Версия для печати
Понедельник, 20 Июнь 2016 04:44

Жол тосмолор жуулуп-тазаланууда

“Ош-Тазалык” ишканасынын жумушчулары жолго коюлган жол белгилерди тазалап, жууп жатышат. Мындай жол белгилер Масалиев, Монуев көчөлөрүнө коюлган. Жолдун ортосуна коюлган тосмо ары-бери өткөн унаалардын көптүгүнөн кир, чаң болуп калган. Мындан улам шаардын көрктүүлүгү үчүн тазалап, жуу иштерин "Ош-Тазалык" ишканасы аткарууда. Ал эми суу менен Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты камсыздап жатат.

 

 

Окулду 817 жолу