Акыркы маалдарда өлкө коомчулугунда мамлекеттик масштабдагы ар түрдүү маараке-салтанаттарды өткөрүүгө карата ар кыл ой-пикирлер айтылып, мамлекеттик андай мааракелердин санын жана масштабын чектөө, ал турсун белгилүү бир убакытка чейин андай мааракелерге мораторий жарыялай туруу сунуштары да киргизилүүдө.
13-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов 2018-жылы мамлекеттик 105 той өтөөрүн айтып, аны сынга алганы бар. Анын айтымында, үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси сыяктуу иш чаралар жакшы нерсе. Бирок, анчалык мааниге ээ болбосо деле мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп жаткан жана алдыда дагы өткөрүлүүсүн күтүп жаткан той-аштар ашкере көбөйүп кеткен.
«Менимче, маанилүү иш чараларга таптакыр эле тыюу салуу жарабайт. Өлкөнүн келечегин ойлосок, мамлекеттик деӊгээлдеги бирин-экин иш чараны бекитип берели да, калганына жок дегенде 5 жылга чейин мораторий жарыялайлы. Быйыл мамлекеттик 105 той каралыптыр. Ар бирин 2 миллион сомдон эсептесеӊиздер да көп сумма кетет. Быйыл Сузактын 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы жана башка мааракелер каралыптыр. Өкмөт бул маселени иликтеп, өз сунушун бериш керек» ,-дейт Жамангулов.
Эске сала кетсек, буга чейин эле Жогорку Кеӊештин дагы бир депутаты Жылдыз Мусабекова мамлекеттин эсебинен каржылана турган мааракелерди кыскартуу зарылдыгын айтып чыккан. Ал залкар инсандардын эмгегин кийинки муундарга жеткирүү жакшы экенин, бирок сөзсүз эле мамлекеттин эсебинен дүӊгүрөтүп той берүү шарт эместигин баса белгилеген. «Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойду эки миллион сомдон эле санап көрүӊүздөр. Балыкчынын 120. Нарындын 150, Кызыл-Кыянын 120, Сузактын 100, Базар-Коргондун 100, Аксы менен Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен бир топ чыгым, ресурстарды талап кылат. Өкмөттүн, премьер-министрдин эрки болуп, тойлорго 5 жылга мораторий киргизбейлиби?» деп суроо койгон. Демек, кеп мааракенин санында эмес, сапатында жана малекеттик маанисинде жатат окшойт.
Мамлекеттик бюджеттен чыгымдалуучу маараке-салтанаттар буга чейин эле болуп келген жана мындан кийин болбойт деп баса белгилөө кесирдик болоор. Мамлекеттик деӊгээлдеги мааракелерге карата зарылдык деген түшүнүктү алганда, ал ириде жалпы улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жыйындысы же белгилүү бир тобу шарттаган кырдаалды туюнтуп тураары белгилүү. Мындай маанайдагы мамлекеттик мааракелер жана алардын алкагындагы эсте каларлык иш чараларды өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн алгачкы кезеӊдеринде аябай зарыл болгону талашсыз.
Алсак, 1995-жыл Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен өлкө аймагында «Манас» эпосунун бүткүл элдик мааракесинин, ал эми БУУ жана ЮНЕСКОнун чечими менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. Бул мааракеге дээрлик 80 өлкөдөн мейман келип, 8 өлкөнүн президенттери, 6 мамлекеттин премьер-министрлери куттукташкан. Мааракенин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу өткөрүлүп, атайын Бишкек декларациясы, ошондой эле «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын өз өлкөлөрүнүн элдерине кайрылуусу кабыл алынган. Анда «Манас» эпосунун жалпы адамзаттык идеяларды интерациялаштыруучу ролу мындан ары да өсөөрү баса белгиленген.
Кыргыздын жалпы улуттук кызыкчылыктарынын алкагынан алып караганда, 2000-жылдын октябрында ЮНЕСКОнун колдоосу менен Ош шаарынын 3 миӊ жылдык мааракесинин белгилениши да зор мааниге ээ болгон. Салтанат учурунда президент А.Акаев Ош шаарына экинчи борбор статусун берүү жөнүндөгү жарлыгын чыгарганы улутка өзгөчө дем берип, шык жараткан. Ага улай эле Ош шаарын келечекте өнүктүрүү багыттары иштелип чыгылган. 5 жыл ичинде Тарых музейинин, телеборбордун жаӊы имараттары жана башка бир катар обьектилер курулган. Кыргызстандын экинчи-Түштүк борбору катары Ош шаары бүгүн ошол күүсүнөн тайбай өсүп-өнүгүп келе жатат.
Эгемендүүлүктүн алгачкы доорлорунда элдин жана эл аралык уюмдардын кеӊири колдоп-кубаттоосунун шартында белгиленген мааракелерге 2002-жылы Бишкекте жана Ошто өткөрүлгөн Глобалдуу тоо саммити, 2003-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын чечимине ылайык өткөрүлгөн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы да кирет. Аталган мамлекеттик мааракелер жана алардын алкагындагы иш чаралар өз мезгилинин зарылдыгына жараша өткөрүлгөнүн жана ошого ылайык элдин эсинде калганын танууга болбойт.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ЖК депутаты А.Жамангуловдун сунушуна кошулганы менен, ар бир салтанаттын өзүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Анын айтымында, айрым той-мааракелер жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен өтөт. «Быйылкы жылга каралган мамлекеттик саамалыктар бюджеттен, эки-үч булактардан жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. Ар бир окуяны өзүнчө караш керек. Депутаттын сунушу жаман сунуш эмес. Өкмөт деле айрымдарын кыскартып, маанилүүлөргө көӊүл бурууда» деп белгилеген вице-премьер жакында эле өткөн үчүнчү көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджеттен 307, 2 миллион сом бөлүнгөнүн, ал эми Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө 82 миллион сом каралганын кошумчалай кетти.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушевдин ою боюнча, маданий иш чараларды мекеме, облус жана райондун деӊгээлинде өткөрүү туура болот. Мамлекет андай саамалыктарга материалдык эмес, моралдык жактан эле жардам көрсөтсө болот.
Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин бул жааттагы пикири көӊүлдү бурбай койбойт.Ал эл аралык деӊгээлдеги окуяларды белгилеп, калган иш чараларга китеп чыгаруу менен чектелүүнү сунуштайт. Анын пикиринде, той-мааракелерге көп каражат жумшалганы менен, эсте эч нерсе калбай жатат. «Мисалы, «Манастын» миӊ жылдыгында чоӊдор ичип-жеп эле кеткен. Андан эки китеп эле эсте калды. Чоӊдорубуз өздөрү той өткөргөндү жакшы көрөт» дейт ал.
Жогорудагылардын пикирлери ар кайсы ойлорго жетелээри жана акыр түбү ар кандай бүтүмдөргө алып келээри да бышык. Мисалы, тигил же бул шаар жана райондун баланча жылдык мааракеси жалпы улуттун кандай кызыкчылыгына кызмат кыларын так айткан жан барбы? Бул биринчиден. Экинчиден, ошондой аш-тойлор демөөрчүлөрдүн жеке чөнтөктөрүнөн каржыланат деген сөз насилинде туурабы? Элдин баарынан эле демдүү, эӊ негизгиси, ак ниет жана таза демөөрчү же башкача айтканда белгилүү бир ишкер чыга калат деп ойлоодон алысыраак болгон жакшы. Анан калса, сөз мамлекеттин казынасы жөнүндө болуп жаткандан кийин, мамлекеттик бюджет мамлекеттин байлыгы болуп эсептелсе, демек ал байлыкка белгилүү салымын кошуп жаткан ишкер да мамлекеттин байлыгы деп да эсептелүүгө тийиш. Yчүнчүдөн, ошол аш-тойлорго демөөрчүлөр тарабынан кошулган салымдардын так эсеби кандай жүргүзүлөөрү адатта сыр бойдон эле калып келатат. Бул албетте мамлекеттик чиновниктерди, баарын болбосо да айрымдарын коррупциялык кылмыштуу аракеттерге түртпөй койбойт деп айтууга негиз берет. Бешинчиден, мындай мааракелер айланып-тегеренип келип эле жергиликтүү болобу же мамлекеттикпи, иши кылып бюджеттен айлык акы алгандарга жүк болбойт деп эч ким батыл айта албайт. Бюджеттин көзүн карагандар, мисалы мугалим, медицина кызматкерлеринен кандайдыр бир жолдор менен белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражатын которуп берүүгө баары бир аргасыз болушат. Мындай учурлар эзелтеден эле болуп келген жана эл башкаруучулардын саясый маданияты жогоруламайынча, мындан кийин деле улана берээри бышык. Топчубек Тургуналиев жогоруда «чоӊдорубуз өздөрү той өткөргөндү жакшы көрүшөт» деп бекер айтып жаткан жок.
Абдираим Мамытов
БУУнун атайын иликтөөсүнүн бүгүнкү күндөргө карата алынган маалыматтарына таянсак, азыркы учурда дүйнөдө 400дөй тил, демек өз эне тилдүү ушунча эл бар. Жакынкы жүз жылда ушул 400 тилдин жарымы жоголот экен. Дагы бир 100 жылдан кийин дүйнөдө 100 гана тил калаары айтылат. 300 эл өз эне тилинде сүйлөбөй, башка тилдерге өтөт. Эӊ өкүнүчтүүсү, ушунча эл көп сандуу улуттарга сиӊип, ассимиляцияланып, тил улуттун негизги, башкы белгиси болгондугуна байланыштуу, улут болуудан калат.
Дагы эки жүз жылга чейин ким бар да, ким жок дегенибиз менен, кийинки кыргыз урпактарынын алдында бул маселе абдан эле убайымдуу маселеге уламдан-улам айланып бараарын болжоого мүмкүн. Тарых үчүн эки-үч кылым дегениӊ анча деле билинбеген убакыт. Нечен жүз жылдыктарга созула аракетте болгон латын тили азыр өлүү тилге айланганынын өзү эле көп ойлорго жетелейт.
Кандай гана тил болбосун бир күндө эле өлүү тилге айланып кетүүсү мүмкүн. Тактап айтканда, ошол тилде сүйлөгөн же ошол тилди алып жүрүүчү акыркы адамдын көзү өтүп кеткен күнү ал тил да өмүрүн токтотот деп эсептелет. Бул жагынан алып караганда кайсыл бир тилдин өмүрүнүн салыштырмалуу узактыгы ошол тилди алып жүрүүчүлөрдүн санына түздөн-түз көз каранды экени айтпаса да түшүнүктүү. Жок болуп кетүү коркунучунда турган азыркы айрым тилдердин кээ бирлери ашып кетсе бир нече ондогон, ал турсун ондогон гана алып жүрүүчүлөрү калганын зор өкүнүч менен баса белгилеп кетүүгө болот.
Азырынча Аллага миӊ мертебе шүгүр, кыргызды улуттук тил жагынан андай арсар шарт-кырдаал тооруп калгандан алыс элебиз. Бирок, улутубуз сан жагынан, демек улуттук тилибизди алып жүрүүчүлөрдүн реалдуу эсеби жагынан алып караганда олуттуу ойлонбой койгонго да негиз жок. Мындайда бир кездердеги Улуу Кыргыз империясынын доорунда кыргыздар сан жагынан Борбордук Азиядагы көчмөн элдердин арасынан уйгурлардан кийинки эле экинчи орунда турушканын сызыла эстеп аласыӊ. Ал доордо көптөгөн кыргыз эмес элдер да өзүлөрүн кыргыз деп атаганды, бара-бара билинбей кыргыз этносуна ассимиляцияланышып кеткенди сыймык көрүшкөндүгү тарыхтан маалым. Аны эми бир айтасыӊбы-эки айтасыӊбы, өттү да кетти!
Жогоруда белгиленген 300 улуттук тил жана элдин кийинки эки жүз жылда башка улуттарга жана угуттуу тилдерге ассимиляцияланып кетүү процессинин тарыхый бир мисалын ошол Улуу Кыргыз дөөлөтү берип турбайбы. Тилекке каршы, бүгүн кыргыздашуу процессинде башкаларга, мисалы акыркы мезгилдерде кайра эле ырааттуу жандана баштаган орусташууга салыштырмалуу көзгө урунаарлык эч бир жылыш жок деп айтууга болот. Насилинде, кыргыздаштыруу сыяктуу жалпы алганда улутташтыруу саясатына кыргыздар башка этносторго салыштырмалуу кечирээк киришкендигин да моюнга алуубуздан башка арга жок. Советтик доордо бул процесс мурдараак отурукташып калган этностордо жана улуттарда ылдамыраак жана масштабдуураак жүргөнү, тагыраагы жүргүзүлгөнү да ырас.
Өӊгө элди кыргыздаштырууну мындай кой, өзүбүздүн кыргызды бир улутка бириктирүүнүн тарых милдеттендирип турган укугун да аз жерден алдырып жибере жаздаган улуттун ошол доордогу аттуу-баштуу айрым инсандарынын ысымдарын (мисалы, борбору Кочкордо жайгашмакчы болгон Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү демилгечилери!) кыргыз тарыхынын окуу китептеринен баш чайкабай окууга мүмкүн эместей сезилет. Аталган Тоолуу облустун болжолдуу аймагы Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгүн камтымак. Кыргызстандын түштүк аймактары жана анда жашаган кыргыздар жөнүндөгү маселе Фергана өрөөнүндө тынчтык орногон мезгилге чейин убактылуу ачык калтырылган. Кандай таризде жана канчалык жымсалдалбасын муну Кыргызстанды бешигинде эле экиге таптакыр бөлүп таштоо далбасасы дегенден башкача түшүндүрүү эч мүмкүн эместей туюлат. Бул эми тарых катары өттү да- кетти, андан тиешелүү сабак алсак деген тилекте гана айтылды. Бирок, сабак ала алдыкпы, жокпу бул башка сөз.
Азыркы Кыргызстандын тил саясатында мамлекеттик тилди өстүрүп-өнүктүрүү маселеси курч бойдон эле калууда. Мамлекеттик, башкача айтканда, кыргыз тилине карата активдүү колдоо көрсөтүлүп жаткандыгына карабастан, эгемендүүлүк жылдарында баарынан мурда мамлекеттик башкарууда, иш кагаздарда жана кесиптик коммуникацияда, ошондой эле жогорку билим берүү системасында кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү жаатында кардиналдуу өзгөрүштөр болду деп айтууга мүмкүн эмес.
Кыргызстандын дээрлик бардык окуу жайларында мамлекеттик тил милдеттүү окутулуп жатканы менен, аны кыргыз тили өз эне тили эмес деп эсептелген жарандардын жалпы санынын ондон бир бөлүгү гана билет. Эӊ эле өкүнүчтүүсү, кыргыз, өзбек, тажик мектептеринин бүтүрүүчүлөрү республикада расмий катары кабыл алынган орус тилин, ал эми орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик, башкача айтканда, кыргыз тилин талаптагыдай деӊгээлде билишпейт.
Азыркы мезгилде Кыргызстандын орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында, илим, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, ишкердик жана эл аралык карым-катнаштарда жана административдик башкарууда орус тили басымдуулук кылат. Мамлекеттик тил мектептик билим берүүдө, көркөм адабиятта, маданият жана искусстводо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, соодада жана коомдук-саясий турмушта гана колдонулуп жатканы өкүнүчтөн башка эч нерсени жаратпайт. Кыргыз тили экономика, билим берүү, илим жана кадрларды даярдоо чөйрөлөрүндө жетишсиз колдонулууда.
Абдираим Мамытов
Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана аны утурлай өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин саммитинен кийин Кыргызстандын эл аралык бедели бир кыйла көтөрүлүп алганын баары бир ооздон белгилешүүдө. Кенен келечегинен шек кылууга таптакыр мүмкүн эмес болуп жаткан жана БУУнун атайын резолюциясы менен жылуу пикирге ээ болууга үлгүргөн Көчмөндөр оюндарынын түпкү мекени Кыргызстан экени көөнө тарыхта биротоло жазылып калары сыймыктандыраар иш болгону талашсыз. Бул жагынан кыргыздардын кубанычы Олимпиадалык оюндардын мекени саналган Грециянын жарандарыныкынан кем болбоого тийиштигин да белгилеп жаткандар бар.
Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк чоӊ мааниге ээ экенине ал жөнүндө биринчилерден болуп ким идея айтып, ким демилге көтөргөнү жагдайындагы учкай талаш-тартыш да күбө өтүп турат. Эл аралык аренага жарып чыга келген бул улуттук бренд мамлекеттик долбоор катары саналат. Аны өткөрүү «идеясы» мурдараакта Атамбаевге таандык деп да айтыла калып жүргөн. Айрымдар аталган идеяны көтөрүп чыккандар Адахан Мадумаров, Максат Чакиев деген ысымдарды атап келишет. Ал эми басылмалар Көчмөндөр оюндарын кыргыз жеринде өткөрүү идеясын алгачкылардан болуп ишкер Болот Дыйканбаев көтөрүп чыкканын ал ишкердин өз оозунан алып жазып чыкты. Болот Дыйканбаев өз маегинде бул идеяга кандайдыр бир деӊгээлде Адахан Мадумаровдун да, Максат Чакиевдин да катыштыгы бар экенин айтып чыгыптыр. Канткен күндө да, жакшы идея болгонунда эч бир күмөн жок. Эми мындан ары «Көчмөндөр оюндары» деген расмий аталышка «олимпиада», «спартакиада» ж.б. киринди сөздөрдү ыксыз жалгаштыра берүүдөн гана этияттансак.
Көчмөндөр оюндарынан кийин саясатчылардын көӊүл баамы кайра эле кыргыз саясатына ооду. Саясий майданыбыз азыр ошол көчмөндөр оюндарындагы мелдештерден кем калбагандай эле даражада кызып жатканын белгилөөгө болот.
Саясат өжөр жана кээ бир убактарда кежир нерсе экени да белгилүү. Бирок, өжөрлүктө да, кежирликте да сабырдуулук биринчи орунда турушу керек. Азыркы бийлик ушул өӊүткө көбүрөөк басым жасоо менен иш тутуп жаткандай сезилет жана ал жагы азырынча пайдадан башка эч нерсе алып келе электей таасир калтырып жатат. Көбүбүз президенттик шайлоо бүтөөрү менен эле мурдагы президенттин тушунда саясий буюртма менен камалгандар дароо эркиндикке чыгарынан үмүт кылганыбыз чындык. Камоо канчалык кыйын болсо, эркиндикке чыгаруу да андан оӊой эместигин этибарга албагандайбыз. Атамбаевдин тушунда камалгандарды Жээнбеков дароо эле бошотуп коюу аркылуу жеӊил-желпи кадыр-барк күтүп калат деп ойлоо жаӊылыштык болуп чыкканын моюнга алууга тийишпиз. Мурда камалгандарды актоо же ишти кайра каратуу биз ойлогончолук эле оӊой иш эмес. Бул өзүнчө бир түйшүктүү укуктук процедуралардын жыйындысы болуп саналат. Негизгиси, ага белгилүү бир аралыктагы убакыт талап кылынат.
Мунун баары албетте, бийлик оппоненттерине деле түшүнүктүү болуп турат. Бирок, айрымдары Атамбаевдин тушунда камалгандарды эркиндикке чыгаруу талабын элдин атына жамынуу аркылуу ушул күнгө чейин коюп келүүдө. Чындап келгенде, алардын көпчүлүгүн ошол камакта жаткандардын чоо-жайы эмес, азыркы президенттин саясий тагдыры көбүрөөк сарсанаага батырып жаткандай таасир калат. Убакыттын азыркы бийликке иштеп баштаганы атамбаевчилердин чыдамын кетирүүдө. Аларда азыр «эл күздө көтөрүлөт» деген үмүт өчүп, эми «элде жаӊы бийликке карата нааразылык толкуну жазда ойгонот» менен алмаштырылып жаткан маал. Атпай кыргыз менен сүйлөшүп чыккансыган тейдеги андай арсар пикир карапайым калктын үч уктаса түшүнө кирбөөсү турган иш. Элдин эски, дегеле мурдагы бийликтегилердин баарынан көӊүлү үч көчкөн журттай калганын эстен чыгарбоо керек. Анан калса, үчүнчү жолу бийлик төӊкөрүшүн канчалык бай болбосун, Атамбаев сөзсүз уюштурууга аракет жасайт деген дейди имишке ишенүү кыйыныраак болуп турат. Мындай имиште экс-президенттин азркы таптагы дээрлик илеӊ-салаӊ имиджин сактап, аныгыраагы андан ары биротоло түшүрүп салбоо максатында гана эл аралап жүрөт шекил.
Мамлекеттин күч-кубаттуулук дарамети көп жагынан анын тышкы саясатына көз каранды экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстан азырынча экономикалык жактан чабал мамлекет болгону менен, геосаясий алкактан алганда активдүү позицияда турууга тийиш болгон өлкө катары белгилүү.
Атамбаевдин мезгилинде Кыргызстандын тышкы саясаты бир кыйла солгундай түшкөнү маалым. Айрыкча, акыркы жылдарда Түркия, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин президенттери менен болгон жеке мамилелердин начарлап кетиши буга айкын күбө. Сооронбай Жээнбековго тышкы саясат жаатында Атамбаевдин мүчүлүштүктөрүн оӊдоо жагы биринчи милдеттерден болгону жана аны кынтыксыз ишке ашыра алганы алкоого гана татыктуу. Эрдоган менен Назарбаевдин Көчмөндөр оюндарына катышуусу жана Көчмөндөр оюнунун өткөрүү эстафетасын Эрдогандын Түркияга алып кетүүсү кыргыз-түрк мамилесинин жаӊыдан жандануусун жаратаарынан кабар берет. Кыргызстан Жээнбековдун тушунда коӊшулаш Өзбекстан, андан ары боордош Түркмөнстан менен да бир туугандык катнашты жана кызматташтыкты жаӊы баскычка көтөрүүнү ишке ашырды. Кытай менен болгон мамиле жылуу тилкеде бара жатканы да кубанарлык көрүнүш.
Албетте, Кыргызстандын тышкы саясатында азыр бүт баары ойдогудай деп айтууга ошол тышкы саясат дегендин өзү жол койбоосу турган иш. Айрым талдоочулардын пикиринде, мындан ары кыргыз бийлигине тышкы саясат жаатында бир катар маселелерди ырааттуулук жана сабырдуулук менен чечүүгө туура келет. Мисалы, Кыргызстанда Түркиянын жана Кытайдын активдешүүсү сөзсүз түрдө Россияга жага бербейт. Жээнбековдун: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу биз үчүн өтө маанилүү, темир жолду курушубуз керек» деп айтканы да орустарды чочулатпай койбойт. Россия Кыргызстандан өзүн оӊой менен жогото коюуну абдан каалабаган өлкө экени белгилүү.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин Чолпон-Атада өткөн саммитинде Эрдоган Кыргызстандагы «Гүленчилердин» кыймылы жагдайында да кеп болгонун учкай белгилеп өткөнү маалым. Түркия бийлиги бизге буга чейин эле «Сапат» билим берүү мектептерин структурасын өзгөртүшүбүз керектигин же такыр эле жаап салууну ачык айтканы маалым. Бул маселе Эрдогандын бул жолку иш сапарында кандай чечилгени негедир аягына чейин айтылбай калды. Маалыматтык жыйында бул маселени чечтик, экинчи буга кайрылбайбыз кыязында гана айтылып кетти.
Фетхуллах Гүлендин бүткүл дүйнөгө тараган «Хизмет» кыймылы бар. Аталган мекемеге таандык деп эсептелген 15 чакты лицей-мектеп, бир университет, маданий жана кайрымдуулук жаатындагы уюмдар Кыргызстанда иш алып барышат. Аларда миӊдеген жарандар билим алып жана иштеп жатышат. 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган аскердик төӊкөрүштөн кийин аны уюштуруучулардын бири деп Фетхуллах Гүлен эсептелип, анын кыймылына экстремистттик-террорчулук катары тыюу салынгандан кийин бул уюмдардын ишмердүүлүгү арсар жолдо калып келатканы белгилүү.
Фетхуллах Гүлен Эрдогандын жана анын партиясынын азыркы убактагы эӊ каршылашкан душманы болуп эсептелет. Ал 1941-жылдын 27-апрелинде курд бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Түркияда түрк жазуучусу жана ислам коомдук ишмери катары кеӊири таанымал. Мурдагы имам жана дин үгүтчүсү, «Хизмет» коомдук кыймылынын негиздөөчүсү. Жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу президенти. Азыркы учурда АКШнын Пенсильвания штатындагы Сейлорсбург шаарында ыктыярдуу качкын макамында жашайт. Гүлен 2008-жылы америкалык таанымал эки журнал тарабынан планетанын эӊ таасирдүү интеллектуалы деп таанылып, ал эми 2009-жылы дүйнөнүн эӊ көрүнүктүү 500 мусулмандарынын катарына кирген. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 500 эӊ көрүнүктүү мусулмандардын ичинен 11-орунду ээлеген. 2013-жылы «Тайм» журналы аны дүйнөнүн эӊ таасирдүү 100 адамынын тизмесине кошкон.
Аны көп учурда дүйнөнүн мусулман ишмерлеринин эӊ эле көрүнүктүүлөрүнүн бири, ал эми Түркияда таасири боюнча Режеп Тайып Эрдогандан кийинки экинчи адам деп эсептешет. Фетхуллах Гүлендин кыймылына таандык деп эсептелген артыкчылыктарга ээ окуу мекемелери дүйнөнүн 150 өлкөсүндө бар. Гүлен бир нече өнөкөт илдеттеринен арылуу максатында 1999-жылы АКШга кеткен боюнча кайта элек. 2000-жылы ага Түркияда кылмыш иши козголуп, бирок кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу 2008-жылы жабылган.
Эске сала кетели, Түркияда 2016-жылдын 16-июлуна караган түнү аскердик төӊкөрүштүн аракети жүз берип, натыйжада Анкара жана Стамбул шаарларындагы каршы туруулардын айынан 240 түрк жараны набыт болуп, 2 миӊден ашык адам түрдүү жараат алган. Козголоӊ аеосуз басылган. 50 миӊден ашуун адам камакка алынган. Арасында аскер кызматкерлери көпчүлүктү түзгөн 160 миӊ адам жумуштан бошотулган. Түркия бийлиги ушул күнгө дейре мамлекеттик бийлик төӊкөрүшүн жасоо далалатында уюштуруучу катары Фетхуллах Гүленди айыптап келүүдө. Түркиянын АКШ менен мамилесинин кескин бузулуп кетишинин башкы себеби да Гүленди АКШнын Түркияга өткөрүп бербегендигинде жатат. Гүлен өзү Түркиядагы мамлекеттик төӊкөрүштү айыптарын жана ага анын жана анын кыймылынын эч кандай тиешеси жоктугун айтып келет. Азыркы убакта Фетхуллах Гүленди мамлекеттик төӊкөрүш жасоо аракетинин уюштуруучусу катары сыртынан айыптоодон Түркия жанбай турат. Бул маселеде Түркия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр улантылууда. Анын эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз.
Абдираим Мамытов
Көчмөндөр цивилизациясы, көчмөндөр маданияты, адамзат цивилизациясы, дүйнөлүк маданият, дүйнөлүк цивилизация деген кыяздагы түшүнүктөр адатта шарттуу, илимий максаттарда гана колдонулат. Насилинде, бул категориялардын ортосунда бөлүп-ажыратаар, талашып- тартышаарга олуттуу негиз бере турган жүйөө-жагдайлар деле жок эсеби. Мында тек гана «цивилизация» жана «маданият» деген түшүнүктөрдү салыштырмалуу кыязда бири-биринен бөлүп кароо жетиштүү. Дүйнө коомчулугун көӊүл борбору дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, анын ичинде көөнө көчмөн маданиятын алып жүрүүчүлөрдүн алдыӊкы сабында турган кыргыз элинин маданиятына, салт-санаасына бурулуп турган маалда бул да маанилүү маселе болуп жатканы жашыруун эмес.
Цивилизация дегенде биз албетте, коомдук баалуулуктардын жыйындысын түшүнөбүз. Бул-илимий аныктама. Жалпы баалуулуктар ар түрдүү, бирок салыштырмалуу туруктуурак мүнөзгө ээ болот. Баалуулуктардын айрымдарын түбөлүктүү деп койгон учурлар бар. Адилеттүүлүк, боорукердик, мээримдүүлүк, изгилик, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, чынчылдык жана башка сапаттарды адамзат эч бир заманда убактылуу баалуулук деп санаган эмес жана мындан ары деле санабайт болуш керек.
Ал эми маданият жалпы алганда адамдын күч жана акыл эмгегинин натыйжасы катары каралып, күч эмгеги материалдык маданияттын, акыл эмгеги -руханий маданияттын булагы болуп эсептелээри белгилүү. Бул өӊүттөн алып караганда, цивилизация менен маданият түшүнүктөрүнүн ортосунда айырмачылыктарга караганда жалпылыктар жана окшоштуктар көбүрөөк басымдуулук кылып тургансыйт. Маданиятты кеӊ жана тар маанисиндеги түшүнүктөргө бөлүп кароо да ушул факторго байланышкан эмеспи. Эске сала турган бир гана нерсе, маданияттын кеӊ маанисиндеги түшүнүгү жана философиясы абдан эле сыйымдуу мүнөзгө ээ. Эмгек, өндүрүш маданияты, эс алуу маданияты, жүрүм-турум маданияты, саясый маданият, салт-санаа маданияты, үй-жай тутуу маданияты жана башкалар болуп созулуп кете берет. Көчмөндөр маданиятына да дал ушундай кененирээк ыӊгайдан көз жүгүртүү максатка ылайык келет десе болот.
Көчмөндөр жана көчмөндөр маданияты адамзат тарыхында өтө орчундуу жана айрым доорлордо чечүүчү ролдорду ойногондугу маалым.Албетте, чечүүчү деген сөздү ошол доорлордун ыӊгайына, обьективдүү жана субьективдүү мүнөздөрдөгү шарт-кырдаалдарына жараша, шарттуу гана колдонууга мүмкүн. Көчмөндөр адамзаттын тарыхында жалаӊ гана жакшы издерди калтырган деп эч ким так кесе айта албайт жана минтип так кесе айтууга мүмкүн да эмес. Канча майдалаганыбыз менен, тарых этиштин шарттуу ыӊгайын сүйбөйт эмеспи. Тек гана, көчмөндөр адамзаттын көптөгөн цивилизациялык баскычтарынын башатында болгондугун баса белгилеп кетүүнүн маалы келип турат.
Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Венгриянын премьер-министринин атайын келип катышуусунун чоо-жайы анын түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине байкоочу катары келүүсүн белгилөө менен гана чектелип калбайт. Венгрия мамлекетинин аталышы постсоветтик мейкиндиктеги республикалардын гана басымдуу бөлүгүндө Венгрия бойдон калып келатканы менен, өлкөнүн эл аралык расмий аталышы Хунгария (Гуннгария) экенине баам сала жүргөн жакшы. Тарыхый эс-тутум үчүн деле бул баалуу нерсе. Гунн дөөлөтүнүн атагы таш жарган башчысы Аттилланы кимдер билбейт. Россиянын белгилүү дарыясы Волга тарыхый аталышта Итиль деп жазылат. Уралдын ары жагы Эдил жайык деп аталат. Кыргыздар Аттиланы Эдил баатыр деп коюшат. Итиль түпкүлүгүндө Итуул деген маанини берээри тилчи-филологдорго маалым. Айтылуу Аттила өз туусуна кадимки карышкырдын сүрөтүн түшүргөн экен. Ал доорлордо гунндарга карышкыр менен иттин айырмасы анча деле чоӊ мааниге ээ болбогон сыягы. Азыр эми, өлкөгө ата-бабалары коюп кеткен ысымды тарыхтан өчүрбөй алып жүргөн, мамлекетти улам арылап өстүрүп-өнүктүрүү жолунда башкалардан эч кем калбаган арым менен кадам таштап бараткан венгерлерге рахмат.
Анан калса гунндар кыргыздын этногенезисинде башка түрк тилдүү этносторго салыштырмалуу орчундуу жана негизги орундардын сап башында, башкача айтканда бир-эки ата жакын тураарын белгилүү түркологдор илимий жактан илгертеден бери эле белгилеп келишет. Кыргыздын түпкү аталарынын бири катары айтылуу Моде хандын ысымын атагандар да жок эмес. Бул жагдайда азыркынын гуннологдорунун бири Бекбалаевдин арып-чарчабаган активдүү аракеттерин баса белгилеп кетүү зарыл.
Бекбалаевдин гунндар жагдыйындагы илимий макалаларында негизги басым Аттилланын Европага, анын ичинен ириде Рим империясына тийгизип турган таасирине жасалат. Тарыхтан маалым болгондой, биздин замандын 4-6-кылымдарын өз ичине камтыган мезгил Элдердин Улуу көчү деген атка конгону менен белгилүү. Элдердин бул Улуу көчүн Аттила баатырдын жетегиндеги гунндардын Европага карай жылуусу жана согуштук жапырыгы менен башталган жана гундар бул Улуу көчтө таасирдүү күч болуп, олуттуу роль ойногон. Гунндадын жапырыгы Батыш Европага чейин жетип, Аттила атынын башын азыркы Франциянын аймагындагы Каталаун талаасында 451-жылы болуп өткөн Рим империясынын готтор менен бириккен армиясына каршы айыгышкан салгылашуусунан кийин гана артка бурган. Бирок, гунндар күч-кубаттуулугун сактап кала беришкен. Бир жылдан кийин Аттиланын жоокерлери Римге келип, бирок шаарды курчоого алуу жолу менен багындыруудан баш тарткан. Айтымда, аны бул кадамга Римдик папанын шаарды басып алсаӊ, Кудайдын каргышына каласыӊ кыязындагы эскертүүсү түрткөн. Бирок, Рим императору Аттилага ири өлчөмдө салык төлөп турууга милдеттендирилген. Айрым булактарда Европага христиан дининдеги крест белгисин гунндар киргизген деген талаш-тартыштан кур эмес маалыматтар да кездеше калып жүрөт. Буга Аттила ага чейин эле христиан динин кабыл алгандыгы да кайсыл бир даражада түрткү берген шекилденет.
Кандай болгондо да, тарыхчылар Элдердин Аттила баштаган Улуу көчүн Рим империясынын кыйроо процессинин жана Батыш европалык жаӊы цивилизациялардын пайда болушунун башталышы катары белгилеп келатышат.
Тарыхта түбү көчмөн этностор көп кездешет. Гунндардан башка сактар, усундар, сарматтар, массагеттер, аварлар, түргөштөр, карлуктар, тохарлар, динлиндер жана башка көчмөн уруу бирикмелеринин аттары аталат. Көчмөндөр өзүнүн көчүп-конуу формасына жараша горизонталдык жана вертикалдык деп да бөлүнүшөөрү айтылат. Биринчи айтылганы көбүнчө талаа көчмөндөрүнө, экинчиси-кыргыз сыяктуу тоолук көчмөндөргө тиешелүү десе болот. Горизонталдык дегени жайыттан жайытка (өрөөндөн өрөөнгө) көчүүнү, ал эми вертикалдык дегени жайыттан (тоодон) кыштоого (өрөөнгө) көчүп-конууну түшүндүрөт. Жогорудагы жана аттары аталбай калган көчмөн элдердин көпчүлүгү тарыхый өнүгүүнүн шарт-кырдаалдарына жараша, тарых барактарында гана жашап калуу тагдырына туш болушканы албетте өкүнүчтүү. Бирок, алардын маданияты башка тектеш элдерге өздөрү менен кошо ассимиляцияланып кеткени да талашсыз.
Кыргыздардын байыркы ата журту көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, кандайдыр бир даражада дыйканчылык менен кесиптенүүгө, кол өнөрчүлүктүн түрүн өнүктүрүүгө (темир иштетүү, кийиз жасоо, өрмөчүлүк, оймочулук ж.б.) аӊ улоочулук кесиптин, аскердик өнөрдүн жана оюн-зооктун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн берекелүү жайлардын бири болгон. Көчмөн кыргыздын дүйнөлүк белгилүү тарыхчылардын сөзү менен айтканда, «жылдыздуу сааты» тогузунчу кылымда 80 жыл өмүр сүргөн Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн учурунда келгендигин бүгүн айрыкча баса белгилегибиз келет.Ошол доордо кыргыздар Борбордук Азиянын байыркы тайпаларынын ичинде сан жагынан уйгурлардан кийинки экинчи орунда турганы эле көп нерседен кабар берет. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн бийлиги кытай маалыматтарында так белгиленген. Тактап айтканда, кыргыз мамлекетинин бийлиги чыгыштан батышка карай-Чыгыш Монголиядан тартып Ысык-Көл менен Жети-Сууга чейинки, түндүктөн түштүккө карай Сибирь тайгасынан Улуу Кытай дубалына чейинки эбегейсиз зор мейкиндикке тараган. Байыркы талаа салтына ылайык, Каӊгайды ээлеген калк бардык көчмөн элдердин формалдуу ээси катары эсептелген. Мындай дөөлөттөрдү (империяны) өз заманында гунндар, жуан-жуандар (аварлар, түрктөр, кыпчактар (сеяньто), уйгурлар, кийинчерээк монголдор түзүшкөн. Уйгур хандыгы кыргыздар тарабынан тыптыйпыл талкалангандан кийин уйгурлар көчмөндүктөн отурукташкан турмушка өтүп, дыйканчылык менен алектене башташкан.
Абдираим Мамытов
Көчмөндөр цивилизациясы жалпы адамзат цивилизациясынын дээрлик жарымын түзөт деп айтууга негиз бар. Азыр отурукташып оокат кылган элдердин көпчүлүгүндө көчмөндөрдүн каны бар экени талашсыз. Дүйнөлүк маданиятта көчмөндөр маданиятынын алмаштыргыс орду жана ролу бар. Чолпон-Атада өтүүчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана аларга байланышкан бир катар ирмемдер ошол көөнө маданияттын урунттуу көрсөткүчтөрү катары саналат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бул оюндарды өткөрүп туруунун демилгечиси деп Кыргызстан эсептелет. 2012-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Бишкек шаарында өткөн саммитинде дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар эки жылда өткөрүп туруу боюнча Казакстан, Азербайжан Республикасы, Түркия Республикасы жана Кыргыз Республикасынын президенттеринин колдору коюлган Бишкек Декларациясы кабыл алынган.
Демилгечи болгондон кийин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын биринчи болуп Кыргызстан баштап берүүгө тийиш эле. Буга анын үстүнө кыргыздын эӊ байыркы көчмөн элдердин бири болгондугу да милдеттендирип турган. Көчмөндөр оюндары негизинен тарыхый көчмөн тектүү элдердин спорттук оюндары боюнча мелдештерден куралат.
Узун тарыхка учкай сереп салганда, бир кезде бүткүл Азия чөлкөмүндө жашаган көчмөндөрдүн баарын» кыргыз» деп атап келишкени белгилүү. Орто кылымдарда Низами «Искандер намесинде», кийинчерээк орустун улуу акыны А.С. Пушкин «Капитан кызы» повестинде, орустун улуу тарыхчысы Н.М. Карамзин «Россия мамлекетинин тарыхы» деген китебинде Урал дарыясынын чыгыш тарабында жашаган элдин баарын «кыргыздар» деп атаган. Бул салтты батыш европалык авторлор да кеӊири колдогон.
Кыскасы, «кыргыз» этнонимии белгилүү бир уруунун же уруулар бирикмесинин аталышы катары пайда болуп, кийинчерээк Борбордук Азиядагы көпчүлүк түрк тилдүү элдердин жалпы аталышына айланган даӊазалуу да, сыймыктуу да этноним болуп калгандыгын ар бир кыргыз унутпоого тийишпиз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн Бишкек Декларациясында оюндарды өткөрүүнүн максат-милдеттери төмөнкүчө белгиленген:
- катышуучу-өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө аркылуу дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятын сактоо жана кайра жаралтуу;
- көчмөн элдердеги спорттун улуттук түрлөрүн сактоо жана эл аралык аренага алып чыгуу;
- дүйнөдөгү этноспортту өнүктүрүү жана пропагандалоого арналган ишмердүүлүктү жүргүзүүчү мекемелерди колдоого алуу. Оюндарды өткөрүүнүн кошумча максаты катары уюштуруучу-өлкөлөрдүн туристтик потенциалын арттыруу жагы каралган.
Ошентип,Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз РЕеспубликасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн. Көчмөнлөр оюнуна дүйнөнүн АКШ, Франция, Германия,Бразилия, Швеция, Түштүк Корея, Россия баш болгон 19 өлкөсүнөн спорттук өкүлдөр , анын ичинде спорттук мелдештерге 583 , маданий программаларга 1 200 адам катышып, ат оюндарына 230 жылкы тартылган. Оюндарды сыналгыдан көрсөтүү потенциалдык аудиториясы 230 миллион кишини түзгөн 40 мамлекетти кучагына алган. Мелдештер этноспорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп, 30 комплект медаль ойнотулган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк коомчулуктун активдүү көӊүл борборунан четте калбаганына ошол эле Чолпон-Атада эки жылдан кийин, тактап айтканда 2016-жылдын 3-8-сентябрында болуп өткөн экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күбө болгону талашсыз. Бул ирет ага катышкан өлкөлөрдүн саны 55ке, спортчулардын эсеби 1000ге жетти. Мелдештин расмий программасына спорттун 23 түрү кирди.
Айрым маалымат булактарында экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда салттуу түрдө көчмөн эмес деп эсептелген өлкөлөрдүн спортчуларын кошо эсептегенде, мелдештерге катышкан өлкөлөрдүн саны 80ден ашкандыгы айтылат. Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн эӊ негизги максаттарынын бири болуп андагы этноспорттук мелдештерди эл аралык аренага алып чыгуу эсептелээрин эске алганда, бул албетте абдан көӊүлгө алып, эске түйөрлүк жылуу жышаан, жакшы жылыш десе болот.
2016-жылкы көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында жалпы катышуучулар алдында 1000 комузчу бир күүнү бирдей чертип бергени бар. Виртуоздук бул номер Гиннестин рекорддор китебине катталып калганын сыймыктануу менен белгилей кетүү ашыкчалык кылбайт.
Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну да дүйнө коомчуулугунун көӊү чордонунда болору калетсиз. Бул оюндардагы этноспорттук мелдештерге 100дөн ашуун өлкөлөрдөн спортчулар катышаары алдын ала айтылган. Төрт өлкөнүн президенттери, бир премьер-министр баш болгон жоон топ сыйлуу коноктор жана албетте, эс алуучулардын, туристтердин калыӊ катмары келүүсү күтүлүүдө.
/чүнчү көчмөндөр оюнун мурдагыларынан да мыкты жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүнүн бардык шарттары көрүлгөндүгүн уюштуруу комитети билдирүүдө. Мурдагы оюндардын жүрүшүндө байкалган бардык мүчүлүштүктөр мунусунда эске алынып, андайларга жол бербөөнүн бардык зарыл чаралары иштелип чыгылган. Мисалы, адата спорттук мелдештер негизинен күндүзгү сааттарда өткөрүлгөндүктөн, коноктор кечки эс алууну кантип өткөрүүнү билишпей баштары каткан учурлар болгон. Бул ирет андай көрүнүшкө жол койбоо максатында «Көчмөндөр ааламы» деген аталышта этномаданий фестиваль уюштурулаары маалымдалган. Фестиваль кеӊири иш-чаралардын программасын камтыйт. Фестивалга катышу үчүн уюштуруучулар 80ден ашуун өлкөгө чакыруу жөнөтүшкөн. «Көчмөндөр ааламы» фестивалы Бостери айылында, көгүлтүр Көлдүн жээгиндеги жаӊы курулган амфитеатрда 4- сентябрдан 7-сентябрга чейин күн сайын саат 20.00дон 22.00го чейин өтүп турат. Бул байыркы гректердикине окшотуп курулган имарат республикадагы белгилүү ишкер жана меценат Аскар Салымбековго таандык болуп, ал фестивалды дал мына ушул жайда өткөрүүнү өзү сунуштаган. Фестивалга катышууга адегенде эле 200 билдирме түшкөнүн уюштуруучулар баса белгилешүүдө.
Чолпон-Атадан бир нече чакырым гана аралыктагы айтылуу Кырчын жайлоосунда этношаарчада жыл башынан бери тынбай кайнаган курулуш иштери жакында эле аягына чыкты. Этношаарчанын театрлаштырылган иш чара өткөрүлүүчү бөлүгүндө «Хан-Ордо» постаменти тургузулуп, анын каршысында бир миӊ кишлик орунга эсептелген трибуна курулган. Этношаарчанын өзгөчө бир жайлуу өӊүрүн этнобазар ээлейт экен. Бул базарга кирүү үчүн ачылган төрт эшик символикалык мааниге ээ экендиги талашсыз. Уюштуруучулардын айтымында, базар көчмөн элдердин кыргыздык, алтайлык, арабдык, кытайлык жана европалык маданиятын жуурулуштурууга тийиш. Этнобазардын расмий ачылыш салтанаты 3-сентябрга, саат 16.30га белгиленген. Базар күн сайын өзүнүн иштеп баштаган убактысын барабан жана улуттук үйлөмө аспаптардын добуштары менен билдирип тураары пландаштырылган. Этнобазардын айрым катышуучулары үчүн 300 орун акы төлөөсүз, бекер берилет. Алар өз элинин улуттук буюмдарын, музыкалык аспаптарын жана башкаларын көргөзмөгө коюуга мүмкүнчүлүк алышат.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк майрамына искусство өкүлдөрү өзгөчө дем менен даярданышканын аймактар боюнча башкы режиссер Зарылбек Молдобакиров белгилейт. Анын айтымында, республиканын бардык аймактарынан келген артисттер кызуу даярдыктты күч айдан бери көрүп келишти. Көчмөндөр оюнунда алардын күчү менен «Кыргыз Каганат» деген аталыштагы театрлаштырылган көрсөтүү өткөрүлөт. Мындан тышкаары, ар бир облус өз программаларын көрсөтүшүп, ыр-бий, музыка, сынактары менен эл алдына чыгышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ыӊгай-шартына жараша үчүнчү ирет Кыргызстанда өтүп жатат. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Бишкек Декларациясында белгиленген тартипке ылайык, анын мындан кийинки өткөрүлүш кезеги эми башка өлкөгө ыйгарыларын боолголоо кыйын эмес.
Көчмөн тектүүлөрдүн ичинде да, түрк тектүүлөрдүн арасында да кыргыздын өзүнө гана таандык деп саналган бараандуу орду жана анда ойноп турган манилүү ролу бар экендигине эч ким шек санай албайт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жагынан кыргыз кудайга шүгүр, сынактан татыктуу өтүүдө. Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз улутунун улуулугун арттырып, биримдигин бекемдеп, ынтымагын ашырган манилүү мааракелердин бири болсун деп тилеп калалы.
Абдираим Мамытов
Өткөн кылымдын 90-жылдары мурдагы кубаттуу держава СССРдин кулашы, анын курамынан эгемендүү республикалардын биринин артынан бири бөлүнүп чыгышы менен эсте калган доор катары тарыхка киргени белгилүү.
1990-жылдын аяк чендеринде жана 1991-жылдын башында Советтер союзунда абал бир кыйла татаалданат жана кырдаал курчуйт. СССРдин андан ары жашашын, анын курамындагы элдердин, республикалардын жана жалпы союздун укуктарын камсыз кылууга жөндөмдүү жаӊы мамлекеттик-укуктук формаларды камтыган жаӊы союздук келишимди иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгат.
Жаӊы союздук келишимди иштеп чыгуу жана ага ар түрдүү оӊдоолорду киргизүү учурунда ага үч түрдүү көз караш пайда болгон. Орто Азия республикалары жана Азербайжан - Федерацияны, Россия, Украина жана Белоруссия Конфедерацияны, Балтика боюндагы республикалар жана Грузия СССРдин курамынан чыгууну жакташкан.
Ушундай кырдаалда жалпы союздук жетекчилик тарабынан СССРди сактап калуу маселеси боюнча 1991-жылдын 17-мартында референдум өткөрүү белгиленип, анда «Бардык улуттардын укуктары жана эркиндиктери толук деӊгээлде камсыз кылына турган теӊ укуктуу суверендүү республикалардын жаӊыланган федерациясы катары Советтик социалисттик республикалар союзун сактап калуу зарыл деп эсептейсиӊби?» деген суроо коюлган. Референдумга республикада жашаган калктын 92, 8 пайызы катышып, алардын 94, 6 пайызы суверендүү республикалардын жаӊыланган федерациясын жактап добуш беришкен.
Бирок, референдумду өткөрүү СССРдеги саясий кырдаалды жакшыртпастан, тескерисинче, аны андан ары татаалданткан. Референдумга расмий түрдө 9 республика гана катышкан. Ал эми 6 республика: Эстония, Латвия, Литва, Грузия, Армения, Молдова референдумга катышкан эмес. Аталган республикаларда ал учурда союздан бөлүнүп, өз алдынча суверендүү өлкө түзүүгө карай активдүү процесстер жүрүп жаткан. Андай саясий процесстердин кээ бир кызыкчылыктуу топтору Кыргызстанды «белгисиз республика» деп да атап алышканы бар. Ал эми Кыргызстандагы саясий абалдын оорлошуна 1990-жылдын жайында болуп өткөн өзбек-кыргыз этникалык кагылышуусу да белгилүү бир таасирин тийгизген.
1990-жылдын 22-октябрында Кыргыз ССР Жогорку советинин сессиясы республикада президенттик постту киргизүү маселесин талкуулап, атайын мыйзам кабыл алган жана ал мыйзамга ылайык республиканын биринчи президентин 1990-жылдын 27-октябрында альтернативдик негизде шайлаган.
1991-жылдын 19-августунда ГКЧП ( Өзгөчө кырдаалдагы мамлекеттик комитет) деген аталышта болуп өткөн антиконституциялык төӊкөрүш да токсонунчу жылдардын тополоӊдуу окуяларына кирет. ГКЧПны СССРди кандай жол менен болсо да сактап калуунун эӊ акыркы аракеттеринин орчундуусу деп саноого болот. Союздук келишимди кайра карап чыгуу деген максат менен чүмбөттөлгөн бул төӊкөрүш Россиянын президенти Б.Н.Ельцин башында турган элдин каршылыгына учурап, антиконституциялык, реакциячыл мүнөздө каралып, ишке ашпай калган. Август төӊкөрүшүнүн ишке ашпай калышы менен союздун бузулуу процесси тездеген. Союздук республикалар өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялап, улуттук гвардия жана аскер бөлүктөрүн түзүүнү, согуштук өнөр жай ишканаларын көзөмөлдүккө алууну баштаган. Андан аркы окуялар тез өнүккөн.
1991-жылдын 21-декабрында мурдагы СССРдин курамына кирген 11 мамлекеттин (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия Федерациясы, Украина, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жетекчилери Алматыда Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, атайын декларация кабыл алышат. Декларацияда теӊ укуктуулуктун принцибинде «Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин түзүлүшү менен Советтик социалисттик республикалар союзу өзүнүн жашоосун токтотот» деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин 1991-жылдын 31-августундагы сессиясында тарыхый документ - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. Декларация «Кыргыз Республикасын - көз карандысыз, суверендүү демократиялык мамлекет» деп салтанаттуу жарыялаган. Кыргыз Республикасынын аймагы бир бүтүн жана бөлүнгүс, анда республиканын Конституциясы гана колдонулат, ал өзүнүн эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин колдой тургандыгын билдирген. Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында жаӊы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет - Кыргыз Республикасы пайда болгон.
Көз карандысыздык жарыялангандан кийин республика жалпы союздук органдардын көзөмөлдүгүнөн кутулуп, бийликти өз колуна топтой баштаган. 1991-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын улуттук гвардиясы, декабрдын аягында ички иштер аскерлери түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин жарыяланышы, Коммунисттик партиянын ишмердигинин токтошу, СССРдин кулашы Кыргызстанда жаӊы социалдык-саясий кырдаалдын түзүлүшүнө алып келген.
1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы Жогорку Кеӊеште талкууланып кабыл алынган. Конституция боюнча, мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнүп, мыйзам чыгаруучу бийликти Жогорку Кеӊеш, аткаруучу бийликти - өкмөт жана жергиликтүү башкаруу органдары, сот бийлигин Конституциялык сот, Жогорку сот, Арбитраж соту, жергиликтүү жана башка соттор жүргүзүп, ишке ашырат.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин ал тез эле эл аралык аренада колдоого жана таанылууга ээ боло баштаган. 1991-жылдын 27-декабрында АКШ Кыргызстандын көз каранды эместигин биринчилерден болуп тааныган жана 1992-жылдын февралында ОртоАзиянын жана Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бишкекте АКШнын, Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Азыр Бишкекте 20дан ашуун чет өлкөлөрдүн элчилиги жана өкүлчүлүктөрү иштеп жатат. Эгемендүүлүктүн алгачкы он жылында эле дүйнөнүн 130дан ашуун мамлекети Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин тааныган, 96 мамлекет менен дипломатиялык байланыш түзүлгөн.
1992-жылдын 30-январында Кыргызстан ОБСЕге мүчө болот. Ошол эле жылдын 2-мартында Кыргызстан БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү Нью-Йорктогу анын имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги илинген. БУУга мүчө болуу Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ болгон окуя экени талашсыз. Анткени, Кыргызстан мындан ары өз көйгөйлөрүн жана олуттуу маселелерин дүйнөлүк коомчулукка билдирип турууга жана ал жерде өз сунуштары, демилгелери менен чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анын айрымдары колдоого алынууда. Алсак, Кыргызстандын сунушу боюнча, 2002-жыл Эл аралык тоо жылы деп аталган.
Кыргызстан ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдарга теӊ укуктуу мүчө болуп, анын бул уюмдардагы өкүлчүлүктөрү ачылган. 1998-жылы күзүндө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп калды.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин тышкы экономикалык байланыштарды иш жүзүндө жаӊыдан баштоого туура келген. Мында республиканын натыйжалуу тышкы экономикалык уюмдарга катышуусу маанилүү ролду ойногондугу маалым. 1992-жылы Эл аралык валюта фондуна, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкына, экономикалык кызматташтык уюмуна, Ислам конференциясына, 1993-жылы Ислам өнүгүү банкына мүчө болуп кирген.
1992-жылдын башында Россияда, Украинада, КМШнын башка бир катар өлкөлөрүндө баанын күтүүсүздөн эркин кое берилиши бирдиктүү акча аймагында турган Кыргызстанда да баанын кескин жогорулашына алып келген. Ал экономикалык кризисти курчутуп, өндүрүштүн төмөндөшүн жана инфляциянын өсүшүн тездеткен. 1992-жылдын сентябрь жана декабрь айларынын аралыгында инфляция орто эсеп менен айына 25 пайызга, ал эми 1993-жылдын биринчи кварталында дээрлик 36 пайызга жеткен.
Ушундай кырдаалда 1993-жылдын 4- майында Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасы - сомду киргизүү чечими кабыл алынган. 10-майдан тартып акча жүгүртүүдө сом пайдаланыла баштайт. Улуттук валютанын - сомдун киргизилишинин негизги максаты инфляцияны ооздуктоо жана өлкөнүн экономикасына таасир тийгизүүнүн тиешелүү механизмине ээ болуу менен рынок реформаларын ырааттуу жүргүзүүнү ылдамыраак баштоо, республиканы кризистен алып чыгуу эле. Кыргызстандын жетекчилигинин чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында улуттук валюта - сомду турукташтыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө кыргыз сому Борбордук Азияда гана эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндө да эӊ туруктуу валюталардын бири болуп эсептелет. Туруктуу улуттук валютанын болушу өлкөдөгү экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзгөндүгү белгилүү.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылымдан ашык доорунда эсте калаарлык ирмемдер албетте көп. Бирок, мындан да жакшылары али алдыда күтүп жатканынан шектенүүгө эч бир негиз жок. Эгемендүүлүк элибизге эзелтен эӊсеп келген эркиндиктин улуу укугун Кыргызстанды улам өнүктүрүп-өстүрүү милдети менен кошо бергени, аны тарттырып же алдатып алдырып коюу тарыхый кылмышка тете экени да талашсыз.
… Мамлекекеттин эгемендүүлүгү жагдайында кеп-сөз кеткенде эле индеецтердин: «Биз туулган жерибизди ата-бабалардан мураска эмес, урпактарыбыздан карызга алганбыз!» деген ташка тамга баскандай накылына кайра-кайра таасирлене бермейим бар. Мындай накыл улуу элден гана чыгат жана улуу элден чыккан мындай накыл кеп улуу элдердин гана жүрөгүнөн орун табат деп ойлоп коем.
Абдираим Мамытов
Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүк жылдарында эки революцияны башынан өткөрдү деп эсептелет. Чындап келгенде, бирин да өнүгүүнүн революциялык, башкача айтканда сапаттык жолу деп айтканга болбойт. Экөөсүн теӊ Сарай төӊкөрүшү же бийликти күч менен алмаштыруу деп мүнөздөгөндөр анчалык деле адашпайт. Кыргызстандагы өткөн эки төӊкөрүшкө теӊ революция катары эмес, өнүгүүнүн эволюциясы сыпатында аӊдоо салууга мүмкүн. Ар кандай эле революция кадимки эле эволюциядагы секирикти гана туюндурат эмеспи…
Коомдун негизин коомдук экономика түзөт да, ар кандай эле саясатты экономика аныктайт деген негизги жобо жалпыга белгилүү болсо да, кайталап эске салып коюу ашыкчалык кылбайт. Анан калса, республикадагы бүгүнкү коомдук турмуштун негизги көйгөйлүү маселелеринин учу барып эле ушул улуу жана жөнөкөй жобого такалат.
Угуттуу улут, түптүү жана тектүү журт катары эгемендүүлүк алганыбызга башкалар сыяктуу эле кубанганбыз. Эгемендүүлүк бизге эч кандай күрөшсүз, тынч жол менен келгендей сезилгени ырас. Бирок, биз эгемендүү ири державанын эгемендүү субьектиси катары эгемендүүлүккө жетишкенибизди, ал эгемендүүлүк ата-бабалардын кылымдар бою төккөн каны менен тикеленгенин, ошол эгемендикти мындан ары да көз карегиндей сактап жана бекемдөөнү бир саам да унутпоого тийишпиз.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары азыр көпчүлүккө беш колдой белгилүү. Эгемендүүлүктүн азыр биз эйфориялык деп салыштырмалуу мүнөздөп койгон маанайын анча-мынча алдастоо, коркуп-кооптонуулар мыйзам ченемдүү эле коштогонун жашырууга болбойт. Канткен менен, эгемендүү мамлекет дегидей эле бутка тура алганыбызга шүгүрчүлүк келтирүү абзел. Бирок, экономиканын абалы бечел бойдон кала бергенин да өкүнүү менен белгилеп кетсек болот.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары негизинен советтик экономиканын негиздерин кыйратуу менен коштолгонсуду. Советтик экономика дүйнөлүк экономиканын эле курамдык бир бөлүгү экендиги таптакыр таназарга алынбагандай таасир калды. Өнөр жайы толугу менен тыптыйпыл талкаланды. Завод-фабрикалар, өндүрүштүк ишканалар приватизациянын урааны астында таланып-тонолуп, көбү текейден арзанга сатылып, темир-тезектүү жабдуу-шаймандары Кытайга кыйкырып-бакырып ыйлаган бойдон кете берди. Өнөр жайын реконструкциялоо, жаӊылоо жана кеӊейтүү дегенден эч ким кабар алган жок. Андайга ал кезде убакыт да, каражат да, маанай да жок эле. Коомчулуктун эси-дарты коомдук өндүрүштүк каражатты мамлекеттен ажыратуу жагында турган. Жаӊысы келгенче эскисин эптеп кармап туруу жоктон көрө жогору экендигин аӊдоо болгон эмес.
Коомдук мүлктүн кандайдыр бир үлүшү калкка купон түрүндө таркатылып берилгени да орто жана улуу муундардын эсинен чыга элек. Купондор кайсыл бир өндүрүштүк тармакка инвестиция катары салынышы керек эле. Бирок, өндүрүштүк ишканалар өзүлөрү четинен жоюла баштаган кезеӊде ким кайсыл ишкананы курулай кагаз түрүндө инвестициялоого урунуп көрмөк? Андай инвестициялоонун алды-артын, чоо-жайын билмек, түшүнмөк кайдан? Баалуу кагаздар рыногунун пионери болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ купондор ушундай кырдаалда туулбай туна чөккөн. Каржылык рыноктун түзүмүндөгү көлөмдүк чарк-чамасы жагынан алганда, Кыргызстанда баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү көлөмү ушул мезгиле дейре төмөн бойдон калып келатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн каржылык рыногунун түзүмү төмөнкүчө: баалуу кагаздар менен соодалашуу көлөмү -60%, коммерциялык банктар -20%, пенсиялык сектор - 13%, камсыздандыруу компаниялары -7%. Кыргызстанда: баалуу кагаздар менен соода кылуу көлөмү -12,7%, коммерциялык банктар -86,4%, пенсиялык сектор -0,04% жана камсыздандыруу компаниялары – 1%.
1993-жылы кыргыздын улуттук валютасы - сом киргизилгенде, Кыргызстандын негизги өндүрүштүк обьектилеринин баасы бир күндө 9 миллиард доллардан 500 миллион долларга түшүп кеткен. Себеби, 1 сом 200 рублга бааланган. Ал кезде рублдын курсу доллардыкынан жогору турган. Натыйжада, мүлкүн туура эмес баалап алган Кыргызстан дароо эле 16 эсеге кедейлене түшкөнү, ага негизги өндүрүштүк каражаттарды кайрадан баалоо баланстык наркты негизги каражаттардын тигил же бул тобуна ылайык келген коэффициентине көбөйтүү жолу менен жүргүзүлгөндүгү себепкер болгондугу айтылып жүрөт. Эксперттердин жана атайын адистердин эсебинде республиканын негизги өндүрүштүк обьектилеринин рыноктук реалдуу наркы төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн. Алсак, жылына 15 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгарууга ылайыкташтырылган ГЭСтердин наркы азыр болжол менен 100 миллион долларга бааланат. Ал эми алардын иш жүзүндөгү наркы мындан көп эсе жогору турат. Биздеги гидроресуртук активди азыр 5,9 миллиард доллардан ашат деп жүрүшөт. Ошол эле учурда, Кыргызстан жылына жан башына сарпталуучу электр энергиясынын өлчөмү жагынан (1300 киловатт) бир топ өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн көрсөткүчкө ээ экендигин айта кетүү керек. Аталган көрсөткүч, мисалы Казакстанда 3200, Өзбекстанда 2300, Тажикстанда 1700, ал эми Нидерландыда дээрлик 5000 киловатты түзөт.
Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандын негизги обьектилеринин бүгүнкү күндөргө эсептелген потенциалдык наркы 30-40 миллиард доллардан ашса ашат, асти кемибейт.
Негизги обьектилердин баасын атайылаппы же атайылап эмеспи, иши кылып, алешем эсептөөлөр кайсыл тараптын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөндүгү гана сыр бойдон сакталып келатат. Бул эми, алгачкы ажонун тушундагы «прихватизация» реформаторлорунун абийириндеги маселе боюнча кала берет сыягы.
Кандай болгондо да, экономика саясатты эмес, тескерисинче саясат экономиканы аныктап калгандай таасир ошол эгемендиктин алгачкы этабынан тартып эле сезиле баштаган. Кыргызстан союз мезгилиндеги агрардык-индустриалдык өлкөдөн тез арада эле накта агрардык өлкөгө айланып калган.
Айыл чарбасындагы жерге жеке менчик институтун киргизүүнүн маани-максаты анын формасы менен кошо азырга чейин талаш-тартыштуу болуп келатат. Жерди менчик үлүшкө бөлүп берүүдөгү эӊ биринчи максат айыл чарбасын кайрадан кооперациялаштыруу болгону талашсыз. Бирок, канчалык каалоо жана аракеттерге карабастан, айыл чарбасын рекооперациялаштыруу илгери үмүт бойдон калып кетти. Жерге жеке менчик институтун эӊ алгачкылардан болуп киргизген постсоветтик республика деген сыймыгы гана болбосо, жердин экинчи-үчүнчү рыногу дегендери ишке эмес, сөзгө да алынган жок.
Албетте, айыл чарбасын кооперациялаштыруу насилинде дурус идея, жакшы ниет. Бирок, аны ишке ашыруу, колхоз-совхоз (коллективдүү чарба жана советтик чарба) дегендерге кайтып баруу азыр оӊой болбой калганы айтпаса да түшүнүктүү.
Коллективдүү чарба демекчи, антисоветтик революциянын башчылары СССРдеги колхоздордун көпчүлүгү чыгашалуу болуп калды деп канчалык кыйкырышканы менен, реалдуу көлөмгө келгенде унчуга албай олтура беришкени маалым.1989-жылы союзда 24 720 колхоз болуп, 24 миллиард рубль киреше тапкан. Бүткүл өлкө боюнча чыгашалуу деп 275 гана колхоз (1%) эсептелип, алардын чыгашасы болгону 49 миллион рублди (колхоздук системанын кирешесинин 0,2%) түзгөн.
Кыргызстандын айыл чарба тармагы ошол кездерде кайсыл жагынан караба, карама-каршылыктуу пикирлерге бай болуп турган. Арасында социализмдин калдыгы деп колхоздорду жок кылган айыл чарба чиновниктери азыр эми өзүлөрү реформаторлук эксперименттерди башташкан чеке кайра кайткандай таризди туюнткан пародокстар, «Кыргызстанда айыл чарба министрлиги бар, бирок айыл чарбасы жок» деген күйдүргү сөздөр да бар эле. Ал эми республиканын экс-айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев Акаевдик жер реформанын башталышында эле: «Кыргызстандын айыл чарбасы социализмден феодализмге ыргытылып ташталды» деп бекеринен ачуу кыйкырбагандыр. Өлкөнүн агрардык сектору дээрлик кароосуз калган. Жерди иштетүү маданияты чындап эле орто кылымдык чекке жакындап кеткенсигени бар. «Аштык болсо, баштык жок» деген заман ошондо бир келген. Тегирмендин көбөйүшү токчулук эмес, тескерисинче жокчулуктун күчөшүн билдирген белги экенин эл ошондо аӊдаган.
Ички-тышкы эмгек мигранттарынын алгачкы чоӊ толкуну ошол кезеӊдерде жаралып, эмгек мигранттарынын сандык катышында ушул күндөргө чейин республиканын түштүк чөлкөмүнүн өкүлдөрү басымдуулук кылып келүүдө.
(уландысы бар)
Абдираим Мамытов
(башталышы өткөн санда)
Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргызстанда эки ирет бийлик төӊкөрүшү жүз берип, натыйжада эки президент өлкөдөн куулду. Мамлекеттик бийликтин башчылары өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон ал төӊкөрүштөрдүн маани-маӊызы жана чоо-жайы ушул күнгө дейре талаш-тартыштуу жагдайлардан кутула элек.
Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевден үмүт-тилектер көп эле. Президенттиктин алгачкы жылдарындагы арыштуу кадамдары ушундай маанайга шексиз негиз түзгөн. Республикадагы бир катар алгылыктуу реформалардын жакшы башталыштары чет өлкөлүк айрым эксперттерге Кыргызстанды «демократиянын аралчасы» деп атаганга түрткү берген. «Аралча» бойдон калып кетерибизди алар кайдан жана кантип болжоп-баксын. Аскар Акаев кыялкеч окумуштуу катары тез эле үй-бүлөлүк башкаруунун чеӊгелинде калып, өлкөдөн качып кетүүдөн башка арга таппаганы маалым. «Ат минген кыргызды итке мингизген Акаев» деген кекээр какшык дал ошол Акаев доорунда жаралган.
Калыстык үчүн белгилей кетсек, кыргыздын башына түшкөн салыштырмалуу оор жылдар ошол кезеӊде постсоветтик республикалардагы бардык эле элдердин энчисине туш келгени белгилүү. Албетте, андай күндөрдөн ар ким ар башка жол менен чыкканы да маалым. Кыргыз гана төӊкөрүштүк жолду тандап алганы өкүнүчтүү болду. Өкүнүчтүү дегеним, кийинки президент Курманбек Бакиевди да ошондой тагдыр күтүп алды. Кыргыз «остракизми» ушинтип калыптангансыды.
«Остракизм» институту байыркы Грециянын Афины шаарында биздин заманга чейинки 387-жылдан 417-жылга чейин өкүм сүргөн. Түпкүлүгүндө остракизм ардактуу сүргүндү туюнткан. Ага тушуккан саясатчы өлкөнү 10 жылга таштап кетүүгө тийиш болгон. Ал мөөнөт аяктагандан кийин өз мекенине менчиги жана статусу кайтарылган абалда кайрылып келүүгө укуктуу эле. Башкача айтканда, остракизм саясий лидерди жок кылууга караганда, анын амбициялуу өзүмчүлдүгүн чектөөнү, аны ойлонтууну, толгонтууну, кемчилигин жоюуну максат кылган. Бирок, тез эле тиранияга каршы туруу институтунан каршылашкан топтордун ич ара саясий күрөшүнүн, кээде тигил же бул жеке тараптардын өч алуу каражатына айланган.
Остракизм процедурасы жыл сайын эрте жазда өткөрүлүп, тегереги тосмолонгон атайын жайда полистин жарандары карапанын сыныктарына- острактарга сүргүнгө айдалууга тийиш деп эсептелген саясатчынын ысмын жазып, аны ылдыйга оодарып көрсөтүү аркылуу жашыруун добуш беришкен. Добуш берүүчүлөр атайын дарбазадан киришип, алардын кайрадан добуш берүүсүнө бөгөт коюу максатында тосмонун ичинде калтырылган. Добуштар саналганда 6 миӊ добуш кворум бар деп эсептөөгө негиз берген. Сүргүнгө айдалууга ким үчүн көп добуш берилсе, ал он күндүк мөөнөттө Афинаны таштап кетүүгө милдеттүү болгон.
Остракизм институтуна карата көз караштар ар түрдүү. Бул темага сереп салган Ф.Ницше он тогузунчу кылымдын акырында остракизмди жалпы алганда, «үйүлмө топтун унчукпаган көрө албастык» сезиминин бир көрүнүшү катары да караган. Афиналык демократиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өмүр-таржымалдарына басым жасаган Плутархтын эгалитардык коомчулуктардагы үйүлмө топтордо унчукпаган көрө албастыкты калыптандырган бир механизмди минтип баяндаганы бар: «Айтымда, острактарга кол коюу процедурасы башталганда, бир жупуну, кат-сабаты жок дыйкан жолунан капыс жолугуп калган Аристидге (Афинанын башкаруучусуна) «Аристид» деп жазып берүү өтүнүчү менен карапанын сыныгын сунат. Таӊданган шаар башчысы андан Аристид аны кандайча таарынтып алганын сурайт. «Жок деп жооп берет анда тигил, -мен аны көргөн да эмесмин, тааныбаймын. Бирок, кадам сайын эле «Аристид адилеттүү», « Аристид адилеттүү!...» деген сөздөрдү уга берип тажадым». Аристид эчтеке айтпай өз атын жазып, остракты дыйканга сунуп баса бериптир».
Бул фрагментте Плутарх коллективдүү көрө албастык феноменинин социалдык-психологиялык табиятын сүрөттөөгө аракеттенгенин байкоо кыйын эмес. Көрө албастыкты Платон да инсандын чыныгы изгиликке умтулуу жолунда чөӊ бөгөт болуучу оркойгон кемчилик, жетесиздик (несовершенство) деп бекеринен санаган эмес. Коллективдүү болобу же индивидуалдык мүнөздөбү, иши кылып кыргыздын эки президентин өлкөдөн кууп чыгуу актыларында да дал ушул көрө албастык феномени да кандайдыр бир өлчөмдө роль ойногону талашсыз. Кыргыздагы «унчукпаган көрө албастык» феномени бүгүнкү заманда деле «унчукпай» урууга, ачык айтпай аймакка бөлүнүүчүлүк менен эле коштолуп, ал турсун бул ит пейил жоголот деген сайын кайра күчөгөнсүп келатканын моюнга албаска айла жок. Андайдын ачык-жабык мисалдарын бүгүнкү коомдук-саясий процесстерден толтура тапса болот.
Революциялык өнүгүү кайсыл бир мезгилде убактылуу токтоп тургандай сезилиши мүмкүн, бирок эволюциялык өнүгүүдө эч тыным болуусу таптакыр мүмкүн эместиги белгилүү. Кыргыз эли да, элдин башкаруу элитасы да каала-каалаба, эволюциялык өнүгүүнүн белгилүү бир баскычын эгемендүүлүк жылдарында басып өткөнү талашсыз.
Кыргызстанда жүз берген эки жолку бийлик төӊкөрүшүнүн бащкы жана балким бирден-бир жакшы жыйынтыгы- ар кандай бийлик төӊкөрүштөрүнөн элдин көӊүл калуусу. Бийлик алмашуудан эле сумма өзгөрүп кетпөөсүн билбейт, түшүнбөйт дегендер бүгүн таптакыр жок дебесек да, азчылыкты түзөөрү шексиз. Башкасын кой, «эл азыр таптакыр башка эл болуп калды. Эл өзгөрдү!» деп экс-президент Атамбаев алаканын шак койгулап алганы бар. Антип балким эл эми мага каршы көтөрүлбөйт деген ишенимдин жетегинде айткандыр, бирок сөзүндө чындыктын үлүшү бардыгын танууга болбойт. Эл бүгүн эч кимге каршы көтөрүлбөйт, эч бир бийликти алмаштырууга кызыкпайт дегенге негиз толтура.
«Сокур таягын бир эле жолу жоготот» дегендей, кыргыз эки ирет төӊкөрүшкө күбө болуп, биринен да бир мүдүр майнап чыкпаганын көрдү. Элдик делинип жүргөн 2005-жылдагы да, 2010-жылдагы да революциялар башкаруучу тап аталган саясий элитанын элди ортого салып бийлик, аныгыраагы байлык талашып бири-бири менен тытышкандан башка эч нерсени билдирбегенин сезди. Элде эми «кимди ким?» деген кыяз менен элитанын ич ара кармашына аӊдоо салып тургандан башка жол жоктой таасир калууда. Ушунун өзү эле эл менен элитанын ортосуна чоӊ жарака кеткенинен кабар бергенсийт.
Коомчулуктун көӊүлү бийликтен үч көчкөн журттай калганына ириде коомчулуктан дале үмүт үзбөй келаткан элитанын өзү себепкер болуп калганы айтпаса да түшүнүктүү. Эл бүгүн айтылуу Рузвельттин: «Элдин кайсыл бир бөлүгүн ар дайым, бүтүндөй элди кайсыл бир мезгилге чейин алдаса болот, бирок бүтүндөй элди ар дайым алдоого эч мүмкүн эмес» деп айтканындай таризде турат. Бирок, элдин кайсыл бир бөлүгүн ар дайым алдоого мүмкүн экендигин жана муну кылдаттык менен колдоно билген саясатчылар кыргыз саясатында да аз эместигин эстен чыгарууга болбойт. Коомдун турмушун башкача нукка буруу үчүн элдин андай бөлүгүнөн ар дайым унчукпас көрө албастардын үйүлмө топторун ишке салуучу салуучу саясий күчтөр ар дайым даяяр турушат.
Бүгүн калыӊ коомчулукта бийликке карата болгон жылуу ишеним кайра ойгонгонсуп турат. Башкаруучу элита мындан тиешелүү жыйынтык чыгарууга түздөн-түз милдеттүү экендиги да турулуу иш. Элдин ишеними бийликтен биротоло кеткенден жаман эч нерсе жок. Кыргыз саясатынын эгемендүүлүк жылдарындагы эволюциясы кантсе да коомдук өнүгүүнүн жакшы тилкесине жетелеп жатканын аӊдабай коюуга мүмкүн эмес. Коррупциянын коомго тийгизип жаткан оор таасирин мүмкүн болушунча жеӊилдетүү, ооздуктоо аракетин үзгүлтүксүз жана системалуу мүнөздө жүргүзүү өз жемишин берери шексиз. Мында негизинен, Чыӊгыс хандын: «Корктуӊбу, баштаба! Баштадыӊбы, корпо!» деген айтылуу накылы сөзсүз жетекчиликке алынуусу гана шарт, калганында көйгөй жок.
Абдираим Мамытов
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кытайга жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгын ар ким ар кандай өӊүттө жана түрдүүчө баалап жатышат. Айрымдардын пикиринде, бул сапардын жыйынтыктары таптакыр эле тескери акыбеттердин коштоосу менен чыгарылуусу да мүмкүн эле.
Мындай пикирдин жарала калышына баягы эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан коррупциялык схеманын чоо-жайы жем таштагандыгы жашыруун эмес. Алардын эсебинде, ТВЕА Кытайдын тышкы саясатындагы маанилүү курал катары кызмат кылып келе жаткан компаниялардын бири болуп саналат жана дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө Кытайдын ишкердик кызыкчылыгын коргоп келе жаткан бул компаниянын беделине доо кетирүү Си Цзиньпинге анча жага бербөөсү турган иш. Бирок, Кытайдын бүткүл тышкы саясатындагы ийгилик менен кемчиликти жалгыз ушул компанияга эле жүктөп койгондой, кытай кыргыз эместиги да эске алынуусу керек.
Биз муну кыргызды кытайдын алдында кемсинтип айтып жаткан жокпуз, тек гана ошол эле кытай акылмандарынын бул дүйнөнү эки эле сыпат (жакшы-жаман), эки эле түс (караӊгы-жарык, ак-кара), эки эле жак (меники-сеники), эки эле даам ( ачуу-таттуу) жана ушул сыяктуу көптөгөн «экилик» категориясы менен карап-баалоо дээрлик балалык философия деп эскертип келатышкандыгын көӊүлгө алалы дедик.
Сапар алдында кээ бир маалымат булактары андан (мисалы, «Вечерний Бишкек», №67) ШКУнун Кытайда, Жээнбеков өзү катышкан саммитине арнаган материалын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын катарына Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев кошо тартылган сүрөт менен коштогон . Муну басма сөздөгү нукура саясий чагымчылдык дегенден башкача түшүндүрүү таптакыр мүмкүн эмес!) теӊирден тескери жыйынтыкты түздөн-түз күткөн деп болжосо да болот.
Жараткан жалгап, Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катарында Кытайга жасаган алгачкы сапары ийгиликтүү өткөнүнө коомчулук өзү күбө. Сапардын жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдүн башкы жыйынтыгы деп Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга эки өлкөнүн башчыларынын кол коюусун эсептесе болот. Кантсе да, өз ара кызматташтык менен стратегиялык өнөктөштүктүн ортосунда олуттуу жана негизгиси, артычылыктуу айырмачылыктар бар эмеспи.
Мындан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду:
-«КЭР-КР» газ куурун куруу жана пайдаланууга берүү боюнча кызматташтык жөнүндө 2003-жылдагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө протокол;
-тышкы соода-экономикалык аймакты түзүү жөнүндө эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы меморандум;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы менен КЭРдин коммерциялык министрлигинин ортосунда адам ресурстары чөйрөсүндө өз ара түшүнүүчүлүк жана кызматташтык боюнча меморандум;
-КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен КЭРдин сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча Башкы башкармалыгынын ортосунда Кытайга экспорттолуучу коон жемиштерине коюлуучу фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
-КР жана КЭР өкмөттөрүнүн ортосунда КР ӨКМ үчүн мобилдик госпиталды куруу долбоору боюнча алмашылган катар;
-КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен КЭРдин гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташтык боюнча келишим:
-КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭРдин радио уктуруу жана теле көрсөтүү боюнча Башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык боюнча келишим;
-вакцинациялоо практикалаган, ящурдан эркин зонанын талаптарын түзүү жөнүндө КЭРдин башкы бажы башкармалыгы менен КРнын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы меморандум:
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен КЭРдин адам ресурстары жана социалдык жактан камсыздоо министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандум;
-КР жана КЭР өкмөттөрүнүн ортосунда кайтарымсыз техника-экономикалык жардам көрсөтүү келишими.
Кыргыз президентинин Кытайга жасалуучу расмий сапарында мурдатан белгиленгендей, 10 документке кол коюу күтүлгөн. Бирок, азырынча бизге белгисиз себептер менен эки өлкөнүн элчиликтеринин имараттарын курууга жер ажыратуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган жок.
Эске сала кетсек, мурдараак Кытай элчилигинин буга чейин эле курулган имараты үчүн Бишкек шаардык Кеӊеши тарабынан 3 гектар жер аянты ажыратылгандыгы жагдайында активдүү сөз болгон. Кытай жооп катары кыргыз элчилигине Пекин шаарынан 25 сотых жер ажыратып, ага элчиликтин имаратын өзү куруп бермек эле.
«Негизи, жер маселеси боюнча биз шашпай, кызуу кандуулукка алдырбай, элди дүрбөлөӊгө салбай, чуу түшүрбөй карасак болмок. Анткени жер менчикке эмес, арендага берилди. Бул маселе бүгүн көтөрүлүп, чуру-чуу түшүп жатканы менен, ал жер тилкеси 2003-жылы эле чечилип калган. Ошон үчүн ал жерде имараттар салынганына 10 жылдан ашты. Өзгөчө, мамлекет башчынын Кытайга алгач сапарынын алдында бул сөздөр, маалыматтар чагымчылдык иш-аракеттердей көрүнөт. Мисалы, убагында ошондой эле шарт менен АКШ элчилигине деле 4,5 гектар жер берилген, «чагымчылар» аны неге айтышпайт? Себеби, бул жерде кызыкдар тараптын саясий оюну жүрүп жатат» деп белгилейт саясий илимдердин доктору, КР тышкы иштер экс-министри Аликбек Жекшенкулов.
Жекшенкуловдун пикиринде, Кытайдан алынган карыздын коомчулукту дүрбөтүп жаткан маселеси деле ошондой өӊүттө каралууга тийиш. Ошол насыяларды коррупцияга малынган атка минерлер бийликте турганда өзүлөрү алып, ошондой маселе жаратышпадыбы. Азыр жөн жатпай аны өрчүтүп жатышат. Чынында насыяларды өтө чоӊ пайыз менен, кыска убакытка алышкан. «Ошондуктан, ал насыяларга өздөрү жооп бериш керек, муну күч органдары дыкаттык менен далилдеп, мыйзамдуу жазасын бериш керек, муну эл дагы күтүүдө» дейт ал «Майдан» гезитине берген маегинде.
Кытайдын «Жибек жолу экономикалык алкагы» программасында ушундай доктрина иштелип чыгылган. «Перспектива» аналитикалык консорциумдун жетекчиси Валентин Богатыревдун пикири боюнча, аталган программа жалпысынан алганда Борбордук Азиянын бардык постсоветтик республикалары тарабынан жылуу эле кабылдангансып турганын таӊ калаарлык феномен катары бааласа болот, анткени бул өлкөлөр Кытайдын чөлкөмгө илгерилөөсүнө дайыма кооптонуу менен мамиле жасап келишкени белгилүү.
Бирок, бул формат азырынча айрым тоскоолдуктар менен тобокелдиктерге тушугуп турат. Буга негизинен борбор азиялык аӊ-сезимдин стереотиптүүлүгү жана анын мифологиялык мүнөзү себеп болууда. Адамдар көбүн эсе реалдык мамилелер эмес, идеологдор он жылдап кулагына куюп келген «чоӊ оюн», «системалардын күрөшү», улуттардын тарыхый чыр-чатактуулугу, «регионалдык лидерлик үчүн күрөш» сыяктуу жоболордун маанилери жана логикасы менен жашап келүүдө. Региондогу бардык өлкөлөрдүн мамлекеттик саясаты ушул мифтердин негизинде курулуп, дал ушундай стереотиптер бардык мамлекеттерде колдонулат. Кыргызстандын экс-президенти А.Атамбаевдин: «Биз эми эч кимдин алдына чөгөлөп баш ийбейбиз!» деп өрөпкүгөнүн да ушул эле өӊүттөн кароого мүмкүн.
Ошол эле маалда, Борбордук Азиянын постсоветтик бир да өлкөсүндө стратегиялык тышкы саясаттык доктриналар калыптанган жок. Бул эми, түркмөндөрдүн нейтралитеттик, ал эми өзбектердин улуттук изоляциялануучулук доктриналарын эсепке албаганда Валентин Богатырев борбор азиялык республикалар үчүн үч маанилүү кадамды сунуш кылат: биринчиден, региондогу жалпы жана ар бир өлкө үчүн айрым алынып кулач жайган бардык стратегиялык программаларга кошулуу аркылуу улуттук долбоорлорду түзүү; экинчиден, жаӊы тилде кураштырылган жаӊы тартипти моюнга алуу жана үчүнчүдөн, борбор азиялык аӊ-сезимдин мифологиясынан кутулуу. «Кыргызстанга Кытай сыяктуу эле 500 жыл алдыга эсептелген улуттук стратегияны калыптандыруу зарыл» деп эсептейт эксперт.
Мындай өӊүттөн алып караганда, Сооронбай Жээнбековдун Кытайга расмий сапары жана анын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюусу кыргыз-кытай кызматташтыгындагы чыныгы жаӊы этап катары каралууга акылуу.
Абдираим Мамытов
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка отургандан бери жарым жыл убакыт өтүптүр. Айта келсе ооздун бир четинен оӊой эле чыгып кетчү бул мезгил элдин эсинен эгерим чыкпачудай таасир жаратып жатканын моюнга алууга тийишпиз. Заман өӊүтү жана жалпы элдин кыйла жылдан бери улап келаткан үмүтү ошону талап кылууда.
2010-жылдагы президенттик шайлоодо Атамбаев жеӊип чыгып, кызматына киришкенден бир апта өтө электе ЭлТРдин «Элдик радиосунан: «Атамбаев деле экинчи мөөнөткө президент болууга сөзсүз умтулат.Баш мыйзам ага жол койбогону менен, каалоо эле болсо, бир жолу табылат. Бирок, азырынча анын үстүндө ойлонууга али эрте, мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда анан көрөсүӊөр» деп белгилегеним эсимде.
Себеби, биздин өлкөдө ошондо эле баш мыйзамды ар бир президент өзүнүн бийлигин узартуу максаты менен ой келди өзгөртө берүү өнөкөтү кадыресе көрүнүшкө айланып, маркум Шералы Назаркулов айткандай «Бизди баш мыйзам эмес, биз баш мыйзамды башкарып» жаткандай абал түзүлгөнү маалым. Дегинкисин айтканда, мурун-соӊку эч бир баш мыйзам көрбөгөнсүп, биз канча ирет өзгөртпөйлү, баары-бир баш мыйзамды дагы эле түгөтө жазып бүтпөгөндөй абалда отурабыз. Тактап айтканда, баш мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы ушул күндө да жок эмес деп бир эмес, жок эле дегенде эки-үч далил келтирип айтчулар четтен табылат.
Кам сүт эмген катардагы эле пенде катары, Алмаз Атамбаев да бийлигин узартуунун бир жолун кантсе да баш мыйзамдан издеди жана тапты десе болот. Туш келген жерде өзү өкүртө сындап келген мурдагы президенттерден айырмаланып, конституция жаӊыдан кабыл алдырган жок, бирок парламенттик башкаруу формасына толугу менен өтүү керек деген дардисар ураанга жамынуу аркылуу экинчи жолку жогорку бийлик мөөнөтүнө барууга ачык эле аракеттенгени белгилүү болуп олтурат. Алдын ала өз арыгын чаап, президенттик олуттуу ыйгарым укуктарды премьер-министрге өткөрүп берүү билинбегендей көрүнгөнү менен, баш мыйзамды дагы бир ирет жаӊылоого эле тете аракет болгонун эч ким тана албайт. Бирок, кудай кантсе да экстердин эмес, элдин үмүт тилегин кабыл кылып тургансыганы да чындык. Экс-президент мөөнөтү бүтөөргө жакын: эскилерди өзүм менен кошо ала кетем деген сөздөрдү уламдан-улам кайталап жатты эле, азыр акыбал дээрлик ошол кыязга жакындап калды. Башкасы деле мейли эле, ушул акыркы жылдарда коомчулуктун көӊүлүнө көк таштай тийип, жүрөгүнүн үшүн алып жаткан коррупциялык схемаларды өзү менен кошо биротоло ала кетсе экен деген тилек баарынан жогору турууда.
С.Ш.Жээнбеков жыл башындагы Улуттук коопсуздук Кеӊешинде укук коргоо, сот жана прокуратура органдарындагы коррупциялык көйгөйлүү маселелер жагдайында доклад жасаганга чейин коомчулукта жаӊы президент шайлоо алдындагы убадасына ылайык, мурдагы, кайсыл өӊүттөн алынганы белгисиз, Улуу деп аталган көчтү улантат деген гана жалгыз пикир орноп турган. Ошол, «экс-президенттин жолун улагандан башка кандай жаӊылык киргизмек эле» деген көӊүлсүз суроого караганда Жээнбековдун атаандашы Бабановдун андан аркы саясий тагдырына карата кызыгуу күчтүүрөөк болгондой таасир калган. Коопсуздук Кеӊешиндеги докладынан кийин деле айрым маалымат булактарында коомчулуктун көӊүлүн жаӊы президенттин жаӊы эле баштаган демилгесинен алакчылоо аракеттери деле болгонун белгилей кетүү керек. Чын-чынына келгенде, андай аракеттер айрым маалымат булактарында бүгүнкү күнгө чейин кээ бир саясий активисттердин гана оозу менен улантылып келатканын учкай болсо да белгилеп коймок шарт.
Ошол башында эле «айтты да, койду да эй! Минтип мурдагылар да айткан, кийинкилер да айтат. Кана мисалы, кимди жумуштан алды»?, «кимди камады?» деп кыйкыргандар эми минтип, кызматтан алуулар, камакка алуулар салыштырмалуу көбөйгөн сайын баягы эле «Улуу көчтүн» уулдары өзүлөрү баштап берген «Саясий куугунтукка» шашылыш бычылган чапанды ойду-келди кийгизе салмайга өтүп жатышканын кызуулук кыябында байкабай да калышты сыягы. Андайлар азыр Жээнбековдун ар бир кадамын алды-артынан аӊдып, азыраак акырындаса эле аксак, тескерисинче, биртике катуулай түшсө, таскак деп үндүн жетишинче катуурак бакырганга шайма-шай турушат дей бер. Экс-президенттин мезгилинде саясий буюртманын негизинде камалган деп эсептелген саясатчыларга тезирээк эркиндик берүүнү көгөрө сурануу, аныраагы-талап кылуу да жөн эле жерден чыга калып жатпагандыгын да боолголосо болот.
Экс-президенттин тушунда «саясий куугунтукка» кабылгандардын саны Акаев, Бакиевдердин бийлик режимдериникине салыштырмалуу дээрлик он эсеге жете көбөйгөнүн эксперттер эсептеп жүрүшөт. Ал маалыматтарга таянсак, Акаевдин маалында саясий буюртманын негизинде абакка кесилди деп саналгандар бир-экөө эле болсо, Бакиевдин тушунда деле беш-алтыдан ашпаптыр. Бирок, Атамбаев заманында андайлардын саны антип-минтип 30 га жетиптир! Арийне, ошолордун баарын эле «саясий куугунтуктун курмандыгы» деп бир корзинага сала берүүгө болбойт. Мындайда орустар оюн сөз менен айткандай, «бармакты денедеги башка мүчө менен салыштырууга болбой» тургандай учурлар да чыгып калуусу ыктымал. «Бизде мыйзамдарда «саясий куугунтук» деген аныктама жок. Ошондуктан, көп адамдар өздөрүнө козголгон иштерди «саясий куугунтук» деп аташат. Менимче, мыйзамга анын себептерин тактап жазыш керек» дейт бул жагдайда саясий серепчи Бакыт Бакетаев.
Акыркы мезгилдерде Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгуусуна кызыкдарлар арбый түшкөнсүйт. Бул жаатта азыр катуу кыйкырып жаткандардын көбү Атамбаев заманында жаагын кулагы менен бекем жаап бейгам отургандай болушту эле, эми негедир чыйралышкандай таасир калат. Бирок, Текебаевге, саясатчы катары терс пикирлерин шардана айтып жүргөндөр да бар экендигин калыстык үчүн болсо да айта кетүүгө туура келет. Алардын эсебинде, Кыргызстанды бүгүнкүдөй саясий туӊгуюк кейиптенген абалга алып келүүдө Текебаевдин ролу Атамбаевдикинен ашса ашат, асти кем калбайт.
«Мен далилсиз сүйлөп көргөн адам эмесмин. Текебаев кекчил, ырайымсыз киши экенин бардык эл биле бербестир. Текебаев 2010-жылдын 7-апрелинде алдын-ала өз душмандарынын тизмесин түзүп, даректерин тактап, менен үйүмө 7 кара джипте 28 автоматчан немелерди жиберген. Алар мени түнкү саат 3кө чейин издешип, таппай кетишип, эртеси инимдин дачасынан издешип, тинтишип, ал жерде 10 күндөй чардашып, булгап, талкалап-тоноп кетишкен» дейт Атамбаев доорунда жасабаган кылмыштары үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген 63 жаштагы Пайзуллабек Рахманов. Ал бул күндөрдө жалаадан токулган өкүмдүн үстүнөн даттануу жазып, сотко берүүнүн астында турганын «Жаӊы Ордо» гезити жазып чыккан. «Бул ага аздык кылат. Ал 2010-жылдагы түштүктөгү жана Бишкектеги кандуу окуялар жана мародерчулук боюнча али жооп бере элек» дейт Пайзуллабек Рахманов Текебаев жөнүндө ошол эле басылмада.
Өмүрбек Текебаев артынан түшүп асылып жатып, Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп жаткан Жусупжан Жээнбековду да акыры кызматтан өз ыктыяры менен дедиртип кызматтан алдырганын Жээнбеков да ушул эле «Жаӊы Ордо» гезитине берген маегинде айтып берген. Бир топ эле чыгаан саясатчыларды ар кандай шылтоолор менен саясий майдандан сүрүп чыгууда досуна олуттуу жардам бергенин Текебаев өзү да белгилеп өткөнү маалым. Бирок, анысын негедир ошол маалдагы бийликтин кадырын чыӊдоого карата обьективдүү зарылдык катары кароого да мүмкүн кыязындагы пикирин дээрлик таӊуулагандай түр көрсөткөнү да бар. Ал эми убактылуу Өкмөт жөнүндө «Биз бийликтин узурпаторлорубуз, мындан артык жолду тапканыбыз жок» кыязындагы пикирин айтпай эле коелу. Ушулардан улам, азыркы президенттин ыктымалдуу оппоненттери Өмүрбек Текебаев сыяктуу мүнөзү татаалыраак саясатчынын батыраак эркиндикке чыгышын, демек Сооронбай Жээнбековго эртерээк атаандаш боло баштоосун бекер эле күтүп жатпагандыр деген да ой кетет. Бирок, андайлардын эсине Сооронбай Жээнбеков Текебаевди Атамбаевден кем калбаган өлчөмдө, а балким аймакташ катары андан да ашыкчараак билерин жана түшүнөрүн эске салып өтмөкчүбүз.
Азыр президентке Атамбаев мезгилинде «саясий куугунтукка» кабылгандарды куткарганга шашылбай, демек мыйзам чегинен ныпым ашпай мамиле жасоо эле туурадай көрүнөт. Анан калса, шашканда кайда барат? Шектүү делген жана токтотулуп турган бардык кылмыш иштерди кайрадан бир карап чыгуу жагын прокуратура жана сот органдарына эбак эле табыштаган. Президент прокуратура жана сот органдарынын ишине кийлигише албайт.
«Менимче, айрым саясатчылар жаӊы бийлик акыры адашат деп, ошого үмүттөнүп жатышкандай. Бирок, Атамбаевдин кадрларынын коррупциялык схемалары ачыкталган сайын, экс-президенттин коомдогу таасири түшүп, булар алсыздап барат. Баары эле тынч болот, бирок кийинки парламенттик шайлоолор учурунда эски бийлик чатак чыгарып, стабилдүүлүктү бузуп, революция кылууга аракеттенүүсү мүмкүн» дейт белгилүү саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.
Абдираим Мамытов
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...