• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Жаңылыктар

Жаңылыктар (718)

Ооганчылар эскерилди

Четверг, 25 Февраль 2016 04:20 Автор Бекмурат
Ооганчылар эскерилди

15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган иш чара өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б. Юсупов, шаардык Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди эскеришти.

 

Иш чаранын жүрүшүндө, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү, үзүрлүү ак эмгектери үчүн Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан демократиялык республикасынан чыгарылганынын 27 жылдыгынын урматына  20дан ашуун интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын, шаардык Кеңештин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан сырткары, Афганистан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары  ыйгарылды.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

“ОшМУда кыш – 2016” маданий-спорттук иш чара өткөрүлдү

Понедельник, 15 Февраль 2016 05:32 Автор Бекмурат
“ОшМУда кыш – 2016” маданий-спорттук иш чара өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулган “ОшМУда кыш – 2016” маданий-спорттук иш чара “Чыйырчык” лыжа базасында өткөрүлдү. Уюштуруучулар университеттин  окутуучу-профессордук жамааты, көмөкчү жана техникалык персонал кызматкерлери, ошондой эле студенттери үчүн 33 кичи унаа  жалдап, бекер тамак-аш берип, жалпысынан 800дөн ашуун адамдын эс алып келишине шарт түзүштү. Бул саамалык жыл сайын өткөрүлүп келаткандыгы жамаат ичинде патриоттук духту, ынтымакты, биримдикти чыңдоого өбөлгө түзүп, чоң позитив жаратып келет. Эс алгандар “Бийиктикти багындыруу”, “Кар менен бута атуу”, “Кардан эң чоң аяз ата жасоо” конкурстарына зор кызыгуу менен катышып, жеңүүчүлөр ОшМУнун ректору тарабынан дипломдорго, ал эми профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Кыштын кыштай болгону жакшы…

Понедельник, 15 Февраль 2016 05:00 Автор Бекмурат
Кыштын кыштай болгону жакшы…

Калаабызга кыш кечигип келди. Дегенибиз, февралдын ортосунда жааган карды көрүп көбү “кыштын кыштай болгону жакшы” деп кубанып турган чагы. Ош шаарындагы жолдорду кар-муздан тазалоо иштери бир нече ишканаларга бөлүнүп берилген. Ар бир мекеме өзүнүн аймагын тазалап, туз себүү менен алектеништи башташты. Алсак, «Ош-Тазалык» ишканасынын 4 техникасы жана 200 дөй жумушчусу жол тазалоого тартылды. Жолдорду кардан арылтуу жумуштары таңкы саат 05:00дө башталган. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Талант Капаров билдирди. Техникалар жол четине үйүлүп калган карларды сүрүп, тазалады. Ошондой эле кызматкерлер жол четин, тротуарларды тазалашты. Ишкананын кызматкерлери нөөмөткө туруп, жолдордун абалына көз салып турушат. Жааган кар тез эле ээрип кеткендиктен туз себүүгө муктаждык болгон жок. «Кар сүрө турган эки трактор жана кар ташуучу эки техника бүгүн биздин ишканага бөлүнгөн аймактын жолдорун тейлешти. Андан тышкары кызматкерлер жолдун четин шыпырып, кардан жана таштандыдан тазалашты. Эртеңкиге да 3 трактор, 2 жүктөөчү техника жана 8 самосвал даяр. Эгер жолдордогу кар суукта тоңуп, тайгак болсо түнү менен туз сээп чыкканга даяр турабыз»,-деди ишкана башчысы Т.Капаров.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Понедельник, 15 Февраль 2016 04:13 Автор Бекмурат
Эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Ошто 23-февраль - Ата мекенди коргоо күнүнө карата 18-19-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт.

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында;

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери  арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланат.

“ Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө жана шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаардагы бардык каалоочу мекеме, ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат”,-деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

 Иш чара 18-19-февраль күндөрү түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Табыштамалар 17-февралга чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.

 

Байланыш телефондору: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Балдарды суукта жука кийимчен бийлеткендер сынга кабылды

Понедельник, 15 Февраль 2016 04:11 Автор Бекмурат
Балдарды суукта жука кийимчен бийлеткендер сынга кабылды

 «Турмуш» сайтынын кабарчылары Алай районунун Жаңы-Арык айылындагы бала бакчанын ачылыш аземинде болуп кайтышкан. Алар бала бакчанын ачылышында сыртта кар, суук экенине карабай балдарды улуттук кийим кийиндирип, концерт койдурганын жазып чыгышты. Көрүп турганыңыздай, «чоңдор» өздөрү жылуу кийимчен отурушат, балдар болсо жука. Бул маалыматты журналист Азамат Абсатаров социалдык баракчасына жүктөөр замат түрдүү сындар жаай баштады. «Балдарды экспонат катары колдонгонду качан токтотосуңар?», «Балдар ооруп калса, аким же ошол бала бакчанын директору жооп бербейт, ата-энеге түшөт мүшкүл», «эси ооп окуучу жыгылганда эле токтотулбады беле бул көрүнүш» деген сыяктуу пикирлер айтылды. Ошентип, бул кептер Өкмөткө жетип, премьер-министр Т. Сариев: «Мен мамлекеттик иш чараларда, майрам, ачылыштарда окуучуларды, балдарды тартууну токтоткула дегем. Бул боюнча Билим берүү министрлигинин атайын буйругу да бар, буга карабай мындай көрүнүштөр токтобой жатат. Токтоткула, балдарды, окуучуларды иш чараларга катыштырууда мындай окуя кайталанбашы үчүн бул ишке тыкыр көзөмөл жүргүзүп, жыйынтык чыгарууну вице-премьер Г. Кудайбердиевага тапшырам»,-деп билдирди. Ал эми Алай РББ  башчысы "бир-эки ыр айтып, анан "Кара жорго" бийлеп кирип кетишкен" деп актанып, кабарчыларды жакшы ишибизди жууп кетти деп күнөөлөөдө.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Көңүл бургула, ыр сынак!

Понедельник, 01 Февраль 2016 05:04 Автор Бекмурат
Көңүл бургула, ыр сынак!

 «Ош шамы» гезити 25 жылдыгына карата   акындар  арасында ыр  сынагын жарыялайт.

Сынактын жеңүүчү болгон авторлор  баалуу сыйлыктарга ээ болушат.

Сынактын шарттары:

-«Ош шамы» гезитинин тарыхы, басып өткөн жолун даңазалоо, окурмандар менен тыгыз кызматташтыкты арттыруу;

-Лирикалык чеберчиликти көргөзүү;

Сынакка катышуучу ырлар 2016-жылдын  февралынан  баштап май айына чейин кабыл алынат. Авторлор сынакка жиберген иши менен бирге аты-жөнүн, дарегин, телефон номерлерин толук жазышы керек. Сынакка даярдалган иштерди oshshamy@mail.ru электрондук почтасына жиберсе дагы болот.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн адабият менен искусствонун белгилүү чеберлеринен турган калыстар тобу иштейт.

 

Биздин дарек: Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 107, 03222 7-52-83.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Comments (1)
Подробнее ...

«Жибек» жаңыланды

Понедельник, 01 Февраль 2016 05:03 Автор Бекмурат
«Жибек» жаңыланды

28-январда  №1 “Жибек” балдар бакчасынын заманбап эмеректерин жаңылоо жана материалдык-техникалык базасын камсыздоо иштерин көргөзүү иш чарасы болду. Иш чарага Ош шаарынын вице-мэри И. Эргешов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж. Байзаков, ата- энелер комитетиин өкүлдөрү жана тиешелүү тармактын өкүлдөрү катышты. Анда жаш жеткинчектер келген конокторго  ыр-бийлерин тартуулашып, ыраазычылык сөздөрүн айтышты. №1 “Жибек” балдар бакчасы жаңы, заманбап эмеректер жана техникалык базасы толугу менен камсыздалып колдонууга берилди. Мындан сырткары 2013-жылдан бери бала бакчанын чатыры, терезелери, дарбазасы, жаңы эмеректер жана ички бөлмөлөрү толук капиталдык ремонттон республикалык, жергиликтүү бюджеттен жана АРИС уюмунун колдоосу астында өткөрүлдү. Эскерте кетсек, №1 ”Жибек” балдар бакчасы 1926-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Бир кылым тарыхы бар бакчада ушул кезге чейин 7 миңден ашуун балдар тарбияланган. Ушул эле бакчада кыргыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматов да 1932-34-жылдары тарбияланган.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!..

Понедельник, 01 Февраль 2016 05:01 Автор Бекмурат

2016-жылдын 5-февралында саат 10:00дө Ош шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында «Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата долбоорун» талкуулоо боюнча коомдук угуу өтөт. Буга чейин жарыялангандай 2016-жылдын 2-февралында боло турган коомдук угуу жүйөлүү себептер менен 2016-жылдын 5-февралына которулду.

Ош шаардык Кеңеши Ош шаарынын тургундарын коомдук угууга активдүү катышууга чакырат. 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Рыспай өзү ыр дастан

Понедельник, 01 Февраль 2016 04:59 Автор Бекмурат
Рыспай өзү ыр дастан

23-январда улуу талант Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси өттү. Ага катышкан шаардын биринчи вице-мэри З. Аскаров Рыспай өзү ыр дастан экенин, ырлары бүгүн да ырдалып жатканын, жүрөктөрдө жашай берерин билдирди. Залкар таланты эскерүүгө келген маданият кызматкерлери, замандаштары, ырчы, обончулар Рыспай Абдыкадыров тууралуу сонун ойлорун айтып, ырчылар ырларын ырдашты. Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Бирок анын ырлары кылымдарга жашай бермекчи.  

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Ош шаардык Кеңеши 2016-жылдын бюджетин талкуулоодо

Вторник, 26 Январь 2016 03:49 Автор Бекмурат
Ош шаардык Кеңеши 2016-жылдын бюджетин  талкуулоодо

22-январда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы шаардын бюджетин талкуулады. «2016-жылга республикалык бюджет бекитилип болгон. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттер бекитилүүдө. Ош шаары учурда бекитүү алдында турабыз. Буга чейин жергиликтүү бийлик киреше, чыгаша каражаттарын бир катар карап, бүгүн шаардык Кеңешке талкууга коюп жатат. Бир топ жетекчи, өкүлдөр менен биргеликте макулдашып, кайсы тармакка туура чечилди, кайсы тармакка кем болуп калды, баарын бирге чечебиз. Быйылкы жылда өткөн жылга салыштырмалуу 104 млн.го көп каралып жатат. Былтыры, 930 млн. каралган болсо, бул жылда 1 млрд. 34 млн. сом карап, бекитип жатабыз. Алгач Финансы министрлиги менен макулдашып, андан соң чыгаша, киреше бөлүктөрү эсептелип чыгат. Ошонун негизинде карап чыгабыз»,-дейт бул тууралуу бюджет комитетинин төрагасы Бекмырза Эргешов.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата долбоору каралды

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата долбоору каралды

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош облустук казыяты волейбол боюнча чемпион

Ош облустук казыяты волейбол боюнча чемпион

Бир катар мекеме, ишканалардын жетекчилери “Жылдын мыктылары” аталышты

Бир катар мекеме, ишканалардын жетекчилери “Жылдын мыктылары” аталышты
  • В начало
  • Назад
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • Вперёд
  • В конец
Страница 49 из 52

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved