Мындай аталыштагы тегерек стол 20-ноябрда өттү. Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары Д.Ишанов, Ш.Кенжебаев, К.Ормонов, Р.Ходжаев, С.Акбашева Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги жана GIZ Германиялык уюм менен биргеликте уюштурулган “Ош шаарына инвестиция тартуу жана экономикалык өнүгүүнү өркүндөтүү” программасынын алкагында тегерек столго катышты.
Тегерек столду Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси З.Юсупов ачып, Ош шаарында инвестицияны өнүктүрүү боюнча презентация жасады. Андан кийин Эл аралык Германия коомдук кызматташтык GIZ коомунун координатору Назира Маткадырова өз ойлору менен бөлүшүп, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү боюнча сунуш, пикирлерин айтты. Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бүгүнкү тегерек столду колдоого алаарын белгилешип, шаардык Кеңеш болгон күч- аракетин Ош шаарынын өнүгүүсүнө жумшаарын, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү менен эле чектелбестен, инвестиция тартуу маселесин жогорку тепкичке көтөрүү зарыл экендигин билдиришти.
19-ноябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бул датага байланыштуу Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңейтилген отуруму болду. Бул иш чара видео көпүрө форматында өтүп, ага Россиянын жана Кыргызстандын бардык аймактары тартылды.
Союзга мүчө мамлекеттердин экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөөгө байланышкан маселелерди талкуулоо максатында Ош-Бишкек-Москва теле көпүрөсү аркылуу уюштурулган иш чарага Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов, шаардагы жана облустагы тийиштүү кызматтардын жетекчилери катышышты.
Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешовго кыскача суроо менен кайрылдык.
-Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришине байланыштуу Ош шаарында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
-Мэриянын тышкы байланыштар жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги тарабынан «Оржемиль» ЖЧКсына 75,0 миң АКШ долларына, «Келечек» АКсына 100,0 миң АКШ долларга инвестициялык долбоор түзүүгө көмөк көрсөтүлдү. Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикке жөнөтүлдү.
Экспорттук багытта иштеген ишканаларды жандандыруу максатында «Ош жашылча-жемиш комбинатына» 2,0 млн. АКШ долларына, «Ош насос заводуна» жаңы техникалык жабдуулар менен жабдып, өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу максатында 2,0 млн. АКШ долларына долбоор түзүп, Кыргыз-Россия өнүгүү фондунан инвестиция алуу үчүн Экономика министрлигине жөнөттүк. «Ода-Юг» ЖЧКсына 275,0 миң АКШ долларга долбоор жазылып, Оштогу Кытай Эл республикасынын соода-экономика боюнча консулуна берилди.
Шаардагы «Текстильщик» ишканасынын базасында жылына 35 миң тонна жашылча, мөмө-жемиштерди топтоп, сактап жөнөтүүгө бардык коммуникациялык шарты бар жаңы технологиялык жабдуулар менен жабдыла турган инфратүзүм жактан эл аралык соода-сатыкты тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар логистикалык борбор ачуу каралып жатат.
“Быйыл Ош шаарында курулуш тармагында алгылыктуу иштер жүрүп, бир эле учурда калаада 4 балдар бакчасы курулуп жатат. Буюрса, жылдын аягына чейин 2 балдар бакчасын пайдаланууга беребиз. Мындан сырткары элди таза суу менен камсыз кылуу жаатында 14 ири долбоор ишке ашууда. Муну менен катар шаардын көчөлөрүн реконструкциялоо, асфальт төшөө иштери да уланууда”,-деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле калаа башчысы Озгур айылындагы 100 орундуу балдар бакчасынын, «Достук» аймактык кеңешине караштуу Мамыров көчөсүнүн 6 000 м3 резервуардын курулушу жана жолдорду реконструкциялоо, асфальттоо иштери менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге курулуштун сапатына көңүл бурууну тапшырды.
№13 «Кыял» балдар бакчасына кошумча 100 орундуу имаратын куруу иштери менен таанышты.
Балдар бакчасынын курулуш иштеринин тендердик баасы – 17 977,1 миң сом. жалпы аянты 731,4 м2.түзөт. Азыркы убакта экинчи кабатынын дубалын тургузуу иштери бүткөрүлүп, үстүнкү темир-бетон плиталары коюлуп, чатыры жабылып бүткөрүлдү. Буга улай ички, сырткы шыбак иштери, сырткы канализация, суу түтүктөрү, балдар ойноочу навестери курулууда. Курулуш объектиси 2015-жылдын июнь айында башталып, толугу менен 2015-жылдын аягында бүткөрүү пландаштырылган.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы №45 Мырзаев атындагы мектебинин спортзалынын, актовый залы жана ашканасынын курулушун көрдү. Курулуш иштери 2015-жылдын июнь айында башталып, жалпы аянты 576 м2. Анын ичинде 274 м2 спортзалы, 104 м2 актовый залы, 108 м2 ашканасы камтылган. Тендердик баасы – 13711,9 миң сомду түзгөн. Учурда курулуш объектиси бүткөрүлүп, ачылуу алдында турат.
Ошто курулуштардын революциясы жүрүп жатканы баарына маалым. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 17-ноябрь күнү шаардагы курулуп жаткан курулуш объетилеринин жүрүшүн текшерип, жеринде таанышып чыкты.
Алгач калаа башчысы Сай бою көчөсүндө жайгашкан Футбол Академиясынын курулуш иштери менен таанышып чыкты.
“Учурда Академиянын долбоорлоо сметалык документациялары жана курулуш иштерине тендер өткөрүлүп бүткөн. Курулуучу 4,0 га жер аянты Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилсе, каржылоо UEFА тарабынан 1 млн.АКШ доллары бөлүнгөн. Курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилсе, 60 бала академияда жашап, окуп, професионалдык футбол менен машыгышат жана бүт шарттар түзүлөт. Келечекте бул жерден дүйнөнү багындырган мыкты футболчулар тарбияланып чыгат деп ишенем. Учурда жер түздөө жумуштарын мэрия бүтүрүп берди. Жакынкы айда курулушка капсула салынып, 2016-жылдын күз айларына бүткөрүлөт”,-деди А.Кадырбаев.
“ Футбол Академиясында 2 чоң, 2 кичи футбол аянтчалары, медициналык комплекс, бардык шарттары менен жатакана, машыктыруу мектеби, унаатоктомдор жана башка тиешелүү объектилер курулат. Бул жерге окуучулар жаш кезинен кабыл алынат, 60 бала жашап,1000ден ашуун балдар,кыздар сырттан келип футбол менен машыгышат жана аларды тажрыйбалуу дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар окутушат. Мындай академия Орто Азия боюнча жок. Ошондуктан Ош шаарына курулуп жатканына биз аябай кубанычтабыз. Бардык курулуш тетиктери жабдуулары Италиядан алынып келинет.Учурда 20 тонна курулуш тетиктери алынып келинди”,-деп билдирди эл аралык калыс Бахадыр Кочкоров.
Ошто эмне көп, базар көп. Соода кылганга жер таппай жатам дегендин өзү туура эмес. Анткени жергиликтүү бийлик соода кылам дегендерге, ишкерлерге түзүк эле колдоо көрсөтүүдө. Башка шаарлардагыдай «билген арабаңды сок» деген жери жок. Айрымдар өз кызыкчылыгын гана ойлоп, уруксат берилбеген, адам өтө турган төтө жолдорго (тротуарларга) соода кылып, ары-бери каттагандарга тоскоолдук жаратууда. Эч бир жетекчиликтин эскерткенин тоготпогон, өзгөлөрдү жана мыйзамды сыйлабаган көчө соодагерлери жөнүндө сөз кылабыз.
Чаң жердеги азыктар. Кимдер сатып, кимдер алууда?
Г.Айтиев менен Курманжан датка көчөлөрү кесилишкен бурчта, жөө адамдар басуучу төтө жолдо отуруп алып соода кылгандардын саны учурда күндө бир адамга көбөйүүдө. 4 көчө кесилишкен жер болгондуктан, унаалар күн-түн дебей ары-бери жүрүп турат. Мөмө-жемиш, сүт азыгы, ачык, үстү жабылбай эле сатылып жатат. «Тиричиликтин айынан отурушат да» дейин десең, саткандары оголе көп, ары кымбат, бир баштык алмасын саткан байкуш эмес. Кимден уруксат алдыңар десек, ар кайсыны бир айтып, сүйлөшкөндөн качышты. Жүзүмдүн баасын 140 сом деп жазып коюптур.
Алуучуларга кызыктык. Ушундай жерде –адам буту баскан көчөдөгү, эч кандай санитардык нормалар сакталбай сатылып жаткан мөмө-жемиштен кимдер сатып алат? Жумуштан кайтып, үйүн көздөй бараткан айымдар. Базарга баруудан эринип, базардагыдан бир топ кымбаттыгына карабай сатып алып, өз чөнтөгүнө жана шаардын тартибине кайдыгер карагандар.
Түрткүлөшүп өтүп жаткан адамдарга кайыл болуп, жүзүм тарттырып жаткан бир айымга «сиз көчө соодагерлигине кандай карайсыз?» деп кайрылсак, жини келип жооп кайтарбай жүзүмдү албай басып кетти.
«Сымбат» тейлөөүйү («дом быта» району)
Масалиев проспектисиндеги бул райондо көчөдө соода кылгандар эч кимге өөн эмес. Сүт азыктары, нан, мөмө-жемиш баарын сатып жатышат. Базар наркынан бир топ эле кымбат, мисалы, жүзүм базарда 80-90 сомдун тегерегинде, бул жерде 100 дөн жогору. Сүт азыктарында 10-15 сом айырма бар.
Буларды кимдер тескешет?
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкелерин ижарага берүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Каныбек Абдыкапаров:
«Тротуарда соода кылуу мыйзамсыз»
-Борбордук эсептелген Курманжан датка, Масалиев, Раззаков, Б.Осмонов атындагы көчөлөрдүн боюна, башка аймактардагы төтө жолдордо соода кылуу мыйзамсыз. Бизде ар бир ишкер менен келишим түзүлөт. Анда жайгашкан жери, дареги так көрсөтүлөт. Жогорудагы адамдарга биздин балдар барып түшүндүрүп, базардан орун сунуштап көрүштү. Жок болуп калат да кайра пайда болушат. Эч кандай сертификаттары жок. Салык да төлөшпөйт. Биргелешип чара көрбөсөк болбой калды.
Ушул башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери Мирбек Досматовго кайрылганда, ал көчө соодасына жазана салууга укугу жоктугун айтты. Барып, түшүндүрүп айтабыз, орун сунуштайбыз. Бирок башка бир чара көрүүгө укугубуз жок. Күч органдары гана чара көрө алат дейт М.Досматов.
Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана бизнес –чөйрөнүөнүктүрүү агенттигинин жетектөөчү адиси Эркинбек Ибрахимов:
«Биргелешип административдик комиссияга алып киребиз»
-Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн четиндеги башаламан соода жүргүзүүлөрдү, мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирүү жөнүндө шаардык мэриянын №45 буйругунун негизинде мыйзамсыз сооданы көзөмөлдөйбүз. Шаардагы көчө соодагерлерине милиция кызматкерлери менен барып, маселени чечүүгө аракет кылып жатканыбызга карабай, такыр токтото албай жатабыз. Жок болуп эле кайра чыгып алышууда. Айтиев-Курманжан даткадагы соода кылгандарга 4-5 ирет барып, «Ош-маркеттин» алдынан орун таап берүүнү сунуш кылганбыз. Көнбөй коюшту, бизди такыр тоготпойт. Комиссияга алып кирели десек, келишпейт. Айлабызды кетиришүүдө. Участкалык милиция протокол жазып же отургузбай койсо болот. Аларда бизге караганда укук көбүрөөк.
Шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкери көчө соодасы мыйзамсыздыгын ырастап, аларга чара көрүү фито-санитардык инспекцияга тийиштүү экендигин айтып, жоопкерчиликти аларга жүктөдү.
Аймактык тескөөчүнү сураштырсак, кызмат боюнча маанилүү жерде экендигин айтып, бул иш боюнча тийиштүү кызматтар менен биргеликте иш алпаруу зарылдыгын айтып тим болду. Ал эми бул участканы караган Ош облустук ЖККнын (ППС) кызматкерлери
Нурлан Мамашов, Бексултан Абдихалилов мындай деп айтышты.
«Отурбагыла дей берип чарчадык»
-Кечээ күнү, бүгүн эртең менен да эскерттик. Тоготушпайт. Биз болсо айтып, эскерткенден башка эч кандай чара көрө албайбыз. Башка мамлекеттерде мындай мамиле кылгандарды жазалап, ал түгүл сатып жаткандарын ыргытып жибергенин да укканбыз. Жанына жакын баруудан этияттанабыз, колубузду тийгизмек турсун. Эми чогуу-чараан чара көрбөсөк болбой калды. Бизди угушпайт.
Кумар Исаков, санитария жана фитосанитария инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси:
«Текшерилбеген азыкты сатып албаш керек»
-Эреже боюнча текшерилбеген азык-түлүк сатылбаш керек. Ага карабастан ушундай көрүнүштөр болууда. Ооба, ар бир кичи районго эт, сүт, жашылча саткан павильон керек. Бирок жогорудай эмес, санитардык нормада. Биздин инспекция да эскерткенден башка эч кандай чара көрө албайт. Азыр барып санкитебиң барбы» деп сурап койоюнчу, аны уруксат берди деп түшүнүп, башка кызматтарга чоң сүйлөй башташат. Шаар боюнча 11 кызматкер аздык кылат экен, жетише албай жатышат баарына үлгүргөнгө. Эскерткенден башка нерсеге укугубуз жок. Дагы барып эскертебиз, түшүндүрөбүз.
Соңку сөз ордуна
Көчө соодагерлеринин бир нече кызматты убарагерчиликке салып, тартипке баш ийбей жаткандыктары мыйзамга да, шариатка деле туура келбейт. Анткени жетекчиликке баш ийүү, соодадагы тазалык, адал эмгек шариатта да айтылган. Туура эмес жерге туруп соода кылгандар деле акыры бир күн түшүнүп аңдашар же алардын саткан товарын албай коюп, өз саламаттыгыбызга сак болсок, балким аларманы жок айласыз баш ийишер. «Ушундай жерден бир нерсе сатып алып жейсизби?» деген сурамжылоогобузга көпчүлүгү «жок» деп жооп беришти, азчылык гана «шашканда эле ала коем, эми албайм» деген жооп кайтарса, көпчүлүк «алардын үстүнөн акча алып жаман үйрөнгөндөр бар, ошон үчүн камырабай отурушат, аймактык тескөөчүлөр менен эле санитардык борбор тыйып койсо болмок» деген жоопту айтышты
Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев аймактын тургундары менен жолугушууда «мен адам өмүрүнө коркунуч келтире турган, мыйзамга туура келбеген иш-аракеттердин баарына каршы турам. Мындан бир топ жыл мурда баары борбордук базардан соода кылышчу, азыр ар бир көп кабаттуу үйдүн алдына эле дүкөн улай салып, ошол үйдүн бүт жашоочуларына кооптонууну жаратып жатышат. Биз сейсмикалык жактан өтө кооптуу делген аймакпыз. Андыктан шаарда керексиз, коркунуч алып келе турган курулашка каршылыгымды билдирем, адам өмүрүнөн кымбат эмне бар» деп айткан сөзү калетсиз…
Масимкан Турсунбекова
Фото Сыдык Токонов
Төлөө терминалы жаңы жылга чейин орнотулат. Анткени Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында калк жыш жайгашкан. Мындан сырткары жашоочулар шаарга келүүдө жолдун алыстыгынан кыйналышат. Ага байланыштуу ушундай жеңилдик каралды. Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жетекчилигинин айтымында учурда тейлөөчү банктардын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми Ош шаарына төлөө терминалдарынан 50дөн ашыгы орнотулуп бүттү. Алар соода түйүндөргө, дүкөндөргө, эл көп барган жерлерге жайгаштырылды. Учурда Ош шаарында 9 миңге жакын жаран салык төлөйт. Алардын 6641 жеке тараптар болсо, 2161 юридикалык жактар.
12-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы Г.Эсенбаева жана шаардык Кеңештин депутаты А.Мамадалиев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте №62- “Каныкей” балдар бакчасы менен жеринен таанышып келишти. Баарыбызга белгилүү болгондой, жаш жеткинчектерди тарбиялоо аларга энелик мээрим жана татыктуу билим берүүдөн башталат. Ошондуктан шаардык Кеңештин депутаттары шаарыбызда үлгүлүү болгон №62-бала бакчанын атайын ачык саатына катышып, өздөрүнүн жогорку баасын беришти. Шаардык Кеңештин депутаты А.Мамадалиев бала бакчада көптөгөн заманбап балдар ойноочу жана мекенчилдикке үйрөткөн усулдук көрсөтмө куралдарга көңүл буруу менен башка бала бакчаларда да колго ала турган саамалык экендигин баса белгиледи. Ошондой эле эл өкүлдөрү балдардын күлкүсү менен ортоктош болушуп, шаарыбыздын башка балдар бакчаларынын жетекчилери менен пикир алмашты.
Учурда Ошто кыймылсыз мүлктүн баасы канча, суроо-талап кандай үйлөргө көбүрөөк, баа көтөрүлөбү, же түшөбү деген суроолорго жооп издеп көрдүк. /й, жер сатуу, сатып алуу, ошондой эле ижарага берүү жылдын кайсы мезгилине карабастан, боло берчү көрүнүш. Ошто туруктуу жашоо үчүн катталгандардын саны да кескин өсүп, аны менен катар турак-жайга болгон талап да олуттуу маселе бойдон калууда.
Ошто турак-жайга талап Бишкектен калышпайт
Учурда Кыргызстанда турак жайдын баасы экономикалык кризистен улам10-20 % арзандады. Бишкекте батирлердин чарчы метри жайгашкан аймагына жараша 450 доллардан 800 долларга чейин, калаанын чок ортосуна салынган үйлөрдүн 1чарчы метри 1200-1300 доллардан сатылууда. Ош шаарында баалар, чарчы метри аймактарга жараша, 350 доллардан 450 долларга чейин болуп жатат. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн арзандаганы сезилбейт. Ал эми союз маалында салынган көп кабаттуу үйлөр, жер үйлөр бир топ арзандаганы байкалууда. Баалар үйлөрдүн аймагына, сериясына, кабатына, батирдин ички абалына, жылуулуктун бар-жоктугуна жараша айырмаланат.
Шаарыбыздын «Дом быта», Зайнабединов, Араван кичи райондорунда 103 сериядагы үйлөрдөгү 2 бөлмөлөр 27, 30 миң доллар, 3 бөлмөлөр 32 ден 40 миң долларга чейин сатылууда. 77 сериядагы үйлөр мындан бир аз кымбатыраак.1 бөлмөлүүлөр 12 миңден 17-19 миң долларга чейин болууда. Ал эми Кулатов, Төлөйкөн, ХБК , Түштүк-чыгыш райондорунда бир топ арзан. Анар кичи районунда бардык үйлөр борборлоштурулган жылуулук түзүмүнө кошулгандыктан, кымбат бааланат. Кулатов, СМУ-ТТ тарапта кыйла арзандаганы билинүүдө.
Уй сатып алуу күзүндө күч алат
Шаарда кыймылсыз мүлк алып-сатуу менен алектенген 13 риэлтор кеңсеси бар. Айрымдары менен байланышып, пикирлерин сурадык. Алардын пикири боюнча, дал ушул учурда -күзүндө үйгө болгон талап күч алат.Анткени, күзгү бышыкчылык болуп, эл эккен эгинин жыйып-терип, жайлоодон семирип түшкөн малын сатып, айтор көпчүлүктүн колунда акча бар маал. Окуу жайларда окуган балдарына үй сатып бермек болгондор, үйлөрүн чоңойткусу, азайткысы же алмаштыргысы келгендер күздө батир издеп киришет. Учурда кардарлар көбүн эсе 1,2 кааналуу үйлөргө басым кылышууда. Коммуналдык төлөмдөргө байланыштуу болсо керек, 3-4 каана алам дегендер сейрек. Жер үйлөргө талап аз. Анткени, үй сатып алып коюп, кайра иштегени кеткендер үчүн кабаттуу үйлөрдөн алуу оңтойлуу. Култтап коюп же ижарага берип коюп кетсе болот. Оштогу турак-жай алып-сатууда бир өзгөрүү болсо, алгач Кулатов, СМУ-ТТ кичи райондорунан сезилет.
«Аларман аз, сатарман көп»
-Ошто үйлөр бир топ арзандады. Аларман аз, сатарман көп болууда. Шаардагы үйлөрдүн баасын чет элде иштеген мигранттардан келген акча «кармап турчу». Рублдун куну кетип, залакасы бизге да тийүүдө. Ал жактан ай сайын келе турган акчага ишенип, банктардан насыя алгандар төлөй албай жатышат. 5миң доллар карыз болуп калып, аны «жабыш үчүн» үйүн саткан адамдар болууда. Бирок, ошол эле учурда «элитный» эсептелген үйлөргө болгон талап баштагыдай. Мисалы, бир кардарыбыз «элитный» үйдөн 3 бөлмөлүү батирди 60 миң долларга сатып алды. Эң арзан бааланган учур, бир бөлмөлөр 10 миң долларга түштү.
/йлөрдүн арзандай баштаганы Кулатов, СМУ-ТТ райондорунан дароо сезилет. /й сатып алууга талап солгундай баштаганда, биринчи ушул райондор «таштайт», анан калгандары. Шаарыбыздагы Араван кичи районунда шашылыш эле болуп калбаса, арзан сатылган учур боло элек,-дейт кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкери Жыпар Садыкова.
Жаңы салынып жаткан үйлөрдө
Анткен менен жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн наркынын арзандаганы байкалбайт. Жаңы типтеги, заманбап үйлөрдөн батир алуу үчүн алдын ала төлөп, курулушту алга жылдыргандардын көбү мигранттар. Алардын ай сайын жиберген акчалары, алгачкы төлөмдөрү курулуш тармагын алдыга жылдырып турган. /йлөр бүтүп колдонууга тапшырыла баштаганда толук төлөй алышпай, көйгөй жаралууда. Заңгыратып салынып, бирок эч ким сатып албай бош турган үйлөр да жок эмес. Шаарыбыздагы курулуш компаниялары менен байланышып, иштин жүрүшүнө кызыгып көрдүк. Алардын айтымында, рублдун түшүп кетиши кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Марат Алимбеков, «ТКК» ЖЧКсынын башкы директору:
«Насыядан алыс болуп, шарыяттын негизинде иш тутабыз»
-Кулатов кичи районуна 6 кабаттуу, бышкан кыштан салынган үй куруп бүттүк. Курулуш жүрүп жаткан мезгилде 25 тен 120 га чейин жумушчуну иш менен камсыз кылдык. Кардарларыбыз жөнүндө айтсак, көбү чет жерлерде иштеп жүргөн мигранттар, мугалимдер, прокурорлор, калктын бардык катмарынан бар десек туура болот. Курулуш башталганда батирдин жалпы суммасынан 20-30 % төгүшүп, калганын ай сайын үзмөк болушкан. Рублдун кунунун кетишине, дүйнөлүк кризиске байланыштуу кардарлардын төлөө мүмкүнчүлүгү начар болуп, учурда төлөмдөр кечигип жатат. Акчалай төлөй албагандарга альтернативдүү жолдорду сунуштап жатабыз. Ак ниет менен алып жаткан үйүнө банктан насыя ала коюп, карыз болбосун, элге жеңилдик болсун деп мөөнөтүн узартып берүүдөбүз.Шарыяттын негизинде иш тутуп, ак мээнет менен иштейбиз. Сапат биз үчүн биринчи орунда, салган үйлөрүбүздүн бышыктыгына кепилдик беребиз.
«Шаарды өнүктүргүбүз келет»
«Достук» турак-жай комплексин курган «Ата курулуш» ЖЧКнын жетекчиси Чагатай Аматов элдин мүдөөсүн, кардарлардын талабын биринчи орунга койорун айтат.
-Биздин кардарлардын көбү Россияда иштегендер болгондуктан, орус акчасынын түшүп кетишине байланыштуу төлөө солгундап кетти. Ага карабастан кардарлардын кызыкчылыгын эске алып, мөөнөтүн узартып берип, колдоо көрсөтүп жатабыз. Компаниядагы балдардын баарысы шариаттын принцибин бекем тутуп иш алпарган жигиттер. Ак мээнет менен салып жаткан ишибизге насыяны аралаштырбайбыз. Кокус кардарлардын насыя алып силерге төлөйм дегенин уксак, насыя алдырбай коюунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Бул үй биз салып жаткан 2-үй. Биринчисин колдонууга тапшырдык. Принцибибиз – сапат жана мөөнөт. Кардардын айткан мөөнөтүндө бүтүрүү. Баасы, бир чарчы метр - 450 доллар. Мунун ичинде үйдүн өздүк наркы кошулган. Бөлмөлөрдүн аянты кардарлардын талабына ылайык ар кандай болгондуктан, баалар ар түрдүү эсептелет. Бирок, Бишкектегидей асман баасында эмес, элибиздин жашоо-шартын, мүмкүнчүлүгүн эске алып иш тутабыз. Өзүбүз Россия, Казакстанда иштеп жүрүп көп тажрыйба топтогонбуз. Убагында шымдын багалегин кыскартып, шруп катырып акча таап иштеген мээнеткеч балдар бар арабызда. Ошондуктан элибизге жардам бергибиз, шаарыбызды өнүктүргүбүз келет.
Айлыкты карагандарга мамлекет колдоо көрсөтүшү зарыл
Эксперттердин белгилөөсү боюнча, айлык акыны карап жашаган элдин катмарынын ушундай арзандаган учурда да үй сатып алууга дарамети жетпейт. Коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит алса болот. Бирок алар үстөгүн 25% дан төмөн бербейт. Ал эми мамлекеттик ипотека жанданса, жылдык пайызы 15% дан жогору болбойт деп айтышууда эксперттер. Ошондуктан мамлекет колдоо көрсөтүп, узак мөөнөттүү ипотекалык насыя берүүнү жайылтууга тийиш.
«Ош мэриясы ипотекага үй берүүнү колдойт»
Элдин муктаждыгын эске алып, Ош шаардык мэриясы тургундарга узак мөөнөттүү ипотекалык насыя берүүнү пландаштырып, атайын департамент түзүлгөн. Мекеменин жетекчисине ипотека маселеси боюнча кайрылдык.
«Максатыбыз элибизди турак-жай менен камсыз кылуу»
Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин директору Исраилов Мирлан Кубанычович:
-Жыл өткөн сайын шаарыбызда адам саны көбөйүп, турак жай салуу үчүн жер алуу талабы күчтүү болууда. Шаарга тийиштүү жерлер акыркы жолу 1988-жылы кезектегилерге таркатылып берилген.Бүгүнкү күндө шаарга караштуу жер жок. 2006-жылы кезекке тургандарга Кең-Сай, Жибек жолу массивдеринен жер берилип бүттү. Учурда кезекте тургандардын саны 22 миңден ашык. Ал эми башта алган жерин саткандар кымбат сатышууда. Мисалы, Кеңеш тарапта 2 бөлмөлүү үй 6 сотых жери менен 35-40 миң долларга бааланып жатат. Башта суроо-талап анча болбогон Амир -Тимур шаарчасында жер азыр кымбаттап кетти.
Ош шаарынын өнүктүрүү программасынын алкагында шаар мэриясы тургундарды турак-жай менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында турак-жай өнүктүрүү фондун түзгөнбүз. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясы курган 600 батирлүү үйлөрдү шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү туурасында Өкмөттүн атайын №495 токтому чыккан. Ал эми Өкмөттүн 583-токтомунун негизинде бул батирлердин 206 сы шаардагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кызматтык үй катары берилди. Калган 384 батир ипотекалык негизде шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерге берилет. Учурда юридикалык процедуралар жүрүп жатат. Банктар менен келишим түзүлүп, 12 % менен, 7 жылдык мөөнөткө берилет. Бул пайыз деле пайда көздөп эмес, инфляция менен күрөшүү, кайра үй салуу максатында кошулат. Буюрса, бул демилге ишке ашса көп тургундар батирлүү болушат.
Масимкан Турсунбекова
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...