Версия для печати
Понедельник, 08 Август 2016 03:33

«Пенсиялар өз убагында төлөнүп жатат»

Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча  Социалдык фонд тарабынан ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн жогорку даражадагы диплом менен сыйланган. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы да жакшы. Алгылыктуу иш алып барып жаткан мекемеге баш багып, башчысы Арстанбек Абдуллаев менен маектештик.

Шаардын жарандарын пенсия менен камсыз кылууда социалдык фонд иш алып барат. Айдын 10 нуна жакындап калганда автобустан почта бөлүмдөрүн көздөй жөнөгөн пенсионерлерди көп учуратабыз. Почта бөлүмдөрүнөн болсо топтолгон карылардын кезекке туруп жатканын көрөбүз. Мындай көрүнүштү көргөн адам пенсия тийбей, карылар кыйналып күтүп жаткандай сезимде болору бышык. Алгачкы эле суроо ушул болду, пенсия кечиккен учурлар болобу?

«Пенсия кечигет деген калп, бир ай мурда берип жатсак кайдан кечигет» дейт Арстанбек Ураимович. Анын айтымында, 2009-жылга чейин өткөн айга төлөнчү. К.Бакиевдин учурунда пенсияны бир ай мурда төлөө системасы киргизилген. Ошол бойдон ушул система калып калды. Мисалы, азыр август айында июль айыныкы берилиш керек өзү. Бирок ал айдыкы 15 не чейин эле берилип бүткөн. Азыр пенсионерлерибиз ушул айдыкын күтүп жатышат. Анан 10 болору менен почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин түшүндүргөнүнө карабай эле келип кезекке тура беришет. Муну көргөндөр пенсия кечигип жатат окшойт деп ойлоп калышы мүмкүн.

Дагы бир маселе пенсияны банктардан карточка  аркылуу алуу системасына өтүүдө жаралды. Башында түшүнбөстүктөн улам банктардан карточка менен алууга нааразы болушкан. Карточкасын түшүрүп жиберип, банк болбойт экен деп кайрылгандар көп болду. Эми түшүнүп калышты. Азыр эми ким кандай жол менен алууну өзү тандайт. Каалагандар банкка котортот, каалагандар почтадан ала алат. Банктан эсеп ачтырып, карточка алууга кеткен чыгымдарды соцфонд төлөп берет.

ПИН номерди эми ЖААК берет

Ош шаардык социалдык фондунда 45 кызматкер иштейт. Пенсионерлердин саны  учурда 22 079. Анын ичинен 10 037 пенсионер банк аркылуу тейленет, калганы почтадан алышат. Бул сан көчүп кетүү-келүү, каза болуу, жаңы пенсияга чыгуу менен тез-тез өзгөрүлүп турат. Иш ыргагы  бул жерде такай кызуу жүрүп турат. Анын үстүнө адистер жетишпейт. Өздөрүнүн имараты жоктугунан 2 жерде бөлүнүп жайгашкан. Бир имарат муниципалдык болгондуктан бекер отурушат, берки имарат облсовпрофко карагандыктан ай сайын ижара акы төлөшөт.

Бөлүмдөр: социалдык төлөмдөрдү өндүрүү боюнча; пенсиянын төлөнүшүн  көзөмөлдөө; юридикалык жактар менен иштөө, пенсия чектөө жана кайра эсептөө. Август айынан тартып жекече эсепке алуу ПИН номер берүү иши ЖААКка карап калды.

 

Пенсияга чыгуу курагы

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык эркектер 63 жаш курагында, ал эми аялдар 58 жаш курагында пенсияга чыгууга укуктуу. Ийкемдүү курак боюнча пенсияга токтолсок, бул учурда эркектер 60 жаштан, аялдар 55 жаштан чыга алышат. Бул учурда эркектерге 40 жыл, аялдарга 35 жыл стаж талап кылынат. 5 жана андан көп бала төрөгөн, эң кичүүсүн 8 жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 55 жашта чыгууга укуктуу.

 

Пенсия чектөө үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1.   Паспортунун көчүрмөсү;

2.   Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, эгерде эмгек китепче жоголуп кеткен болсо, анда эмгек стажын тастыктоочу архивдик маалымат;

3.   Жогорку жана орто кесиптик окуу жайда окугандыгы тууралуу дипломдун көчүрмөсү (күндүзгү формадагы);

4.   1996-жылдын 1-январына чейинки пенсионер каалаган катары менен 5 жылдык эмгек акы тууралуу маалымат;

5.   1996-жылдын 1-январынан тартып пенсия чыкканга чейинки мезгилге эмгек акы тууралуу жылдык маалымат (иш берүүчү мекеме тарабынан берилет);

6.   Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, нике тууралуу күбөлүк (аялдарга);

7.   3х4 үлгүдөгү сүрөт 2 даана;

8.   Аскер билетинин көчүрмөсү.

 

•     Турмуштун ар кандай кырдаалында эмгек стажысы жок калган жарандарыбыз да бар. Алар пенсия ала алышпайт, андай жарандарыбыз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан курагы боюнча жөлөк пул ала алышат.

•     Акыркы жылдары пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү боюнча чаралар ырааттуу көрүлүп жатат. Пенсионердин жашоо минимумунан (ПЖМ) төмөн пенсия алгандардын деңгээлин азайтуу тенденциясы колдоого алынууда. Быйыл орточо пенсиянын өлчөмү 4788 сомду түздү (Ош шаарыныкы).

•     Пенсияга чыгууда бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн атайын жеңилдиктер каралган.

•     Пенсия жарандын иштеп жүргөндөгү эмгек акысынан төлөнгөн төлөмгө жараша чектелет.

Кошумча суроолор боюнча 1202 номуруна чалгыла! 

Масим Турсунбекова

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 874 жолу