Биздин редакция чет жерде жүргөн мекендештерден кабар алууну улантат. Бүгүн бизге Түштүк Кореяда коронавирустун очогу болгон Тегу шаарында жашаган мекендешибиз учурдагы абал боюнча айтып берди.
Назира Токторова, учурда Түштүк Кореяда жашайт:
"Бет кап алуу үчүн адамдар километрге созулган кезекке турушту"
-Мен Кыргыз-Түрк Манас университетин аяктаган соң Кореяга тил үйрөнүү курсуна тапшыргам. Учурда Тегу шаарындагы университеттердин биринде тил үйрөнүүдөмүн. Келгениме жети айдын жүзү болду. 1-сентябрдан окууга барып баштагам. Бирок, азыр баарына белгилүү болгондой, Тегу шаары Кореядагы вирустун очогу болду. Мамлекет тарабынан вирус табылган жерлер дароо карантинге алынды. Бактыга жараша, вирус башталар алдында башка шаарга чыгып кеткем. Ошондон бери эки ай өттү, Тегуга бара элекмин. Азыр жашап жаткан шаарда абал тынч. Карантиндик режим киргизилип, үйдөн чыккан жокпуз.
Корей эли мыйзамга катуу баш ийген, тартиптүү калк болгондуктан, вирусту укканда бир аз тынчсызданышты. Бирок, эч ким азык-түлүк алуу үчүн шашкан жок. Коопсуздугун ойлоп, бет кап алып башташты. Ишканалар, университеттер жана кафелер, чоң соода борборлор жабылды. Базарлар, азык-түлүк дүкөндөрү мурункудай эле иштеп жатты.
Бет кап алуу үчүн километрге созулган кезектер болду. Алгач бет кап жетишсиздиги байкалган. Кийинчерээк мамлекет чара көрүп, ар бир адам паспорту менен экиден бет кап сатып алуу мүмкүнчүлүгүн киргизди. Ашыкча сатып алгандарга же бирөөнүн паспорту менен алгандарга дароо укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлдү. Ошондой эле биринчи дарыканадан алып, кайра экинчи дарыканадан да алууга мүмкүн болбоду. Себеби, баары электрондук түрдө текшерилди. Ошондуктан, эч кандай жетишсиздик болгон жок. Майда-чүйдө, азык-түлүккө болгон баалар кымбаттап, дефицит деген нерсе болбоду.
Көчөдө бет капсыз адамды көрбөйсүз. Баары эрежелерди сактаган. Тездик менен илдетке чалдыккандар көбөйүп, бирок, медицина өнүккөндүктөн убагында чара көрүлдү. Ошол себептен өлүм да аз катталды. Вирустун жайылуусу басаңдады.
Ал эми окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну ишке ашырышууда.
Жумагүл Кочкорбай кызы
“Бүт оюбуз Кыргызстанда, сак болсоңор экен” деген каарманым Италиянын Милан шаарында окуп, иштейт. Миланда 9-марттан баштап карантин жарыяланган. Бир суткада 600дөн ашуун адам каза болгон өлкөдө кандай чаралар көрүлүп, кандай чектөөлөр киргизген мекендешибиз айтып берет.
“Башында биз да ишенген эмеспиз”
-Учурда кырдаал чынында оор. Мамлекет колунан келишинче чараларды көрүп, аракет кылууда. Италиянын Бергамо шаарында аталган вирус күч алган. Орусиядан, Кытайдан, Кубадан дарыгерлер келип жардам беришүүдө. Апрель айында баары калыбына келет деп ишенип, үйдөн чыкпай отурабыз. Италияда эл саясатка көп ишене беришпегени үчүн башында карантинге анчалык олуттуу карабай жатышкан. Карантин болгондон кийин жумушка гана тыюу салынган да деген ой менен балдарын сыртка жетелеп чыгып алып жатышты. Азыр бир аз тынчып, көчөдө эл жокко эсе. Сенин ар бир кыймылың башканын ден соолугуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин кеч түшүнүшүүдө.
“Бергамо эң көп адам каза болгон учур катталган шаар”
-Бергамо эң көп адам каза болгон учур катталган шаар. Алардын арасында дарыгерлер бар. Жуктургандардын көпчүлүгү ооруканада катталган. Андан сырткары, көчөдөн жуктургандар да көп. Италиялыктар өзүнүн таанышын вирустан каза болгонун уккандан же көргөндөн кийин гана коронавирустун кооптуу экенине ишене башташты. Бергамодо кыргызстандык мекендештерибиз да бар. Алар менен тынбай сүйлөшүп, абалын сурап турабыз. Эң негизгиси көчөгө көп чыкпай үйдө болууну сунуштайт элем. Канчалык аз адам менен жолуксаңыз ооруну жуктурбоо мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң. Азыр Миландын көчөлөрү бош, шаар муздай түшкөн. Көчөдөн дээрлик адам кезиктирбейсиз. Эки жума болуп калды мен да көчөгө чыга элекмин.
“Ош пирим” телеканалынын башкы директору Мариф Парпиназаров жакынкы күндөрдө Кувейт өлкөсүндө сапарда болуп келди. Бул кызыктуу сапардын жөн-жайын өзүнөн билүү максатында Мариф мырзаны кепке тарттык.
- Мариф мырза, Кувейт өлкөсүнө кандай максатта барып келдиңиздер. Бул сапар кандайча уюштурулуп калды?
- Өткөн жылы өлкөдө өткөн дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнуна биздин телекомпания ал оюндарды жеринен чагылдыруу максатында чыгармачылык топ менен барганбыз. Кырчын жайлоосунда араб өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдүн ордосунда мен Шейх Хуссейин Элдавас менен таанышып калдым. Ал киши араб өлкөлөрүнүн арасындагы төө жарыш федерациясынын президенти экен. Эң кызыгы аларда төө жарыш эң популярдуу эсептелет. Мен Шейх Хуссейин Элдаваска Кыргызстандын керемет жерлери көп экенин айтып, Арстанбапка келип кетүүсүн сунуштадым эле. Максатым - Кыргызстандын түштүгүндө туризм багытын өнүктүрүү болчу.
Арадан аз өтпөй эле күтүлбөгөн жерден мага Шейх Элдавастан араб өлкөлөрүнүн Кувейттеги 17-төө жарыш мелдешине катышууга расмий чакыруу келип калды.
- “17-“ деп көрсөтүлүп жатканына караганда, бул оюн жыл сайын өткөрүлөт окшойт?
-Ооба, жыл сайын ушул мезгилдерде алар араб өлкөлөрүнүн арасында төө жарыш оюнун уюштурушат.
- Кыргызстандан дагы кимдер барышты?
- Талас облусунун губернатору Даир Кенекеев, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун секретариатынын өкүлү Айжан Абдесова жана котормочу катары медакадемиянын студенти Алихан Ибраимов болуп бирге бардык.
- Азыр ал жакта аба ырайы кандай экен?
- Мен Москва шаарынан келип эле кайра Кувейтке жөнөп кеттим. Эң кызыгы, ызгаардуу - 25 градус сууктан +20 градус ысык климатка туш болдум.
Бизди жылуу тосуп алышып, эң жакшы эсептелген мейманканага жаткырышты. Кувейт өлкөсүндөгү аба-ырайынын жылуулугу, ага шайкеш элинин меймандостугу, жалпы мамлекеттин, шаарларынын өнүккөндүгү өзгөчө таасир калтырды. Мен да куру кол барбай, Арстанбаптын жаңгагын идиштерге салып барып, Кыргызстандын балы менен бирге белек кылдым.
- Сиздер барган төө жарышка канча мамлекет катышты?
- Төөлөр чуркаган бул оюн негизинен көбүнчө араб мамлекеттеринде көп уюштурулат. Бул жолку мелдеш Кувейтте уюштурулуп, 17-жолу өтүп жатыптыр. Буга жети араб өлкөлөрүнөн оюнчулар катышты.
- Дүйнө коомчулугу арабдарды “бай калк” деп билишет. Ошондуктан, төө жарыштын байгелери да бараандуу болсо керек?
- Ооба, былтыркы жылы акыркы үлгүдөгү 50 жол тандабас (джип) унаалар коюлган экен. Быйыл ошондой унаалардан 100дөн ашуун коюлуптур. Мындан сырткары баш байгеге таза алтындан жасалган салмагы 5 кг. болгон алтын кылыч берилди.
- Төө жарыштын биздеги ат жарыштан айырмасы барбы?
- Аларда негизинен жалгыз өркөчтүү төөлөр болот. Эң негизги айырмасы - төөлөр чабандеси жок өздөрү чуркайт. Анын ордуна өркөчүнө робот камчыны байлап коюшуп, ал аралыктан пульт менен башкарылат. Ал үчүн төөнүн ээси жол тандабас унаага түшүп, пультту колуна алып, өзүнчө атайын курулган жолдо жандап айдашат.
- Төөлөр канча аралыкка чуркашты?
- Абдан чоң айлампа жасалыптыр, аны бир айланып келишсе жалпы узундугу сегиз километрди түзөт. Ошол сегиз километрди орто эсеп менен 12 минутада чуркап өтүшөт. Мында 1-орунга 5 кг. алтындан жасалган кылыч берилди. Аны жалпы командалык эсепте алдыңкы орунду ээлеген Катар мамлекетинен келген төөнүн ээси утуп алды.
- Кызыгы, жакшы чуркаган төөлөрдүн породасы Судан мамлекетинен сатылып алынат деп түшүндүрүштү. Бизди коштоп жүргөн кувейттиктердин айтуусунда, жакшы чуркаган төө (кыргызда төө күлүгүн “желмаян” деп коюшат) орто эсеп менен 500 миң долларга сатылат.
- Жарышта биринчи келген төөнүн мойнуна баасы 1000 долларлык парфюм сүйкөшөт.
- Кувейттиктердин каада-салты менен маданиятынан дагы кандай кызыктарды, өзгөчөлүктөрдү байкадыңыздар?
- Биз бир күн Кыргызстандын элчилигинде конокто болдук. Ал жерде консул Эрлан Yсөнбаев баштаган элчиликтин кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Алардын кеңсесин көрдүк. Эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп жаткан кызматташуу боюнча маалыматтар берилди. Консулдун айтуусунда араб өлкөлөрүнүн ичинен эң кичи пейил, меймандос жана адамгерчиликтүүлөрү кувейттиктер болушат дейт. Мындан сырткары алар менен шаардын бир топ жерлеринде болуп, базарларын да көрдүк.
- Кувейттин акча бирдиги - кувейт динары дүйнөдөгү эң кымбат валюталардын бири. 30 кувейт динары 100 долларга барабар. Базарды аралап жүрүп пачка-пачка болгон соодагерлердин акчалары ачык эле стол үстүндө турганын көрдүк. Уурулук деген түшүнүк жок. Адамдардын пейили ток. Кокус ошондой бир факт катталса, кылмышкерлер өтө оор жаза тартышат. Айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү абдан сыйлашат. Жолдун чекесинен бир кадам аттасаң эле, жылмайып, колун көкүрөгүнө коюп “өтүңүз” деген ишаарат кылышат... Элинин көпчүлүгү англис тилинде сүйлөшөт.
Мындан сырткары, дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген Кувейт университетинде болдук. Окуу жай менен таанышып, ректору профессор Хусейн Аль-Ансари менен жолугуштук.
- Улуттук тамак-ашы кызыктырдыбы?
- Мени таң калтырганы, чоң буту бар чарага биздин аш сыяктуу (бирок сабизи жок) бышкан күрүч салыныптыр. Анын үстүнө дымдалып бүтүн бышырылган койдун этин коюшту. Бычак, кашыксыз, колу менен этти үзүп жешет экен. Тагыраагы, алар да тарыхта чыныгы көчмөн калк болгондугун айгинелешти.
- Жергиликтүү калк эмне менен алектенишет?
- Жергиликтүү калк же титулдук араб улуту дейбизби, алар үчүн мамлекет абдан кам көрүптүр. Билим алуу акысыз. Дарыланууга кеткен жана турмуш-тиричиликке байланышкан төлөмдөрдүн 70 % ын мамлекет субцидия катары төлөп берет. Андан сырткары Кувейт нефтиге бай өлкө болгондуктан, өлкөнүн ар бир жараны андан түшкөн кирешеден шариат мыйзамына ылайык үлүшкө ээ болушат. Келечек муундун фондуна деп нефтиден түшкөн акчанын 10%ы которулуп турат. Yй, унаа алганга пайызы жок кредиттер берилип, төрөлгөн ар бир балага эсеп ачылып, 1000 динар которулат. Оокат-ашы жетиштүү болгондуктан жергиликтүүлөр дээрлик көпчүлүгү иштешпейт. Алардын жакшы көргөн нерсеси шопинг (базарлоо) окшойт, баары эле кыдырып базарларда, супер маркеттерде жүргөндөй сезилди.
- Жергиликтүүлөргө караганда мигранттардын кызматын көбүрөөк пайдаланышабы?
- Ооба. Тейлөө тармагында дээрлик 90% кызматкерлер чет элдиктер экен. Көпчүлүгү филиппиндиктер, азыраагы индустар.
- Телегейи тегиз көрүнгөн өлкө турбайбы. Бирок баары бир кандайдыр бир көйгөйлөр болсо керек?
- Биз менен кошо жүргөн арабдардын бири “силерде нефть барбы” деп сурап калды. “Жок” десек, анда ал “бактылуу өлкө экенсиңер” дейт. Нефть бар жерде байлык болгон менен сөзсүз чыр-чатак көп болуп турат экен. Жалпыбызга белгилүү болгондой, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү согуштардын негизги себеби да ушу нефтиге барып такалат. Мындан сырткары табияттын мыйзамы ар дайым жашоо үчүн күрөш менен коштолот да. Булар негизинен мамлекеттин камкордугунда жашап, иштебей эле тигинтип нефтиден үлүш алгандыктан, көпчүлүгүнүн кыйналгыдай проблемасы деле жок экен. Эл да саясаттан алыс.
- Өлкөдө кандайдыр бир жетишпестик сезилеби?
- Биз андай нерсени байкаган жокпуз. Чөлдө жашаган өлкө болсо да дүйнөдөгү жер-жемиштин, балыктардын бардык түрү сатылат. Сууну деңизден алып, жаңы технологияларды пайдаланып, туздан тазалап колдонушат.
- Кувейттиктер Кыргызстан жөнүндө билишет бекен?
- Арабдардын “дивани” деп аталган жакшы бир салты бар. Чоң чатыр тигилип, анын ичинде кыдырата дивандар коюлган. Биздегидей ортого чыгып официалдуу таанышпастан, курма жегенче, араб кофесин ичип, өз ара таанышуу, маектешүү болду. Элдин кандай маалыматы бар экенин толук биле албадым. Бирок ошол диваниде Шейх Хусейн Элдавас Кыргызстан жөнүндө абдан сонун маалымат берип кетти. Аны уккан арабдар “ Мааша-Аллах!” деп коштоп турушту. Шейх биздин жердин сулуулугу, элибиздин мусулман, меймандос экендигин жакшы айтып берди. Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну аларга абдан жакшы таасир калтырыптыр. Мейманканада кувейттик Абдурахман менен таанышып калып, ал киши күнүгө программадан сырткары шаардын белгилүү жерлери менен тааныштырып, үйүнө мейманга чакырды. Бул тууралуу консулга айтсак, ал “арабдар купулуна толгон адамды гана үйүнө чакырат” деди.
- Абдан кызыктуу күндөр өтүптүр. Сапардын аягы кандай жыйынтыкталды?
- Биринчиден ушул сапардын уюштуруучуларына, Кувейт элине терең ыраазычылык билдирем. Мелдеш учурунда кайсыл жерде болбосун маанилүү орундарда Кыргызстандын желеги илинип турду. Муну биз өзгөчө сый-урмат катары түшүндүк. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын туризм тармагына кызыккан бир канча адам менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болду. Буюрса алардан да биз тарапка келиши күтүлүүдө. Мен бул сапардан абдан чоң таасирлер жана келечекте ишке ашыра турган жакшы пландар менен кайттым. Алардан да үйрөнө турган нерселер көп экен. Мындан аркы ишмердүүлүгүмдө аларды сөзсүз пайдаланам.
Дүйнөдө экономикасы менен эле күчтүү болуп калбастан, армиясынын кубаттуулугу менен да алдыңкы орунда турган өлкөлөр бар. Армиясына канча акча каражат жумшаганы маанисиз, болгону мамлекеттердин армиясынын согуштук техникасы, аба күчтөрүнүн саны,деңиздеги техникалар, жоокерлеринин саны, согуштук тактикасына карап, төмөндө эң күчтүү армиясы бар делген өлкөлөрдүн 10 нун атап көрсөтөбүз.
10. Япония-күн чыгыш мамлекети. Самурайлардын мекени болуп аталган жапондор экономикалык жактан эле эмес, армия жактан да мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Япония армиясына жылына 49 миллиард доллар коротот. Дүйнөдө армиясы боюнча 10-орунда турат.
9. Германия-экинчи дүйнөлүк согушту баштаган фашисттик өлкө. Азыркы Германияда фашизм жоголгон. Бийлик башына таптакыр башкача көз караштагы адамдар отурат. Германия экинчи дүйнөлүк согуштан кийин абалы начарлап кеткен. Бирок азыр армиясы боюнча дүйнөдө 9-орунда турат. Армияга жумшаган каражат 45 миллиард долларды чапчыйт.
8. Түштүк Корея өлкөсү. Экономикалык жактан алдына ат салдырбаган өлкөлөрдүн бири. Акыркы 10 жылдар аралыгында кино тармагында укмуштуудай өзгөрүүлөрдү жасаган. Армиясынын кубаттуулугу боюнча 8-орунду ээлейт. Армиясына 34 миллиард доллар жумшайт.
7. Түркия-тарыхта белгилүү Осмон империясынын урпагы. Түркия армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Армиясына 18 миллиард доллар жумшайт.
6. Франция-тили кооз өлкө. Туристтердин мекени. Белгилүү архитектуралык курулушу менен өзгөчөлөнгөн өлкө. Франция армиясынын кубаттуулугу боюнча 6-орунду камсыздайт. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарын толуктайт.
5. Улуу Британия же Англия- бул өлкө тарыхта Орто Азиянын айрым мамлекеттерин өз колониясына айландырып алганы менен белгилүү. Англис тили дүйнөдөгү биринчи тил. Армиясынын кубаттуулугу боюнча 5-орунда турат. Британия армиясына 53 миллиард доллар жумшайт.
4. Индия өлкөсү. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарында. Индиянын жоокерлеринин саны 1миллиондон ашуун. Армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Армиясына 46 миллиард доллар акча жумшайт.
3.Коңшулаш Кытай өлкөсү армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарына Кытай да кирет.
2. Россия армиясынын кубаттуулугу боюнча 2-орунда турат. Ядердик куралдар боюнча дүйнөдө эч бир өлкөгө ат салдырбайт. Россия армиясына 80 миллиард доллар акча коротот.
1. АКШ же баары билген Америка, экономикасы боюнча дагы, армиянын кубаттуулугу боюнча дагы эч бир өлкөнү алдына салдырбайт. Армиясына 613 миллиард акча коротот. Улуу держава деп ушуну айт.
Бексултан Нуркамил уулу
Бөлкө нан эки жүз йен турган бул өлкөдө күн кечирүү абдан кымбатка турат. Аларда канча диалект бар? «Океандардын жана материктердин географиясы» предметинде Анвар Хатямович «Японияда төрт бурчтуу дарбыз, алты бурчтуу апельсиндер бар» деп бизге калп айтканбы же мен аны көзүм менен көрдүмбү аны төмөнкү макаладан окуңуз.
Мен Япония боюнча ушунча окусам да анын тоолору боюнча билбептирмин. Бийик тоолорду боорлой калың өскөн жашыл токой. 66% токой болгондуктан Япониянын жазы менен жайы жапжашыл. Күзүндө кызыл, сары болуп сүрөттөгүдөй көрүнүшкө ээ болот. Токойду мыкты күткөндүктөн саргайган, куураган дарак көрүнбөйт. Гезитибиздин өткөн санында айтып өткөндөй бамбук, карагай токойлор ар кандай чарчоону, уйкуну таратат. Шосседе эмес, токойду аралап бараткандай болосун.
А чын эле токойду аралап кирсеңиз асфальт жолдор, бурулуштарда чоң күзгүлөр, жолдун жээги гүл жана түнкүсүн лампалар күйүп тургандыктан жарык.
Тоолуу болсо жолдору кандай экен деген ой келсе керек сизге да. Ашуулар жок. Анткени жүз метрге да тоону тешип туннель салышат. Анын ичи жарык, кенен. Узун туннелдерде 1 километр сайын кокусунан автокырсык болсо же унаа бузулса оңдоо үчүн жасалган, (дагы 2 метрдей радиустагы) машине бата тургандай кенири жерлер бар.
«Токой бизди океандан келген туздан, керек болсо цунамиден коргойт» деп айтышат. 5 жыл мурдагы окуяда унаалар, айрым адамдар ошол бак-дарактарга тирелип аман калгандарын жаш муунга көп айтышат. «Ошол 2011-жылдын 11-мартына чейин биз күрүчтүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү туздан, жер кыртышынын бузулушу да океандан келген туздан деп андан коргонуу максатында токой тиксек, бүгүн биз табигый кырсыкта токой бизге чоң жардамчы экенин түшүндүк» дешет.
Ыктыярчылык популярдуу болгондуктан ири компаниялар 2011-жылдагы цунамиден жабыркаган токойлорго келип миңдеген карагай көчөттөрүн олтургузушат экен. Бүт эле тегереги суу менен курчалгандыктан, бат-баттан жаан жаап тургандыгы үчүн жыл он эки ай көчөт олтургузуп бирок сугарышпайт. Анткени жаан жетиштүү. Ошол жылдары жарандар бири бирине, мамлекетке акысыз жардам берип абалдан япондор өздөрү чыгышпады беле?
Ошол эле учурда дүйнөнүн жардамга муктаж, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнө барып ыктыярчылык кылуу жагынан да япондор алдыңкы орундарда экендигин айтпасам болбос.
Мен күн чыгыш мамлекетине келгенден бери тамак-аш, кийим кече, транспорт деги эле жашоо Японияда ушундай кымбат экендигин байкап жүрдүм. Биздин программа боюнча баары акысыз болгондуктан тамак-аш, жатак боюнча кам санаган жокмун. Антпесе сокур тыйынсыз жашоо мүмкүн эмес экен.
Эс алуу күндөрү «Японияны таануу» программасынын алкагында ар кайсы шаарларга барабыз. Андайда «Сен капчыгыңды жоготкондугун үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен» дешип менин чыгымдарымды төлөп жүрүштү.
Ошентип биз жыйырмадан ашуун жерге - туристтик аймактарга, шаарларга, тарыхый жерлерге саякаттадык. Ар бир шаарда эс алуучу жайлар бар. Мисалы, океанариум, лаванда гүлү өстүргөн талаа, үңкүрлөр, 10 кылым мурда самурай башкаруучу жашаган сарай. Жаркырак коңуз (светлячки) күрүч талааларда түндү кооздукка бөлөйт.
Эң кызыктуусу дүйнөдө укмуштуу тез ылдамдыктагы аттракциондору менен өзгөчөлөнгөн TokyoDisneyland паркы болду. Ушул күнү Токио мэри «мамлекеттик унаа менен дачага баргандыгы үчүн» кызматтан алынды. Эки күндүн ичинде ал мамлекеттин акчасына чет өлкөлөргө максатсыз саякаттаганы айтыла баштады. Биздин курсташтар менен «жуманын темасына айланган» бул маселе боюнча талкуулап жатып мен «Балким прокуратура калп айтып жатат» деп япондорду сынап көрдүм. Алар, ишенимдүү жүз менен прокуратурага да, сотко да өзүнө ишенгендей ишенээрин, бул такталган фактылар экендигин айтышты. Бирок анын аягы кандай аяктаганын билбейм калдым, менин билгеним элдин бийликке ишеними абдан жогору экен.
Японияда ар бир жумушка ыңгайлуу шайман бар. Күрүчтү машинада олтургузса, палдын четиндеги чөптү колдо эмес машинеде орот. Күн чыгышта айыл жок, кичи шаарчалар. Шаарчаларда 90 пайыз улгайган кишилер жашайт, демек чарбаны карылар жүргүзөт. Жаштары шаарга агылган, кичи шаардан бир өспүрүм көрүү чоң кубанычты жаратат экен. Бирок кичи шаарча аталган менен түзүлгөн шарт, мүмкүнчүлүк биздин борбор калаадан дурус. Метро ошол четки аймакка чейин барат, автобуста киши жок болсо да белгиленген минутта аялдамада болот, акыркы пунктка чейин бош барып келе бериши ыктымал. Тармактык маркеттер өлкөнүн бардык бурчунда бирдей товары менен толтурулган жана эскирген тамак-аш сатылбайт. Япончо түшүнүктө эскирген тамак эртең мененки жасалгандар. Токиодон алгын келген нерсени Мива шаарчасынан таба аласың.
Японияда чарба жүргүзүү ар кайсы аймакта түрдүүчө. Бирок бир жагынан баары окшош. Ал талаалардын тазалыгы менен гүлдөрдүн өстүрүлгөндүгү боюнча. Айрымдар күрүч талаасын гүл менен курчайт. Кээ бирлери бир жөөк бадыраң, бир жөөк гүл, бир жөөк помидор тигип талаасын гүлдөтүп коет.
Ооба, төрт бурчтуу дарбызды көрдүм. Алты бурчтуу апельсинди да. «Айыл чарбасынан жакшы киреше табам» дейт 85 жаштагы Монторо сан. Ал өзү жалгыз эле 5 гектар күрүчтү карайт, оруп жыйнайт. 80 жаштагы кемпири Чико айым 2 сотых жашылчаларды сугарып, отоп эрмектейт экен.
Гүлмайрам Сабырбекова
Биздин «Журтташтар» рубрикабыз жаш экенине карабай чет өлкөгө чыгышып, өз буттарына туруп жаткан балдар-кыздарга арналат. Чынында мындай жаштар көп. Алардын ичинен башкаларга үлгү боло ала турган жигиттердин учурдагы турмуш шартынан кабар алуу максатында интернет аркылуу байланыштык.
Сейитбек Эралиев, Кореянын Сеул шаарында мигрант:
«Корейлерден үйрөнчү нерселер көп»
- Сейитбек, салам! Чет өлкөдө кыйналган жоксунбу?
- Мен Кореянын Сеул шаарына жакын Янгжу ши Баексок деген жеринде, байкоочу камералардын аппараттарын чыгарган заводдо иштейм. Менден кийин дагы 3 бала келди, жалпы 4 кыргыз бала иштейбиз. Бул жакка келгенимде 2 чоң кыйынчылык болду. Биринчиси тамак-аштан, анткени буларда тамактары ачуу, анан нандын ордуна күрүч жешет. Тамактарына туз кошушпайт. Экинчиси тилден кыйналдым, себеби мен үйрөнүп келген сөздөрдү анча деле колдонушпайт экен. Көбүнчө көчө сөздөрү менен сүйлөшөт. Жаңы келгенде баарында эле 2-3 ай кыйынчылык болот экен, азыр көнүп калдым. Мекенимди сагындым.
- Ал жакка кандай жол менен барып калдың эле?
- Кыргызстан менен Кореянын ортосунда эмгек келишими бар. Ошол келишимдин негизинде келгем. Келишим алгач 3 жылга түзүлөт. Кааласаң дагы 1 жыл 10 айга узартса болот.
- Ал жакта сени эмне таасирлентти?
- Кореяда эң таасирленгеним, булар аябай чынчыл, анан эмгекчил болушат экен. Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, ошол замат чечишет. Жумуш да үзгүлтүккө учурабайт. Баары өз нугунда кете берет. Анан жардам сурасаң жан дили менен кол сунушат. Кызматкерлерге да шарттарды түзүп беришет. Жатакана, тамак-аш маселесин директор чечип берет.
- Корей жигиттерине турмушка чыгып, ал жакта жашоо кечирип жаткан кыргыз кыздарын кезиктирдиңби?
- Мен жеке өзүм кезиктире элекмин. Бирок, мигранттарга көп жардам берип жаткан эжелер бар дешет.Көпчүлүк кыргыз балдарга аянбай жардам беришет деп угуп калам. Улуттук даамдарды жасаган кафелерди да ошол эжелер иштетет. Бирок, алардын баары корей жигиттерге турмушка чыкканынан кабарым жок. Жаңы келген балдар менен заводдун директорунун ортосуна котормочу да болуп беришет. Кээде жумуш алмаштырыш керек болсо да балдар ошол эжелерден жардам сурашат.
- Кореяга барып иштөөнү өзүң максат кылдың беле?
- Кореяга келүү оюмда жок эле. Окуп жүрүп аны менен катар «Ош шамы» гезитинде иштеп жүрдүм. Бешенеме жазган экен, ырыскымды ушул жактан таап жеп жатам. Буюрса, ата-энемдин ак сүтүн актап, бир туугандарыма эли-журтума колуман келген кызматты кылсам деген ниетим бар. Анан эркек бала үчүн үй-бүлө куруу, үй-жай күтүү милдети артылган эмеспи, ошол милдеттерди аткаруу керек.
- Сыр болбосо канча айлык аласың?
- Бул жакта айлык орточо эсеп менен 1200 АКШ долларына чыгат. Анан кошумча иштеп калганда андан да көп алган учурлар болот. Жыл сайын айлыктар көтөрүлүп турат.
- Кыргыз даамдарын сагынсаң керек?
- Өзүбүздүн ашканабызда кыргыз балдар аш демдеп жеп турабыз. Анан ар шаарларда биздин тамак-ашка окшош өзбек, монгол ашканалары тамак даярдашат. Жакында«Кырхан» деген кыргыз ашканасы ачылды. Ал жерге да кыргыз мигранттары бат-бат барып турат. Февраль айында «Соль Наль» - «Чыгыш жаңы жылы» деген майрамда, август айынын баштапкы күндөрүндө жана сентябрда «Чусок», бизче «түшүм же күз» майрамында 4 күндөн дем алыш күн болот. Ошондо тааныш балдар топтолуп башка шаарларга эс алууга барып, жер кыдырып келебиз.
- Туулган жер, ата-энеден алыстоо кандай сезим жаратат экен?
- Мен Өзгөн районунун 1-Май айылында 1993-жылы төрөлгөм. Туулган жер, ата-эне кадырын мурда тилим менен же акыл-эсим менен гана элестетип келген болсом, азыр жон терим менен сезип жатам. Келгенден бери ата-энеме, мекениме болгон кусалык сезимим бөксөрбөй келет. Сагынычым күч алууда. ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатам. Буюрса, келаткан жаз айларында аяктап калам. Ошондо экзамен тапшыруу учурунда Кыргызстанга барып келем деген оюм бар. Келгениме 2 жылдан ашып калды.
(Уландысы 16-бетте)
2009-2010-жылдары «Тамашоудо» оюн көрсөтүп, Ош шаарындагы ар кандай маданий иш чараларга катышып жүргөн Мирлан Мурзапазыловду көп жаштар тааныйт. Ар кандай ишке баш уруп, кызыгуусунда чеги жок бул жигит учурда Америкада тамада, видеограф, фотограф болуп иштеп жүрөт.
Мирлан Мурзапазылов:
«Америкада мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм»
- Мирлан, алгач өзүң жөнүндө айтып өтсөң, кайсыл жердин кулунусуң?
- 1991-жылы 8-июлда төрөлгөм. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынан болом. Үй-бүлөдө улуусу болгондуктан, турмушка өз алдымча аракет кылууга бат батындым. ОшМСУнун дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Американы кинолордон көргөн үчүн мага башкача сезимдер пайда боло берчү. Ал жакка барып, тил үйрөнүп, ноутбук сатып алсам деген кыялдар боло берчү. 2-курсумда Мыктыбек Арстанбек устазыбыздын «ТВ академиясында» окуп, ЭлТРде журналистика тармагында стажер болуп жүргөн кезде жарнамадан "Америкага жумуш жана саякат" деген программаны окуп калдым. Атайын студенттер үчүн 3 айлык каникул убагында Америкага болгон саякат, аны менен катар иштеп келүү экен. Документтеримди даярдап, кабыл алынып калдым. Гүлдөгөн студенттик кез калып, мигранттын жашоосу башталды.
- Америка сени кыялыңдагыдай абалда тосуп алдыбы?
- Биз кыялдангандагы жашоо менен Америкадагы жашоо такыр башкача образ берет. Кыялдагы Америка башка, чыныгы жашоодогу Америка башка экен. Алгач бул жакка журналист Үсөн Акун экөөбүз келгенбиз. Биз Оштон Британиянын англис тилин үйрөнгөн экенбиз, ал эми Американын тили такыр башкача экен. Тилди түшүнбөй маселе жаралган.
Программа боюнча бизди бул жактан бирөө күтүп алып, батирге жайгаштырыш керек эле. Бирок, аэропорттон түшкөндөн кийин ал адамды таппай койгонбуз. Кеч кирип баратат, эптеп уктаарга жай табыш керек болду. Бизге жумуш берүүчүнүн адреси бар экен. Ошону издеп жөнөдүк, аны таап, уктоого жайланганбыз. Америкага алгач 3 айга келгем. Бирок, 3 айда тил үйрөнөм, кыйратам деп түзгөн пландарымдын бирине да жетише албадым. 3 айдан кийин дагы калууга туура келди. Ошондон кийин атайын колледждерге барып, Американын тилин үйрөндүм. Азыр тил жагынан кыйратам дебесем да, нан таап жегенге сөз байлыгым жетет.
- Алгач жумушту эмнеден баштадың?
- Алгачкы жумушум үйлөрдү бир штаттан экинчи штатка көчүрүп берчү компаниядан башталды. Көчөм деген адамдардын үйүн жыйнап, буюмдарын канчанчы бир кабаттан ташып түшүп, унаа менен башка штатка алып барчубуз. Анын арты менен көп штаттарды кыдырдым. Чынында эч жерде оңой оокат жок. Алгачкы жумушумдун оорчулугу Флорида, Аризона сыяктуу түштүк штаттардын 45-47 градустук ысыгында болду. Эшикте басып жүрө албайсың, ошол учурду Америкага келгендеги оор күндөр деп айтат элем. Ата-энеден алыстагандан кийин бизди жашоо өзү эле тарбиялап коет экен. Канчалык кыйынчылык болбосун бул жакка келгендеги ар бир күнгө ыраазымын.
- Сен алып барган тойлордун видеосун көрүп жүрөм. Тамадалыкты бул жактан эле үйрөндүң беле?
- Университетте окуп жүргөндө чоң концерт, тойлорду алып барып жүргөн Мурас Раев деген агабызды ээрчип жүрүп той алып баруунун жолдорун үйрөнгөм. Нью-Йорктон Чикагого келип бир тааныш агабыздын тоюна катышып калдым. Ошондон улам той алып баруу сезими ойгонуп, тамадалык кыла баштагам. Бул штаттагы кыргыздардын биримдүү, меймандостугуна аябай таң калгам. Мурдатан кинолордун тартылуусуна, белгилүү режиссерлерго кызыга берчүмүн. Бул жакка келип ар кандай студияларда иштедим, ошентип жүрүп той тартканга өттүм. Ар улуттун тойлорун ар башка жол менен тартасың. Азыр ошонун баарын өздөштүрүп калдым.
- Америкада сени кыйнаган эмне болду?
- Алгач акча меселесинен кыйынчылык жаралбай койбойт. Мага окшогон ар бир мигранттын алгачкы 3 айы кыйынчылык менен өтөт. Программадагы жумуш ордубузга башка өлкөдөн дагы 6 студент келип калган. Жумушка кезектешип 2-3 күндө бир чыкчубуз. Ошол учурларда тыйын жагынан кыйынчылыктар болду. Жумуртка менен нан гана жеп калганбыз.
- Чет өлкөлүктөрдүн тойлору менен биздин тойлордун айырмачылыгы кандай экен?
- Америкалыктардын, индустардын, арабдардын, тажиктердин, кениялыктардын, африкалыктардын жана башка көптөгөн улуттардын тойлорун видеого тарттым. Биздин тойлордон алардын тойлорунун айырмачылыгы өтө чоң. Биз дасторконду дүйүм тамактарга толтуруп, кошумчаларды алып барып, каалоо-тилектерди айтып өткөрөбүз. Мен сиздерге индиялыктардын тоюнан айтып берейин. Алар чоң бир залды алышат да, аз убакытын расмий салтанатка арнашат. Андан кийин чакан гана швед столунан тамактанышып, калган 7-8 саатын токтобой бийлешет. Кинодо кандай болсо дал эле ошондой болуп кыздар бир тарап, балдар бир тарап болуп бөлүнүп алып, алдыда кимиси болсо ошону туурап бийлей беришет. Каалоо- тилекти ата-энеси, бир туугандары, жакын досу гана айтат. Ар бир коногу сюрприз катары бий даярдап келишет. Дасторкон жасап, куттуктоо айткан жагынан биздин, орустардын жана украиндердин тойлору окшош.
- Материалдык жетишкендиктериң туурасында сурайын дегем?
- Фотография, видеография тармагы Америкада жогору бааланат. Америкалыктар учурду, бактылуу мүнөттөрдү өзгөчө баалап, архивге сактап калгысы келген калк. Менин аткарып жаткан жумушум эң кирешелүү тармак. Кыргызстанда өзүмдүн алдыдагы турмуш-шартымды аз да болсо түптөп алдым. Андыктан бул суроого Кудайга шүгүр деп эле жооп берейин. Ал эми Америкада өзүм эңсеп жүргөн студиям бар. Аны керектүү аппаратуралар менен жабдып алгам.
-Мекениңе келип өз кесибиң менен иштөө планың барбы же башка бизнес менен алектенесиңби?
- Видеография кесибимди дагы да өстүргүм келет. Бул жаатта билим да алсам деп максат коюп жатам. Кудай буйруса, өз өлкөмдүн кино тармагына салым кошсом деген ниеттерим бар.
- Өз жериңдин эмнесин көбүрөөк сагындың?
- Абасын абдан сагындым. Биздин жердин абасы өтө сонун. Барып калсам өпкөмдү жара дем алат болушум керек.
- АКШда батир маселеси кандай?
- Батир маселеси ар түрдүү. 800 доллардан баштап, 1500-2000 долларга чейин. Шарттары абдан сонун.
- Америка башка өлкөлөргө караганда мигранттарга кандай шарт түзгөн?
- Америкада мигрант менен мамлекеттин жаранынын эч кандай айырмачылыгы жок. Жумушка орношуп жатканда же чет өлкөгө чыгып-кирип жатканда эле маселе болбосо, штаттын ичинде эч ким мигранттарга тоскоолдук жаратпайт. Америка өзү мигранттардан куралган өлкө болгону үчүн эч кандай кысым болбойт.
- Америка сени эмнеси менен таң калтырды?
- Бир дин аалымы «Европада исламды көрдүм, бирок мусулмандарды көрбөдүм. Ал эми кээ бир мусулман мамлекеттерде мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм» деген. Мен да айтат элем, Америкадан мусулманды көрдүм, исламды көрбөдүм. Себеби, бул жактагы адамдар мусулман болбосо да исламдын принциптери менен жашагандай аруу, таза, жөнөкөй адамгерчиликтүү, аманатка бекем сыпаттарга ээ болушат.
- Мирлан, маек куруп бергениңе чоң рахмат! Тилектериң, максаттарың орундалсын, батыраак өз мекениңе кайтып келишиңе тилектешпиз.
- Биздин кусалыкты жеңилдетип, ал абалыбыздан кабар алып тургандыгыңыздар үчүн «Ош шамы» гезитинин жамаатына ыраазычылык билдирем. Деги эле бул жактагы кыргыз жаштарынын атынан элиме салам айтам. Силерди аябай сагындык. Элибизде тынчтык, жакшылык күндөр көп болсун!
Уулбү Каныбекова
Индонезиянын борбору Жакартада 14-январда бир канча жерде жардыруу болду. Полиция жардырууларды жанкечти-террористтер жасаган болушу мүмкүн экендигин айтууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан жети адам каза болду. Кол салгандардын төртөө полиция огунан өлгөнү айтылды. Жардыруулар кафе жана соода борборлорунда болгон үчүн Индонезия бийлиги жарандарды коомдук жайларга барбай турууга чакырып, жанкечтилер дагы болушу мүмкүндүгүн эскертишти.
Испан клубу “Барселонанын” жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси дүйнөлүк футболдун эң барктуу, ФИФАнын штабында жылдын мыкты оюнчусуна берилчү “Алтын топко» бешинчи ирет ээ болду. Аргентиналыктын эң башкы атаандашы испан командасы “Реалдын” жана Португалиянын курама командасынын футболчусу Криштиан Роналду жана Месси менен бир клубдагы бразилиялык Неймар эле. Мурунку “Алтын топту” Месси тарыхта биринчи жолу төрт жыл катары менен мыкты футболчу аталып 2013-жылы алган. Өткөн жылы УЕФАнын бардык 54 ассоциациясынын өкүлдөрү катышкан журналисттерден турган калыстар тобу Лионель Мессини Европанын эң мыкты футболчусу деп атаган.
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...