• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Ош шаары

Ош шаары (304)

Борбордук базар кеӊейтилди

Понедельник, 25 Июнь 2018 09:03 Автор Бекмурат
Борбордук базар кеӊейтилди

Yстүбүздөгү жылдын 29-майында Ошто борбордук базардагы темир күркөлөрүнүн биринде өрт чыгып, соодагерлер жабыркаган эле. Бул окуядан кийин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев базардагы коопсуздук маселесин шарттуу түрдө кароону жана базар ичин кеӊейтүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырган. Борбордук базардын учурдагы абалы менен таанышып кайттык.

Базардагы өрт коопсуздугу текшерилди 

 11-июнь күнү шаардагы борбордук базардагы өрт коопсуздугун текшерүү максатында өрт өчүрүүчү автооунаа менен окуу өткөрүлдү. Аталган окууга вице-мэр Шакир Зулимов,  мэриянын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Пирматов, борбордук базардын жетекчиси Мухаммед Курбанов жана өрт өчүрүү кызматкерлери катышты. Мында атайын өрт өчүрүүчү унаа менен базардын башынан аягына чейин кирип, кайра артка бурулууга толук шарт түзүлгөнү маалым болду. Жыйынтыгында базардагы өрт коопсуздугу талапка жооп берет делинип, соодагерлердин белгиленген жер өлчөмүнөн сыртка чыкпоосу эскертилди.

Борбордук базардын жетекчиси Мухаммед Курбанов:  

«Соодагерлер менен келишим түзүлдү»

- Базарды өрт коопсуздугуна жооп бере тургандай кылып жолду кеӊейтип берүү максатыбыз бар болчу. Өзүӊүздөр көрүп тургандай бир топ темир күркөлөр кесилип, артка жылдырылып, эшиктери ичкери ачыла тургандай кылып оӊдолду. Мындан сырткары соодагерлердин өзүнүн суранычы, сунушу менен өрт өчүрүүчү автоунаа кире ала тургандай кылып базардын үстүн убактылуу жаап алуу иши аткарылып жатат. Бул ишке бюджеттен эч кандай акча каралган эмес. Сатуучулар өздөрү демилге көтөрүп чыгышып, акча чогултуп жаптырып жатышат. Кышында карда, жамгырда соодагерлер өздөрү кыйналбашы үчүн гана убактылуу жабууга уруксат берилди. Негизи убактылуу жер болгондуктан үстүн жабууга уруксат берилбеши керек эле. Бирок, ар кандай кырсыктын алдын алуу жана соодагердин иштешине шарт түзүү үчүн гана  уруксат берилди.

Борбордук базарды башка жакка жылдыруу маселеси көптөн бери айтылып келет. Ылайыктуу жер табылса ошол жерге жылдырып, бул жерди эс алуу багына айландырабыз деген план каралган. Бирок, так бир убакытты айтуу кыйын. Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп, аткарылбай келет. Ошондуктан базардагы коопсуздук толук сакталышы үчүн соодагерлер менен алдын ала келишим түзүлдү. Келишимде соодагерлер эгер белгиленген жер өлчөмүнөн өтүп кетсе, соода орунун өз ыктыяры менен бошотуп берем деп кол коюп беришти. Ошонун негизинде иш алып барабыз. Соода кылгандар өз темир күркөсүнөн 6 метр аралыкка чейин гана товарын кое алат. Эгер ошол 6 метрден өтүп кетсе автоматтык түрдө, келишимде каралгандай өз ордун бошотуп берет. Базар ортосундагы кеӊейтилген аралык бир гана соодагердин эмес, сатып алуучунун да коопсуздугуна жооп берет.

Мэриянын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Пирматов:

«Базар ичи толук тазаланып, талапка жооп бере турган абалда»

- Шаар мэринин ушул жылдын 19-апрелиндеги №112 буйругунун негизинде базар коопсуздугун кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия борбордук базарда 29-майдан баштап атайын тапшырманын негизинде иш жүргүзүп жатат. Натыйжада жалпы борбордук базардагы соода орундарын иреттөө, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, базардын ичинде жайгашкан 790 соода орундан өрт өчүрүүчү автоунаалардын өтүүсүнө тоскоол болгон 56 темир күркө (контейнер) жана 23 прилавка алынып салынды. Ошондой эле 411 темир күркө кыркылып, талапка ылайык кичирейтилди. Калган темир күркөлөр жолдун эки четине ирээттелип, жылдырылып, ортодогу жолдон өрт өчүрүүчү автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзүлдү. Соода орундар коюлуп, иштебей турган 8 өтмөктөгү темир күркөлөр алынып, жолдор бир топ кеӊейтилди. Андан сырткары соодагерлердин өз демилгеси менен өздөрүнүн каражатына күндөн, жаан-чачындан коргонуу максатында базардын үстү өрт өчүрүүчү автоунааларга тоскоол болбой тургандай абалда жабылды. Өрт өчүрүүчүлөрдүн белгилеп берген өлчөмү 5 метрден бийик жабылышы керек болгон. Бүгүнкү окууда бул нерселер да каралып, аталган талаптарга жооп берери аныкталды. Өзүӊүздөр көрүп тургандай унаа кеӊири кирип-чыкты. Дагы бир белгилеп кетчү иш-аракет базардын ичиндеги таштандыларды тазалоо болду. Жалпысынан 29-майдан 11-июнга чейин базардын ичинен таштанды ташуучу автоунаа менен 48 рейс курулуш материалдары жана башка ар кандай таштандылар тазаланып чыгарылды.

Имият Боронов, соодагер:

«Союз мезгилинен бери көӊүл бурула элек болчу»

- Соода тармагында көптөн бери иштеп келем. Шаарда фабрика, заводдор болбогондон кийин жалгыз тиричилигибиз ушул соода тармагы болуп калды. Базар коопсуздугуна чынында союз мезгилинен бери көӊүл бурула элек болчу. Быйыл минтип жакшы көӊүл бурулуп,  тазаланып, кеӊейтилип калганы соодагер катары мени кубандырды. Өткөн жолку кырсыкта өзүӊүздөр көрдүӊүздөр заматта күйүп түшүп калды эле. Өрт өчүрүүчү автоунаа кире албай, жетишпей калганбыз. Эми минтип өрт коопсуздугунун талабына жооп берип, коопсуз болуп калганы жакшы жышаан. Соодагерлердин атынан шаар мэрине, тийиштүү жетекчиликке рахмат айтам. Элдин камын ойлоп, алардын коопсуздугуна шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бардык темир күркөлөрдүн эшиктери унаага гана эмес, сатып алуучуга да тоскоол болбоочудай кылып ичкери жаба турган кылдык. Ушундай болуп базар ичи кеӊейтилип, жакшына көрүнүп калгандан кийин соодагерлер өзүбүз да демилге көтөрүп, үстүн жаптыралы деген чечимге келгенбиз. Себеби, эртеӊ жаан-чачын боло баштаганда ар ким өзүнүн күчүнө жараша материал, клеенкаларын жаап алышат да, баягы эле өрт коопсуздугунун талабына жооп бербей калат экенбиз. Андан көрө бир чыгынып, акча чогултуп үстүн жаптырып алалы дедик. Жалпысынан ар бир соодагерден 25 миӊ сомдон акча каражаты керектелди. Анткени устасына, темирине, тунукесине эле көп акча кетет экен. Бүгүнкү күндө базардын 70, 80 пайызы жабылып калды.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: С. Лапушкин

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Дачадагы жалгыз бала бакча

Понедельник, 11 Июнь 2018 03:46 Автор Бекмурат
Дачадагы жалгыз бала бакча

Бала бакча тууралуу

Дүйнө жүзүндө бала бакча түшүнүгү алгачкы жолу XIX кылымдын башында Шотландияда «Жаш балдар үчүн мектеп» деген аталыш менен пайда боло баштаган. Ал эми 1837-жылы Германияда педагог  Фридрих Вильгельм Август Фребель тарабынан «Бала бакча» деген аталыш пайда болгон. Бала бакча деп аталып калганын педогог мындай түшүндүрөт: балдар жашоонун гүлдөрү, аларга аяр мамиле жасоо керек жана жашоонун гүлдөрүн гүл багуучу өстүрүүсү шарт. Ушундан улам “Бала бакча” деп аталып бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет.

«Ширинтай» бала бакчасы мындан бир жыл мурун ачылып учурда 130дан ашуун наристени тарбиялап жатат. Сметалык баасы 20 млн. 200 миӊ сомду түзгөн курулушту «Иверия» ЖЧК 10 млн. 200 миӊ сом тендердик баа менен бүтүргөн. Дача аймагынын тарыхындагы биринчи бала бакча заманбап стилинде бардык шарттары  менен курулган. Балдар үчүн ойноочу аянтчалар, медициналык каанасы, кыргыз тил каанасы жана музыка канаалары бар. Бакчада жалпысынан 15 кызматкер эмгектенет. «Ширинтай» балдар бакчасынын директору Айдана Абилат кызы буларга токтолду:

«Элдин койгон талабына жараша иштеп жатабыз»

- 11-октябрда курулуш ишин толук бүтүрүп колдонууга беришсе, биз жумушту айдын башынан болсун деп 1-ноябрдан баштаганбыз. Дача аймагы чоӊ болгон үчүн 75 орундуу бакчага 130дан ашуун наристени тарбиялап жатабыз. Түрдүү аймактардан келип отурукташып калган эледер жашагандыктан «беш кошкон эл» деп коюшат экен. Булар менен иштөө да бир аз татаалыраак. Ата-энелер биринин сөзүн экинчиси колдобойт. Талаптар да ошого жараша түрдүү болот. Бири келип тигини жаса десе, экинчиси келип муну жаса дешет. Жалпысынан эл кызматында болгондон кийин элдин талабына жараша иштеп жатабыз. Бакчада 15 кызматкер эмгектенет. Алардын бешөө жогорку билимдүү, калганы атайын адистештирилген билимге ээ.  Андан сырткары эки күндүзгү жана түнкү кароолчуларыбыз бар. Негизи бул бала бакчанын курулушу башталгандан баштап эле ата-энелер аймактык кеӊешке алдын ала арыз жазып, балдарын каттаткандар көп болду. Андан сырткары тарбиячылар, ашпозчулар да өзүбүздүн айылдан болушат деген талаптарды коюп, Дача аймагынан гана кызматкерлерди жумушка алганбыз. 

«Жалгыз көйгөйүбүз бар…»

- Бала бакча акыркы үлгүдөгү бардык шарттары менен салынган. Бул үчүн шаар мэрине тынбай ыраазычылыгын айткан аймак тургундары келип турушат. Балдарга кам көргөнүбүз келечегибизге кам көргөнүбүз эмеспи. Ошол үчүн да балдардан эч нерсебизди аябашыбыз керек. Азыркы учурдун наристелери да башкача чынында. Аларды тарбиялоо, бир нерсеге ынандыруу оӊой эмес. Ошол үчүн да тажрыйбалуу тарбиячылар менен иштешүүгө аракет жасап жатам. Балдар үчүн бардык шарттар бар, атайын медициналык каанабыз, бош убакытта музыка менен алектенсин деп музыка каанабыз бар. Ал жакта бийге кызыккан наристелерди бийге даярдайбыз. Кыргыз тили каанабызда кол өнөрчүлүктү көрсөткөн тарбиячыларыбыз бар, баланын кызыгуусун арттыруучу оюнчуктарды колго жасап көрсөтүп берет. Бул ыкма баланын кичинекейинен өзү кызыккан тармагын тандап, ошол тармактын мыкты адиси болуусуна шарт түзөт. Менимче ар бир ата-эненин жумушуна байланыштуу балага толук кам көрө албай калуусунан улам бала бакча  пайда болсо керек. Ата-эне жетишип бере албай калган тарбияны бала бакчадан алып, келечегине кам көрүүсү үчүн мамлекет шарт түзүп, бала бакчалардын санын көбөйтүүдө. Бул үчүн бүгүнкү күндүн ата-энелери кубанышыбыз керек. Бизге келип тарбияланып жаткан ар бир баланын жоопкерчилиги биздин мойнубузда экенин жакшы сезебиз. Кызматкерлерге да тынбай «силерден жалгыз талап кыларым, балдарга жакшы көӊүл бургула, ата-энесине аман-соо кайтарып бергиле» деп айтып турам. Кечинде балдарды ата-энесине аман-эсен тапшырып алып анан эс алып отуруп калабыз (күлүп).

  Жалгыз жетишпеген көйгөйбүз бар. Канализациябыз жок, саркынды сууларды септикке төгөбүз, ал 10 күндө эле толуп калат. Андан сырткары музыка каанабызда музыкалык аспаптар жок. Ушул көйгөйлөрдү шаар мэри карап берсе деген өтүнүчүбүз бар эле.

Гүлнура Аматова тарбиячы:

«Балдар менен иштөө татаал»

- Бул бала бакча ачылгандан бери эле иштеп жатам. Оӊдоп-түздөө иштери башталгандан келип бул жерде аралашып жүрдүк. Жалпысынан бакчада балдарды үч тайпага бөлүп тарбиялайбыз. Кенже тайпасы, орто жаштагы тайпасы анан чоӊ жаштагы тайпа болуп.  Бир тайпада 45 наристе тарбияланат.  Алардын баарын бир убакта кароо чынында татаал, кээде кызыктуу. Бирөөсү ыйласа аны көргөн экинчиси сөзсүз ыйлайт. Же ыйлаган бала оюндагысын айта албайт. Бир бала чалынып жыгылып, бир жери бир нерсе болсо ошол күнү кечке ойлонуп жүрөсүӊ «ата-энесине эмне  деп түшүндүрөм» деп кыжаалат болосуӊ. Кызыктуу жагы бала менен кошо бала болосуӊ. Күлсө кошо күлүп, бийлесе кошо бийлеп дегендей. Кээде ойлонуп калам өзүмдүн балдарымдын алдында да мынчалык ойногон эмесмин деп. Чынында бул жердеги балдарга көбүрөөк көнүп калабыз. Жуманын эки күнүндө эс алып үйдө болгонубузда бакчагы балдарыбызды сагынып калам. «Өгөй балдарым» деп атап алгам. Жумуштун оӊоюу жок эмеспи, кээде ата-энелер келип толтура кемчиликтерибизди айтып, нааразы болушат. Аларга түшүндүрүп, шартыбызды айтсак да түшүнүшпөйт баарыбир. Анан жадаганда «бүгүн биз менен калып иштеӊиз, ошондо түшүнөсүз» деп калабыз. Анткен менен балдарды тарбиялап алардын келечегинде жакшы ишти жасап, мыкты инсан болуп чоӊоюшуна кичине болсо да салым кошуп жатканыма сыймыктанам. Өзүм кесибим боюнча башталгыч класс мугалимимин. Балдарга жакынмын, ошол үчүн да жумушумдан тажабайм. 

Гүлшайыр Жумабекова, аймактын жашоочусу:

«Бул бакчаны көп жыл күттүк»

- Бала бакчанын ачылып, иштей баштаганына бир жыл болуп  калды. Балдарыбызды берип жыргап эле калдык. Бул бакчаны Дача аймагынын эли көпкө күттү. Башка жактагы бала бакчаларга бере албай кыйналып жүргөнбүз. Бир жагынан жол узак, экинчи жагынан акча сурашчу. Жаӊы ачылганда бүт айыл эли кубандык. Шарттары да жакшы, таза, жасаган тамактары да даамдуу, үйрөткөн нерселери пайдалуу. Мен эки баламды бергенмин, бири беш жашта, экинчиси эки жашта. Балдарды бакчага берип көнүп калганыбыз үчүн дем алыш күндөрү жүдөп калабыз (күлүп). Учурдан пайдаланып бала бакча жамаатына, шаар жетекчилигине Дача аймагынын элинин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Балдар биздин келечегибиз, аларга керектүү шарттарды түзүп, татыктуу билим алуусуна өбөлгө түзгөнүбүз биз ата-энелер үчүн гана эмес, мамлекет үчүн да алгылыктуу ишибиз десек болот.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

“Жаралып жаткан ийгиликтер жалпы шаардыктарга таандык”

Понедельник, 23 Апрель 2018 05:37 Автор Бекмурат
“Жаралып жаткан ийгиликтер жалпы шаардыктарга таандык”

Айтмамат Кадырбаев жылына 2 жолу жашоочулар менен жүзмө-жүз жолугуп, жаралган көйгөйлөрдү эл оозунан угууну адатка айландырган. Жолугушууда айтылган маселелер кагаз бетине түшүрүлүп, аны чечүү тийиштүү кызматтарга тапшырылып келет. Алардын аткарылган-аткарылбаганы кийинки жолугушууда кайра элге угузулуп, аткарылбай калган маселе эмнеге аткарылбаганы түшүндүрүлөт. Жолугушууда көп маселелер чечилерине көзү жетип калган тургундар жеке үй-бүлөлүк маселелерине чейин айтып кайрылышууда. Элдин пикиринде бул жолугушуулар мекеме, ишканалардын ишин жеӊилдетип, орчундуу маселелерди ирети менен чечүүгө өбөлгө түзөт.

“Шаардагы эс алуу бактарынын  98% оӊдоп-түзөлдү”

 Калаа башчы Айтмамат Кадырбаевдин быйылкы эл менен жолугушуусу 16-апрель күнү №1 Туран жана №12 Курманжан-Датка 2 аймактык кеӊештеринде башталды. Жыйынга шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жашоочулар катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

   Жыйындын башында шаар жетекчиси жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.

   -Акыркы 4 жылдын ичинде шаарда 3 чоӊ көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражат максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен Н.Исанов жана Ленин  көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн, жаӊыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты. Мындан сырткары, шаарда жарыктандыруу боюнча тынымсыз иш-аракеттер жүрүүдө. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылды.  Ошондой эле эс алуу жайларын реконструкциялап, шаардыктардын эс алуусуна кам көрүп, туризм багытын өнүктүрүүгө бет алдык. Учурда шаардагы эс алуу бактардын 98% оӊдоп-түзөөдөн өттү. Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында оӊдоп-түзөө иштери башталды,- деди А. Кадырбаев. Жашоочулар тарабынан жол, таза суу жана башка маселелер туурасында кат жүзүндө суроолор келип, шаар мэри жооп берди. Тийиштүү жетекчилерге айрым көйгөйлөрдү жыйындан соӊ жерине барып көрүп келүүгө тапшырма берди.

 “Мыйзамсыз дүкөндөр жабылат”

    17-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №2 Достук жана № 3 Сулайман-Тоо аймактык кеӊешинин тургундары менен жолугушту. Алгач өткөн жылдын күз айларында аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.

 -Акыркы жылдары аткарылып жаткан иш- аракеттерибиз элдин жыргалчылыгы, шаардын өнүгүп-өсүшүнө болгон аракет. Шаардыктардын ден соолугуна кам көрүү багытын эске алып, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн айланасына комплекстүү имараттар түштү. Алар футбол академиясы, бокс жана оор атлетика жатак мектеби, веложол. Ошондой эле машыгуучу ачык аянт түшүп, шаардыктар спорт менен машыгып жатышат, - деди А.Кадырбаев.

Жыйында тургундар тарабынан канализация, жол, жарыктандыруу боюнча каттар келип, айрымдарды жеринде чечүү максатында тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеринен көрүп келүү максатында жөнөтүп жатты. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселелери боюнча келип түшкөн каттар боюнча кат ээлерин жеке кабыл ала тургандыгын айтты. Аймактык кеӊештеги Мамажан көчөсүнүн боюндагы мыйзамсыз дүкөндөр жабылып, ал жер асфальттала тургандыгын кошумчалады.

 Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

    18-апрель күнү калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы шаардагы эӊ чоӊ аймак, курамында 13 айыл бар, алардан өткөн жылы келип түшкөн протоколдук тапшырмалар менен алгач тааныштырылып, андан соӊ шаар башчысы шаарыбызда болуп жаткан ийгиликтерге токтолду.

   Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайлангандан тарта шаардын чет жакаларындагы аймактарды өнүктүрүүнү негизги кадам катары белгилеп, айрым маселелерге эл менен жолугушуудан сырткары, көйгөйлүү маселени жеринде көрүп келет. Бул кадам акыркы үч жыл аралыгында көп көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгын калаа башчысы өз сөзүндө кошумчалады.

 -Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы маселелерди жеринде көрүп, орчундууларын акырындык менен чечип келе жатабыз. Жапалактын айрым айылдарында жалпысынан 10 км. жол асфальтталды. Тээке айылына чоӊ мектеп курулуп тапшырылды, Озгур жана Пятилетка айылдарына 2 бала бакча курулду. Учурда маал-маалы менен таза суу берилип жатат. Бул кадамдар дагы уланып Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы толугу менен таза суу менен камсыз болот,- деди А.Кадырбаев.

 Жыйындын жүрүшүндө кат  жүзүндө суроолор келип түшүп, жеринде жооп берилди. Алар таза суу, жол, канализация, жарандарды каттоо тууралуу көйгөйлөр айтылган. Ошондой эле Коӊур-Жаз көчөсүндөгү электр чубалгыларын жаӊылоону РЭСке жеринде тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алды. Ал эми темир заводунун жабылгандыгын айтып, полигонду жылдыруу боюнча жер маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кат аркылуу суроого жооп берип жатып билдирди. Келип түшкөн бардык каттар протоколдоштурулду.

 Жапалактыктар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге жана анын командасы жүргүзүп жаткан алгылыктуу иш-аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти. 

 3 жылда 170 км. көчө жарыктандырылды

   19-апрель күнү шаар мэри Айтмамат Кадырбаев №4 Ак-Тилек жана №5 Керме-Тоо аймактык кеӊешинин тургундары менен жолукту. Айтмамат Кадырбаев аталган аймактык кеӊештердин тургундарынан келип түшкөн ар бир катка жооп берип, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жашоочулардан келген каттардын көбү жол, жылуулук системага кошулуу, таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу жана электр мамычаларын орнотуу сыяктуу маселелерге байланыштуу болду. Түнкү жарыктандыруу боюнча жооп берип жатып калаа башчысы төрт жыл аралыгында шаардагы 12 аймактык кеӊештин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагына кирген айылдардын көчөлөрү түнкү жарык менен толук камсыз боло тургандыгын билдирип, учурда акыркы 3 жыл аралыгында 170 км.ден ашуун көчөлөр жарыктандырылып, 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору светодиоттук лапмалар менен камсыз болгондугун кошумчалады.

Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын, жылуулук системаларын, суу түтүкчөлөрүн оӊдоп-түзөөдө кош каржылоо принциби менен ишке ашырууга боло тургандыгын айтып, тийиштүү жетекчилерге каттын ээлери менен иш алып баруу тапшырылды.

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Уникалдуу аянтча - жайкы сахна бүттү

Понедельник, 02 Апрель 2018 07:46 Автор Бекмурат
Уникалдуу аянтча - жайкы сахна бүттү

Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулуп жаткан уникалдуу аянтча - жайкы сахна бүтүп 29-март күнү колдонууга тапшырылды. Ачылыш салтанатына КРнын премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана меймандары катышты.

   Орто Азияда жок курулуш Ошто курулду

Ошентип Ош шаарында дагы бир курулуш бүтүп, пайдаланууга берилди. Ленинград көчөсүндөгү көпүрөнүн экинчи этабы болуп эсептелген бул аянтча (подиум) өлкөбүздө эле эмес, Орто Азияда да жок уникалдуу аянтча. Аянтча Ош шаардык мэриясы тарабынан демилгеленип, өткөн жылдын сентябрь айында курулушу   башталган. Yчүнчү көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен салынган бул курулуштун сапаты калаа башчысынын тыкыр көзөмөлүндө бүткөрүлдү. Буюрса бул жер эми шаардыктардын эӊ сонун маданий эстетикалык жайына айланат.

Айтмамат Кадырбаев:

«Курулуштар революциясы дагы уланат»

 Подиумдун -жайкы сахнанын ачылыш аземи кечки кооздукту даӊазалоо максатында кечке маалкыга пландаштырылган. Кооз шам чырактар жанып, аянтчанын көркү дарыяга чагылышып, ачылышка келген элдин маанайы көтөрүлүп турду. Премьер-министр С.Исаков жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаӊы курулуш обьектисинин ачылышы менен куттуктады. Премьер-министр өз сөзүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөсүндө алгылыктуу өнүгүүлөр болуп жатканын айтты.

Андан кийин калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктарга салам жолдоп, Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланарын билдирди.

-Ош шаарында курулуштар революциясы мындан ары да уланат. Ордолуу шаарыбызды өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ал эми бул дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот: улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар өтөт. Шаардыктардын маданияттуу эс алуулары үчүн мындан ары да жагымдуу шарттарды түзө беребиз,-деди А.Кадырбаев куттуктоо сөзүндө.

Майрамдык кече ыр-бий менен коштолду

• Иш чаранын жүрүшүндө профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү.

•  Шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

• Салтанатка борбор калаадан КРнын эл артисттери, эмгек сиӊирген артисттери, эстрада жылдыздары, музыкалык топтор, Атай Өмүрзаковдун «Адем» бий тобу чакырылды.

• Бул курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түздү. Аянтчанын узундугу 60, ал эми туурасы 40 метр.

• Айта кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоӊ көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Жогоруда айтып өткөндөй бул аянтча үчүнчү көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бүткөрүлдү.

Масим Турсунбекова

    Фото Сыдык Токонов

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Кутманалы Абдырахман уулу: «Жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу аркылуу гана ишке ашыра алабыз”

Понедельник, 19 Март 2018 04:30 Автор Бекмурат
Кутманалы Абдырахман уулу: «Жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу аркылуу гана ишке ашыра алабыз”

Ош шаарында калктын саны күн санап көбөйүп баратат. Расмий түрдө 251 000 деп айтылганы менен ички миграциянын эсебинен 500 000 ге жакын жашоочу бар деп айтылып келет. Андыктан турак жай маселеси өлкөнүн башка жерлериндей эле олуттуу бойдон калууда. Ош шаардык мэриясы бул маселени чечүүнү көздөп көп кабаттуу үй салып, жарандарга ипотекалык шартта берүүнү сунуштап жатат. Бул багытта жакын арада көп кабаттуу үй салынмакчы. Ал эми жер алып үй салууну көздөгөн жарандар өзүнчө кезекке туруп, бөлүнгөн жерден алышууда. Бул жаатта кандай иштер жүрүп жатканын билүү максатында Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин директору Кутманалы Абдырахман уулуна суроо узаттык.

-Саламатсызбы, Кутманалы мырза. Сөздү алгач былтыркы жылдагы жаӊылыктар менен баштасак. Жерге кезек күткөндөр көп. Бирок жер алдым деген адамдар аз. Кезек жылбай эле тургандай сезилет. Айтсаӊыз, 2017-жылы канча жаранга жер тилкеси бөлүп берилди?

-Өткөн жылы жарандарга жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 6 жолу атайын комиссиянын отуруму болуп, 131 жаранга жер тилкесин бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Азыркы мезгилде жеке турак жай куруу үчүн кезекте турган жарандарды толук жер тилкеси менен камсыздоо үчүн жер ресурстары жетишсиз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Ош шаарына трансформация болуусу мүмкүн болгон жер аянттарын эске алганда, жер ресурстары 4-4,5 миӊ гана жаранды камсыздоого жетүүсү мүмкүн. Ошондуктан, негизги саясат жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу аркылуу ишке ашырууга  басым жасалуусу керек.

-Жер тилкесин алууга канча адам кезекте турат?

-Жер тилкелерин бөлүп берүү КРнын Жер кодексинин 33-беренесинин негизинде кезектүүлүк тартибинде, бош жаткан жер тилкелери болгон учурда жүргүзүлөт. Кезектүүлүк тартиби Ош шаардык Кеӊешинин №162 токтому менен бекитилген «Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби» жөнүндөгү Жобого ылайык мыйзам чегинде каралат. Учурда Ош шаарында 18500 дөн ашуун жаран жер алуу үчүн кезекте турат. Аталган тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, улуттар аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин атайын сайтына жана департаменттин өздүк сайтына жайгаштырылып жатат. Кабыл алынып жаткан чечимдердин протоколдорунун долбоорлору аталган сайтта жана Ош шаарынын мэриясынын сайттарына алдын ала жайгаштырылат. Кезекте тургандардын тизмесинин сайттарга жайгаштырылышы кабыл алынып жаткан чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыздайт деп ойлойм.

-Башта турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууда коррупциялык көрүнүштөр болуп келген. Бул эч кимге жашыруун эмес. Департамент түзүлгөндөн бери бул көрүнүштү болтурбоо максатында кандай чара көрүлүүдө?

-Турак-жай маселеси өлкөнүн бардык аймагында курч бойдон. Жер тилкелери таӊкыс. Ош шаардык мэриясы биринчи болуп ипотекалык шартта батир берүү демилгесин көтөрүп, көп кабаттуу үй куруу менен гана бул маселени чечүүгө болорун билдирүүдө. Департаменттин түзүлүшү да коррупциялык элементтерди ооздуктоонун бир жолу. Жер тилкесин берүүдө эч кандай маселе жарала элек. Эгерде жарандарда жер маселесине байланышкан маселелер болсо Ош шаардык мэриясынын ишеним телефонуна (03222-55249) же департаменттин ишеним телефонуна (03222-29983) кайрылышса болот.

-Жерге кезекке тургандар көп. Жыл сайын жаӊы үй-бүлөлөр курулуп, үй салуу үчүн жер алууга аракет кылып жатышат. Бирок бардыгы эле жерлүү боло алышабы? Жер тилкесинин кору (запасы) барбы, так айта аласызбы?

-Ош шаарындагы жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин инвентаризациялоо максатында,  Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 19-июлундагы №226 сандуу «Ош шаарынын аймагындагы жеке турак-жай куруу үчүн бош жаткан жер тилкелердин резервин аныктоо» токтомун аткаруу максатында бүгүнкү күндө тиешелүү мекеме, ишканалар менен биргеликте иш чаралар жүрүүдө. Бул иш-аракеттер жакынкы күндө Ош шаарындагы жеке турак жай куруу үчүн керек болгон жер ресурстарын так аныктоого мүмкүндүк берет.

-Кеӊ-Сай массивиндеги жер тилкелери боюнча да маалымат берсеӊиз.

-Кеӊ-Сай массивиндеги жер участогунун жалпы саны - 3265. Мунун  2965 жер тилкеси кезекте турган жарандарга берилди. Негизи 1993-2006-жылдар аралыгында арыз жазган 7150 жаранга атайын буйруктун негизинде жер берилмек болгон. Башта айтып өткөндөй, анын 2965 ине Кеӊ-Сай массивинен жер берилди. Калган жер тилкелери да жер тилкесин бөлдүрүп алууга кезеги келген, 1993-2006 жылдар арасында арыз менен кайрылган жарандарга кийин бөлүнүп берилет.

-Этникалык кыргыздарга жер бөлүп берүү маселеси каралганбы? Оштон жер сурап кайрылгандар барбы?

 -Этникалык кыргыздардын ичинен 27 жаран жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кайрылышкан. Аларга өткөн жылы Кеӊ-Сай массивинен жер тилкелери бөлүнүп берилди.

-Дача конушу боюнча маалымат бере кетсеӊиз. Башта курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштыруу кандай жүрүп жатат?

- Ош шаардык Кеӊешинин 2013-жылдын 4-июлундагы №118 токтомунун негизинде шаарыбыздын Дача конуштарында жайгашкан Эдельвейс (Тюльпан), Горная поляна-1, Горная поляна-2, Вишенка Алай-1, Алай-2 багбанчылык участкаларында курулуп калган үйлөрдү жер тилкеси менен бирге мыйзамдаштырып берүү жумуштары шаардын башкы планына ылайык аткарылып жатат.

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-октябрындагы «Ош шаарынын администрациялык аймактык чек арасын белгилөө жөнүндөгү» №173 мыйзамына жана Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 9-ноябрындагы №339 токтомуна ылайык Кара-Суу районундагы мурдагы дачалык-багбанчылык  участкалары жайгашкан 600 гектар жер аянты Ош шаарынын администрациялык аймактык чек арасынын карамагына  өткөрүлүп берилген. Шаардык Кеӊештин №118 токтомунун негизинде Кара-Суу районунун мурдагы дачалык жана багбанчылык участоктору жайгашкан 600 гектар, атап айтканда «Эдельвейс», «Тюльпан», «Горная поляна», «Вишенка», «Чолпон», «Төлөйкөн» жана «Алай» дача жана багбанчылык участкаларында курулуп калган дача үйлөрүн жер тилкеси менен бирге турак-жай категориясына өзгөртүүгө жана башкы пландарын иштеп чыгууга макулдук берилген.

Учурда шаардык Кеӊештин «Ош шаарындагы дача жана багбанчылык участкаларында курулуп калган турак үйлөрдү жер тилкелери менен бирге мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү» №263 токтомуна ылайык, дача конуштарынын жарандары курулуп калган турак үйлөрүн жана жер тилкелерин сатып алышкандыктарына байланыштуу Ош шаарында каттоодо турган жарандардын жер тилкелерине мэриянын токтомун чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилет.

Ал эми шаарда каттоого турбаган жарандар дача конушунда курулуп калган турак үйлөрүн жана жер тилкелерин сатып алышкандыктарына байланыштуу жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн сот органдарына кайрылуусу зарыл.

-Ипотекалык шартта берилген үйлөрдөн түшкөн акча каражаты кандай иштетилет?

-Ипотекалык шартта Ош шаарынын тургундарына жалпысынан 362 батир таратылып берилди. Бүгүнкү күндө чогултулган акча каражаты 174, 0 млн. сомду түзөт. Бул акча каражаты Ош шаарында мындан  ары турак жай фондун кеӊейтүүгө сарпталуусу аныкталган. Айрым мыйзам талаптарына ылайык, атайын бул каражатты өздөштүрүү максатында 13-мартта өткөн шаардык Кеӊештин жыйынында “Турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар” фондун түзүү чечими кабыл алынды.  Аталган фонд мындан ары шаарыбызда ипотекалык шартта берилген акча каражаттарын өздөштүрүү менен, көп кабаттуу турак жайларын куруу, шаарга инвестициялык финансылык агымдарды дагы да тартуу, көзөмөлдөө, шаардык социалдык-экономикалык тармагына түрдүү инновациялык долбоорлорду даярдоо багыттарында иш алып барат. Алдын ала иш-аракеттердин натыйжасында Тилеке баатыр көчөсүнө көп кабаттуу турак  үй куруу чечими кабыл алынып, жер тилкесинин мүнөздөмөлөрү изилденген. Жогоруда аталган фонд толук кандуу иштей баштаса, жакынкы аралыкта көп кабаттуу турак үй куруу иштери башталат.

-Тилеке баатыр көчөсүнө курулуучу көп кабаттуу үйдө канча батир болот, кааналары кандай, кызыккандар көп. Айрыкча бир кааналуу болсо алат элем деген пикирлер соцтармактарда байма-бай айтылууда...

- Мэрия тарабынан алгачкы жолу курула турган бул үй 132 батирлүү болот. Анын 50 %ы эки бөлмөлүү, 30 %ы бир бөлмөлүү, ал эми 20 пайызы үч бөлмөлүү болору болжолдонууда. Албетте ипотекалык шартта үй алууну каалоочулардын пикири эске алынат.

-Жер алуу үчүн кандай документтерди тапшырыш керек?

-Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн департаменттин жеке турак-жай куруу бөлүмүнө төмөнкү иш кагаздарын тапшыруу зарыл:

- аныкталган формадагы арыз;

- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалым каты;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);

- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);

- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым кат.

Жер тилкесин алууга кайрылган жарандын Ош шаарында 3 (үч) жылдан кем эмес түрдө паспорттук катталуусу болуусу зарыл.

Масим Турсунбекова

 

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

«Жалбырак өрттөгөндөргө, айланасын тазалабагандарга айып пул салынат»

Понедельник, 19 Март 2018 04:28 Автор Бекмурат
«Жалбырак өрттөгөндөргө, айланасын тазалабагандарга айып пул салынат»

Ош шаарында 1-марттан 31-майга чейин шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык көзөмөл жана тазалык боюнча жазгы үч айлык жарыяланган. Вице-мэр Асылбек Топчубаев башында турган бул үч айлыктын алкагында атайын иш мерчемдер түзүлүп иштеп баштады.

Жыл сайын салтка айланып калгандай, жаз алдында калааны көрктөндүрүү боюнча жазгы үч айлык жарыяланып турат. Быйыл да 1-марттан 31-майга чейин шаар мэриясынын токтомуна ылайык калааны көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланган. Анын алкагында шаардагы мекеме-ишканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке менчик турак-жайдын жашоочуларынын өздөрү жашаган аймактагы 15 метрге чейинки аралыкты тазалоосу шарт. Тазаланбаган жердин жашоочуларына КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгы жана Ош шаардык алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзмөлдөө борбору чара көрөт. Жарыяланган үч айлыктын алкагында эӊ жакшы тазаланган  аймакка атайын номинациялар берилет.

Иш план боюнча жазгы үч айлык төмөнкү  эки этап менен өткөрүлөт:

1. 1-марттан 1-апрелге чейин, кыштан кийинки чириндилерди, жол четиндеги арыктарды тазалоо, бак-дарактарды отургузуу.

2. 1-апрелден 20-майга чейин, дарактарды актоо, көпүрө, тосмолорду жана аялдамаларды сырдоо, жарыктандыруу иштерин жакшыртуу ж.б. Ал эми 20-майдан 31ине чейин жалпы жыйынтык чыгарылат.

Yч айлыктын алкагында аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөөчү 21 кишиден турган штаб түзүлгөн. Жумасына эки жолу отурум болуп, кайсы жер тазаланды жана кайсы жер тазалануусу керек экени талкууланып турат.

Штабдын төрагасы - вице-мэр Асылбек Топчубаев буларга токтолду:

- Азыркы учурда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу тазалоо иштери бир аз басаӊдап калды. Буюрса, күн жылыса кайрадан күчүнө кирет. Андан сырткары жеке менчик турак жайлардын жана ээси бар туруп кароосуз калып кеткен жайларды да тазалоо иштерин тапшырганбыз. Эгерде ээси табылып бирок, айтылган сунушту аткарбаса, тазалабаса,  экотехинспекциядан жана санэпидстанциядан кызматкерлерди тартканбыз, алар мыйзамдын чегинде тийиштүү чараларды көрүшөт. Айтайын дегеним, жарандарды өздөрү жашаган аймакты тазалабагандыгы үчүн эскертүүлөрдү берүү жана жоопко тартуу укугу мэрияда жок. Ошол үчүн жогоруда аталган ишканалардын кызматкерлерин кошконбуз. Шаардагы 12 аймактык кеӊештердин ар бирине экотехинспекциядан жана санэпидстанциядан бирден кызматкерди кошуп берип, талапты катуу коюп, ишембилик өткөрүлүүсүн талап кылып жатабыз. Алгач кароосуз калып кеткен жайлардын ээлерин таап, эскертүү берилет. Тазаланбай калып кеткен жайлардын эӊ башкы себеби да ушунда. Жарандарыбыз жерди сатып алгандан кийин чет өлкөгө же башка шаарга көчүп кеткен болот.

КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык  жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын бөлүм башчысы Асанбек Мамыраимов:

«Жалбырактарды өрттөгөндө экологияга тогуз зыяндуу зат чыгат»

- КРнын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 42- беренесинде жазылган, өзүн-өзү башкаруу органдарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш чара өткөрүлсүн деп. Мыйзамдын негизинде өкмөттүн жана шаардык мэриянын токтому менен жарыяланган үч айлыктын алкагында аймактык кеӊештин төрагаларына көрсөтмөлөрдү бердик. Эгерде шаарда мыйзамсыз таштанды өрттөлсө, белгиленбеген жерге таштанды ташталса, мыйзамсыз бак-дарактар кыйылса, мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүү керек экенин бизге кабарлашса болот. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөр катталса тийиштүү суммада айып пул салынат. Жөнөкөй жарандарга 5 миӊден 10 миӊ сомго чейин. Ал эми жеке менчик ишканаларга 30 миӊ сомго чейин айып пул салынат. Ал эми үйүлгөн таштандыны, жалбырактарды өрттөсө 20 миӊ сом айып пул салынат. Себеби, жалбырактарды өрттөгөндө экологияга тогуз элементтен турган зыяндуу зат кошулат да, адамдын ден соолугуна доо кетиши толук мүмкүн. Бүгүнкү күндө «Ош Сүт» ишканасына топтолгон таштандыны контейнерде турган жеринен өрттөп салганы үчүн жогоруда айтылган өлчөмдөгү айып пул салынды. Мындай мыйзамсыз окуялар катталса сөзсүз чара көрүлөт.

70 миӊ көчөт, 2 млн. гүл эгилет

Аталган үч айлыкта «Ош-Тазалык», Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына тийиштүү тапшырмалар берилген. «Тазалык» ишканасына жол четиндеги баткак болгон жерлерди жууп, арыктарды  тазалоо иштери тапшырылса, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына көчөт жана гүлдөрдү эгүү иштери тапшырылган. Быйылкы жылы комбинаттын өзүнүн питомнигинен чыккан 70 миӊге жакын көчөт эгилет. Мындан сырткары шаарга көрк берип турган гүлдөрдүн саны быйыл 2 миллионго жетет. Бул гүлдөр да комбинаттын өзүнөн өндүрүлгөн. Аткарылып жаткан иштер шаар конокторуна жана жашоочуларына жагымдуу маанай тартууларына шек жок. Андыктан ушул шаарда жашап жаткан ар бирибиз калаабыздын көрктүү болушу үчүн салым кошолу, ишембиликтерге активдүү катышып, тазалыкты сактайлы. Анткени шаардын тазалыгы, көркөмдүгү ар бирибизден көз каранды!

P.S. Кулатов кичи районунун Б.Осмонов көчөсүнүн айланасында кароосуз калып кеткен жеке менчик жайлар көп. Куурап калган дарактар, үйүлгөн таштанды жана эскирген буюмдардын калдыктарын кезиктирүүгө болот. Бул көрүнүш шаар тургундарына гана эмес, конокторуна да ыӊгайсыздык жаратат. Жашоочулардын айтымында, мындай кароосуз калып кеткен жеке менчик жайлар 20 жылдан бери бар. 

 Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Фото: Сыдык Токонов

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Абайлаӊыз, эвакуатор…

Понедельник, 19 Март 2018 04:09 Автор Бекмурат
Абайлаӊыз, эвакуатор…

Ош шаарында 12-марттан баштап көчөлөрдүн туура эмес жерлерине жана жол белгилерге карабай токтотулган айдоочулардын авто унаалары эвакуатор аркылуу атайын айып төлөөчү жайларга алып барылууда. Туура эмес коюлган авто унааларга карата инспекторлор тарабынан  протоколдор түзүлүп мыйзам чегинде айдоочуга айып пул салынат.

Шайырбек Шакиров, Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги:

«Жол кырсыгын болтурбоо жана авто тыгындарды азайтуу үчүн кызматкерлер үгүт-насаат иштерин жүргүзүп турушат»

-Учурда  Ош шаары боюнча  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө  79 кызматкер иштейт,  алардын ичинен  32 офицердик кызматкер, 47 кенже тескөөчүлөр  иштешет. Бул кызматкерлер  2018-жылдын эки ай аралыгында жол кырсыктарын болтурбоо жана шаардагы авто тыгындарды азайтуу үчүн атайын рейддерди өткөрүп турушат. Ушул жылдын эки ай аралыгында  53 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 3 адам каза болду. Ал эми жаш балдар арасында 12 жол кырсыгы катталып, кудайга шүгүр,  каза болгондор жок. Биздин кызматкерлер жол кырсыгын алдын алуу үчүн Ош шаарындагы  орто мектептерге тез-тез барып, үгүт-насаат иштерин да жүргүзүп турушат.  Андан сырткары ар аптанын төртүнчү күндөрү  мектептерге барып жол эрежесин сактоо боюнча сабактарды өтүп келишет. Учурда жол кырсыгынын көптүгүнүн себеби, спирт ичимдигин ичип алып унаа айдагандар көп. Андан сырткары  жолдо баратып унаалар арасындагы аралыкты сактабаган айдоочулар бар, ошолордун кесепетинен жол кырсыгы келип чыгууда.

«Шаардын  17 кооптуу жерине «коюуга  мүмкүн эмес» деген жол  белгилерин койгонбуз»

-Ушул жылдын январь айында шаарыбыздын  17 кооптуу жерине «коюуга  мүмкүн эмес» деген жол  белгилерин койгонбуз. Бирок ал жол белгилерин койгонубуз менен  эвакуаторлор  жоктугунан улам  жол белгиге карата ишти  иш жүзүнө ашыра элек болчубуз. Жакында 2 эвакуатор унаасы келди. 12-марттан тарта  шаардын туура эмес жерине койгон унааларды алып кетүү иши башталды. Ал  жол белгилери  Ленин,  Г.Айтиев, Курманжан датка, Навои  жана башка көчөлөрдүн кооптуу  жерлерине коюлган. Ал жол белги коюлган тарапка эч бир унааны коюуга болбойт. Бул ишти иш жүзүнө ашырганыбыздын себеби, шаардагы авто тыгындарды азайтуу болуп эсептелинет. Эгерде айдоочу унаа коюуга мүмкүн эмес деген жол белгини көрүп туруп,  унаасын ошол тарапка койсо, анда  эвакуатор менен  ал унаа айып төлөнүүчү автотоктомолор жайына алып барылат. Ал айдоочуга  Ош шаардык  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 235-берене боюнча  токтоого мүмкүн эмес деген айып менен протокол түзүлөт. Айдоочу  эвакуатордун кызмат акысын да төлөйт. Эвакуатордун кызмат акысы  1300 сом. Ал эми  жол эрежесин бузган үчүн мыйзам чегинде кассага 1000 сом төлөйт. Бул унаалар Мамыров жана Шакиров көчөсүндөгү автотоктомолор жайына алып барылууда. Ал жердеги автотоктомонун  1 күндүк унаа турчу жайы 100 сомдон. Азыркы кезде шаар ичинде 72 480 унаа бар. Ал эми региондордон келген унаалар менен биргеликте 150 миӊге жакын унаа каттамда турат. Унаа көптүгүнөн авто тыгындар жаралып жатат. Ошол авто тыгындарды болтурбоо максатында  шаардын негизги жерлерине жол белгилерин койдук.

Рашид Сыдыков, Ош шаардык жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча  тескөөчүсү, милициянын майору:

«Бир күндө 20 га жакын  унаа айып төлөнүүчү жайга алып барылууда»

-Учурда Ош шаарынын негизги көчөлөрүнө, авто унаалар көп жерлерге «коюуга тыюу салынат» деген белги коюлган. Бул белгилерди  шаардын ар кайсы жерлерине койгондон  кийин  айдоочуларга түшүндүрүү иштерин  жүргүзгөнбүз. Бул жол белгиси  бир эле көчөнүн 6-7 жерине коюлган. Бирок азыркы учурда  көп айдоочулар жол белгиге карабай эле унаасын коюп жатышат. Ал эми айрымдары болсо 5 мүнөт коюп турайын деген боюнча өз иштерин кылып жүрө беришүүдө. Учурда жол белги коюлган жерге  унаасын коюп кеткен айдоочулардын  унаалары айып төлөнүүчү автотоктомолорго алып барылууда. Эгерде эвакуаторго унааны жүктөп жатканда авто унаанын бир жери сызылып кетсе эвакуаторго жүктөгөн балдар жооп беришет. Андыктан  эвакуаторго жүктөөрдөн мурун айдоочунун унаасын видеого түшүрүп  анан жүктөшүүдө. Бир күндө 20 га жакын  унаа айып төлөнүүчү жайга алып барылууда. Эвакуатор бир унааны  5 мүнөткө  жетпей жүктөп кетет. Ошондуктан айдоочуларга айтаарым, шаардын ичинде жүргөндө жол белгилерге карап, унаа токтотууга тыюу салынган  жерлерге унааӊарды токтотпогула. Эгер жол белгиге баш ийбей унааӊыздарды токтото берсеӊиздер, анда мамлекет тараптан каралган айып пул төлөйсүздөр.

Батма Суранова

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болду

Понедельник, 05 Март 2018 04:17 Автор Бекмурат
Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болду

28-февралда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мекеме- ишканалардын жетекчилери, аймактык кеӊештердин төрага, төрайымдары катышты. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарындагы жол коопсуздугун бекемдөөнүн иш чаралары жана Ош шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн чаралары жөнүндө маселе каралып, талкууга алынды.

Калаада бир айда 28  жол-унаа кырсыгы катталды

Жол коопсуздугун бекемдөө боюнча Ош шаарынын вице-мэри  Шакир Зулимов маалымат берди.

“ Шаар аймагындагы жол коопсуздугун камсыздоого шаар көчөлөрүндөгү автотыгындардын жана шаардын борбордук көчөлөрүндөгү автотоктотмолор негизги тоскоол болууда. Мындай автотоктотмолор көчөлөрдү бууп, автотыгындарды пайда кылып жаткандыгынан сырткары шаардагы аялдамаларда токтоп, жүргүнчүлөргө жана коомдук транспорттордун иштөөсүнө бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Автотыгындардын пайда болушуна дагы бир себеп болуп жаткан жагдай - шаар көчөлөрүндөгү райондор, облустар аралык жеке менчик таксилер болгондуктан, алар үчүн Ош шаарындагы №2-автобекети аялдама катарында бекитилип берилгени менен, автотыгындар азайган жок. Бул багытта биз биргеликте иш аракеттерди мындан ары такай алып барышыбыз керек.

     Мындан ары муниципалдык кызматтар Ош шаарынын салык кызматынын, автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы жана  Ош шаардык жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте шаардын бардык жолдорунда, айрыкча  Масалиев, Навои, Монуев жана Осмонов атындагы көчөлөрүндө час-пик убактыларында  атайын рейддерди көбөйтүүлөрү зарыл. Ал эми бул иш-чараларды уюштурууда айдоочулардын жоопкерчилигин жана жалпы эле жолдо жүрүү маданиятын  эӊ оболу ИИМдин Ош шаары боюна  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, жалпы шаар тургундары, жол жүрүүчүлөр өздөрү негизги демилгечилерден  болууга тийиш.

2018-жылдын 1 айынын (январь) ичинде шаардын аймагында 28  жол-унаа кырсыгы катталган. Жол-унаа кырсыктарында каза болгондор жок болгону менен, 38 адам жаракат алып, өткөн жылга салыштырмалуу 14 учурга жогорулаган. Албетте, жалпы шаар тургундары, жол жүрүүчүлөр өздөрү да өз коопсуздугуна кайдыгер карабашы керек.

Жол коопсуздугун бекемдөө, жарандарыбыздын жолдо каза болушуна, жарат алышына, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн амандыгын, өмүрүн сактоодо бир гана Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү эле эмес, бардык шаарыбызда жайгашкан тийиштүү мамлекеттик структуралар жана муниципалдык кызматтар биргеликте камкордук көрүш керек.

Учурда  шаарга 14 светофор орнотулууда

 -Коомдук коопсуздукту камсыздоо, айрыкча жол коопсуздугун бекемдөө үчүн  «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) фото жана видеофиксациялоо системасын, светофорлорду орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп, учурда Ош шаарында 14 светофордук обьектилер орнотулууда. Шаардын көчөлөрүнө орнотулган 48 обьект жол чырактарды (светофорлорду) жана видеобайкоо системасын техникалык тейлөө жана оӊдоо иштерине 4600,0 миӊ сом каралып, бүгүнкү күндө 4635,6 миӊ сом акча каражаты сарпталып, иштер аткарылууда.

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаӊы доорго кырк кадам” Программасынын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Хуавей” компаниясынын өкүлдөрү менен 2018-жылдын январь айында жолугушуу өткөрүлүп, Ош шаары боюнча долбоордун алкагында шаардын жолдору, жол сызыктардын көлөмү такталып, 58 кесилишке, 7 эл жыш жайгашкан коомдук жайларга, 6 жол айлампаларына жана 3 кооптуу жерлерге видеобайкоо орнотуу сунушталып, 1500 даана видеокамера орнотуулуусу 82 км оптико-волоконный кабельдерин тартуу бул инвестор тарабынан орнотулушу сүйлөшүлдү”,-деп билдирди вице-мэр.

Жазгы 3 айлык жарыяланды

Жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн иш чаралары жөнүндө шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев маалымат берди.

“ Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин  шаарыбызды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды. Yч айлыкты өткөрүү максатында тийиштүү кызматтардын 21 өкүлүнөн турган атайын штаб түзүлүп, иш мерчемдер бекитилди. Иш чараларды аткаруу максатында  негизинен  эки этап менен иш алып барууну туура таптык.

Быйыл Ошко 2 миллион гүл эгилет

Биринчи этап- 1-марттан 1-апрелге чейин бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү, ошондой эле шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо;

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 80 миӊ чарчы метр жерде каштан, дуб, софра японский, багрянник канадский, можжевельник, туя, кипарис, баары болуп 44 миӊ түп көчөт өстүрүлүүдө.  Быйылкы жылы ишкананын өздүк питомнигинде өстүрүлүп даярдалган шаардын аймагына эгилүүчү дарактардын саны: можжевельник 1018 түп, карагач 1370 түп, дуб 400 түп, софра японский 300 түп, кизильник кустарник 270 түп, айва японский 270 түп, кизильник 67000 түп көчөттөрдү эгүү пландалууда.  Ошондой эле 2017-жылы Ош шаарынын аймагына Чехиянын жана өзүбүздүн гүл көчөттөрүбүздөн 1,5 млн.эгилген болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүчтү 2 миллион гүлгө жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул гүлдөрдүн уруктары Швейцария мамлекетинен алынып келинип, муниципалдык ишкананын күнөсканаларында өстүрүлүүдө. Швейцариялык гүлдүрдүн агератум, пеларгония, примула, абконика, тагетус, циния, бегония, петунья, бархатцы, долгоцвет, георгин, виола,галярдия жана башка түрлөрү эгилет.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы кошумча жумушчуларды алып, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун  тазалоону баштады. Бирок, ушул жерде отурган жетекчилерге, айрыкча аймактык кеӊештерге, санитардык көзөмөлдөө мекемелерине, жеке менчик ээлерине жалпы эле коомчулукка «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын гана милдети дебестен, ар бир ишкананын имараттарынын айланасын тазалоону камсыз кылууга чакырам. Ушул иш чаранын аткарылышын санэпидемиологиялык станция жана экотехинспекция тарабынан такай көзөмөлгө алынып, өз милдеттерине шалаакы мамиле кылган жетекчилерге, жарандарга тийиштүү административдик чара көрүлөрүн эскертип кетем.

Ак-Бууранын жээги 11 бөлүккө бөлүнүп тазаланат

    Экинчи этап- 1-апрелден тартып 20-майга чейинки мезгилде дарактарды актоо, жолдордун кесилиштериндеги  көпүрөлөрдүн тосмолорун, аялдамаларды сырдоо, жол боюндагы подпорный стенкаларды сырдоо, имараттардын фасаддарын көрктөндүрүү жана аларды түнкү декоративдик жарыктандыруу менен камсыз кылуу.

         Учурдагы  эӊ көйгөйлүү маселелердин бири бул базарлардын акыбалы. Ошондуктан базардын жетекчилигин ушул нерсеге көӊүл буруусун айтат элем. 3 айлыктын негизинде Ак-Буура дарыясынын жээктэрин тазалоо боюнча атайын иш чара каралып, дарыя 11 бөлүккө бөлүнүп тазаланат.

     Шаарыбызда жалпысынан 400 дөн ашуун ар кандай деӊгээлдеги көчөлөрүбүз бар. Алардын бардыгынын тазалыгын камсыз кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан   шаарыбыздын борбордук, башкача айтканда, «Ош-Тазалыктын» кароосундагы көчөлөрдөн башка негизги көчөлөргө шаарыбызда жайгашкан мекеме-ишканалардын (менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан), билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын  жетекчилери жооптуу болуп бекитилди. Алардын милдети ошол көчөлөрдүн тазалыгын ар дайым көзөмөлгө алуу жана аны камсыз кылуу”,-деди А.Топчубаев.

Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга!

Урматтуу шаардыктар жана калаабыздын коноктору, жашоочулары!

Шаар күнүгө таза, көрктүү болушу үчүн өз үйүӊүздөрдү кандай тыкан, таза кармасаӊыздар калаага да ошондой мамиле жасаӊыздар! Балдарга тазалыкты үйрөтүп, тазалык бул – ден соолук экенин түшүндүрүү керек! Бирөөнүн мээнетин  сыйлоону эсибизден чыгарбайлы. Калаанын тазалыгы, кооздугу ар бир жашоочудан көз каранды.Бир гана “Тазалык” ишканасы жуусун, шыпырсын, тазаласын деген түшүнүктөн оолак болууга чакырабыз!  Андыктан жазгы 3 айлыкка активдүү катышып, ишембиликтерди, санитардык тазалоолорду уюштуруп, шаарыбыз үчүн кайдыгер карабаӊыздар деген чакырык таштайбыз.

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Келгиле, калаабызга кайдыгер карабайлы!

Понедельник, 05 Март 2018 04:15 Автор Бекмурат
Келгиле, калаабызга кайдыгер карабайлы!

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты жазгы санитардык тазалоо ишинин алкагында -Ош шаарынын ички жана борбордук көчөлөрүндөгү арыктарды, өтмөктөрдү, сквер, парктарды, аллея, бульварларды тазалоо жана жол жээгиндеги арча көчөттөрдү формага келтирүү, бак-дарактардын бутак-шактарын иретке келтирүү иштерин жандандырды. Жогоруда белгиленген жумуштардын баары ишкананын күнүмдүк иши катары күн сайын аткарылып келет. Бирок ага карабастан шаарыбыздын кээ бир тургундары тазалыкты сактабай, шаарыбыздын көркүн бузуп, жагымсыз жагдай жараткан учурлар көп кездешет. “Биздин тиешелүү адистер аймактык кеӊештин төрагалары, кварталдык комитеттин башчылары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана эл менен болгон жолугушуу учурунда жалпы жашоочуларга кайрылуу жолдоп келет. Андан сырткары 3 жылдан бери 3 айлык жазгы ишембиликте "Гүлдөгөн Ош шаарым" аттуу акцияны уюштуруп келебиз. Бул акциянын негизги максаты - бала бакчадан баштап бардык окуу жай, мекеме, ишканалар ошол 3 айлыктын алкагында өз короолорун тазалап, көчөт отургузуп, гүл тиксин, Зеленхозду эле карап отура бербестен шаарыбыздын көркүнө, гүлдөп өсүүсүнө салымдарын кошсун деген ойдо уюштуруп келебиз. Жакшы жыйынтыктар болууда. Бул чек эмес. Буюрса, быйылкы 3 айлыкта мындан да жогорку деӊгээлде салым кошот деген ойдобуз”, -дейт аталган мекеменин кызматкери Иманбек Советбеков.

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Шаар мэри айрым мекемелердин ишмердүүлүгүн сынга алды

Понедельник, 05 Март 2018 04:14 Автор Бекмурат
Шаар мэри айрым мекемелердин ишмердүүлүгүн сынга алды

26-февралда Ош шаарынын мэриясынынын кеӊейтилген аппараттык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеӊештин төрага, төрайымдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, жарыктандыруу, борбордук көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактар, аймактык кеӊештердин ишмердүүлүгү тууралуу маселелерди карады.

А. Кадырбаев:

 “Оштун көркү кылган кызматыбызга жараша болот”

“Оштун көркү кылган кызматыбызга байланыштуу болот. Андыктан ар бир мекеме өзүнүн жетектеген ишканасынын кылган ишине баа берип, аны текшерип туруу зарыл. Жаз келди, шаардын көркүн, тазалыгын карап, аймактык кеӊештер шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көрнөк-жарнактардын иреттүүлүгүн текшергиле. Ар ким өз вазыйпасын аткарсын. Өзүӊөргө бөлүнгөн ишти аткарбай жатасыӊар. Эгер аткара албасаӊар айткыла, аткара тургандар табылар”,- деди А.Кадырбаев.

    Жыйындын соӊунда катуу талаптарды коюп, жумушуна кайдыгер караган айрым жетекчилерге сын айтылып, эскертүүлөрдү берди.

“Жазгы тазалоо иштерин күчөткүлө”

Аппараттык жыйындан соӊ эле калаа башчы вице-мэрлер, тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери, аймактык кеӊештин төрагалары менен биргеликте шаардын тазалыгын, жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин текшерди. Рейддин жүрүшүндө А.Кадырбаев шаардын бир нече кичи райондорун кыдырып, жолдордун, арыктардын, көчөлөрдүн жана сейил бактардын тазалыгын текшерди.

Анын негизинде шаардагы айрым сейил бактардын түнкү жарыктандыруу системалары толугу менен иштебей тургандыгын, арыктар жана көчөлөр акыр-чикирге толуп жатканын көрсөтүп, тазалыгын  сынга алып, жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

“ Оштун тазалыгы, көрктүүлүгү шаарыбыздын жүзү. Ошондуктан ар бир мекеме, ишканалардын кызматкерлери, шаардын тургундары шаарыбызга өз үйүндөй мамиле кылышы керек.  Шаардын тазалыгын, жазгы 3 айлык жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баргыла. Бүгүнкү көргөн кемчиликтерди, көчөлөрдүн, арыктардын тазалыгын, түнкү жарыктандыруу системаларын калыбына келтирүү үчүн 3 күндүк мөөнөт берем. Ар бир аймактык кеӊеште элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү ишканалар менен чогуу иш алып баргыла”,-деди А.Кадырбаев. Мындан сырткары, аймактык кеӊештердин төрага, төрайымдары тиешелүү деӊгээлде иш алып барбай жаткандыгын айтып, катуу эскертүүлөрдү берди.

Ошондой эле Айтмамат Кадырбаев шаардагы көрнөк-жарнактардын иреттүүлүгүн, көчө боюнда жайгашкан соода түйүндөрдүн мыйзамдуулугун текшерип, соода түйүндөрдүн алдын таза кармоого чакырды.

Качан гана мэр айтканда ойгонуш керекпи?

 Шаардык чарба жаатындагы айрым мекемелер мэр айткан соӊ жандана түшүп селт эткендей болду. Кечке мактай берсе ошого көнүп калып бошой түшкөн сыяктуу эле чындыгында акыркы кезде социалдык түйүндөрдөн сындар айтыла баштаган болчу. Дүйшөмбү күнү аппараттык жыйын, андан кийинки калаа башчысынын рейдинен соӊ арыктагы акыр-чикирлер алынып, жол жуулуп, кыскасы  жандана баштады. “Мэр айтпаса кылбай отура бериш керекпи” деген пикирлер да чыкты. “Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына мына 2 ай өттү. Шаарда буга чакырык жасаган бир да көрнөк-жарнак жок” деген эле А. Кадырбаев. Ошол эле күнү кечинде жарнактар илинип калды. Шаар бир гана мэрге керекпи? Ар бир жашоочу, ар бир тиешелүү мекеме  калаага өз үйүндөй мамиле жасаса, таштандыны көрүнгөн жерге таштабаса эле таза болот. Тазалык, көрктүүлүк болбосо республиканын экинчи борбору ири калаанын кейпине күлбөйбү башкалар?

 

 

Жарыяланган категория Ош шаары
Add new comment
Подробнее ...

Подробнее ...

Шаар бюджети эл менен биргеликте талкууланды

Шаар бюджети эл менен биргеликте талкууланды

Ош шаарында 7 миӊ жумуш орундуу тигүү фабрикасы курулат

Ош шаарында 7 миӊ жумуш орундуу тигүү фабрикасы курулат

Токтогул паркы жаңыланат

Токтогул паркы жаңыланат

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов: «Жаштар саясатын көтөрүп, аларга стимул беребиз»

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов: «Жаштар саясатын көтөрүп, аларга стимул беребиз»
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • Вперёд
  • В конец
Страница 5 из 22

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved