• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Макалалар

Макалалар (870)

Балтагул Нурунбетов, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы: «Биздин өлкөдө жашаган ар бир улут кыргызстандыкмын деп сыймыктанышат»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:22 Автор Бекмурат
Балтагул Нурунбетов, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы: «Биздин өлкөдө жашаган ар бир улут кыргызстандыкмын деп сыймыктанышат»

Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн түзүлгөнүнө быйыл 25 жылдын жүзү болду. Аталган ассамблеянын негизги ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын  аймагында жашаган  элдердин маданиятын, тилин сактоо жана улуттар аралык  ынтымакты, биримдикти  бекемдөөгө багытталган.

Тарыхынакайрылсак

Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү 1994-жылдын 23-ноябрында этникалык орустардын  «Содружество», корейлердин «Чинсон»  жана башка улуттардын маданий борборлорун ачуунун негизинде  түзүлгөн. Ассамблея ачылгандан тартып 13 улуттук маданий борборду  көзөмөлдөп келет. Ар бир  маданий борбордон  улуттун өзүнө гана кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү өкүлдөрдөн  жетекчи  шайланып, ал жетекчи облустук жана шаардык деӊгээлде өткөзүлчү коомдук- саясий, маданий-массалык иш чараларга  активдүү катышып,  уюштуруу иштерине  көмөктөшөт.

«13  улуттук маданий борбор кыргыз тилинде  ырдашат»

-Ассамблеянын  түзүлгөн максаты – Кыргызстанда жашаган ар бир  улуттун өкүлдөрү менен  элдин биримдигин, ынтымагын, достугун бекемдөө. Биздин ассамблеяда  өзбек, казак, түрк, уйгур, татар, немис, лөлү, орус, корей, күрд, тажик элдеринин маданий борборлору бар.  Мындан сырткары  өзүбүздүн «Ажарлуу айымдар» жана «Умай эне» коому да түзүлгөн. Ар бир борборго дайындалган жетекчилер ар улуттун өзүнө карата жетекчи, президент,  төрага, төрайым деп аталат. Улуттук маданий  борбор  өзүнүн этносунун маданиятын, каада-салтын,  жашоо-турмушун жакшыртып, кыргыз элинин турмуш тиричилиги менен айкалыштырганга аракет кылышат. Андан сырткары  өзүнүн эне тилин жоготпоого да аракеттенишет. Жыл сайын февраль айынын орто ченинде  эне тил боюнча  иш чараларды өткөзөбүз. Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча оюн-зоокторду уюштурабыз. Бүгүнкү күндө 13 маданий борбордун өкүлдөрү Ош шаарындагы майрамдык кечеге катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп кыргыз тилинде ырдап келишет. Кыргыз тилинде манас айтып байгелүү орундарга жетишип, белектерди алышат. Ар улуттун өзүнүн фонду бар. Ошол фонддон  акча каражат сарпташып, майрамдык кечелерди өткөзүшөт. Кыргызстанда жашаган ар бир улут «мен кыргызстандыкмын» деп сыймыктанышат. Бул да болсо биздин ишмердүүлүгүбүздүн бир жыйынтыгы.

«Түрк элинин  «тил кести» деген жакшы салты бар»

- Ар улуттун өзүнө жараша  каада-салты бар эмеспи.  Башка улуттардын каада-салттарынан үлгү алуу максатында да иш алып барабыз.  Анткени, биздин кыргыздын тоюнда да,  өлүмүн да аябай ысырапкерчилик көп  болот.  Өзбек элинин,  уйгурлардын,  корейлердин  тойлоруна көп эле жолу бардым, бирок биздей ысырапкерчиликке жол беришпейт. Башка улуттун каада-салтын, үрп-адаты менен таанышып, көптөгөн иш-чараларды уюштуруп келебиз. Мисалы, түрк элинин  «тил кести» деген жакшы салты бар. Анда жаӊы келген келинди олтургузуп алышып кимге  кандай кызмат кылуу керектиги жөнүндө айтышат. Албетте, бул жакшы салт. Андан сырткары эки улуттун баш кошуусу боюнча да көптөгөн иш-чараларды уюштурабыз. Мисалы, кыргыз менен өзбектин баш кошушу, татар менен казактын үйлөнүшү, айтор кайсы улут болбосун бири-бирин түшүнүп баш кошкондор. Ар дайым салтанаттуу деӊгээлдеги  иш чараларга  эки улуттун өкүлдөрү баш кошкон жубайларды сөзсүз үлгү катары чакырып конок кылабыз. Биздин ар бир кылган ишибиздин сөзсүз түрдө жыйынтыгы болот.

Татарлардын «Сабантуй» деген майрамы бар, ал чоӊ майрам дегенди түшүндүрөт. Ал  майрамга бардык улуттун өкүлдөрү катышып, улут өзүнүн маданиятын, каада-салттарын, үрп -адатын  көргөзүшөт. Андан сырткары  немистердин  «День матери» майрамы бар, ал майрамда Кыргызстанда жашаган немис элинин энелерин чакырылып  майрамдык кече тартууланат. Майрамдык кечеге кеткен акча каражат  немис фондунан бөлүнөт. Кыскасы  майрамдар ар улутта өткөзүлүп турат. Майрамдык кечелерге карата биздин ассамблеядан акча каражат бөлүнбөгөндүктөн ар улуттун өзүнүн фондунан каржыланат.

«Лөлүлөрдүн келип чыгуусу боюнча  китеп жазылууда»

 -2016-жылы  лөлү тектүүлөрдүн маданий борборун түздүк. Көпчүлүгү лөлү десе жолдо кайыр сураган карапайым, жүдөгөн элди түшүнөт. Ушундай түшүнүктөн элди арылтуу үчүн  аталган маданий борбор түзүлгөндөн тартып  лөлүлөрдүн жеке концертин бердик. Алар өздөрүнүн каада-салтын, үрп -адатын көргөзүп беришти. Лөлүлөрдүн  тогуз жылдык мектебинде балдары билим алып жатышат. Өздөрүнөн чыккан дарыгер, медайымдар  бар. Азыркы кезде лөлү маданий борборунун президенти лөлүлөрдүн келип чыгуу тарыхы, маданияты, үрп-адаттары тууралуу китеп жазып жатат. Буюрса, жазып бүтсө китептин жарык көрүүсүнө көмөктөшөбүз.

Биздин ассамблея  Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун маданий  жетекчисин  өздөрүнүн элчилиги  менен тааныштырып, байланыштырып койгонбуз. Анткени, элчилик өз кандаштарына жардам берип турушат.  Жыл сайын немис элчилиги тарабынан Кыргызстанда жашаган немис улутуна акысыз дары-дармектер таркатылат. Уйгурлар соопчулук үчүн  жыл сайын колунда жок инсандарды меккеге ажыга жиберишет.

«Чет жердеги мекендештер үчүн  кыргыз маданий борборун ачабыз»

 - Жыл сайын улуттук маданий борборлордун жетекчилери менен биргеликте  улуттук майрамдарды, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү, спорт оюндарын үзгүлтүксүз уюштуруп турабыз. Экстремизмдин алдын алуу, улуттар аралык биримдикти бекемдөө, жаш өспүрүмдөр,  гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу жана башка социалдык маселелерге багытталган тегерек столдор, семинарлар, конференция, форумдарды студенттердин  катышуусунда өткөзөбүз. Быйылкы жылы чет жактагы мекендештерибиз үчүн кыргыз  маданий борборун ачалы деп жатабыз.

Батма Суранова

 

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Врач-педиатр Айбарчын Карабаева: «Бала төрөлө электе анын саламаттыгына кам көрүү керек»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:20 Автор Бекмурат
Врач-педиатр Айбарчын Карабаева: «Бала төрөлө электе анын саламаттыгына кам көрүү керек»

Эч качан бала оорубасын. Бала ооруса ата-эне да кошо ооруйт. Анын ичкен дарысын, алган уколун эки эселеп ата-эне алгандай болот. Баланы оорутпай кароонун эрежелери, ооруса кантип кам көрүү керектиги боюнча врач-педиатр Айбарчын Карабаева менен маектештик.

1. Эненин ден соолугу чыӊ, каны жетиштүү, иммунитети жакшы болсо ден соолугу чыӊ бала төрөлөт.

2. Бала жатчу бөлмө жылуу, таза, жарык, күн нуру тийип турган болуусу зарыл.

3. 6 айлыгына чейин эмчек сүтүн гана эмизип багуу керек. Ал учурда эне өзү эттүү, витаминдүү тамактар менен тамактануусу керек.

4. 6 айлыгынан жогору үйдө бышырылган тамактарды эзип, ботко кылып эмчек сүтүнө кошумча берүү зарыл.

5. Баланы таза кармап, таза абага бат-бат алып чыгып, мээрим төгүп, көӊүл буруп турса эле оорубайт. Ооруса да бат сакайып кетет.

«Дары баланын жашына, салмагына, оорусуна карата жазылат»

- Эгер жогоруда аталган 5 нерсени так аткара албай же дагы башка себептерден улам бала ооруп калса, ата-эне өз алдынча дарылай бербестен сөзсүз дарыгерге алып келүүсү керек. Себеби ооруну аныктап, баланын жашына, салмагына, абалына, оорусуна карап дары жазып берет. Ата-эне өзү билип дары берип же ашыкча, же жетишсиз, же таасир бербеген дарыларды берип алып, бооруна, ашказанына жана башка ички органдарына зыян келтирүү менен бирге иммунитетин төмөндөтүп алышат. Бала сакайбай кайра оорлошуп калгандан кийин бизге көтөрүп келишет. Дарылар баланын жашына, оорусуна карап так жазылган болсо, эне мээрим төгүп, көӊүл буруп убактысында дары берип, суюктукту көбүрөк берип карап койсо бала 3 күндө сакаят.

«6 айлыгына чейин иммунитет жогору болот деген туура эмес»

- «6 айлыгына чейин баланын иммунитети жетиштүү болот, бул учурда жугуштуу, коркунучтуу оорулар менен оорубайт» дечүбүз. Бирок азыр ал нерсе болбой калды. 15 күндүк балдарды пневмония менен оорутуп алгандар кездешип жатат. Ошол эле кызамык 6 айга толо элек балдарда кездешип  жатат. Себеби энесинин каны аз, иммунитети төмөн, ден соолугу начар болууда.

«Тамактануу режимин туура сактоо керек»

- Баланын тамактануусун бир калыпта кармоо зарыл. Убагынан калтырбай, витаминдүү тамак берип турса баланын тамакка болгон табити жоголбойт. Бир күн тамак жеп, бир күн жебей, убактысынан кеч тамактандырып, балага көӊүл бура албаган ата-энелердин балдарында тамакка болгон табит начарлайт. Балага бир- эки жолу тамак сунуп, жебейм деп койсо жебей жатат деп бербей койгон туура эмес. Аны алаксытып, алдап бир-эки кашык оозуна салса андан ары бала өзү эле жеп баштайт.

«Витаминдерди өз алдыӊарча бербегиле»

- Дарыканадагы витаминдерди да дарыгердин көрсөтмөсү менен беришсе эӊ туура болмок. Ата-эне өз алдынча каалаган витаминдерин берүү менен анын өсүү режимин бузуп алуулары мүмкүн. Канын, иммунитетин жогорулатууга, баш мээсин, акыл-эсин өрчүтүүгө дегендерди өз алдынча бербеши керек. Булардын баары бала дарыгердин көзөмөлүнөн өткөндө гана берилүүсү абзел.

«Бала чуркап жүрсө да дене табын өлчөп туруӊуз»

- Бала менен көбүрөөк сүйлөшүп, көбүрөөк ойноо керек. Баланын маанайынын ачыктыгы, көӊүлүнүн токтугу, кубанычы да анын сергек жашоого, оорудан алыс болуусуна себеп болот. Анын ар бир кыймылына, акыл-эсинин өсүүсүнө, жүрүм-турумуна маани берип, байкап туруу керек. Бала ойноп жатса да анын дене табын өлчөп турган ашыктык кылбайт. Себеби көп балдардын дене табы көтөрүлүп жатса да чуркап, ойноп жүрө беришет. Баладагы кооптуу белгилерди ар бир энеге айтып, алар балада байкалса сөзсүз бизге кайрылгыла деп турабыз. Жашоо-шарты начар үй-бүлөлөрдө оору-сыркоо көп катталат. Алар шартына, тиричилигине байланыштуу балага толук кам көрө алышпайт. Кайненеси менен чогуу жашаган келиндерде да балага жетиштүү көӊүл буруу деген жок.

“Ар кандай антибиотиктер баланы дисбактериоз кылып коет”

- Жеке мен дарыгер катары балдарга антибиотик жазбаганга аракет кылам. Алгач вируска каршы дарыларды жазам. Аны үч күн ичип жакшы жыйынтык болбосо, анан гана антибиотик жазганга аргасыз болом. Ата-энелер өз билемдик менен ар кандай антибиотиктерди берсе баласын дисбактериоз кылып коет. Иммунитети төмөндөп, ичегилеринин иштеши бузулуп, тамак жесе эле ичи өтө турган болуп калат.

«Калыӊдап кийинте берген туура эмес»

- Ооруп жаткан наристенин жаткан абалын өзгөртүп туруу керек. Бир абалда эле жата берсе пневмония болуп калат. Жарым саат, бир сааттын аралыгында оӊ капталга, сол капталга, чалкасынан кылып абалын өзгөртүп туруу зарыл. Бала ысыкты көп каалабайт. Калыӊдап кийинте берген да туура эмес. Анын териси дем алып туруусу кажет.

“Мурун таза болсо оору тамак менен өпкөгө өтпөйт”

- Жашоо-шарты начар үй-бүлөлөрдө дары алганга каражаты жетпегендер бар. Аларга колубуздан келишинче жардам беребиз. Анан мурундун бүтүшү, агышы сыяктуу нерселерге туздун эритмесин сунуштайм. Мурунду тазалап туруу зарыл. Мурун ачык болуп, жетиштүү дем алып турса оору өпкөгө өтпөйт. Дем алуу мурун аркылуу болуп турса тамак оору да болбойт.

Балдардын гигиенасы

• Балдарды туулганда эле жалаягын жана ич кийимдерин таза кармап, кирин өзүнчө идишке чогултуу керек. Сийдик болгон жалаякты самындап жууп, кайнатып, кургаган соӊ эки бетин теӊ үтүктөө зарыл.

• Балдардын жалаягын, кийимдерин жууганга балдарга арналган гана жуугуч каражаттарды колдонуу зарыл.

• Баланы жуунтканда колтугун, жука чурайын, моюнун, кулагын жакшылап жууп, акталган өсүмдүк майын жука кылып сыйпап турган эӊ жакшы.

• Кеч жатаарда бети-колун, тишин жууп жаткырууну адатка айлантуу керек.

• Ар убак колун таза кармап, тырмагын алып турууну унутпаӊыз.

• Кулагын кебезден билик чыйратып, кайнатылган сууга нымдап тазалаӊыз.

• Бала заӊдаган сайын астын жылуу суу менен жууп (эреже боюнча кыздардыкын алдынан артын көздөй жууйт) кургата аарчып, андан кийин вазелин же өсүмдүк майы менен майлап туруу абзел.

• Ымыркай кезинен мурундун тазалыгына жакшы көӊүл бөлүү зарыл. Мурду бүтүп калган бала оозу менен дем алып, эмчек эме албай калат. Мындан сырткары мурун менен дем алуудан өпкө жана көкүрөк жакшы өнүгөт. Анын натыйжасында тамакты жакшы ичип, жакшы уктайт, ооруга аз чалдыгат.

• Баланын мурдун вазелин жана акталган өсүмдүк майына малынган кебез билик менен тазалоо керек. Баланын денесин чыӊдоочу көнүгүүлөрдү, массаж, гимнастикаларды дарыгердин көрсөтүүсү менен жасап туруу баланын туура өнүгүүсүнө негиз болот.

 

Уулбү Каныбекова

 

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Сапар Бектемиров: «Каза болгон жоокерлерди эстеп жүрөк сыздайт»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:17 Автор Бекмурат

-1981-жылы аскер кызматына чакырылгам. Аскер кызматын  өтөп жатып Ташкентке бардым, ошол эле жылдын  ноябрь айларында Афганистанга самолет менен жиберишти. Мен барган күндөн тартып аскер бөлүктү карап блокпостто турдум,  кийинчерээк согуш талаасына чыктым. Жоокерлерге азык-түлүк ташыган унааларды көзөмөлдөчүмүн. Канча кыйынчылык болсо да ата-энеме «баары жакшы, кыжаалат болбогула» деп  кат жазар элем. Афганистандын ар шаарына барганда ар кандай окуяларга тушугабыз. Каза болгон жоокерлер көп болуп кетип, алардын сөөгүн ташыган учурларды эстесем жүрөк сыздайт. Айтор, аябай көп кыйынчылык күндөр баштан өттү. Кызматым бүтүп үйгө кеткенге аз убакыт калганда  Афганистанда калып кетпейин деп абдан коркчумун. Анткени, менин жанымда жүргөн эле жоокерлер каза болуп кетишти. Ооган согушундагы күндөрдү азыр да унута албаймын.

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Калык Атагожоев: «Согуш канчалаган үй-бүлөнү бактысыз кылды»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:16 Автор Бекмурат

-Мен 1985-жылы бардым.  Афганистандын Кабул шаарында болдум. Афганистан демократиялык  республикасындагы  СССРдин чектелген аскер контингентинин  40-армиясында кызмат өтөдүм, андан сырткары башкы эсепчи болуп да иштеп жүрдүм. Көп учурда штабдан чыгып жолдо баратканыбызда БТРге душмандар бомба таштап, аткылашчу. Андай учурлар аябай көп болду. Ар убак аман-эсен жолдон өтүп кетсек деп кооптонуп жетчүбүз. Кыргызстандан  барган 18-19 жаштагы кыргыз жоокерлери көп  каза болушту. Аларды көрүп көз жаш төгүп ыйлайм, анткени мекендешим, журтташым, бир боорлор эле да… Аты жаман  согуш канча адамдын өмүрүн кыйып кетти. Канчалаган үй-бүлөнү бактысыз кылды,  айтор андай аянычтуу апаат эч убак кайталанбасын.

     Ооган жери субтропиктик аймак болгондуктан 70 градуска чейин ысык болот.  Байкуш айрым жоокерлер ич келте сыяктуу оорулар менен оорушкан. Ошентип кыйынчылыктардан кийин 1987-жылы өз мекениме аман-эсен кайтып келдим.

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Исматилла Сатинбаев: «Ооганда азаптуу күндөрдү көрдүк»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:16 Автор Бекмурат
Исматилла Сатинбаев: «Ооганда азаптуу күндөрдү көрдүк»

-1985-жылы Улуттук университеттин  биринчи курсунда окуп жатып аскерге баруу үчүн арыз таштагам. Ошол жылдары Афганистанда согуш  абдан катуу болуп жаткан болчу. Ошол жылы эле аскер кызматын өтөгөнү кеткенмин. 1985-жылы мага Ооган чегин аралап өтүүгө буйрук берилди. Буга чейин аскердик даярдык күжүрмөн тартипте жүрүп, согуштук тактиканы дурус сиӊирип алгам. 24785–аскер бөлүгүндө  зениттик дивизиянын зениттик взводунун командиринин орун басарлык милдетин алып, «Шилка» (ЗСУ-23-4) согуштук техникасынын командири болуп кызматымды баштагам. Ошол эле жылдын ноябрь айынын жыйырмасында согуш талаасына биринчи чыккан кезде запастагы командир болуп ок-дарылар жүктөлгөн «ГАЗ-66» атомашинасы менен  чыкканмын.  «ГАЗ-66» үлгүсүндөгү автомашинада бара жаткан колоннанын жүрүшү көпкө узабады. Катар жүрүп бараткан техникалардын арасындагы  машинанын алдынан  жарылган фугастык мина машинаны экиге бөлүп, ролду башкарган жоокердин денесин  майдалап кетти. Мен ошол замат эсимди жоготуп, окуянын кандай болгонун элестете албай калдым. Ошентип госпиталда он күндөй дарыланып, кайра өзүм өтөгөн жайга кайткам. 1986-жылдын күзүндө Андроб капчыгайында «душмандардан бошотулган участокторго кызыл туу илип, ыктыярдуу оогандардын катарынан армия түзүп, ок-дары куралдар менен камсыздап келгиле» деген буйрук берилген. Ал ишти аткаргандан кийин алты ай өткөн соӊ дагы алардын катарын жаӊы ооган жоокерлери менен толуктоо үчүн бараткан  оогандарды коштоп жөнөгөнбүз. Биз блокпостко барган кезде мурунку “Ыктыярдуу армиянын” бир да жокери жок болчу. Чыккынчы - эл болбойт дегендей, баары куралдары менен тоо-ташка  чыгып посту таштап душмандар тарапка өтүп кетишкен. Биз болсо «Шилка», БТР менен душмандарды атканбыз.  Бир убакта «Шилкага» келип жарылган гранатаметтун чачырандылары колума келип кадалгандай болду. Колдорумдун жансыз кыймылына карабай автоматты  басып  душмандарды ата бердим. Ошол кезде колдорум бир аз жабыркап калгандыктан госпиталда дарыланып чыгып, кайра согуш талаасында  канчалаган кыйынчылык күндөрдү көрдүм. Ал күндөрдү эстесем жүрөгүм ооруп кетет. Андай азаптуу күндөр,  согуш эч убак кайталанбасын.

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Шамиль Сиразитдинов: «Согуш талаасында миӊдеген жаштардын жаны кыйылды»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:11 Автор Бекмурат
Шамиль Сиразитдинов: «Согуш талаасында миӊдеген жаштардын  жаны кыйылды»

-1978-жылы 2-ноябрда  Витебск шаарына аскер кызматын өтөгөнү барганмын. Ал жерде кызмат өтөп жүрүп 1979-жылы Балхаш шаарына бардым,  андан соӊ тез эле убакыттын ичинде  Афганистандын Баграм шаарына жиберишкен. Мен да башка жоокерлер сыяктуу  согуш талаасында душмандар менен салгылаштым. Алгач эми өз мекениме кайтпай каламбы деген коркуу сезим болгон. Анткени ал жакта согуш абдан катуу болуп жаткан учур эле. Канчалаган жаш балдар окко учуп курман болушту. Душмандар койгон торго түшүп, аябай кыйынчылык менен  өлтүрүлгөн жоокерлер да көп болгон. Согуш талаасында канчалаган жаштардын жаны кыйылды. БТР минип душмандарды аткылайбыз,  алар гранаталарды бизге карап атышат… Гранатадан атылып чыккан чачырандылар  айрым досторума тийип жарадар болушту. Андай апааттуу согуш башка эч кайталанбасын, биздин балдар андай күндөрдү көрбөсүн дейм.

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Оогандагы от кечкен күндөр…

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:09 Автор Бекмурат
Оогандагы от кечкен күндөр…

1979-1989-жылдары  Афганистандагы  согушка  Кыргызстандан  7141 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миӊдейи жараат алышкан. Ооган согушунда алган  психологиялык  стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. 15-февралда мурдагы Советтер Биримдигинин Ооганстандан өз аскерин чыгарганына 30 жылдын жүзү болот.

Ооган согушуна 30 жыл

Ооган согушуна  Ош шаары боюнча 751 жоокер барган. Алардын ичинен 19 жоокер өз мекенине кайтпай курман болгон. Учурда 396 ардагер бар. Калган ардагерлер ар кандай оорулардын кесепетинен бул дүйнө менен кош айтышып кетишкен. Ооган согушунун ардагерлерине  республикалык бюджеттен ай сайын 6000 сомдон пенсия каралган. Андан сырткары жыл сайын шаардык мэриянын колдоосу менен  15-февраль  күн ооганчылардын  эскерүү кечеси өткөзүлөт. Ал кечеге ооган согушунан  өз элине -жерине кайтпай курман болгон жоокерлердин жакындары чакырылып, материалдык колдоо көрсөтүлүп, эскерүү кечеси Токтогул паркында аскер тартибинде өткөзүлөт. Быйыл ооган согушунун 30 жылдыгына карата 150гө жакын ооган согушунун ардагерлеринин китеби жарык көрдү. Бул китептер 15-февраль күнү тапшырылды.

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Манас Орозов, акушер-гинеколог: «Кээде унаамды сатып, трактор менен айылга кетип калгым келет»

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:04 Автор Бекмурат
Манас Орозов, акушер-гинеколог:  «Кээде унаамды сатып, трактор менен айылга кетип калгым келет»

- Ташкент медициналык университетинин балдар педиатрия бөлүмүн аяктагам. Педиатр болгум келген эмес, балдардын тилин түшүнө албашыма көзүм жетип, башка тармагын тандайм деп жүргөм. Кесип тандоого келгенде хирургияны сунушташкан. Өзүм да кызыгып жүргөн тармагым болчу, дароо макул болдум. Хирургиянын акушер-гинекологу болуп иштеп калгам. Ошол 1990-жылдары төрөттөн каза тапкан энелердин саны кескин өскөн эле. Бул нерсени алдын алуу үчүн эркек акушер-гинекологдордун санын көбөйтүү тууралуу министрликтен буйрук чыккан. Ошондон улам медицинаны аяктап келген уул балдардын баарын  гинекологияга тарта беришкен. Себеби, аял акушерлер декреттик өргүүгө чыгып кетишет же күйөөлөрү иштөөгө уруксат бербейт. Бизде менталитет, түшүнүк башкача эмеспи. Ошентип мен да педиатрлыктан гинекологияга өтүп калгам. Чынында оор жумуш, канчалаган өмүрлөр сенин кесибиӊден көз каранды. Ажал экен деп өзүӊдү сооротконуӊ менен  кээде күнөөлүү сезе берген күндөр болот. Ушул ойлордон жадаганымда унаамды сатып, анын ордуна бир трактор алып айылга кетип калгым келет. Кайрадан эрте менен жумушка келсеӊ оорулууӊ күлүп-жайнап турса иштегиӊ келет.

«Азыр элдин түшүнүгү кеӊейген»

- Эркек кишини гинеколог катары көрүүдө мындан 10 жыл мурун чочулашчу. Азыр элдин түшүнүгү кеӊейген. Көпчүлүгү түшүнүү менен карап, көз караштар өзгөргөн. Динге берилген жарандар гана аял гинекологдорду издешет. Кээде төрөйүн деп толгоосу менен келген аялдын күйөөсү аял киши керек деп көгөрүп туруп алат (күлүп). Жумушубуздун оор экенин айтканымдын себеби да ушунда. Оорулуу менен гана эмес, элдин түшүнүгү менен да иштөөгө туура келет. Кош бойлуу аялдар кээде оор абалда келишет. Табигый жол менен төрөткөнгө кеч болуп калганда операция жолу менен төрөтүүгө мажбур болобуз. Биздин кесип – баланы жарык дүйнөгө аман-эсен алып келүү. Мындай кесип менен кантип сыймыктанбай коесуӊ?! Адамдын эӊ чоӊ жеӊиши тандаган кесиби менен өмүрлүк жубайы эмеспи. Дал ушул акушер-гинекология – менин тандаган жеӊиштеримдин бири. Мен муну сыймыктануу менен айта алам.

«Жаш келиндер оор абалда келгени өкүндүрөт»

- Жапжаш келиндер оор төрөттү баштан өткөргөнүн  көрүп зээним кейийт. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Жумуштан чыгып бара жатсам оор абалда кош бойлуу аялды алып келишти. Операцияга алып кирип, баласын алган соӊ энеден кан токтобой койду. Көп убакыт алышып отуруп, канды токтоттук, абалы нормалдашып калганда үйгө кеткем. Жанагы аял түшүмө кириптир, абалы оорлошуп, кесиптештерим мени таппай жүрүшүптүр. Уйкумдан чочуп ойгондум да жумуштагыларга телефон чалдым. Эч кимиси жооп берген жок. Ал учурда уюлдук телефон деген жок, шаардык телефон менен байланышабыз. Оюмда жаман ой менен учуп эле төрөтканага келдим. Баары уктап жатышат, жандандыруу бөлүмүнө кирсем жанагы келин да уйкуда, баары жайында экен. Эч кимге көрүнбөй кайра үйгө кетип калгам. Ушул окуя жумуштан чыгып бара жатып, оорулууларды бир карап, кабар алып коюшумду эстетип турат. Жумушумду биринчи орунга коем. Кээде үй-бүлөмдү унутуп калып, оорулууларыма чуркайм.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Айтылуу акушер-гинеколог мырзалар

Понедельник, 18 Февраль 2019 05:01 Автор Бекмурат
Айтылуу акушер-гинеколог мырзалар

 «Жубайымды эркек гинекологго көрсөтпөйм» деп социалдык тармактарга жазган мырзалар бар. Мындай пикирлер медицина кызматкерлерин кыжырдантпай коеру турган кеп. Ден соолукту биринчи орунга коюп, ага кам көрүү керектигин, андан өткөн байлыктын жоктугу баарыбызга маалым. Бирок, эл арасында тараган тар түшүнүктөр кээде талаш маселени жаратпай койбойт. Мындан улам шаарыбызга белгилүү эркек гинекологдордун өздөрү менен баарлаштык.

Анарбай Мамасейитов, акушер-гинеколог:«Кесибимден эч качан уялбайм, мактанам»

- Өзүм Кара-Кулжанын кулунумун. Орто мектепти аяктагандан кийин борбордогу медициналык институтка тапшырдым. Биздин үйдө медицина кызматкери жок болчу. Жалгыз мен иштеп калдым бул тармакта. Дарыгер болууну кичинекейимден кыялданар элем. Окууну бүтүп Ошко келип облустук төрөт үйүндө иштөөдөн эмгек жолум башталды. 1999-жылы шаардык төрөт үйүнө которулдум. Андан кийин жеке менчик медициналык борборун ачып, ошол жерде иштеп келем. Канчалык көп иштесеӊ, ошончолук тажрыйба топтолот. Жол көрсөткөн инсандар – устаттарымдын жардамы менен бир топ тажрыйба топтодум. Адам өмүрүнө, ден соолугуна кам көрүп, жашоочулардын үмүт менен караган көздөрү эле мени өмүр бою дарыгер болуп өтүүмө себепчи болот. Мен кесибимден эч качан уялбайм, тескерисинче, мактанам.

«Кесип – улутту, эркек-аялды айырмалабайт»

- Биз жогорку окуу жайды бүткөн мезгилде өлкө боюнча гинекологдордун саны азайып, хирургдар көбөйө баштаган эле. Окууну аяктап кесип тандоого келгенде «гинекологияны тандайсыӊар» деген талап коюшкан. Ошондон улам тандап калдык бул кесипти. Бирок, эч качан өкүнбөдүм. Кесип – улутту, эркек-аялды айырмалабашы анык. Медицинанын тарыхын карап көрсөӊүздөр акушер- гинеколог  кесибинде алгач эркек кишилер болгон.  Эркек кишиге таандык кесип деп да айта алам. Бул кесипти 30 жылдан бери аркалап келе жатам.  Алгач ата-энем, бир туугандарым каршы болгон, ага карабай тандаган кесибимди таштабадым. Кыз балдар турмушка чыгат, балалуу болушат. Жумушта декреттик өргүү деген бар. Эӊ аз дегенде эки жылдай тыныгуу болуп калат. Ал ортодо тажрыйбадан, жумуштан бир аз четтеп калат. Өргүүдөн чыккандан кийин жумушун башынан баштоого туура келет. Ошентип карьерасы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Аялдарга салыштырмалуу эркек гинекологдордун тажрыйбасы көбүрөөк десем болот. Эгер инсандын өзүндө ал кесипке болгон каалоо болсо муну эч ким жокко чыгара албайт. Кайсы тармагы экени маанилүү эмес. Негизгиси – адамдарга пайдаӊ тийип, кызмат кылуудасын. Кептин баары ушунда…

«Күйөөсүнө айтпай жашыруун келип көрүнгөн келиндер бар»

- Ооба, эркек кишинин гинеколог болушуна чочулоо менен караган жарандар болот. Жубайын көрсөтөйүн деп келген эркектер бизди көргөндө тескери бурулушат. Күйөөсүнө айтпай жашыруун келип көрүнгөн келиндер бар. Эркек кишинин гинеколог болушунун оӊ жактарын айтып берейин: аялдардай декреттик өргүүгө чыкпайбыз. Мындан улам тажрыйба тез топтойбуз. Тынымсыз иштөөнүн натыйжасы -  тажрыйба эмеспи. Биз оорулуунун аял же эркек экенине карабайбыз да?! Бизге кайрылып келген инсандардын бир эле аты бар – ал оорулуу деген.

 

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Аярлуу катмарга өтүк тиккен ата-уулдар

Понедельник, 18 Февраль 2019 04:55 Автор Бекмурат
Аярлуу катмарга өтүк тиккен ата-уулдар

 «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген сөз бар кыргызда. Мына ошол сөздүн чындыгына жеткен, барга шүгүр кылып, бир жерден кетпей элге кызмат кылып башкаларга үлгү боло ала турган устат-шакирт аталган көптөгөн ата-уулдар калаабыздын булуӊ-бурчундагы ишканаларда эмгектенип келишет. Мындан улам биз «ата-бала» аталышындагы жаӊы рубриканы сунуштайбыз. Алгачкы конокторубуз республикалык протездик- ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош филиалында  иштеген Матмусаевдердин үй-бүлөсү.

Абдуманап Матмусаев:

«Сооптуу иштин берекеси мол болот»

- Мен бул ишканада 1994-жылдан бери иштейм. Алгач кароолчу болуп ишке киргем. Анда 200 сом айлык алчумун. Кийин айдоочу болуп калдым. Себеби мурда автотрестте иштеп, айдоочулук жаатында тажрыйбам бар эле. Анын үстүнө эски автобусум бар болчу, аны менен жетекчи экөөбүз өтүктөрдү тигүү үчүн Бишкекке барып материалдарды алып келип жүрдүк. Айдоочу болгондон кийин 5000 сом айлык алчумун. Мына ушул иш, аз айлык менен 7 баланы бактым. Соопчулук иш болгондуктан, аз маянанын да берекеси мол болот. Азыр никелировщик болуп, протез жасачу аппараттарды, темирлерди дат бастырбоо үчүн тынбай тазалап турабыз.

«Балдарымдын мигрант болушун каалабадым»

- Эки уулумду ушул жакка ишке тарттым. Себеби бул жерге атайын жумуш издеп, иштейт элем деп келген адам болбойт. Айлык аз, бул жерде атайын ортопедиялык өтүктөр тигилет. Ал ар бир адамдын колунан келе бербейт. Ошол себептен жетекчибиз «балдарыӊарды, туугандарыӊарды жумушка чакыргыла» деп көп айтат. Андан сырткары бул жашоодо тиги жашоо үчүн да иш кылуубуз керек. Балдарым алгач айлыгы аз экен дегендей кылып кыӊылдашты эле «200 сомдон башталган айлыгым 5000 сомго жеткен. Ошол арзыбаган маяна менен жетөөӊдү бактым го. Бир сом болсо да берекесин берсин, иштейсиӊер» дедим. Азыр экөө теӊ 10-12 000 сомдон айлык алышат. «Этеӊ менен шашып бараар ишиӊ, кечинде тосуп алаар кишиӊ болсун» дешет го. Кандай болсо да мамлекеттик кызматкер болгон жакшы. Бул жерде иштеп гана койбостон аярлуу адамдардан ыраазычылык, рахмат угасыӊ. Алардын ыраазычылыгы менен тапкан аз акчаӊа да Кудай берекесин берип турат. Балдарымдын мигрант болуп Орусиялап иштеп кетишин каалабадым. Ошол каражатты, ошол жашоону бул жерде да таап жашаса болот. Негизгиси уулдарым жанымда, алардын абалынан сарсанаа болбойм. Кудайга шүгүр.

Тахир Матмусаев, тун уулу:

«Буюрса, уулумду врач-ортопед кылам»

- Бул жерде 2000-жылдан бери иштеп жатам. Кичинекей кезимде атамды ээрчип келип, жасалып жаткан жумуштарга аябай кызыгып калган элем. Жогорку окуу жайда эсепчи кесибин аркалагам. Бирок көӊүлүмө ушул тармак жакын болуп туруп алды. Атам бул жерде иштөө боюнча сунуш кылганда ойлонбой туруп макул болдум. Кадимки өтүкчүлөрдөн биздин айырмабыз чоӊ. Ортопед дарыгерлер менен иштешип жатып алардын жумушун, тилин да түшүнүп калдым. Бул кадимки эле илим, кесип. Бардык адам эле келип иштеп кете ала турган жер эмес. Мен алгач окуучу болуп келдим. Өзүмдүн кызыгуум бар болгондуктан ортопедиялык бут кийим тигүүнү 3 айда өздөштүрдүм. Мунун арты менен 4 бала багып жатам. Келинчегим да облустук ооруканада ортопедия бөлүмүндө иштейт. Буюрса, уулумду врач-ортопед кылам. Себеби бул кесип адамдардын аярлуу катмары менен иштешип, соопчулукту көп алган кесип. Көпчүлүк түшүнбөй, сырттан карап анча баалабашы мүмкүн. Бирок аралашып, бир аз иштеген соӊ бул кызматка байланып каласыӊ. Бизде 30-40 жылдан бери иштеп жаткан ага-эжелер бар. Ишке киргенден кийин ишкананын таза, ынтымактуу, биримдиктүү аурасынан чыгып кете албай каласыӊ. Иштеп калганым үчүн атама өмүр бою ыраазычылык билдирем.

Матмусаев Мансуржан, кичүү уулу, протез жасоочу:

«Атам менен агамдан жардам сурап турчумун»

- Иштеп баштаганыма 10 жылдан ашты. Жумуш жок, ашпозчу, уста сыяктуу көп иштерде иштеп көрдүм. Бир жолу атам ушул жерге келип иштөөнү сунуштады. Анчалык көӊүлдөнбөй келгем. Yйрөнүп, баарын өздөштүрүп кетүүмө бир жылдай убакыт кетти. Алгач никелировщик болуп темирлерди тазалап берип жүрдүм, акырындан баарын өздөштүрүп азыр негизги иштердин бири болгон протез жасоочу адис болуп эмгектенип жатам. Эч кандай кесипти аркалабагам, кызматкер жок болгондуктан шыгыма карап эле аргасыз жумушка алышкан. Бул жерде  эмгектенип мамлекеттик кызматкер болдум. Туруктуу айлыгым бар. Жашым жетип ардактуу эс алууга чыксам пенсия алам дегендей. Эгер чет жакка барып иштеп  же ушул жерде эле уста, ашпоз болуп иштегенимде мындай мүмкүнчүлүк болмок эмес. Негизгиси бизге ушундай шартты түзүп, билимибиз жок болсо да бир кесипке ээ кылган жетекчибизге ыраазымын.

Абдулхаким Тажибаев, Республикалык протездик- ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош филиалынын жетекчиси:

«Биздин мекемеде бирдиктүү иштеген үч

 үй-бүлө бар»

- Биздин мекеме түштүктөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кызмат көрсөтөт. Союз мезгилинде кызматкерлер Армениядан окуп келишчү. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Коомдук, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп Германия, Орусиядан окутуп келип жатабыз. Бул жерде бардык эле адам иштеп кете албайт.  Бизде иштөөчү жумушчуларды даярдап бере ала турган окуу жай Кыргызстанда жок. Ошол себептен көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу кызматкерлерге «балдарыӊарды, туугандарыӊарды алып келип үйрөткүлө. Жумушка тарткыла» деп айтып турам. Азыр биздин ишканада чогуу иштеген үч үй-бүлө бар. Айтканымды укпай, балдарын Орусияга жиберип, ал жактан жарытылуу иштей албай кайра эле биздин мекемеге келип калган балдар да бар. Ооба, биздин ишканада айлык аз, бирок сабыр кылып иштесе мамлекеттик кызматкер катары пенсияга чыгышат. Чыдап иштесе мамлекеттик иштин көп жактан пайдасы тиет.

УулбүКаныбекова

Фото: СыдыкТоконов

 

Жарыяланган категория Макалалар
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Тазагүл Саттарова, Ош ШИИБнин тергөө кызматынын 2-бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты: «МАИ кызматкери болгум келчү»

Тазагүл Саттарова, Ош ШИИБнин тергөө кызматынын 2-бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты: «МАИ кызматкери болгум келчү»

Погончон айымдар

Погончон айымдар

Жеӊишбек Эдигеев: “Жашообузду нөлдөн эле эмес, французча “А” тамгадан баштадык”

Жеӊишбек Эдигеев: “Жашообузду нөлдөн эле эмес, французча “А” тамгадан баштадык”

Абанын булганышы адамзатка зыян

Абанын булганышы адамзатка зыян
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • Вперёд
  • В конец
Страница 1 из 63

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Ахлидин Исраилов: «Футбол -  менин жашоомдун бүтүндөй тарыхы»
Ахлидин Исраилов: «Футбол - менин жашоомдун бүтүндөй тарыхы»
Толук аты- жөнү: Исраилов Ахлидин Шукурович Туулган жылы, күнү: 1994-жыл,…

Маданият

40 жылдан бери ырдалып келаткан “Кусалык” ыры
40 жылдан бери ырдалып келаткан “Кусалык” ыры
Бир нече китептердин автору, акын Тазагүл Закированын улуу-кичүүгө бирдей сиӊген…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Илгиз Капаров:  «Кыргызстанды башка өлкө менен теӊей албайм»
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Илгиз Капаров: «Кыргызстанды башка өлкө менен теӊей албайм»
Понедельник, 27 Август 2018
- Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөӊгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз - ушул ажайып…
  • Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Жаныбек Нариев:  «Банкноттогу сүрөттөрдү көрүп эле эгемендүүлүктү сезем»
    Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Жаныбек Нариев: «Банкноттогу сүрөттөрдү көрүп эле эгемендүүлүктү сезем»
    Понедельник, 27 Август 2018
  • Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Айбек Камалов:  «Сөздөн ишке өтө турган мезгил келди»
    Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Айбек Камалов: «Сөздөн ишке өтө турган мезгил келди»
    Понедельник, 27 Август 2018

Архив

« Февраль 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Понедельник, 15 Февраль 2016
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • Жумай Сатаева
    Саламатсыздарбы менин эки бойрогум тен ооруйт таш бар деди, катуу суук тийген дейт даарыдан башка ...

    Толугу менен...

     
  • Гулсунай
    Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын 17 жашымда суучечек оорусу менен Ооругам. А бирок азыр дагы ушул ...

    Толугу менен...

     
  • кабыл я
    Айсалкын эже менин кызым ооруп калды суу чечек оорусу менен сут ичсе болобу жашы 2 де ???

    Толугу менен...

     
  • Бексултан
    Сокур ичегигини.опера циия сыз айыктырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Айсулуу
    Эрте келген турналар повестине дилбаян жазуу керек

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved