Версия для печати
Понедельник, 30 Май 2016 03:52

Жарык шаар – коопсуз калаа

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын жарыктандыруу тармагын текшерди. Өткөн аптада үч миң жыйырма бир энергияны үнөмдөөчү светодиоттук лампалар алынып келинип, калаанын негизги көчөлөрүнө коюлуп баштаган. Бүгүнкү күндө 1500дөн ашуун лампалар көчөлөргө коюлду, дагы уланууда. Ал эми эски лампалар башка көчөлөргө коюлууда. "Ошсвет" ишканасынын 8 бригадасы бүгүнкү күндө бул иш менен кызуу алек. «Бул лампалар мурункуларга салыштырмалуу үч жарым эсе электр энергиясын үнөмдөйт жана жарык берүүсү да күчтүү, сапаты да узак мөөнөттүү.  Мисалга алсак, эгерде жарыктандыруу боюнча жылына 14 млн. сом каралса, бул жаңы лампаларга 4 млн. сомдой сарпталат, башкача айтканда 10 млн. сом үнөмдөлөт. Калааны жарыктандыруу бул – калаа тургундарынын коопсуздугу үчүн маанилүү. Ошондуктан 2017-жылга 640 көп кабаттуу үйдүн алдынан бери электр лампаларды орнотуп жарыктандырууну жакшыртабыз»,- деди А.Кадырбаев. 

Окулду 732 жолу