• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Спорт

Спорт (65)

Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»

Понедельник, 08 Август 2022 04:08 Автор Бекмурат
Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»

Ɵлкɵнʏ дʏйнɵгɵ таанытуучу бирден бир курал бул – спорт. Желекти бийик кɵтɵрʏп, жумуш менен спортту айкалыштырып, ийгилик жаратып жʏргɵн спортчулардан уучубуз кур эмес. Жакында Тʏркия мамлекетине барып, кикбоксинг боюнча мелдеште ийгиликке жеткен мекендешибиз Аброр Хакимов менен болгон маекти сунуш кылабыз.

«Спортко  8 жашымда келгем»

-Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 1997-жылы тɵрɵлгɵмʏн. Yй-бʏлɵдɵ тɵрт бир туугандын ʏчʏнчʏсʏмʏн. Спортко  8 жашымда келгем десем туура болот, ал кезде 2-класстын окуучусу элем. Алгач спорттун таэквандо тʏрʏ менен машыгып баштагам. Негедир убакыттын ɵтʏшʏ менен 2014-жылдары кикбоксингге ыктап, ушул спорттун тʏрʏнɵ кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруп калдым.

Кечээ жакында Тʏркия мамлекетинин Измит  шаарында Эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чара болуп ɵттʏ. Кыргызстандын атынан 71 килограмм салмактык категорияда мен катыштым. Мелдештин жʏрʏшʏндɵ тʏрк балбаны менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетиштим. Жалпысынан 10 мамлекеттен спортчулар келишти. Бул мелдеште белгилʏʏ салмак категорияда ар бир мамлекеттен спортчулар келген жок. Кыргызстандан 71 кг менен 75 кг салмактагы спортчулар бардык. Мисалы, Азербайжандан 85 жана 90 кг, Ɵзбекстандан 52 килограмм жана 54 килограмм салмак категориядагы спортчулар келишти. Кɵп айлампа болгон жок. Чемпиондук кур ʏчʏн бирден гана мелдештер ɵттʏ. 5-6 айдан соң турнир дагы башка мамлекеттерде ɵтɵт. Жеңишке жеткен  сайын рейтинг жогорулай берет.

Тʏркия  ɵлкɵсʏ же болбосо биз барган шаар тууралуу айта турган болсом шаар таза экен, Стамбулга 1 сааттык жол дешти. Мен ɵзʏм милициянын кайгуул кызматкери болгон ʏчʏн ошого кɵңʏл бɵлгɵн окшойм, кɵчɵдɵ эч кайгуул кызматкерин кɵргɵн жокмун. Бир жолу гана полиция мотоцикл менен ɵтʏп кетти.  Эмнеге кайгуул кызматкерлери жок десем бардык жерде камералар бар, эреже бузулса камера аркылуу эле айып пулу эреже бузган адамдын дарегине барат. Жолдору кенен, жол тыгыны жок болгон ʏчʏн жол кырсыктары деле аз болот окшойт. Буюрса, сʏйʏктʏʏ Ошубузда да ушундай жолдор болсун деп тилек кылдым.

«Ар бир машыгуу кʏндɵн-кʏнгɵ кʏчтʏʏ кылат»

-Азыркы учурда кикбокс  боюнча мени мелдештерге даярдап, ийгиликтерге жетелеп жʏргɵн адам бул албетте, машыктыруучум Беганас Султанбаев агай. Спортчу ʏчʏн ар бир ийгиликтин артында машыктыруучунун эмгеги чоң. 6 жылдан бери ушул агайдын кɵзɵмɵлʏндɵмʏн.  Машыктыруучумдун «ар бир машыгуу сени кʏндɵн-кʏнгɵ кʏчтʏʏ кылат»деген сɵзʏ ар дайым кулагымда жаңырып турат. Ошол сɵз сени ийгиликке жеткирет, ошол сɵз сени машыгууну калтырбоо ʏчʏн спорт залына жетелейт, ошол сɵз сени кʏчтʏʏ кылат. Ошон ʏчʏн эмгек кылыш керек. Бир ирет машыгууну ɵткɵрʏп жибердиңби, демек артка кетесиң. 

«Кесиптештерим колдоп турушат»

-Ɵзʏм Ош шаардык  ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматында иштейм. Кызматкерлер суткасына 8 сааттан алмашып, кезек менен иш алып барабыз. Мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып мен иштеген жамаатка ыраазычылык айта кетейин. Кесиптештерим менин спорт жаатында жетишкен ар бир ийгилигиме кубануу менен карап, колдоп да турушат. Жетекчибиз Альберт Абдукеримов, командирибиз Мирлан Атабаев ар дайым «сен спортчусуң, сен элдин сыймыгысың, барышың керек» деп жакшы сɵзʏн айтып турат. «Бир гана бизде иштебейт, Кыргызстандын атын кɵтɵрɵт» деп мени менен сыймыктанышат. Кечээ Тʏркиядан жеңиш менен кайтып келгенде да аэропорттон кесиптештерим жылуу тосуп алышты.

Иш учурунда кызыктуу мезгилдер кɵп болот. Сенин спортчу экениңди ар бир ɵтʏп бараткан адам билбейт да. Балким, арык кɵрʏнсɵм керек (кʏлʏп).  «Формаңды чеч, иштен башка кезде сʏйлɵшɵ аласыңбы» дей беришет. Унчукпай эле кʏлʏп кутулам. Бир ирет бир жашыраак бала «мен сени менен башка учурда сʏйлɵшɵм» деп телефон номеримден бери алып кетти. Кечинде спорт залда машыгуу жʏргʏзʏп атсам чалып калды, «каяктасын, мен сага жолугушум керек?», деп залдамын десем келди. Менин залдан чыкканымды кɵрʏп сɵзʏн оңдоп кетип калды. Спортчуларды «кʏчʏңɵрдʏ кɵчɵдɵ кɵрсɵтпɵгʏлɵ» деп тарбиялайт машыктыруучулар.

«Футбол ойноо хоббим»

-Бош убактым пайда болду дегенче  футбол ойногонду жакшы кɵрɵм. Кайгуул кызматында иштеген кесиптештерим футбол кɵп ойношот. Жакшы ойногондордун катарындамын десем болот. Спортчуларды машыктырган машыктыруучулар ар тʏрдʏʏ болушат. Кээ бири спортчуларды тыйышат, травма алып каласың, сен бир гана ушул спортко кɵңʏл бурушуң керек, футбол ойнобо деген сыяктуу. Машыктыруучум Беганас агай ɵзʏ футбол оюнун уюштуруп, биз менен ойнойт.

Дʏйнɵлʏк олимпиада уюму спорттун кикбоксинг тʏрʏн ɵткɵн жылы олимпиадалык оюндун тʏрʏнɵ киргизди. Бирок анык болуп ишке аша элек. Буюрса, Францияда ɵтʏʏчʏ олимпиада оюндарында чечилсе керек. Менин кыялдарымдын бири кикбоксинг олимпиада оюндарына кирип калса ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет. Мисалы, ɵткɵн жылы Токиодо ɵткɵн олимпиадада спорттун каратэ тʏрʏн алгач ирет киргизишти. Бирок, жыйынтык эл кʏткɵндɵй болбоду окшойт, кайра алып салышты.

-Маек ʏчʏн чоң рахмат. Сизди алдыда олимпиада оюндарынан кɵрɵлʏ, саламатта болуңуз!

Элира Чынтемир кызы

 

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Бокс – урганды эмес, соккуга туруштук бергенди ʏйрɵтɵт

Понедельник, 20 Июнь 2022 03:40 Автор Бекмурат
Бокс – урганды эмес, соккуга туруштук бергенди ʏйрɵтɵт

"Бокс" сɵзʏ англис тилинде себет, коробка жана ринг дегенди тʏшʏндʏрɵт. Спорттун бул тʏрʏнɵ аталган маанилердин ичинен ринг деген сɵз дал келет. Бокс ринг ичиндеги 2 мушкердин жекеме-жеке кармашы болуп эсептелет. Бокста мушкерлер атайын мээлей кийип, кармаш убактысы 3 раунддан 12 раундга чейин созулуп, оюндун жʏрʏшʏн оюндун калысы кɵзɵмɵлгɵ алат. Ар бир раундга 3 мʏнɵттɵн убакыт берилип, ар бир раунд аяктаган соң мушкер тыныгуу ʏчʏн жана машыктыруучусунан кеңеш алуу максатында ɵзʏнɵ белгиленген бурчка барат. Эгерде мушкерлердин бирɵɵсʏ оор соккудан соң 10 секунддун ичинде кайра бутуна тура албай калса, андай учурда кармаш токтотулат да, сокку урган мушкер жеңʏʏчʏ аталат. Бул кырдаал бокста "нокаут" деп аталат. Эгерде мушкерлердин бирɵɵсʏ травма алып, кармашты уланта албай жеңилʏʏгɵ учураса, бул учур "техникалык нокаут" деп аталат. Эгерде белгиленген убакыттын ичинде жеңʏʏчʏ табылбаса, мушкерлердин топтогон упайларынын негизинде жеңʏʏчʏ аныкталат.

БОКС ƟНƟРʏН ЧАГЫЛДЫРГАН БАЙЫРКЫ ЭСТЕЛИКТЕР

Азыркы бокс он сегизинчи кылымдын башталышында Англияда пайда болгон. Бирок бокс тибиндеги мушташтын бул тʏрʏ башкача айтканда, муштум менен гана урууга негизделген мушташ ɵнɵрʏ байыртадан бери эле жашап келген. Боксту чагылдырган алгачкы сʏрɵт шумерлердин ʏңкʏрʏнɵн табылган. Ал биздин заманга чейинки 3000-жылдыкка тиешелʏʏ экендиги такталган. Байыркы египеттик рельеф биздин заманга чейинки 2000-жылдарга таандык экендиги белгилʏʏ болгон. Бул археологиялык табылгада бокс боюнча таймаш гана эмес, кɵрʏʏчʏлɵрдʏн да элестери чагылдырылган. Бирок бул сʏрɵттɵ эки мушкер тең жылаңач муштумдар менен кʏч сынашат. 1927-жылы америкалык археолог Спенсер Багдаддан сʏрɵт чегерилген таш табат. Ал таштагы сʏрɵттɵ урушка даярданган эки мушкердин элестери тартылган. Бул табылгага 7000-жыл болгону далилденген. Бокс боюнча кармаштар байыркы индус тексттеринде "Веддер", "Рамаяна", "Махабхарата" чыгармаларында сʏрɵттɵɵгɵ алынган. Ал эми мээлей кийип кармашуу биздин заманга чейинки 1500-1900-жылдары башталган. Мунун далили катары Критте жана Сардинин тоолорунда табылган табылгаларды айтууга болот.

БОКС ГРЕЦИЯДА ЖАНА РИМДЕ

Байыркы Грецияда оюндун бул тиби боюнча мелдештер болуп турган. Биздин заманга чейинки 688-жылы бокс спорттук оюн катары Грецияда Олимпиада оюндарынын программасына кирген. Олимпиадага эркин адам болуп тɵрɵлгɵн гана жарандар катышкан. Таймаш кум тɵшɵлгɵн чарчы аянтта ɵткɵрʏлгɵн. Бул "рингди" айланта кɵрʏʏчʏлɵр отурушкан жана таймашты оюндун калысы -гелладоник алып барган. Эгерде белгиленген убакыттын ичинде жеңʏʏчʏ аныкталбаса, маселе мушкерлер бирин-бири кезектешип уруусу менен чечилген. Машыгуулар Палестра деп аталган атайын мектептерде жʏргʏзʏлгɵн. Ал эми байыркы Римде бокстун салттуу бокс жана гладиатордук бокс деген эки тʏрʏ жашаган. Гладиаторлор кармашта атайын мээлейлерди кийишкен. Грециядагыдан айырмаланып Римде бул оюнга кɵбʏнчɵ кулдар жана кылмышкерлер катышкан. Алардын максаты жеңип чыгып эркиндикке чыгуу болгон. Айрым учурда эркин адамдар, ак сɵɵктɵр, ал гана эмес аялдар да катышкан.

БОКСТУН КИЙИНКИ ƟМʏРʏ

Рим империясы кулагандан кийин деле бокс Италияда сакталып, ɵлкɵнʏн ар кайсы шаарларында мелдештер ɵткɵрʏлʏп турган. Бокс боюнча мелдештерди ɵткɵрʏʏгɵ уруксат берген мыйзам 13-кылымда бекитилген. 17-кылымдын башында Англияда бокстун мээлейсиз мушташуу тʏрʏ ɵзгɵчɵ  популярдуулукка ээ болгон. Расмий тʏрдɵ ɵткɵрʏлгɵн алгачкы бокс касапчы менен герцогдун малайынын ортосунда болгон. 1882-жылы Р.Куни ишмердʏʏлʏгʏнʏн аркасында бокско бир топ ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилген. Эрежелер кабыл алынган. Жылаңач кол менен урушуу мушкердин ден соолугуна ɵтɵ зыяндуу экендиги эске алынып, кийин мээлей кийʏʏ эрежеси кошумчаланган. Ушундан тартып акырындык менен эски эрежелер ɵз жашоосун токтотуп, Маркиз Куинсберринин эрежелери жашоо мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болгон.

КЫЗЫКТУУ КЫРДААЛДАР

Пифагор математикалык ачылыштары жана философия мектебин тʏзгɵндʏгʏ менен гана эмес, бокс боюнча олимпиада чемпиондугун багындыргандыгы менен да тарыхта калган.

1988-жылы Майк Тайсон 91 секунддун ичинде 20 млн. долларга ээ болгон. Бул урушта ал Майкл Спинксти нокаутка кетирген.

Майк Тайсон дʏйнɵ чемпиондугун 20 жашында оор салмакта, 21 жашында супер оор салмакта багындырууга жетишкен.

"Рокки 4" киносун тартууда Сильвестор Сталлонени ооруканага алып барышкан.

Бокс бул – урганды эмес, соккуга туруштук берʏʏгɵ ʏндɵгɵн спорттун тʏрʏ деп да аталып келет.

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Бекдɵɵлɵт Абакиров: “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”

Понедельник, 11 Апрель 2022 04:03 Автор Бекмурат
Бекдɵɵлɵт Абакиров:  “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”

Спорт – мамлекетти чет ɵлкɵгɵ таанытууда дʏйнɵгɵ белгилʏʏ саясаттын бири десек адашпайбыз. Акыркы учурларда спортчулар жараткан ийгиликтер кɵпчʏлʏктʏ кубандырып, эл арасында спорттун чыныгы фанаттары кɵбɵйгɵнʏн байкоого болот. Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети шаардагы спорт тармагын ɵнʏктʏрʏʏдɵ кандай иштерди аткарууда, алдыда кандай пландары бар, комитеттин тɵрагасы Бекдɵɵлɵт Абакиров менен маектешип кайттык.

-Алгач Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин ишмердʏʏлʏгʏ кандай жана бир жылга тʏзʏлгɵн иш планы боюнча айта кетсеңиз...

- Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети шаарыбызда мамлекет тарабынан дене тарбия жана спортту ɵнʏктʏрʏʏ багытындагы иш чараларды алып баруучу, спортту пропагандалоочу Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтʏʏ орган болуп эсептелет. Комитет дене тарбия жана спорт боюнча  ɵз ишмердʏʏлʏгʏндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн «Дене тарбия жана спорт» жɵнʏндɵгʏ мыйзамына таянып иштеп келет.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаардык  дене тарбия жана спорт комитетинин жамаатында 219 кызматкер эмгектенип келʏʏдɵ. Алардын ичинен буга чейин 7 Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу болсо, 5-апрель кʏнʏ Ош шаарында “6-апрель – КР дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик кʏнʏнɵ” карата ɵткɵрʏлгɵн иш чарабызда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – дене тарбия жана спорт департаментинин директору Шабдынбаев Канат Кеңешович  ɵзʏ катышып, дагы 4 машыктыруучуга Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу  наамын ыйгарды, 27 дене тарбия жана спорттун отличниги болсо, дагы бир машыктыруучубуз аталган наамдын ээси болду, ошондой эле 9 Эл аралык даражадагы калыс наамдарындагы кызматкерлерибиз иштеп келет. Шаарыбыздын эли ʏчʏн дене тарбия жана спорт менен машыгуучу жана денелерин чыңдоо боюнча бир топ ынгайлуу шарттар тʏзʏлгɵн.

-Ыңгайлуу шарт деп калдыңыз, Ош шаарында канча спорттук мекеме бар?

-Учурда Ош шаарынын аймагында дене тарбия жана спорттук мекемелерден 1 стадион, 40 спорттук  залдар шаарыбыздын тургундарын тейлеп келʏʏдɵ. Алардын кɵпчʏлʏгʏ акыркы жылдарда колдонууга берилген бардык талаптарга жооп берген спорттук жайлар  болуп саналат. Комитет алдында 5 спорттук мектептер спорттун 21 тʏрʏ боюнча машыгууларды уюштуруп, ишмердʏʏлʏгʏн жʏргʏзʏп келет. Жалпысынан 9000ге жакын  ɵспʏрʏмдɵр, студенттер шаарыбыздын тургундары машыгууда. Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңеши тарабынан спорт тармагына каржылоо жылдан жылга кɵбɵйʏп, шаарыбыздын спортчулары жана курама командалары жергиликтʏʏ, республикалык, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги мелдештерге активдʏʏ катышып, байгелʏʏ орундарды багындырып  келʏʏдɵ.

Мындан сырткары, шаар аймагында спортту ɵнʏктʏрʏʏдɵ дене тарбия жана спорттук мекемелер: 1 борбордук стадион, 76 баскетбол аянтча, 78 волейбол аянтча,  84 футболдук аянтча, 12 ден ашуун ден соолукту чыңдоо борборлору, 8 суу бассейни, 12 теннистик корттор, 40 спорттук зал шаарыбыздын тургундарын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын калктуу конуштарын тейлеп келʏʏдɵ. Алардын кɵпчʏлʏгʏ бардык талаптарга жооп берген спорттук мекемелер болуп саналат.

-Жаш спортчуларды колдоодо кандай аракеттер бар, стимул, мотивация берʏʏ жааты кандай?

-Албетте, бир гана жаш спортчуларды эмес, бардык эле шаардын спорттун ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым кошкон спортчуларга ар тараптуу колдоо кɵрсɵтʏп келебиз. Аларга мотивация, стимул берʏʏдɵ машыктыруучуларыбыздын салымы чоң. Мунун жыйынтыгын алардын жетишкендиктеринен байкасак болот. Шаарыбыздын спортчулары айрыкча тɵмɵнкʏ спорттун тʏрлɵрʏ боюнча 2021-жыл ичинде республикалык жана эл аралык мелдештерде алгылыктуу жетишкендиктерге жетишишти. Атап айтсак, спорттун самбо, футбол, эркин кʏрɵш, аялдар кʏрɵшʏ, дзюдо, жеңил атлетика, тогуз коргоол, улуттук кʏрɵш,бокс жана башка ушул сыяктуу тʏрлɵрʏнɵн мактанаарлык кɵрсɵткʏчтɵрдʏ кɵрсɵтʏштʏ.  Жалпысынан 2021-жылдын 12 айында Ош шаарынын спортчулары Кыргыз Республикасынын 35 чемпионатына, 46 эл аралык турнирге, 17 Кыргыз Республикасынын Биринчилигине, 13 Кыргыз Республикасынын Ачык чемпионатына, 18 республикалык деңгээлдеги турнирине, 1  I КМШ спорттук оюндарга, 6 Дʏйнɵ Чемпионатына, 6 Азия чемпионатына катышып,  33 спорттун тʏрʏнɵн окуу-машыгуу сборлору уюштурулду. Жыйынтыгында Ош шаарынын спортчулары 125 алтын, 109 кʏмʏш, 131  коло медалга ээ болушту.

-Чемпиондорго кɵрсɵткɵн колдооңуздар, жардамыңыздар кандай болууда?

-Жыл сайын 6-апрель кесиптик майрамыбыз белгиленип келет. Ага карата жыл жыйынтыгын чыгарып 15 спортчуга материалдык жардам кɵрсɵттʏк. Мындан сырткары, алардын машыктыруучуларына да сыйлыктар, материалдык жардамдар берилди. Негизи чемпиондорду колдоо багыты алардын машыгуусуна мыкты шарт тʏзʏʏ менен мелдештерге барганда колдоп туруу болуп саналат эмеспи. Бул багытта Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети алгылыктуу иштерди алып барууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаарда спортчуларыбыздын машыгуусу ʏчʏн бардык шарттар тʏзʏлгɵн. Спортту ɵнʏктʏрʏʏдɵ чынында финансылык колдоо ɵтɵ керек болот жана бул ʏчʏн чоң суммадагы акчага муктажбыз. Мамлекеттик колдоого да зарылбыз. Ага карабай Ош шаарында спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулган. Ɵлкɵнʏн башка шаарларына караганда бизде каражат кɵп бɵлʏнɵт.

-Ушул тармакта жʏргɵн адис катары айтсаңыз, дагы канча жылдан кийин Оштон да олимпиада чемпиондорун кɵрʏп калабыз? Ал ʏчʏн азыр бизге эмне жетишсиз болууда?

-Бардык эле спортчулардын эңсегени, кɵксɵгɵн планы олимпиадалык оюндарга катышуу болуп саналат эмеспи. Аны пландабаган, максат кылбаган спортчу спортчу эмес. Буюрса, биздин Ош шаарынан да келерки Парижде ɵтʏʏчʏ Олимпиадалык оюндарга кандидаттар бар. Ага чейин да бир топ мелдештер турат. Алардан жеңип чыгышса буюрса, олимпиадага биздин шаардан да спортчуларды жиберип калабыз деген ниеттебиз.

-Серепчилер спортчуларга психологиялык колдоо ɵтɵ керек деген пикирин кɵп айтышат. Сиздерде бул жаатта кандай иштер аткарылат?

-Ооба, психологиялык колдоо керек дегенге кошулам. Чынында материалдык колдоодон сырткары, моралдык колдоо спортчуга чоң стимул берет. Себеби, артыңда колдоп турга эл, колдоочулар болсо бул да чоң жардам.  “Сен кʏчтʏʏсʏң, сенин колуңдан келет” деп сʏрɵп туруу спортчу ʏчʏн маанилʏʏ. Бул ʏчʏн спортчунун психологго кайрылып туруусун айтып турабыз.

-Спорт комитетинин келечектеги пландары кандай? Кандай кɵйгɵйлɵрʏңʏздɵр бар?

-Чынында шаарда спорттук имараттардын жетишсиздиги кɵйгɵй болуп келет. Бирок, жылдан жылга спорттук комплекстердин саны ɵсʏʏдɵ. Барган сайын спортту колдогон жеке ишкерлер кɵбɵйдʏ. Алардын шаардагы спорт тармагын ɵнʏктʏрʏʏдɵ кошкон салымы зор. Ош шаарынын мэри Алмаз Ишенбековичтин атайын бекиткен планын негизинде Ошто спорттук мекемелер курулат. Буюрса, 2023-жылдан тарта аталган мекемелердин курулушу башталат деген пландарыбыз бар. Атап айтсак, Ош шаарында демɵɵрчʏлɵр тарабынан чоң спорттук комплекс курулат. Бул ʏчʏн шаардык мэрия тарабынан атайын жерлер бɵлʏнʏп, курулушка даярдыктар кɵрʏлʏʏдɵ. Мындан ары да спорт комитети Ош шаарынын аймагында дене тарбия жана спорт чɵйрɵсʏндɵ мамлекеттик саясатты колдоо максатында спорттук массалык иш чараларды, ден соолукту чыңдоочу мелдештерди ɵткɵрʏʏнʏ колго алат. Буюрса, алдыда пландарыбыз чоң. 2022-жылга карата да Ош шаарына мурунку жылга салыштырмалуу дагы да болсо кɵбʏрɵɵк эл аралык мелдештерди, Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын, биринчиликтерди уюштуруу планыбызга киргизилген, бул пландын негизинде иш-чаралар кечиктирилбестен аткарылууда.

Бактыгʏл Калдарбай кызы

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Назбийке Абаева: “Кыздар арасында боксту ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошкум келет”

Понедельник, 04 Апрель 2022 04:14 Автор Бекмурат
Назбийке Абаева: “Кыздар арасында боксту ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошкум келет”

Спортто бийиктиктин туу чокусу олимпиада чемпиондугу болгондуктан, акылмандар ар бир олимпиада чемпионун генийлер деп аташат. Чынында чемпион болгонго чейинки мезгил сортчудан кара кʏч менен тажрыйбаны гана эмес, сылык-сыпайы болууну, жеңиле билʏʏнʏ, терең ой-жʏгʏртʏп чечим чыгара билʏʏнʏ жана башка ушул сыяктуу адамдагы  асыл сапаттарды талап кылат. Кубантаарлыгы “мына ушундай кыйынчылыктардын баарын жеңип ɵтɵм, ɵлкɵмʏн желегин бийик желбиретем” деген жаштар бизде да арбын. Алардын бири Назбийке Абаева. Назбийке жаш экенине карабай спорттун бокс тʏрʏ менен машыгып, кɵптɵгɵн ийгиликтерди багынтып келе жатат. Атап айтсак, жакында болуп ɵткɵн ɵспʏрʏмдɵр арасындагы Азия чемпионатынын коло байгесин жеңип алды. Учурда шаардагы №48 мектептин 9-классынын окуучусу.

-Назбийке, бир эле убакта окуу менен спортту алып кетʏʏ кыйын эмеспи?

-Азырынча кыйын эмес. Сабактарым тʏшкɵ чейин болот. Мектептен чыгып машыгуу залына барам жана машыгуулар кʏн алыс жʏргʏзʏлɵт.

Негизи бокс менен машыгып баштаганыма аз эле убакыт болду. Буга чейин Кыргызстандын ичиндеги турнирлерге катышып жʏрдʏм. Акыркы жолу Азия чемпионатына Иордания мамлекетинин Амман шаарына бардык.

-Эмне ʏчʏн спорттун бокс тʏрʏн тандагансың, кыз бала ʏчʏн оор да?

-Чоң атам жаш кезинде спорттун ушул тʏрʏнɵ кызыкчу экен. Чоң атам Молобаев Абайдын ошол мʏнɵзʏ мага ɵтʏп калса керек. Мен да спорттун ушул тʏрʏнɵ аябай кызыгып, ɵз каалоом менен ушул тармакка келип калдым. 

-Сенин оюңча бокс мектептеги кайсы предметке окшош?

-Менин оюмча физика предметине окшош. Себеби, адамдын турган турпатын мыкты ɵздɵштʏрʏп, анан акылды иштетʏʏ менен чабуулдарга шамдагай ɵтɵсʏң. Ошондой эле физикалык кʏчкɵ ээ болуу зарыл. Машыктыруучум дайыма “акылды иштетсең калганы жакшы болот” деп айтат.

-Кумир туткан боксчуң барбы?

-Кумир туткан боксчум жок. Рингде ɵзʏмʏн ɵзгɵчɵ стилдерим менен иштеген жагат. Мен рингде ɵзʏмʏн кʏчʏмɵ гана ишенем.

-Спорттон тышкары эмне менен алектенесиң?

-Кичинемде бий ийримдерине барып калчум, азыр деле бийге кызыгам,  бийлегенди абдан жакшы кɵрɵм. Мындан сырткары бош убактымда англис, тʏрк тилдерин ʏйрɵнʏʏгɵ аракет кылам. Анткени спортчунун тил билʏʏ жɵндɵмʏ да жогору болуусу керек.

-Келечекте кандай пландарың бар, кайсы кесиптин ээси болууну кыялданасың?

-Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин академиясына окууга тапшыруу ниетим бар. Мындан сырткары эң чоң тилегим олимпиаданын чемпиону болуп, ɵлкɵбʏздʏн желегин желбиретсем дейм. Ошондой эле кыздар боксун ɵнʏктʏрʏʏгɵ чоң салымымды кошкум келет.

Кɵчкɵнбаев Захар, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин машыктыруучусу:

 “Назбийке ɵжɵрлʏгʏ, аракетчилдиги менен ийгиликке жетʏʏдɵ”

-Назбийке канча жылдан бери сиздин колуңузда машыгып келет?

-Дээрлик бир жылдан бери биздин спорт мектебинде машыгат.

-Кандай мʏнɵздɵрʏ аны акырындап ийгиликтерге жетелеп барууда?

-Негизгиси машыгууларын калтырбай, ɵзʏнʏн ɵжɵрлʏгʏ жана аракетчилдиги менен ийгиликтерге жетʏʏдɵ.

-Дегеле кыздар боксту аягына чейин алып кетʏʏ ʏчʏн кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Спортко жоопкерчилик менен карап, алдыга койгон максатына жетем деген принциби болушу керек. Назбийкеде да дал ушул мʏнɵздɵр бар.

-Чет ɵлкɵгɵ мелдешке барган учурда мамлекет тарабынан  кандай колдоолор кɵрсɵтʏлɵт?

-Биздин Ош шаардык спорт комитети тарабынан материалдык колдоолор кɵрсɵтʏлʏп келет. Учурдан пайдаланып комитететтин тɵрагасы Абакиров Бекдɵɵлɵт Абакировичке терең ыраазычылык билдиребиз.

-Жакында болуп ɵткɵн чемпионат тууралуу кенен айтып берсеңиз, Назбийкенин коло медаль утушу дагы кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ жол ачты?

-Ɵспʏрʏмдɵр арасында бокс боюнча Азия чемпионаты болуп ɵттʏ. Жалпы 24 мамлекеттин спортчулары катышышты. Назбийке жарым финалда ɵзбекстандык спортчу менен беттешип, 3-2 эсебинде жеңишке жетти жана коло байгенин ээси болду. Болуп ɵткɵн мелдеш Назбийкеге тажрыйба топтоого алгачкы мʏмкʏнчʏлʏк болду деп айта алам. Ушундай турнирлерге катышып отуруп, акырындап такшалган спортчуга айланат.

-Алдыда дагы кандай мелдештер кʏтʏп турат?

-Ушул жылдын август айында Россияда бокс боюнча ɵспʏрʏмдɵр арасында турнир болот. Учурда ошол турнирге окуучуларды даярдап жатабыз.

Наргиза Ибрахимова, Назбийкенин апасы:

“Чоң атасы колдоп, машыгууларга бара баштады”

-Баарыбызга белгилʏʏ болгондой бокс травмалуу спорттун катарын толуктайт. Кызыңыз боксту тандашына каршы болгон эмессизби?

-Кичинесинде бий ийримдерине катышат болчу. Жогорку класс болгондо спортко кызыгуусу кʏчɵп, ушул тармакка ооп кетти. Болгондо да эмнеге боксту тандайсың деп башында каршы болдук. Ошого карабай чоң атасы колдоо кɵрсɵткɵндʏктɵн Назбийке машыгууларга бара баштады. Анан биз да ɵзʏбʏзчɵ кеңешип, ɵзʏ кызыгып турган убакта колдоо кɵрсɵтʏʏнʏ туура кɵрдʏк. ʏй-бʏлɵдɵ эч ким бокс менен алектенбейт. Назбийкеге жɵндɵм чоң атасынан ɵткɵн деп ойлойм. Ал киши жаштыгында бокска кызыгып, машыгып да жʏргɵн экен. Кийин Жапалак айыл ɵкмɵтʏндɵ кɵп жыл айыл ɵкмɵт башчы болуп эмгектенди, шаардык Кеңештин депутаты болду. Ɵзʏ спорт тармаганда болбосо да, спортко жакшы кɵңʏл буруп, колдоо кɵрсɵтʏп келет.

-Кээде Назбийке мелдештен утулуп, кɵңʏлʏ чɵгʏп калган убактарда, ата-эне катары кандай колдоо сɵздɵрʏн айтасыздар?

-Спортто сɵзсʏз жеңʏʏчʏ жана жеңилʏʏчʏ болот. Жеңиле билʏʏнʏ билген да жакшы сапаттардын бири экенин айтып, тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылабыз. Назбийкенин дагы бир жакшы сапаты мындай учурда ɵзʏ да кɵңʏлʏн чɵгɵрбɵй, кийинки мелдешке жакшы даярданайын деп айтып калат.

Айжылдыз  Тойчиева

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

СССРдин спорт чебери ага-ини Арзиевдер. Удаалаш учкан эки ɵмʏр

Понедельник, 14 Февраль 2022 04:03 Автор Бекмурат
СССРдин спорт чебери ага-ини Арзиевдер. Удаалаш учкан эки ɵмʏр

Оштун тʏштʏк-батышы адырлуу айылдардын биринде Аман ата менен Токтокан эне ɵмʏр бою дыйканчылык менен кʏн кечирип, 7 перзентти тарбиялап чоңойтушту. Балдары эрте кол арага жарап, колдон иш алаар мезгилге жеткенде атасы бу дʏйнɵдɵн узап кетет. Тагдырга не дейсиң? Жалгыз бой эне балдарын эч нерседен ɵксʏтпɵй чоңойтууга жан ʏрɵйт. 6 уулдун тɵртɵɵ жаштайынан спортко кызыгып, боксту тандашты. Бой жеткен кезде экɵɵ спорттун чебери болуп чыга келишти. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, ага-ини Абдували менен Нургазы Арзиевдердин мээнети убагында бааланбай жʏрʏп, турмуштан кɵксɵɵсʏ толбой, кырчындай убагында бул опаасыз ааламдан кете беришкен.

   СССРдин спорт чеберлери Абдували, Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналып жыл сайын бокс боюнча чемпионат ɵткɵрʏлʏп келет. Атактуу спортчулардын бир туугандарынын эскерʏʏ баянын сунуштайбыз.

Арзиев Курбаналы, агасы:

 “Жаштайынан спортко жакын болушту”

-Биз жɵнɵкɵй дыйкандын ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлʏп, чоңойдук. Балачагыбыз Тɵлɵйкɵн айылында ɵттʏ. Атам согуштун ардагери болгон, ɵзʏ да кʏрɵшкɵ кызыккандыктан алгач мени кʏрɵшкɵ берди. Абдували 1967-жылы, Нургазы 1972-жылы тɵрɵлгɵн. Кичинесинен эле мен да аларды кʏрɵшкɵ алып барам деп жʏрчʏмʏн. Аз убакыттан кийин атам кайтыш болуп калды, ошондо Абдували 11-12 жаштарда эле.

Бир кʏнʏ апам Абдували иними ээрчитип, жаңы окуу жылына кийим алып берʏʏ ʏчʏн Кара-Суу базарына тʏшʏптʏр. Базарды аралап жʏргɵн кезде иним бокс мээлейин саткан кʏркɵнʏ кɵрʏп калып, жанынан такыр кетпей коюптур. Ошентип, апам акчасынын ченелʏʏ экенине карабай мээлейди алып бериптир. Иним аябай сʏйʏнʏп, мээлейди мойнуна илип алып ʏйгɵ келгени эч эсимден кетпейт. Ошентип, 5-классынан Оштогу жалгыз олимпиадалык резервдеги мектебинде машыгууну баштады. Алгачкы машыктыруучусу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Самарбек Бапанов болгон. Нургазы иним болсо эл аралык даражадагы калыс Турдалы Оморов аттуу машыктыруудан тарбия алды. Инилерим машыктыруучулардан жолдуу болду десем болот, агайлары да “балдарды тандоодо жаңылбапбыз” деп кɵп айтып калышчу. Чынында чапчаң балдар болчу. Кыргызстандын ичинде ɵткɵрʏлчʏ турнирлерден сырткары, чет мамлекеттерге да тынбай барышат эле. Ошол учурда машина деген аз, инилерим чет ɵлкɵгɵ барыш керек болгондо, тʏн-кʏн дебей такси жалдап Кара-Сууга алып келчʏбʏз, анткени поезд Андижан, Ташкент сыяктуу шаарларга ошол жерден кетет болчу. Алып барып машыктыруучуларына тапшырып коюп анан ʏйгɵ кетмей. Россияга учуш керек болсо аэропортко ташыйт элек. Бир жолу ʏй салып атканыма байланыштуу Абдувалини машыгууларына жɵнɵтпɵй койдум, экɵɵбʏз кыш куйдук. Акыры агайы Самарбек Бапанов ʏйгɵ келиптир, “машыгуусу калып кетти, жɵнɵтпɵсɵң болбойт” деп кɵшɵрʏп отуруп, акыры иними алып кеткен.

Арзиев Нурали:

“Окуу менен спортту бирдей алып кетишти”

-Абдували акем, Нургазы иним. Экɵɵ тең аябай тырышчаак, аракетчил балдар эле. Бокска чын дилинен берилген спортчу болушкан десем жаңылбайм. Бир ирет эсимде тиричилик да, ʏйдɵгʏ иштерди кылсын деп апам экɵɵнʏ тең машыгууга жɵнɵтпɵй койду. Тʏштɵ ʏйгɵ камап койсо, айнектен качып чыгып, машыгууга кетип калышыптыр. Ушундай ɵжɵр мʏнɵздɵрʏнʏн арты менен кийин жакшы жыйынтыктарды кɵрсɵтɵ башташкан. Мектепти бʏткɵндɵн кийин институтка тапшырышты. Окуу менен спортту тең алып кете алышты. “Спорттун чебери” деген сыймыктуу наамды алышкан. 2000-жылы Нургазы иним лицензия утуп алып, Японияга олимпиадага барды. Ал жактын абасы жакпай, ден соолугунда бир аз кɵйгɵй жаралып, ɵзʏ кʏткɵн жыйынтыкка жетпей калган.

Ажыкулов Турсуналы, бир тууган таякеси:

“Чет ɵлкɵдɵ намыс талашып, бирок биздин ɵлкɵдɵ колдоо жок болгон”

- Негизи, башка ɵлкɵлɵрдɵ спортчуну олимпиада ɵтчʏ жерге 10 кʏндɵй эрте жɵнɵтʏшɵт, абасына кɵнʏп алуусу ʏчʏн. Ал учурда биздин бийлик эрте жɵнɵтмɵк тʏгʏл барып-келишине да жарытаарлык колдоо кɵрсɵтпɵйт болчу. Жээндерим кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрдɵ кыргыздын атын даңазалаганы менен ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵдɵ, ɵзʏбʏздʏн бийлик тарабынан колдоо таппай калганы ɵкʏндʏрɵт. Мелдештердин кɵбʏнɵ ɵз эсебинен баргандары аз келгенсип, ийгилик жаратып келсе да эмгеги убагында бааланбай калган. Ошол учурда аз болсо да стимул болгондо, дагы далай бийиктиктерди багындырып, Абдувалинин окуучусу боксчу Алмаз Раимкуловдой балдардын дагы кɵбʏн машыктырып чыгарышмак.

Молдобаев Жусуп, таякеси:

 “Ɵлкɵнʏн желегин кɵтɵрʏʏдɵ жесир аял менен жетим балдардын аракети аз экен”

-Эл аралык турнирлерге кɵп катышышты. Айрымдарын атап ɵтɵйʏн. 1988-жылы Монголияда ɵткɵрʏлгɵн мелдеште Кыргызстандан бир эле Абдували намыска жарап, 1-орунду ээлеген. Нургазынын агайынын эскерʏʏсʏндɵ ал эки нерсеге катуу ɵкʏнгɵнʏн айтат: биринчиси, 1992-жылы КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн чемпионатында 250 грамм ашык салмагы ʏчʏн алтын медалдан кʏмʏш медалга тʏшʏп калгандыгы, экинчиси- белгилʏʏ мушкер Артур Григорянды утканда калыстар тарабынан адилет бааланбагандыгы. Мындан сырткары 1991-жылы Алматыда ɵткɵрʏлгɵн Орто Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн ортосундагы мелдеште ɵлкɵ атынан бир гана Нургазы 1-орундуу ээлеген. Алардын ийгиликтеринин артында апасынын зор эмгеги бар. Апасы мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жараша спортко зарыл шаймандарын ɵксʏтпɵй алып берип турчу. Балдары ʏчʏн ɵзʏ мʏшɵккɵ кум толтуруп ɵрʏккɵ илип берчʏ, анысы кɵп айрылып кетчʏ экен, ошону маркум эжем кайра жамап же жаңысын башка материалдан тигип берээр эле. Балдардын жɵнɵкɵй, боорукер мʏнɵзʏнɵн сырткары кɵкʏрɵгʏндɵгʏ ариет-намысы, ата журтка болгон ыйык сезимдери  ийгиликке карай жетелеп барган. Бирок мамлекеттин туусун кɵтɵрʏʏдɵ жесир аялдын, жетим балдардын аракети аздык кылат экен. Ал ʏчʏн мамлекет да жɵлɵп-таяп колдошу керек экен. Абдували менен Нургазы инимде ушундай колдоо жетишсиз болуп калды. Азыр кудайга шʏгʏр, кенже иниси Талант бир топ ийгиликтерди жаратып жʏрɵт. Машыктырган балдарынын бири жакында Азия чемпионатынан кʏмʏш байгени утуп келди. Дагы бир баса белгилеп кетʏʏчʏ нерсе, бийлик тарабынан да, жергиликтʏʏ бийликтен да, спорттун ушундай олимпиадалык тʏрлɵрʏнɵ басым жасалып, аларга шарт тʏзʏп берʏʏ керек. Учурда ага-ини Арзиевдердин жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири жыл сайын ɵткɵрʏлʏп келет. Быйылкы ɵзгɵчɵлʏгʏ мелдештин жеңʏʏчʏлɵрʏнɵ “спорт чебери” деген наам ыйгарылат.

Талантбек Арзиев, иниси:

“Экɵɵ тең кʏтʏлбɵгɵн кырсыктан каза тапкан”

-Агаларымын бокстагы карьерасын тʏптɵɵ убагы кыйын заманга туш келген. Акаевдин учурунда элде жапырт жокчулук болуп кыйналышкан. Жʏгɵрʏнʏн унунан жасалган загыра нанды дал ошол жылдары жеп калдык. ʏй-бʏлɵбʏздɵ чоң-кичине дебей баарыбыз талаага чыгып Кеңеш совхозунда иштедик. Агаларымын машыгууга кие турган кийимдерин алуу да кɵйгɵй болчу, апам жалгыз бой аял экенине карабай аларды камсыздаганга тырышаар эле. Чоң агаларым да тапкан акчасын берип, апама жардам беришкен. Чет ɵлкɵгɵ мелдеш болуп, кээде билет алууга такыр мʏмкʏнчʏлʏк болбой калган. Тургуналы таякем менен Шарабидин таякем ɵмʏр бою КамАЗ айдап иштегендиктен айрым мелдештерге КамАЗ менен ɵздɵрʏ алып барып келген учурлар да болгон. Бир жолу Бишкекте Дʏйшɵнкул Шопоков атындагы турнир болуп калды, мелдешке болгону 1 сутка калган. Абдували агам барышы керек же такси жок. Ошондо Тургуналы агам саатына 20-30-40 километр жʏргɵн КамАЗындагы жарым жʏк менен айдап борборго жеткизген. Кудай колдоп ошондо агам мелдешти жеңип, 1-орунду камсыздап келген.

-Эки агаңыздын жаш эле каза болушуна эмне себеп болгон?

-Ачыгын айтканда, агаларым ɵмʏр бою спортто жʏргɵн адамдар болгондуктан, Абдували агам спортту таштагандан кийин деле, эрте менен жʏгʏрʏп, кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасап турчу экен. Ошондой кʏндɵрдʏн биринде ал жʏгʏрʏп келгенден кийин медициналык тил менен айтканда денеси кызып турган абалда, терди толук кургатпай туруп, сергип алуу максатында каналга тʏшʏптʏр. Муздак сууда колу-бутунун тарамышы тʏйʏлʏп калгандыктан суудан чыгалбай калган, окуя эрте менен болуп же эч ким кɵрбɵптʏр. Кийин колу-буту тырышкан абалда суудан жансыз денесин алып чыгышты. Нургазы агамдын ɵлʏмʏнɵ да ушул сыяктуу аянычтуу окуя себеп болгон. Ал убакта Бишкектин Кант шаарында жашачу. Эрте менен кадимки машыгуудан чыгып, достору менен сʏйлɵшʏп турган жеринен, чуркагандан кийинки кʏтʏʏсʏз кɵтɵрʏлʏп кеткен кан басымдан улам жыгылып, башы жол четиндеги кыргакка тийген. Ооруканага барганда баш ичтен жарылып, кан сыртка чыкпай уюп калгандыгын айтышты. Ошентип 2004-2005-жылдары, экɵɵ 6 ай аралыгында кырчындай убактарында каза болушту. Артында бирден уулдары калган.

Айжылдыз Тойчиева

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Бокс бул – иcкусcтво

Понедельник, 07 Февраль 2022 04:07 Автор Бекмурат
Бокс бул – иcкусcтво

Ɵлкɵ – бай маданияты, билимдʏʏ жаштары жана тайманбас спортчулары менен таанылат. Айрыкча спортко кызыккан жаштардын кɵбɵйʏшʏ, эртеңки ден соолугу чың, жаман адаттардан алыс муундун ɵсʏшʏнɵ кепилдик болот. Ошондуктан, мамлекет тарабынан, жергиликтʏʏ бийлик тарабынан спортко ар тараптуу колдоо кɵрсɵтʏлʏшʏ зарыл. Спорт демекчи, гезитибиздин кезектеги каармандары бокс боюнча Азия чемпионатынын кʏмʏш медалынын ээси Мирзахид Имамназаров жана машыктыруучусу Талантбек Арзыев. Мыкты машыктыруучу ийгиликтин ачкычы демекчи Талантбек агай менен баарлашып отуруп, анын чыныгы устат экенине ынандым. Анда кеп башынан болсун.

Талантбек Арзыев 1975-жылы туулган, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин директору:

 “Спортчуларга мамлекет тарабынан кɵңʏл бурулганы – чоң колдоо”

-Спорттун бокс тʏрʏн тандап калууңузга эмне себеп болгон?

-Бокс тармагына алгач 1987-жылы келдим. Биринчи машыктыруучум Самарбек Бапановдун колунда машыгып жʏрʏп кɵптɵгɵн мамлекеттерге барып, жакшы ийгиликтерге жетише алдым. Андан кийин ɵзʏмʏн бир тууган агам Абдубали Арзыевдин колунда машыгууну уланттым. Бокска келишиме бир тууган агаларым чоң тʏрткʏ болду. ʏй-бʏлɵдɵ 6 уул болсок, тɵртɵɵбʏз боксчубуз. Агаларым СССРдин спорт чеберлери. Ал учурда курама командага кошулуу ɵтɵ кыйын болчу. Мен 1992-жылы окууну бʏткɵндɵ СССР жоюлду. Ошентип эгемен ɵлкɵнʏн атынан чыга баштаганбыз.

-Чыныгы боксчу кандай болушу керек?

-Кайсы спорттун тʏрʏ болбосун “ийгиликке жетем” деген адамдын тарбиясы, баскан-турганы, бирɵɵ менен маек курганы сылык-сыпайы, кичи пейил болушу керек. Жаштардын арасында айрым балдар бар, 2-3 ай машыгып алышып эле кɵчɵгɵ чыгып мушташып, ɵзʏнɵн алсыз адамдарды басынтышат. Андайлар кыска ойлуу жана кɵпкɵ барбай турган спортчулар.

-Мамлекет тарабынан бокска канчалык деңгээлде кɵңʏл бурулат?

-Бул чынында кɵйгɵйлʏʏ маселе, ачык айтууга туура келет. Кɵп кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдʏк. Эл аралык мелдештерге ɵзʏбʏздʏн эсебибизден кетʏʏгɵ туура келет. Буга чейин мамлекет тарабынан туруктуу, кɵздʏ ачаарлык колдоо боло элек. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, учурда президентибиз Садыр Нуркожоевичтин спорттон кабары бар адам болгонуна байланыштуу бул тармакка жакшы кɵңʏл бурулууда. Мисалы, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын астында “Спартак” деген стадион бар болчу, биз ошол жерде союз мезгилинде машыгууларды жʏргʏзʏп турчубуз. Кийин ал жерге кɵңʏл бурулбай, ташталып, эч ким кирбеген жерге айланып калган эле. Бул президент келгенден кийин солгундап калган спортту жандандырып, учурда “Спартак” стадиону дʏйнɵлʏк аренадагы стандарттарга жооп бергидей абалга келди. Мындан сырткары баарыбызга белгилʏʏ болгондой олимпиада чемпиондоруна ɵзгɵчɵ сыйлыктарын тартуулады. Мурда Азиядан же дʏйнɵлʏк чемпионаттан утуп келген спортчуларга бийлик тарабынан ашып кетсе 50-60 миңден акча бɵлʏнчʏ. Бул кайсы бир мамлекеттерге салыштырмалуу уяла турчу сумма эле. Мисалы, ошол учурда  коңшу ɵлкɵлɵрдɵ 200 миң долларга чейин байге фонд жана унаа, турак-жайларды уюштуруп беришчʏ.

-Мирзахид Имамназаровдун сиздин колуңузда тарбияланып жатканына канча убакыт болду?

-2017-жылы ушул спорт мектебине келип, дээрлик 5 жылдан бери окуйт.

-Акыркы мелдеш туралуу айтып берсеңиз?

-Алгач Ысык-Кɵлдɵ тандоо туру жогорку деңгээлде таза ɵттʏ.12 бала тандалып алынып, Ɵзбекстандын Ташкент шаарындагы 18 жаштан 22 жашка чейинки жаштар арасында Азия чемпионатына жɵнɵтʏлдʏ.

-Олимпиадага жолдомо алыш ʏчʏн кандай жолдорду басып ɵтʏш керек?

-Жаңы цикл боюнча биздеги мушкерлердин ɵткɵргɵн беттештери жана эл аралык турнирлерге канчалык катышкандыгы каралат. Лицензиялык турнирлерге катышуу керек. Мисалы, кечээ болуп ɵткɵн Азия чемпиондугу олимпиадага бирден-бир мʏмкʏнчʏлʏк болду. Финалга 4 спортчубуз чыгып, баары экинчи орунду алышты, жалпы 4 кʏмʏш, 4 коло менен кайттык. Бул жетишкендик менен олимпиадага жолдомонун биринчи упайын алдык десек болот, бул команданын ич жылытаар жетишкендиги. Буюрса, алдыда дагы чоң мелдешер бар. Мисалы, ɵзʏбʏздʏн Дʏйшɵнкул Шопоков деген турнирибиз эми ɵткɵрʏлɵт. Ал жерге бʏт мамлекеттерден келишет. Уткандарга ал мелдештен дагы олимпиадага упай топтоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Андан сырткары бул жерде ага-ини Абдубали жана Нургазы Арзиевдердин мастердик турнири болот. Биринчи орунду алган балдарга спорттун чебери деген наам берилет.

-Чыныгы спортчулар гений да болот деп айтып калышат. Мында машыккан балдардын жогорку окуу жайларды улантуусу кандай болот?

-Спортчуларыбызды бокс менен гана жʏрʏп бокс менен чоңой дебейбиз. Спортчу деген тилди да мыкты билип, интеллектуалдык деңгээли да жогору болушу керек. Чет ɵлкɵлɵргɵ барганда интервьюларды бергенде так, жеткиликтʏʏ сʏйлɵɵсʏ талап кылынат. Ошого даярдаш ʏчʏн бизде машыккан спортчулардын баары жогорку окуу жайларда окушат. Мисалы, Мирзахид Кыргыз-ɵзбек эл аралык университетиндеги дене тарбия факультетинде окуйт.

-Мелдештен келгенде сиздерди кандай тосуп алышты?

-Келип “Достук” бекетинен ɵттʏк. Шаарыбыздын спорт комитетинин тɵрагасы  Бекдɵɵлɵт Абакирович баш болуп, спортчулардын тууган-уруктар баары тосуп алышты. Андан кийин Мирзахиддин окуган университетинен ректор Чаткалбай агай бизди чакыртып, жалпы эмгек жамаатын чогултуп, куттукташты. Адамдын эмгеги ушинтип бааланса ичтен ыраазы болот экенсиң.

Мирзахид Имамназаров, 2001-жылы Ош шаарында тɵрɵлгɵн.

“Ыйманы бекем спортчу катары башкаларга ʏлгʏ болсом дейм”

-Бокстагы буга чейинки ийгиликтериңиз?

-Азия чемпиондугуна экинчи ирет катышып жатам. Буга чейин Монголияда ɵткɵн жаштар арасындагы турнирге катышып, тилекке каршы утулуп калган болчум. Акыркы мелдеште элим ʏчʏн тер тɵгʏп, баарыбыз алтын алабыз деген максатта барган элек, ал жерде тɵрт беттеш ɵтʏп, финалда кʏмʏш байге уттук.

-Мелдешке чейинки машыгуулар кандай болду?

-Негизи эл аралык турнирлерге баруу алдында тынбай машыгууга туура келет. Бир чети оор. Эрте мененки машыгуу процесси эки жарым саатка чейин созулат. Кечинде кайрадан эки жарым сааттык машыгуу.

-Кайсы спортчуну кумир тутасыз?

-Мухаммед Алидей ɵжɵр, таланттуу боксчу болсом дейм. Мындан сырткары ислам динибиздин негизине ылайык таза жʏрʏп, ыйманы бекем спортчу катары башкаларга да ʏлгʏ болууну кыялданам.  

-Бокстан башка кандай ɵнɵрлɵрʏңʏз бар?

-ʏй бʏлɵбʏз тамак-аш менен тейлɵɵ жаатында иштегендиктен, мен да ушул тармакка кызыгам, аларга барып тынбай жардам берем, бир аз ашпозчулук шыгым бар десем болот.

-Бокс сиз ʏчʏн эмне?

-Бокс бул искусство. Ал шамдагайлык, чыдамдуулук менен бирге акылдуулукту да талап кылат.

Айжылдыз Тойчиева

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Бокс легендалары

Понедельник, 31 Январь 2022 03:42 Автор Бекмурат
Бокс легендалары

Дʏйнɵдɵ бокс ышкыбоздору кɵп. Спорттун кооптуу тʏрʏ экенине карабай олимпиаданын тизмесинен чыгарылбай жатканы да ошондон болсо керек. Кезектеги макала бокс сʏйʏʏчʏлɵргɵ арналат. Тагыраагы, легендага айланган боксчулар жана алар кʏткɵн тагдырлар тууралуу айтып беребиз.

Мухаммед Али

Учактан корккон мушкер

Кассиус Марселлус Клей же бизге таанымал аты Мухаммед Али. Ал бала чагынан эле бокстун ышкыбозу болгон. Мектепти бʏтɵɵрʏ менен дароо профессионал боксчу болгусу келген, бирок машыктыруучу аны шашпоого чакырып, келерки олимпиадага катшууну кеңеш берет. Ошентип, 1960-жылы 18 жаштагы Кассиус Сан-Францискодогу Олимпиада оюндарына тандоо турнирине чакыруу алды. Ал учактан ушунчалык корккон. Бирок, айласыз мелдешке баруу керек эле. Жергиликтʏʏ маалымат каражаттары эң жаш катышуучу Кассиус жɵнʏндɵ тʏрдʏʏ маалыматтарды жазып чыгышкан. Анын мактана сʏйлɵгɵндʏгʏ, башкаларга ɵзʏнɵ ɵтɵ ишенимдʏʏ боксчу катары кɵрʏнгɵн жана турнирде аны колдогондор кɵп болгон. Кассиус турнирди ийгиликтʏʏ аяктап, олимпиаданын жолдомосун утуп алды. Кызыгы ал кайтып кетʏʏ ʏчʏн алдын ала алынган самолет билетин ыргытып, турнирдин калыстарынын биринен карызга акча алып, ʏйʏнɵ поезд менен жɵнɵп кеткен.

Ошентип олимпиадага катышуу ʏчʏн Кассиус кайра учушу керек болчу. Жаш жигит машыктыруучусуна учууга болбой турганын айтып, олимпиадага катышуудан баш тартаары жɵнʏндɵ да айтып кɵргɵн. Бирок, машыктыруучусу олимпиадага катышпаса карьерасын бузаарын эскерткен. Натыйжада Кассиус учууга макул болгон. Эгер ал оюнан кайтпай койгондо Римде ɵткɵн олимпиаданын чемпиону болбой калмак.

Кассиус атын Алиге айландырган окуя

1959-жылы Кассиус биринчи жолу “Ислам улутунун” лидери Эллайджи Мухаммеддин сʏйлɵгɵнʏн уккан. Ислам улуту 1930-жылы Мичиган штатынын Детройт шаарында Уоллес Фард Мухаммад тарабынан негизделген африкалык-америкалык саясий жана диний кыймыл.

Ал эми боксчу 1961-жылы Майами ɵлкɵсʏнɵ келгенде Эллайджинин шериги Абдул Рахман менен жолугушат. Экɵɵнʏн  жергиликтʏʏ мечитке барышы жигитке абдан таасир эткен. Ошол окуядан кийин ал руханий дʏйнɵсʏ жɵнʏндɵ кɵбʏрɵɵк ой жʏгʏртʏп, натыйжада “ислам улуту” кыймылынын негиздɵɵчʏлɵрʏ менен жакындан таанышкан. Исламдагы негиздер менен жашоону каалган боксчу атын да ɵзгɵртʏʏгɵ жетишкен.

 “Мен экинчимин, беттешти токтотууну талап кылам!”

Боксчу карьерасында беттештен 50 миллион доллардын тегерегиндеги каражат тапкан. Анын аз бɵлʏгʏн бизнеске жумшап, калганын мухаммеддин тобуна сарптаган. 1980-жылдары акчага муктаж экенин сезген Али рингге аргасыз кайтат. Анда ал 38 жашта болуп, салмагы да ашыкча эле,  мушташка чыгууну чынында каалаган эмес. Ал оор салмак категориясындагы дʏйнɵ чемпиону Ларри Холмс менен беттешке чыгат. Холмс чынында мыктылыгын кɵрсɵткɵн, бирок, Алини нокаут тʏшʏрʏʏнʏ каалабай, ага оор соккуларды берʏʏдɵн бир аз тартынган. 10-раундга келгенде Али рингге чыкпай туруп, “Мен экинчимин, беттешти токтотууну талап кылам!” деп кыйкырып жиберген. Легендарлуу боксчунун кокустан жасаган бул аракетинен, залда отурган эл ошондо кɵзʏнɵ жаш алган дешет.

Карьерасынын акырында  киреше таап, аны бизнеске жана мʏлк сатып алууга жумшаган. Андан кийин ал кайрымдуулук иштери менен кɵп алектене баштаган.

Жеке жашоосунда тɵрт ирет ʏйлɵнʏп 7 кызы, 2 уулу бар.

1984-жылы сентябрда Али угуу, сʏйлɵɵ жана денесинин кыймыл-аракети начарлап, ооруканага тʏшкɵн. Мухаммед Нью-Йорктогу ооруканалардын бирине жаткырылган, бардык анализдерден кийин дарыгерлер ал паркинсон оорусу менен ооруган деген бʏтʏмгɵ келишкен.

Ошентип, 2016-жылдын 2-июнунда Мухаммед Али ɵпкɵ оорусунан улам Американын Аризона штатындагы ооруканага жаткырылгандан эртеси кʏнʏ 75 жашында каза болгон.

Майкл Джерард Тайсон

Карьерасын тʏптɵп, кайра доо кетирген жылдар

1982-жылдагы оор салмак категориясы боюнча олимпиаданын эң жаш чемпиону. Учурда 59 жашта. Тайсон профессионал бокста алгачкы жолу 1985-жылы 15 ирет рингге чыгып, баарын нокаут менен уткандан кийин эл оозуна алынып, кадыры кɵтɵрʏлгɵн. Анда спортчу болгону 19 жашта эле. Бирок, арадан бир топ убакыт ɵтʏп, тагыраагы, 23 жашында Тайсондо алкоголь менен болгон кɵйгɵй башталат. 1990-2000-жылдар аралыгында ал наркотикалык заттарга аралашып калган. Анын мындай аракеттери душмандарын жандандырып, боксчуну рингден четтетʏʏгɵ жакшы шарт тʏзгɵн. Польшалык Анджей Голота менен болгон беттеште, жеңип алган Тайсондун канын текшертʏʏнʏ талап кылышкан. Жыйынтыгында анын канынын курамынан марихуана табылат. Ошол окуядан кийин Тайсондун спорттогу атагы кескин тɵмɵндɵгɵн. 1991-жылы ал “зордуктоо” фактысы менен 6 жылга камалып, 3 жылын ɵтɵп чыккан. Наркотикалык зат колдонгондун айынан салмагы кʏндɵн-кʏнгɵ жогорулап, алгач 101-102 килограммга чейин чыгып, 2007-2010 жылдар арлыгында 140 килограммга чейин жеткен. Ден соолугундагы мындай кооптуу ɵзгɵрʏʏдɵн спортчу машыгуусун улантууну чечкен.

Жеке жашоосунда Тайсондун ʏч никесинен жети баласы бар. 2020-жылдын 28-ноябрында легендарлуу боксчу дʏйнɵнʏ таң калтырып кайра рингге кайтты. Ал олимпиаданын кʏмʏш байгесинин ээси, оор салмак категориясындагы дʏйнɵ чемпиону Рой Джонс менен беттешип, эсеп тең чыгуу менен аяктаган.

Айжылдыз
Тойчиева

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

СПОРТ – ден соолукка дайым эле пайдалуу эмес

Понедельник, 13 Декабрь 2021 04:07 Автор Бекмурат
СПОРТ – ден соолукка дайым эле пайдалуу эмес

Россиялык альпинист Александр Абрамов Эверест чокусун  “бул тоо эмес, космос” деп атаган экен. Чынында абасыз мейкиндик сыяктуу ал жерде кислород жок. Ал эми жыл бою жазды билбей, кар аралаш муз каптап тургандыгын жомоктогу кар ханышасынын сарайына салыштырсак болчудай. Ошентсе да ɵмʏрʏн тобокелге салып, жыл сайын чокуларды кɵздɵй аттанган альпинисттердин аягы тыйылбайт. Адам табиятынан максатына жетʏʏ ʏчʏн жанын кыюуга да даяр жаралган тура. Алдыда альпинизмден баштап биз сʏйгɵн футболго чейинки кооптуу спорттун тʏрлɵрʏ жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.

Бокс

Баш мээге урулган соккулардан улам травма алган мушкер ɵмʏр бою ден соолугунан азап тартышы мʏмкʏн. Ал тургай рингде ɵлʏм катталган фактылар да бар. 1986-жылы Британиянын медициналык ассоциациясы баш сɵɵктʏ катуу травмадан коргоо ʏчʏн шлем кийʏʏнʏ сунуштаган. Бирок, калифорниялык илимпоздордун изилдɵɵсʏнɵ ылайык, шлемди милдеттʏʏ тʏрдɵ кийʏʏ рингдеги жаракаттардан каза болгондордун санын азайтууга жардам берген эмес. Тескерисинче, башында шлеми бар экенине ɵтɵ ишенип алган мушкерлер мурдагыдан кɵбʏрɵɵк жараат ала баштаган. Ошентип 2013-жылы профессионал мушкерлерге шлемсиз беттешʏʏгɵ уруксат берилген.

Канткен кʏндɵ да боксёрлордун ден соолугу, ɵмʏрʏ ар дайым тобокелде. Анда эмнеге эл аралык олимпиада комитети боксту олимпиада оюндарынын тизмесинен алып салбайт деген суроо бʏгʏнкʏ спорт дʏйнɵсʏндɵгʏ актуалдуу тема бойдон калууда. Бокстун тарыхына кайрыла турган болсок, тарых изилдɵɵчʏлɵр биринчи табылгалар биздин заманга чейинки 4000 жылдыкта, кээ бир маалыматтар боюнча биздин заманга чейинки 7000 жыл мурда эле бокс пайда болгонун далилдейт дешет. Ал эми биздин заманга чейин 688-жылы байыркы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. Айрым маалыматтарга таянсак, ошол учурда “олимпиаданын чемпиону” делип бир эле адам эсептелген, чемпиондукка чейин катышуучулардын мыктылары мелдештерден утуп отуруп, акыры эки адам калып калгандыктан, бокс сунушталып, ушул жол менен экɵɵнʏн бирɵɵсʏн таандоону туура деп эсептешкен. Ал мезгилде салмак категориясы, эреже, раунд деген тʏшʏнʏктɵр болгон эмес, качан гана экинчи адам нокаут тʏшкɵнгɵ чейин салгылаш уланган. Ошентип бокстун олимпиада оюндарына кирип калуу тарыхы ушундайча мʏнɵздɵлɵт. Ошондуктан учурдагы жайкы олимпиада оюндарында да бокс программанын акырына коюлуп, бокс менен жыйынтыкталаарын байкасак болот. Олимпиаданын тизмесинен чыкпай жатканынын бир себеби катары анын кызыктуу тарыхын айтсак, экинчиден жетиштʏʏ деңгээлде популярдуулукка ээ боло алган спорт.

Хоккей

Кышкы спорттун коркунучтуу тʏрлɵрʏ деп лыжа жана сноубордду айтышат, бирок эң травмалуусу хоккей. Анткени оюн талаасындагы жогорку ылдамдык болжол менен саатына 40 километрди тʏзɵт. Оюнчулар айрыкча курч конькилерден, союлдардан(клюшка)жана кичинекей шайбадан жаракат алышат. Диаметри 7,63 см болгон шайба сокку урулганда саатына 190 километрге чейинки ылдамдыкта уча алат. Бул учурда оюнчу шайбага туура эмес кез келсе анын коргоочу кийимдери эч кандай жардам бербей калышы мʏмкʏн. Ошондуктан орус элинде “трус не играет хоккей”(коркок хоккей ойнобойт) деген сɵз бар. Ал тургай 1968-жылы Эдуард Хиллдин “Трус не играет хоккей” ыры СССРдин эң популярдуу спорттук ырына айланган.

Альпинизм

Бул сɵздʏн келип чыгышы Батыш Европадагы эң бийик тоо системасы болгон Альпы тоолоруна тʏздɵн -тʏз байланышы бар. Альпы-туризм же болбосо “бийик тоодогу туризм” деген маанини билдирет. Кооптуу спорттун бир тʏрʏ. Негизги кооптондурган жагы кырсыктагандардын так санынын жоктугу. “Чокуну багындырабыз”деген альпинисттердин кɵбʏ тоодо ажал таап, айрымдары дайынсыз жоголгон учурлар да аз эмес. Кырсыктардын себеби катары алгач тоонун тик бийиктиги, толук эмес жабдуулар, аба-ырайынын туруксуздугу жана альпинисттин тажрыйбасынын жетишсиздигин айтсак болот.

Автоспорт

Аялдар менен эркектер тең тайлаша алган спорттун жалгыз тʏрʏ “Формула-1” деп айтып келишет. Формула-1 эл аралык автомобиль федерациясы(FIA) тарабынан белгиленген техникалык стандарттарга, талаптарга жана эрежелерге ылайык жыл сайын ɵткɵрʏлʏʏчʏ айланма жолдогу авто жарыш боюнча дʏйнɵлʏк чемпионат. Жыл сайын ондогон спортчулар трассада каза болору тууралуу маалыматар бар. Жарыш учурунда гонщиктер саатына 200 километр ылдамдыкка чейин кɵтɵрʏлʏшɵт. Мындан сырткары унаалар кʏйʏп кеткен учурлар кɵп. Бул учурда коргоочу кийимдери да жардам бербейт. Формула-1ге баатырларча кайтып келип, бирок акырында тирʏʏлɵй кʏйʏп кеткен австриялык Ники Лауда тилекке каршы, авто жарыш сʏйʏʏчʏлɵрʏнɵ сабак болбой жатат. 

Ат спорту

Ат спорту боюнча эл аралык федерация ат спорттун бир нече тʏрлɵргɵ бɵлɵт. Мисалы, дрессура(атты жɵн эле бастыруу), конкур(секиртʏʏ), рейнинг, драйвинг жана башкалар. Спортчудан мыкты физикалык даярдуулук гана эмес, жаныбар менен мыкты сʏйлɵшɵ алуу жɵндɵмʏ да талап кылат. Анткени жылкы бир эле учурда тил алчаак да, бир эле учурда сɵз укпас жаныбар боло алат. Ат спорту эң травмалуу беш спорттун катарына кошулат. Жыл сайын ал ɵз ышкыбоздоруна 40 000ге чейин жаракаттарды алып келет. Аттан жыгылуудагы жаракаттын кɵрсɵткʏчʏнɵ жараша адистер бешинчи кабаттан кулаганга теңешет. Жылкы 50 км/саат ылдамдыкка жɵндɵмдʏʏ. Статистикалык маалыматтарга ылайык, чабандестердин 3%га жакыны оор жаракат, 20-25%га жакыны жеңил жана орто жаракат алышкан. Жаракаттардын басымдуусу аттын тиштеп же тепкенинен пайда болот. Ат спортунун эң белгилʏʏ тʏрʏ катары улуттук оюнубуз кɵк бɵрʏнʏ да айта кетпесек болбос. Кɵк бɵрʏ шамдагайлык менен кʏчтʏʏлʏктʏ талап кылган кызыктуу оюн болгону менен ошол эле учурда кооптуулук кɵрсɵткʏчʏ да жогору. Оор жаракат алуу, ал тургай ɵлʏм менен коштолгон учурлар жок эмес. Ошондуктан тиешелʏʏ комитеттер кɵк бɵрʏнʏ эл аралык спорт катары киргизʏʏдɵн бир аз карманышат. Учурда кɵк бɵрʏ “Дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюндарынын” тизмесинде бар жана коңшу ɵлкɵлɵр арасында ɵз ара чемпионаттар ɵткɵрʏлʏп турат.

Футбол

Бардык спорттун королу аталган футбол башкаларга салыштырмалуу коопсуз болушу мʏмкʏн. Бирок, мында да жаракаттар, кырсыктар байма-бай болуп турат. Баарыбыз эле футболчулардын матч учурунда кандай жыгылып, бири-бирин сʏзʏшʏп, тепкиден тизесин кармай жатып калгандарын кɵрʏп жʏрɵбʏз. Статистика кɵрсɵткɵндɵй, футболдо баш мээси чайкалып калуу ыктымалдыгы болжол менен 75% тʏзɵт. Ар бир футболчу бул тобокелчиликти билет жана ошентсе да жеңишти ойлоп, жаракаттарды унутуп, талаага тайманбай киришин уланта берет. Травмалардын кɵпчʏлʏгʏ оюн учурунда катталса, калганы машыгуу учурунда болот.

Айжылдыз Тойчиева

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

ТОГУЗ КОРГООЛ – коломтону сактоого ʏйрɵткɵн акыл оюну

Понедельник, 29 Ноябрь 2021 03:48 Автор Бекмурат
ТОГУЗ КОРГООЛ – коломтону сактоого ʏйрɵткɵн акыл оюну

“Кой кезʏʏгɵ чыкканда же атайын кой кайтарып жʏргɵндɵ жерди оюп алып тогуз коргоол ойночу элек” деп улуу муундагылардын айткандарын угуп калганым бар. Улуттук оюндардын катарына кирген тогуз коргоол тууралуу эмне билесиз, бир  кɵз жʏгʏртʏп кɵрсɵңʏз болот.

 Манкала оюнунун тʏркʏмʏнɵ кирет

Тогуз коргоол тууралуу орус изилдɵɵчʏлɵрʏ «Байлардын кыларга иши жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Венгер окумуштуусу Жорж Алмааши «Азиянын жʏрɵгʏнɵ саякат» аттуу китебинде «тогуз коргоол акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен» деп кɵзгɵ сая кɵрсɵткɵн. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты тʏгɵнʏп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда, оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол улуттук оюну пайда болгон» деген.

Тогуз коргоол манкала оюнунун тʏркʏмʏнɵ таандык. “Манкала” сɵзʏ “кыймылдоо, кыймыл” дегенди тʏшʏндʏрɵт. Манкаланын ар кандай тʏрʏ дʏйнɵ боюнча абдан таанымал оюндар болуп саналат, анын болжол менен 400 тʏрʏ бар деп айтылат.

Эмне себептен тогуз?

Анткени, тогуз деген сан кɵчмɵн тʏрк элдеринин, алардын арасында кыргыздардын да  ыйык саны болуп эсептелген. Тогуз коргоолду Казакстанда “тогыз кумалак” деп, Тʏркияда болсо “докуз кумалак” деп аташат. Жогоруда айтылган оюндардын эрежелери окшош болгону менен аталыштары ар башка. Эр жʏрɵк эл тынчтык ɵкʏм сʏрʏп турган мезгилде тогуз коргоолду ойноп, ɵзʏнʏн аскердик стратегиялык ой-жʏгʏртʏʏсʏн ɵɵрчʏткɵн. Оюндун негизинде аскерлерди багындыруу, душмандын байлыгын жана ээликтерине ээ болуу жатат. Мында ар бир коргоол бир жоокер дегенди билдирет. Тогуз коргоолдун башка манкала оюндарынан айырмачылыгы – оюндун шарты боюнча бардык алынган таштардын ичинен бирɵɵ сɵзсʏз ошол эле ɵзʏнʏн чуңкурчасында калышы керек. Бул ʏй-бʏлɵнʏн коломтосун сактоо салтынын кɵчмɵн тʏрк элдеринин социалдык жашоосунда чагылдырылышы деп да атасак болот. Бул оюн Орто Азия ɵлкɵлɵрʏнɵн башка тʏндʏк-чыгыш Ооганстанда (Бадахшан), Орусияда (Алтай, Хакасия, Якутия, Татарстан жана Тува), батыш Монголияда жана тʏндʏк-батыш Кытайда ойнолот (ʏрʏмчʏ, Жунгария). 

Оюн тууралуу Сагынбай Орозбак уулунун вариантындагы "Манас" эпосунда:

Жалпак жыгач чаптырып,

Чараларын оюшуп,

Бир жагына бир тогуз,

Бир жагына бир тогуз,

ʏй чыгарып коюшуп…

Кыркың кызык ойнотуп,

Чатыраш ойнун салыңар,

Тогуз, онуң биригип,

Тогуз коргоол алыңар.

Жыйылып алып жыйырмаң,

Топ таш, чакмак алыңар,-деп айтылат.

Уламыш

Жʏктʏʏ тɵɵлɵрʏн жетелеген жолоочулар бир жерге келгенде тʏнɵп калууга аргасыз болушат. Эки чоң нар тɵɵнʏ жʏгʏ менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси жолун улантып кете беришет. Кийин ал жерден ɵтʏп бараткан башка жолоочулар эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң тɵɵ жаткан орундар жерге чɵгʏп кеткенин байкашат экен.Тɵɵлɵр жаткан чуңкурларга тɵɵнʏн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга туш болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген кептер бар. Тɵɵнʏн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир уламыш да бар.

Тогуз коргоол  кантип ойнолот?

Тогуз коргоол оюну атайын жасалган тактада эки адам тарабынан ойнолот. Такта 18 ʏйдɵн жана 2 чарадан турат, б.а. ар бир оюнчуга тогуздан ʏй жана бирден чара тиешелʏʏ. ʏйлɵр солдон оңго карата (саат жебесинин багытына каршы) бирден тогузга чейинки сандар менен белгиленет. Жʏрʏштʏ баштоо укугу чʏчʏкулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат.

Оюндун тактасы: Ар бир ʏйдʏн илгертен келе жаткан аттары бар. Алардын аттарын билʏʏ чоң мааниге ээ. Себеби, ар бир ʏйдʏн оюндагы кʏчʏ ɵзʏнʏн аттарына шайкеш келип, оюнду ойноого жана ɵздɵштʏрʏʏгɵ чоң жардамы тиет:

1 - куйрук, 2 - ат ɵтпɵс, 3- жаман ʏй, 4- далы, 5 - бел, 6 - ак колтук, 7 - эки тишти, 8 - кɵк моюн, 9 - ооз.

Оюндун эрежеси: Жʏрʏштʏ баштаган оюнчу ɵзʏнʏн каалаган бир ʏйʏнɵн бардык коргоолдорду алып, кийинки ʏйдɵн баштап солдон оңго карай ар бир ʏйгɵ бирден коргоол таштап отурат. Коргоол таштабай ʏйлɵрдʏ  аттатып кетʏʏгɵ болбойт. Бир эле ʏйгɵ экиден же андан кɵп коргоол салууга болбойт. Эгерде акыркы коргоол атаандашынын кайсы бир ʏйʏнɵ тʏшʏп, ал ʏйдɵгʏ коргоолдордун саны жуп болуп калса, жʏрʏш жасаган оюнчу ошол ʏйдɵгʏ коргоолдорду уткан болуп эсептелет да, бардык коргоолдорду ɵз чарасына салып алат.

Оюндун аягы: Эки оюнчу алмак-салмак жʏрʏш жасап отурушуп акырында бир оюнчунун ʏйлɵрʏндɵ коргоол калбай калат. Ошондон кийин ʏйлɵрʏндɵ коргоолдор болгон оюнчу аларды ɵз чарасына салып алат да коргоолдор саналат. Кимисиники 81 коргоолдон кɵп болсо, ошол оюнчу уткан болуп саналат. Эгерде эки оюнчунуку бирдей чыкса, б. а. 81:81 болсо тең чыгыш менен аяктаган болуп эсептелинет. Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу ʏчʏн 82 же андан кɵп коргоол утуп алуу керек.

Тогуз коргоол  боюнча Кыргызстандын чемпиону Гʏлзат Эсеналиева:

“Азияга жолдомо алуум – оюнга болгон сʏйʏʏмдʏ кʏчɵттʏ”

-Тогуз коргоол оюнун  2014-жылы 13 жашымда атам Бакытбек Абдрахмановдун жардамы менен ʏйрɵндʏм. Атам китептен карап ʏйрɵнгɵн. Эң алгачкы жетишкендигим Ноокат районунда мектептер арасында ɵткɵн спартакиададан 1-орунду багындырып, облуска жолдомо алгандыгым болгон. Райондун атынан мелдешке катышуу ɵтɵ чоң деңгээлдеги сыймык болгон. 2017-жылга чейин мектеп спартакиадасында ийгиликтерди жаратып, Ош облусунун атынан Талас, Ысык-Кɵл, Бишкек шаарларында ɵткɵн мелдештерге катышып келдим. 2017-жылы тогуз коргоолдун туңгуч президенти А.Чылымов агайдын Азияга тандоо мелдешинде тогуз коргоолдун (блиц мʏнɵт. 14 мʏнɵт) ыкчам тʏрʏнɵн 2-орунду ээлеп, Монголия мамлекетинде ɵткɵн Азия биринчилигине жолдомо алдым. Бул жолдомо менин тогуз коргоол оюнуна болгон сʏйʏʏмдʏ дагы да кʏчɵттʏ. Дагы да берилип, жоопкерчилик менен мамиле кылуума себепчи болду. Ал сезимдеримди айтып жеткирʏʏ кыйын. Ата-энемдин кубанычын кɵрʏп, “Эмнеге мен кыргыздын желегин желбиреткен, кыргызымдын улуттук оюнун даңазалаган элдин кызы, ата-энемдин сыймыгы боло албашым керек?” деген суроо койдум ɵзʏмɵ. 2018-жылы июнь айында Монголия мамлекетинин Баян Улгий шаарында ɵткɵн Азия биринчилигинде 3-орунду алып, тогуз коргоол оюнунун спорт чеберчилигине талапкер болдум. Бишкек шаарынын биринчилигинде 1-орунду алып, тогуз коргоол оюнунун спорт чебери наамын алдым. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду багындырып, Туркия мамлекетине жолдомо алдым. Казакстандын Алматы жана Ак-Тɵбе шаарларында ɵткɵн мелдештерге катыштым. 2021-жылы мыкты тогуз коргоолчу Ɵ. Касмакуновдун элесине арналган рейтингдик мелдеште 1-орун жана супер кубокту багындырдым. Бул чоң жетишкендиктериме себепчи болгондор –  атам, Анарбек агай, Гʏлнара эжеке, Болот агай. Мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып бул алтын инсандарга терең ыраазычылык билдирем.

“Улуттук оюнду унутта калтырбайлы деп...”

-Негизи бул оюнду 40тан ашык ɵлкɵ ойнойт.  2018-жылы ɵткɵн дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюндарына 38 мамлекеттен келип катышкан. Тогуз коргоол негизги булчуңду – мээни машыктырат. Логиканы, абстракттуу ой жʏгʏртʏʏнʏ, кыймылдарды эсептɵɵ жана алдыга умтулуу жɵндɵмʏн ɵɵрчʏтɵт. Бул оюнду ойноп жатканда “эмне кылам, эмне кылсам туура болот, эмне кылсам туура болбой калат, коргоолдордун жʏрʏлʏш максаты кандай?” деген сыяктуу суроолор башыма кайра-кайра келе берет. Жашоодо да ушундай го. Улуттук акыл оюнубуздун жок болуп кетишине жол бербɵɵ ʏчʏн колдон келген аракетти ар бир кыргыз кɵрʏшʏ керек деп ойлойм. Тогуз коргоолго байлап турган эң чоң максат – улуттук оюнду унутта калтырбай жайылтуу. Азыркы учурда тогуз коргоолго кызыккан жаштар кʏндɵн кʏнгɵ ɵсʏп келʏʏдɵ. Жаштарга тогуз коргоолду ʏйрɵтʏп, мыкты оюнчуларды даярдоо да эң чоң максатым. Учурда Ош областынын оюнчуларынан Нурбеков Темурлан,  Бакытбек кызы Мадина, Эсеналиева Азема жана мен жакында болуучу Азия чемпионатына жолдомо алдык. Буюрса, даярдыктар жакшы, кыргыз эли, ата-энебиз, жакындарыбыз колдоп турушса, мекенибизди уятка калтырбаганга аракет кылабыз.

Бʏкалча

 Маматали кызы

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Улут сыймыгы Акжол Махмудов

Четверг, 19 Август 2021 10:52 Автор Бекмурат
Улут сыймыгы Акжол Махмудов

Быйылкы Жайкы Олимпиадалык оюндары кыргызстандыктар ʏчʏн эмоцияга бай жана кызыктуу ɵттʏ десем ашыкча болбос. Миңдеген элдин башын аянтка бириктирип, финалдык беттешти эки жолу кɵрʏп, эки кʏмʏш, бир коло медаль утуп келген спортчуларыбыз мактоого татыды. Алардын бири грек-рим кʏрɵшʏнɵн 77 кг. салмактагылар арасындагы мелдеште финалга чейин чыккан Акжол Махмудов болду. Акжол Махамажанович Махмудов - кыргыз грек-рим кʏрɵшʏ боюнча спортчу, Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Токио – 2020 Олимпиада оюндарынын кʏмʏш медалынын ээси, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери.

Спортчунун баяны

Акжол Махмудов 1999 -жылы 15 -апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында адвокатура жана юстиция факультетинде окуйт.

Грек-рим стилиндеги эл аралык кʏрɵшчʏ. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун шакирти.

• 2015 -жылы Индияда ɵткɵн кʏрɵш боюнча кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон;

• 2016 -жылы Тайбэйде кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль алган;

• 2016 -жылы Грузияда кадеттер арасындагы дʏйнɵ чемпионатында алтын алган;

• 2016 -жылы Москвадагы кадеттер арасындагы Борис Гуревич турниринде чемпион болгон;

• 2017 -жылы Тайбэйде ɵткɵн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын алган;

• 2017 -жылы Финляндияда ɵткɵн ɵспʏрʏмдɵр арасындагы дʏйнɵ чемпионатында кʏмʏш алган;

• 2017 -жылы Стамбулда ɵткɵн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.

• 2018 -жылы - Азия чемпиону болгон.

• 2021-жылы 2-августта Токиодо ɵтʏʏчʏ 2020-жылы Олимпиадада грек-рим кʏрɵшʏ боюнча турнирдин финалына чыккан. Башкача айтканда, ал кепилденген кʏмʏш медалга ээ болгон. Тилекке каршы, финалда алтын ʏчʏн гана кʏрɵштɵ атаандашынан 3:1 эсебинде жеңилип калган.  Атасы Махамажан Махмудов 1971 -жылы туулган жана соода тармагында иштейт. Акжол ʏй -бʏлɵдɵ ʏчʏнчʏ бала.

Грек-рим кʏрɵшчʏсʏ Акжол Махмудов 3-августта Токиодогу Олимпиада оюндарында финалда утулуп калды. Ал венгриялык балбан Тамаш Лоринчке 1: 2 эсебинде утулду.

Алгач кыргызстандык беттешти активдʏʏ баштап, биринчи мезгилде 1 упай топтогону менен, экинчи мезгилде венгриялык балбан жолугушуунун бурулушун буруп, 2 упайга ээ болду.

Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта кʏч сынашат. Буга чейин жарым финалда кыргызстандык Армениядан келген атаандашы Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда Махмудов Азербайжандын спортчусу Рафик Гусейнов менен болгон беттеште 9: 1 эсебинде утуп алды. 1.8 финалда кыргызстандык Тунистин спортчусун 11: 0 эсебинде жеңди.

«Алгачкы ийгилим эсимде»

-  Биринчи классымдан баштап эле спорт залга бара баштагам. Эсимде, ал убакта Айбек деген агай бар болчу, азыр мени эстейби билбейм. Ошол агай кʏнʏгɵ жокточу, атайын тизмек жазылган журнал ачып алып, келгендерди белгилеп, келбегендерди издеп, себебин сурап турчу. Азыр ойлосом бул нерсе ошондогу балдардын спортко болгон кызугуусун арттырып, шык берчʏ экен. «Мен да кимдир бирɵɵгɵ зарыл экем» деген сезим пайда болот эле. Башында кɵчɵдɵ кийген кийимибиз менен эле машыкчубуз, бара-бара Айбек агай бизди ɵзʏнчɵ формага салды. Кɵчɵдɵ башка кийим, машыгууда башка кийим кийе баштадык. Yчʏнчʏ класста окуп жʏргɵндɵ бир мелдешке катышып, ʏчʏнчʏ орунду алгам. Ал убакта медаль алган эмесмин, диплом менен белектерди беришкен. Спорт чɵйрɵсʏндɵ эң алгачкы жеңишим болуп калды. Кийин Нуранов Нурлан деген агайдын колунда тарбияланып калдык. Ал убакта агай чоңдорду гана машыктырчу. Кичинекейлерден агам экɵɵбʏздʏ гана карады. Бʏгʏнкʏ жетишкен ийгиликтериме ушул агайдын да салымы ɵтɵ чоң. Кайда жʏрбɵйʏн колдоп, кеп-кеңешин айтып турат.

«Кʏрɵш тактикасы кʏндɵн-кʏнгɵ ɵзгɵрʏʏдɵ»

- Азыркы учурда спортко кызыккан мырзалардын санын ɵскɵнʏн кɵрʏп кубанам. Буюрса, ɵлкɵбʏздʏн келечеги мыкты спортчу балдардын колунда. Бул тармакта жʏргɵн бала патриот болот, мекенди биринчи орунга коюп, байлык-мансапты унутушат. Тʏркиядан, Казакстандан кɵп эле жолу сунуштар тʏшкɵн «биздин атыбыздан чыгып бер» дешип, чоң суммадагы акчаны сунушташкан. Бирок, мен ʏчʏн биринчи орунда ɵлкɵнʏн желеги турат. Аны дʏйнɵ жʏзʏнɵ желбиретʏʏ, дʏйнɵгɵ таанытуу спортчу катары менин милдетим деп билем. Биздин ɵлкɵнʏн машыктыруучулары дʏйнɵлʏк деңгээлдеги мелдештерге кɵбʏрɵɵк катышышса жакшы болот эле. Анткени, кʏрɵштɵгʏ тактикалар кʏндɵн-кʏнгɵ ɵзгɵрʏʏдɵ. Бизде мурунку бойдон машыгып калабыз да, натыйжада жеңилʏʏлɵр кɵп болууда.

Кʏмʏш медаль ээлери 7,6 миллион сом алышат

Ала-Тоонун борбордук аянтында кыргызстандыктар Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңʏʏчʏлɵрʏн салтанаттуу тосуп алып, кызуу куттукташты. Спортчуларды куттуктоо ʏчʏн ɵлкɵ президенти Садыр Жапаров да келди.

«Олимпиадалык медалдар, эң мыкты спорттук жыйынтыктар жана биздин спортчулардын жетишкендиктери ɵлкɵбʏздʏн эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына татыктуу белек болуп калды. Сиз бардык кыргыз кʏйɵрмандарынын ʏмʏтʏн актап, элибизге кубаныч тартууладыңыз ”, - деди ал кɵрʏʏчʏлɵргɵ кайрылып.

Ал ɵзгɵчɵ Акжол Махмудовду белгилеп, спортчу ʏлгʏлʏʏ мушташ сапаттарын кɵрсɵтʏп, чеберчилиги менен кɵпчʏлʏктʏ таң калтырганын айтты.

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын ɵкмɵтʏ медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берʏʏ жɵнʏндɵ токтом чыгарган. Токтомго ылайык, Акжол Махмудовго кʏмʏш медаль алганы ʏчʏн мамлекет тарабынан 7,6 млн сом берилет.

Мындан сырткары, Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Махмудовдун жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат.

Жалпысынан мамлекет Махмудовдун кʏмʏш медалы ʏчʏн 15 млн 725 миң сом бɵлɵт.

Бактыгʏл Калдарбай кызы

 

Жарыяланган категория Спорт
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Каратэ – куралсыз коргонуу

Каратэ – куралсыз коргонуу

Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»

Өспүрүм футболчулар өлкө кубогунун ээси болушту

Өспүрүм футболчулар өлкө кубогунун ээси болушту

Чемпиондор лигасы: "Бавария" алтынчы жолу чемпион болду

Чемпиондор лигасы: "Бавария"  алтынчы жолу чемпион  болду
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • Вперёд
  • В конец
Страница 1 из 5

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Ɵлкɵнʏ дʏйнɵгɵ таанытуучу бирден бир курал бул – спорт. Желекти…

Маданият

“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
Кийим адамдын кʏзгʏсʏ Заманбап адамдардын кийим-кечеси ээсинин мʏнɵзʏн, кɵз карашын,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved