• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Билим берүү

Билим берүү (91)

Ниязалыдагы кресло чыры. Жетекчилик кимге буюрат?

Четверг, 21 Январь 2021 09:40 Автор Бекмурат
Ниязалыдагы кресло чыры. Жетекчилик кимге буюрат?

14-январда ырчы Самара Каримова «эки жыл мурун мыйзамсыз жумуш орундан алындым эле. Бʏгʏн ѳз укугумду коргоп, соттон утуп чыктым» деп Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга барган. Бирок, аталган окуу жайдын жамааты ырчыны кабыл албай, жетекчиликтин иш бѳлмѳсʏн жаап коюшкан. Учурда эки тарап дагы эле бир чечимге келише элек. Самара Каримова кʏч органдары менен биргеликте барып жетекчинин иш бѳлмѳсʏн ачып кирип отурса, мугалимдер жамааты тийиштʏʏ тараптарга арыз, кат жолдоо менен алек. Эске салсак, ырчы аталган окуу жайга 2018-жылдын октябрында директор болуп дайындалып, эки кʏндѳн кийин ал буйрук жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген эле.

С. Каримова азырынча директор боло албайбы?

18-январда Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директору кызматын кайтарып алуу боюнча соттун чечими кʏчʏн жоготту. Бул тууралуу анын арызын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун мааламыт кызматы билдирди. Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Бишкек шаардык сотуна даттанганы себеп болгон. Министрлик райондук соттун чечимине макул болбой, соттогу ишенимдʏʏ ѳкʏл мурдагы министр тарабынан бекитилген жана иштен эки жылдан кийин каралганы мыйзамсыз болгонун жʏйѳ келтирген.

Апелляциялык даттануу тʏшкѳндʏгʏнѳ байланыштуу райондук соттун чечими мыйзамдуу кʏчʏнѳ кире элек деп табылган.

Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, жумуштан мыйзамсыз алынган КРнын жараны эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга доо арыз менен кайрылышы керек. Ал эми Самара Каримова сотко кайрылуу мѳѳнѳтʏн ѳткѳрʏп жиберген. 

Акылбек Кылычов, ырчынын адвокаты:

“ Буйрук боюнча директор болуп иштегенге акылуу”

-Самара Каримова боюнча Биринчи май райондук соттун чечими ѳз кʏчʏндѳ турат. Министрлик апелляциялык тартипте экинчи соттук инстанцияга кайрылгандыгы бул биринчи соттук инстанциянын чечими жокко чыгарылды дегенге жатпайт, андан сырткары соттук териштирʏʏ  учурунда министрликтин ѳзʏнѳ коюлган доону толугу менен мойнуна алып, алар тараптан эмгек кодексин бузуу менен коштолгон чечим чыкканын мойнуна алышкан. Андыктан биринчи соттук инстанция ар тараптуу изилдеп, жогорудагы чечими кабыл алган. Азыркы учурда министрдин директорлукка дайындоо жѳнʏндѳ чыккан буйругу  бар. Экинчи соттук инстанция  тарабынан министрдин буйругун жокко чыгарган  же болбосо биринчи соттук инстанциянын чыгарган чечимин жокко чыгаруу жѳнʏндѳ эч кандай соттук актылар жок. Мындан улам Самара Каримова Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканга чейин министрдин буйругунун негизинде иштегенге толук акылуу.

«Бизге тайжрыйбалуу жетекчи келсин…»

15-январда Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына дайындалган Самара Каримова жамаат менен расмий тааныштырылмак. Бирок аны окуу жайдын кызматкерлери кабыл алган жок. Алар Каримовадан ѳз арызы менен кетип, жетекчиликке алардын арасынан башка бирѳѳнʏн дайындалышын талап кылышууда.

Курбанали Кенжебай уулу, окуу жайдын мугалими:

- Мыйзамда бир элде адамдын эмес, баарынын укугу тууралуу жазылган. Жамаат катары биздин укугубуз кайсыл жерде корголууда? Бизге тажрыйбалуу, бул тармакта мурун иштеген жетекчи келишин талап кылабыз. Сахнада ырдап жʏрʏп эле бир кʏн келип окуу жайга директор болуп дайындалышы жамааттын укугунун тебеленишинен кабар берет эмеспи?! Иштеше албайбыз биз. Бир жагынан жаш, экинчи жагынан тажрыйбасы жок. Кесиби жетекчилик кызматка такыр туура келбейт.

Талгат Зарылбек уулу, мугалим:

- Башынан бери эле каршы болдук. Дагы да каршыбыз. Эмне ʏчʏн бул тармакта кѳп жылдан бери иштеген эже, агаларды эске алышпайт? Биз жаш мугалимбиз, бизге эч болбосо бизден билими, тажрыйбасы жагынан деңгээли жогору болгон жетекчи керек. Мен Самара Каримованын жеке ѳзʏнѳ, жеке чыгармачылыгына эч кандай терс пикирим жок. Бирок, жетекчи катары кѳрѳ албайбыз. Жѳнѳкѳй эле мектепке мугалим болуп кирʏʏдѳ канчалаган критерийлер коюлат. Дипломуң болуш керек дегендей. Ал эми Самара Каримованын диплому юридикалык кесипти аяктаганын тастыктап жатат. Мен мисалы, бухгалтериянын бʏтʏп келип, мектепке барып музыкадан сабак бере албайм да.

Исламбек Абдылдаев, мугалим:

- Социалдык тармактан элдин пикирин окуп жʏрѳгʏбʏз жылыды. С. Каримованын биздин окуу жайга директор болуп дайындалышына бир эле биз эмес, элдин да кѳпчʏлʏк бѳлʏгʏ каршы экен. Аягына чейин кʏрѳшѳбʏз деп отурабыз. Тийиштʏʏ тараптарга кат жазуудабыз. Бирок, бир да жооп келе элек. Азырынча жооп кʏтʏп жатабыз. Жамааттын баары каршы.

Самара Каримова:

 «Жаран катары мен ѳз укугумду коргодум»

- Ѳзʏңʏздѳр билгендей, эки жыл мурун окуу жайга директор болуп дайындалганымдан кийин эки кʏндѳ ошол кездеги министр мыйзамсыз мени жумуштан алып койгон. Мага эскертпей туруп, арыз да жаздырбай эле жумуштан бошоткон. Ал нерседен мен чоң сокку алдым, ден соолугум менен жʏрдʏм. Арада чыгармачылыгым менен алек болдум. Кыргызстан мыйзамдуу ѳлкѳ, баарыбыз укук талаасында жашайбыз. Кыргызстандын ар бир жараны ѳз укугун коргоого милдеттʏʏ. Мен да Кыргызстандын жараны катары ѳз укугумду коргодум. Соттон утуп келип, анын негизинде министрлик мени кайрадан жумуш ордума кайтышыма буйрук чыгарып берди. Албетте, бардык эле жерде мындай тʏшʏнбѳстʏктѳр, ызы-чуулар болуп келген жана мындан ары да боло берет. Бирок, мен кепилдик берип айта алам, жамаат менен 100 пайыз тил табышып, иштешип, окуу жайды алдыга сʏрѳгѳнгѳ, мыкты студенттерди окутканга колумдан келген аракетимди жасайм.

- Жумуш ордунан мыйзамсыз алынган жаран мыйзам боюнча эки ай ичинде гана сотко кайрылууга укуктуу экен. Сиздин буга пикириңиз кандай?

- Мындай чечим оңой эле чыгып калган жок. Кѳптѳгѳн юридикалык талдоолор жʏрдʏ. Мыкты адвокаттар, юристтер, сот абдан тыкыр иштеди. Жыйынтыгында ушундай корутундуга келишти. Эгер мен соттун чечими жок эле келип отуруп алсам, анда ошол мыйзамсыз болмок.

Нургазы Абдувалиев, юрист:

- Райондук соттун чечими туура эле. Себеби, министрликте буйрукту жокко чыгаруу боюнча укук жок. Мурдагы министр А. Жаманкулов мыйзамсыз жумуштан бошоткон. Бирок, С. Каримова сотко кайрылуу мѳѳнѳтʏн ѳткѳрʏп жиберген. Мындай учурда сот доогерге мѳѳнѳтʏнʏн ѳтʏп кеткендиги тууралуу кабар берет. Эгер убагында кайрылууга доогерде жʏйѳлʏʏ себеп болсо сот ишти кайрадан кароого укуктуу. Мисалы, доогер башка ѳлкѳдѳ болсо, ден соолугуна байланыштуу оор абалда болсо алалы, комада жаткан болсо мѳѳнѳттʏ узартууга мʏмкʏн. Мен Самара Каримованын ишиндеги келтирилген далилдерди ѳз кѳзʏм менен кѳрбѳгѳндѳн кийин райсоттун чечими негиздʏʏ же негизсиз деп айта албайм. Бишкек шаардык сотунун жыйынтыгын кʏтʏʏ зарыл. 

Гʏлгакы Мамасалиева, коомдук ишмер:

«Окуу жай жамааты жʏйѳлʏʏ себептерди айтышууда»

- Окуу жай жааматы мени профсоюз отурумуна чакырышты. Мен алардын арыз- муңуна кʏбѳ болдум. Мугалимдердин басымдуу бѳлʏгʏ С.Каримованын директор болуп дайындалышына каршы экен. Биринчиден, мурдагы директор Н. Каримов ѳз арызын жазбаптыр. Аны жумуштан кетирʏʏгѳ негиз жок. Экинчиден, райондук соттун чечими кʏчʏнѳ кире элек. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкек шаардык сотко доо арыз менен кайрылыптыр. Yчʏнчʏсʏ, министрлик С. Каримованын директор кылып дайындоо буйругун чыгарууда райондук соттун чечимине таянган. Бул дегени буйрук соттун чечими кʏчʏнѳ кире элек эле чыгарылган. Тѳртʏнчʏдѳн, министрликтин стат-катчысы жаңы директорду жамаат менен тааныштыруу ʏчʏн окуу жайга келгенде мугалимдер каршылык кѳрсѳтʏп, квалификациясы дал келбегени боюнча жѳндʏʏ негиз келтиришкен. Эмне ʏчʏн стат-катчы жамааттын каршы пикирине чара кѳрʏп, министрликке жеткирген эмес?! Бул мекеме бюджеттик окуу жай. Бул жерде болочок педагогдорду даярдашат. Демек, жетекчиликке музыка жаатында эле эмес, жогорку педагогикалык билим да талап кылынат. Учурда эмгек жамааты  жаңы директордун буйруктарын аткаруудан баш тартышууда.

Министр ѳз буйругун туура эмес деп таап, дайындоону жогорку соттун чечими чыкканга чейин токтотуп туруу зарыл. Анткени, азыр директор кол койгон буйруктардын, финансалык документтердин кʏчʏ чийки болуп, фискалдык орган тараптардан келечекте жоопко тартканга негиз жаратууда. Бир эле Самара Каримованы эмес, Нуржигит Кадырбековду да кошуп жоопко тартуу керек болуп калат. Эгерде министр Нуржигит Кадырбеков тез арада чара кѳрбѳсѳ анда Ѳкмѳткѳ кайрылуу жасаш керек.

Райхан Самидинова, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

«Соттун чечими кʏчʏнѳ кире элек кирип келишти»

- Самара Каримованын биздин мекемеге директор болуп дайындалып келишине жамаат башынан эле каршы чыкты. Иш тажрыйбасынын, педагогикалык билиминин жоктугуна гана таянып каршы чыктык. Жаш болсо да эгер педагогикалык билими, иш тажрыйбасы болгондо кош колдоп тосуп алып, мʏмкʏнчʏлʏк бермекпиз. Андай болгон жок. Соттун чечими  толук 30 кʏндѳн кийин кʏчʏнѳ кириши керек экен. Чыгарылган чечимге ылайык, С. Каримованын буйругу 15-январдан кийин чыгышы керек болчу. Бирок, Каримова бизге 14-январь кʏнʏ келип, биз каршылык кѳрсѳткѳнʏбʏзгѳ карабай директордун иш бѳлмѳсʏнѳ кирип отуруп алды. Министрликке, консерваторияга, Садыр Жапаровго кат жазып жообун кʏтʏп отурабыз. Мыйзам бир эле Самара Каримованын кызыкчылыгы ʏчʏн жазылбагандыр. Биздин да укугубуз каралышы керек. Тажрыйбасы мол, окуу жайды алга сʏрѳп, ѳнʏктʏрѳм деген мугалимдер толтура бизде. Массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалыматтарды берип, каралап жатканы бизди кыжырдантууда. Мурунку жетекчибизди «жамаатына мени каралап, аларды терс ʏгʏттѳп жатат» деп да пикирин калтырыптыр. Нурлан Каримов «мен мыйзам чегинде иш алып барам» деп иш бѳлмѳсʏнʏн ачкычын администрацияга тапшырып кеткен. Мѳѳр, ачкычтар жамаатта. Аны  мыйзамдуу, тажрыйбалуу, билимдʏʏ жетекчи келгенде гана беребиз деп кармап отурушат. Аягына чейин кʏрѳшѳбʏз. Кереги тийсе массалык иш таштоого чейин барабыз.

Нурлан Каримов, окуу жайдын мурдагы директору:

«Мыйзамга баш ием»

-  Мен ар дайым мыйзамдын чегинде гана иш алып барам. Эч нерсени ѳз алдымча барып тартып албайм, анткени менде адеп-ахлак деген тʏшʏнʏк бар. Каримова ачкычты мени бербей койду деп баарына калп айтып жатат. 14-январда мен мекеменин администрациясына ачкычты тапшырып, ошондон бери жумушка чыккан жокмун. Ал мени «мугалимдерди мага каршы тукуруп жатат» деп айтыптыр. Бирок мен мындай чоң топтун пикирин башкара албайм. Instagram тармагындагы комментарийлерде ага жагымсыз нерселерди жазган миңдеген адамдар жѳнʏндѳ эмне дейт? Аларды да мен ойлоп таптым беле? Адвокаттар мага «Самара Каримованын аракети мыйзамсыз» деп айтып жатышат. Кѳрсѳ, министр Каримованы директор болуп бекитʏʏ жѳнʏндѳ чечим мыйзам иштей электе эле чыгарган экен. Мындай чечим биринчи отурумда кабыл алынган, бирок Жогорку Соттун ѳкʏмʏн кʏтʏʏ керек болчу. Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз берилген. Жыйынтыгын кʏтѳбʏз.

Мен ʏчʏн мунун бардыгы жаман тʏш сыяктуу, бирок мен Самара Каримовага тең келе албайм.  Ал каалаганын айта берсин. Мен ʏчʏн мектеп жамааты бир ʏй-бʏлѳдѳй, биз соттун чечимин гана кʏтʏп жатабыз. Мага креслонун мааниси жок, жѳн гана маданият тармагында болгум келет.

КР Ѳкмѳтʏнʏн 2020-жылдын 29-майындагы №278 токтому

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин системасындагы орто кесиптик (анын ичинде атайын) окуу жайларынын (техникумдардын) кызматкерлери ʏчʏн квалификациялык талаптар: директор “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес болуш керек.

Бактыгʏл

Калдарбай кызы

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

ОшМУ– ѳткѳн жылга саресеп, келечекке аракет “ОшМУда жаңы имараттарды куруу уланууда”

Четверг, 14 Январь 2021 06:43 Автор Бекмурат
ОшМУ– ѳткѳн жылга саресеп, келечекке аракет “ОшМУда жаңы имараттарды куруу уланууда”

-Албетте, 2019-2020-окуу жылы бʏткʏл дʏйнѳ эли ʏчʏн сыноо берилген жыл болду. Адамзат ден соолуктун баалуулугун, баркын сезди. Бʏгʏн биз ѳткѳн жылдагы жасалган иштерге саресеп салып, жаңы жылга жаңы демилгелер менен кирип келдик. Бул жыл ʏчʏн алдыбызга бир топ изги максаттарды, иштиктʏʏ пландарды койдук.  ОшМУда жаңы имараттарды куруу уланууда. Учурда окуу жайдын алдында М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу жʏрʏп жатат. Жаңы окуу жылында медицина, искусство факультеттерине, “Билим” лицейине, медициналык колледжге кошумча имараттарды куруу жана заманбап шарттагы  спорт комплексин пайдаланууга берʏʏ пландаштырылды. Узак мѳѳнѳттʏʏ стратегиялык пландардын негизгилерин ушул жылы ишке ашырып ʏлгʏрʏп калабыз деген ниеттебиз.

“ОшМУ оор кырдаалда четте карап турган жок”

-Ѳткѳн жылы ѳлкѳ боюнча мекендин саламаттыгы ʏчʏн ооруга каршы турдук. Окуу жайдын ар бир мʏчѳсʏ оору менен кʏрѳшʏʏгѳ катышты. Студенттерибиз акцияларды уюштурду, волонтер катары от кечип жʏрʏштʏ, кызматкерлерибиз университеттин имараттарында уюштурулган стационарларда тик туруп кызмат кылышты. Кайрымдуулук иштерин уюштуруп, колубуздан келген жардамдарды муктаждарга жеткирип турдук. Жамаатыбыздын ар бир мʏчѳсʏ пандемия менен кʏрѳшʏʏгѳ ѳз салымдарын кошуп, жамааттын ынтымагын, бʏтʏндʏгʏн кѳрсѳтʏштʏ. 2020-жылда тилекке каршы, ѳмʏрʏн, жаштыгын, жигерин, билимин окуу жайыбыздын ѳнʏгʏшʏнѳ арнаган бир катар кадырлуу инсандардан айрылып калдык... Алар бизге инсандыктын, агартуучулуктун чыныгы ʏлгʏсʏн калтырып кетишти.

“Аралыктан билим берʏʏнʏ ийгиликтʏʏ уюштура алдык”

-ОшМУ аралыктан билим берʏʏгѳ мурдатан даяр турган. Окуу жайдын ички мʏмкʏнчʏлʏктѳрʏ, материалдык-техникалык база бул процесске бир топ жылдан бери толукталып келе жаткан. Бирок жетишпестиктер да бар эле. Тез арада жамаат менен бирге университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен ʏзгʏлтʏккѳ учуратпай жʏргʏзʏʏнʏн тʏрдʏʏ чараларын иштеп чыгып, кескин чечимдерди кабыл алдык. Ага ылайык буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Аралыктан байланышты ʏзгʏлтʏксʏз уюштуруу максатында кѳптѳгѳн кызматташтык келишимдери тʏзʏлдʏ. ОшМУда аралыктан билим берʏʏнʏ эффективдʏʏ жана ʏзгʏлтʏксʏз жʏргʏзʏʏнʏ, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялар иштелип чыкты.

Алгачкылардан болуп KelBil платформасын “Билим берʏʏ” платформасы менен биргеликте модернизацияладык. Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер ʏчʏн электрондук жадыбал жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары гана колдонулуп келген. Эми болсо KelBil  программасы сабак уюштуруучу башка платформаларга (Zoom, GoogleClassroom, YouTube, Moodle, окуу жайдын кызматкерлери иштеп чыккан (webinar.oshsu.kg порталы) бир жол аркылуу кирʏʏчʏ башаттык платформа болуп калды.

Пандемия мезгилинде аралыктан окутууну оптималдаштыруу максатында MegaCom компаниясынын жетекчилиги менен сʏйлѳшʏʏлѳр жʏргʏзʏлʏп, ОшМУнун окутуучулары, студенттер ʏчʏн акысыз интернет жана байланыш кызматы кошулду.

Санарип университет

-2020-жылда билим берʏʏнʏ санариптештирʏʏ багытында кѳптѳгѳн жаңы саамалыктарды жʏзѳгѳ ашырдык. Бул багытта “Санарип университет” долбоору толугу менен ишке ашты. Ѳткѳн жылдын март айынан баштап ОшМУда билим берʏʏ онлайн режимине ѳткѳн. Пандемия шартында студенттерге аралыктан окутууга атайын программалар окуу жайдын программисттери тарабынан даярдалды.

ЖОЖго даярдоо борбору тарабынан RETEST.KG, жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерʏʏчʏ retest.kg.login, абитуриенттерди онлайн кабыл алууда priem.oshsu.kg, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында видеоконференцияларды уюштуруу ʏчʏн webinar.oshsu.kg, электрондук сурамжылоо жʏргʏзʏʏ ʏчʏн opros.oshsu.kg атайын сайттар ишке кирди. Бул системалар маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо (тиешелʏʏ маалыматтардын университеттин Data-борборунда сакталышы), сапаттуу синхрондук байланышты уюштурууда, студенттер жана абитуриенттер менен иштѳѳдѳ ыңгайлуу шарттарды жаратып берет. Студенттер, магистранттар жана аспиранттар ОшМУнун электрондук китепканасынан пайдаланууга 100% мʏмкʏнчʏлʏк алышты.

ОшМУ DATA-борборунда иштеп жаткан  mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун ѳздʏк электрондук дареги тʏзʏлдʏ. Учурдун талаптарына ылайык, ар бир окутуучунун (кызматкердин) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу университеттин расмий кызматкери катары башка тараптар менен кат алмашуусу камсыздалды.

Окуу жайда документтерди бирдиктʏʏ сактоо, маалыматтык коопсуздук саясатын камсыздоо, иштелип жаткан документтердин кѳлѳмʏн аныктоо жана аналитикалык маалыматтарды берʏʏнʏ шарттаган электрондук документ жʏргʏзʏʏчʏ Edoc программасы жасалып ишке кирди. Эми ОшМУда негизги документтердин баары бир системага бириктирилген программа менен электрондук негизде жʏргʏзʏлѳт. Мында кагаз иштеринин кѳлѳмʏ азаят, убакыт ʏнѳмдѳлѳт, буйруктардын жана чечимдердин аткарылышы тездетилип, ашыкча убаракерчилик жоюлат. Мурда кызматкерлер билдирʏʏ, арыз, буйруктарды, студенттерге тийиштʏʏ иш кагаздарды кол менен даярдап келсе, эми баары бир эле учурда электрондук негизде жʏзѳгѳ ашат.

Мындан сырткары электрондук капчыктар аркылуу бардык тѳлѳмдѳрдʏ ѳлкѳнʏн бʏткʏл аймагынан тѳлѳѳгѳ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлдʏ.

2020-жылдын июнь айында “ОшМУнун 2020-жылдагы бʏтʏрʏʏчʏлѳрʏ ʏчʏн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен уюштуруу жана ѳткѳрʏʏ тартиби” иштелип чыкты.

Азыркы учурда университеттин ички базасы “Тʏндʏк" тутуму аркылуу башка мамлекеттик ведомстволор, мекемелер менен автоматташтырылган тʏрдѳ маалымат алмашууга толук даяр болду. Буга ылайык 2020-жылдын май айында Билим берʏʏ жана илим министрлиги менен ОшМУнун e-diplom подсистемасы аркылуу маалымат алмашуу жʏзѳгѳ ашууда. ОшМУнун программисттери тарабынан даярдалган санариптештирʏʏ багытындагы долбоор республикалык деңгээлде колдонууга сунушталды. Сентябрь айында “Санарип университет” аттуу конференция уюштурулуп, ѳлкѳдѳгʏ жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери ОшМУга тажрыйба алуу ʏчʏн келишти.

“Билим берʏʏнʏн сапатын арттырууда алгылыктуу иштер жасалды”

-Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча кѳз карандысыз агенттиги  ѳткѳргѳн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги-2020” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ программалык рейтингде 36 багыт боюнча 1-орунду багындырып, сертификаттарга ээ болду. Муну менен университет жалпы рейтингде катары менен ʏчʏнчʏ ирет 1-орунду камсыздады. Ал эми Билим берʏʏ жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын, илимий изилдѳѳ органдарынын ишмердʏʏлʏгʏнѳ жʏргʏзгѳн мониторингде КРнын жогорку окуу жайларынын ичинен ОшМУ мыкты деп аталды. Бул биздин окуу жайдагы билим берʏʏнʏн жана илимий ишмердʏʏлʏктʏн сапатынан кабар берет.

Университеттин жалпы эл аралык рейтингин аныктоодо илимий жетишкендиктерге баа берилип  келет. Эл аралык деңгээлде таанылган Webofscience, Scopus сыяктуу илимий журналдарга макалаларын жарыялап, ѳзʏнʏн Хирш Индексин (h-индекс) жана окуткан багыттын (адистиктин) рейтингин жогорулатканга салымын кошкон окутуучуларыбыз да арбын. 25 ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-билим берʏʏдѳгʏ ишмердʏʏлʏгʏ боюнча изилдѳѳсʏндѳ алдыңкы 30га (ТОП-30) кирген 400 окутуучунун ичинен ОшМУнун 65 окутуучусу, ал эми алдыңкы 15тиктин ичинде окуу жайдын 8 окумуштуусу бар.

2020-жылы «EdNet» аккредитациялык агенттиги, Билим берʏʏ программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги, Казакстандын кѳз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан 16 бакалавриат, 12 магистратура, алты адистик, тѳрт орто кесиптик программалары кѳз карандысыз аккредитациядан ѳтʏштʏ. Бʏтʏрʏʏчʏлѳрдʏн дʏйнѳлʏк эмгек рыногунда ишке орношуусу жана таанылуусу окуу жайдын эл аралык деңгээлдеги агенттиктерден аккредитациядан ѳтʏʏсʏнѳ байланыштуу болот.

“Илимий, коомдук-маданий иш чаралар байма-бай ѳтʏп турду”

-Ѳткѳн жылда маанилʏʏ делген бардык даталуу кʏндѳрдѳ окуу жай салтанаттуу иш чараларын ʏзгʏлтʏккѳ учураткан жок. “Билим” майрамы, Улуу жеңиштин 75 жылдыгы, эл аралык жана республикалык илимий конференциялар, талкуулар, маданий кечелер, студенттерди кабыл алуу салтанаты,  “Жаңы жылдык кѳгʏлтʏр от” сыяктуу иш чаралар онлайн форматта жогорку деңгээлде уюштурулду.

ОшМУ ʏчʏн эң маанилʏʏ болгон университеттин 80 жылдык мааракеси дагы 2020-жылдын май айында онлайн форматта окуу жайдын техникалык, программалык мʏмкʏнчʏлʏктѳрʏн колдонуу менен 80.oshsu.kg  атайын сайты аркылуу ѳткѳрʏлдʏ. 1000 катышуучу аралыктан катышкан бул иш чара кыргыз, орус, англис, тʏрк, кытай тилдеринде синхрондуу которулуп, Facebook, Youtube, Instagram социалдык тармактары аркылуу тʏз алынып берилди. Онлайн мааракеге ОшМУнун 20дан ашуун Кытай, Орусия, Чехия, Корея, Испания, Тʏркия жана жакынкы чет ѳлкѳлѳрдѳгʏ ѳнѳктѳштѳрʏ катышты.

“Татыктуу эмгек акы сапаттуу билим берʏʏгѳ ѳбѳлгѳ болот”

-Жамааттын ынтымагы, биримдиги эң башкы орунда. Университетте кандай ѳнʏгʏʏ, ѳсʏʏ болсо анын баарында жамааттын ар бир мʏчѳсʏнʏн салымы бар.  Окуу жайыбыздагы жасалып жаткан иштер, аракеттер мунун баары жамаат ʏчʏн. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын эмгек акылары жыл сайын жогорулап келе жатат. Быйыл да биз октябрь айынан эмгек акыларды сезилерлик деңгээлде жогорулаттык.

ОшМУда бир жылда ʏч илимдин доктору, тѳрт илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтʏʏ коргошту. Илимдин докторлоруна 100 000 сом, илимдин кандидаттарына 50 000 сом сыйлык акылар белгиленген. Быйылкы жылы эл аралык деңгээлде таанылган Webofscience, Scopus сыяктуу илимий журналдарга жарыяланган макалалар ʏчʏн 10 000 сомдон сыйлыктарды ыйгардык.

Жакында электрондук табель тʏзʏлʏп, 1С бухгалтердик системасына байланыштырылган. Мунун натыйжасында эми кызматкерлердин ѳздʏк баракчасы ачылып, жасаган иштеринин кѳлѳмʏнѳ, изденʏʏлѳрʏнѳ, окуу жай ичиндеги рейтингине жараша кошумча жогорулатылган айлык акы алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнѳ ээ болот.

“Эл аралык билим берʏʏ мейкиндигине интеграциялануудабыз”

-Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында  РФнын Тʏштʏк Урал мамлекеттик университети менен эки тараптуу келишиминин негизинде Кыргыз-Россия факультети ачылды. 2019-жылы ректор катары алгачкы иш сапарым Кытай Эл Республикасына болду. Анда Yрʏмчʏ шаарында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал менен жолугушуп жаңы кызматташтыктар, пландар боюнча сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏздʏк. Кытайга болгон иш сапардын алкагында Пекин шаарында Кытайдын Борбордук улуттук университетинин ректору Хуан Тайян менен «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун» тʏзʏʏ жѳнʏндѳгʏ келишимге кол койгонбуз.

2020-жылдын январь айында Тʏркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты ѳнʏктʏрʏʏ максатын кѳздѳгѳн иш сапарда болуп, сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп келгенбиз. Пандемия шартында биз онлайн багытта чет ѳлкѳлʏк ѳнѳктѳш университеттер менен кызматташтыктарды бекемдеп, сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп жатабыз.  9- 13-декабрга чейинки аралыкта Тʏркияда иш сапарда болуп келдик.  Анкара шаарындагы Тʏркия Диянет фондунун башчысы Ихсан Ачык жана башка тиешелʏʏ жетекчилер менен жолугушуп, ОшМУ менен Тʏркия Диянет фондунун ортосундагы эки тараптуу келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында ОшМУнун базасындагы “Ыйман” гимназиясынын жаңы имаратын кыска убакытта баштоо боюнча сѳз болду. Ошондой эле Анкара университетинин теология факультетине да барып, тиешелʏʏ маселелерди талкууга алдык. Биздин мындай кызматташтыктар Кытай, Россия, Испания сыяктуу бир нече ѳлкѳлѳр менен да уланууда. 

“Жаштарды шыктандырып жатабыз”

-Ѳмʏр бою университетте иштеген бир профессорубуз айына 100 доллардан 5 студентке стипендия берип келсе, быйылкы жылы бул стипендия 10 студентке ыйгарылды.  Бул стипендия ʏч тараптуу келишимдин негизинде 50 жыл бою жыл сайын улам жаңы стипендианттарга ыйгарылып турат.

Быйылкы жылы студенттерибиз чыгармачылык, спорт, илим, билим боюнча республикалык, аймактык, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. ОшМУнун профессионалдык “Университет-ОшМУ” волейбол клубу КРнын чемпионатынын жогорку лигасынын жеңʏʏчʏсʏ болуп, Улуттук лигага жолдомо алды. Буларды шыктандыруу максатында окуу жайдын атынан белектер, атайын сыйлыктар, келишимдик акыдан жеңилдиктер каралып жатат.

Мындан сырткары студенттерибиздин арасында ʏй-бʏлѳлʏк шарты оор, ден соолугунан ѳксʏгʏ бар студенттерге окуу тѳлѳмʏнѳн бир миллион сомго чейин кѳмѳк кѳрсѳтʏлʏп келет.

“Жаңы ачылыштар жаңы мʏмкʏнчʏлʏктѳрдʏ жаратат”

- 2020-2021-окуу жылына карата учурдун  талабына ылайык жаңы орто кесиптик STEM инновациялык колледжи жана Эл аралык билим берʏʏ программалары колледжи ачылды. Бул да болсо эмгек рыногуна шай келген адистерди тарбиялап чыгарууга чоң мʏмкʏнчʏлʏк жаратат.

Коомчулук менен байланышуу департаментинин алдында окуу лаборатория тʏзʏлʏп, окутуучу-профессорлордун сабактары тартылды жана алар окуу жайдын социалдык баракчаларына жайгаштырылды. Бул процесс токтобой уланып турмакчы. Ошондой эле окуу жайдын маалыматтык сайты жаңыланып, эл аралык стандартка ылайык жасалгаланды. Мындан ары биздин сайтта бир эле мезгилде кыргыз, орус, англис, тʏрк тилдеринде маалымат берилип турмакчы.

Окуу жайдын алдында Квалификацияны жогорулатуу институ тʏзʏлʏп, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу, билимин ѳркʏндѳтʏʏ боюнча жумуштар аткарылып жатат. Бул институт университеттен сырткары мекеме-ишканалардын адистерин да окутууну колго алууда.

Акыркы 10 жыл аралыгында окуу жай материалдык-техникалык базасын чыңдап, инфраструктураны жакшыртуунун ʏстʏндѳ ʏзгʏлтʏксʏз иш жʏргʏзʏп келет. Быйыл Ак-Буура кампусунда заманбап универсалдуу спорттук парк курулуп, эки окуу корпусу жакынкы кʏндѳрʏ пайдаланууга берилет. 2019-жылдын октябрь айында башталган ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу имараты, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде жайгашкан жаңы спорт комплекси колдонууга берилди. Ошонун менен бирге жатаканаларда окуу залдар, эс алуу бѳлмѳлѳр капиталдык ремонттон ѳттʏ.

Бʏгʏнкʏ ОшМУ салттуулукка негизденʏʏ, инновациялардын ичинде болуу, дʏйнѳлʏк тажрыйбалар менен айкалышуу аркылуу иш билги, мекенчил адистерди даярдоонун, илим-билим, маданиятты жаратуунун  Борбордук Азиядагы лидери болуу дымагы менен жашап келет жана жашай бермекчи.

ОшМУнун ректору, профессор

 Кудайберди Кожобеков

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Абудулвахид уулу Турганбай Памири: “Журналист болгум келген, бирок, памирлик туугандарымды ойлоп мугалимдикти тандадым”

Среда, 23 Декабрь 2020 10:32 Автор Бурул
Абудулвахид уулу Турганбай Памири:     “Журналист болгум келген, бирок, памирлик туугандарымды ойлоп мугалимдикти тандадым”

Абудулвахид уулу Турганбай Памири:

 

“Журналист болгум келген, бирок, памирлик туугандарымды ойлоп мугалимдикти тандадым”

2017-2019-жылдары Кыргызстанга Памирде жашаган мекендештерибиздин бир бөлүгү көчүрүлүп келинген. Алардын биринчи бөлүгү Нарында, экинчи бөлүгү Алай районуна жайгаштырылган. Мамлекет колдон келишинче шарт түзүп, туугандарыбыздын билим алуусуна, кыргызча тамгаларды таануусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Ошол мекендештерибиздин бири Памирде төрөлүп, өсүп, 15 жашында Кыргызстанга келген Абудулвахид уулу Турганбай Памири учурда педагогикалык багытта 1-курста билим алууда. Ал башка досторунан айырмаланып, бир жылда 3-4 классты бүтүрүп, өз курагындагыларга жеткен.

“16 жашта кыргыз алфавитин окуп баштадым”

-Мен 2001-жылы Афганистан Ислам Республикасынын Памир айылында төрөлгөм. 2016-жылга чейин аталган айылда мал багып, ата-энем, бир туугандарым менен жашадык. Үй-бүлөдө жети бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эки эжем, бир карындашым жана үч иним бар. 2017-жылы Кыргызстандан экспедиция барып, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана вице-прьемер министр Чолпон Султанбекованын демилгеси менен 33 киши мекенибизге келгенбиз. Алардын 18и окуучулар болгон. Бизди Нарын шаарына жайгаштырып, билим бере башташкан. Мен 16 жашта кыргыз алфавитин окуп баштадым. Бул жактагы мен теңдүүлөр 9-классты аяктап жатканда, биз алиппе менен жаңыдан тааныштык. Тилекке каршы, Памирде билим албагандыктан, ушундай болду. Ооба, биз кыргызча эле  сүйлөйбүз. Бирок, кыргызча жазганды, окуганды билбейбиз. Баарын 1-класстан баштоого туура келди. 18 окуучунун ичинен тамгаларды эрте өздөштүрүп, башкалардан оздум. Бир жылда үчтөн классты бүтүрүп, үч жылдын ичинде тогуз жылдык окуу программасын аяктадым. Быйыл 2020-жылы Бишкекке келип, Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык факультетинде кыргыз тили жана адабияты багытында окууга тапшырдым. Бир туугандарым мектепте окушат. Алар 4-5-класс болуп калышты. Эң кичүү иним Кыргызстанга келгенде төрөлгөн. Анын атын бизди демилгелеп мекенибизге алып келген кишинин урматына Алмазбек деп атаганбыз. Ал үч жашта. Өкмөт тарабынан Нарындан үй берилген. Эки эжем Алайда үй-бүлөсү менен жашайт.

“Мекендештерибиз жакшы сөздөрүн арнап, жүрөктөрүбүздү жылытышты”

-Памирде мектеп деген жок. Бирок, такыр окубадым дегенден алысмын. Фарсы тилин окугам. Кеңири сүйлөп, жаза алам. Куранды үйрөндүм. Жакыныраак мектептерге да барып окугандар болчу. Алар аз санда гана.

Чынында Памир менен Кыргызстандын айырмасы өтө чоң. Кыргызстанда жашоо жеңил, билим алам десең бардык шарттар бар. Бардык жактан жетишсең болот. Өзгөрүүлөр болду. Албетте, окууда бир аз кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Мекениме келгенден мен эч кандай зыян тарткан жокмун. Тескерисинче, көп пайда таптым. Бизге “Кайрылман” деген күбөлүк беришкен. Ашыбызга аш кошулду. Ошондой эле башына баш кошулуп, балалуу болгондор болду. Бүгүнкү күндө билим алып, ийгиликке жетишип отурабыз. Кыргыз элим үч жылдан бери бизди сыйлап, өз жардамдарын көрсөтүүдө. Колдон келген жардамдарын аябай берип, эч нерсе бере албаса да жакшы сөздөрүн арнап, жүрөктөрүбүздү жылытышты.

“Мекенибизди жок дегенде бир жолу көрсөк, топурагын жыттасак деп эңсешет”

-Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алуу оңой болгон жок. Памирдеги туугандар “ушунча жылдан бери жашап келдик, дагы деле жашай беребиз, кетпегиле. Кетсек баарыбыз чогуу кетели. Ар кимибиз ар жакка чачырабайлы” деп каршы болушту. Ага деле карабай үй-бүлөбүз менен чечимибизди кабыл алдык. Кээ бир үй-бүлөлөрдө келишпестиктер болду. Кандай болгон күндө да мекенибизге келдик. Биз менен чогуу келген окуучулардын ата-энеси Памирде болгондуктан, бир жылдан кийин сагынып, кетип калышкан. Ошол бойдон кайра келишкен жок.

Памирде атамдын туугандары бар. Жайында барып жолугуп келүүнү максат кылып жатам. Алардын да Кыргызстанга келүүсүн каалайт элем. Мамлекет колдоо көрсөтүп, мекенине келүүсүнө шарт түзүп берсе жакшы болмок. Эки мамлекет ортосунда сүйлөшүү жүргүзүлүп, жол ачылып мекенге келип жайгашса кандай сонун болор эле.

Көпчүлүк Памирдеги туугандардын каалоосу Кыргызстанга баруу. Алар “мекенибизди жок дегенде бир жолу көрсөк, топурагын жыттасак” деп эңсешет. Мен аны жакшы билем. Анткени мен да ошондой максаттар, кыялдар менен жашагам. Мисалы, Памирде жүргөндө бир апа бар эле. Кыргызстандан журналисттер барып, интервью алышкан. Ал апа өз сөзүндө “мекениме барып жашоону каалайм, алып кетишсе экен. Кыргызымдын арасында жашайт элем. Жок дегенде мекенимди бир жолу көрүп, анан өлсөм арманым жок эле” деп айтканы бар. Өкүнүчтүү, мен бул жакка келгенден кийин каза болуп калганын уктум. Ошентип мекенине жетпей, памирликтердин саны азайып барууда. Баарыбыз кыргызбызда. Алар да ушундай шарт бар жерде жашашы керек. Өздөрүн толук кандуу жетишкен адам катары алып жүрүшү кажет. 21-кылым техника бүт баарысы өнүгүп жаткан заманда билим албай, мал артынан жүрө бербеши зарыл. Чындыгында алардын күнөөсү эмес. Андыктан сөзсүз түрдө мамлекет, колунда бар жарандар көмөктөшүп бир туугандарыбызды таштабай алып келүүбүз шарт. Ал жакта 350дөй түтүн, тагыраагы 1800 адам бар. Менин эң негизги кайрылуум, туугандарыбызды алып келүүнү тездетишибиз керек. Памирлик кыргыздардын атынан суранар элем. Эгер Афганистан памирликтерди жараны катары эсептей турган болсо, анда толук шарт түзүп бериши керек болчу. Андай кылган жок. Оорукана, мектеп куруп бере албады. Болгону бир же эки жылда бир ирет гуманитардык жардам көрсөтчү.  

 “Кыргызстанда баштагыдай салттар колдонулбай калыптыр”

-Мен журналистикага аябай кызыгып, ушул жаатта билим алууну каалагам. Кийинчерээк жогоруда айткан багытка тапшырып калдым. Которулуу тууралуу ойлоп жүргөм. Бирок, кыргыз тили жана адабиятын жакшылып окуп, памирлик туугандарымды окутсамбы деген ниеттер жаралууда. Ошондуктан улантууну чечтим. Азыркы убакта Бишкекте жалгыз мен эле, Ошто экөө. Жалал-Абадда үчөө бар, алар Ислам институтунда билим алышууда.

 

Үй-бүлөм Алайда жашашат. Кичүү бир туугандарыма жөлөк пул мамлекет төлөп берүүдө.

Келгенибизге төрт жылдын жүзү болду. Кыргызстанда баштагыдай салттар колдонулбай калыптыр. Мамлекеттик тил күнү болгондо гана майрамдап, Калпак күнү болгондо гана калпак кийип коюшат экен. Башка күндөрү калпакты кийишпейт. Баарын бир күнгө байлап коюшкан. Биздин улутка таандык болгондон кийин биз муну менен жашашыбыз керек болчу. Тескерисинче, чет жакты туурап баратабыз. Бизди да башкалар туурап, биздин кийимдерибизди кийип жатабы? Жок. Башка тилдерди үйрөнөлү, сүйлөйлү. Бирок, өзүбүздүн тилди унутуп коюу туура эмес да. Өзгөлөр өз тилдерин өнүктүрүп, өстүрүп жатат. А бизчи? Эне тилибизди сыйлап жатабызбы? Андыктан мунун баарын эске алып, жаштарды патриот болууга чакырам.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

ЭЛЕТ УУЛУНАН ЭЛ УУЛУНА АЙЛАНГАН...

Понедельник, 21 Декабрь 2020 10:20 Автор Бекмурат
ЭЛЕТ УУЛУНАН ЭЛ УУЛУНА АЙЛАНГАН...

Эмгегинен баар тапкан,  ак дилдʏʏ, чынчылдыгы менен элине жаккан кеменгерлʏʏ устатыбыз Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович, сиздин бʏгʏнкʏ 80 жаш кутман курагыңыз менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздин  ѳмʏр жолуңуз  жана эмгек тажрыйбаңыз жалпы артыңыздагы муунга, жаштарга ʏлгʏ жана баа  жеткис мурас болуп саналат. Кыргыз элинде сиз сыяктуу инсандын бар экени  жаркын келечекке ʏмʏт байлап, куунак жашоого кубаттап келет. 80 жылдык ѳмʏрʏңʏздѳ кѳптѳгѳн кѳрʏнʏктʏʏ иштерди аткарып, татыктуу жашоо кечирдиңиз. Мындан аркы жашооңузга да бакут жана бейпил ѳмʏр каалайм.  Калк  ичинде кадыр-баркыңыз жогорулап, ар дайым сый ʏстʏндѳ болуп жʏрѳ беришиңизге тилектешмин.

Ѳрнѳктʏʏ ѳмʏр кечирʏʏ дээрлик баарыбыздын колубуздан келе бербейт. Дʏйнѳнʏ дʏңгʏрѳткѳн ааламдын алдыңкыларына такай саресеп салып карасак, омоктуу эмгек, орошон тарыхка бай экендигине ынанабыз. Бʏгʏн биз сѳз кыла турган инсан акылмандыгы, билгичтиги, кѳрѳгѳчтʏгʏ менен айырмаланган, мыкты уюштургуч жетекчи катары таанылган, эмгеги элге сиңген, сыймыктуу устатыбыз Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович жѳнʏндѳ болмокчу. Агайыбыз кадимки элет уулунан эл уулуна айланган, кѳѳдѳндѳгʏ кѳксѳѳлѳрʏн туя билип, далай максаттардын куржунун толтура алган инсан.Эл уулунун эл таануусун, таалим – тарбиялык тажрыйбасы коомдун ургалдуу ѳзгѳрʏп, улам унификацияланып бараткан доорго тамыры тереңге сиңген  баалуулуктарын, татыктуу табериктерин терең аңдап билген жана ар дайым жаңычыл ойлорго, инновациялык иш аракеттерге бай болгон каарманыбыздын илимдеги изги жолдору  кенен экендигин аныктайт.Ага жѳнѳкѳй окутуучулук кызматтан ЖОЖдун проректору, ректору, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын тѳрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги кызматына чейин кенен кадам койгондугу кашкайган далил болуп саналат. Ар бир кызмат ордунда орчундуу иштерди аткарып, коомдук, мамлекеттик ишти артык кѳрʏп, ага ак пейил, жан дили менен берилип, бʏткʏл энергиясын арнап кызмат кылган. 300 дѳн ашуун илимий эмгектин, бир канча окуу китептердин жана билим берʏʏ, маданият, экономика, саясат тууралуу макалалардын автору катарында гуманист окумуштуу экенин далилдей алды. Ѳзгѳчѳ жетекчилик мʏнѳзгѳ ээ болуп, ары кооптуу, ары жооптуу кызматтарда кѳптѳгѳн эмгектерди жʏзѳгѳ ашырды. Аалымдык акыл-парасаты таасын инсан болгондуктан айткан сѳзʏ менен кылган иши тѳп келип, идеалдуу адам образын жарата алды. Андыктан мен агайды чынчыл убаданын жана реалдуу иштин адамы деп эсептээр элем. Арийне, учурда коом дал ушундай адамдарга аябай муктаж болууда. Ошондуктан дээринде деми бар, жʏрѳгʏндѳ жалыны бар, элим деп кʏйгѳн мекенчил атуулдарды ѳз учурунда баалап жана колдой билишибиз абзел. Биз сѳз кылган инсандын ѳз элине болгон  сезими кʏчтʏʏ болуп, жаштарды да ѳз мекенин сʏйʏʏгѳ, Ата Журт алдында ар дайым ак кызмат ѳтѳѳгѳ ʏндѳп келет.

Каараманыбыздын  окуу китептерине, макалаларына кайрылсак андан таасири кʏч, таамай айтылган ой-пикирлерине тушугасың жана алар агайдын ѳзгѳчѳ кѳңʏл чордонунда мугалим деген тʏшʏнʏктʏн ѳтѳ кенен жайгашканын айгинелейт.  Мугалимдер ʏчʏн жандалбас уруп, кʏйʏп-бышканы ошол учурдун да, азыркы учурдун да муктаждыгын канааттандырат. Анткени арабызда мугалим деген статустун деңгээли бир аз тѳмѳндѳп баратканда, чынында дем-кʏч берип турган Бектемир Мурзубраимовдой  адамдарга алкышты аянбай туруп айтабыз. Мугалим ʏчʏн сан жылдык санааркаган ойлорунда дымактуу кѳйгѳйлѳр жана ой толгоолор жатат. Бʏткʏл ѳмʏрʏн мугалимдик кесипке арнап койгон аалымдын терең мазмунга, маанилʏʏ ойлорго, маселени чечʏʏнʏн жолдорун кѳрсѳткѳн тʏркʏн сунуштарга бай болгон “Мугалим -мѳмѳлʏʏ дарак” китеби жеке менин дараметимде ѳтѳ чоң таасир калтырды. Дал ушул китеби аркылуу мен агайдын инсандык нарк-насилинин, максат мʏдѳѳлѳрʏнʏн жана руханий азыгынын мол экенин тʏшʏндʏм. Кʏнʏ-тʏнʏ кʏйпѳлѳктѳп мугалимдин кѳйгѳйлѳрʏн чечʏʏгѳ жол издеп, аны сунуштап гана тим болбостон, ишке ашырууга да болгон кʏч-аракетин жумшаганы жʏрѳк жылытат жана мугалимдик кесипти сʏйʏʏгѳ аны кастарлоого чакырат. Деги эле академиктин жасаган эмгектерине кылчая карап, чыныгы кыргыз атуулунун, мекенчил адамдын жаркын образын кѳрʏʏгѳ болот.

Билим кѳрѳңгѳсʏ кѳп болсо да, билимге болгон чаңкоосун кандырбай дайыма изденʏʏнʏн ʏстʏндѳ болуп, ийгилик жаратып, изги каалоо-тилектеринин таасири менен татыктуу ѳмʏр сʏргѳнʏ даана кѳрʏнʏп турат. Кѳпчʏлʏктʏн арасында кʏндѳ аткан таң менен баткан кʏндѳй билинбей кʏн кечирип жʏргѳндѳр ого эле арбын. Бирок, Бектемир агайдай инсандар карасаң кашкая кѳзгѳ урунаары талашсыз. Ички дʏйнѳсʏ менен сырткы дʏйнѳсʏ да, чѳйрѳсʏ да бири-бирине дал келген, билгичтиги, адамгерчилиги, жоопкерчилиги, тактыгы жана кең пейилдиги менен артындагы муунга опол тоодой ѳрнѳк боло алат. Андыктан 80 жылдык ѳмʏр текке кетпептир. Устатыбыз илим жолунда, эл арасында, дегеле бул дʏйнѳгѳ из калтыра турган инсандардын катарын толуктап,ѳтѳгѳн иштери, адилет ак сѳзʏ менен  мугалимдер ʏчʏн нагыз ʏлгʏ болуп кала берет.

ОГПИнин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Президенттин алдындагы башкаруу академияны Оштон 21 магистрант ийгиликтүү аяктады

Среда, 09 Декабрь 2020 10:17 Автор Бурул
Президенттин алдындагы башкаруу академияны Оштон 21 магистрант ийгиликтүү аяктады

 

2020 - жылдын 4 -декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багытынын “Мамлекеттик башкаруу” профилинин ГУм-1-18, ГУм-2-18, ГУм-3-18 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Ош шаарынын 21 эң алдыңкы, жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери аталган академияны ийгиликтүү аякташты. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистр квалификациясы ыйгарылды.

КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Тарбинский Олег Станиславович жана КРПМБАнын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты. Бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Мамлекеттик кызматта өлкөүчүн талбай эмгектене берүүсүнө тилектешпиз.

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Эмирбек Аширов, Якутиядагы университетте 3-курста окуйт: ““Үйдө отуруп окуганым гана болбосо, башкасы университетке баргандагыдай эле”

Среда, 02 Декабрь 2020 10:45 Автор Бурул
Эмирбек Аширов, Якутиядагы университетте 3-курста окуйт: ““Үйдө отуруп окуганым гана болбосо, башкасы университетке баргандагыдай эле”

Дүйнөлүк пандемия билим алууну онлайн аралыктан окууга көндүрдү. Туура, буга чейин аралыктан окуп көнбөгөндөргө бир топ кыйынчылыктар жаралып, сабакты терең түшүнө билүүгө оор болду. Айрыкча өлкөбүздөгү окуучу, студенттер, ата-энелер мурункудан да артка кеткенин айтып кейий да башташты. Ал эми чет өлкөгө окуп же окууга жаңы тапшырып, бирок шартка байланыштуу Кыргызстанда калып, аралыктан окуп жаткан студенттер окутуу кызуу жүрүп жатканын бизге билдиришти.

Эмирбек Аширов, Якутиядагы университетте 3-курста окуйт:

““Үйдө отуруп окуганым гана болбосо, башкасы университетке баргандагыдай эле”

-Мен Орусиядагы М.К. Аммосова атындагы федералдык Түндүк-Чыгыш университетиндебилим алам. Буга чейин Орусияда жашагам. Ошондо окуу жай менен таанышып, окууга тапшырууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин сурап билип калгам. Кийинчерээк Кыргызстанга келип аталган окуу жайга окууга тапшырып, кабыл алындым. Буюрса үч жылдын жүзү болду. Нефти багытында 3-курста окуйм.

Азыркы учурда баары он-лайн билим алышууда. Кыргызстан менен Якутиядагы аралыктан окутууну салыштырсак, айырмасы өтө чоң. Өлкөбүздүн билим берүү форматын мен түшүнө алган жокмун. Анткени мен окугандарды көрбөдүм. Тагыраагы, аябай начар билим берүүдө. Мисалы, мен окуган университетте күнүгө паранын баарына студент сөзсүз катышуусу керек. Эгер бир сессияда зачет же экзаменден өтпөй калсаң, окуудан четтетилесиң. Ошондуктан, аракет кылып, үзгүлтүккө учуратпай окуйбуз. Андан сырткары студенттердин, окуучулардын баарында эле аралыктан окууга шарт боло бербейт. Компьютери жок, телефону программаны көтөрө албайт же жашаган жеринде интернеттин ылдамдыгы төмөн. Дистанциялык билим алууда колдонула турган ар бир окуу жайдын онлайн платформасы болушу керек. Анда бүт окууга керектүү маалыматтар электрондук вариантта сакталат. Студент өзүнө керектүү маалыматтарды таба алат. Бирок, бизде мындай форматты колдонгон студенттерди байкай албадым. Окуу жайларда платформа бар. Анткен менен аларды активдүү колдонушпайт. А мен окуган окуу жайда студенттердин саат канчада сабакка кирип, чыкканын карап турушат.

“Убактымдын къб\н окууга жумшайм”

-Күндө кеминде 4 пара окуйбуз. Эң көбү 6 пара болот. Кошумча куратордук сааттар менен андан да узакка созулуп кетет. Сабак эрте менен Кыргызстандын сааты боюнча 5те башталат. Якутиянын саатында 8 болот. Студенттер өз алдынча аткара турган тапшырмалар көп берилет. Ар бир студент паралардан сырткары тапшырмаларды аткаруу менен өтүлгөн теманы терең изилдеп түшүнө алат. Аткарган иштерин кайра коргоп, мугалимге, группадагы студенттерге түшүндүрүп айтып берет.

Жогоруда айтып өткөндөй, университеттин атайын онлайн окуу сайтын көп колдонобуз. Ошондой эле ZOOM программасында да окуулар болот. Бир сабак окуу жайдын сайтында болсо, экинчи сабак ZOOM, Skype программаларында өтүлөт. WhatsApp тиркемесинен сабак окубайбыз. Дээрлик колдонбойбуз деле. Сабактар кадимкидей бир жарым саатка созулат. Бир сабак бүткөн соң 15 мүнөттүк тыныгуу орун алат. Аралыктан гана үйдө отуруп окуганым болбосо, баары өз орду менен университетке баргандагыдай эле. Саат 5те окуу үстөлүмө отуруп, саат 3төн өтүп гана бошойм. Бекитилген расписаниедеги сабактар бүткөндөн кийин өздүк ишибизди аткарабыз. Ошентип убактымдын көбү окуу менен өтөт.

“Мугалимдер сынак, гранттарга студенттерди катыштырууга кызыктар”

-Мугалимдерибиздин баары жогорку даражалуу. Илимдин доктор, кандидаттары көп. Жок эле дегенде кайсы бир тармак боюнча жеңишке жетип, грант, сыйлыктарды уткан күчтүү жаш мугалимдер бар. Студенттерге тегиз карап, илимий иштерди жазууга түртүп, көмөк көрсөтүшөт. Түрдүү сынак, гранттарга студенттерди катыштырууга декан баш болуп кызыктар. Мугалимдерим себеп болуп, мен да илимий макала жазып, көптөгөн олимпиадаларга катышып, жеңишке жетиштим. Мисалга айтсам, ар ай сайын төлөнүүчү 15-20 миң рубль стипендияга ээ болгом. Университет да жакшы жетишкен студенттерге 8 миң рублдан төлөп берет.

Жумагүл Кочкорбай кызы

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Кыргызстандын медициналык окуу жайлары “кара тизмеде”

Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:16 Автор Бекмурат
Кыргызстандын медициналык окуу жайлары “кара тизмеде”

Пакистан Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизип, өзүнүн жарандарына тизмедеги окуу жайларга тапшырбоону сунуштаган. Мунун себеби Кыргызстандан бүтүп барган пакистандык жарандардын 90 пайызы өлкөсүндөгү медициналык кеӊеште милдеттүү экзаменден кулап калгандыгы менен байланыштуу. Өлкөбүздө буга карата бир катар кайчы пикирлер айтылып, адилетсиз чечим болгону айтылып кызуу талкуу жаратты. Абалга байкоо салып, маанилүү жагдайларга токтолобуз.

Пакистанга бизден кат...

Маалымат коомчулукка тарагандан тарта Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуп, маселени талкуулаган. Ошондой эле бир катар иш чаралар жүрүп жаткандыгын министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик жагдайды тез арада жөнгө салуу максатында тиешелүү ЖОЖдор менен бирге “жол картасын” иштеп чыккан. Анын негизинде учурда бир катар комплекстүү иш чаралар жүрүп жатат.

Жакынкы убакта КРнын тиешелүү органдары менен чогуу пакистандык студенттердин КРда окуу жана жашоо шарттарын түзүү жана жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер жасалат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дипломаттык каналдар аркылуу Пакистан медициналык кеӊешине жана өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча премьер-министринин атайын жардамчысына кайрылуу жолдогон. Анда маселенин чечилүүсүнө көмөк көрсөтүү жана мындай чечимдин кабыл алынуусуна түрткү болгон себептерди көрсөткөн толук маалымат берүүсү тууралуу жазылган. Кайрылууда ЖОЖдорго индивидуалдуу мамиле кылбай баарын тизмеге киргизүү адилетсиз экени айтылат. Пакистан тараптан ар бир окуу жайга өзүнчө баа берүү үчүн атайын эксперттик комиссия түзүп, Кыргызстанга жөнөтүү суранычы да кошумчаланган. Муну менен катар Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын медициналык ЖОЖдору кара тизмеде болгондугун эске алып, медициналык билим берүү боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациясынын (WFME) реестерине кирген көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өткөн айрым медициналык окуу жайларды эксперттик комиссия келгенге чейин тизмеден чыгаруу маселесин кайра карап чыгуу жөндүү экенин билдирген.

“Төрт-беш ЖОЖдун гана чет элдик студенттерге билим берүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар”

Ал эми тиешелүү ЖОЖдордун ректорлору чечим адилетсиз болгон деген пикирде. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова Sputnik.kg  маалымат агенттигине берген маегинде өлкөдө медициналык окуу жайлардын саны өсүп кеткенин, бирок чет өлкөлүк студенттерди окутууга төрт-бешөөнүн гана мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалаган:

“Менимче, жаӊылыштык болуп калды окшойт. Медициналык окуу жайлардын бардыгын бир катарга коюп коюшуптур. Тизмеге бардык окуу жайлар кирип калган. Бирок, төрт-бешөөнүн гана чет элдик студенттерге билим берүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеӊеши жактырып кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кат жолдодук”, - деп билдирген.

Андан сырткары ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Алмазбек Бейшеналиевдин тизмеге кирип калган ЖОЖДордун ректорлору менен болгон жолугушуусунда адис даярдоонун сапатын эл аралык сертификат аныктарын айткан:

“Ар бир окуу жайдын адис даярдоого жарар-жарабасын, сапатын көз карандысыз эл аралык аккредитация агенттиктери берген сертификат аныктайт. Башка мамлекеттерде деле алгач кайсы окуу жай экени суралса, экинчи суроо окуу жайдын кайсыл агенттиктен аккредитациядан өткөнү жөнүндө сөз болот”

Кыргызстанга чет элдик жарандардын билим алуу үчүн келип турганы экономикалык жактан чоӊ пайда алып келет. Бул туурасында саясий-экономикалык серепчи Эркин Абдразаков төмөндөгүлөргө токтолду:

“Студенттер биздин экономикабызга чоӊ салым кошкон инвесторлор”

-Өлкө боюнча пакистандык студенттердин саны 8-9 миӊге жетет деп айтышууда. Бизде окуу, жашоо (квартира, азык-түлүк ж.б.) арзан болгондугу үчүн билим алууга келишүүдө. Маселен, кошуна Өзбекстанда эле окуу үчүн болгон төлөм 8 миӊ доллар турат. Пакистандык жарандар ар тармакка эмес, бир гана медицина тармагында билим алууга келишет. Алар күнүмдүккө керектелүүчү азык-түлүк сатып алышат. Жашоочу батирине төлөшөт. Ушул жана башкаларды эсептеп келгенде акчалардын баары Кыргызстанга калып жатпайбы. Муну эстен чыгарбашыбыз керек. Экинчиси сапаты жагына көӊүл бурушубуз зарыл. Иса Ахунбаев атындагы академия гана талапка жооп берет. Себеби базасы, профессордук окутуучулук курам күчтүү болушу абзел. Студенттерди практикага чыгарганда да  нормалдуу эл аралык деӊгээлдеги клиникаларга жиберүү керек. Мына ушул жагынан аксоодобуз. Студенттер биздин экономикабызга чоӊ салым кошкон инвесторлор. Кайра ишеничке кирүүбүз абдан маанилүү. Көбүнчө хирургия жана фармакология тармагына келишет. Аталган тармактарга басым жасап, көӊүл бурулуусу кажет.   

ОшМУда 14 мамлекеттин жарандары билим алышат

Кара тизмеге кирген окуу жайлардын арасында Ош мамлекеттик университети да бар. Учурда университеттин Эл аралык медицина факультетинде 2158 чет элдик студенттер билим алышат. Алар 14 мамлекеттин жарандары. Анын 90 пайызы Индиядан, экинчи орунда 16 студент Пакистандан. Калгандары бир-экиден 12 мамлекеттин жарандары. Эл аралык медицина факультетинин деканы Жаныбек Кудайбаковичтин билдирүүсүнө ылайык, 2016-жылы Пакистандын медициналык стоматологиялык кеӊеши Кыргызстан боюнча төрт жогорку окуу жайды жактырган. Алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Славян университети, Кыргызстандагы эл аралык университет жана Ош мамлекеттик университеттери болгон.

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Окуу жай окумуштууга арнап борбор ачты

Вторник, 27 Октябрь 2020 06:23 Автор Бекмурат

2020-жылдын 16-октябрында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде экономика илимдеринин доктору, профессор, билим берүүнүн мыктысы, маркум Узенбаев Расулбек Аширбековичтин 60 жылдык мааракесине арналган  "Санариптештирүү шартында бухгалтердик эсеп, анализ жана аудиттин абалы: көйгөйлөр жана өнүгүүсүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясынын пленардык отуруму жана секциялык иштери болуп өттү.

Конференциянын уюштуруучулары катары М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Борбордук Азия өлкөлөрунун бухгалтер жана аудиторлорунун Ысык-Көл форуму жана Ош мамлекеттик университети.

Конференциянын ишине Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын белгилүү экономист-окумуштуулары, жаш аспиранттар, магистранттар, докторанттар, окуу жайлардын ректорлору, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы, Мамлекеттик финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышышты.

Пленардык отурумда модератор катары Ош ТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, э.и.к.. доц.Абдиев Мурат Журатович алып барды. Конференцияны негизги уюштуруучусу Ош ТУдан,ректор, т.и.д, проф.Абидов Абдыкадыр Омарович жана уюштуруучу- «Борбордук азия өлкөлөрунун бухгалтер жана аудиторлорунун Ыссык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин директорунун атынан, жооптуу кызматкери э.и.к., доц.Султаналиева Бегайым Абдыбековна сөз сүйлөшүп, конференцияны жемиштүү өткөрүүгө жана катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Пленардык отурумдун жүрүшүндө э.и.д, проф. Низомов С.Ф "Башкаруу системасында башкаруучулук көзөмөлдүн теориялык жолдору жана концептуалдык чек аралары» менен э.и.д., проф. Маткеримова А.М «Башкаруу эсеби системасында башкаруучулук көзөмөлдүн элементтерин калыптандыруу» деген темада баяндама жасашты.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык отуруму  аяктаган соӊжыйындын катышуучулары Ош ТУнун башкы имараттын 4-кабатында жайгашкан "э.и.д, проф. Узенбаев Расулбек Аширбекович атындагы инновациялык изилдөөлөр борбордун" ачылыш аземине күбө болушту.

Аталган борбордо Ош ТУнун ректору, проректорлор,  факультеттин деканы, устаттары, шакирттери жана бир туугандары сөз сүйлөп, аны эскеришип, бул борбордун алкагында жыл сайын салттуу түрдө иш чараларды өткөрүп турууну белгилеп кетишти.

Расулбек Аширбековичтин жаркын элесине арналган Абдиев М.Ж. тарабынан даярдалган “Күмүш куржун (ата мурас)” китептин бет ачары болду жана агайдын ой толгоолору, ырлары жөнүндө сөз болду.

Белгилеп кетсек, Р.А.Узенбаев 6 аспиранттын жана 2 докторанттын илимий иштерине жетекчилик кылуу менен анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана Б.Ельцин атындагы КРСУнун астындагы диссертациялык кеӊеште ийгиликтүү корголуп, 2 кандидаттык диссертация коргоо алдында турат.

Илимий педагогикалык ишмердүүлүгүндө 3 монография, 60тан ашуун илимий макалалары, 30дан ашуун окуу-методикалык иштери басылып чыккан. Илимий макалалары АКШ, Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүндө жана жергиликтүү басылмалардан жарык көргөн.

Расул Аширбекович ОшТУда кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалоо менен материалдык-техникалык базаны, окуу адабияттары менен камсыз кылуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу, илимий потенциалык көтөрүү, сырткы байланыштарды күчөтүү, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тыгыз иш алып баруу боюнча чоӊ жумуштарды жасаган.

Өлкөбүздүн экономика багыты, анын ичинде бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча илимий изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, окуу жайлар аралык байланыштарды күчөтүү боюнча зор салым кошкон.

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

“Эжеке, мектеп качан ачылат?” же онлайн окутуудагы оош-кыйыштар

Вторник, 15 Сентябрь 2020 05:11 Автор Бекмурат
“Эжеке, мектеп качан ачылат?” же онлайн окутуудагы оош-кыйыштар

2020-2021-окуу жылынын башталганына бир жума болду. Өткөн саныбызда министрлик тараптан мектептерге коюлган талаптар, даярдыктар жөнүндө сөз кылган элек. Анда мектептер 1-класстарды тосуп алууга, 2-11-класстарды аралыктан окутууга даяр экенин билдиришкен. Бул ирет онлайн аралыктан билим берүү канчалык деӊгээлде ишке ашып жаткандыгы тууралуу мугалимдерден, ата-энелерден сурамжылоо жүргүздүк. Айрым ата-энелер мектепти ачып койгону эле туура болорун айтышты, анткени балдар үйдө башка нерселерге алаксып сабакка толук көӊүл бурбайт деген пикирде.

Бектурсун Көкөнов, Ош шаардык БББнын башкы адиси:

“Онлайн окутууга мугалимдер жай ичи даярданышты”

Ош шаардык БББнын башкы адиси Бектурсун Көкөнов жаӊы окуу жылын аралыктан окутууда ар бир мугалим чейректик окуу планын иштеп чыгып, толугу менен даяр болуп ишке киришкенин билдирди.

-Өткөн окуу жылдагы тажрыйба менен онлайн окутууга мектептердин мугалимдери жай ичи даярданышты. Биринчи чейректин окуу планын ар бир предметтин мугалими иштеп чыккан. Толугу менен даяр болуп анан жумушка бел байлашты. Азыр телевидение аркылуу өтүлгөн сабактарды дароо эле мугалимдер окуучулар менен бышыктап, эске алынбай калган маселелер талкууланууда. Пландаштырган маселелер максатына жетип жатат деген ишеничтебиз. Жыйынтыгын чейректин аягында көрөбүз.

Андан сырткары көп балалуу, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусу үчүн мектептеги сыналгылар убактылуу берилгенин Ош шаардык БББны усулчусу Жамиля Токтошева кошумчалады:

   “Кээ бир үй-бүлөгө мектептеги сыналгылар берилди”

-Ар бир мектепте мугалимдер классындагы ата-энелер   менен байланышып,  сурамжылоо жүргүзүлүп  телевизор, телефондорду  пайдаланып  окуп жатышат. Кээ бир сыналгысы жок үй-бүлөлөргө мектептеги сыналгылар убактынча берилди. 15-20дан сыналгы ар бир мектептен таркатылды. Кээ бир мектептерди демөөрчүлөр колдоп жатышат. Ата -энелер да көмөк көрсөтүштү. Бирок, бир үй-бүлөдө төрттөн балдары барлар телефон маселесинен кыйналууда.

Окуучулардан сырткары мектепке даярдоо класстары да бар. Пандемия аларды да онлайн мектепке даярданууга мажбур кылды. Азыркы учурда 2 миӊден ашык бала онлайн окуп жатканын шаардык БББнын усулчусу Мумина Мирзакаримова маалымдады:

-Мектепке даярдоо класстары жылдагыдай эле ачылган. Эки миӊден ашуун бала онлайн окуп жатышат. Аларга атайын 480 сааттык «Наристе» программасы иштелип чыккан. Ата-энелер менен мугалимдер социалдык тармактарда, телефон аркылуу тыгыз байланышта болуп жатышат. Анткени ата-эненин мектепке даярдоодо ролу чоӊ. Албетте, даярдоо классында балдардын мектепке келип 1-2 саат болсо дагы окуп кеткени абдан жакшы болмок, мектеп эмне экенин, сабак эмне экенин тереӊирээк түшүнүшөт эле.

Ал эми мугалимдерге узаткан сурообузга Ош шаарындагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын социалдык педагогу Наргиза Эркебай кызы жооп берип, аралыктан билим берүүдөгү оош-кыйыштарды айтып өттү.

“Аралыктан окутуу – жандуу сабак өткөнгө жетпейт”

-Окуучуларды аралыктан окутуу азырынча орто жүрүп жатат. Өтө жакшы деп айта албайм. Себеби ал үчүн жакшы шарт болушу керек. Начар деп да айта албайм. Анткени ушундай кырдаалда мугалимдер “эмне кылам, кантип окутам?” дебестен техникаларды колдонуп, аракет кылып, дистанттык окутууну ишке ашырышууда. Өткөн окуу жылынын төртүнчү чейрегин аралыктан окутууда карантинде ата-энелер, мугалимдер да үйдө болгондуктан, балдарга көзөмөл жогору болуп, сабакка активдүү катышышкан. А бүгүн ата-энелер өз жумуштарына кетет. Ата-эне үчүн да, окуучулар үчүн да аралыктан окутуу кызыксыз болуп калды. Ошондуктан баарыбыз мектептин ачылуусун чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Муну окуучулардын кайрылууларынан улам айтып жатам. Мурда телефон караганга көбүрөөк кызыгып, алаксышса, азыр “Эжеке, мектеп качан ачылат? Телефон карагандан тажадык” деп сурашууда. Алар да жандуу сабакты сагынышыптыр. Мен да белгилеп айтар элем, аралыктан окутуу жандуу сабак өткөнгө жетпейт.  

Баарыӊыздар билгендей, 1-класстарды салттуу түрдө окуп жатышат. Алар коюлган талаптарды, эрежелерди сактап билим алышууда. Бир класста 40 бала болсо, 20дан кичи тайпаларга бөлүнүп, шахмат түрүндө отургузулуп, беткап кийгизип сабактар өтүлүүдө. Ооба, окуучуларга кам көргөнүбүз жакшы. Бирок, экинчи жагынан биз мугалимдердин ден соолугуна кам көрбөй жатабыз. Элестетиӊиздер, бир мугалим бир классты экиге бөлүп сабак өтөт. Бул нерсе мугалимдин болгон энергиясын алып коет. Биз аралыктан окутсак оӊой болот, убакыт үнөмдөлөт деп ойлогонбуз. Чынында андай эмес. Аралыктан окутуу көп энергияны талап кылат. 1-классты ордуна отургузуу эле 20 мүнөттү алат. Аларды экиге бөлүп сабак өтүүдө мугалимдер чарчап калууда.

Окуучулардын сабакка катышуусу окуу жылы эми эле башталгандыктан, жалпы айтканда 80-90 пайызды түзүүдө.

Ошондой эле көп балалуу, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары карантин учурунда сабакка катышуусу кыйынга турду. Соцпедагог катары социалдык коргоо бөлүмү, фонддор, өкмөт менен байланышып, өтө зарыл болгон окуучуларыбызга бирден телефон, телевизор алып бере алдык. Ата-энелер өздөрү да аракет кылышып, бүгүнкү күндө ар бир үйдө телевизор, телефон бар. Бирок, толук кандуу шарт түзүлдү дегенден алысмын, аракет кылып сабактарга катышып жатышат.

“Мектептин ачылышын бардык ата-энелер күтүп жатса керек”

Жаннат айымдын учурда мектепте 3 баласы билим алат. Ал эртеден кечке балдарынын сабагы, тапшырмалары менен алек болот. Анткени үчөө теӊ кичи класста окугандыктан бир топ кыйынга турат.

-Балдардын аралыктан билим алуусу чынында бир топ кыйын экен. Же мурун көнбөгөндүктөнбү, биздей балдары кичүү класстардагы ата-энелерге оор эле болду. Балдардын түшүнбөй калган темаларын түшүндүрүүгө аракет кылам. Тапшырмаларды аткара албай калган учурлар да болот. Андайда чоӊ класста окуган сиӊди-инилериме жөнөтүп жардам сурайбыз. Баары бир мектепке барып, эжей-агайлары менен көзмө-көз сабак окуганы жакшы экен. Балдар башта билгендерин да унутуп калышты. Кичүү кызым 2-класста окуйт. Алар 1-класста тамганы таанып бүткөнчө эле карантин болуп, аралыктан окуп калбадыбы. Азыр дагы деле 1-класстагыдай. Кайрадан кайталап окууга туура келүүдө. Кээде телефонду карматып “эжекеӊди угуп тур” деп үйдөгү жумуштарга алаксып кетсеӊ, бала да, сабагын унутуп телефондогу оюндарга кирип кетет. Ошондуктан, жанынан жылбай көзөмөлдөп жатабыз. Эртерээк мектеп ачылып, баштагыдай сабакка барышын бардык ата-энелер күтүп жатса керек.  

Акмарал Алиева, Ош шаарынын тургуну:

 “Тапшырманы интернеттен карай коем деп уулума кармалдым”

-Аралыктан окутуу кыйын экен, өткөн карантинде уулума тапшырма бериптир, чынында мен жаш эне болгон үчүнбү, жообун таппай кыйла убара тарттым. Балама байкатпай атасынын телефонун алып туруп калсам балам айтат “апа, “гуглдан” эле карай бериӊиз кечээкидей” десе уялганымды сурабагыла. Айтор, ушул илдет эртерээк кетип мектеп ачылса жакшы эле. Ошол эле учурда мен балдарымды мектепке деле жибергенден корком, анткени оору кете элек бизден.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Бала бакчалар санэпидборбор жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт

Пятница, 28 Август 2020 03:29 Автор Бурул
Бала бакчалар санэпидборбор жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт

Билим берүү кандай тартипте жүргүзүлөт?

 

Окуу жылынын башталуусуна саналуу күндөр калды. Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу жана вирустун жайылышын алдын алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги (жогорку, орто окуу жайлардын менчик формасына карабай) аралыктан окутууну улантуу чечимин кабыл алды. Бирок абал курч болбогон, окуучулар аз мектептерде салттуу түрдө сабактар өтүлөт. Балдарыңызды мектепке даярдап баштадыңызбы? Анда министрлик тарабынан коюлган талаптарга көңүл буруңуз.

Санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында эпидемиологиялык абал турукташканга чейин 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-класстан баштап 11-класска чейин окутуу дистанттык түрдө өтөт.

Ошону менен бирге 1-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү калыптандырылбагандыгын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт.

1-класстарда окуу процессин салттуу түрдө өткөрүүдө райондук, шаардык, билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын, мектеп админстрациясына жана мугалимдерге атайын милдеттер жүктөлдү. Окуу жылынын биринчи күнүндө салтка айланган массалык линейка болбойт. Ар жылы болуучу “Сүйүктүү Кыргызстаным” темасындагы сабак өтүлүп, экскурсия жүргүзүлөт. Сабактардын жүрүшүндө ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окуучу көп мектептерде 20дан ашпаган кичи группаларга бөлүп окутулат. Айрым сабактарды таза абада өткөрүү да сунушталат. Санитардык талаптарды сактап, эрежелерге баш ийүү менен ар бир мектептин мүмкүнчүлүгүнө жараша окутуу эрежелери кабыл алынат.

Мындан сырткары министрлик тараткан нускамада ата-энелердин да милдеттери көрсөтүлөт:

1. Балага дистанттык түрдө билим алуусуна шарттарды түзүү.

2. Балага билим алуусуна, окуу программаны өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү.

3.Телеканалдардан көрсөтүлүүчү видеосабактарды жана окутуучу телекөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн балдарга шарт түзүү.

4. Мугалим менен белгилеген мөөнөттө жана убакытта кайтарым байланышка чыгуусун камсыздоо.

 

 

 

Жогоруда коюлган талаптар боюнча мектептерде кандай даярдыктар болуп жатканын билүү үчүн №50 П. Нышанов орто мектебинин директору Айжамал Убайдуллаевага байланыштык.

Айжамал Убайдуллаева:

“Коюлган талаптар аткарылып, санитардык эрежелер сакталат”

-Жаңы окуу жылына буюрса, даярдыктар жакшы. Ата-энелер 1-класска кабыл алына турган балдарын электрондук түрдө каттоодон өткөрүшүүдө. Мугалимдер да кошумча билим алышып, жакшы бир деңгээлде даярданып турабыз. Учурда 1-класска 210 окуучу кабыл алынды. Орус класстарга талап жогору болгондуктан, кошумча дагы 30 орун ачылды. Коюлган бардык талаптар аткарылып, санитардык эрежелер сакталат. Мугалимдерге аралыктан окутуу боюнча онлайн конференциялар өтүлүүдө. Андан сырткары да өзүбүз ишин мыкты билген мугалимдер менен сүйлөшүп, үйрөнүүдөбүз. Заман талабына ылайык, балдардын ден соолугуна, мүмкүнчүлүгүнө карап, ата-энелердин суранычы менен мугалимдер биргеликте иш алып баруудабыз. Ошондой эле соцпедагогдор, класс жетекчилер баш болуп, дистанттык окууда мүмкүнчүлүгү жок аз камсыз болгон, жашоо шарты начар жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси такталып, шаардык билим берүү башкармалыгына берилди. Башкармалыктан да жардамдар көрсөтүлүүдө.    

Ал эми жогорку окуу жайларында да окутуу толук кандуу дистанттык түрдө жүргүзүлөт.

Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов:

“Сентябрдан тарта окуу жадыбалдары боюнча дистанттык сабактар башталат”

-Жаңы окуу жылы дистанттык окутуу менен башталат. 1-курстарга адаптациялык жумалык 24-августта башталды. Быйыл кабыл алынган студенттердин баардыгына ZOOM программасы аркылуу департаменттердин директорлору, факультеттин декандары окууту кандай жүргүзүлөрүн түшүндүрүшүүдө. Сентябрдан тарта кадимкидей окуу жадыбалдары боюнча дистанттык түрдө бардык адистиктерге сабактар башталат. Учурда профессордук окутуучулук курамга онлайн сабак өтүү боюнча вебинарларды уюштуруу башталууда. Андан сырткары илимдердин докторлорунун, кандидаттардын лекцияларын видеого түшүрүп, социалдык тармактарга коюунун алдында турабыз. Буга чейин да март айынан тарта дистанттык түрдө окутуп келгенбиз. Эми да ошол нерсе уланат. Муну тереңдетип, өркүндөтүшүбүз керек. Башка окуу жайларга салыштырмалуу бизге документ тапшырган абитуриенттер көп. Бүгүнкү күндө кабыл алуунун бешинчи туру жүрүп жатат.

 

Бала бакчалар санэпидборбор жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт

Республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирбеген шартта аймактык Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен иш алып барышат. 

“Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте июнь айында буйрук чыгарган.

Ага ылайык, карантинден кийин коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында бала бакчалардын ишин кайра улантуу үчүн атайын колдонмо даярдалып, бардык бала бакчаларга жеткирилген жана министрликтин сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары бала бакчаларга атайын вебинарлар уюштурулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн. 
Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритмин, талаптарын аткарууга милдеттүү”,-деп билдирди аталган министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.

 

Саламат Айдарова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси:

“Бала бакчага муктаж болгон ата-энелердин балдарын алгоритм боюнча кабыл алууга даярбыз”

-Учурда аралыктан окутуу боюнча даярдыктар кызуу жүрүүдө. Министрликтен тартыла турчу сабактардын темалары келген. Тартылбаган сабактарды биз тартып, тасмага түшүрүүдөбүз. Буюрса, 1-сентябрдан аралыктан окутууга мектеп, бала-бакчалар толугу менен даяр. Онлайн чогулуш, конференцияларды өткөрүүдөбүз. Күндө тынымсыз мугалимдерге вебинарлар өтүлүүдө. Мында бүт календардык-тематикалык сабактарды, министрликтен даярдалган, Ошто даярдалган видео-сабактарды, мугалимдер өздөрү даярдаган сабактарды талкуулап, берилүүдө.

Мектепке чейинки билим берүүдө муктаж болгон ата-энелердин балдарын кабыл алууга алгоритм боюнча даярбыз. Санитардык эрежелерди сактоо менен өтө муктаж, карай турганы жок, ата-энеси иштеген, медицина кызматкерлеринин балдарын гана алууга болот. Тарбиячылар да карантинден кийин балдар менен кантип иштөө боюнча окуудан өтүштү. Ошондой эле дистанттык окутуу боюнча министрлик даярдап берген видео-сабактардан тышкары тарбиячылар да видео сабак даярдашууда. Андан сырткары ар бир тарбиячыда видео сабактардын слайддары бар. Өткөн окуу жылынын төртүнчү кварталында толугу менен аралыктан окутуу болгондуктан, бизге чоң сабак болуп, тажрыйба топтоп калганбыз.

Жумагүл Кочкорбай кызы    

 

 

 

 

 

Жарыяланган категория Билим берүү
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

ОшТУ дагы бир илимдин доктору менен толукталды

ОшТУ дагы бир илимдин доктору менен толукталды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: “Пандемия билим берүүнүн санариптешин тездетти”

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: “Пандемия билим берүүнүн санариптешин тездетти”

Айна Жакыпова: «Дарбазаны доска ордуна колдонуп сабак өтүүдөмүн»

Айна Жакыпова:   «Дарбазаны доска ордуна колдонуп сабак өтүүдөмүн»

Нурпери Мамаева, мугалим: "Ата-энелер рахмат айтып жатышат"

Нурпери Мамаева, мугалим: "Ата-энелер рахмат айтып жатышат"
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • Вперёд
  • В конец
Страница 1 из 7

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved