• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Ош шаары

Ош шаары (304)

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык кызматтын төмөндөгү бош орундарына сынак жарыялайт

Пятница, 06 Ноябрь 2020 10:45 Автор Бурул
Ош шаарынын мэриясы муниципалдык  кызматтын төмөндөгү бош  орундарына сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясы   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык мэриянын аппаратындагы  административдик муниципалдык  кызматтын төмөндөгү бош  орундарына сынак жарыялайт:

 

 

1.      Экономика, каржы жана  инвестиция  бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси

(Кенже кызмат орду “А”, 1 орун)  (1 орун)

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку  же орто кесиптик билим (финансы-экономикалык багытындагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 -тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 

2. Экономика, каржы жана  инвестиция бөлүмүнүн  адиси (Кенже кызмат орду “Б”, 1 орун)

 

Кесиптик билиминин дегээли:

-жогорку  же орто кесиптик билим (финансы-экономикалык багытындагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 -тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”   Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 

3. Шаардык  чарба  жана транспорт бөлүмүнүн  адиси (Кенже кызмат орду “Б”, 1 орун)

           

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку  же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика    багыттарындагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 -тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ,  “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 

4. Уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн  адиси (1 орун).

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку  же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика, бажы иши, айыл чарба-ветеринардык   багыттарындагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 -тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө”, “ Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби   жөнүндө”  Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

1.            Конкурстуккомиссиянынтөрагасыныннаамынаталапкердинжекеарызы;

2.            Кадрлардыкаттообоюнчаөздүкбаракчасы;

3.            Паспортунункөчүрмөсү;

4.            Аскердикбилетининкөчүрмөсү;

5.            Өмүр баян (өз колу мененжазылган, соттолгондугужанасоттолбогондугутууралуумаалыматтыкөрсөтүүменен) жана резюме;

6.            4х6 өлчөмүндөгүсүрөт;

7.            Эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документеринин нотариус    аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

 

·        Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.

·        Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

 

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалыматалуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Кылым карыткан Ош калаасы

Среда, 14 Октябрь 2020 04:46 Автор Бекмурат
Кылым карыткан    Ош калаасы

5-октябрь – Ош шаарынын күнү. 3020 жылды басып өткөн түштүк калаасы бул күндү салтанаттуу белгиледи. Бул күнгө  арналган майрамдык иш чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. 

«Курулуш, жумуш орундар менен камсыздоо жаатында көп жаӊылыктар бар»

Шаар башчысы Т.Сарыбашов Ош шаарынын элин майрамы менен куттуктап, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү эӊ негизги багыт экендигин белгиледи.

«Ош шаарынын жалпы тургундарын жана конокторун шаар күнү менен мэриянын атынан куттуктайм. Негизгиси заманыбыз тынч, мамлекетибиз өнүгүүнүн жолунда болсун. Ош шаарында биринчи социалдык обьектилерге басым жасалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен учурда эки балдар бакчасы колдонууга берилди, дагы үч балдар бакчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен мектептер курулуп жатат. Эс алуу жайлар бардык шарты менен колдонууга берилип жатат. Эӊ негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери кызуу жүрүүдө. Шаарды ашыкча курулуштардан тазалап, ыӊгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Курулуштар, жумуш орун менен камсыздоо жаатында да көп жаӊылыктар бар. Алардын бири Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоору, ошондой эле унаа курулуш, текстиль фабрикасынын курулуштары кызуу жүрүп жатат. Жеке ишкерлер инвестор тартып, биз жерин бөлүп берип, алгылыктуу иштер аткарылууда. Ош шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда»,-деди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш чаралар уюштурулган жок. Негизги майрамдык салтанат борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болуп өттү.

Курулуш тармагы

Ош шаарында курулуш тармагы тынымсыз өзгөрүп, жаӊыланып бара жатканын ооз толтура айтканыбыз ашыкча болбос. Курулуш тармагында бир топ иштер аткарылды. «Ак-Ниет» эс алуу багы курулуп, Кулатов кичи районундагы жашоочуларынын эс алуусу үчүн мыкты шарт түзүлгөн. “Ак - Ниет” сейил багынын жалпы узундугу 850 метр, туурасы 18-20 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 28 млн. сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2019- жылдын июнь айында башталып, октябрь айында колдонууга берилди. Мэрия келечекте сейил бакты Ак-Тилек жана Жапалак кичи райондоруна чейин кеӊейтүү планын билдирген.

Ак-Буура дарыясынын жээги өзгөрөт

Мэр Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүүдө аткарыла турган иштер боюнча тийиштүү мекеме, ишканаларга тапшырма берип, курулуш иши учурда кызуу жүрүүдө. Долбоордо Ак-Буура дарыясынын эки жээгине веложол, тротуар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши  каралган. Дарыянын жээги жарыктандырылып, отургучтар коюлат. Алгач жээктер таштар менен бекемделип, тосмолор курулат. Мындан тышкары жөө адамдар үчүн көпүрөлөр да салынат. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оӊдоо иштери 3 этап менен жүргүзүлөт.

1. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөгө чейин;

2. Р. Абдыкадыров көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин;

3. Нурматов көчөсүнөн Вахапова көчөсүнө чейин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши жүргүзүлөт;

Жалпы дарыянын 5400 метр аймагы оӊдолот.

Фрунзе базарынын айланасы иретке келтирилди

"Фрунзе" базарынын алды иретке келтирүү иштеринде 8 мыйзамсыз соода түйүнү, 1 тандыр жана 10го жакын башаламан жайгашкан курулуш алынып салынган. Жөө адамдар басуучу жолдогу соода күркөлөр алынып, мыйзамсыз курулуштар бузулду. Базардагы соода түйүндөр бир күнгө жабылып, базар сырты бир түскө боелгон. Мындан тышкары эскирген көрнөк - жарнактар алып салынган.

Шакиров көчөсү кеӊейтилди 

Шакиров көчөсүндө 2 км 400 метр жол асфальтталып, 20 метрге чейин кеӊейтилди. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду. Мындан тышкары көчө көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруу толук аткарылган.

Каралбай калган парктар оӊдолду

Шаарда каралбай калып кеткен аллеяны реконструкциялоо ишин калаа башчысы Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына тапшырган. Аталган тапшырмага ылайык, Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Исанов  көчөсүндөгү каралбай калган эки аллея реконструкциядан өттү. Аллеяда брусчатка төшөө, лотокторду оӊдоп- түзөө жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аткарылып, ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.  Аллеянын жалпы аянты 1300 метр квадрат. Ал эми жалпы аянты 1700 метр квадрат болгон Раззаков көчөсүндөгү аллеяга 300 метр квадрат жерге таш таман төшөлүп, 12 отургуч жана таштанды салуучу урналар орнотулган. Мындан сырткары, Навои атындагы парктын кире беришиндеги бузулуп кеткен тепкичтер оӊдолуп, жолдогу талкаланган таштамандар (брусчатка) жаӊыдан басылды.  Парктын ичиндеги соода күркөлөрүнүн сырты жакшыртылып, балдар ойноочу аттракциондордун айланасы кооздолду.

Социалдык инфраструктура

Калаа башчынын жыл башындагы планында социалдык тармакка, анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл буруларын, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда алгач мыкты, жетиштүү шарттарды түзүп берүү каралган эле. Буга ылайык шаарда жыл ичинде беш бала бакчанын курулушу башталып, анын экөөсү пайдаланууга берилсе, калган үчөө бүткөрүлүү алдында турат.

1. Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №49 мектебинин эски имаратынын ордуна 100 балага ылайыкталган бала бакча.

Курулуш иштери 2019-жылдын июль айында башталып, ушул жылдын март айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.  

2. Ош шаарынын Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Н. Исанов, 40 дарегине 120 орундуу бала бакчанын курулушу бүтүү алдында турат.

Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган. Ушул жылдын июль айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. 

3. Ош шаарынын Арек айылындагы 120 орундуу бала бакчаныны курулушу. 

Курулуш иштери 2019-жылдын октябрь айында башталган.

4. Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак –Тилек кичи районунун №2 көчөсүндөгү 100 орундуу бала бакчанын курулушу.

Курулуш иштери 2020-жылдын июнь айында башталып, ноябрь айында аяктап колдонууга берилет.

5. Ош шаарынын Туран кичи районундагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу

Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган.

Жүз жылдан кийин жаӊыланган парк

Бир кылымдык тарыхы бар Токтогул атындагы эс алуу жайын 2019-жылы толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, 100 пайызга жаӊылап шаар тургундарына тапшырган. Бардык курактагы адамдар үчүн ыӊгайлуулук жаралган. Бөбөктөргө, ар кандай стол жана улуттук оюндарга арналган аянтча, спортчулар үчүн чуркоого жана велосипед тебүүгө ыӊгайлашкан жолдор бар.

Эс алуу бактын ортосуна Умай эненин эстелиги, анын айланасына оргума курулуп, эстелик менен оргумага жалпы  1 млн. сомго жакын каражат сарпталган.  Парктын ичине түстүү таман таштар басылып, кире бериши кыргыздын идеологиясын чагылдырган шырдактын элесин берип турат.

 Парктын аянты 9 гектар болсо жашыл чөптүү жери 5 гектарды ээлейт. 5 гектар жерге 3 мезгил көркүн жоготпогон газон чөбүнүн уругун себилип, толук көрктөндүрүлгөн.

40 даана байкоочу камералар эс алуу багынын бардык тарабына жайгаштырылган.  Бир топ жыл мурун күндүзү да коркунучтуу көрүнгөн парктын ичи толугу менен коопсуз абалга келди.

Мындан сырткары, жол боюн бойлой чоӊ шамчырактар, дарактарды аралата кичирээк шам чырактар орнотулган. 

Санариптештирүүдө 15 долбоор  ишке ашты

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу коррупциянын жолуна бөгөт коет. Башкача айтканда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер кайрылган жаранды ары-бери чуркатпай, бардык маалыматты бирдиктүү базадан алууга шарт түзүлөт. Мындай багытта Ош шаарында 15 долбоор ишке ашкан. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты каттоо, курулуш тармагындагы тейлөөлөр  электрондук форматка өтүштү. Бул үчүн маалыматтык агартуу иштери долбоору ишке кирген. Мында жарандардын, муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык окутуу жүргүзүлгөн. 

Орозбек Акимбаев, коомдук ишмер:

«Саясий эрктүүлүктүн артынан шаар өзгөрүп жатат»

- Ош облустан бөлүнүп, өзүнчө шаар болуп түзүлгөндөн кийин бюджет өзүнүкү болуп калбадыбы. Эгер көмүскө экономиканы жое алсак, шаардын бюджетин миллиарддарга көтөрө алабыз. Бул үчүн шаардык мэрияга, шаардык Кеӊешке саясий эрк керек. Мен бул сунушумду буга чейин калаа башчыларына айтып келгем. Азыркы мэр Таалайбек Насырбековичке да айттым. Сарыбашовду облустук администрацияда иштеп жүргөндөн эле билчүмүн. Облустун бюджети жок болсо да, тытынып иштеп, жоктон бар кылып жүрдү. Эми шаарды жөн эле өнүктүрүп кетет деп сүйүндүм эле. Ошондо элдин баары мени «жаӊы мэрге жагынып жатат» деп жаман көрүшкөн. Мен Алайда ондогон жылдар бою иштеген инсан катары Таалайбек Насырбековичтин үй-бүлөсүн тааныйм, ата-журтун билем. Булардын мүнөзүн, жөндөмүн билем, ошого таянып айткам. Бүгүнкү күндө шаардагы аткарылып жаткан иштер бул сөздөрүмдүн далили. Шаардан беш жыл мурун чыгып кеткен адам азыр келип Ошту тааныбай калышы мүмкүн. Кулатов кичи районунда абал кандай эле?! Түнү бир убакта унаам менен ошол жерден өтүп бара жатып сүйүндүм. «Ушул Ошпу?» дедим ичимден. Токтогул паркы, Шакиров атындагы көчө, күндүзгүдөй кылып түнкүсүн жарыктандырылган көчөлөр, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр, тизмектесем көп. Мунун баары шаардын экономикасы өнүгүп, шаарды өнүктүрүүдө сырттан инвестицияларды тартып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каражаттарына жеке адамдардын каражаттарын кошуу менен ишке ашууда.

«Эл менен иштешкенди үйрөттү»

- Шаарды өнүктүрүүдө бир эле бюджетти карап отура бербей, салым кошууну каалаган жарандар менен иштешүүнү үйрөттү. Тротуарларды бюджеттен эмес, жеке ишкерлер менен эле сүйлөшүп оӊдоп коюуда. Бул да болсо иштин көзүн билгендик. Мектептер оӊдолууда, бала бакчалар салынууда. Ооруканаларда шарттар түзүлүп, дарыгерлердин чет өлкөдөн билим алуусуна жол ачылууда. Мындан сырткары, кадрларды туура тандап, туура жерге жайгаштырууда. Мурунку кеткен жетекчилердин артынан канча «чуу» ээрчигенине өзүбүз күбөбүз. Бирок, Т. Сарыбашов ар бир кызматкердин сыйын жайына коюп, кемчиликтерин оӊдотуп, карыз болгон ишканалардын карызын төлөтүп койду. Мунун баары мактоого арзыган жумуштар экени талашсыз.

-Агай, шаар бийлиги өзүнүн милдетин, жумушун так аткарып турган убакта шаар тургундарынын шаарга кошкон салымы кайсы?

- Шаарда жашаган ар бир жаран шаардын маданиятын, көркүн көтөрүү үчүн биринчи кезекте өзүнүн ички маданиятын сакташы керек. Кээде унаада бара жатып таштанды ыргыткан жаштарды көрүп зээним кейийт. Ар бир жаран алгач өзүн тазалыкка үйрөтүшү керек. Маданияттуулукка өзгөчө маани берип, өзүн коом алдында тартиптүү алып жүрүүсү зарыл. Ошондо гана шаар маданияты көтөрүлөт. Бир адам бир эле дарак эгип койсун, шаардын көрктөнүүсүнө кошкон салымы болуп эсептелинет. Балдарга жолдогу светофордон өтүүнү үйрөтүп коюу да чоӊ салым. Ошол үчүн шаарды сүйүп, ыйык деп билип, ыйыктыгын сыйлоо ар бир шаардыктардын милдети. Жалпы Ош шаарынын тургундарын, конокторун шаар күнү менен куттуктайм. Жергебизде тынчтык болуп, ордолуу калаабыз өнүгө берсин.

Салима Шарипова, коомдук ишмер:

«Башталган иштерди «качан бүтөт экен» деп күтүп калдык»

- Сырттан келген коноктор менен көп жүрөм. Эӊ биринчи уккан мактоом – Ош таза шаар экен дешет. Бул албетте, сыймыктуу. Чакан шаар болсо да тарыхы тереӊ. Кылымдарды карытып келип, азыр жашоочуларына тынчтыкты, бакубат жашоону тартуулоодо. Ош чынында тынч шаар. Өнүгүп, өсүүсүнө жергиликтүү бйиликтин салымы чоӊ. Аткарылып жаткан иштер чынында мактоого татыйт. Тизмектеп отурсам сөз көп, айтарым ийгилик болсун. Шаар өзгөрүүдө, тар көчөлөр кеӊейтилип, эс алууга сонун шарттар түзүлүүдө. Кечинде сейилдеп чыксаӊ жарык, таза көчө көӊүлдү сергитет. Таалайбек Насырбекович иштин көзүн билген, эл менен иштеше алган мыкты жетекчи экенин көрсөтө алды. Башкалар үлгү ала тургандай иштерди аткарууда. Шаардын өсүп- өнүгүүсү үчүн аткарылып жаткан иштер бир гана жүрөктү жылытып, башталган курулуш иштерин «батыраак эле бүтсө экен, кандай болот экен» күтүп эле калдык. Азыркы учурда Ак-Бууранын жээгин күтүүдөбүз. Шаар тургундарын майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда тынчтык, бакубат жашоо орносун.

Тахмина Тойчубекова, студент:

«Оштун келечеги кеӊ деп ишенем»

- Ош өнүгүү жолунда баратат десем жарашат. Бир топ өзгөрүүлөр бар. Ошко келгениме быйыл 6 жылдан ашат. Андан бери көп курулуштар, көп сейил бактар өзгөрдү. Мен жаӊыдан келгендеги Ош менен азыркы Ошту салыштыруу мүмкүн эмес. Өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Оштун келечеги кеӊ деп ишенем. Мыкты, билимдүү жаштарды тарбиялап чыгарып, өнүккөн, эӊ таза шаар бойдон каларына шегим жок. Ош жан дүйнөмө жылуу шаар, кайда барбайын шаарды сагына берем. Оштун ооматтуулугунун дагы бир далили мыкты жетекчилердин келишинде. Ош шаарында билим алып, ушул шаардын суусун ичип, нанын жеп чоӊойгонума сыймыктанам.

Насиба Кенжебек кызы, студент:

«Ошто мүмкүнчүлүктөр көп»

- Өзүм Баткен облусунун Кадамжай районунан келип билим алам. Ошто мүмкүнчүлүктөр көп. Тил үйрөнүүгө, келечекке мыкты шарттары түзүүдө мыкты шарттар бар. Кооз шаар, кетким келбейт. Келечекте Ошто эле калып, жашагым келет. Шаардын тазалыгы, мейман-достугу, тынчтыгы башка шаарларга үлгү боло алат. Оштун өнүгүп жатканы, барган сайын жаӊы багыттар, жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканы кубандырат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ар бир шаардыкты майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Билим алып жаткан жаштар келечекте шаардын өнүгүүсүнө салымын кошсо экен деп тилейм.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Бекмамат Айдаркулов

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Шаарды гүлгө орогон ишкана

Вторник, 29 Сентябрь 2020 04:03 Автор Бекмурат
Шаарды гүлгө орогон ишкана

Вице-мэр Асылбек Топчубаев өткөн жума Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир топ иштерине артыкчылык баасын берген. Жылына шаарга 2 миллиондой гүл эгип, калааны жашылданткан комбинат келерки жылдагы пландары менен бөлүштү. Директору Данияр Токторбаевдин айтымында, 2021-жылды түстүү бадалдар келери пландалууда.

Таш дубалда өскөн гүл

- Ишкана жылына канча гүл эгет, кандай иштерди аткарат мунун баарын жыл башында жылдык планга бекитип, шаардык мэрияга беребиз. Жыл сайын аталган иш пландын аткарылышын текшерүү максатына калаа башчы өзү же болбосо тийиштүү жетекчилер келип кетет. Быйылкы жылы вице-мэр Асылбек Топчубаев келди. Аткарган жумуштарыбызды ордунан тааныштырдык. Мындан сырткары, өзүбүз да ар үч, алты, тогуз айда отчет берип турабыз. Мына ошол ишмердүүлүгүбүз менен сиздерди да тааныштыра кетейин: Токтогул паркынын кире беришине тикесинен өскөн вазонго гүл эккенбиз. 10 даана өзгөчөлөнгөн вазондор шаарда биринчи жолу эгилди. Мындан сырктары, Нурматов көчөсүндөгү Уркуя Салиева атындагы гимназиянын таш дубалынынын бетине төрт жерге жандуу гүлдөрдү эккенбиз. Мындагы өзгөчөлүк, сырттан караган адамга таш дубалга гүл өсүп чыккандай элес калтырат. Алар да өзүнчө бир образга салып эгилген.

Деӊиз бетинде сүзгөн эки ак куу

- Курманжан Датка көчөсүнүн Г. Айтиев көчөсү менен кесилишинде ак куунун макети коюлду. Муну өзүбүздүн дизайнерлер иштеп чыккан. Деӊизде сүзүп жүргөн эки ак куунун макети орнотулду. Ал жерге дагы кошумчалай турган иштерибиз бар. Андан сырткары, ишкананын күнөсканасында жылуулук системасы жетиштүү эмес болчу. Быйылкы жылы өздүк каражаттын эсебинен күнөсканаларыбызга альтернативдүү меш коюлуп жатат. Бул жылуулук системге дагы кошумча эки күнөскана кошулду. 503 510 сомго бүткөрүлдү.

«Эл эс алууга, көӊүл ачууга муктаж»

- Каныкей эстелиги коюлган сквердеги фонтан көп жылдан бери иштебей турган. Быйылкы жылы өздүк каражатыбыздын эсебинен оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Себеби, пандемиядан кийин эл ас алууга, жакшы нерселерди көрүүгө муктаж. Мындай кырдаалды эске алып шаар тургундарынын эс алуусуна мыкты шарттары түзүүнү колго алдык. Жалпысынан 312 422 сом керектелди. Фонтанга 8 насос орнотулуп, элдин эс алуусуна мыкты шарттар түзүлдү.

«110 кубдук насостук станция курулду»

- Билесиздер, Кара-Кысмак питомнигибиз бар. Анда суу маселеси көп жылдан бери чечиле элек эле. Мындан сырткары, электр энергиясын жеткирүү да кыйынга турчу. Мындан улам өзүбүздүн ишканага трансформатор орноттук. 110 кубдук насостук станция курулуп, 120 метрлик суу түтүкчөсү коюлду. Суу тартыштыгы толугу менен чечилди.

Өздүк каражатка акча кайдан түшөт?

- Өздүк каражаттан деп калдым, алар каяктан түшөрүн айтып берейин, башка ишканалар менен келишимдин негизинде иш алып барабыз. Мисалы, быйылкы жылы Кара-Суу шаардык мэриясына 643 миӊ сомдук келишим түзүлүп, аларга гүл эгип бергенбиз. «Туран групп» компаниясы менен  234 425 сомго, Папан айыл өкмөтү менен 10 миӊ, «Ош электро» менен 70 миӊ сомдук келишимдер түзүлгөн. Жалпысынан быйылкы жылга 1 028 913 сом келишимдин негизинде ишкананын өздүк бюджетине түштү. Мындан сырткары, өзүбүздүн күнөсканадан чыккан гүлдөр жеке жарандарга, ишканаларга сатылат. Питомниктен түшкөн каражаттын жалпы суммасы 181 842 сом. Ал эми жеке жарандарга сатылган гүлдөрдөн түшкөн сумма 17 420 сом. Андан сырткары, кыйылган бак- дарактарды сатып түшкөн каражат 74 110 сомду түздү.

 770 миӊ даана 7 түстүү виола гүлү

Жылда 2 миллион гүл эгилет. Ушул гүлдөр шаардагы гүл эгилчү жайларга ашыгы менен жетет. Yстүбүздөгү жылда 800 даана голландиялык роза гүлү, 10 миӊ даана канн гүлү, 10 миӊ даана жоогазын гүлү эгилди. Ал эми күзгүгө 1 200 000 сомдук гүл урукка буюртма бердик. Ноябрь айында эгилет. Андан сырткары, суукка чыдамдуу виола гүлүн алып келдик. 770 миӊ даана виола гүлү жети түстө гүлдөйт. Кышында суукка чыдамдуу келип, гүлүн төкпөйт экен. Эгер планыбызга жараша жакшы гүлдөп берсе 2021-жылы эрте жазда дагы эгебиз. Андан кийин жоогазын гүлүн эгебиз. Андан ары жылдагы планыбыздагы гүлдөр эгиле берет.

Кышка даярдык

- Кышта аткарылуучу жумуштарыбыз көп. Гүл эккенден сырткары, жолдогу карды күрөйбүз, туз, кум себебиз. Курманжан Датка, Ленин, Г. Айтиев көчөлөрү бизге карайт. Андагы тазалыкты, музун, карын биздин кызматкерлер карашат. Биздин баланста турган сквер, парктардын карын күрөп, ийне жалбырактуу көчөттөрдүн карын тазалайбыз. Себеби, ийне жалбырактуулар сынып түшүп калышы мүмкүн. Ишканада 25 техника бар, алардын баары иштеп жатат. Бузулуп, оӊдоодо турган техникабыз жок. Эскилиги жеткен техникалар бар бирок,  иштеп жатат. Буюрса, кийинки жылга шаар мэринин техникаларыбызды жаӊылап берерин айткан жайы бар.  

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Бекмамат Айдаркулов

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Ош: 83 откана кышка даяр

Вторник, 22 Сентябрь 2020 07:43 Автор Бекмурат
Ош: 83 откана  кышка даяр

Калкты жылуулук менен камсыздоочу эки ишкана бар. Алардын бирөөсү «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы болсо, экинчиси Ош шаардык жылуулук электр борбору. Кычыраган чилдеде жылуу үйдө отурууӊузга шарт түзгөн аталган ишканалардын кышка даярдыгынан кабар алдык. Вице-мэр Асилбек Топчубаевдин айтымында, Ош шаары бүгүнкү күндө 90 пайыз кышка даяр.

«Кышка даярдык кыштан чыкканда эле башталат»

- Негизинен, шаар жашоочуларын жылуулук менен камсыздоо үчүн кышка даярдыкты кыштан чыгып эле баштайбыз. Себеби, даярдык көрүүдө аткарылуучу иштер көп. Ар бир откананы дыкат текшерүүдөн өткөрүп, бузулган тетиктерди оӊдоп, үйлөргө киргизилген линиялардын бекемдигин текшерип отуруп эле кайра кышка кирип барабыз. План боюнча бардык даярдыктар 1-октябрга чейин толук бүткөрүлүшү керек. Учурда ишеничтүү айта алам, Ош шаары кышка 90-95%  даяр. Бардык жумуштар план боюнча аткарылып жатат. Өкмөттүн атайын түзүлгөн комиссиясы бар. Алар да Ош шаарынын кышка даярдыгы боюнча текшерүү өткөрүп, эӊ жакшы деген баасын берип кетишти. Башка облус, райондорго салыштырмалуу бир канча алдыда экенибизди айтышты. Кудайга шүгүр, кемчиликтер  жок.

«Бир жылда 11 миӊ тоннадан ашык көмүр жагылат»

- Ош шаарын эки ишкана жылуулук менен камсыздайт. Булар «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы жана жылуулук электр борбору. "Жылуулуккамсыздоо" ишканасында жалпысынан 83 откана бар. Бүгүнкү күндө алардын баары текшерүүдөн өткөрүлүп, сырдоо, оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мына ошол отканаларга жылына 11 миӊ тоннадан ашуун көмүр жагылат. Кампага жылына мындан да ашыгыраак көмүр камдалат. Учурда тендер жарыяланып, кампа 70-80% көмүр менен толтурулган. Буюрса, 1-октябрга чейин толук камсыздалат. Ал эми жылуулук электр борборунда мазут иштетилет. Анда да жетишерлик мазут кампада даяр. Аталган ишкана да тендер жарыялап, тийиштүү тарап менен келишимдер түзүшкөн. Былтыркы жылы 16 миӊ тонна мазут иштетилген болсо, быйылкы жылга 23 миӊ тонна мазут даярдалды. Бул ишканада үч буу казаны бар. Алардан экөө толук кароодон өткөрүлүп, кышка даяр деп тастыкталган. Ал эми бирөө учурда оӊдоп-түзөөдөн өтүүдө.

«Ош РЭТ күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат»

- Райондук электр тармактар ишканасында кышка даярдык иштери бир аз артта. Себеби, карантин учурунда жарыкты убактылуу өчүрүп, оӊдоп түзөөдөн өткөрүүчү иштер аткарылган эмес. Өзүӊүздөр билесиздер, андай кырдаалда элди жарыксыз үйдө кармоо мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан, андагы жумуштар кечиктирилип жасалды. Мындан улам ишкана кышка даярдык иштеринде бир аз кеч калышкан. Бирок, күчөтүлгөн тартипте иштөө тапшырылган. Буюрса, белгиленген убакытка даяр болушат.

«Жергиликтүү бюджеттен көзү азиздер үйүнө жылуулук системи киргизилди»

- Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик баары жылуулукка туташкан. Кээ бир үй-бүлөлүк жатаканалар бар, алардын ичинде жылуулук киргизүүгө ички система жок болгону үчүн гана жылуулук жок отурушат. «Жаӊы линия киргизип бергиле» деп жашоочулар өздөрү кайрылганы менен батирде убактылуу жашагандар өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып орното беришпейт экен. Мына ушундай майда көйгөйлөрдөн улам жылуулукка туташпаган үйлөр бар, бирок аз. Быйылкы жылы Жийделиктеги беш кабаттуу көзү азиздер үйүнө ички система орноштуруп бердик. Буюрса, быйыл жылуулук берилет. Былтыркы жылы калаа башчы өзү барып, көзү азиздер менен жолукканда жылуулук жок экенин айтышкан эле. Таалайбек Насырбековичтин жеке тапшырмасы менен откана курулуп, жылуулук кирүүчү  система толугу менен орнотулду. Бул үчүн атайын жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн.

Беделбай Кадырбердиев, «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын жетекчиси:

«Эки откананын имаратын оӊдоп-түзөө иштери токтотулду»

- Биздин ишканада жалпысынан 83 откана бар  болсо анын 18и электр тогу менен, 64ү көмүр оту жана бирөөсү газ оту менен иштейт. Отканалар быйылкы кышка толугу менен даяр. Учурда 71 откана сыноодон өттү. Андан сырткары, кампада көмүр толугу менен камсыздалды. Ишкана 35 мектеп, 26 балдар бакчасы, 9 жогорку окуу жайы, 2 кесиптик лицей, 7 административдик мекеме, 3 китепкана, 1 атайын көзү азидер үй-интернаты, "Боорукердик үйү" жана 290 көп кабаттуу үй, 48 менчик жер үйлөрдү тейлейт. Абоненттердин саны 13 522. Жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана ички кварталдык куурлар бардыгы биригип 68,3 километрди түзөт.

2020-2021-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө эскилиги жетип, кайра курууга муктаж болгон эки откананын имаратын кайра куруу жылдык планыбызга киргизилген эле. Тилекке каршы, быйылкы жылдагы абал, акча каражатынын тартыштыгынан улам курулуш иши убактылуу токтотулду. Учурда 83 откана жылуулук берүүгө даярдалып, ар бир откана жылдагыдай оӊдоп-түзөөдөн өттү.

«Гидравликалык сыноо 25-сентябрдан тартып жүргүзүлөт»

- Ар бир участка башчылары отканадан абонентке чейинки жылуулук жеткирүүчү түтүктөрдү карап чыгып, тешилгендерин алмаштырып, буроолор майланып, толук кандуу жылуулук берүүгө даяр болушат. Негизи жылуулук ишканасы жылуулукту жер төлөгө чейин жеткирип берет, аны андан ары тартып алуу жашоочунун милдети. Жылыбай жатат деген тургундар батирлериндеги стояктарды, батарейкаларды жуудуруп, эскилерин алмаштыруу зарыл. Муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы жыл сайын шаар тургандарына бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Учурдан пайдаланып шаар тургундарына кайрылып кетүүнү туура көрдүм. 25-сентябрдан тартып 10 күн бою гидравликалык сыноо жүргүзүлөт. Ошол күндөрдө үйүӊүздөрдө адам болушу шарт. Анткени, сыноо жүргүзүү учурунда сууну адаттагыдан эки эсе чоӊ күч менен беребиз. Себеби, суу түтүкчөлөрдү таза жууп чыгып кетиши керек. Эскирген түтүктөр болсо жарылат, оӊдоп-түзөөдөн өткөрөбүз. Ошондуктан үйдө адам болуусу зарыл.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Манас-Атага жаӊы аллея курулат

Вторник, 15 Сентябрь 2020 05:06 Автор Бекмурат
Манас-Атага жаӊы аллея курулат

 

Оштогу 12 аймактык кеӊеш бириктирилип, алты  муниципалдык аймактык башкармалык пайда болгон. Ар бир башкармалыкка 9га чейин жумуш орун түзүлүп, аны менен кошо бир нече укуктар да берилген. Мурункудай жарандар майда маселе үчүн  шаардык мэрияга келип отурбайт. Өз аймагындагы муниципалдык башкармалыкка кайрылып керектүү кеӊешти, жардамды ала алат. МАБда социалдык кызматкер, юристтер да иштешет. Бул жума Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыкта болуп кайттык. Буга чейинки маегибизде жетекчиси «биздин районго да аллея курулса жакшы болмок» деген көксөөсүн айткан эле. Ал эми бул жолкусунда аллеянын курулуш иши башталганын айтып кубандырды.

 

Спорт комплекси пайдаланууга берилет

 

Иран мамлекети куруп берген спорт комплекси толук бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү колдонууга берилет. Курулуш ишине жалпысынан 18 ай убакыт кеткен. Курулушка кеткен чыгым гранттык негизде төлөнүп, бүткөрүлгөн. Курулуш иштерин Ирандын "Нику Абния Альбурз - Хит Ланд" курулуш компаниясы жүргүзгөн. Ал эми спорт комплекстин долбоору  «Туматай» долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлгөн.

 

Бул комплексте күрөш үчүн аянтча, атайын фитнес үчүн жабдуулар, волейбол, баскетбол оюндары үчүн зал курулган. Мындан сырткары, комплекстин ичинде ажаткана, жуунучу жай да каралып, бардык шарттар түзүлгөн. Мындан сырткары, 200 адамга ылайыкташкан көрүүчү орундуктар каралган.

 

Азизбек Жеенбеков, МАБдын жетекчиси:

 

«Комплекс спорт комитетине өткөрүлүп берилет»

 

- Тийиштүү тарап спорт комплексти толук бүтүрүп, тапшырган. Учурда официалдуу ачылышын күтүп жатабыз. Элге пайдаланууга расмий берилгенден кийин комплекс спорт комитетине өткөрүлүп берилет. Албетте, кыргыздын намыскөй, мекенчил жаштары үчүн аталган спорт комплекс жакшы кызмат кылат деген тилегибиз бар. Анткени, өлкөнү дүйнөгө таанытууда спорт чоӊ роль ойнойт. Спортко кызыккан жаштарды колдоп, аларга шарт түзүп берүү биздин милдет.

 

«Ак-Ниеттей аллея курулат»

 

- Былтыркы жылы мэр Таалайбек Насырбекович эл менен жолугушканда жашоочулар «биздин райондо аллея курула элек, ушул маселени да карап берсеӊиз» деп кайрылышкан эле. Мындан улам мэрдин өзүнүн жеке тапшырмасы менен У. Салиева атындагы көчөгө аллея куруу долбоору иштелип чыгып, бүгүнкү күндө долбоордун  эскизи даяр. Учурда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тийиштүү мекеме менен биргеликте аталган көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча долбоор иштеп жатышат. Аталган долбоорго көчөлөрдү даярдоо үчүн учурда Салиева көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды алуу, демонтаж иштери жүргүзүлүп жатат. Анда чакан базар, гараждар, мыйзамсыз соода түйүндөрү бар, алардын ээлери менен сүйлөшүп, тийиштүү тарап менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүүдө. План боюнча аллеянын курулуш иши 2021-жылдын биринчи кварталында башталат. Кулатов кичи районунда курулган «Ак-Ниет» аллеясындай аллея курулат, буюрса.

 

«Карантинде эл өзүнө – өзү жардам берди»

 

- Коронавирус көпчүлүк адамдын ден соолугун алса, кээ биринин жакынын алып кетти. Бул албетте, өкүнүчтүү. Мындай кырдаалда элдин биримдиги, ынтымагы сыналат экен. Канчалаган жарандар колунан келген жардамын берип, эл өзүн-өзү бакты. Албетте, өкмөт, жергиликтүү бийлик четте карап турган жок. Миӊдеген үй-бүлөгө тамак-аш жеткирип, кемчиликтерин толуктап турууга аракет кылдык. Карантинде өз ыктыяры менен жумушка келип, тырышып иштеп берген жамаатыма рахмат. Элдин кайрылуусу өтө көп болду. Жардам сурап да, жардам берем деп да кайрылып жатышты. Элдин мындай ынтымагы, жамандыкта биригип бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарганы сыймыктандырды.

«Кайрымдуулук иштерге көбүрөөк басым жасайм»

- Манас - Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы кайрадан түзүлгөн мезгилден баштап эле аймактагы колдоого муктаж, жакыр үй-бүлөлөргө, калктын аярлуу катмары болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Негизи эле кайрымдуулукка жакынбыз. Муну жамаатым да колдоп, чын дили менен иштеп беришет. Биздин негизги милдет – калкты ар тараптан колдоо. Шаардык мэриянын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгүн жеӊилдетүү. Азыр жашоочулар көнүп калышты. Биздин башкармалыкка кандай маселе менен кайрылуу керек экенин билип, мэрияга барып отурбай бизге келишет. Кайрылган жарандар көп. Мурун көмүскөдө калып кеткен көйгөйлөр азыр тыкыр каралууда.

 

«Курулуш, жашылдандыруу иштери жанданды»

 

- Башка МАБдардан айырмаланып бизде шаар чети болгону үчүн оӊдоп-түзөөдөн өткөрчү жерлер көп. Тротуар куруу, жолдорду оӊдоо, жол четине гүл отургузуу зарылчылыгы чоӊ. Бир эле жашылдандыруу чарба комбинатын карап отура бербей гүл эгүүнү өзүбүз колго алган учурлар болду. Анткени, гүлдөр шаардын борбордук көчөлөрүнө, белгилүү жерлерде гана эгилип, шаар чети унутулуп калат. Ошондуктан өзүбүздүн ишкананын кызыкчылыгы үчүн да гүл эгүүнү эп көрдүк. Андан сырткары, биздин районго соода түйүн керек. Бул үчүн инвесторлор менен иштешип жатабыз. Жеке ишкерлер менен алаканы жакшыртып, аймагыбыздагы муктаждыктарды акырындык менен жоюуга аракет кылып жатабыз. Быйылкы жылы биздин кичи райондо курулуш иштери менен бирге жашылдандыруу иштери жанданды.

 

Жеке ишкерлер демекчи, алардын элге тийгизген пайдасы көп болууда. Ар бир чайкана, ресторандын айланасындагы тротуарга брусчатка басып берүүнү сунуштаганбыз. Сунушубузду четке кагышкан жок. Кубануу менен кабыл алышып бир нече кафе, ресторандар айланасын оӊдоп-түзөөдөн өткөрдү. Мындан башка жеке ишканалар менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Негизи элдин колдоосу, ишенүүсү өтө маанилүү. Ошондуктан эӊ биринчи кезекте элдин ишеничин актоого аракет кылабыз. Анан албетте, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошобуз.

 

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Фото Сыдык Токонов

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Каралбай калган Пушкин атындагы парк

Понедельник, 07 Сентябрь 2020 05:51 Автор Бекмурат
Каралбай калган Пушкин  атындагы парк

Ош шаарындагы Алиев менен Асранкулов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Пушкин атындагы эс алуу жайы кароосуз калганын ал жердеги жашоочулар айтып редакциябызга кайрылышкан эле. Биздин чыгармачылык топ айтылган паркка барганыбызда аталган жер чынында эле селсаяктардын үйүнө айланганына күбө болдук. Балдар ойноочу аянттарда көчө селсаяктарынын кийимдери илинген. Түнкүсүн түнөгөн орундактары бар экен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, түнкүсүн жаштар чогулуп башамаламандык көп болот. Буга чейин бир нече жолу тийиштүү тарапка кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. Ошондуктан «шаар башчысына бул маалымат жетпей жатат» деген ойдо кайрылуу жасашкан. Ал эми аталган парк Оштогу көрктөндүрүү, жашылдандыруу чарба комбинатынын балансында турат. Бул маселе боюнча тийиштүү тараптардан жооп издедик.

«Мени бул жерден кубалоого эч кимдин укугу жок»

Пушкин атындагы парктын качан курулуп, качан пайдаланууга берилгендиги тууралуу так маалымат таба алган жокпуз. Бирок, 2011-жылы USAID агенттиги тарабынан толук реконструкцияланып, жергиликтүү бийлик менен биргеликте колдонууга берилген. Ошол эле жылы парк Оштогу көрктөндүрүү, жашылдандыруу чарба комбинатынын балансына өткөрүлүп берилип, тазалоо, жашылдандыруу милдети аталган ишканага жүктөлгөн. 

Мадина Юсупова, жашоочу:

- Бул жерде жагымсыз окуялар көп болот. Өкүндүргөнү жаштардын түнкүсүн көӊүл ачуучу жайына айлангандыгы. Андай жерге күндүзү балдарыбызды ойноткубуз келбейт. Бир тарабынан селсаяктардын үйүнө айланды. Аларга бир нерсе десеӊ “мени бул жерден кубалоого эч кимдин укугу жок” деп мушташканга чейин барышат. Жашылдандыруу комбинаттын кызматкерлери үч-төрт күндө бир келип тазалап кетишет. Бирок, эртеси эле мурунку абал. Сиздер тазаланып калган учурга туш болуп калдыӊыздар. Жөн күндөрү таштандыга толуп, жагымсыз жыттан кирип отурууга мүмкүн болбой калат. Тийиштүү тарапка бир канча ирет кайрылдык. Бири-бирине төӊкөрүп коюп эле маселе чечилбей жатат. Жайкысын балдар сыртка чыгып ойногусу келет экен. Өздөрүн чыгарып салуудан кооптонуп өзүбүз кошо чыккан күндө да шарт жок. Жарык жок, караӊгылыктан улам ушундай башаламандык көп болууда.

«Тилегибиз паркты оӊдоп, мурунку абалына келтирип беришсе»

- Кварталдык комитет менен биргеликте элдер чогулуп МАБга кайрылуу жазганбыз. Анда паркка түнкү жарыктандыруулар коюлуп, корукка алынса экен дегенбиз. Селсаяктарды киргизбей, коопсуз жайга айланса жакшы болмок. Жашылдандырдуу чарба комбинаттын кызматкерлери келип тазалап жатышса аларга “таза тазалагыла, силерге бул үчүн акча төлөнөт” деп “чоӊ” болушат. ИИБнын кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Селсаяктар кээде жашоочулардын үйүнө чейин кирип барышат. Кечинде эле коӊшубуздун айнегинен ашып, үйүнө кириптир. Мындай окуядан кийин бул жерде жашагыӊ да келбей калат экен.

Данияр Биймурзаев, Алиев көчөсүнүн башчысы:

«Элдин үнү тийиштүү тарапка жетсе экен»

- Парктын жалпы аянты 60 сотых жерди түзөт. Акыркы беш жылда такыр кароосуз калып кетти. Көзөмөлгө алган адам жок. Жашоочулар коркконунан бул жерге эс алууга чыкпай да калышкан. 2011-жылы чет элдик агенттиктердин жардамы менен реконструкцияланып, жарыктандыруу, балдар ойноочу аянттар баары коюлган эле. Паркты бузбай ошол бойдон сактап калуу үчүн акча каражаты талап кылынат экен. Бак-дарактарды караган, чөбүн жулуп, сугарган бирөө, кароолчуга бирөө керек болот. Аларга маяна төлөө керек дегендей. Бизде штаттын жоктугунан Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына өткөрүлүп берилген эле. Бүгүнкү күндө аталган ишкана өздөрүнүн деӊгээлине жараша карап жатышат бирок, толук кандуу эмес. Биз аларга өткөрүп бергенден кийин бир-эки жолу сырдамыш болушту бирок, эч кандай оӊдоп-түзөө иштери болгон жок. Мындан улам быйыл элдин колун чогултуп, Сулайман Тоо МАБга кайрылуу жазганбыз. Мындан сырткары, жакында шайлоо болгону турат. Талапкерлерге да сунушубузду айтып жатабыз. Максатыбыз кароосуз калып кеткен жерди мурунку абалына келтирип, жашоочулар эс алуучу коопсуз жайга айландыруу. Элдин үнү тийиштүү тарапка жетсе экен.

Равшан Нурунбетов, кварталдык комитеттин башчысы:

«Ички иштер башкармалыгына деле кайрылдык»

- Жашоочулардын негизги талаптарынын бири – жарыктандыруу. Кароосуз калып кеткен жерде башаламандык көп болот экен. Ичимдик ичкен жаштар, түн бир оокумга чейин музыка коюп башалмандык жаратышы элге тынчтык бербей келет. 29 жашоочудан кол топтоп элдин атынан жашылдандыруу чарба комбинатына жана Сулайман Тоо МАБга жеткирдик. Алардан качан жооп болот, билбейбиз. Мындан сырткары, ички иштер башкармалыгына да кайрылуу жасаганбыз. “Көзөмөлгө алып бериӊиз, жаштарды, селсаяктарды тартипке чакырып бериӊиз” деп. Эл өзү, көчө башчы менен биргеликте өзүбүз бир нече жолу эскертүүлөрдү бергенбиз. Бирок, аны угуп коюшкан жок.

Дооронбек Турдубеков, комбинат жетекчисинин орун басары:

«Селсаяктар биздин кызматкерлерди сабап кетишет»

- Парк биздин көзөмөлдө. Биздин функционалдык милдетибиз – паркты жашылдандыруу, тазалыгын көзөмөлдөө. Селсаяктарды «кирбе» деп айтканга бизге укук берилген эмес. Атайын кароол коюп, тартип бузуучуларга чара көрүүгө бизде укук жок. Кечээ жакында эле биздин бир кызматкерди ошол жердеги селсаяктар «киргенге болбойт» деп койсо сабап кетишиптир. Мындан улам тартипти көзөмөлдөөгө, чара көрүүгө Сулайман Тоо МАБдын жетекчиси Сонунбек Жунусбаевге кайрылганбыз. «Макул, мен орун басарыма дайындайм, чара көрүлөт» деген. Бирок, жыйынтык жок. Биз өз милдетибизди толук аткарып жатабыз. Дарак куурап, чөптөр өспөй калса, ага жооп берүүгө даярбыз. Бирок, тартип бузууларга чара көрүү үчүн МАБга кайрылгандан башка нерсе жасай албайбыз.

Сонунбек Жунусбаев, Сулайман Тоо МАБдын жетекчиси:

- Бизге буга чейин элдерден кайрылуу түшкөн. Паркты базасында алып отурган чарба комбинат менен сүйлөштүк. Милиция кызматкерлери менен барып селсаяктар  менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Былтыркы жылы ал жерге эки кабат үйлөр түшүп жатканда айланасын тазалоо, реконструкциялоо иштерин да моюндарына алышкан эле. Ал эми башаламандык, селсаяктардын жагымсыз жоруктары тууралуу ИИБга кат жолдогонбуз. Алар да колунан келген иштерди аткарып жатышат. Буюрса, алдыда пландар бар. Түнкү жарыктандыруу ишин жандантып, корукка алуу үчүн график түзүп, атайын кароол уюштурсакпы деген ой бар.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Ош шаарынын мэриясы бош орундарга сынак жарыялайт

Вторник, 07 Июль 2020 07:50 Автор Бурул
Ош шаарынын мэриясы бош  орундарга сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясы   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык мэриянынаппаратындагы жана түзүмдүк бөлүнүштөрүндөгү административдик муниципалдык  кызматтын төмөндөгү бош  орундарына сынак жарыялайт:

 

 

1.Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (Жогорку кызмат орду “Б”, 1 орун).

 

-жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика, бажы иши, айыл чарба-ветеринардык   багыттардагы)

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 5 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү  кесиптик чөйрөдөгү 7 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы,   Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:    “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,   “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө”,  “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”    мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 

-тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын  “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары).

 

 

2. Ош шаарынын мэриясынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары (Башкы кызмат орду “Б”, 1 орун).

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика, айыл чарба-ветеринардык багыттардагы).

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү                   5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы,   Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,   “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  боюнча кеңештин 2016-жылдын                                           19-августундагы № 43  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын     “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

 

 

3.Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын  башкы адиси-юристи (Улук кызмат орду “Б”, 1 орун).

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (юридикалык багыттагы).

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

 -тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Жарандык  кодекси,   Жер кодекси, Турак-жай кодекси, Кыргыз Республикасынын  “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө” Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 

4.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын иш кагаздар менен камсыздоо жана көзөмөлдөө секторунун жетектөөчү адиси  (Кенже кызмат орду “А”, 1  орун).

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же орто кесиптик билим (гуманитардык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу  багыттарындагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы,   Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  боюнча кеңештин   2016-жылдын 19-августундагы № 43  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын   “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”,  “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”    Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

 

5. Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси (Кенже кызмат орду “А”, 1 орун)

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же  кесиптик орто билим (финансы-экономикалык  жана мамлекеттик,  муниципалдык башкаруу   багыттардагы).

-иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы,   Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы),  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  боюнча кеңештин       2016-жылдын 19-августундагы № 43  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-тийиштүү  тармактагы  ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын      “Мамлекеттик статистика жөнүндө” “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”  Мыйзамдары);

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

 

 

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

1.            Конкурстуккомиссиянынтөрагасыныннаамынаталапкердинжекеарызы;

2.            Кадрлардыкаттообоюнчаөздүкбаракчасы;

3.            Паспортунун көчүрмөсү;

4.            Аскердик билетинин көчүрмөсү;

5.            Өмүр баян (өз колу мененжазылган, соттолгондугужанасоттолбогондугутууралуумаалыматтыкөрсөтүүменен) жана резюме;

6.            4х6 өлчөмүндөгүсүрөт;

7.            Эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документеринин нотариус    аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Сынакка катышу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

 

·        Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.

·        Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

 

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Шаарда санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт

Пятница, 26 Июнь 2020 04:41 Автор Бекмурат
Шаарда санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт

Дүйнөнү каптаган коронавирус өлкөбүздө дагы деле жашап жатат. Өзгөчө абал учурунда жугузгандардын саны төмөндөп ооруну жеӊүүгө аз калган болчу. Тилекке каршы, өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өткөндө санитардык эрежелер сакталбай оору кайрадан жанданып, көп катталууда. Жуктургандардын көпчүлүгү кайдан, качан  жуктурганын билишпейт. Буга байланыштуу кайрадан санитардык талаптар күчөтүлө баштады. Шаар бийлиги тарабынан борбордук базарга, коомдук жайларга текшерүү жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген ишкана, мекемелерге, тамактануучу жайларга айып пул салынып, иштөөсүнө белгилүү мөөнөткө чейин чектөө киргизилүүдө.

“Санитардык-эпидемиологиялык талапты сактабагандарга катуу чара көрүлөт”

Ош шаарында коронавирус жугузгандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу шаар бийлиги санитардык эпидемиялык талаптарды күчөтө баштады. Коомдук жайлар, маршруттук каттамдар жана тамактануучу ашканалар, базарлар текшерилүүдө. Шаар бийлиги тарабынан борбордук базарга болгон рейддерде жеке ишкерлерге бир канча эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди. 

-Бүгүнкү күнү Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин протоколдук тапшырмасынын негизинде рейд уюштурулуп жатат. Рейд жети аймактык башкармалыкта теӊ жүрүүдө. Жети аймактык башкармалыкта вице-мэрлер, бөлүмдүн жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери менен биргеликте мобилдик топ түзүлгөн. Өзүӊүздөр көрүп тургандай, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча башкармалык, ветеринардык кызмат жана башка бардык кызматтар чогулуп рейдде жүрөбүз. Өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өткөндө атайын жобо иштелип чыккан. Ал жерде эрежелер бар. Этап-этабы менен ишке кирген, иш кайрадан жандандырылган мекеме-уюмдар менчигинин түрүнө карабастан биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмди сакташ керек. Мекеме-уюмдар иш баштар алдында бекитилген эрежелер таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан кийин иш башталды. Буга чейин үч жолу рейд жүргүзүлдү. Бирок, дагы деле учурда базардагы алуучулар, кардарлар кол кап, бет кабы жок жүрүшөт. Аралыкты сакташпайт. Сатуучулар дагы эрежелерди эске албай жатышат. Бул боюнча тиешелүү кызматтарга катуу чара көрүлөт. Ал эми бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан тартипти бузган базарларды өзгөчө кырдаалдар комиссиясында бир айга же 10 күнгө чейин жабуу маселеси коюлат.

Талапты аткарбагандар айып пулга жыгылып, 15 күнгө жабылат

Борбордук базарга болгон рейддин башында турган Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров өкмөттүн тапшырмасына ылайык кичи базар жана борбордук базардын ээлерине базардын кире беришине ар бир кардардын, тургундун дене табын өлчөөчү тепловизор коюну дайындап, бет кабы, кол кабы жок тургундарды базарга киргизбөөнү эскертти.

Атайын рейдде таксисттер да текшерилип, талапка жооп бербегендерге айып пул салынды.

Ошондой эле рейдден кийинки шаардык жарандык коргонуусунун штабында талаптарды аткарбаган коомдук жайлар, дүкөндөр, базарлар айып пулга жыгылып, 15 күнгө жабылуу чечими кабыл алынды. Андан сырткары шаар мэринин тапшырмасы боюнча ар жуманын дүйшөмбү күндөрү борбордук базарда санитардык күн деп жарыяланып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. 

Коомдук транспорттор да көзөмөлгө алынат

Шаар бийлигинин жогорудагы тапшырмасын улай бардык аймактарда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан да жүргүнчү ташуучу, 125-138-134-135-101- маршруттук каттамдагы кичи автобустарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин аткарылышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү.

Рейд учурунда айдоочуларга жүргүнчүлөрдү бет капсыз чыгарбоо, антисептик каражаттарын нормаларын сактоо, ашыкча жүргүнчү чыгарбоо, Эгерде талаптарды аткарууда кемчиликтер кетирсе мыйзам негизинде жоопкерчилик тартып калуу чаралары эскертилди.

Санитардык-карантиндик өткөрүү пункттары региондон келген жарандарды текшерүүнү күчөттү

Ош шаарынын айланасындагы жайгашкан бардык санитардык-карантиндик өткөрүү пункттарында региондордон келген жарандарды текшерүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ички иштер органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жана медициналык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугуна өзгөчө көӊүл бурулат. Алардын кесипкөйлүгүнөн, ишке берилгендигинен жарандардын коопсуздугу көз каранды.

Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык абалды дагы да жакшыртуу максатында шаарга кирген жарандарга өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугун эске алуусун жана эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.

Эрежелерди сактап, оору менен күрөшүүгө бирге кол суналы

Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, бет капсыз коомдук транспортторго чыгып, аралыкты сактабай оорунун таралышына шарт түзүп берүүдөбүз. Бет кап тагыӊыз деген айдоочунун, тартип сакчысынын сөзүн кулак сыртынан кетирип, кайдыгер мамиле кылуудабыз. Ооба, кан жаныбызда “Кудай сактасын” деген сөздү сиӊирип, ошол менен гана жашап келебиз. Ал эми “сактанганды сактайт” дегенди унутта калтырган өӊдөнөбүз. Мындай пикирге шаарыбыздын борбордук базарына болгон мэриянын рейддинде ынандым. Күнүмдүк турмуш-тиричиликке кызуу берилип, өз ден соолугубузга, жакындарыбыздын ден соолугуна көӊүл кошпуз. Коомдук базардагы сатуучулар, тамактануучу жайдын ээлери, жумушчулары рейд учурунда гана айып пул төлөп калуу коркунучунан улам бет кабын тагып, антисептикалык каражаттарын коюп калбаса, башка мезгилде эсине деле алышпайт. Анткени учурда адамдар ден соолугубузга караганда көбүрөөк айып пул төлөгөндөн коркуп калдык. Ден соолугубуз өзүбүзгө эмес, бийликтегилерге керек сыяктуу кайдыгербиз. Ооруну “саясат”, “жок нерсе” деп ишенбегендер да четтен чыгат. Чын эле жок болсо, өнүккөн өлкөлөрдө каза болгондор, илдетке чалдыккан миллиондогон адамдар, өзүбүздүн айланабыздагы ооруп сакайгандар эмне үчүн деп ойлойсуз. Өзүбүздү ойлобосок да жакындарыбызды, улгайган ата-энелерибизди жана кичинекей бөбөктөрүбүздү ойлойлу. Аларга ооруну ташуучу болбойлу! Эрежелерди сактап, оору менен күрөшүүгө бирге кол суналы.   

Жумагүл Кочкорбай кызы

Сүрөт: Бекмамат Айдаркулов

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Короого көрк берген айымдар

Пятница, 26 Июнь 2020 04:27 Автор Бекмурат
Короого көрк берген айымдар

Көп кабаттуу үйлөрдүн астында жүздөгөн адамга бир сотых  жерлер эс алуучу аянтча катары бөлүнгөн. Мына ошондой жерлерди кооздоп, пайдалуу колдонгон адамдар өтө аз. Эл көп аймакта жердин баркы баалуу, аны кооздоп, көрктөндүргөндөр аз санда гана, көрктөндүрсө да чет жакасын тосуп, өзүнөн башканы киргизбей менчиктеп алгандар көп. Шаарыбызда акыркы учурларда өз каалоолору менен шаардын көркүнө салым кошкон инсандар пайда болду.

Минажат Козукулова, Ош шаарынын жашоочусу:

“Мадина түптөгөн, мен сугарып, көрктөндүрүп турам”

- Бул жерди кошунам Мадина өз каражатына кооздогон. А мен сугарып, отоп, чаап кам көрүп турам. Мадина Ош шаарында төрөлүп, ушул үйдө чоӊоюп- өскөн экен. Мен 2001-жылы көчүп келгем. Бул отургучтар, селкинчектерди Мадина балдарга этияттап ойнотуп, сындырбай сактап калган. 2013-жылы короону тосмо менен тостуруп, гүл уруктарды, дарак көчөттөрдү сатып алды. Мен эгүү, кароо иштерине жардам бердим. Жыл сайын топтогон айлыгына гүл уруктардын түрүн алат, гүл идиштерди алып жыл өткөн сайын бул жердин кооздугу артып баратат. Быйыл жазда карантин болуп калып башка гүлдөрдүн түрүн кошо албай калдык. Мына Мадина өзү да келатат, кантип кылганын өз оозунан уккула.

Мадина Юсупова, Ош шаарынын жашоочусу:

“Алгачкы иштерге 300 000 сомдон ашык каражат жумшадым”

- Менин кан басымым жогору, кант диабети менен да жабыркагандыктан жакшы кыймылдап, короодо иштей албайм. Минажат эже менден бир топ жашка улуу болсо да бат кыймылдап, короодо жакшы иш кылат. Мен шириндиктерди бышырган чакан фабрикада иштечүмүн. Ал жерден топтогон каражатым бар эле. Анын баарын ушул жерди кооздоо үчүн жумшадым. Айланасын тостуруп, азыраак гүл урук сатып алуу үчүн эле 300 000 сомдон ашык каражатым кетти. Жыл сайын атайын акча топтоп, гүл урук алып кошом. Базардагы гүл саткандар да мени таанып калышкан, барсак эле “менден ал, менден ал” деп турушат. Мен катардагы эле адамдардай жашайм. Ашыкча каражатым жок, бай эмесмин. Бирок менден өмүр бою жашаган жериме эстелик болуп ушул короо калсын дедим.

“Вице-мэр балдарга аянтча куруп берем деген”

- Бул жерди көрктөндүрүүдө мени жактырбаган кошуналар да болду. Көпчүлүк ижарада жашагандыктан сындырып кеткени гана болбосо бир да жардам берип каралашып коеюн дешпейт. Ошол себептен бул жерди кулпулап коебуз. Минажат эже табигатты аябай сүйгөн аял болгондуктан убактысынын баары эле ушул жерде өтөт. Кээде гана кулптанып турбаса көбүн эсе ачык эле. Бизге окшогон аялдар келип ушул жерде сүйлөшүп отурабыз. Биз бар учурда гана балдар кирип селкинчек тебишет. Биз жокто киргизбейбиз, себеби гүлдөрдүн баарын сындырып чыгып кетишет экен. Балдар үчүн короонун аркы башына атайын дөӊгөлөк сатып алып орнотуп, кооз дарактарды да эктирип бергем. Ал жакты дагы жасаш керек, вице- мэр Жасур Азимов балдар ойногонго спорттук нерселерди курдуруп берем деп убадалаган. Ошону күтүп жүрөбүз. Мурунку мэр Мелис Мырзакматов жолубузду асфальттап берем деп убада берген, ошол бойдон аткарылбады. Өзүм анын баарын жасаганга каражатым жетпейт экен, шаар бийлиги бир аз колдоп берсе биз да аракет кылып дагы да көрктүү кылып алмакпыз.

Мукарамкан Меӊдибаева жеке ишкер, меценат катары шаарыбызга таанымал айым. Калаадагы бир топ кайрымдуулук иштерге активдүү катышып, карантин учурунда дарыгерлерди тамак менен камсыздап да жүрдү. Жаны тынбаган Мукарамкан эже жакында өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн каралбай калган аянтчасын өз каражатына көрктөндүрүп, жашоочулар үчүн жагымдуу жай курган.

Мукарамкан Меӊдибаева, Ош шаарынын жашоочусу:

“Карантинде отуруп короону көрктөндүрүү идеясы келди”

- Авиценна көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө жашайбыз. Ал жерде жашаганыбызга 3 жыл болду. Yйлөрдүн ортосунда анча чоӊ эмес жер жашоочулар үчүн сейилдөөчү, балдар ойноочу аянтча катары бөлүнгөн. Карап отурсам ал жерди жашоочулар туура пайдаланбай, кир сууларды төгүп, селкинчектерди да копол колдонушат  экен. Карантинде баарыбыз үйдө отуруп калганда бул кемчиликтерге көп көӊүлүм бурулду. Жер үйдө жашаганда деле эшигимдин астын көрктөндүрүп, кооздомокмун да деп бул жерди да көрктөндүрүүгө кириштим. Жеке ишкер катары Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына Айгүл Наватова жетектеп жүргөн кезде көп жардам берген элем. Кантсе да адистер иштейт деп аларга байланышсам, мени менен кызматташууга макул болушуп, дизайн сызып беришти.

“Жашоочулардын чоӊ жардамы - гүлдөрдү сындырбоосу”

-  Буларды жасатууга кошуналарымдан каражат топтогонубуз жок. Колдогону болду, каршы чыкканы болду. Макул болгондор бир аз каражат топтошкон экен, аны кайр кайтарып берип койдум. Жашоочулардын бул жерге эӊ чоӊ жардамы - гүлдөрдү сындыртпай, тебелетпей балдарын этияттап карап бергени эле жетишет. Чоӊ эмгегиӊ кеткендиктен оюнчук топ учуп барып гүлдөрдү сындырса да ичиӊ ачыша берет экен.

“Сугарып, карап берүү үчүн атайын адис жалдадым”

- Сугаруу жагынан маселе жаралды. Ош шаардык сууканал ишканасынан келишип “түнкү саат 12ден кийин гана сугаргыла” деген талап коюлду. Гүлдөр, газон жандуу нерсе болгону үчүн аларды отоп, чаап, сугарып туруш керек экен. Мен өзүм жумушта болгондуктан буларды антип караганга убактым болбой жатат. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынан атайын адис жалдадым. Кадимкидей айлык төлөп берем, ал түнү келип сугарып, отоп, чаап бул жерге кам көрүп кетет. Шаардагы ар бир көп кабаттуу үйлөрдүн астын ушинтип кооздоп, кароолорун суранат элем. Бул өзүбүз үчүн, балдарыбыз үчүн да жагымдуу нерсе да. Шаардын көркү, ушул нерсе менен да маданияттуулук башталат деп ойлойм. Бара-бара жаш балдар да буларды тебелебей, аяп, кооз чөйрөдө өскөнү алардын жан дүйнөсүн жакшы азыктарга толтурат. Эптеп күнүмдүк тиричилигибизди өткөрүп, бийликти эле карап отура бербей, ар бирибиз ушундай демилгени колго алышыбыз керек деп ойлойм.

Уулбү Каныбекова

Фото: Б.Айдаркулов

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

"Улуу Жеңиш азыркы жаштардын көз карашында" аттуу видеоролик конкурс жарыяланды!

Вторник, 28 Апрель 2020 06:10 Автор Бурул
"Улуу Жеңиш азыркы жаштардын көз карашында" аттуу видеоролик конкурс жарыяланды!

Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата жана андагы курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында "Улуу Жеңиш азыркы жаштардын көз карашында" аттуу видеоролик конкурсун жарыялайт!

 

*Сынактын талаптары:

❗Сынакка конкурстун предметине тиешеси бар бардык каражаттар аркылуу тартылган видеолор сунушталат.

❗Жаш курагы 16 жаштан 40 жашка чейинки бардык жарандар катыша алат.

 

Видеонун талаптары:

* Форматы: mp4; MPEG4 ж.б.

* Эң төмөнкүсү (разрешение) 1280 * 720.

* Видеонун узактыгы 2ден 5 мүнөткө чейин.

* Видеолор автордун аты-жөнү (тел.номери, видеонун жалпы узактыгы, жашы) маалыматтык экран менен кооздолушу керек.

* Видеону редакциялоо жана тартуу үчүн атайын программаларды жана куралдарды колдонуу катышуучунун каалоосу боюнча болот.

* Видеодо сүрөттөр колдонулса болот.

* Жарнама түрүндөгү видеолор кабыл алынбайт.

❗Видеолор Ош шаардык маданият башкармалыгынын инстаграм баракчасына (@osh.madaniyat) жүктөлүп, андагы жактынын (лайк) саны да бааланат.

Баалоо критерийлери:

✅ Иштин көрсөтүлгөн темага ылайыктуулугу;

✅ Видеонун чыгармачылыгы(идеянын жаңылыгы,оригиналдуулугу, ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгү);

✅ Маалыматтык мазмуну;

✅ Видеонун сапаты;

✅ Атайын техникага ээлик кылуу деңгээли.

Видеолор Ош шаардык маданият башкармалыгынын вотсапп номерине (0554 00 22 10) кабыл алынат.

Кабыл алуу 28-апрелден тарта 12-майга чейин жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы 15-майдан кийин калыстардын чечими менен түз эфирден (@osh.madaniyat) жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу, кызыктыруучу белектер жана дипломдор менен сыйланат.

Кеңири маалымат алуу үчүн: 0776331733

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Ош шаардык "Жаштар Парламенти" долбоорунун мүчөлөрү үчүн онлайн тренинг уюштурулууда

Ош шаардык "Жаштар Парламенти" долбоорунун мүчөлөрү үчүн онлайн тренинг уюштурулууда

Шаардыктар үчүн машугуучу жана балдар ойноочу аянтчалар курулду

Шаардыктар үчүн машугуучу жана балдар ойноочу аянтчалар курулду

Ошто 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылууда

Ошто 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылууда

"Муктаждарга жардам көрсөтүү ар бирибиздин атуулдук парызыбыз"

"Муктаждарга жардам көрсөтүү ар бирибиздин атуулдук парызыбыз"
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • Вперёд
  • В конец
Страница 1 из 22

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved