• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Жаңылыктар

Жаңылыктар (691)

Тарыхый инсандарга таазим

Понедельник, 05 Сентябрь 2016 04:10 Автор Бекмурат
Тарыхый инсандарга таазим

31-августта көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюу аземи болду. Шаардын көрүнүктүү жерлерине коюлган А.Орозбековдун, С.Ибраимовдун. И.Раззаковдун жана Алымбек датканын айкелдерине   гүлчамбарлар коюлуп, эскерилди.

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

Понедельник, 05 Сентябрь 2016 04:05 Автор Бекмурат
Сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

27-август күнү Ош шаарындагы Дельфин сууда сүзүү бассейнинде шаардык Кеңеш, шаардык мэрия, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сууда сүзүү мелдеши болуп өттү.

Анда үч категорияда 20-30 жаш, 31-40 жашка чейин, 41 жаштан улуу жаштагы катышуучулардын ортосунда мелдеш болду.

Мелдешке Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Р.Касымов, С.Назылбеков, И.Турдуев, А.Камалов, М.Аматбеков жана шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлери катышты.

50  метр  аралыкта  сууда  сүзүүдө өздөрүнүн шамдагайлыгын шаардык Кеңештин депутаттары А.Камалов, М.Аматбеков, С.Назылбеков көрсөтүштү.

Эстафета 25 метр аралыкта Ош шаардык Кеңешинин курама командасы экинчи орунду ээледи. Жыйынтыгында биринчи орунду Ош шаардык мэриясы, экинчи орунду шаардык Кеңештин депутаттык корпусу, үчүнчү орунду ММК өкүлдөрү ээлеп, мелдештин катышуучулары уюштуруу тобунун баалуу белектери менен сыйланышты.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Мугалимдердин Август кеңешмеси болду

Понедельник, 29 Август 2016 05:05 Автор Бекмурат
Мугалимдердин Август кеңешмеси болду

25-августта С.Ибраимов          атындагы Ош улуттук драма театрында «Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, жаңы жагдайлар жана жаңы чечимдер» аттуу Ош шаарындагы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин Август конференциясы болду. Ага КРнын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү А. Муратов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош ШБББнын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Байзаков шаардагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, ардагер жана жаңы ишке киришкен мугалимдер катышты.

Конференция билим берүү кызматкерлеринин 2015-2016-окуу жылында аткарган иштерин чагылдырган көргөзмө менен башталды.  Катышуучулар алгач 8 багытта уюштурулган көргөзмө менен таанышышты. Андан соң кеңешме расмий түрдө ачылып, жаш адистерди кабыл алуу аземи болду. Ардагер мугалимдер насаат сөздөрүн айтышып, жаш адистер ант беришти.

-Билим берүү системасынын негизги өзөгү болгон билим сапаты жана мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү  мугалимдердин гана эмес, баарыбыздын милдетибиз. Жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрларга муктаждыгы анча сезилбегени менен жетишсиздик бар экендигин белгилөөгө болот. Жаңы окуу жылына карата 214 мугалимге талап болгон болсо, 106 адис ишке кабыл алынды”,-деди А.Кадырбаев.  

Андан соң жаңы окуу жылына жолдомо алышкан 106 жаш адистин ичинен, атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган  20 адиске А.Кадырбаев баалуу белек катары заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.

 

Ал эми Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов мугалимдерди куттуктап сөз сүйлөп,  шаардык Кеңештин атынан алдыңкы мугалимдерди сыйлады.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүн мэрия төлөйт

Понедельник, 29 Август 2016 05:03 Автор Бекмурат
Тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүн мэрия төлөйт

Өлкөдө биринчи жолу Оштогу бала бакчалардын кызматкерлерине коммуналдык төлөмдөрү үчүн  жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 25-августта болгон билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмесинде билдирди.  -2017-жылдан  баштап  мектепке  чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенген, бала баккан кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 жарым миллиондон ашуун акча каражаты төлөнүп берилет. Ош шаарынын мэриясы мүмкүнчүлүккө жараша мугалимдерге да ар  тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатат. 2016-жылдын биринчи жарым жылында эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен  3065 мугалимдин коммуналдык чыгымдары үчүн   4 млн. 703 миң 700 сом акча төлөнүп берилди. Ушундай эле төлөм жаңы окуу жылында да улантылат,-деди А.Кадырбаев.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Футболчу депутаттарыбыз 2-орунду ээлешти

Понедельник, 29 Август 2016 05:02 Автор Бекмурат
Футболчу депутаттарыбыз  2-орунду ээлешти

Шаардык Кеңештин депутаттарынын кичи футбол боюнча командасы 18-21-август күндөрү Балыкчы шаарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында «Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө» деген ураан менен өткөрүлгөн мелдешке катышып келди.

Биринчи айлампага төрт шаардык команда Ош, Токмок, Майлуу-Суу, Кара-Көл беттешип, Ош жана Токмок шаарлары утуп чыкты.

Экинчи айлампада Ош шаары Токтогул шаарын 2-2 эсеби менен тең чыгып пенальти тебүүдө 3-2 эсебинде Ош шаары жеңип чыкты. Кайыңды шаары беттешүүдөн баш тартып, финалга Ош шаары менен Балыкчы шаары чыкты.

 

Финалда 3-2 эсебинде Балыкчы шаары 1-орунду ээледи. Ош шаары 2-орун, Нарын шаары 3-орун, Токмок шаары 3-орунду ээледи.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Коомдук унааларда элдик ыр-күүлөр жаңырат

Понедельник, 29 Август 2016 05:00 Автор Бекмурат
Коомдук унааларда элдик ыр-күүлөр жаңырат

31-август күнү Ош шаарында мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата бир катар майрамдык программалар тартууланат. Майрам күнү шаардын борбордук аянтында аскердик парад, өлкө эгемендик алгандан бери чейрек кылымда басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок жана шаардыктардын майрамдык салтанаттуу жүрүшү болот. Борбордук аянтка селкинчектер орнотулат. Курманжан датка, Манас-Ата кичи районунда, Алымбек датка, Каныкей, Ата-Түрк сейил бактарында майрамдык шаан-шөкөт, оюн-зооктор өтөт.

Спорт сүйүүчүлөрү үчүн шаардык стадиондо ар түрдүү спорттук оюндар, конкурстар, Навои эс алуу багында шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулат. Токтогул, Навои атындагы жана “Жаштар» сейил бактарында майрамдык соода-сатык уюштурулат.

 

Эгемендүүлүккө карата калаадагы 4 эс алуу багы интернет менен камсыз болот. Акысыз вай-фай Жеңиш, Ата Түрк, Алымбек датка жана И.Раззаков атындагы эс алуу жайларына орнотулат. Интернетке уланган эс алуу жайларында ай сайын маданий иш чаралар, ар кандай сынактар өтүп турат. Ошондой эле өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына урматына шаардагы коомдук унааларда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырат.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Куруучулар сыйланышты.

Понедельник, 29 Август 2016 04:08 Автор Бекмурат

Жыл сайын август айынын экинчи жекшембисинде куруучулар кесиптик майрамдарын белгилешет. Бул күндү утурлай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана турак жай- коммуналдык мамлекеттик агенттиги Ош шаарындагы курулуш тармагында жигердүү эмгектенген кызматкерлерди Ардак грамоталар менен сыйлашты. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын эки кызматкерин сыйлыктары менен куттуктап, алардын ийгилик формуласы тууралуу ой бөлүштүк.  

Суфия Шевченко, башкармалыктын инженердик-техникалык пландоо жана даярдоо боюнча жетекчиси:

«Өмүрүмдүн 35 жылын шаарга арнадым»

-Мен буга чейин да курулуш тармагында көп эмгектенгем. Ийгилик формуласы деген бул - иштеген ишиңди сүйсөң өзүңдү толугу менен ал ишке арноо деп эсептейм. Анткени, сенин аткарган ишиңди бирөө көрүп кубануусу керек. Иште эч кимди артка тартпоо зарыл. Бул принциптердин баары мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү. Адам иште өзүнө ишенимдүү болуп, ошол эле мезгилде өзүнүн ишин мыкты билүүсү керек деп эсептейм.  Аткарган иштеримдин баары Ош шаары үчүн деп билем. Элдин кубанычы үчүн, шаар үчүн иштегим келет. Сыйланаарым тууралуу билген эмесмин. Бирок бул грамотаны алгандан кийин өзүмчө ойлонуп калдым, эмгегим текке кетпептир, жөн жерден иштебептирмин деп.

Мен өмүрүмдүн 35 жылдан ашыгын шаарга арнадым десем болот. Түрдүү сферада иштесем да шаар үчүн иштедим. Бүт аракетимди элге жумшадым. Өзүмдү толугу менен ишке арнадым. Рахмат, ишеним арткандар үчүн. Өлкө үчүн кызмат кылууга даярбыз!

Владимир Ильич Пак, башкармалыктын башкы адиси:

«Бул сыйлык мен үчүн чоң стимул»

-Быйыл менин курулуш тармагында иштеп калганыма 21 жыл болуп жатат. Ал эми бул мекемеде иштегениме 10 жылга чукул убакыт болду. Мен бардык иште нөлдөн баштаганды жактырам. Мисалы, өзүм курулушта алгач ар түрдүү иштерди жасап жүргөн кадимки жумушчу болуп иштөөдөн баштагам. Кийин мастердин жардамчысы, мастер сыяктуу тепкичтерди басып өттүм.

Ийгилик формуласы бул - ар дайым өзүң менен өзүң иштөө, өнүгүүгө, билимге карай умтулуу деп эсептейм. Менин кесиптерим көп,  4 дипломум бар. Алгач курулуш тармагы боюнча техникумду, андан соң университетте инженер-электронщик адистигин, кийин курулуш тармагы боюнча жогорку билимге ээ болдум. Акыркы дипломум президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаганым боюнча. Бул сыйлыкты алуу күтүүсүз болду, абдан кубандым. Мен үчүн чоң стимул болот.

Элира Чынтемир кызы

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Ажылык сапарга быйыл 342 адам барат

Понедельник, 22 Август 2016 05:16 Автор Бекмурат
Ажылык сапарга быйыл 342 адам барат

15-августта Сулайман-Тоо мечитинде жарандарды ажылык сапарга узатуу иш чарасы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, ажыга баруучулар жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев зыяратчыларга ажылык сапарга аман-эсен барып келүүлөрүн айтып, кыргыз жерине, анын ичинде Ош шаарынын тынччылыгы үчүн дуба кылуусун суранды.

“Баарыңыздарды карап туруп жүзүңүздөрдөн тазалыктын, боорукердиктин нуру чачып жатканын көрүп турам. Ажылык сапар дал ушунусу менен айырмаланат. Мусулманчылыктын бир парзын аткарып ажылык сапарга аттанып жатасыздар, ийгилик менен барып келиңиздер. Сүйүктүү пайгамбарыбыз туулуп-өскөн жана ислам дини алгачкы жаралып ааламга жайыла баштаган ыйык жерлерди көрүү адамдардын жан дүйнөсүнө кубат берип, диний ишенимдерин күчөтөт”, -деди А. Кадырбаев.

 

 Ош шаардык казыятынын маалыматы боюнча, быйыл шаардык казыятка Меккеге зыярат кылууну көздөгөн 604 шаар тургуну кайрылган. Чүчү кулактын негизинде 342 жаран тандалып алынган. Аларды жөнөтүү 19-августтан 19-сентябрга чейин уланат.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Куруучулар сыйланышты

Понедельник, 22 Август 2016 05:13 Автор Бекмурат
Куруучулар сыйланышты

12-августта куруучулар күнү салтанаттуу белгиленди. Салтанатка  Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, бөлүм башчылар, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар катышты. Замирбек Аскаров калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоосун жеткирип, оштук куруучулардын шаардын көркүнө, өнүгүүсүнө салым кошуп, түштүк борборун  туурасынан эмес, тигинен өстүрүп жаткандыктарын баса белгиледи.

-Үстүбүздөгү жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 28 курулуш объектилерин куруу  пландаштырылган. Аларды ишке ашырууда сиздер сыяктуу дасыккан куруучулардын, архитекторлордун эмгеги чоң. Жакынкы аралыкта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата да куруучулардын эмгеги менен тургузулуп жаткан бир топ социалдык объектилерди шаардыктарга тапшырабыз. Сиздердин Ош шаарынын гүлдөп-өсүүсүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис, - деди З. Аскаров.

 

Салтанатта Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде куруучулардын кесиптик майрамына карата, шаардагы курулуштарга кошкон салымы үчүн 20 га жакын куруучу жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлери  Ардак баракчалар менен сыйланып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

«Жапалак» унаа базарына рейд болду

Понедельник, 22 Август 2016 05:10 Автор Бекмурат
«Жапалак» унаа базарына рейд болду

  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругуна ылайык, автотоктомолорду жана коюп туруучу жайларды тартипке салуу боюнча «Жапалак» унаа базарына атайын рейд жүргүзүлдү. Рейдке шаардын тийиштүү кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн, салык инспекциясынын, муниципалдык менчик башкармалыгынын, мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө 10 дон ашык жеке менчикке караган автотоктомолор жана коюп туруучу жайлар текшерилип, уруксат берилген документтери текшерилди. Бул жайлардын ээлерине уруксат алуу үчүн жана салык кызматына патент алуу үчүн бардык документтерди даярдоону айтышты. Коюлган талаптар аткарылбаса мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы үчүн бул жайлар жабылаарын эскертишти. Мындай рейддер бир ай бою шаардын бардык жерлеринде жүргүзүлөт.    

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Айтмамат Кадырбаев ОшМУнун Enactus командасын кабыл алды

Айтмамат Кадырбаев ОшМУнун Enactus командасын кабыл алды

Жапарбек Ормонов Enactus командасын кабыл алды

Жапарбек Ормонов Enactus командасын кабыл алды

Аймактык кеңештердин жаңы жобосу иштелүүдө

Аймактык кеңештердин жаңы жобосу иштелүүдө

14 маселе каралган отурум

14 маселе каралган отурум
  • В начало
  • Назад
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • Вперёд
  • В конец
Страница 40 из 50

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved