Версия для печати
Пятница, 24 Июнь 2016 12:47

Оштун Мичурини - Жаанбай Турсункулов

Көп жылдардан бери колунан кетмен түшпөй, шаарда бош жер болсо ошол жерди чапкылап гүл эгип, сугарып жүргөн Жаанбай Турсункуловдун аты-жөнүн билбесе да жүзүн тааныбаган Оштун тургуну жок болсо керек. 41 жылдан бери өмүрүн шаардын көркүнө арнап, бир ишканада иштеп келе жатканынын себеби бар…

Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башкы агроному Жаанбай Турсункулов:

«Сентябрда гүл эгип, январда гүлдөтүп койгом»

- Мен 1975-жылы Оштогу айыл чарба техникумунун агроном-организатор факультетин аяктагам. Дароо эле Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасына гүл өстүрүүчү мастер болуп ишке кирдим. Ал кезде бул ишканада өзбек, орус улутундагылар иштечү. Облустук китепканадан «гүлдөр» деген китеп алдым. Бир дептерге ар бир гүлдүн мүнөздөмөсүн, аны кантип багуу керектигин жазып чыктым. Ал кезде күнөсканада астра, гвоздика, фрезия, амарилис жана бөлмөдө өстүрүлүүчү гүлдөр бар эле. Бишкекке барып 1000 даана жоогазындын уругун алып келип ноябрь айында эктим. 1975-жылы сентябрда ишке кирсем, астра, гвоздика сыяктуу гүлдөрдү эгип январь айына гүлдөтүп койгом. Ошол замат эле прораб болуп дайындалдым. Маянам 180 сом болчу, ал кезде бул эң чоң айлык акы эле. Бишкектен алып келген 1000 даана жоогазыным 8-мартка гүлдөп калды. Султан Ибраимов губернатор эле, корзина десе корзина, букет десе букет гүл даярдап бергенбиз.

«Жүрөгүмө жакын иш»

- Ошол иштерден кийин 1976-жылы шаардагы скверлерди да мага каратып коюшту. 1984-жылы каралбай калып кеткен питомникти өздөштүрүүнү колго алдым. Роза, жасмин, сирень, спирея, форзиция сыяктуу бадал гүлдөрүнүн 25 түрүн жана жазы жалбырактуу декоративдүү дарактардын 36 түрүн - карагач, ясень, клен, чынар, жаңгак, япон софорасын, мажүрүм талдарды, ийне жалбырактуу дарактардан - туя менен карагайдын түрлөрүн алып келип питомникке эктим. Эмгегимдин баары шаардын көркү үчүн жасалган иштер болду. 41 жыл ичинде 18-19 жетекчи менен иштештик. Менин бул жумушка өмүр бою байланганымдын себеби, жумушту аябай жакшы көрөм, берилип, жоопкерчилик менен иштегим келет. Жүрөгүмө жакын иш. Дем алыш күндөрү да үйдө отура албайм, шаар айланып гүлдөрдү бир сыйра карап келбесем көңүлүм тынчыбайт, сугарчусун сугарып келем. Мени жумушка байлаган дагы бир себеп өмүрлүк жарым Тажикан менен 1975-жылы ушул ишканада таанышып, 1977-жылы баш кошуп, ошондон бери бирге жашап, иштеп келебиз.

Тажикан Турсункулова, Жаанбай мырзанын жубайы:

 «Өкмөттүн айлыгында береке бар»

- Мен 1975-жылы март айында ишке кирген болсом, Жаанбай сентябрь айынан баштап иштеп калды. Пахтага барсак Жаанбайды жетекчи кылып кошуп берчү. Ошентип жүрүп окуу деле калып кетип, 1977-жылы август айында Жаанбайга турмушка чыгып, топуракчы, кетменчи болдум да калдым (күлүп). Ишканада көбүнчө урук, гүлдөр менен иштеп келе жатам. Топуракка малынып, колубуздан кетмен түшпөй жүрүп 3 кыз 1 уулдуу болуп, тарбиялап өстүрдүк. Окутуп, баарын жогорку билимдүү кылдык. Жумушка да, балдардын тарбиясына да жетиштик. Аз болсо да мамлекет берген айлыкта береке бар. Чыдап бир жерде кызмат кылганга эмне жетсин.

Ош 41 жыл ичинде кандай болуп өзгөрсө анда Жаанбайдын салымы өтө жогору. Жасабаган иштери калбады. Дарактары көктөп, гүлдөр гүлдөп калса кубанып калабыз. Эмгегибиз бааланып экөөбүз тең президенттер тарабынан Ардак баракчалар менен сыйланганбыз. Жаанбайдын убактысы бир гана көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатына арналат. Эгер үйгө конок келе турган болсо алар менен бирге кирип келет. Жумуш убактысы бүткөндө да «үйгө кетели эми» десем, «сен бара бер, мен канторадан бир кабар алып коеюн» деп ишканага жөнөп калат.

Сейил бактар баяны

- Шаардагы скверлерди көрктөндүрүүнү 1976-жылы Ош улуттук драма театрынан баштагам. Айланасына кара жыгачтын тоголок болуп кыркылчу түрүн, роза гүл жана бадалдардын түрүн отургузганбыз. Кийин Раззаков, Ош районундагы скверлер, облустук оорукананын, өзбек драмтеатрынын айланасы жана башка көрүнүктүү жайларды көрктөндүргөнбүз. Азыр ал жердеги дарактардын өсүп, жетилгенин, шаарга кооздук бергенин көрүп кубанам. Ош районунда дагы 3 сквер бар эле, кийин алардын баары жок болуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр түшүрүлгөн.

«Өзбекстанды да гүл менен камсыздачубуз»

- 1984-жылы Каракысмак питомнигинде 4  миң м2 күнөскана курулуп, ал жерге гүлдөрдү өстүрө баштадык. Бөлмө гүлдөрү герань, примула, цикламен, бегония, фуксия жана башка 60 түр, күнөсканада гүлдөөчү калла, фрезия, гвоздика, амариллис, астра сыяктуу гүлдөрдү өстүрө баштадык. Ал эми  питомниктин 2 гектар талаасында гүлдөрдүн гладиоз, хризантема, астра, ромашка, түрк гвоздикасы жана башка гүлдөрүн өстүрчүбүз. Кыргызстанды эле эмес, Өзбекстанды да гүл менен камсыздаганга жетишкенбиз.

Мажүрүм талдын Ошко келиши

- Султан Ибраимов 1978-жылы Японияга иш сапары менен барганда мажүрүм тал жагып калат экен. Резиденцияга бараткан жолдун боюнан бизге бир гектар жер берип ага мажүрүм талдын 100 миң даана таякчаларын эккенбиз. Эки жылдан кийин шаардын булуң-бурчуна отургузуп чыктык. Ага чейин Ошто мажүрүм тал жок болчу. Ош шаарына эле эмес бардык аймактарына көчөттөрүн сатканбыз. Раззаков сейил багы толугу менен мажүрүм тал болчу. Ак-Буура дарыясынын, каналдардын жээгиндеги мажүрүм талдарды көрүп, бир топ жыл мурдагы жаш көчөттөрдү эгип жүргөнүбүз элестей берет.

«Мээрим» деп гүл менен жазганбыз»

- Жусуп Шарипов губернатор болуп турган кезде Оштун 3000 жылдыгы өтүп калды. Ош улуттук драма театрынын астына 160 метр жерге «Элим менен», «Эл үчүн» жана «Ош 3000» деп жазып кооздогонбуз. Ошол эле жылы республикалык деңгээлде «Мээрим» фестивалы өткөн. Ошондо «3 күндө «Мээримди» гүлдөтөсүңөр» деген тапшырма берилген. 1-2 күндүн ичинде бакка «Мээрим» деп гүл менен жазганбыз. Жусуп Шарипов абдан ыраазы болуп, «Комбинатка жетекчи бол» деп сунуштап калды. Ал кезде Мухиддинов деген жетекчи болчу. Мага жакшы эле колдоо көрсөтүп, эмгек акымды деле өзүнө барабар берчү. Ошол себептен ал кишинин ордун талашкандай болбоюн деп, сунушка макул болгон эмесмин.

«Губернатор ашык болгон чырмоок роза»

- 1980-жылдары чырмоок розанын көчөтүн эң алгач Мамакеев санаторийинин астына отургузганбыз. Кийин 89-жылдары Өзбекстандан чырмоок розанын түрлөрүнүн калемчелерин алып келип, питомникте өстүрө баштадык. Биздин бул ишибизден кабары болбогон ошол кездеги облус губернатору Батыралы Сыдыков Кытайга барып калып чырмооктолуп өскөн розаны жактырып келген экен. Кийин бизге Мамакеев санаторийинин астында өсүп турган эки түп чырмоок розаны үйүнө көчүрүп берүүбүздү суранды. Мен ага макул болбой, питомниктеги өсүп турган розалардан алпарып эгип бергем.

«Жарым кило урук Оштун көп жерин кооздоду»

-  Ферганага урук издеп барсам бир жетекчиси Ошто туулуп-өскөн киши экен. Тажрыйбалуу агрономдору менен тааныштырды. Алар көбүнчө чынар терек менен алектенишет экен. Жарым килограмм урук беришкен. Алып келип резиденция жактагы мажүрүм тал эккен жерге эккенбиз. Азыр ошол көчөттөр шаардын Масалиев проспектисинде, Ленин, Курманжан датка көчөлөрүндө чоң терек болуп өсүп турат.

«Жаңы жетекчибиз ишкананы кайра көтөрдү»

- Ар бир кесипти сүйүп, идея издеп жашаш керек. Мен жылына сөзсүз жаңылык киргизбесем жүрө албайт элем. Айлык акыларыбыз азайып, айлыктарыбызды төлөй алышпай, мамлекет мага 20 миң сомдой карыз болуп, маянанын ордуна арактарды, эмеректерди берип калган учурлар болгон. Биздин кызмат мурдагыдай шаардагы негизги орунда болбой калган эле. Азыр Айгүл Наватова келип айлыктарды көтөрдү, кызматкерлерди ишке алып, сунуштаган идеябызды колдоп, ага кайдан болсо да каражат таап берип турат. Жумушка өзү кошо аралашып, ишибизге дем берет. Биздин жумуш кайрадан Оштогу негизги ишканалардын бирине айланууда.

Уулбү Каныбекова

Фото Сыдык Токонов

 

 

Окулду 1485 жолу