• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 15 Август 2016 03:31

Мирлан Мурзапазылов: «Америкада мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм»

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Мирлан Мурзапазылов:  «Америкада мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм»

2009-2010-жылдары «Тамашоудо» оюн көрсөтүп, Ош шаарындагы ар кандай маданий иш чараларга катышып жүргөн Мирлан Мурзапазыловду көп жаштар тааныйт. Ар кандай ишке баш уруп, кызыгуусунда чеги жок бул жигит учурда Америкада тамада, видеограф, фотограф болуп иштеп жүрөт.

Мирлан Мурзапазылов:

«Америкада мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм»

- Мирлан, алгач өзүң жөнүндө айтып өтсөң, кайсыл жердин кулунусуң?

- 1991-жылы 8-июлда төрөлгөм. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынан болом. Үй-бүлөдө улуусу болгондуктан, турмушка өз алдымча аракет кылууга бат батындым. ОшМСУнун дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Американы кинолордон көргөн үчүн мага башкача сезимдер пайда боло берчү. Ал жакка барып, тил үйрөнүп, ноутбук сатып алсам деген кыялдар боло берчү. 2-курсумда Мыктыбек Арстанбек устазыбыздын «ТВ академиясында» окуп, ЭлТРде журналистика тармагында стажер болуп жүргөн кезде жарнамадан  "Америкага жумуш жана саякат" деген программаны окуп калдым. Атайын студенттер үчүн 3 айлык каникул убагында Америкага болгон саякат, аны менен катар иштеп келүү экен. Документтеримди даярдап, кабыл алынып калдым. Гүлдөгөн студенттик кез калып, мигранттын жашоосу башталды.

- Америка сени кыялыңдагыдай абалда тосуп алдыбы?

- Биз кыялдангандагы жашоо менен Америкадагы жашоо такыр башкача образ берет. Кыялдагы Америка башка, чыныгы жашоодогу Америка башка экен. Алгач бул жакка журналист Үсөн Акун экөөбүз келгенбиз. Биз Оштон Британиянын англис тилин үйрөнгөн экенбиз, ал эми Американын тили такыр башкача экен. Тилди түшүнбөй маселе жаралган.

Программа боюнча бизди бул жактан бирөө күтүп алып, батирге жайгаштырыш керек эле. Бирок, аэропорттон түшкөндөн кийин ал адамды таппай койгонбуз. Кеч кирип баратат, эптеп уктаарга жай табыш керек болду. Бизге жумуш берүүчүнүн адреси бар экен. Ошону издеп жөнөдүк, аны таап, уктоого жайланганбыз. Америкага алгач 3 айга келгем. Бирок, 3 айда тил үйрөнөм, кыйратам деп түзгөн пландарымдын бирине да жетише албадым. 3 айдан кийин дагы калууга туура келди. Ошондон кийин атайын колледждерге барып, Американын тилин үйрөндүм. Азыр тил жагынан кыйратам дебесем да, нан таап жегенге сөз байлыгым жетет.

- Алгач жумушту эмнеден баштадың?

- Алгачкы жумушум үйлөрдү бир штаттан экинчи штатка көчүрүп берчү компаниядан башталды. Көчөм деген адамдардын үйүн жыйнап, буюмдарын канчанчы бир кабаттан ташып түшүп, унаа менен башка штатка алып барчубуз. Анын арты менен көп штаттарды кыдырдым. Чынында эч жерде оңой оокат жок. Алгачкы жумушумдун оорчулугу Флорида, Аризона сыяктуу түштүк штаттардын 45-47 градустук ысыгында болду. Эшикте басып жүрө албайсың, ошол учурду Америкага келгендеги оор күндөр деп айтат элем. Ата-энеден алыстагандан кийин бизди жашоо өзү эле тарбиялап коет экен. Канчалык кыйынчылык болбосун бул жакка келгендеги ар бир күнгө ыраазымын.

- Сен алып барган тойлордун видеосун көрүп жүрөм. Тамадалыкты бул жактан эле үйрөндүң беле?

- Университетте окуп жүргөндө чоң концерт, тойлорду алып барып жүргөн Мурас Раев деген агабызды ээрчип жүрүп той алып баруунун жолдорун үйрөнгөм. Нью-Йорктон Чикагого келип бир тааныш агабыздын тоюна катышып калдым. Ошондон улам той алып баруу сезими ойгонуп, тамадалык кыла баштагам. Бул штаттагы кыргыздардын биримдүү, меймандостугуна аябай таң калгам. Мурдатан кинолордун тартылуусуна, белгилүү режиссерлерго кызыга берчүмүн. Бул жакка келип ар кандай студияларда иштедим, ошентип жүрүп той тартканга өттүм. Ар улуттун тойлорун ар башка жол менен тартасың. Азыр ошонун баарын өздөштүрүп калдым.

- Америкада сени кыйнаган эмне болду?

- Алгач акча меселесинен кыйынчылык жаралбай койбойт. Мага окшогон ар бир мигранттын алгачкы 3 айы кыйынчылык менен өтөт. Программадагы жумуш ордубузга башка өлкөдөн дагы 6 студент келип калган. Жумушка кезектешип 2-3 күндө бир чыкчубуз. Ошол учурларда тыйын жагынан кыйынчылыктар болду. Жумуртка менен нан гана жеп калганбыз.

- Чет өлкөлүктөрдүн тойлору менен биздин тойлордун айырмачылыгы кандай экен?

- Америкалыктардын, индустардын, арабдардын, тажиктердин, кениялыктардын, африкалыктардын жана башка көптөгөн улуттардын тойлорун видеого тарттым.  Биздин тойлордон алардын тойлорунун айырмачылыгы өтө чоң. Биз дасторконду дүйүм тамактарга толтуруп, кошумчаларды алып барып, каалоо-тилектерди айтып өткөрөбүз. Мен сиздерге индиялыктардын тоюнан айтып берейин. Алар чоң бир залды алышат да, аз убакытын расмий салтанатка арнашат. Андан кийин чакан гана швед столунан тамактанышып, калган 7-8 саатын токтобой бийлешет. Кинодо кандай болсо дал эле ошондой болуп кыздар бир тарап, балдар бир тарап болуп бөлүнүп алып, алдыда кимиси болсо ошону туурап бийлей беришет. Каалоо- тилекти ата-энеси, бир туугандары, жакын досу гана айтат. Ар бир коногу сюрприз катары бий даярдап келишет. Дасторкон жасап, куттуктоо айткан жагынан биздин, орустардын жана украиндердин тойлору окшош.

- Материалдык жетишкендиктериң туурасында сурайын дегем?

- Фотография, видеография тармагы Америкада жогору бааланат. Америкалыктар учурду, бактылуу мүнөттөрдү өзгөчө баалап, архивге сактап калгысы келген калк. Менин аткарып жаткан жумушум эң кирешелүү тармак. Кыргызстанда өзүмдүн алдыдагы турмуш-шартымды аз да болсо түптөп алдым. Андыктан бул суроого Кудайга шүгүр деп эле жооп берейин. Ал эми Америкада өзүм эңсеп жүргөн студиям бар. Аны керектүү аппаратуралар менен жабдып алгам.

-Мекениңе келип өз кесибиң менен иштөө планың барбы же башка бизнес  менен алектенесиңби?

- Видеография кесибимди дагы да өстүргүм келет. Бул жаатта билим да алсам деп максат коюп жатам. Кудай буйруса, өз өлкөмдүн кино тармагына салым кошсом деген ниеттерим бар.

- Өз жериңдин эмнесин көбүрөөк сагындың?

- Абасын абдан сагындым. Биздин жердин абасы өтө сонун. Барып калсам өпкөмдү жара дем алат болушум керек.

- АКШда батир маселеси кандай?

- Батир маселеси ар түрдүү. 800 доллардан баштап,  1500-2000 долларга чейин. Шарттары абдан сонун.

- Америка башка өлкөлөргө караганда мигранттарга кандай шарт түзгөн?

- Америкада мигрант менен мамлекеттин жаранынын эч кандай айырмачылыгы жок. Жумушка орношуп жатканда же чет өлкөгө чыгып-кирип жатканда эле маселе болбосо, штаттын ичинде эч ким мигранттарга тоскоолдук жаратпайт. Америка өзү мигранттардан куралган өлкө болгону үчүн эч кандай кысым болбойт.

- Америка сени эмнеси менен таң калтырды?

- Бир дин аалымы «Европада исламды көрдүм, бирок мусулмандарды көрбөдүм. Ал эми кээ бир мусулман мамлекеттерде мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм» деген. Мен да айтат элем, Америкадан мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм. Себеби, бул жактагы адамдар мусулман болбосо да исламдын принциптери менен жашагандай аруу, таза, жөнөкөй адамгерчиликтүү, аманатка бекем сыпаттарга ээ болушат.

- Мирлан, маек куруп бергениңе чоң рахмат! Тилектериң, максаттарың орундалсын, батыраак өз мекениңе кайтып келишиңе тилектешпиз.

- Биздин кусалыкты жеңилдетип, ал абалыбыздан кабар алып тургандыгыңыздар үчүн «Ош шамы» гезитинин жамаатына ыраазычылык билдирем. Деги эле бул жактагы кыргыз жаштарынын атынан элиме салам айтам. Силерди аябай сагындык. Элибизде тынчтык, жакшылык күндөр көп болсун!

Уулбү Каныбекова

 

 

Окулду 3951 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Дүйнө
Ушул категориядагы башка материалдар: « Жакартада жарылуу болду Чет жердеги жаштарыбыз »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved