Версия для печати
Вторник, 13 Сентябрь 2016 04:21

Малдын эти 280 сом болду

Ош шаарынын мэриясында 7-сентябрь күнү атайын жумушчу тобунун отуруму болуп, анда азык-түлүккө баа коюу маселеси каралды. Отурумда биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров шаар тургундары малдын этин арзандатып берүү маселеси менен кайрылып жатышкандыгын айтты.

-Азыркы учурда шаарда мал этинин килограммы 300 сом. Монополияга каршы күрөшүү комитетинин мониторингинин жыйынтыгы боюнча 280 сом кылып арзандатса болот. 2 күндүн ичинде бардык павильондорго бул бааны киргизүү зарыл,-деп белгиледи З.Аскаров.

 

Ошондой эле З.Аскаров монополияга каршы комитетке ай сайын мал этине баа коюу боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тапшырма берди.

Окулду 816 жолу