16-август күнү Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия –А.Осмонов, Г.Эсенбаева, А.Мадаминов, Е.Рузиева, шаардын вице-мэри Н.Кадыров “Жаштык” балдар лагеринде болушту. Депутаттар “Жаштык” лагеринде эс алып жаткан “Алтын уя” үй интернатынын, “Боорукердик”, Терешкова атындагы мектеп- интернатынын окуучуларына белектерди тапшырып, алардын жашоо шарттары менен жеринде таанышышты.
Ж.Ормонов “Жаштык” лагериндеги балдар үчүн түзүлгөн шарт менен таанышып, лагердин капиталдык ремонтун, балдардын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу жагын 2017-жылга карата толук чечип берүү керектигин билдирди.
Ар кайсы максатта мамлекеттик чек арадан күнүнө орточо эсеп менен 45-50 миң адам өтөт. Алардын катарында чет өлкөлөргө чыгып, эмгектенүүгө кетип жаткан мекендештерибиздин саны арбын. Тилекке каршы, дал ушул эмгек мигранттары арасынан мамлекеттик чек араны бузууга аракет жасаган фактыларды чек арачылар дээрлик ар күнү катташууда.
Ар кандай себептер менен бөтөн адамдын документин көрсөтүп чек араны кесип өтүүгө аракеттенген жарандардын көпчүлүгү алардын мындай кадамы мыйзамга туура келбестигине көз жаздым мамиле жасагандыгы өкүнүчтүү. Ошондой эле жасалма документтер менен чек арадан өтүүгө аракет жасаган адамдар кыраакы чек арачылардын текшерүүсүнөн өтүүдө аныкталууда. Мындан тышкары көзөмөл-өткөрүү жайынан тышкары жерде чек араны кесип өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына жолтоосуз кирип кетем деген ойдо сапар тарткан жарандардын кармалган фактылары да арбын кездешүүдө. Мындай көрүнүштүн бардыгы жарандардын чек араны кесип өтүүгө эрежелери менен толук тааныш эмес экендиги жана аны бузган учурда кандай жоопкерчиликке тартылышаарын билбестигин далилдеп жатат.
Ошол себептен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды чек араны кесип өтүү эрежелери менен таанышууга үндөйт. Себеби чек арадан өтүүдө жарандардын мыйзамсыз аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине ылайык жазаланат. Тагыраак айтканда, мыйзамга туура келбеген кадамдар менен чек араны кесип өтүүгө аракет жасаган жарандар административдик айып тартуудан баштап беш жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилигине тартылаарын мекендештерибиз эске алуусу керек.
Чек ара кызматынын басма сөз кызматы
11-август күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөнүн курулушунан кабар алды. Учурда Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирчү бул көпүрөнүн курулуш иштеринин 70 % бүттү.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы көпүрө менен биргеликте дагы эки чоң долбоор ишке ашып жаткандыгын айтты.
- Көпүрөнүн курулушунун акыркы иштери калды. Буюрса, 31-августта Эгемендүүлүк майрамында шаардыктарга тапшырабыз. Аны менен катар Түштүк чыгыш кичи районундагы көпүрө менен жанаша турган “Жеңиш” багы пайдаланууга берилет. Ал эми бул эс алуу жайга кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулат”, - деди А. Кадырбаев.
Айта кетсек, көпүрөнүн курулушу “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73 млн. сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн. сомду түзөт. Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр. Көпүрө Курманжан датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айылдык аймагын бириктирип турат.
Ал эми эстелик тууралуу айтсак, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги “Жеңиш” багына күз айларында коюлат. Архитекторлордун айтымында, бул эстелик кино актердун өлкөдөгү эң алгачкы эстелиги болмокчу.
6-августта Кара-Суу шаарында аралаш таймаш боюнча Кыргызстан менен Борбордук Азиянын курама командаларынын ортосунда турнир болуп өттү.
Турнирдин ачылыш салтанатына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» улуттук күрөшү боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев, Кара-Суу шаарынын мэри, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Турнирде 25 эл аралык беттешүү жана 3 күрөш болуп, 9 миңден ашуун күйөрмандар күбө болушту.
р даярдалып барат.
4-августта вице-мэр Асылбек Топчубаевдин катышуусунда 2016-2017-жылдардагы кышкы жылуулукка даярдык боюнча штабдын отуруму болду. Отурумга шаардагы бардык коммуналдык кызматтардын, мекеме, ишканалардын жеткечилери жана аймактык кеңештердин төрагалары катышты. «Жылуулук камсыздоо», РЭТ жана ТЭЦ ишканаларынын жетекчилери даярдыктын жүрүшү боюнча сөз сүйлөштү.
Ош шаарынын ТЭЦинде 3 отказан бар, анын экөө кышка толугу менен даяр. 7500 тонна мазут даярдалды (норма – 7000 тонна). Ал эми «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын 74 отказанынан учурда кыркы кышкы сезонго толук даяр болду. Иш графиги боюнча бардык отказандар даярдалып барат.
Ош шаардык ИИБ ата-энелерге, жалпы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Балдарыңыздарды көзөмөлдөп, ысык аптапта сууга түшүүдө сак болууларын эскертет. Ош шаарында ушул жайда 20га жакын адам каза тапты. Тең жарымы жаш балдар. Баштапкы жылдарга салыштырганда сууга чөгүп каза болгондордун саны быйыл калаада көп катталды. Ошондуктан урматтуу жарандар, сууга түшүүдө өзүңүздөргө этият болуңуздар. Айрыкча балдарды катуу көзөмөлдөө керек.
Август айынын башынан тартып шаарда таза сууну колдонуу эрежелери боюнча мэриянын атайын комиссиясы «Ошшаарсуу канал» менен биргеликте рейд жүргүзүүдө. Рейдде негизинен жеке жана коммерциялык обьекттердин сууну үнөмдүү пайдалануусу текшерилди. Сууну көп өлчөмдө иштеткен жерлердин -унаа жуучу жайлар, жеке бала бакчалар, ресторан-барлар, кафе, бильярддык клубдар, чайканалардын суу ченөөчү эсептегичтери текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жайлардын суу эсептегичтери жок, болгондорунуку бузук, иштебей тургандыгы аныкталды. «Ошшаарсууканал» менен келишим түзбөгөндөрдүн суу түтүктөрү кесип салынды.
Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдиргендей, комиссиянын иши калаа башчысы А.Кадырбаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатат.
-Шаардын айрым жерлеринде суунун тартыштыгы сезилип жаткандыктан сууну үнөмдөбөй, кор тутуп иштетип жаткандарды эскертип коюуга туура келүүдө. Эгерде суу чарбасы менен келишим түзүп эсеби менен иштетсе бир жөн. Сууга этият мамиле жасабаган жайларга суу берүү токтотулат, -деди А.Топчубаев.
Комиссиялык топ Анар, Кулатов, Төлөйкөн кичи райондорунда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыкта болуп суу пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен сууга кайдыгер мамиле жасагандарга тезинен чара колдонбогондордун суусу өчүрүлөрүн эскертишти.
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректордук кызмат ордуна шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу бизге окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Шайлоого жалпысынан 4 талапкер ат салышып, жыйынтыгында ОГПИнин баштагы ректору Бекмурза Зулуев шайлоочулардын 94% колдоосуна ээ болду.
Эскерте кетсек, окуу жайдын ректордук кызмат ордунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, министрликтин чечими менен аталган кызмат орунга шайлоо өткөрүү туурасында буйруктун негизинде өткөрүлдү.
Шаар башчысы А.Кадырбаев студенттер менен жолугушкан учурда «эс алуу бактарына акысыз вай-фай орнотуп берем, эс алганча интернет пайдалана аласыздар» деген эле. Бул боюнча кандай иштер жүрүп жатканын мэриянын жаштар иштер боюнча комитетинин төрагасы С. Аманиллаевден сурадык. «Бул боюнча акча каражаты да бөлүнгөн. Сентябрь айынан баштап шаардагы төрт: Ататүрк, Навои, Жеңиш, Космонавттар эс алуу багында wi-fi орнотулат. Биз атайын программа түзүүчүлөрдүн клубун ачып, ай сайын семинар, тренингдерди уюштуралы деп жатабыз. Мындай учурда жогорку ылдамдыктагы интернет керек болот. Муну да ойлонуштуруп жатабыз» деп билдирди.
ӨткөнаптадаКара-СуурайонунакараштууКызыл-Кыштакайылаймагындаөртчыкты. ШамшатжанаНавоитаркөчөлөрүндөөртчыгып 10 үйкүйүпкетти.
7-августкүнүкечкемаалчыкканөрттөн 10 үйжабыркады. ЖабыркагандаржанакурманболгондоржокдепбилдиретӨКМнинОшшаарыбоюнчамамлекеттикөрткызматыбашкармалыгы. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген зыяндар эсептелүүдө.
ont-family:"Times New Roman","serif"'>алыпбаруунусунушташты.
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...