2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма №2 толтурулуп, жарандар учурда жашаган же каалаган жеринен добуш бере албайт. Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү алып келгендигинин натыйжасы ушул. Алдыдагы шайлоолордогу өзгөрүүлөр боюнча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымат берди.
“Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
-Алдыда боло турган шайлоолордо форма №2 колдонулбайт. Чет мамлекеттеги шайлоо участкаларында гана колдонууга болот. Башка олуттуу өзгөрүүлөр жок. Мурун кандай өтүп келсе, мындан кийин деле ошол тартипте шайлоо өтөт. КРнын Президентин жана ЖКин шайлоо боюнча атайын Конституциялык мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде өткөрүлөт. Ал жерде буга чейин форма №2 болгон. Аны ЖК алып салып, мыйзамга өзгөртүү киргизгендиктен, шайлоочулар өлкөнүн ичинде шайлоо участкасын өзгөртө алышпайт. Өзгөртө турган учурлар бар. Бирок, ал атайын тартип менен. Аскер бөлүктөрүндөгү солдаттар, ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайлары жана ооруканада жаткан оорулуулар. Алар 29-декабрга чейин атайын форма менен бизге арыз беришет. Комиссия аларды тизмеге киргизет. Башка учурда Кыргызстанда шайлоо жайын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана шайлоого катыша алат.
Ошондой эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ички иштер органдарынын кызматкерлери да тиешелүү бөлүнгөн участкасында шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени алар ошол күнү милдетин таштап кете алышпайт. Аскер бөлүктөрү буйрук боюнча ар кайсы жерге коопсуздукту сактоо үчүн кетишет. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бир күн мурун алдын ала тизме менен участкадан сырткары добуш берүү укугуна ээ болушат. Ооруканадагы жарандардын шайлоо участкасы жылдырылбайт, жогоруда айткандай атайын тизме менен гана добуш бере алат.
“Тизмеси таптакыр башка жакта болгон жарандар форма №1 толтурса болот”
-Ал эми жашаган аймагы, паспорттогу дареги башка, бирок таптакыр башка эле аймакта шайлоочулардын тизмесине кирип калган жарандар форма №1 толтуруп, тизмесин өзүнүн дарегине которуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бүгүнкү күнгө дейре шаарда 80 шайлоо участкасы болсо, бир да мындай арыз түшө элек. Форма №1ди кабыл алуунун өз жолу бар. Ал шайлоого 15 күн калганга чейинки аралыкта кабыл алынат.
Форма №2 менен убактылуу шайлоо участкасын өзгөрткөн жарандардын тизмеси шайлоо бүткөндөн кийин кайра мурунку аймагында болуп калат. Себеби тизме жаңыланат. Азыр алдын ала тизме боюнча Ош шаарында 145 498 шайлоочу бар. Андан бери күнүгө жаңыдан каттоого тургандардын, жаңы паспорт алгандардын эсебинен көбөйүүдө. Ар бир жаран tizme.gov.kg тизмесин сайтынан көрсө болот.
“Келе жаткан шайлоо баштагылардан айырмаланып жакшы өтөт деген ойдомун”
-Президенттик шайлоо менен катарлаш Баш мыйзамга өзгөртүү кийирүү боюнча референдум да өтөт. Мында түшүнбөстүктөр болбошу керек. Мунун технологиясын, кандай болорун Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыгат. Идентификациядан өткөн шайлоочуга эки бюллетен берилет. Бирөө референдум үчүн, экинчиси президентти тандоо үчүн. Башкасы кадимки тартипте өтөт. Ал жерде шайлоо комиссияларына окуулар өткөрүлөт. Шайлоочулар үчүн шайлоонун өтүү тартиби жөнүндө социалдык роликтер чыгарылат.
Буга чейин форма №2 толтуруп келген шайлоочулар көп болгону баарыбызга эле маалым. Анын натыйжасында айрым учурда кыйынчылыктар болгон. Бардык райондордон мартшруттар менен келгендиктен, баары бир убакытта участкага толуп калышчу. Адамдын көптүгүнөн улам санитардык эрежелер сакталбай, кезек талашып укук коргоо органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кетейин деген жагдайлар да орун алган. Келе жаткан шайлоо баштагылардан айырмаланып жакшы өтөт деген ойдомун.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештерди көргөндө көкүрөк толо сыймыктануу жаралат. Картада алакандай болгон өлкөдөн келип, билим алып, өзүн издеген мекендешим, бүгүнкү каарманым чоң мегаполисте жергиликтүүлөр менен тең укукта иштеп, болгондо да хирург – онколог болуп эмгектенип жүрөт. Москва шаарындагы мекендешибиз Ислам Бакасов бүгүнкү «Журтташтар» рубрикасынын коногу.
«үмүт эң акыры өлөт»
-Ислам, саламатсызбы! Окурмандарга түшүнүктүү болуусу үчүн бир аз өзүңүз тууралуу маалымат берели.
-Саламатсыздарбы, мен Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлгөм. Орто билимди борбор калаадагы 9-мектеп гимназиясынан алдым. үй-бүлөдө алты бир туугандын кенжесимин, менден улуу беш эжем бар.
-Дарыгер болуу балалык кыялыңыз беле же кимдир бирөөгө таасирленип, же сунушу менен тандадынызбы, бул кесипти?
-Медицина тармагына кандай келип калдым, ушул боюча айтып бергим келип турат. Мен ал кезде 5-6 жаштарда болсом керек. Мектепке бара элек кезим эле. Атам экөөбүз конокко баратканбыз. Биз бараткан жолдо унаалар кагышып, кырсык орун алыптыр. Элдер унааларын токтотуп жатышат, алардын катарында биз да токтодук. Кырсык болгон жерге тез жардам унаасы кечигип, көп кишилер жардам бере албай жалдырап карап турушат. Адамдардын арасында бир да дарыгер жок эле. Анткени, жок дегенде тез жардам унаасы келгенче алгачкы жардамды көрсөтүп туруу керек болчу. Кырсыкка кабылган адамдар өлүм алдында жатат, айрымдары жашоо менен кош айтышты. Ошол окуя менин аң сезимиме катуу таасир эткенби, азыр арабызда жок дегенде бир дарыгер болгондо кырсыкка кабылгандарга жардам берип, алар аман калмак деп ызаландым, ошондон келечекте дарыгер болууну чечтим. Арадан көп жылдар өтсө да ошол кырсык негедир көз алдымда сакталып калды. Орто мектепти аяктаган соң борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктадым. Студенттик кездин акыркы жылдарында «Тез жардам» кызматында иштеп калдым. Тез жардам бекетинде иштеп жүргөндөр билет, күн сайын ар түрдүү оорулууларга чакыруулар түшүп тураарын. Арасында хирургиялык, инфекциялык, онкологиялык, кардиологиялык оорулар бар. Биз алгачкы жардамды көрсөтүп, стационарга алып баргандан соң ар ким өз тармагы боюнча алдыда дарылоону улантат. Бирок ошол бейтаптардын арасында онкологиялык оорулар менен иш алып баруу өтө оор. Тез жардамды чакырган кезде алар оорунун эң акыркы стадияларында болот. Ачыгын айтканда дарыгерлер да үмүтсүз болуп, дарылагылары келбей калат. Анткени, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билишет. үмүт эң акыры өлөт. Дарыгерден жардам, үмүт күтүп жаткан бейтаптарды көп учураттым. Менин онкология тармагын тандап алуума да ушул жагдайлар себеп болду.
«Алган билимимди, тажрыйбамды өз өлкөмдө пайдалангым келет»
-Учурда сиз эмгектенип жаткан Москва шаарындагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунда иштеп калуу мүмкүнчүлүгү кандай жаралды эле, биздин мекендештерге да ушул кызык болуп жатса керек…
-Борбордо жогорку окуу жайын бүтүрүп, улуттук онкология борборунда ординатурада окуп жаткан кезимде учурда эмгектенип жаткан Москва шаарындагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунуна бир айлык мөөнөттө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул жакка келип башка дүйнөгө, башка ааламга түшүп калгандай болдум десем болот. Медицинанын деңгээли, бейтаптар менен дарыгерлер ортосундагы мамиле, окуу баары мени таң калтырбай койгон жок. Тажрыйба алмашуунун мөөнөтү бүткөндө аспирантураны ушул жерде улантып окууну туура көрдүм. Жакынкы аралыкта диплом сертификатты колума алсам, Кыргызстаныма кетем деп үмүт кылып отурам. Бул жерде иштеп жүргөнүм убактылуу. Анткени мага мекемеден ушундай сунуш кылышты, бизде калып иштеп тур деп. Москва өнүккөн шаар, анын ичинде медицинасы да бизден алда канча алдыда турат. Ага карабастан мен бул жакта көп убакытка кала албайм. Бул жерден алган билимимди, тажрыйбамды өз өлкөмдө пайдалангым келет. Албетте, Россиядан сунушту кабыл алып, чоң мегаполисте калсам деле болот. Бирок мекенге кайтуум керек. Менин ички сезимим мекен деп турат. Кечиресиз, оюмду жеткире алдымбы билбейм. Себеби, акыркы 3 жылда менин күнүмдүк жашоом орус тили менен байланыштуу болуп калды. Туулган жерден алыс болгондугума байланыштуу пайдам тийсин деген максатта социалдык тармакты жандуу пайдаланып калдым. Негизи мен өзүм социалдык тармактарга көп убакыт болбойм. Анткени, Москвада болобу, Кыргызстанда болобу онкологиялык оорулар менен күрөшүп, айрымдары ушундай Москвада дарылансак деп бирок жол жобосун билбей аткандар бар. Жардамга муктаж мекендештериме пайдалуу болсун деп социалдык тармактарда көбүрөөк жазып калдым. Ошондон бери азыр күнүнө жок дегенде 3-4 адам сөзсүз чалат, кайрылат, кандай кылсак болот деп кеп-кеңеш сурашат.
«Медицинада күн сайын окуп турбасан артта калып кетесиң»
- Сиз сыяктуу чоң шаарлардан окуп, билим алсам, эмгектенсем деген жаштар арбын экени талашсыз. Жаштарга да кеңеш бере кетсениз.
-Эми бүгүнкү күндөгү менин жыйынтыгым бул ийгилик деле эмес. Медицина бул менин жашоо образым болуп калды. Дүкөндө иштеген эсепчи же болбосо мугалим сыяктуу эле бул дагы менин күнүмдүк аткарып аткан ишим. Ийгиликтин формуласы ар бир ийгиликке жетишкен адам үчүн ар түрдүүчө. Мисалы, кимдир бирөө 99 пайыз аракет, 1 пайыз талант, же кайсы бир нерседен жолдуу болуу. Бирок медицинада күн сайын окуп турбасаң артта калып кетесиң, күн сайын, саат сайын дүйнөдө түрдүү терминдер, дарылоонун жаңы ыкмалары кирип турат. Негизгиси сен жакшы адис болсоң сени баалашат. Жакшы адис болуу үчүн күнүгө оку керек. Сөз бар го баарын билем дегенде демек сен эч нерсени билбейсиң деген. Мен бир күндө бир жаңы сөз үйрөнбөсөм анда өзүмдү ыңгайсыз сезип баштайм. Демек бүгүнкү күнүм жөн эле өтүп кетиптир деп кейийм.
«Хирург эрте менен ишке келгени белгилүү бирок, үйүнө канчада кетээри белгисиз»
-Биз адамдын ичеги, боор, уйку бези менен жабыркагандарды дарылайбыз. Күнүгө 2-3 операцияга катышып калам. Биздин кесип башка кесиптерден айырмасы башка кесипте иштегендер саат 9да келип, кечинде 5те кетет деген атайын мерчем бар. Бирок дарыгер, айрыкча хирург эрте менен ишке келгени белгилүү, бирок канчада кетээри белгисиз, кээ бир күндөрү кетпей, ооруканада жатып калууга да туура келет. Бейтаптар ар түрдүү абалда келет. Айтайын дегеним дарыгер болом деген адам ушундай жагдайларга даяр болуусу керек. Дарыгер үчүн бардык бейтап бирдей. Ал жакшы жумушта иштеген инсанбы, же арак ичип жүргөн аракечпи, жашпы, карыбы алардын баары дарыгер үчүн бир эле бейтап. Оорулуу операция болуп, бат бутуна туруп кетсе өзүңүчүн кубанып каласын. Анан биз онкологиялык оорулууларды дарылаган үчүн бейтап кээде оорунун акыркы стадиясында келет. Анда сактай албай калсаң мүмкүн бир жерин туура эмес дарылап койдум окшойт деп кейип калабыз. Медалдын эки бети сыяктуу эле.
«Профилактика эң мыкты дарылоо»
-Онкологиялык оорулар жашарып жатат, өсүп жатат. Эң биринчи эле экология, биздин азыктанып аткан тамактар, зыян заттар. Техника көп, завод-фабрикалардан чыккан уран калдыктары, сууга сиңген уулуу заттар баары рак ооруларынын жашарышына себепкер. Анан азыр заман өнүгүп, дартты аныктоочу ыкмалар көбөйдү. Онкологиянын көбөйдү дегендин бир себеби катары оорунун алгачкы стадияларында белгилүү болгону да себеп болууда. Бул албетте, жакшы. Канчалык эрте кайрылса, бейтап ошончолук бат айыгат, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк көп. Биз кичине кезибизде дартты аныктоочу ыкмалар аз болгону үчүн, бейтаптар көбүнчө акыркы стадияларда келип, көпчүлүгү айыгып кете албай калышкан. Ошон үчүн азыр айыккандар да көбөйүп жатат. Акыркы учурда менин баамымда 40 жаштан 60 жашка чейинки куракта онкологиялык оорулар менен катталгандар көбүрөөк кездешет. Профилактика эң мыкты дарылоо дейт го. Мекендештериме ден соолук каалайм. Биздин калк чыдамкай болобуз. Качан жыгылып калганча жүрө бербей, өз ден соолуктарына кам көрүшсө дейт элем. Анткени, канчалаган акчалары бар адамдар деле ден соолукту акчага сатып ала албай калганын көрүп жүрөбүз. Аманчылык тилейм.
Элира Чынтемир кызы
Эралиев Артыкбай Эралиевич 1958-жылдын 5-мартында Өзгөн районунун Шоро- Башат айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, санитардык-гигиеналык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1981-жылы Ош облустук санэпид бекетинде эпидемиолог болуп баштаган. 2004-жылга чейин бир топ орундуу кызматтарда иштеп, ошол жылдан ушул күнгө чейин облус боюнча координациялоо иши жүктөлүп, Кара-Суу райондук жана Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенген.
Жубайы дарыгер, бир уул, эки кыздын атасы. Ушул жылдын 6-июлунда коронавирус илдетинен улам көз жумган. Саламаттыкты сактоонун мыктысы, өз ишин так билген мыкты дарыгерди үй-бүлөсү эскерет. Артыкбай Эралиевич жылуу коломто куруп, анда мыкты уул-кызды тарбиялаптыр.
Бүажар Анарбаева, жубайы:
«Бүтүндөй өмүрүн жумушка арнап, эмгеги бааланбай калганы өкүндүрөт»
- Артыкбай Эралиевич менен мектептен бери чогуу болдук. Сегизинчи класска чейин лицейде окуп, тогузунчу класста биз окуган Макаренко атындагы орто мектепке келип эки жыл окуду. Өзүнүн айтуусу боюнча мени төртүнчү класстан бери таанычу экен. Ал убакта 19-май күнү пионерлер күнү белгиленип, жакшы окуган окуучулар Өзгөн шаарына келчүбүз. Ошол жерден биринчи жолу 1969-жылы көргөн экен. Кийин бир мектепте параллель окуп калдык. Мектепти аяктагандан кийин ал борборго медициналык институтка тапшырды, мен Ташкентке өттүм. Экөөбүз эки жакта окуп, кат аркылуу сүйлөшчүбүз. 1979-жылы бешинчи курста окуп жүрүп баш коштук. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү ата-энебиз билишчү. «Жакшылыктын эрте болгону дурус» дешип 21 жашыбызда баш коштурушту. Турмуш кургандан кийин да экөөбүз эки жакта жүрүп окууну бүтүргөнбүз. 1981-жылы биз окууну бүттүк, аны менен кошо кыздуу да болгонбуз. Артыкбай Эралиевич экзамендерин мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп келип кызыбызды карап турган. Ал келгенде мен экзамен тапшыргам.
«Башкы дарыгерлердин баары ишенишчү»
- Чынчылдыгы, адамга кылган жумшак мамилеси менен мага кымбат. 41 жыл чогуу жашап жаман сөзүн укпадым. Талапты койчу, жумушту өз ордунда кылууну талап кылчу. Балдарын дайым окууга үндөйт эле. Каникулда «чоң ата, чоң энеңерге жардам бергиле» деп айылга жиберчү. «Шаарда жүрүп ак кол болуп, эч нерсени көрбөй, билбей калбагыла» дейт эле. Жаштыгынан баштап эле эмгекчил эле. Бир жылда 365 күн болсо, 280 күнү иш сапарда өттү. Муну өзү эсептеп айтып калчу. Бардык жумушту өзү жасап, бирөөгө дайындап коюу, бирөөгө кылдыруу деген түшүнүгү жок эле анын. Кайсы регион болбосун, кайсы айыл болбосун ойлонбой кетип калат эле. Артыкбай Эралиевич менен иштешкен бардык жетекчилер, башкы дарыгерлер ишенишчү. Жаш экенине карабай жооптуу иштерди тапшырышчу. Раматылык өзү таң кала берчү «мага ушундай ишенишет экен да» деп. Чынында сабаттуу, принципиалдуу киши эле. Жумушун так аткармайынча бир орунда отура алчу эмес. Ушунча жыл чогуу жүрүп, бирөөгө жамандык каалаганын көрбөдүм. Достукка бекем, боорукер киши эле. Бирөөгө жардам керек болсо ичкен ашын жерге таштап, даяр болчу.
«Илим жактоодо көп бут тосуулар болду»
- Өмүрүнүн аягына чейин жумуш деп өттү. «Үйрөнгөнүмдөн үйрөнө элегим көп» деп семинар, тренингдерди калтырбайт эле. Чет мамлекеттерге көп чыкты. 1988-жылдары Москвада «Эпидемиология» деген аталышта журнал чыкчу. Ай сайын ошол журналга Ош облусундагы жалпы абал боюнча маалымат берип, сунуш-пикирин жиберип турду. Илимге кандидаттыгын жактоодо көп бут тосуулар болду. Жазган материалдарын башкалар алып коюп, өзү жактай албай калды. Адилетсиздикке чыдабай аны таштап салган. Өкүнгөнүм, эмгеги бааланбай калды. Ушунча жыл иштеп саламаттыкты сактоого эмгек сиңирген дарыгер наамын албады. Акыркы убактарда беребиз деп алдап жүрүп, берилбей калды. Тирүүсүндө бааланбай кетти… Орду толгус жоготуу, кеңешчим, колдоочумду жоготтум. Маанайым жок болуп калса «сенин көзүң эле айтып турат, айт, эмне болду» деп сурап турат эле. Колумдан эч нерсе келбей отурам. Канатым сынды, адамдын кадырын көзү өткөндө билет экенсиң, көрсө…
«Эралиевичтин акыркы керээзи»
- Ооруканада дарыланып жатып мага жөнөткөн катын сага да жөнөтөйүн. Эралиевичтин акыркы сөзү да, керээзи да ушул болуп калды. Ал катта «тагдырым ушу болсо, эмне дейм. Айткым келген бир-эки маселе бар, аны жамааттын баары билет. Көкүрөгүм тынч кетсин, ушул маселелерди караштырып койгула. Андан сырткары, мен отурган иш бөлмөмө атым жазылышын каалайт элем. Ушул жерде Артыкбай Эралиев иштеген эле деген нерсе болсо жакшы болмок. Өкүнгөнүм эмгек сиңирген наам ала албадым. «Акыркы баатыр» сыяктуу кылып ушул маселени да караштырып койгула. Мен ушунча жыл иштеп эч кимге жамандык каалабадым. Муну жакшы билесиңер. Силер да эч кимге жамандык тилебегиле. Аман тургула, ак иштегиле. Эмгегиңер бааланып, эл үчүн иштегиле» деп айтыптыр…
Жылдыз Эралиева, кызы:
«Атам мен үчүн мамлекет берген наамдан бийик турат»
- Атам менин элесимде мыкты дарыгер, өз ишин так билген профессионал катары кала берет. Жөнөкөй киши, үй-бүлөсүнө камкор, мээримдүү ата болчу. Катуу урушуп тарбиялаганын эстей албайм. Жөнөкөй эле сөз менен жеткирчү. Билимге катуу көңүл бурат эле. Эч качан байлыкты биринчи орунга койчу эмес. «Менин байлыгым балдарым» деп көп айтчу. Билимдүү адам жерде, көчөдө калбайт дейт эле. Жакшы билим алуубузга мыкты шартты түзүп берди. Кудайга шүгүр, кыздары, балдары ата-энебиздин жүзүн жер каратпадык. «Алар биз менен сыймыктансын» дейт элем. Атам биз менен сыймыктанарына шегим жок. /нүн өктөм чыгарып сүйлөгөнүн укпадым. Апам менен талашып, урушпады. Кандай маселе болбосун ортого коюп, кеңешчү. Наам албадым деп өкүнүп калганын угуп калчумун. Бирок, атам менен үчүн мамлекет берчү наамдан да жогорку наамда турат. Чынчылдыгы, эмгекчилдиги, камкордугу бизге чоң күч, тарбия берди. Өзүндөй болгон мыкты инсандарга тарбия берип кетти. Орду толгус, кайра жаралгыс изин калтырды. Ошол үчүн баарынан бийик, жогору турат.
Кубат Эралиев, уулу:
«Элди сактайм деп жүрүп өзү кете берди»
- Атамдын эмгекчилдиги, бир орунда турбаган тырышчаактыгы өзүнүн мыкты кишилигинин далили. Жумушта балким тартип деп катуу киши болгондур бирок, үйдө боорукер, мээримдүү, камкор ата болчу. Катуу сөз айтып, көңүлүбүздү эч оорутпады. Муну апам да көп айтып калат. «Бирөө менен катуу урушканын такыр көрбөдүм» деп. Көңүлү жумшак киши эле. Жумушун баарынан биринчи орунга койчу. Элди сактайм, оорудан арачалайм деп жүрүп өзү кете берди. Арабызда дагы көп жылдар жүрсө болмок. Жакшылыктарыбызда төрүбүздө отурса болмок. Тагдыр экен, шашылып иштеп, шашылып кетти…
Бактыгүл Калдарбай кызы
Адам – белгилүү бир билимдин, өнөрдүн, тажрыйбанын гана булагы болбостон, ал жеке эмоциялары, сезимдери, жашоого өзүнүн көз карашы бар инсан. Бүгүнкү күндө психологияны билбеген адам жумушунда да, үйүндө дагы иши жүрбөйт. Өз кызматтарыңды же өндүрүлгөн өндүрүмдү сатуу үчүн белгилүү бир маалыматтар керек. /й-бүлөдө тынчтык болуусу үчүн же конфликттерди түзөй билүү үчүн да психология илими зарыл. Адамдардын мотивдерин түшүнүү, сезимдерди башкарууну, мамилелерди жакшыртууну үйрөнүү, маектешке ойду жеткире билүүдө да психология керек.
Кесиптин пайда болуу тарыхынан
«Психология» деген сөз 16-кылымда эле немис жана француз тексттеринде пайда болгон. Бул сөздү байыркы грекчеден которгондо (psyche) –жан, (logia)- түшүнүү, билүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндө психология түптүү тамыр алган илимдердин бири экенин тануу мүмкүн эмес. Анын кылган кызматы коомдо чоң мааниге ээ. Теориялык жагынан алганда илимде, практикалык жагынан алганда күнүмдүк турмушубузда психологиянын ойногон ролу чоң. Мисалы, кичинекей бөбөктөрдүн эле жашоосунда, тарбиясында анын кылган кызматын алалы. Дүйнөнү тааный элек жаш баланын сезим-туюмун ойготуу, кабыл алуу жөндөмүн чоң кишиден кандай гана эркти, сезимталдыкты, мээримдүүлүктү талап кылбайт. Ал эми мындай чоң ишке ушундай даярдык менен барууда балага психология гана жардам бере алат. Анткени психолог болуу менен гана жаш баланын ички дүйнөсүн көрө билүү, анын каалоолорун түшүнүү жана ошого жараша мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзүнүн ички дүйнөсү көңдөй адам эч качан психолог боло албайт.
Ойлонуу, эс, кабыл алуу, сүрөттөө, сезүү, эмоциялар, адаттар, темперамент - мунун баарын психология илими изилдейт. Заманбап психологияда бир нече бөлүмдөр бар, алар төмөнкүдөй:
· Жалпы психология
· Курактык психология
· Социалдык психология
· Дин психологиясы
· Патопсихология
· Нейропсихология
· /й-бүлө психологиясы
· Спорт психологиясы
Бегайым Борбиева, психолог:
«Атам каза болгондон кийин ушул кесипти тандагам»
- Мен бул кесипти жөн тандап калган эмесмин. Мен жаш кезде атам каза болуп, көп убакыт депрессияда жүрдүм. Жаш кезден мындай оор жоготуу бардык эле адамга кыйын болот. Мугалимдеримдин жардамы менен күчтүү психологдон жардам алгам. Чынында өзгөрүү болду. Адам жашоосу үчүн психология илими канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Бул кесипти тандап калганымдын себеби ушунда. Канчалаган адамдар бар, жакындарын жоготуп бирок, психологиялык абалына көп маани беришпейт. Аларга чын дилимден жардам бергим келген. Себеби, ал убакта азыркыдай психолог табуу оңой эмес эле.
«Университетти бүтүп эле психолог болуп калбайт»
- Психологияга дайым изилдөөнү талап кылган илим. Бир университетти аяктап эле бул кесиптин ээси болуп калуу мүмкүн эмес. Психолог – өзүн өзү өркүндөткөн, өз алдынча илим үйрөнгөн кесип ээси. Дайыма кыймылда болуп туруу керек. Психологдун да психологу болушу керек. Менин да көп жылдан бери иштешкен психологум бар. Бул аракет жумушумда алдыга жылууга чоң жардам берет. Ар кандай семинарларга, тренингдерге катышам. Эң негизгиси туура кеңеш берүүнү билүү керек. Адамдын көйгөйүнө терең кирип, тааный билүү, эгер ал психикасы менен байланыштуу болсо жардам берүүдө олуттуу мамиле кылуу талап кылынат.
Ар бир кесиптин оор жана жеңил тарабы болот эмеспи. Психолог кесибиндеги өзгөчөлүк, көбүрөөк күчтү алат. Дайыма билим алууну, үйрөнүүнү, жаңыланууну талап кылат. Көп убактың, ага жараша каражатың да кетет. Квалификацияны жогорулатуу, өзүңдүн психотерапевтке төлөнгөн каражат, мунун баарына акча керектелет. Ал эми артыкчылыгы, элге жандуу жардам бергениңде деп ойлойм. Адамдын чын жүрөгүнөн билдирген ыраазычылыгы, өзгөрүүлөрдү даана байкаганыңда кесибиңди көбүрөөк жактыра түшөсүң.
«Купуялуулук – кесиптин негизги талабы»
- Кесип – адистен көп нерсени талап кылат. Жогоруда да белгилеп өттүм. Эң негизги талаптарынын бири – конфиденциалдуулук же бизче айтканда купуялуулук. Кардар менен адистин ортосунда сөзсүз келишим болушу керек. Мыйзам чегинде кардардын укуктары жана милдеттери, адистин укуктары жана милдеттерин камтыган келишим. Тилекке каршы, бизде көп учурда кардарлар келишимге кол коюудан баш тартат. Ооздо эле сөз түрүндө түшүндүрүү иши менен калып кетебиз. Бул келишим кардардын өзүнө жана психологго ишенүүсүн камсыздайт. Бейтап адиске кайрылууда натыйжалуулугун көрүү мүмкүнчүлүгүн биринчи орунга коет. Кардардын психологго ишенүүсү өтө маанилүү. Өзүн психологдун алдында коопсуз сезүүсү, эркин сезүүсү алдыдагы жумушубузда трамплин жаратат. Конфиденциалдуулук – ишеним, адамдын сени «сатып» кетпешине кепилдик деп түшүндүрсөм болот.
Мен мисалы, инстаграм тиркемесиндеги баракчамды колдоном. Анда миңдеген катталуучулар бар. Анын баары жандуу колдонуучулар. Мен ал жакка кардарларымдын, бейтаптарымдын уруксаты менен окуясын жазып турам. Мага кардар биринчи жолу кайрылып жаткан болсо, биринчи кезекте инстаграмдагы баракчамды көрүүнү сунуштайм. Ал жактан менин ишмердүүлүгүм менен таанышат. Ошондон кийин гана жумушубузду баштайбыз.
Жылдыз Асаева, психолог:
«Психолог өмүр бою студент болот»
- Психолог менин үчүнчү жогорку билимим. Узак убакытта келгем бул кесипке. Албетте, ички сезимдер түрткү берген. Психология адамдын ички дүйнөсүн изилдөөчү илим. Мына ошол ички дүйнөдө тынчтык жоголгондо психотерапияга муктаж болосуң. Психолог болуу үчүн бир жолу окуп, диплом алып, ошол менен дарыгер, юристтер сыяктуу өмүр бою иштөө мүмкүн эмес. Башкача айтканда, психолог болу үчүн адам өмүрүнүн аягына чейин студент болушу керек. Мындан сырткары, өздүк терапияны токтотпоо керек. Эң аз дегенде психотерапевт менен 150 саат терапия шартталат.
«Азырынча эл көнө элек…»
- Бизде адамдар 1000 сомдон жогорку суммада акча төлөп, кеңеш алганга же болбосо узак убакыттагы терапиядан өтүүгө даяр эмес. Психолог менен иштешкендер бар, бирок аз. Адамдардын адиске ишенүүсү кыйын. Терапиядан кийин да «мен ооругам, бул адиске кайрылып, айыктым» деп айтуу кыйын. Ага караганда, жаңы көйнөктү же болбосо маникюрду бул жактан жасаттым эле деп айтуу оңой. Албетте, буга азырынча көнө элек. Кийинчерээк психологиялык терапиядан өтүү уят нерсе эмес экенин, адамдын эмоциялык абалында мындай нерсе болушу көнүмүш адат экенин түшүнүп жетишет деген ойдомун.
«Айымдар менен гана иштешем»
- Психолог кесибин тандоодо андагы кыйынчылыктарды кошо кабыл алуубуз керек. Психологдун өзүнүн эмоционалдык абалы туруктуу болушу шарт. Ошондо гана бейтап сага ишене алат. Тынымсыз билим алуу, ар кандай курстарга катышуу менен гана психолог боло аласыз. Мен динге көбүрөөк басым жасаганымдан эркек балдарды кабыл албайм. Башка эркек психологду сунуштай гана алам. Көбүнесе айымдар менен иштешем.
Бактыгүл Калдарбай кызы
•Орозоңуздар кабыл болсун!
Дүйнө жүзү пандемия менен алышып жатканда мусулман элинде ыйык Рамазан айы башталды. Бул айда муслмандарга күн бою тамак-аштан, суудан баш тартып, руханий жактан өзүн азыктандырып, жаман кылык-жоруктардан тазаланууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул мүмкүнчүлүктү дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган мусулмандар пайдаланууга далаалат кылышып, отуз күн орозо кармап, соопчулук иштерин көбүрөөк жасоо менен Аллага жакындашат. Аталган ыйык айды утурлай Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков менен орозонун касиеттери, сыйлыктары тууралуу кеп салдык.
“Орозо эсептелүү күндөрдө гана кармалат”
-Рамазан – айы ыйык куран түшүрүлгөн ай. Куранда Бахара сүрөсүнүн 183-аятында “Эй, ыймандуулар! Силерден мурункуларга буюргандай эле силерге да орозо кармоо буюрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн (буюрулду)” деп айтылат. Ошол эле сүрөнүн 184-аятында орозо эсептелүү күндөрдө гана кармалат, силерден кимиңер орозо айында ооруп калса же сапарда болсо анда ал күндөрдүн ордуна башка күнү толуктап берет. Ал эми орозо кармай албай калган мусулман жакырлардын тамагын камсыздап берет. Бул өзүңөр үчүн жакшы деп айтылат. Рамазан айы адамдарга туура жол болуп берет. Жакшы менен жамандын айырмасын ачык далилдеп берген Куран түшүрүлгөн ай. Кимде ким ушул айга туш болсо орозо кармасын деп буюрулган. Орозонун парздары жеп-ичүүнү токтотуу жана жыныстык катнашта болуудан алтоо болуп саналат. Эгер мусулман чын ыхлас, ишенүү, чоң сооп үмүт менен дуба кылса, намаз окуса ал кайтарымсыз кабыл болуп, күнөөлөрү кечирилет.
“Рамазан айында кайрымдуулук көп кылуу керек”
-Бул айдын дагы бир артыкчылыгы кайрымдуулукка чоң сооптордун берилиши. Пайгамбарыбыздын (С.А.В) бир хадисинде “Бейиште орозо кармоочулар гана кирүүчү Ар-Раян деп аталган эшик бар. Андан орозо тутуучулардан башка эч ким кирбейт” деп айтылат. Ошондуктан аталган улуу айда эгер мүмкүнчүлүгү болсо көбүрөөк кайрымдуулук кылуу сунушталат. Ар бир кылган сооп ишибиз жаннаттагы аталган эшиктен кирүүгө себепчи болот. Чын ыхлас менен бир эле күн орозо кармаган адамдын жүзүн тозок отунан жетимиш жылдык аралыктан узак кылат дейт. Дагы бир Пайгамбарыбыздын өтө маанилүү хадиси: “Алла Таала айтат: адам баласынын орозодон башка ар бир амалы өзү үчүн, ал эми орозо кармоо амалы мен үчүн. Мунун сыйлыгын мен берем. Демек, таңдан кечке чейин ачка жүрүү, чын ниет менен Алланын ыраазычылыгы үчүн кармалган орозонун сообу өтө чоң.
Орозо кимдерге парз?
-Орозо кармоо эң алгач мусулмандарга парз. Андан кийин акыл эси жайында, ден соолугу чың адамдарга жана балакатка жеткендерге парз. Ал эми бала эмизген, кош бойлуу, айыз абалындагы айымдарга парз эмес. Мындан сырткары, ооруп калган адамдарга, 15 күндөн кем эмес убакытка созулган сапарда болгондорго орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Бирок, кийин ордуна бир күнүнө бир күндөн тутуп берет. Орозо кармоого күчү жетпеген жашка келсе, улгайган жарандар, кант диабети менен жабыркагандардын дарыгердин атайын көрсөтмөсү болсо анда аларда тутпайт. Бирок, бир жардынын бир күндүк тойгуза турган азык-түлүк алып берүүсү керек. Мисалы, бир күндө 100 сомдук тамак-аш алып бере турган болсо 30 күндүк орозонукун болжолдуу 3000 сомдук азык-түлүк менен камсыздап бергени жакшы. Ошондо карызынан кутулат. Ал эми орозонун жазасы кандай болот. Эгер орозо кармаган адам эч кандай себепсиз, атайлап оозун ачса же болбосо жубайы менен жакындык кылса ошол күндүн ордуна кийин 60 күн катары менен кармап бериши керек. Демек, Рамазан айынын бир күндүк орозосу башка күндөрдүн 60 күндүк орозосуна тете.
"Тарабих намазын үйдө эле окууга болот"
-Мечитке баруу, жамаат менен намаз окуу сүннөт, ал эми башчыга баш ийүү важип. Мамлекет башчыбыз, муфтият кырдаалга байланыштуу көп адам топтолууга тыюу салгандыгына байланыштуу быйыл чогулуп ооз ачтырууга, мечиттерге тарбих намазын окууга убактылуу тыюу салган. Тарабих намазын үйдө эле окууга болот. Негизи динибизде биринчи кезекте парз, андан кийин эле важип турат. Үчүнчүдө сүннөт турат. Ошондуктан биз мындай кырдаалда сүннөттү ташап важипти аткаруубуз керек. Мисалы, ажыга барганда каабадагы кара ташты өбүү сүннөт. Бирок, ал жерде адам аябай көп болгону үчүн каабага жетүү үчүн бир нече адамды түртүп же болбосо тебелеп өтүшүшүбүз мүмкүн. Ал эми бирөөгө зыяныңды тийгизбөө важип. Ошондуктан биз сүннөттү таштап, важипти аткарабыз. Аталган ташты өппөй эле кайтабыз. Азыркы кырдаалды да ушуга салыштырсак болот.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери азык-түлүккө муктаж үй-бүлөлөрдүн саны өскөнү байкалат. Каражат булактары убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу көпчүлүк жарандар күнүмдүк керектелүүчү азыктарга муктаж. Деген менен, күн сайын мамлекет тарабынан миңдеген үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам берилип жатат. Анан да колунан келген жардамын берген жарандарыбызды угуп жатабыз. Бул албетте, жүрөк жылытат. Мына ушундай муктаж жарандарга жардам колун сунган мырза Жасур Парпиев. Карантин учурунда иштеп жаткан кызматкерлердин түшкү тамагын камсыздап келет.
“Көпчүлүк жашоочулар күнүмдүк эле тамак-ашка муктаж”
-Биздин эл эмгек мигранттарынын тапканынан көз каранды экенин эске алуу менен айтчу болсок, көпчүлүк жакыр жашайт деп айта алам. Анткени мигранттарыбыздын саны да көп. Ушул жерде жашап жатып да күнүмдүк оокатына араң жеткирип, ошондо да каалаган же керектүү азыгына жетиштүү каражатка жетинбегендер көп.
Ал эми бүгүнкү абалды айтчу болсок, аз да болсо каражат таап жаткан мигранттарыбыздын эчени кайтып келишти, келе албагандары болсо жыргагандан эмес, өзүн араң багып, ошол убактылуу жашаган өлкөсүндө карантинде жатат, анткени бүгүнкү илдет дүйнөнүн төрт бурчун каптап турат. Ошондуктан учурда дээрлик көпчүлүк, жөнчүлүктө наны бүтүн жарандар деле күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө муктаж десем жаңылбайм. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген, дары-дармекке дайыма алы жетпей келгендер бүгүн аябай оор абалды башынан кечирип жатышат.
Мисалга, жакында мага бир тааныш аял телефон чалып, саламдашкандан кийинки сураган биринчи эле суроосу “бизнесмендер менен байланышып жатасыңбы?” деген суроо болду. Мен түшүнбөй туруп эмнеге деп сурасам “азык-түлүк таркатып жатышат деп уктум эле” дейт. Ал сөзүн тартынып жатып араң айтты, анткени муктаждыгы жок жашап жаткан үй-бүлө болчу. Учурда үйүндө келини эки баласы менен, кызы эки баласы менен, өзү (баары-7 киши) жегенге тамак-ашы жетишпей жатыптыр. Күйөөсү, уулу, күйөө баласы дагы бир кызы Орусияда иштешчү экен, азыр алар ошол жакта өздөрүн да бага албай, жашаган квартирасына төлөгөнгө акча таппай же Кыргызстанга келе албай жатышат экен. Эсептеп көрсөк, 11 киши үйүндө наны жок отурат, төртөө башка жакта, жетөө Ошто. Мен аларга жолугуп бир аз колуна акча берейин десем, ал шаарга кире албайт, мен чыга албайм. Анан “электрондук акча кабыл алчу болсо сурап көрүңүз, мен бир аз акча котороюн, сиз ошого нан, чай алып туруңуз” десем, андай электрондук акчага соода кыла койчу жакын жерде дүкөн да жок экен. Аталган үй-бүлөгө эң чоң жардамым – уюлдук телефонуна акча салып туруу болду.
“Бекер турган азыктар кимдир бирөөгө жардам болсун дедик”
-Карантинтен кийин ашканабыз өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон эле. Буга байланыштуу ашканада бир азык-түлүктөр бар эле. Алар бекер калып кетпесин деп, карантин учурунда да иштеп жаткан мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге түшкү тамактарын камсыздап берип жаттык. Дарыгерлерге, постто турган кызматкерлерге, жол оңдоп жаткан жолчуларга, гүл эккендерге ысык тамактар берилди. Жалпысынан 16 күн аталган кызматкерлерге тамак-аш бердик. Мындан ары да улантылат. Эми “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте иш алып барабыз.
“Өзгөчө кырдаалдын шарттарын жеңилдетүү керек”
-Элибиз мындай карантиндин шартына чыдашы мүмкүн, бирок өзгөчө кырдаалдын шартында абал тескерисинче, курчуп кетиши ыктымал деп корком. Анткени ар түрдүү жумуш менен өзүн-өзү багып жаткан жарандар азыр үйлөрүндө жатышат. Алар кадимкидей жардамга муктаж. Алар жумушка чыккан күнү гана акча табышат, чыкпаса кирешеси токтойт да. Карантиндин шартын катуу коюу менен өзгөчө кырдаалды эмес, өзгөчө абалды деле кыскартуу керекпи деп ойлойм. Анткени, учурда, ансыз деле жарандардын этияттанганы этият болуп, талаптарды аткарып келишет. Ал эми кайдыгер карагандарга карантин тоскоол болбой жатканына күбө болуп эле жатабыз.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Дүйнөдөгү эпидемиялык абал адамдарды бир топ түйшүккө кептеди. Көптөгөн ири компаниялар да ишин токтотуп, миллиондогон жарандар жумушсуз калды. Жардамга муктаж адамдарда жок эмес. Мындай учур өлкөбүздө да катталууда. Бүгүнкү күндө колдоого муктаж болгон жарандарга кандай жардам көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу Ош шаардык социалдык коргоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев "Ош шамына" билдирди.
"Бүгүнкү күнгө чейин 5577 жаран кайрылып, анын 4458не жардам көрсөтүлдү"
-Ош шаарында бүгүнкү кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж адамдар шаар мэриясына, аймактык башкармалыктарга кайрылышууда. Учурда кайрылгандардын саны 5577 жаранды түзөт. Анын ичинен 4458 жаранга жардам көрсөтүлдү. Жардам муктаж болгон көп балалууларга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө берилди. Мүмкүнчүлүгү чектелип, группада болуп, бирок, жашоо шарты жакшы болсо, аларга биринчи этапта каралган жок.
Андан сырткары күнүмдүк тиричилигине акча таап жүрүп, жумуштар токтогонунан улам кыйналып калган жарандарыбыз да кайрылышкан.
Көп балалуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө мамлекеттик материалдык резервтер фондунан 50 тонна ун таркатылып берилди. Ошондой эле турмуштун оор кырдаалына кабылып, кайрылган жарандарга мэрия тарабынан, жеке демөөрчүлөр, уюмдар тарабынан тамак-аш, азык-түлүк баштыктары берилди.
"Жетиштүү жашоодо жашаган жарандар да кайрылган учурлар катталууда"
-Жардам берүү дагы уланат. Материалдык резервтер фондунан 80 тонна ун бөлүндү. Ундарды бөлүштүрүү боюнча мэриянын алдында атайын комиссия бар. Комиссия карап чыгып, аймактык башкармалыктарга бөлүштүрүп берет. Кайрылган жарандардын бүгүнкү күндө чын эле муктаждыгы барбы, анын баары такталат. Тилекке каршы, жетиштүү жашоодо жашаган жарандар да кайрылган учурлар катталууда. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кварталдык комитеттер, домкомдор иш алып барышууда. Жогорудагы цифралар дагы өсүүсү мүмкүн.
Жумагүл Кочкорбаева
Токтобүбү Оморова, 16 жылдан бери Италияда жашайт:
"Мамлекет койгон талаптарды аткарып үйдө отурабыз"
-Бүгүнкү күндө ар түрдүү маалыматтар тарап жатат. Аны ар ким акыл-эсине жараша кабыл алууда. Мен айтар элем, Италияда алдын алуу иштери өтө жакшы көрүлүүдө. Биз ооруган же көз жумган киши көргөн жокпуз. Кечээ жакында келиними төрөтканага жаткырып келдим, баары кылдаттык менен иштешүүдө. Эрежелер сакталууда. Италиялыктар мыйзамды сыйлаган, майда нерселерге да аябай көңүл бурган калк келишет. Ошондуктан көрбөгөн ооруну эле "келди" дешип коркуп жатышат. Бирок, сактануу, алдын алуу жагынан Кыргызстандагыдай эле шарттар түзүлүүдө. Чоң ооруканалардын алдында 30 метр алыстыкта палаткаларды тигип, ошол жерде дарыгерлер жарандарды кабыл алып, температурасын өлчөгөндөн соң кирүүгө уруксат беришүүдө.
-Мамлекет тарабынан жарандарга кандай шарттар түзүлүүдө?
-Мекендештер карантинге байланыштуу үйдө иштешүүдө. Эч ким эч жакка чыкпайт жана кирбейт. Биздин келгенибизге 16 жыл болду. Бул жактын жарандыгын алганбыз. Мамлекет жарандардын үйдө отурган күндөрүнө да маяна төлөп берүү мыйзамын кабыл алды.
Андан сырткары апрель, май айларындагы кредиттерди кечти. Жарандар үчүн болушунча ыңгайлуу, жеңил шарттарды түзүүдө. Көчөгө чыгуу да маршруттук анкета колдонобуз.
Биз жашаган аймакта түрдүү улуттардын өкүлдөрү бар. Кытайлар деле жүрөт. "Сен вирус чыккан өлкөдөнсүң" деп дискриминация кылган эч ким жок. Баары тынч күн кечиришүүдө.
Мамлекет койгон талаптарды аткарып үйдө отурабыз. Эмнеден коргонуп атканыбызды деле билбейбиз. Аты "коронавирус" деп атышат. Карантиндик режим 3-майга чейин узартылат деп айтылууда.
Covid-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга Италия чыгууда. Анда бир күндө 600дөн ашык адам көз жумганы маалыматтарда айтылып келет. Ал эми учурдагы абал тууралуу билүү үчүн Италияда жашаган мекендештерге суроо салып, жооп алдык.
Курал Осмонов:
"Италияда азык-түлүккө болгон баалар кандай кырдаал болбосун өзгөрбөйт "
-Саламатсызбы? Италияда учурда абал кандай?
-Биз Италиянын Казарте деген шаарында жашайбыз. Учурда абал тынч. Бул шаарда катталды деген маалымат уга элекпиз. Бир айдан бери шаарга карантин киргизилип, азыр үйдө отурабыз. Сыртка чыкканга болбойт. Шаарда дезинфекция иштери жүрүп жатат. Базарда соода кылчубуз. Учурда базарлар жабылып, иш токтоду. Бир айдан бери күнүмдүк тамак-аш, квартира акысына мурда жыйнап жүргөн акчаларыбызды иштетип, ошол менен жашоодобуз. Карантин 3-апрелге чейин киргизилген. Бирок, өлүмдүн көп катталганына байланыштуу майдын ортосуна чейин созулат го деп ойлоп атабыз. Күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштардын баасы өзгөрүүсүз. Себеби бул жакта мыйзамга баш ийүү күчтүү болгондуктан, андай система жок. Кандай кырдаал болбосун дайым бир баада.
"Үйдөн чыкпасаң, сенде да маселе жок, башка бирөөгө да маселе жаратпайсың"
Covid-19 илдети күндөн күнгө тамырын жайып барууда. Аны менен күрөшүүдө алдыңкы державалар да алсыздык кылууда. Дүйнөнүн 182 өлкөсүндө катталды. Бүгүнкү күндө илдетке кабылгандардын саны боюнча алдыңкы үч илтикте Кытай, Италия жана Америка турат. Америкадагы мекендештерибиздин учурдагы абалын билүү үчүн Чикагодо жашаган Гүлайым Мурзаевага байланыштык. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү билдирди.
Гүлайым Мурзаева, журналист, АКШда жашайт:
"Америкада онлайн иштөө системасы абдан өнүккөндүктөн, ишканалардын бардыгы үйдөн иштөөдө"
-Учурда 13-марттан баштап Америкада карантин. Ошол күндөн тарта эрежеге баш ийип, биз да үйдөбүз. Эч жакка чыкмай жок. Конокко баруу, конок тосуу токтотулду. Окуу жайлар, мектептер жабылды. Америкада онлайн иштөө системасы абдан өнүккөндүктөн, ишканалардын бардыгы үйдөн иштөөдө. Үйдөн иштөө жумушка эч кандай кедергисин тийгизбейт. Офисте кандай иштесең, үйдөн деле так ошондой иштерди жасап, айлык акы алсаң болот. Окуу системасы да онлайн жүрүүдө. Мугалимдер күн сайын тапшырмаларды ата-энелердин электрондук дарегине жөнөтүп турушат. Биз балдарыбызга окутуп, тапшырмаларды аткарып, кайра жиберебиз. Күн сайын текшерилип, аткарылбай калган көнүгүүлөр болсо, кайрадан жөнөтүшөт.
Ошондой эле программа боюнча эки күндө бир видео аркылуу бардык окуучуларды кошуп талкуулашат, суроолорго жооп беришет. Бул абдан жакшы. Балдар окуу программасынан калбай билим алышууда. Убактысын да туура пайдаланышууда.
"Зарыл учурда гана көчөгө чыгууга болот"
-Тамактанчу жайлар да ишин токтоткон. Бир гана жеткирип берүү үчүн иштеп жатышат. Транспорттор да көчөдө азайды. 22-марттан баштап кечки саат 5тен кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Бир гана зарыл болгон учурда даары канага, ооруканага, азык-түлүк алуу үчүн маркеттерге же бензин куюу үчүн чыкса болот.
"Баягы кооз, шаңдуу шаар жок"
-Жер-жерлерде полиция кызматкерлери абдан активдүү иш алып барышууда. Карантин болгон күндөн бери көчөгө чыга элек болчумун. Кечээ азык-түлүк алуу үчүн чыктым. Көчөдө адамдар аз. Баягы кооз, шаңдуу шаар жок, аны сезген жокмун. Бирок, маркеттин алдында адамдар көп. Баары бир-биринен этияттанып, аралык сактайт. Азык-түлүктөр мурдагыдай эле. Бир сыйра жаңылоо болуптур, бирок макорон, ун, шекер, ак май, гүрүчтү тапканга болбоду. Дүйнөгө тамаша болгон даараткана кагазы такыр эле жок.
"Илдетке кабылгандар кайдан жуктуруп алганын билишпейт"
-Көчөгө чыкканда үч метр аралыкты сактоо керек. Эс алуучу жайларды, орундуктарды жаап, жыйыштырып коюшкан. Парктарда сейилдөөгө болот дешет. Биз күн ачык күндөрү бир-эки жолу чыктык. Бирок, илдетке кабылып калган адамдардын маегин окусам, баары эле кантип жуктуруп, вирус каяктан келгенин билбейт. Ошондуктан, үйдөн чыкпасаң, өзүңө да маселе жаратпайсың, башкаларга да. Сен да тынч, жакындарың да тынч болот.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...