эң негизгиси өзүңө да, элге да пайдалуу болсун. Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Масим Турсунбекова
Билдирүүлөр
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы