Версия для печати
Понедельник, 15 Август 2016 03:40

Чет жердеги жаштарыбыз

Биздин «Журтташтар» рубрикабыз жаш экенине карабай чет өлкөгө чыгышып, өз буттарына туруп жаткан балдар-кыздарга арналат. Чынында мындай жаштар көп. Алардын ичинен башкаларга үлгү боло ала турган жигиттердин учурдагы турмуш шартынан кабар алуу максатында интернет аркылуу байланыштык.

Сейитбек Эралиев, Кореянын Сеул шаарында мигрант:

 «Корейлерден үйрөнчү нерселер көп»

- Сейитбек, салам! Чет өлкөдө кыйналган жоксунбу?

- Мен Кореянын Сеул шаарына жакын Янгжу ши Баексок деген жеринде, байкоочу камералардын аппараттарын чыгарган заводдо иштейм. Менден кийин дагы 3 бала келди, жалпы 4 кыргыз бала иштейбиз. Бул жакка келгенимде 2 чоң кыйынчылык болду. Биринчиси тамак-аштан, анткени буларда тамактары ачуу, анан нандын ордуна күрүч жешет. Тамактарына туз кошушпайт. Экинчиси тилден кыйналдым, себеби мен үйрөнүп келген сөздөрдү анча деле колдонушпайт экен. Көбүнчө көчө сөздөрү менен сүйлөшөт. Жаңы келгенде баарында эле 2-3 ай кыйынчылык болот экен, азыр көнүп калдым. Мекенимди сагындым.

- Ал жакка кандай жол менен барып калдың эле?

- Кыргызстан менен Кореянын  ортосунда эмгек  келишими бар. Ошол келишимдин негизинде келгем. Келишим алгач  3 жылга түзүлөт. Кааласаң дагы 1 жыл 10 айга узартса болот.

- Ал жакта сени эмне таасирлентти?

- Кореяда эң таасирленгеним, булар аябай чынчыл, анан эмгекчил болушат экен. Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, ошол замат чечишет. Жумуш да үзгүлтүккө учурабайт. Баары өз нугунда кете берет. Анан жардам сурасаң жан дили менен кол сунушат. Кызматкерлерге да шарттарды түзүп беришет. Жатакана, тамак-аш маселесин директор чечип берет.

- Корей жигиттерине турмушка чыгып, ал жакта жашоо кечирип жаткан кыргыз кыздарын кезиктирдиңби?

- Мен жеке өзүм кезиктире элекмин. Бирок, мигранттарга көп жардам берип жаткан эжелер бар дешет.Көпчүлүк кыргыз балдарга аянбай жардам беришет деп угуп калам. Улуттук даамдарды жасаган кафелерди да ошол эжелер иштетет. Бирок, алардын баары корей жигиттерге турмушка чыкканынан кабарым жок. Жаңы келген балдар менен заводдун директорунун ортосуна котормочу да болуп беришет. Кээде жумуш алмаштырыш керек болсо да балдар ошол эжелерден жардам сурашат.

- Кореяга барып иштөөнү өзүң максат кылдың беле?

- Кореяга келүү оюмда жок эле. Окуп жүрүп аны менен катар «Ош шамы» гезитинде иштеп жүрдүм. Бешенеме жазган экен, ырыскымды ушул жактан таап жеп жатам. Буюрса, ата-энемдин ак сүтүн актап, бир туугандарыма эли-журтума колуман келген кызматты кылсам деген ниетим бар. Анан эркек бала үчүн үй-бүлө куруу, үй-жай күтүү милдети артылган эмеспи, ошол милдеттерди аткаруу керек.

- Сыр болбосо канча айлык аласың?

- Бул жакта айлык орточо эсеп менен 1200 АКШ долларына чыгат. Анан кошумча иштеп калганда андан да көп алган учурлар болот. Жыл сайын айлыктар көтөрүлүп турат.

- Кыргыз даамдарын сагынсаң керек?

- Өзүбүздүн ашканабызда кыргыз балдар аш демдеп жеп турабыз. Анан ар шаарларда биздин тамак-ашка окшош өзбек, монгол ашканалары тамак даярдашат. Жакында«Кырхан» деген кыргыз ашканасы ачылды. Ал жерге да кыргыз мигранттары бат-бат барып турат. Февраль айында «Соль Наль» - «Чыгыш жаңы жылы» деген майрамда, август айынын баштапкы күндөрүндө жана сентябрда «Чусок», бизче «түшүм же күз» майрамында 4 күндөн дем алыш күн болот. Ошондо тааныш балдар топтолуп башка шаарларга эс алууга барып, жер кыдырып келебиз.

- Туулган жер, ата-энеден алыстоо кандай сезим жаратат экен?

- Мен  Өзгөн районунун 1-Май айылында 1993-жылы төрөлгөм. Туулган жер, ата-эне кадырын мурда тилим менен же акыл-эсим менен гана элестетип келген болсом, азыр жон терим менен сезип жатам. Келгенден бери ата-энеме, мекениме болгон кусалык сезимим бөксөрбөй келет. Сагынычым күч алууда. ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатам. Буюрса, келаткан жаз айларында аяктап калам. Ошондо экзамен тапшыруу учурунда Кыргызстанга барып келем деген оюм бар. Келгениме 2 жылдан ашып калды.

(Уландысы 16-бетте)

 

 

Окулду 1714 жолу